Суперстан: Котормолор - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Котормолор Барс агай

#1 Пользователь офлайн   Барс   10 Февраль 2011 - 17:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Супер форумчулар! Кыргыз адабиятынын өнгүшүнө жана байышына котормо жанрынын ролу эбегейсиз зор. Андыктан, боордош жана башка тилдерден которулган көркөм чыгармаларды ушул жерге жайгаштырсаңыздар, ой да сонун болоор эле. Эмесе таланттуу котормочуларга ак жол!!!

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 28 Февраль 2013 - 21:36

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Барс   23 Февраль 2011 - 17:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Я кокуй, эч ким эч нерсе жазбаганы неси?..
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Romantic   23 Февраль 2011 - 19:18

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 333
  • Катталган: 15 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 05 Май 2024 22:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Italy

Просмотр сообщения Барс (23 Февраль 2011 - 14:41) жазган:

Я кокуй, эч ким эч нерсе жазбаганы неси?..


Salamatsyzby Bars aba.Den soolugunuz jakwyby??? Rahmaaat 4on jakwy tema a4ypsyz,emi buyursa sizge okwop kotorgongo araket kylaarbyz. Kaleminiz kur4up,den soolukta bolunuz demek4imin.Anan jogorudagy Beiubak degen soz ar ubak degendi tuwundurobu je bul adamdyn ysymyby??? Kotormolorunuz jakty jakwy eken,dagy 4ygarmalardan kutom.Rahmat sizge.
:applause:

Билдирүүнү түзөткөн: Romantic: 23 Февраль 2011 - 19:19

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Programmer   23 Февраль 2011 - 20:36

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 678
  • Катталган: 20 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 22 Авг 2015 20:22
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:BISHKEK

Теманыз кызыктуу экен. Котормосу да жакшы экен. Азамат.:good:

Билдирүүнү түзөткөн: Programmer: 23 Февраль 2011 - 20:37

Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Барс   24 Февраль 2011 - 13:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Просмотр сообщения Romantic (23 Февраль 2011 - 19:18) жазган:


Salamatsyzby Bars aba.Den soolugunuz jakwyby??? Rahmaaat 4on jakwy tema a4ypsyz,emi buyursa sizge okwop kotorgongo araket kylaarbyz. Kaleminiz kur4up,den soolukta bolunuz demek4imin.Anan jogorudagy Beiubak degen soz ar ubak degendi tuwundurobu je bul adamdyn ysymyby??? Kotormolorunuz jakty jakwy eken,dagy 4ygarmalardan kutom.Rahmat sizge.
:applause:



Оболу жаманбы, жакшыбы көңүл буруп койгонуңа ырахмат! Ал эми " Бейубак" сөзү кыргызча эле. Уңгусу -"убак ", "бей+" фарс тилинен кирген го кыязы,кыргыз тилиндеги "-сыз" мүчөсүнүн маанисинде колдонулат. .. "Беймаал" -өз маалында эмес, "бейубак" -убактысында эмес, т.а. эрте,же кеч, "бейкубат" -кубатсыз, "бейбаш" -башы жок, же шок, тарбиясыз...
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   DOHKUXOT   24 Февраль 2011 - 13:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 654
  • Катталган: 20 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 25 Мар 2017 01:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бийик тоолор койнунда.

Просмотр сообщения Барс (23 Февраль 2011 - 17:41) жазган:

Я кокуй, эч ким эч нерсе жазбаганы неси?..

Агай, темаңызга кичине кыстырма жасай кетсем болобу? Мындай бир сунушум бар да. Сиз орусча ырлардан илсеңиз, а биз которуп көрсөк. Кандай дейсиз?
Калпагыңар башыңардан түшпөсүн, Кыргыз уулдары!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Барс   24 Февраль 2011 - 14:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Просмотр сообщения DOHKUXOT (24 Февраль 2011 - 13:58) жазган:

Агай, темаңызга кичине кыстырма жасай кетсем болобу? Мындай бир сунушум бар да. Сиз орусча ырлардан илсеңиз, а биз которуп көрсөк. Кандай дейсиз?



Бул сунушуң да көңүл бура турган сунуш экен! Бирок, мында жалаң орусча эмес, дүйнөнүн бардык тилдериен которулган жаңы чыгармалар илинсе дедим эле... Мисалы: орус, англис, немис, жапон, кытай ж.б. тилдерден да... Эгер кытайча оргиналына тиш өтпөсө, орус тилине которулганын кыргызчалатсын. ..
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   DOHKUXOT   24 Февраль 2011 - 21:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 654
  • Катталган: 20 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 25 Мар 2017 01:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бийик тоолор койнунда.

Просмотр сообщения Барс (24 Февраль 2011 - 14:11) жазган:

Бул сунушуң да көңүл бура турган сунуш экен! Бирок, мында жалаң орусча эмес, дүйнөнүн бардык тилдериен которулган жаңы чыгармалар илинсе дедим эле... Мисалы: орус, англис, немис, жапон, кытай ж.б. тилдерден да... Эгер кытайча оргиналына тиш өтпөсө, орус тилине которулганын кыргызчалатсын. ..

Дурус айтасыз агай. Орусчадан башкага тилим өтпөгөнүнө байланыштуу:), которгонго аракет кылып көрөйүн.
Калпагыңар башыңардан түшпөсүн, Кыргыз уулдары!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Барс   17 Апрель 2011 - 00:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Дагы Бауржан Карагыз уулунун СМС кат ырлар циклинен...

Алгачкы SMS кат

Өткөн ишке өкүнүп өлөсүңбү?!
Башка түшсө баарына көнөсүңбү?
Башка бир жан жат, бирок бакытымбы?
Бактысызмын, ушуну билесиңби?!

Түшүн, жаным,
Мунун баарын түшүнөм мен,
Түшүнүүгө жаралган кишиң элем.
Соңку сөзүм айланып күрсүнүүгө,
Соңку ирет колуңа бир түштүм элем...
(Түүф, ал кездин несин кайра эстей берем?!)

Көздөн акса мөпмөлтүр булак-кайгым,
Мени басып сабырым турат дайым.
Сени ойлоймун, билбеймин неге ойлоймун,
Сенден башка эч кимди ынатпаймын!

Сенсиз өткөн тилдеймин түндөрүмдү,
Сенсиз өткөн зил деймин күндөрүмдү.
Сезим муздап, ой улуп, көңүл өксүп,
Өзүмдү эмес, сүйрөлтүп сүлдөрүмдү,
Кечээ дагы базарды араладым,
Кара базар-уясы бал аарынын.
Бет алдымдан капилет каршы чыктың,
Көшөрдүм да, атайы карабадым.
Ка-ра-ба-дым! !!

Ошондон соң тытып жеп калың күдүк,
Багым ыйлап, дагы да шорум күлүп,
Арымдагы муңайтып Периштемди,
Канымдагы Ибилис оюн куруп,
"Сүйбөймүн" -деп,
"Сүй-бөй-мүн" -деп, бир кезде бекигенмин. ..
Толуп чыкты кусага көкүрөгүм.
...Телефонуңдан бул катты өчүрсөң да,
Жүрөгүңдөн өчүрбөчү, өтүнөмүн...

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 20 Апрель 2011 - 21:19

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Narynbek   17 Апрель 2011 - 01:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 286
  • Катталган: 21 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 06 Мар 2021 19:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:пгт Шамалды-Сай

Абдан жакшы котормолор экен.Азаматсын Барс.Чыгармачылыгына ийгилик!
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   elif   17 Апрель 2011 - 02:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 021
  • Катталган: 01 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 21 Янв 2019 03:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Туркия

Жaкшы которупсуз aгaй,бир гaнa томонку создордун мaaнисин тушуно aлгaн жокмун,егер кыргызчa жaны создор же диaлект болсо оз озунун темaсынa тушундурмосу менен жaзышынызды сурaнaм,мaгa окшоп билбегендер болсо соз кaзынaбызгa кошуп aлaлы.
Каусарга зарыгып жүрөмүн,
Бул жaнылышбaсaм, 'Жолугуугa зaрыгып журомун' болсо керек?

Көөшөрдүм-
буну билем, aйткaнынaн кaйтбaгaн,ел aрaсындa кок бет дешет,бирок көөшоруубу же кошөөруубу? тaк биле aлбaдым.

камыкпа?
жадыгөй?
жашуу?.
Сенсиз өткөн зил деймин күндөрүмдү?

все что ни делается все к лучшему :(
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Барс   17 Апрель 2011 - 20:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Б. Карагыз уулу (Казакстан)

Үчүнчү SMS кат


Баарынан жалкыдым, жээридим,
Сен өңдүү түшүнчү мени ким?
Жубаткан жанымды бир гана
Уюлдук телефонум-шеригим.

Альбомду аңтардым түн бою,
Өзүмдү кайрадан алдадым.
Жаш сиңген жаздыкты кучактап,
Түн бою бир уктай албадым.

Чырмоок оюма чырмалып,
Не таптым түнөрүп түн багып?
Мупмуздак таң атып келатат,
Мупмуздак төшөктөй сурданып...

Мупмуздак тагдырга мөлтүрөп,
Жанымдан ыпысык жаш тамган.
Сен деген сенделген тагдырды,
Мээ эмес, жүрөгүм башкарган.

Өтүнөм: кат жазчы асманга,
Катың чын асмандап келери.
Сагыныч тилинде окуюн,
Жок менде башка ой... Себеби...

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 20 Апрель 2011 - 08:20

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Барс   17 Апрель 2011 - 21:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Сөздөргө түшүнүк сурагандардын эсине!
Эгер Сиздер макул болсоңуздар SMS кат цикл бүткөн соң, ал сөздөрдүн маанисине түшүндүрмө берүүгө аракет кылайын. Анткени, мындан кийинки ырлардагы кайсы сөздөр түшүнүксүз болуп калары мага белгисиз болуп турат. Саламым менен Сиздердин Барс.

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 17 Апрель 2011 - 21:09

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Барс   20 Апрель 2011 - 08:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Б. Карагыз уулу (Казакстан)

Жетинчи SMS кат


Жети караңгы күмөндүн ичинде,
Үмүтүм үнсүз ыйлады,
Жаным...
(Ким бизди түшүнөт, угабы?)
Жүрөк,
Айтчы!

Жолуктум. ..
Күймөнүп алдыңда
Эсимди жоготтум...
Андан соң...жагынып эзиле сүйлөдүм
Сагынып. ..

Мен сени
Өзүмө чакырдым,
Өзүмдү издедим көзүңдөн.
Таппадым.

Келбедиң. ..
Убада-кимдин сөзү?!
Жигит,
Жалгыздык суутуп сезимди,
Жалгыздык жуттубу сөзүңдү?!

Мен
Дагы да жоготтум өзүмдү.
Сен
Эч нерсе сезбедиң , билбедиң...
Күлдүң...
...Билдим.

Жети ирет атайы жолуктум,
Жети ирет...
Өзүңө ишендим...
Ыгыңа көндүм...
Укпадың. ..
Жети түн түшүмдөн чыкпадың,
Жети күн эсимден кетпедиң...

Түшүмдө
колуңду сунасын жылмайып...
Кыйналдым. ..
Жетпедим. ..
Жарылды карегим,
Жарылган каректин
ыпысык жашына жуулдум.

Өңүмдө
Өзүңсүз- баары бош.
Сезгендим.
Чочудум.

О, Теңир, Мен не деген дармансыз немемин?!!
Үңүлдүм. ..
Үзүлдүм. ..
Түңүлдүм.

Мына, эми...
Кара түн канатын жайганда калаага,
Кезем да каңгыбаш кыялдын арасын
жол таппай барамын
Сага.

Түн...армандын көгүндө жылдыздар-көз ирмем,
Түн...жаздыкка бугумду таратам көзүмдөн.
Түн...түш көрдүм дагы да...
Түшүмдө
Жетем деп жетпедим жаныңа.
Түүф, кайрадан жүрөгүм солуктап ыйлады...
Ушундай өмүр кеч дедиңби?!.
Ыя?!

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 20 Апрель 2011 - 08:25

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Барс   20 Апрель 2011 - 21:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Б. Карагыз уулу (Казакстан)

Он үчүнчү SMS кат


Түн бою оорутуп жүрөгүм,

Кудайдан биз үчүн жакшылык тиледим.

Бүгүн мен...

Бүгүн мен баарынан кеч калып атайы,

Сен баскан көчөдөн келемин...



Жакындап бара албай кашыңа,

Кайра эле тумчугам жашыма.

Кудай ай, оюмдан кетпейсиң,

Махабат келген бейм башыма?!



Бир Сага

Бир Сага сөзүм да, көзүм да, өзүм да,

Жакса дейм,

жакса дейм, ылайым!

Ыйлоочу убакта жылмайып,

Кубанчу кезимде ыйладым...



Мен да бир көктөмдүн жамгырлуу ырымын,

Тагдыры жооруткан жаны-муң...

Баары да... бардыгы өткүнчү, билемин...

Сен гана өткүнчү эмессиң, жарыгым...

Сен гана...



Кырк биринчи SMS кат

Өзгөнү жактырбас,

Өзүмдү жек көрдүм.

Каргадым таш боор тагдырды.

Ушул түн не мынча мупмуздак-

Жанымды үшүккө алдырды.



Өзүңсүз кыбырап бейпайда,

Күн өттү, апта өттү ийреңдеп жыландай,

белине оролуп бул айдын.

Мен неге үнүңдү эшитсем кубанбай,

Мен неге ыйлаймын?!



Ботодой боздоодо

жаш жетим жүрөгүм,

багынбай эч кандай акылга.

Сен мени жубатып,

калп эле кат жазчы,

Кубанып калайын...

Макулбу а?!!



Соңку SMS кат

Өткөндүн эмнесин айтайын,

Мен эми күндөлүк жазбаймын.

Үнүңдү сагынып, зарыгып,

Телефон да чалбаймын.

Сен баскан көчөдөн баспаймын,

Сен барган тойлорго барбаймын.

Сезимим- наристе ыйласа,

Сооротуп алдаймын...

Жүрөгүм ыйласа кантейин,

О, жаным,соңку ирет айт, эмин?!

Күдүктөн арылып кетейин...

Теңирим кошпосо, нетейин?!

Өткүрө калтырчы көөнүмдү,

Өмүрдөн өкүнбөй өтөйүн.



Ак көңүл асылым, арманым,

Ким экен ашыгың, жалжалың?!

Көздөрүм неге эле тартат,* ыя?

Көтөрүп муңумдун салмагын.



Ушундай үмүтүү ырымдан,**

Көңүлүм көл сындуу чалкыган.

Кечирчи, эң соңку катым бул,

деминен сагыныч аңкыган...

________________________________

*Көзүм тартат (көзүм учат)-көздүн, кабактын, эриндин кайсы бир жери былк-былк деп калса, ошону «көзүм тартты», «эриним тартты» деп, жакшылыкка жоорушат.

**Ырым- ырымдоо, ырым кылуу...

Ох! Кудайга шүгүр тамамдадым. ..:applause:



Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Romantic   09 Июнь 2011 - 16:15

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 333
  • Катталган: 15 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 05 Май 2024 22:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Italy

Каусарга зарыгып жүрөмүн, Бейиштин суусун айтса керек ээ?

Көшөрдүм да, атайы карабадым. Когордум,кок беттендим го дейм ээ?


камыкпа? капаланба дегени болсо керек

жадыгөй? Сыйкырчы, чародей, маг деген мааниде болсо керек

жашуу?. Ый болсо керек, ыйлоо


Сенсиз өткөн зил деймин күндөрүмдү? Оор - тяжесть, кыйынчылык- трудности; тяготы, жемелоо-досада; упрек . Бул жерде кыйынчылыкты айтса керек деп ойлойм.


Барс ага жакшы болуптур, дагы кутом.Сизге чыгармачылык ийгилик! АЛЛАХ эки дуйнодо бактылуу кылып, чын ден соолук берип, куч кубаттан айрылтбасын!

Билдирүүнү түзөткөн: Romantic: 09 Июнь 2011 - 16:20

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Барс   09 Июнь 2011 - 19:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Просмотр сообщения Romantic (09 Июнь 2011 - 16:15) жазган:

Каусарга зарыгып жүрөмүн, Бейиштин суусун айтса керек ээ?

Көшөрдүм да, атайы карабадым. Когордум,кок беттендим го дейм ээ?


камыкпа? капаланба дегени болсо керек

жадыгөй? Сыйкырчы, чародей, маг деген мааниде болсо керек

жашуу?. Ый болсо керек, ыйлоо


Сенсиз өткөн зил деймин күндөрүмдү? Оор - тяжесть, кыйынчылык- трудности; тяготы, жемелоо-досада; упрек . Бул жерде кыйынчылыкты айтса керек деп ойлойм.


Барс ага жакшы болуптур, дагы кутом.Сизге чыгармачылык ийгилик! АЛЛАХ эки дуйнодо бактылуу кылып, чын ден соолук берип, куч кубаттан айрылтбасын!



Мени жогорку сөздөргө түшүндүрмө жазуу түйшүгүнөн куткарганың үчүн ыраазычылыгымды кабыл алгайсың! АЛЛАХ сага жарыгын чачсын ылайым!!!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Romantic   22 Июнь 2011 - 19:46

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 333
  • Катталган: 15 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 05 Май 2024 22:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Italy

Просмотр сообщения Барс (09 Июнь 2011 - 16:16) жазган:

Мени жогорку сөздөргө түшүндүрмө жазуу түйшүгүнөн куткарганың үчүн ыраазычылыгымды кабыл алгайсың! АЛЛАХ сага жарыгын чачсын ылайым!! !
Allah yraazy bolsun, siz u4un ar daiym kyzmat kyluuga dayarmyn! :D

Билдирүүнү түзөткөн: Romantic: 22 Июнь 2011 - 19:48

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Барс   23 Август 2011 - 17:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Просмотр сообщения Барс (10 Февраль 2011 - 17:33) жазган:

Супер форумчулар! Кыргыз адабиятынын өнгүшүнө жана байышына котормо жанрынын ролу эбегейсиз зор. Андыктан, боордош жана башка тилдерден которулган ырларды ушул жерге жайгаштырсаңыздар, ой да сонун болоор эле. Эмесе таланттуу котормочуларга ак жол!!!


Эмесе, мен баштап берейин! Төмөнкү саптар казактын таланттуу жаш акыны Бауыржан Карагыз уулуна таандык. Ал эми аны кыргызчалаган албетте, мен...
Бауыржан Карагыз уулу, акын,
Эл аралык “Чабыт” чыгармачыл жаштар фестивалынын лауреаты жана Гран-При сыйлыгынын ээси.
Жөн бир ыр

Айылга кетеличи жүр, карагым,
Ындыны өчкөн экен бул калаанын.

Кепширин көргөн сайын көчөлөрдүн,

Жүзгө чыккан чалдардай муңканамын.


Бул калаадан жакшылык келет беле?!
Өлгөнчө ойлой берем неге, неге?!

Көчөдө чачын жулуп жин ыйлоодо,
Ушул түн тунжуроодо эмнеге эле?!

Кедейдин наалышы бар көчөлөрдө,

Байлардын каргышы бар көчөлөрдө.

Акыйкаттан күрсүнөт бул жүрөгүм,

Не деймин мында турган эсер «эрге»?!


Өлүмдү ойлой берем...
Ай, ушул адатымды таштабадым,

Өмүрүн сүргөндөй бир башка адамдын.:)
Мүмкүн мен тообама тез түшүү үчүн,

Өлүмдү кайра-кайра эске алармын?


Чынында, баары бекер, угабы адам?
Укпайт-ов, кыйналамын, күмөн маган.

«Баарысы калат артта»- деп айткыла,
О жолдор, жылан сымал бураңдаган. ..


Бейубак
Батышта күрсүнүп күрөң Күн,
Бакчада тотукту сары күз.
Асманым, сен неге түнөрдүң???
Жөн гана элеспиз баарыбыз.


Айтылбай калдыбы жан сырың,

Мунарлуу, о муңдуу мекеним.

Мен бүгүн кой көздүү тамчымын,

А эртең бууланып кетемин.


Аялда, аеолуум, өтүнөм...

Жаныңды жан менен сезейин,

Оюңду оюмда көрөйүн.

Болбосо, бүлкүлдөп көмөкөй,

Тизелеп отуруп түнүндө,

Дуба окуп берейин...

Сүйлөчү жамгырдын тилинде.


Сен жакка темселейт жүрөгүм,

Кудайга сыйынар кул элем.

Каусарга зарыгып жүрөмүн,

Түз мүнөз тоолордун уулу элем...


...Бүт аалам жана сен. Күрөң Күн.

Бакчада тотуккан сары күз.

Убакыт жутулган жылдыздай,

Кайда агып барабыз баарыбыз???

Коштошуу

Кош эми, кош болчу, Көктөм,
Кыйбаймын, кантейин, жаным.
Убакыт мерез го жеткен.

Укпайт ал,

Укпайт ай гүлдөрдүн зарын.


Жүрөктү кусалык эзген,

Изиңди таппастан калам.

Коштошуу күтпөгөн жерден,

Опоңой дейсиңби маган?


Барагой, камыкпа, Көктөм,

Бул жактын падышасы-карын.

Акчалуу добуштар өктөм,

Көргө алып кетчүдөй баарын.


Кур сөзгө жанышкан жаагын,

Чалдары жадыгөй ... өлгүр!

Көктөмүм-балалык чагым,

Бакытым сен элең мөлтүр.


Бакытым сен элең көркөм,
Тыйылбас сагынуу, жашуу.

Ыйлаба, ыйлаба, эркем,

Жазымыш дегениң-ушу!


Көктөмүм-балалык чагым,

Көктөмүм-дааналык чагым.

Мынакей, жоготуп баарын,

Өксүдү жетимдей жаным.

Кечээги мерттиккен көңүл-

Бүгүнкү көр казчу темир.

Кайдасың,

Кайдасың, ал эми, Өлүм?!
Эй, койчу эй, өксүгөн Өмүр!!!


Махабат?!


Мен неге үн катпадым?!

Сен неге үн катпадың?!
Ушундай болот билгем,

Сезгенмин мунун баарын.


Бул балким, Тагдыр чыгар?
Кайры кош, эй, элес-Түн.

Ыйлаган жамгыр чыгар,

Ыйлаган мен эмесмин!


Эми сен өтүнөмүн,
“Убакыт-алтын” дебе.

Шол үчүн, өкүнөмүн...
...
Түн бүгүн салкын неге?!

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Барс   12 Май 2012 - 23:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Ой-бой, чаң басып кетиптир го?!! Анда жаңыртып коеюн...

Мацуо Басе \Жапония \
1644-1694-ж.

***
Күүлдөйт күздүн шамалы.
Түшүнөсүңөр ырымды,
Түнөк кылып талааны.

***
Каңгыбаш, карга, карап бак!
Кайда сенин эски уяң-
Кайналы гүлү бардык жак?

***
Жыпжылаңач бутакта,
Карга отурат жапжалгыз.
Күзгү кеч.

***
Кыроо-жамынчы,
Шамал төшөнчү ага.
Таштанды бала.

***
Тал уктайт кыздай уяттуу.
Отурган булбул шактагы,
анын жаны сыяктуу.

***
Асманда ажайып Ай турат.
Даракты салгансып аралап-
Жаңы эле тарылган дүмүр агарат…

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 12 Май 2012 - 23:20

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Май 2025 05:35

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: