Эхххх суйуу
Себепсиз сезимдерим...
#22 17 Февраль 2016 - 15:55
Бир куну айтып калды. Эртерээк уйлонгум келтат деп. Ал созуно маани деле бербепмин. А мен болсо окуумду бутойун. Анан тойду пландаштыравыз деп айтчу элем. Улам эле уйлонолу деген созунон улам , мен да тийгим келди. Ак жоолук салынып , жароокер жар болгум келди. Апама айтсам куз келе берсин деди. Ошондой кундордун биринде таятам ооруп , каза болуп калды. Апам казакстанда базарда иштечу. Тез тез барып келип турчу. Таятам рамаатылык болгондон кийин , апам кок кийип, таенемкинде журуп калды. Мени оордума барып иштеп тур деп казакстанга жонотту. Эмир кетпе, акен барсын ордуна деп жоноткусу келбей туруп алды. Апамдар аза кутуп атса барбайм деп кылыктанганым туура эмес го деп Казакстанга жоноп кете бердим. Окуумду суйлошуп коюп. Эмир чалып, келчи сагындым, уйлонуп эле алалычы башкага ыраа корбойм деп айта берди. Жиним аябай келди. Адам дегенда сиздей болобу! Апам кок кийип турса кантип тием деп айтам. Тушунсонуз . Болду ушу созунузду укпайын дедим. Макул деп конулсуз телди очурду. Канчалык аракет кылсам да апамчалык соода кыла албай, ишибиз аркага жылып кетти. Ошондуктан коп убакыт ал жакта журуп калдым. Ошентип журуп сооданы оздоштуруп алдым. Ал арада апам бир келип кетти. Жакшы эле уйронуп калыпсын, иштеп тура бер. Мен таенендин жанында болуп турайын деп кайра кетти. Ал жака баргандан баштап, Эмир менен коп урушчу болдум. Бир куну такыр чалса албай койдум. Ошентип мамилебиз сууй баштады. Анан такыр эле жок болуп кетти. А мен апамды ойлоп, ишенип таштап кеткен деп иш менен алек болуп журуп, анын жоголуп кеткенин анчейин конулго албапмын. Туптура 1 ай 20 кун болуптур. Гордость бар деп менда чалбай журо бердим. Бир куну апам чалып, гос башталыптыр кел, ордуна акен барат деди. Суйунгонумдон Эмирге чалсам очук. Мейли барганда сюрприз болот деп озумчо кыялданып алгам. Келдим. Чалдым. ОЧУК! Госто тушкон суротторду одного киргизейин деп сайтка кирген элем. Капысынан Эмирдин профилин таап алдым. Эски профилинен кирбей коюптур. Гости боло калсам элее...... Наша свадьба деп турат. Шашыла фотолоруна кирдим. Чындап эле уйлонуптур.
Козумо кантип жаш келгенин билбей калдым. Дароо эле коз алдыма откоргон кундорубуз,
айткан создору тартылды....анан бир фотосун коруп шок бодуп калдым. Ал суротто тиги аялы менен романтичный столдо отуруп тушуптур. " Нам 7 лет" деп жазып коюптур. Ошондо шумшуктун девушкасы болгон экен. Ал москвада журчу экен. Мен казакстанга кеткенде , ал крга келип, мен келгенде ал москвага кетип, как то пландап койгондой журупбуз. Аны кийинчерээк билдим. Ал кыз менен 7 жыл суйлошсо , а мени менен 3 жыл суйлошсо, еще бир убакта 2 кыз менен....ото ото тан калдым. Жанагы туну саат 3тордо ватсапка койгон кызы , азыр аялы. Уландысы бар...
#29 17 Февраль 2016 - 22:01
Уландысын кутовуз автор.
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#30 18 Февраль 2016 - 13:56
Копко чейин озумо келе албай, стрессте журдум. Суйгонундон айрылуу оной эмес экен. Айрыкча уйлонуу тоюндагы суротторун коруу. Экообуз тушкон суроттор бар болчу. Баарын очурдум. Ал эми уй булолуу адам, унутушум шарт деп. Жашоого болгон коз карашым туп тамыры менен озгоргондой болду. Аны апам байкуш сезди. Эмне болду такыр эле чунчуп кеттин дейт. Жок апа жакшылемин деп кутулам. Бир куну боломду чакырып коюптур апам. Конул ачып келсин деген окшойт. Болом журу уйдо кысылып отура бербей тамашоу коруп келели деп ой боюма койбой боентуп, жасантып алып жоноду. Келсек баштала элек экен. Адам аябай коп болчу. Ошончо адамдын арасынан Эмирди коруп калдым. Ал тамашоу, концерт, кино дегендерден калчу эмес. Журогум башкача согуп кетти. Ал дале болсо келишимдуу,
жагымдуу. Аны аябай сагынган элем. Кучактап, сагынычымды таратып алгым келди. Кайдаааан ал... Бир кезде ал да мени корду. Досу менен келген экен. Эч ким байкабаса да экообуз бири бирибизди уурданып карап атканыбызды билдик.Тамашоу башталып, билеттеги номер боюнча жай алдык. Мен Эмирди издей бердим . Кайда отурат экен деп. Неге издегенимди озум да билбейм. Коромбу десем ал куну кайра корбодум. Коргондо эмне? Кайра табышып алмак белек. Корбогонум жакшы болду деп коем.
Бир куну интернетте отурсам бир кыз дружба жонотуп калды. Профилине кирсем Эмирдин келинчеги экен. Кошсомбу кошпосомбу деп атып, акыры коштум. Оюмда " озумдун профилимден жонотсом кошпойт, келинчегимдики менен жонотуп, откондо коргонун айтат окшойт" - дегем. Бирок ал келинчеги озу болуп чыкты. Салам Асел- деди. Салам... Сенден бир нерсе сурайын дегем?- деди. Макул, сура-дедим. Эмир менен кандай мамилен бар болчу?- деди. Бир универде окуганбыз, жон гана таанышпыз- дедим. Кел ачык суйлошолу, чынын айтсан- деди. Эмнеге менден сурап жатасын, ушунчалык билгин келсе Эмирден сура- дедим. Эмир сен менен суйлошконумду билбейт, Эмирдин башка профили бар экен. Аны билбепмин. Кече куну суротторун коруп отуруп, кафеде тушкон суроту бар экен. Ага сен комментарий калтырыпсын. " Ким тартты экен бул суротту ?"- деп. Эмир жооп бериптир " Сен да чырагым"- деп. Анан сен " озумдун Бегим гоо" - депсин- деди. Эмне дешимди билбей туруп калдым. Барын айтсам , экоо урушуп кетпесин деп: Жон гана тамашалашып эле жазылган ал- дедим. "Бегим" деген создун маанисин билесинби? Суйгонун же куйоосун гана атап айтат Бегим деп. Асел чынын айтчы ортонордо эмне болгон. Мен ал менен 7 жыл суйлошуп, баш коштум - деди. 7 жыл суйлошуп, суйгонуно жеткенине суйунбойсунбу? Азыр бактылуусунбу? Эмир сени менен биргеби? Эмир сени тандадыбы ? Демек сен да ашыкча нерселер менен баш оорутпай , ага жароокер жар болгонго аракет кыл. Кыжаалат болбо! Ортобузда эч нерсе болгон эмес- дедим. Макул, тушунгонун учун рахмат- деди. Мен ал кезде ыйлап алгам. Суйгонум башканын куйоосу болгон учун, мага эмес ага буйруганы учун, ушундай тагдыр жазылганы учун ыйладым. Аябай ыйладым. Ушул нерселерди эч кимге айтып, жарыла албайм. Сиздерге айтып женилдеп алдым. Кстати, чырагым Бегим деген создор " Курманжан Датка" киносуна баргандан кийин , келип чыккан. Тагыраагы бири бирибизди ошентип атачуубуз. Азыр Казаустандамын. Буйруса мен да мандайга жазганы менен бактылуу болом деген умут менен жашап келем...

#31 18 Февраль 2016 - 14:10
Эмир кетсе Темир келет анча сыгылба,карындаш.
Кел дегенде тийип кете беруу керек эле ошондо,эми отконго коп окунбо.
#32 18 Февраль 2016 - 16:55
Алам дегенде тийип алыш керек эле.Сени тушунуп жатам,убакыт баарын дарылайт.
#33 18 Февраль 2016 - 16:56
Эх суйуу,суйуу,
суйуу. Эч нерсе эмес отуп кетет чыныгы суйуу никеден кийин башталат. А азыр болсо жаштык,мастык.
Ооруган журокту убакыт озуле даарылап коёт,ооо кийин эстегенде бир гана жылмайып койсуз. Бактылуу болунуз
#35 18 Февраль 2016 - 17:42
Сиз Эмирди оо журогунуздун тупкуруно жашырын, озунузда кийин таппай кала тургандай. Келечекте анданда жароокер инсанга жолугасыз деп умут кылам. Аялзаты ушундай калк экенбизда, биринчи озубуз сунушту аркага суруп, убагы келгенде таппай калабыз.
#37 18 Февраль 2016 - 20:10
Андай адамдардан алыстаганыбызга шугур, ар бир нерсенин жакшылыгы бар дейт.Ыйлайсын,
окуносун, жинин келет, айла жок.Ал адамга бакыт тиледим, байланыштык уйлонгондон кийин, жон гана бактылуу болушун айтып коштоштум!
Бирок менде сезим жок эми, оной менен ишенбес болдум!
#38 20 Февраль 2016 - 03:06
Турмушка чыгып балалуу болсонор бааааарын унуттасынар.
Убакыт дарылайт
Убакыт дарылайт
#40 20 Февраль 2016 - 11:49
MIRAN (18 Февраль 2016 - 16:55) жазган:
Алам дегенде тийип алыш керек эле.Сени тушунуп жатам,убакыт баарын дарылайт.
Алчу бала эч нерсеге карабай,бир айласын табып алмак.Жок дегенде кутмок.
Автор ал жигит сендик эмес экен.Кайгырбай эле кой,андан да мыктысына жолугасын
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!