zzz (22 Май 2013 - 05:08) жазган:
1. Бүткүл ааламды жараткан, жалгыз Аллахка болгон ишменимим байлап турат. Экинчи пункттагы суроолорума жооп Ислам дининен табылат... Белгилүү бир убакка чейин Кураанды адам өлгөндөй кийин, молдолор "ырдап" коё турган бир текст деп билчүүмүн... Көрсө ал мени ким жана эмне максат менен жаратканын, аягында мен кайда бараарымды, жакшысына (Бейиш) жетүү үчүн жана жаманынан (Тозок) сактануу үчүн эмне кылуумду так түшүндүрө турган "жашоо инструкциясы" экен...
2. Жок. Эгер өзүм Аллахка ишенип, анын өкүмдөрүн аткарбасам, бул дүйнөгө келген айбандардан айырмам эмне болмок деп ойлоном. Ичип-жеп жашап, аягында топуракка айланып кетүү менин логикама сыйбайт. Эгер дин тууралуу маалыматым жок болсо, мен бул суроолорго жооп таппай эсим оомок го деп ойлойм: Мени ким жаратты, эмне үчүн жаратты?.. мейли мен адамгерчиликтүү, айлана-чөйрөгө зыян келтирбей жашайын, а эмне үчүн ушулардын тескерисин кылгандар бар?... Эмне үчүн акылы жок, жаныбарлар "жаныбаркерчилик" мыйзамдарын бузбай сактайт (ата-эне, бала мээрими, бири-бирин өлтүрбөө ж.б.у.с.)... Эмне үчүн акыл-эстүү адам баласы чөйрөгө эң көп зыян келтирген, митаам, эң мыкаачы, эң пайдасыз макулук болуу менен бирге анын толугу менен карама-каршы сапатына ээ болгондору дагы бар?...Эмне үчүн ушунча макулуктардын арасында, адамдын эле акылы бар? Акыл өзүнөн-өзү пайда болот дейин десем, эволюция теориясы, материализмдин "түбөлүктүүлүк" түшүнүгү илим жана техниканын өсүшү менен ойрон болуп жатат... Бизге бул акыл эмне максат менен берилген?...
aliyana66 (22 Май 2013 - 09:48) жазган:
Бир куну "э Алла ыйманым алсыз болбоо учун мага ыймандуу досторго жолуктур" деп туну сурангам. Эртеси туруп маршруткага олтурсам, мандайымда оронгон кыз олтуруптур, орустун баары чочулайт, анан метрого тушуп баратсам " чон кыз менин проездноюм безлимит откоруп коем деп артыман келди, ошол бойдон номерибизди берип дос болгонбуз нациясы дагестанка. Бул бир мисал а менде алар коп, намаз окуганда тушунуксуз жагымдуу жыт келет, башкалардан сурасан эч нерсе жыт жок дешет. Мен ишенем , ишеним менен бактылуулук таптым.
Жообуңарга рахмат!