frunze777 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 93 (0,02 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Саясат жана коом (45 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 17 Июль 13
- Кароолор:
- 9 670
- Соңку аракети
- 27 Июл 2018 19:39
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 28 жашта
- Туулган күнү:
- Октябрь 7, 1995
- Жынысы:
- Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Өкмөттүн ишине ким кандай баа берет?
Жазылган күн: 27 Июл 2018
Жогорку Кенеште Торобай Зулпукаров деген депутат бар. 5- жана 6- чакырылыштын депутаты. Бул депутат сорой айрым сандырак пикирлери менен, Атамбаевдин комочуно кул тарткан кошоматчылардын катарын толуктаганы менен элдин эсинде калган... Эми бул Торобайдын Окмоттун 100 кундук ишине берген баасын королу...
Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров бүгүнкү күндө Абылгазиевдин өкмөтүн толук кандуу эң жакшы иштеп жатат дегенден алыс экенин айтты. "Өкмөткө "канааттандырарлык" деген баа берсе болот. Негизинен аракеттер болуп жатат. Регламент боюнча, биз өкмөттүн 2018-жылы аткарган жалпы ишмердүүлүгүнө 2019-жылы баа беришибиз керек. 100 күндө өкмөт максаттарына толук кандуу жетүүсү оор. Ошондуктан азыр кемчиликтер бар. Бирок келечекте бул кемчиликтер жоюлат деген чоң үмүттөбүз. Өкмөттүн негизги мыйзамы бюджет болот. Бюджетти Жогорку Кеңеште мыйзам менен кабыл алабыз. Өкмөт аткарышы керек. 9 айда бюджеттин аткарылышынын киреше жана чыгаша бөлүгү кандай болуп жатканын такташыбыз зарыл. Менин оюмча, капиталдык салымдар боюнча курулуп жаткан объектилерге акча каражаттары кичине кечеңдеп жатат. Ошондуктан бүгүнкү күндө капиталдык оңдоп-түзөтүүгө, жаңы социалдык объекттерди курууга акча каражаттары таптакыр бөлүнгөн жок. Азырынча өкмөттүн ишине баа берүү эрте. 2018-жылдын аягында бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн, капиталдык салымдар, ички дүң продукциянын, экономиканын өсүшүнө карап баа берсек болот", - деди Зулпукаров.
https://www.super. kg...ar/news/239523/
______________________________
Торобай Зулпукаров, (урматтуу, мырза деген жакшы созго татыктуу болбосо, бул создорду колдонуунун зарылчылыгы барбы) 8 жылдан бери депутатсын, 8 жылдан бери депутат болуп журуп, Окмоттун негизги иши бюджет мыйзамын Жогорку Кенешке сунуу, бюджеттин киреше жана чыгашаларын тактоо деп билген болсон, сендей уул остургон атана наалат... Сен кайсы арына депутатсын ыя?!! Экономиканын осушу, ички дун продукциянын осушу дейсин, алар баары куру соз. Кайдагы осуш?!! Сен депутат болуп келген 8 жылдан бери Окмот бир завод же фабрика курдубу оз кучу менен, оз акчасына?! !! Ар шайлоо алдында экономика паланча пайыз осту деп сайрайсынар, айрыкча КСДП партиясы, кана ошол осуу, онугуу, олко онолуп жаткан болсо анда аны эмнеге эл сезбейт?!!
Экономика онолуп жатса жаны жумуш орундары тузулуш керек эле, бизде кайра тескериси болуп жатпайбы, акыркы 8 жылда тышкы мигранттардын саны 2-3 ЭСЕ осту, азаюнун ордуна... Экономика онолсо, тыштагы мигранттарыбыз Мекенине кайта башташы керек эле го?!!
Убакыт берели, иштеп кетет, баа берууго эрте деп журуп 8 жылда 8 Окмот алмашты, айтчы кана, ошолордун кайсы бири жакшы иштеп берди?!! Иштей турган адам 3 айда жыйынтык корсотот, Абулгазиев кайсы жыйынтыкты корсотту?! ! Элдин чонтогуно кол салгысы келип отурат го, экономиканы которуунун ордуна?!!
Сен Торобай Зулпукаров, Окмоттун миссиясы эмне экенин билбесен, Жогорку Кенеште кайсы арына отурасын?! ! Сенде намыс деген тушунук барбы?!! Тынардын 120 к.. деген интермедиясын коруп да арынарга келбединер, соз жок силерге, дээринерде болбосо ошол да... Мин наалат ошол 120 ... остургон ата-энелерине, мындай "таалим тарбия" берип остургучо, остурбой эле койбоптур..... -
Темасы: Сокенин кадрлары...
Жазылган күн: 27 Июл 2018
Баса, ушул кишини мэрликке жалгыз талапкер кылып корсотуп жаткан, эртен шайлоодо баары бир адамдай бул кишини колдоого даяр турган Бишкек шаардык кенешинин депутаттары тууралуу кызыктуу фактылар...
Баса, Бишкек шаарынын депутаттары да, мэри да курулушчу бизнесмендер болсо, Бишкектин эли "жыргаган" экен...
_________________
Акыркы саясий окуялардан кийин шаардык кеңештин ишмердүүлүгү кызуу талкууланган темага айланды. Социалдык тармактардын бир катар колдонуучулары шаардык кеңеш өз позициясы жок, саясий күчтөрдүн буйруктарын аткаруучу орган болуп калганын жазып жатышат. Алардын бири, жарандык активист Мавлян Аскарбеков шаардык кеңешти таркатуу демилгесин көтөрүп чыкты:
- “Авангард стиль”, “Имарат строй”, “Бишкек курулуш” деген сыяктуу чала курулушчу, чала бизнесмендердин, саясатчылардын балдарына, неберелерине чейин кирип алышкан. Мен жаңы бийликке сунуш кылып келатам. Тез аранын ичинде жергиликтүү кеңештерди шайлоо тууралуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизип, 2019-жылы Бишкек жана Ош шаарларынын кеңештериндеги депутаттарды таркатыш керек. Себеби, борбордун жана экинчи борбордун маселелерин ушундай адамдар чечип жатышат.
Депутаттардын ишине ичи чыкпаган дагы бир жарандык активист Калича Умуралиева "шаардык кеңеш өз кызыкчылыгын көздөгөн ишкерлер чогулган орган болуп калды" деп сындап жүрөт.
- Бул кеңештин курамы бизге жакпайт. Курулуш компанияларынын ээлери көп. Шайлоо учурунда эле айтып чыкканбыз, “бул кызыктай эле шоу болуп атат” деп. Сексен пайызы эч нерсеге түшүнбөгөн, түшүнгүсү келбеген депутаттар отурат. Алар бизнесмендер болгон үчүн бийликтен көз каранды кишилер.
Чынында Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 орунда бирин-экин аты белгисиз жөнөкөй кызматкерлер гана болбосо, көпчүлүгү курулуш компанияларынын жетекчилери, ишкерлер жана саясатчылардын туугандары.
Алардын арасынан элге белгилүү болгон айрымдарына токтолуп кетсек. Бишкек шаардык кеңешинде "эң жаш депутат" аталган 24 жаштагы Темирлан Токобеков - Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу. Темирлан Токобеков жөнүндө Интернетте дээрлик маалымат жок. Бирок эл өкүлү катары окуучуларга жол эрежелерин сактоо тууралуу кеңеш берген иш-чарага бардык терезелери мыйзамсыз караңгылатылган автоунаа минип барганы менен белгилүү болгон.
"Жупуну" аткаминерлердин "эркетайлары"
Кыргызстан эгемендикке жеткенден бери оңуп кеткен “эркетайлар” феномени социалдык тармактар пайда болгондон тарта кайра бажырайып гүлдөгөнү байкалат.
Ал эми өлкөдөгү белгилүү олигарх Аскар Салымбековдун агасы, экс-депутат Мамытбай Салымбековдун уулу Жумабек Салымбеков шаардык кеңештеги бай депутаттардын катарын толуктайт. Жумабек Салымбеков 2015-жылы мурунку чакырылыштагы кеңеште депутат болуп туруп Опера жана балет театрында уюштурулган жеке адамдын тоюна барганы үчүн коомчулуктун кескин сынына кабылган.
Бишкектин ушул чакырылышындагы кеңешинде ири курулуш компанияларынын өкүлдөрү көп экени белгилүү. Маселен, аты-жөнү мурда-кийин кеңири коомчулукка анча белгисиз адамдардан куралган “Мекеним Кыргызстан” фракциясынын мүчөлөрү ири курулуш компанияларына тиешеси бар адамдар экени айтылат. Ошондой эле экинчи ирет шайланып келген Гүлнара Молдобаева “Бишкеккурулуш” фирмасындагы жетекчилердин бири. “Елизавета” жана “Имарат Строй” аттуу эки ири курулуш компаниясынын жетекчилери Нуржан Тынымсейитова менен Даниярбек Иманалиев да шаардык кеңеште эл өкүлдөрү.
Ал эми белгилүү саясатчылардын жакындарынан мамлекеттик ишмер, маркум Турдакун Усубалиевдин небереси Эрмек Усубалиев, Курманбек Бакиев президент болуп турганда анын аппаратын башкарган Үсөн Сыдыковдун небереси, Жогорку Кеңештин депутаты болгон Бактыбек Сыдыковдун уулу Алымбек Бактыбеков бар. [moderated] маалымат агенттиги Алымбек Бактыбековдун “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруучу компанияга тиешеси бар экенин жазып чыккан. Бирок кийин атасы Бактыбек Сыдыков бул маалыматты төгүндөгөн.
Парламентте коомдун талкуусуна түшкөн билдирүүлөрү менен белгилүү депутат Камчыбек Жолдошбаевдин иниси Таалайбек Сариев менен анын кызы Наргиза Жолдошбаева да шаардык кеңеште депутат. Ошондой эле мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин агасы, мурдагы башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу Кубанычбек Конгантиев экинчи жолу шайланды. Учурда камакта отурган экс-мэр Кубанычбек Кулматовдун мурдагы аялы Наталья Кулматова да депутат экени белгилүү.
2018-жылы апрель айында хххххх.kg сайтындагы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин байланыштары жөнүндөгү макалада коомдук ишмер Эдил Байсаловдун маалыматтарына таянып, шаардык кеңештеги Жаныбек Абировдун жакындарынын компаниясы үч жылдан бери Бишкек Жылуулук электр борборуна көмүр жеткирүүдө тендерден утуп алганы жазылган. Сөз болуп жаткан депутат бул маалыматтар боюнча комментарий бере элек.
Анткен менен Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев коомчулукта айтылган сын пикирлер менен макул эмес жана эл өкүлдөрү өз милдетин колдон келишинче аткарып жатышат деп эсептейт. Ошондой эле ал мандатынан пайдаланып өз кызыкчылыгын көздөгөн кесиптештери жок экенин кошумчалады.
- Шаардык кеңештин депутаттары иштеп атышат. Баары тең элдин өкүлү болуп шайланып келишкен. Шаардыктардын ишенимин алып добуш алып келишкен. Ар бир депутат шаарга салым кошоюн деп келди. Мен эч нерсе деп айта албайм.
2016-жылы 11-декабрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Бишкек шаардык кеңешине 14 партия ат салышып, беш партия жети пайыздык чектен өткөн. КСДП - 13, "Республика - Ата Журт" - 12, "Өнүгүү-Прогресс" – 8, “Мекеним Кыргызстан” - 7, “Кыргызстан” партиясы - 5 мандат алган.
16-июль, 2018
_________________________
Маалымат булагы башка сайт. -
Темасы: Сокенин кадрлары...
Жазылган күн: 27 Июл 2018
Учурда Сокенин дагы бир кадры элдин конулун озуно бурууда. Бул кадр Бишкек мэрлигине азырынча жалгыз талапкер, бир буту мэрдин кабинетинин ичинде, бир буту тышта, беш мунот кем жаны мэр, Азиз Суракматов деген бири...
Суракматовдун омур баянын карасан кооп жылдар архитектура башкармалыгында ар кандай кызматтарды аркалап келген бири экен. Бакиевдин акыркы 2 жыл башкаруусу убагында Бишкек шаардык кенешинин торагасы да болуптур. Кийин Жогорку Кенеш депутаты да болуптур... Бул киши айрым курулуш компанияларынын кошого артындагы кожоюну экени да айтылып келет...
Негизи Бишкек шаардык архитектура башкармалыгы эн коррупциялашкан тармактардын бири...
Ошондо Сокенин жаны кадры коррупцияга малынбаган таза бири деп ким кепилдик бере алат?!! Баса, 5 жыл ЖК депутаты боло туруп, эл тааныбаганы эмнеси, же кааласа ишке келип, кааласа келбей, кнопка баскыч депутаттык карьерасы болгонбу, добуш учун акча таратылчу жыйындарга гана катышып койчу...
Аранарда айрымдарынар айтат чыгаарсынар, Соке тут причем деп... Олкодогу маанилуу кызмат адамдары Сокенин кошого артында макулдугун алмайын, жаны кызматка келе албайт. Мен бул Суракматов деген бирини Соке озу корсотту дегенден алысмын. Саясаттагы "аттуу-баштуу" сасык саясатчылар тобу Жээнбеков менен кошого артында корушуп, жолугушуп, бул кишини Бишкектин мэрлигине сунуштап, Жээнбеков макулдугун берген корунот, "чийген чийинден чыкпай иштесе, ай сайын "планды" тогуп турса, мен макулмун" деп... План демекчи, Бишкек мэриясында миллиондор айланат. Ошол акчалардын бир болугу Акуйдун кураторлорунун чонтогуно "подарка" болуп келип турбаса болчубу...
Мына сага, Сокенин кадрлары кимдер... -
Темасы: Сокенин кадрлары...
Жазылган күн: 25 Июл 2018
Соке менен Абулгазиевдин жетим жугуруктору элли акмак коруп, алдап баштады. Телефонго 100 сомду ишкерлер толойт имиш, элге тиешеси жок имиш...
Биринчиден телефон ташыган ишкерлер ар бир телефонго 100 сомдон толосо, ал 100 сомду элден 500 сом же 1000 сом кылып кайтарып алат. Бул турган нерсе...
Экинчиден ар жыл сайын миндеген телефонду мигранттар олкого келгенде ала келип тууган-туушканы, ата-эне, бала-чакасына таштап кетет. Демек Окмот ал телефондорду очуруп коет экен да ээ?!! Анан 500-1000 сом пара тилейт, кайра жандырып беруу учун... Мына сага "бизнес" ...
Негизи телефондорду каттоо шарт эмес. Бай олколор учун телефон каттоо эч нерсе болбошу мумкун. Ал эми эмгекке жарамдуу калктын жарымы тышта тентип жургон жакыр Кыргызстан учун бул нерсе керек эмес... -
Темасы: Сокенин кадрлары...
Жазылган күн: 25 Июл 2018
Соке Раим миллионерди кызматына кайтарса тан калып кереги жок.
Интернет айдынында Матраимовдор кланы менен Жээнбековдор кланы куда деп айтылып келет. Эгер ошол нерсе чын болсо, демек элдин Раим миллионерди жоопко тартып уурдаган-жегендерин кустуруу талабы эмнеге коз жаздымда калып жатканын тушунсо болот...
Олкодогу копчулук Раим миллионерди Кыргызстандын тобосу элге корунгон корунуктуу коррупционери деп тааныйт. Эл "эмнеге Раим миллионер камалбай эркиндикте журот" деп суроо салып жатканда Раим миллионерди сот кызматына кайтаруу керек деп тыянак чыгарышы Раим миллионердин артында Жээнбеков турат деген кумон ойго туртуп жатат. Эми кумон деген менен да эгер экоо бир-бирине куда болсо, демек Сооронбай Раимди колдоп чыгаары турган иш...
Атамбаевдин ишеничтуу кадрлары шопуру, жан сакчысы ж.б. болгон болсо, Жээнбнковдун ишенген кадрлары кудасы, тууган-туушкандары болот корунот.
Кыскасы Жээнбеков коррупциянын дангыр жолунда бара жатат. Эл кыйналып, кыйналган учун да уул-кыздары талаалап тентип журсо, Окмот олгондун устуно комгон кылып суунун баасын которот имиш. Электр энергиясынын баасы болсо 3 айга которулот деген бойдон кайра тушподу, арадан 4-5 жыл отсо да. Анан телефонго салык салынат имиш... Окмоттун жепжутарлары телефонго акчаны эл толобойт деп ишендиргиси келгени менен, ошол акчаны акыры келип эл толойт. Болгондо да 100 сом эмес, 500 же 1000 сом кылып толойт... Ишкерлер буга чейин мисалы Х смартфонун 10 000 сомго сатып келсе, эми ал баа 10500 же 11 000 сом болот. Ошондо телефонго салыкты ишкер эмес эл толойт акыры келип...
Окмотту карагыла, Окмотту "элди тонош керек" деген тушунуктогу Абулгазиев жетектеп отурат каяктагы... Эртен бурсугуну Раим миллионер бажыны жетектесе, Жээнбековдун чонтогуно акчалар дайра болуп ага баштайт.....
Мына, Сокенин кадрлары, бут жепжутарлар. ....
Комментарийлер
frunze777 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?