Менде сооннун жаңылык. Форумдан тапкан жакын адамым , жакшы адамым ,эже десем эженин курбу десем курбунун ордун баскан Jadyrashka 15 - июль күнү турмуш жолуна аттанууда.
![:күн:](https://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/0110.gif)
Үмүтайжеео, бакытыңыз бөксөрбөсүн ылайым! Барган жериңизде таштай катып, суудай сиңип , көшөгөңүз көгөрсүн. Жашооңузду жалаң жакшы күндөр коштосун! Жезде экөөңүздөр турмуштун өйдө-ылдый жолунда бири бириңиздерге жөлөк болуп, түбөлүгүңөр түз болсун.
Өзүңөргө окшогон супсулуу жөжөлөр көбөйсүн.)) Негизгиси , аялзатына тиешелүү бакытты каалайм!
![:kiss2:](https://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/kiss2.gif)
Барган жерден так тапкан,
Бала таап, бак тапкан.
Келин болгун ыймандуу,
Айылыңа бүт жаккан.
Кайрылыштан суу алгын,
Кайненеңден дуба алгын.
Кабагыңды бүркөбө,
Кайын журттуң кубансын.
Барган үйгө кут болгун.
Босогоңдо бут болсун.
Көшөгөңдү көгөртүп,
Алган жарга жуп болгун...
![:күн:](https://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/0110.gif)