Карышкырды муунтуп атканда жанындагы карышкырдын жанында жургон киши каякта эле
Дудук детектив
#42 05 Июнь 2014 - 20:28
Анча мынча гана дал келбеген жерлер кезикпесе негизи чыгарма сонун жазылыптыр.
Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!
#43 06 Июнь 2014 - 19:46
zina29 (05 Июнь 2014 - 15:15) жазган:
Карышкырды муунтуп атканда жанындагы карышкырдын жанында жургон киши каякта эле
Карышкырдын жанындагы бир жигити калган эле аны Кадырдын аялы келип аттыго.Анан Кадыр карышкырды муунту.
Аябай кызыктуу чыгарма экен.Ыраазычылык билдиребиз авторлорго.
Аллах мээримдуу жана ырайымдуу!!!
#44 08 Июнь 2014 - 10:03
Бир дем менен окуп чыктым. Детектив суйгон жаным. Хисторик сизге рахмат!
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#45 09 Июнь 2014 - 02:29
#46 09 Июнь 2014 - 11:52
#47 10 Июнь 2014 - 23:43
бир демимди чыгарбай окудум го, авторго рахмат. байкуш баланы элестетип, боорум ооруп окудум
#50 06 Июль 2014 - 02:07
Авторго рахмат. Дудукту аяп эле журогум дукулдоп аран буттум,бечара.
Жакшы чыгарма экен,жаны чыккан китеп экенда.
" Мен дуйнону апам менен тааныгам
"
#51 11 Июль 2014 - 01:35
#52 16 Июль 2014 - 11:28
жакшы чыгарма экен! Окуялардын кээ бир жерлери жакшы кооздолуп суроттолуптур,
элестетип окуганга!
кантсе да ийгилик!
#54 23 Июль 2014 - 14:47
анан дагы кошумчалай кетчуу нерсе дудук бала укпаса ,чон кишинин, кичине баланын басканын ажырата алчу деген жери
#56 09 Август 2014 - 15:12
Жакшы чыгарма экен. Рахмат. Дудук бала суйлоп жибиерди окшот аягында.
#59 31 Октябрь 2015 - 23:37
historic (04 Июнь 2014 - 08:14) жазган:
+++
Эртеси баары ойдогудай
болду. Аялы эртең
мененки автобус менен
жетип келди. Аны Канат
тосуп алып түз эле
мектептин деректирине
кирип барышты. Деректир
ар кандай шылтоо айтып,
кыйыктанганына болбой
дудукту кабинетине
алдырып, үйүнөн атасын
чакыртышты. Кайран
Сатый баласын жибергиси
келбей канча
чырылдаганы менен
өкүмөттөн жазганат экен
баары бир. Айла жок,
макул болуп, баш ийип
берди. Ошондо гана
арына келдиби же, дагы
эле эл көзүнө кылдыбы
айтор, баарын үйүнө
ээрчитип барып
баласынын үстүндөгү
кийимин жаңыртымыш
болду. Кийин айылдын
этек жагынан буларга
Кадыр кошулду. Ошону
менен Канаттын кызыл
аудиси зуулдаган бойдон
борборду карай жөнөдү.
Байкуш, дудук үйүнөн
алыстаганга жүрөгү
дүкүлдөп, балбал жанган
көздөрү жылтырап
коркуп келатты. Анын бир
гана ишенгени канча
күндөн бери ашына болуп
калган Кадыр. Азыр да
ошонун колтугуна кынала
отуруп, корголоп алган.
Анын минткени Кадырдын
ого бетер жүрөгүн
жибитип, бечерага
пейили төгүлдү.
Баса дудуктун шаарга
сапар алышы тууралуу
кабар ушул турган айыл
элинен биринчи
Карышкырга жетти. Булар
кабинеттен чыгып
Канаттын машинасына
отуруп-отура электе эле
деректир баягы
текшерүүчү калтырган
номерге чалды.
Карышкыр мындай
маалыматты жөн
калтырабы? Бала менен
чыккандар тууралуу ийне
жибине чейин такып
сураган соң деректирге
ыраазычылык
билдиримиш болуп
телефонду койду да,
дароо жигиттерине
кыйкырды.
- Дудукту колдон чыгара
турган болдук акмактар! –
деп бир тийди тигил экөө
бөлмөгө кирээри менен. –
Мен силерди ичип-жесин
деп багып жүрөмбү, я?!
Кана колуңардан бир иш
келгени?!Кана? ! Ой ушу
силерге ишенген мен да
акмакмын эннеңди!..
Жаны күйгөнүнөн чыдай
албай ордунан туруп
терезени карай басып
кетти. Бутуна сыналгынын
пульту уруна калды эле,
жини менен анысын
бурчту карай ыргыта тээп
салды. Деги жинин
эмнеден чыгараарын
билбей жаман болду.
Терезеде жедеп кир
баскан парда илинип
турган. Көзүнө ал дагы
мокочо көрүнүп кетти
окшойт капталды карай
силке тартып таштады.
Ылдырап араң турган
немеге ушул эле
жетишпей жаткан экен.
Бир топ илгичтери
жулунуп, ого бетер
шалпыйып жатып калды.
- Бүгүндөн калсак анда
иштин бүткөнү, билип
койгула! – деп кайра
бурулду берки экөөнө.
Заар чачкан көздөрү
менен экөөнү матай
тиктеди бир саам. – Эгер
бүгүн да колуңардан
келбесе анда менден
жакшылык күтпөгүлө. Же
түрмөнүн түбүндө
чирийсиңер, же алдагы
калдайган башыңардан
ажырайсыңар. Башка жол
жок.
Экөө лам деп ооз ачпай
туруп беришти.
Башчысынын айтканы
менен болуп, көзүнүн агы
менен тең айланып көнүп
калган немелер үчүн
тигинин ар бир айтканы
айныгыс мыйзам болчу.
Тээ бала чагынан бери
ушул адамдын ачуусун да,
таттуусун да көрүп
чоңоюшкан. Мындан
башка ылымсанаар адамы
да, эш тутаар карааны да
жок. Ал тургай так ушул
жеп-жутуп жиберчүдөй
атырылып турган
мыкаачыдан башка
адамдын баары буларга
душман сезилчү. Бала
чагынан таштандыга
айланып, кароосуз калган
немелер кийин ушул
кишинин карамагына
өтүп, кулагы кесик кулдай
менчигине айланган.
Ошол бала кезинен берки
мээсине сиңип бүткөн бир
гана нерсе – бул алардын
өмүрү да, өлүмү да так
ушул кишинин колунда
деген түшүнүк. Мына
ушул түшүнүктүн айынан
кожоюну колу-буту шал
болуп, өлүм төшөгүндө
жатса да кол кайтарып,
каяша кыла алышмак
эмес. Азыр да ошондой
болду. Карышкыр
мурунку
карышкырлыгынан
калып, айласы кетип
алдастап турганына
карабай экөө анын
баардык жемесине чыдап,
шалбырап турушту. Шефи
болсо аларды канча
күндөн бери оозуна
келген сөз менен ашата
сөгүп, жер-жеберине
жетип келет. Баса,
Карышкырдын да ошо
күйгөнүнчө бар эле. Күнү
кечээ бул аймакта кадыр-
баркы артып, эми бир аз
убакыт болсо бүтүндөй
республикага сөзү өтөөр
күчкө жетем деп турганда
буга күтүлбөгөн бут тосуу
болду. Эч кимге белгисиз
бир суу куйдунун
итчилиги менен
мыйзамдын торуна
кабылып, капаска
чалынды. Ошону менен
жолго түшүп келеткан
иштери бир заматта
ойрондолуп, крим
дүйнөдөгү кадыры
төмөндөп кетти.
Мындайда кимдин-ким
экени бат эле билинет
эмеспи. Мурда колунан иш
келип турганда көзүн
карап, ылымсанап жүргөн
немелер тез эле боорун
качырып, керек болсо
душманга айланып чыга
келишти. Андан кийин
акырындап киреше таап
турган булактарын бүт
тартып алышты. Бара-
бара душмандыктары ого
бетер күч алып өзүнө кол
сала турган кейипке
өтүштү. Албетте, алар
үчүн буга окшогон көк
беттин тирүү
отурганынын өзү эле
коркунучтуу болчу.
Ушундай алсырап
турганда көзүн тазалап
салбаса, кийин баары бир
кедерин тийгизбей коймок
эмес. Бөрү карыса да бир
койлук алы бар деген кеп
тегин жерден айтылбаган
тура. Душмандар ушуга
көзү жетип муну жок
кылмак болушту. Иш
барган сайын ырбап
баратканын туюп бул да
бекер отуруп берген жок.
Бар айласын салып, колдо
бар быдырын колдонуп
жүрүп, акыры бир
шылтоосун тапты.
Дарыгерлерден «бир
жумага жетпеген өмүрү
калды» деген справка
алдырып азаттыкка
чыгып, чет өлкөгө чыга
качканга жетишти.
Өлбөгөн адам алтын
аяктан суу ичет деген чын
тура. Алды-артын карабай
араң кутулган неме чет
жерде жүрүп кайра эле
тирденди. Тез эле өзүнө
окшогондор менен
байланыш түзүп, мамиле
күткөнгө жетишти. Деги
баары ойдогудай
келеткан. Кечээ баягы
өзүн сызга отургузган суу
куйду Жекини таап, өч
алам дегенге чейин баары
эле сонун болчу. Ооба,
башынан өткөн
кырсыктын баарын
башкалардан издеп,
башкаларды күнөөлөп
атканда чыккынчылардын
ана башы өзүнүн досу, эң
ишенген адамы Жеки
экенин укканда жаны
болуп көрбөгөндөй
кейиди. Акыры ызасына
чыдабай жетип келип өч
алмакчы болду. Алдына
койгон пландары көзүнө
көрүнбөй, эси-дарты өч
алууга ооду. Качан өзүнө
ишенерлик абалга
келгенде гана кайрылып
келип, мурдагыдай эки
тизгин бир чылбырды
колума алам деген ойлору
бир заматта бырын-чырын
талкаланды. Кыскасы
ушунча байлыгынан,
бийлигинен ажыратып,
душмандарынын алдында
тизе бүгүүгө аргасыз
кылган немени өз колу
менен жайлап, биротоло
тындым кылмайын жай
алып отура албай калды.
Акыры жумуштарын
жыйыштырып коюп,
көксөөсүн суутмакка
аттанып чыкты. Албетте
Жеки шүмшүк дагы жөн
отурбай мунун бир топ
иштерине ээ чыгып,
өзүнчө байлык
жыйнаганга жетишкен
экен. Ал тургай бир далай
акча чогултуп чет
өлкөдөгү банктарга
чыгарып ийиптир. Мунун
баарын ушул жердеги
узун кулак
тааныштарынан укту.
Мурда-кийин мындай
ишти далай кылган эргул
Жекинин кайда басып,
кандай тураарын бир
заматта тактап туруп,
оңтою келген күнү
чычканды мышык
алгандай басып калды.
Жекиге бул жолу
тегеректеп жүргөн
жигиттери да жардам
бере алган жок. Ошону
менен кургурду жерден
алып көргө салды тим эле.
Өзү аймакчы,
чыккынчылык кылмак
тургай, атын укканда
чочуп тургуча кыйнамай
болду. Атаганат убактысы
гана тар болуп калды да.
Болбосо, жанагы
чогулткан байлыктарын
бир тыйынына чейин
алдырып туруп, андан
кийин аркы дүйнөгө
узатып коймок… Бирок,
мунун келишин байкаган
атаандаштары, өздөрүнчө
шекшинип, аңдый
башташты. Албетте ар
кандай кокустук болуп
кетиши да мүмкүн эле.
Ошого жараша алар
менен күч сынашууга да
али эрте. Натыйжада,
Жекинин көзүн тезирээк
тазалап моокумун
кандырып алып басып
кеткенден башка чарасы
калган жок. Акыры
ошондой да кылды.
Жакшы эле баары
ойдогудай ишке ашып
келаткан. Өлүктү ың-
жыңсыз жоготконго
ыңгайлуу жер да тез эле
табылды. Балким ошо
күнү «муну өз колум
менен жайлайм» дебей
эле жигиттерин жиберип,
өзү жылуу ордунда отура
бергенде бүт баары ошол
бойдон жымырайып
бүтүп калмак. Тигил
күтүүсүз күбө болуп
калган койчу балага өзү
эмес, мобу алдында турган
эки желдети кабылганда
деле алардын көзүн
тазалап туруп басып
кетмек. Бирок,
кычастыкты карачы… Эң
акыркы жүрүштө баары
ойрондолуп жатып
калды. Артын жакшы эле
таза кармап, абийирине
доо кетирбей жүрдү эле,
минтип кайрадан кара так
сүйкөлгөнү калды.
Болгондо да ушу жүзү
кара Жекинин айынан
экинчи жолу капканга
чабылып отурат. Эми эмне
кылыш керек?
Сыналгынын маңдайында
турган эски креслого
башын мыкчый отурду.
Катардагы эле бирөөнүн 2
бөлмөлүү батирин бир
айга алышкан болчу.
Мунусу да көңүлдү
айлантчудай чалдыбары
чыккан эски батир.
Шашылыш эле ала
калышкан. Мынчалык
көпкө калабыз деп ким
ойлоптур. Башында бир
жумага деп алышты эле
эми минтип, иштери
бүтпөгөн соң бир айга
жылдырышты. Деги үй эле
аты болбосо, кедейдин
кепесинен айрымасы жок.
Же бир кенедей эле
шарты болсо эмне
кургурдун. Тээ СССРден
калган оокаттар, эски
көрөн-шөрөндөр…
- Бүгүн бүтүрбөсөк
болбойт! – деп креслонун
кырын бир урду бир
маалда. – Мына мобу
үйдүн ыпыр-сыпыры
силерге жагып атса отура
бергиле. Бирок, мен
мындан нары чыдай
албайм!
Берки экөөнөн дагы эле
үн чыккан жок.
+++
Күн капталдай көтөрүлүп,
төбөгө жакындап калды.
Бүгүн жуманын иш күнү
болгондуктан бул
жолдордо азырынча көп
деле машина жок. Кокус
базар күнү, же базардан
бир күн мурда болгондо
ары-бери каттаган
машина бир топ көбөйүп
калмак. Чындыгында бул
жер алыскы район
болгону менен, дем алыш
күндөрү өтө турган мал
базары менен бүткүл
республикага барктуу
болчу. Мындан беш-алты
жыл мурда керек болсо
коңшу мамлекеттерден да
соодагерлер келчү дешет.
Бирок, алардын келиши
менен балаар кескин
өзгөрүлүп кетти.
Дыйкандар малын
каалагандай баага сата
баштагандан кийин,
ортодо абадан акча таап
жүргөн ортомчулар көп
кирешеден куру жалак
отуруп калышты.
Натыйжада алар чара
көрүшүп, чет элдиктерди
жолотпой коюуну
чечишти. Албетте,
мындайда жанагы крим
дүйнөнүн
куурагырларынын эле
күнү тууйт эмеспи.
Тигинисин кордоп,
мунусун колдомуш болот
дагы, акырындап-
акырындап бийликти
колго алышат. Андан
кийин кызыл кулактардын
кирешесинен үлүш алып
гана отура бер. Мына
ошол киреше көзүн
кызартып, кыргынга
түшүрүп атпайбы аларды
дагы. Бирок, алардын
андайы менен бу
жергиликтүү элдин иши
эмне? Сатчусу колундагы
малын жетелеп, алчусу
акчасын томпойтуп
чөнтөгүнө салып базарга
барат, көңүлдөрүнө төп
келген баага соодалашып
кайра жолуна
түшүшөт.Тиргилик деген
ошентип өтө берет тура
жай адамдыкы. Айрыкча
элет элине көп деле
шашылыш жок.
Натыйжада минтип
жолдор дагы бош. Ал
тургай ар кайсы жерден
жол тоскон МАИ
кызматкерлери да
көрүнбөйт.
Кыскасы, ушул зымыраган
жол менен Канат кызыл
аудисин чымылдата айдап
келатты. Жанында чогуу
келеткан жүргүнчүлөрү
эчак көшүлүп уйкуга
кеткен. Бир гана бечера
дудук көзүн ирмебейт.
Анан кантсин кургур?
Туулганы кой артынан
калбай, короодон чыкпай
чоңойгон немеге күздүн
суугунан бир да жашылы
калбай саргайган сары
талаа дагы кызык көрүнүп
келетпайбы. Жана бир
топко чоочуркап,
алаңдаганы менен бала
эмеспи, бат эле анысын да
унутуп, терезеге
жабышкан бойдон сыртты
карап келет. Канат «эми
бул буркурап ыйлап,
тежиктенип айлабызды
кетирбесе экен» деп
санааркап атты эле, эми
тигинтип алаксып
калганына санаасы
тынып, көңүлү көтөрүлүп
калды. Анын мындай тынч
келээрин билсе дагы бир
киши салып алышмак
экен. Эмне, жок дегенде
балдарына таттуу-паттуу
ала барганга жарамак да.
«Мейли эми, ушу тынч
баратканыбызга деле
шүгүр» деп топук кылды
кайра.
Ошентип зымырап отуруп
жолу эзиле бергенинен
улам асфальт токтобогон
белге да жете келишти.
Бул жер ушул жолдун
чечилгиз көйгөйү. Тээ кар
эрип, күн жылыгандан
баштап ушунтип эзилип
турганы турган. Же бул
жерге асфальт токтобойт,
же шагыл токтобойт. Деги
бир багы ачылбаган бел.
Көпчүлүк убакта
машиналар тыгылат, же
дөңгөлөктөрү бир балээге
учурайт. Мына азыр дагы
бир машина токтоп турган
экен. Болгондо да
зыңкыйган кара джип
токтоптур бул жолу. «Бу
шаардан келген немелер
деги жолду карап
айдаганды да билишпейт»
деп өзүнчө кыйынсынып
койду Канат. «Зыңгыраган
түп-түз жолдорго эле
көнүп алышкан окшойт.
Ал тургай дөңгөлөк
алмаштырганды билбеген
кемпайлары да бар. Ана,
айтпадым беле. Сомодой
болгон эки жигит жүрүп
жол тосуп жардам сурап
атышканын карап кой.»
Чын эле булар жакындай
бергенде эле бирөөсү
бурап аткан домкратын
таштай коюп, ордунан
туруп кол булгап калды.
Беркиси болсо узун боюн
жашыргансып чөк түшө
калып, жанында турган
бош дөңгөлөктү кармалай
кетти. Өзү деле руль
кармап, жолдо жүргөн
неме болгон соң
тигилердин көңүлүн
калтыргысы келбей
машинасынын күүсүн
азайтып, акырындап
токтой баштады. Кадыр
менен аялы уйкусунан
ойгонгон деле жок. Канат
бир саам экөөнү карады
да, ойготпой эле түшүп
кетмек болду. Бирок,
күтүүсүздүк так ушул
жерден башталды.
Жанатан беймарал сыртты
карап келеткан бала
Канат бурула бергенде
шарт секирип чыгып
артты көздөй жөнөп
калды. Канат анын бул
күтүүсүз кыймылынан
улам эч нерсе дегенге
үлгүрбөй атып чыгып
артынан чуркады. Ошондо
гана Кадыр удаама-удаа
жабылган эшиктин
үнүнөн ойгонуп, эки
жагын каранып алды.
Алдында аялы да кудум
өзүндөй болуп элеңдеп
отурат.
- Кайда чыгып кетишти? –
деп таңыркай сурады
Кадыр.
- Билбейм, туалетке
чыгышты го – деп
болжолдоду аялы.
- Аа, анда келишээр…
Ушуну менен Кадыр
унчуккан жок. Оң
капталына кыйшайып
уктаганга мойну ооруп
калган экен, акырын
мойнун бурап кычыратып,
колун чоюп керилди. Бир
маалда көзү алдындагы
машинага урунду.
- B7768C – деп шыбырай
окуду номурун. Анан
джиптин жанында булар
келген тарапты карап
турган жигитти карады.
Тим эле күрсүйгөн неме
экен анысы. Бут алдында
машинанын кошумча
дөңгөлөгү жатат.
«Дөңгөлөк алмаштырып
атышкан го бечералар»
деп ойлоду ичинен.
Аңгыча джиптин нары
жагынан куркуйган бирөө
чыгып багажникти ачты
да ичине эңкейип бир
нерсени бери аңтара
салды. Анысы шалбырай
илинип машинанын
номурунун үстүңкү
жарымына чейин жаап
калды. Ушунун баарын
Кадыр жөн гана карап
отурду. Оюнда болсо
дудуктун алдыдагы
тагдыры, «андагы
маалыматтарды кантип
алыш керек?» деген
суроолор удургуп жатты.
Ой деген күлүк болот
тура. Бир маалда дудуктун
талаадагы жазган номери
көз алдына тартылды.
Такырайган топуракка
жазылган «D1100C» деген
жазуу. Бир саам анын
кандай жазылганын
элестетип отуруп эле көзү
чакчая түштү. Көрсө так
ошол жазуу маңдайында
турган экен. Тең
ортосунан өйдө жагы
чүпөрөк менен жабылган
номер так эле бала
чиймелеген жазууга
окшошуп туруптур.
Тигине үстүңкү бөлүгү
жабылган В тамгасы «D»
болуп калыптыр. Жантая
сызылган кош сызык
болсо 77 деген номердин
ылдый жагы. (Аны 11 деп
окубады беле) Ал эми 68
деген жазуунун астыңкы
эки тогологун Кадыр 00
деп окуган болчу. Демек
дал өзү. Жүрөгү «шуу»
дей түштү. Бирок, өзүн
жоготкон жок. Кебелбей
отурган калыбында
тизесине арта салынып
турган күрмөсүнөн
тапанчасын сууруп чыгып,
даярдай кармады.
- Айнек мени жакшылап
ук! Азыр мен эшикти
ачаарым менен руль
жакка өт дагы, машинаны
от алдыр! – деп шыбырай
сүйлөдү ал. Өзү болсо
сүйлөп жатып айдоочу
жактагы күзгүнү карады.
Тигине Канат артта
чырылдап жулунганына
койбой дудукту кармап
келетат. Кайран дудук
машинаны тааныыры
менен качып жөнөгөн
тура. Эми көзү багажникти
чукулап аткан жигитке
илинди. Ал жанатан бери
эч нерсе кылбай эле нары
карап тоңкоюп турат.
Демек колуна куралын
даярдап мерчемдүү
убакытты күтүп атса
керек.
- Эмне дейсиң? Эмне болуп
кетти? – деп алаңдай
сурады аялы.
- Сурооңду токтот! Мен
эшикти ачаарым менен
рулга отур! Машинаны от
алдырып айдап
жөнөйсүң. Билесиң да
айдаганды. Көзүн
алдыдагы эки жигиттен
албай сүйлөп жатты.
Бирок, кебин аягына
чыгара алган жок.
Багажникте турган жигит
колуна кичинекей автомат
оролгон чүпүрөктү
кармаган бойдон бурулуп
келатканын көрүп калды.
Дароо машинадан ыргып
чыгып тапанчасын ошону
карай сунуп удаама-удаа
аткылады. Анткени менен
тиги дагы оңой эмес экен.
Көзгө илээшпеген тездик
менен капталга бир
тоголонду да тизелеп
отура калып буларды
карай ок жаадырды.
Кадыр бир эки ирет
тарсылдата атып алып
машинага далдаланды.
Автоматтын огу аудинин
капталын, айнектерин бир
заматта бырын-чырын
кылып тытып жиберди.
Мынчалык өзгөрүүнү
күтпөсө керек, аялы рулга
өтмөк тургай чырылдаган
бойдон бут койгон жакка
кирип кетти. Канат болсо
эптеп илешип келип
машинанын артына
далдаланды. Ал дудукту
тыбыраганына карабай
бооруна бекем басып
алыптыр. Иштин оңунан
чыкпай баратканына
көрүп Кадырдын көзү
чакмактай түштү. Эптеп
бир деме кылбаса
болчудай эмес.
Автоматтын огу жаап
атканына карабай
машинанын арт жагынан
чыга калып өлөрмандана
аткылай баштады. Бул
жолу тигилер джиптин
артына кире качканга
мажбур болушту. Кыязы
мынчалык каршылык
болоорун күтүшкөн эмес
окшойт. Кудай жалгап
Канат ушул учурду
пайдаланганга үлгүрдү.
Ал арткы эшиктен дудукту
машинанын ичине
ыргытып ийип, өзү рулга
отура калды. Кудай
жалгап ачкычы да
тешигинде сайылган
бойдон калган экен.
Бураары менен ауди дүр
этип от алды. Ылдамдыкка
салып ордунан козголо
бергенче Кадыр болгон
огун атып бүтүп, дароо
ордуна жайланышты.
Ошону менен Канат
ордунан атырылткан
бойдон Джипти айланып
өтүп, сызып жөнөдү.
Жанатан Джиптин наркы
жагына далдаланып
отуруп алып, жигиттерин
башкарып отурган
Карышкыр ордунан
ыргып туруп, тапанчасы
менен аткылаганча чуркап
чыкты. Анан аудинин
артынан татырата атып
аткан жигиттерин карап,
- Машинага отургула
акмактар! – деп бакырды.
Өзү да арткы эшикти ачып
машинага кирди. Бир
заматта үчөө ордуларына
отуруп тигилерди кууп
калышты. Чынында
жанатан машинанын деле
дөңгөлөгүн чечишкен
эмес. Жөн гана кошумча
дөңгөлөктү алып чыгып,
домкрат менен машинаны
көтөртүп коюшкан. Анын
баары ошол ордунда
калды. Карышкыр эми
таптакыр жиндеп, оозуна
келген сөз менен сөгүнүп
баратты. Бир маалда
чыдабай кетип Нуриктин
автоматын ала калды да,
арткы терезеден колун
чыгарып алдыдагыларды
огу түгөнгүчө татырата
аткылады. Качан огу
түгөнгөндө автоматты
Боханын алдына
ыргытып,
- Окто батыраак! – деп
чаңырды.
Байкуштун ойлогон ою
бул жолу да текке кетти.
Деги баары эле бул
ойлогондон чыгып
келеткан. Жанагы дудук
чыга качпаганда балким
мунун эч бири болмок
эмес. Өзү чыгып берген
немелердин чыкыйына
тапанча такап кармамак
дагы, баарын шашпай
мойнун бурап өлтүрүп
туруп, жардын кырынан
ылдый машинасы менен
кулатып иймек. Бирок,
жанагы дудук дагы
сааттай болуп качып
бербедиби. Ушу өмүрү
кой артынан калбай
жүргөн неме машинасын
таанып калат деп ким
ойлоптур. Тааныса мени
тааныйт деп жашынып
отурганы да ошол болчу.
Анан шайтандай болуп
анысы качып, беркиси
кууп берген соң
жигиттерин дагы токтотту.
«Эми алар менен куушуп
жүрө бербей отура
туралы. Артындагысы
кармап келсин, анан
улантабыз» деп ойлогон.
Болбосо тиги дудук
баягыдай талаа аралап
качып берсе, бул
тоолордон аны кантип
кармайт эле. Анан калса
тиги кырларды аша
калсаң малчынын
сарайлары толуп атат.
Бирде болбосо бирине
жолугаар бул
чымылдаган неме.
Ошентти да, артынан
кеткен куугундун кармап
келишин күттү. А тили
жок неме ага баары бир
эч нерсе айта алмак эмес.
Машинанын далдоосуна
дүңкүйүп отуруп алып
гана жигиттерин
башкарып отура берди.
Кудайдан болуп берки
машинадагысы да
ордунан жылбай үргүлөп
отурган. Кылгылыктын
баарын кылса тетиги
дудук же, дудук көтөргөн
неме кылат деп ошондон
көзүн албай, ошолорду
саксына карап отурду эле,
балээнин баары тескери
жактан келбедиби. Мына
эми минтип алдыдагы
тамтыгы чыккан
машинаны артынан
калбай демите кууп
келетат.
Кайра эле баягы кууган
менен качкандын
көрүнүшү. Алдыда өйдө-
ылдыйга анча шайы келе
бербеген ауди менен аңды
дөңдү карабай адыраңдап
келеткан жол тандабас.
Тоо арасындагы ээн
жолдо буларга жардам
кылаар дагы, арттагы
кууганга тоскоол болоор
дагы эч нерсе көрүнбөйт.
Кадыр жардам сурап
бөлүмгө чала калайын
деди эле кашайгансып
телефон да тартпайт экен.
Таптакыр айла кетти.
Арттагы күрүлдөгөн неме
уламдан улам жакындап
келет. Азыр дагы бир аз
жүрсө жол бир капталы
тип-тик жарга жетип
барат. Балким арттагылар
да атайылап ошол жакка
сүрүп бараткандыр. Ошол
жардан ылдый аңтарып
ийсе булардын өлбөгөндө
эмнеси калат эле. Эми
кандай кылса экен?…
Аңгыча көзүнө оң жакты
көздөй кеткен топурак
жол илинди.
- Оңго сал! – деп
кыйкырып жиберди
Кадыр. Канат шашмалаган
бойдон жолдун чаңын
сапырып оңго бурулду.
Дагы аз жерден Кудай
сактады. Жол жээктей
орнотулган цемент
түркүктү сол капталы
менен бир уруп алып
оңолуп кетишти. Ошол
болбогондо ала салып
жатып калышмак. Куйрук
улаш келеткан джип
мынчалык тездик менен
бурулаарын күтпөсө
керек. Кайкылдатып
тормузун тээп отуруп араң
токтоду да, дүңкүлдөгөн
бойдон жолдон чыгып
булардын артынан түштү.
Үстүндөгү бош топосу
желп эткен желге
сапырылып, чаңы
буртулдап учуп турган
жол үстүндө эки машина
куушуп жөнөдү. Бул жол
шагылы жок болгону
менен ар кай жери
адырая казылып, жаан
токтогон жерлери оюлуп
кеткен шагыл жолго
караганда алда канча түз
экен. Кадыр ушундан
пайдаланып артты карап
отура калды да арттагы
куугунду болжолдоп
аткылай баштады. Ансыз
да алдыдагы машинанын
сапырылта көтөргөн
чаңына кабылып, айласы
кетип келеткан немелер
эми бет маңдай атылган
окторго туруштук бере
албай кетенчиктей
калышты. Таамай атылган
тапанчанын огу алдыңкы
терезени тешип-тешип
ийди эле күтүрөгөн чаң
бир заматта
жыртыктардан кирип
баарын жүдөттү.
- Буйтап айда! Артынан
калбай буйтап айда! – деп
бакырды Карышкыр
жаалданып.
Кубалашмай узаган сайын
Канаттын үмүтү үзүлүп
баратты. Себеби алдыдагы
эски кашардан нары жол
көрүнбөй койду. Кашайып
бул топурак жол так ушул
сарайга гана катташ үчүн
салынган окшойт. Андан
нары боз чалган эле адыр
экен. Мунун машинасы ал
адыр менен узак кете
албас. Артта болсо
тигилер калбай келетат.
Мунун санаасын арттагы
Кадыр деле туюп турган
экен. Ал машинанын улам
бир капталына өтүп аркы
адырлардан өтмөк издеп
жатты. Акыры эч ылаажы
таппады окшойт алдын
караган бойдон ой басып
отуруп калды. Бир маалда
кепке келип бүрүшүп,
тыгылып жаткан аялын
тарткылап кирди.
- Айнек тур! Чык алдыгы
жерден. Бол! Чык эми
батырак! Бол эми!
Бышактай бербей менин
сөзүмдү укчу. Азыр биз
тиги сарайдын артына
барып токтойбуз дагы,
арттагы куугунду тосуп
чыгабыз. Башка чарабыз
жок. Түшүнүп атасыңбы?
Жол түгөндү. А сен ошол
убакта телефондорду
алып сарайдын
артындагы тоонун башын
көздөй чурка. Колуңан
келишинче бийик чык.
Телефон тартып калаар.
Антенна чыккан эле
жерден бул жакка
жардам чакыр. Макулбу?!
-Жок! Мен барбайм!
Баралбайм, – деп
буркурап жиберди аялы.
Ал тоону бир карап,
арттагы куугунду бир
карап алаңдай берди.
- Барасың Айнек, барасың!
Биздин тагдырыбыз сенин
колуңда, билип атасыңбы!
Башка кылаар айлабыз
жок! – деп бекем-бекем
сүйлөдү Кадыр. Анан
Канатка кайрылып,
- Тээтиги кашардын арты
менен кирип сол жак
башына токтот, – деди.
Өзү болсо аялын бери
каратып колуна эки
телефонду карматты. Бир
колу менен көзүнүн
жашын сүртүп, саксайып
кеткен чачтарын артына
карай сылады да,
- Биздин акыркы үмүтүбүз
сенде. Колуңдан
келишинче тез чурка, –
деп жалооруй сүйлөдү.
Айнек эч нерсе айта албай
буркураган бойдон
жолдошунун мойнуна
жабышты. Байкуш дудук
болсо эч нерсени
укпайын, эч нерсени
көрбөйүн дегенсип башын
катып, арткы орундуктун
алдында тыгылып жатат.
- Даярдангыла, азыр
токтойбуз, – деди Канат.
Кадыр Айнектин
кучагынан чыга калып,
баланы тыгылып жаткан
жеринен сууруп алды.
Байкушту аялындай
кылып качырып ийейин
дейт, бирок бул аны
түшүнгүдөй эмес. Мобу
тырышып жаткан
жеринен араң сууруп
чыкты. Кантсе да бала
эмеспи, ушунун баарын
көзү көрбөй калса эле
кутулчудай болуп, бекем
тыгылып алыптыр. Аны
ошо бойдон бооруна
басып, бир колу менен
тапанчасын оңтойлой
кармады. Ошол кезде
Канат дагы узун сарайды
айланып келип эбак
бузулуп, дубалы аңырая
ачылып калган тушка
келип токтоду. Үчөө үч
жагынан шуулдап
чыгышты. Аялы түз эле
тоону беттей чуркады.
Берки экөө болсо алдыда
боло турган кармашка
даярданыш үчүн
ыңгайлуу орун издеп
жөнөштү. Кадыр бооруна
бекем кыса чыккан
баланы кайда
жашыраарын билбей
сарайдын ичин карап
жатып көзү бир капталда
үйүлүп турган эски көңгө
илинди. Урандылардан
аттап кирип ошонун бир
бурчуна отургузду да
жанында от тамзыгыга
деп үйүлүп жаткан
куурайдан үстүнө толтура
ыргытып таштады. Ушул
убакта Канат тарсылдатып
ок чыгарды. Артынан эле
жооп кылып тигилер да
тытыратып калды. Кадыр
кайда бекинип, кайдан ок
чыгараарын билбей
алдастай түштү бир саам.
Анан маңдайдагы
терезеден башын
чыгарып сыртты карады.
Тигилер кашардын
маңдайына эмес, артына
токтогон экен. Шып этип
секирип терезенин кырын
басып, андан ары
кашардын үстүнө чыгып
кетти. Канат тигилердин
узакка созулган огунан
кийин анда-санда жооп
кылып турду. Кашардын
үстүнө дүкүйө өскөн чөп
ошо бойдон куурап
калыптыр. Кадыр ошону
аралап акырын сойлоп
жөнөдү. Тигине джиптин
төбөсү да көрүндү. Дагы
жылып келип жакшылап
караса далдоосунда
бирөө жүргөнсүйт. Эптеп
эле ачыкка чыкса ыргыта
атса болчудай.
Карышкырдын өзү экен
жашынган. Шып этип чыга
калды да татыратып
жиберип кайра жашынып
калды. Кадыр бул жолу
атканга үлгүрбөй калды.
Чочутуп албай даана
атайын деп кийинки
чыгышын чыдап күтө
баштады. Бирок тиги
көпкө чыкпай койду.
Кадыр бүткүл дитин коюп
ошону күтүп тура берди.
Убакыт да өтө аз. Эптеп
муну жайлай калып
Канатка жардам бербесе
болбойт. Берки экөө аны
жалгыздап кетиши
мүмкүн. Демин ичине
каткан бойдон күтүп
турду. Дал ушул убакта
күп этип үстүнөн бирөө
басып калды. Экөөнүн
салмагына эски жабуу
чыдайбы. Астындагы
жыгачтар кычырай түшүп
экөө тең ичине кирип
кетишти. Көрсө жанагы
күржүйгөн неме басып
калган экен. Топо чаң
болуп эле кулап түшүштү.
Кадыр тигиге караганда
алда-канча ыкчамдык
кылып тура калды да,
берки өйдө болоору
менен бет талаштыра чаап
калды. Тиги болсо анын
чапканын сезип да койгон
жок. Тек гана жаагын
колунун сырты менен
аарчып акырайа карады.
Кадыр таң кала карап
алып кайра шилтеп-
шилтеп жиберди. Бирок,
тиги дале кенеген жок.
Кебелбей турду да бир
кезде Кадырдын чаап
келеткан колун шап эте
кармап калып экинчи колу
менен көмөлөтө койду.
Ошону менен эсине
келтирбей эки-үч жолу
көмөлөтө-көмөлөтө тепти.
Андан кийин эми тура
албайт дедиби, көзүнө
кирип кеткен чаңды
ушалап туруп калды.
Кадырга ушул эле керек
болчу. Наркы капталында
дат баскан темир
казыктын учу чыгып
турган экен, ошону
кармаганча ордунан
турду. Берки күржүк аны
мылжыя карап бир нерсе
айтмак болду эле, ооз
ачканга да үлгүрткөн жок.
Бир секирип капталына
өтүп келип казыктын
иймек башы менен башка
басып калды. Тептегиз
кыркылган чачтан бир
заматта дыркыраган кан
сызылып чыгып бетин
жая берди. Көзү
аңтарылып бир саам нес
болуп турган соң акырын
чалкалап барып күп этип
жыгылды. Ушундан кийин
айлана тынчып калганын
байкады. Сыртта да
негедир атышуулар
токтоп калыптыр. Кадыр
топурактын арасынан
тапанчасын таап, ичин
ачып огун карады. Экөө
эле калыптыр. Туш келди
аткылай бергенге болбос.
Бутунун учу менен басып
Канат турган жакты
көздөй жакындады.
Андан такыр эле дайын
жок. «Өлүп калды го
байкуш» деп ойлоду
ичинен. Көз алдына анын
томурайган эки баласы
менен ыйманы ысык
колуктусу тартылды.
Алардын жетим, жесир
калганын ойлоп заманасы
куурулуп кетти. Негедир
ошонун баарына өзүн
күнөөлөдү. Бир саам
начальнигинин тоң
моюндугун эстеп ого
бетер итататайы тутулду.
«Ошол акмак баарын
кылган» деп күбүрөндү
ичинен. Ичинен ушуларды
ойлогончо акырын
жылып жанагы сарайдын
урап калган башына
жакындады. Мына эми
тешикке жетип сыртты
карай бергенде оң жак
чыкыйына шак этип бир
нерсе тийип буйдамга
келбей кулап түштү. Эмне
болуп кеткенин түшүнбөй
калды. Бирөө башка
урганына көзү жетип,
тезирээк туруш керек
экенин билип турса да,
кудум көкүрөгүнөн
бастырып койгонсуп,
козголо албай жатты.
Эптеп бир капталына
оодарылып барып
турмакчы болду эле кайра
кулап түштү. Бул жолу
бети менен жер сүзүп
жыгылды. Кайра
чымырканып тырышып
атып колуна таянып туруп
оозундагы кыктарды
түкүрдү. Ушул убакта
жанына кимдир бирөө
жакындап келди. Кадырга
анын эки буту эле
көрүндү. Башын көтөрүп
карайын деди эле шак
эткизе курсакка тээп
жиберди. Байкуш
эбелектей учуп эки
аласалып барып жатып
калды. Тим эле өпкөсүн
үзө тепти окшойт. Ичи
эңшерилип, дем ала албай
бир саам жатты. Бир
маалда көзүнүн
караңгылашканы
тарагандай болду.
Айланасы тунук көрүнүп,
кайда жатканын
боолголоп алды. Эми
жанагы буттун ээси келип
бет алдына отурду. Көрсө
жанагы багажникке
эңкейип турган куркуйган
неме экен.
- Сен деги өзүңдү
коргогонду билесиңби? –
деп кекээрлей сурады ал.
- Эки мүнөт убакыт бер.
Коргонгонду сага үйрөтөм,
– деп ызырынды Кадыр.
Мунун жообуна ыраазы
болду окшойт,
мыйыгынан жылмайып
алып ордунан туруп, нары
басып кетти. Шашпай
спорттук костюмун чечип,
бир жерге кынаптап илди.
- Сен досуңа караганда
чыйрак экенсиң бирок, –
деди бери бурулуп. – Бир
тепкенден чыкпай калды
го аның.
Кадыр дале унчуккан
жок. Канат дегенди
укканда анын балдары
кайра көз алдына
тартылды. Жүрөк тушу туз
куйгандай зырпылдай
түштү. Ошондон
чыйралып кеттиби, колу-
буту калтыраганына
карабай өйдө турду.
Тайгандай болгон неме
мунун оңолгонуна
сүйүнгөнсүп маңдайына
туруп мылжыңдай күлдү.
- Шеф өлтүрбөй карма
дебегенде сени жана эле
жайлап койот элем, – деп
ырсактады. Анан шып эте
оң бутун көтөрүп келип,
кайра сол бут менен
башка тээп калды. Кадыр
чала-була тосконго
үлгүрдү. Бирок, баары бир
соккуга туруштук бере
албай кулап түштү. Бул
жолу тигинин көз
көрүнөө тээп алганына
ызаланып кетти. Ордунан
тура калып болгон билген
кыймылдары менен
чабуулга өттү. Анткени
менен мышыктай немеге
бир да соккусун жеткире
алган жок. Шапылдатып
тосчусун тосуп,
буйтачусунан буйтап
келди да, оңтоюн
келтирип туруп кайра
өзүн тарс эткизе төшкө
тепти. Кадыр ыргыган
каптай күү менен барып
дубалга урунду эле
артындагы араң турган
кирпичтер жер жайнап
кулап жатып калды.
Кадыр ошондон нары
жөрмөлөгөн бойдон
сыртка чыкты. Артынан
берки да чыкты
шылдыңдай жылмайып.
Чыгып эле шефин
карадыбы, же жөн эле
эки жагын карагысы
келдиби оң жагына
бурула бергенде Кадыр
эки буттап секирип келип
кайра сарайга киргизе
тепти. Мынчалык сокку
жейм деп ойлобосо керек,
беркинин эми жүзүндөгү
жылмаюу да жоголду.
Ошону менен экөө колу-
буту тең иштеп
кышылдап, күшүлдөп
мушташып киришти. Экөө
тең арына келдиби, же
маңдайындагы оңой жоо
эмес экенин сездиби,
айтор биринен-бири
калбай мушташып
жатышты. Бирде тигиниси
кулап, бирде мунусу жыга
чаап бир топко
алышышты. Акыры баары
бир шамдагай неме
машыккандык кылып,
үстөмдүк кылып кетти.
Жанагындай катуу
соккулар менен талуу
жерлерге удаа-удаа урду
эле Кадыр ордунан тура
албай кышылдап жатып
берди. Берки ызасына
чыдабай кетти окшойт
жерде жаткан немени
мойнунан орой кармап так
көтөрүп муунта баштады.
- Койо тур шашылбай, –
деген үн чыкты ушул
убакта.
Муунтуп атканы башын
көтөрүп караса шефи
келип калыптыр. Дароо
колун бошотуп, беркини
таштап жиберди.
Карышкыр жаңы эле урап
түшкөн жерден талтаңдай
басып кирип келди да,
жерде жаткан неменин
чачынан тутамдай кармап
өйдө көтөрүп, тизелете
отургузду.
- Дудукту кайда каттың? –
деп тиштене сурады ал. –
Жанатан бери карабаган
жерим калган жок. Кайда
жоготтуң аны?
- Карышкыр… Сен… Сен
мыйзамга каршы чыгып
атасың билип атасыңбы? –
деп кайра кекете сурады
Кадыр тайманбай.
- Эх, өларман десе! Билип
койгунуң, дудугуң
экөөңдүн көзүң тазаланса,
менин күнөөм мыйзам
алдында өзүнөн-өзү
шыпырылып жок болот.
Же эмне далилиң барбы
колуңда?
- Далилдин баарын өзүң
сайрап бересиң
Карышкыр.
- Ошондой дечи.
Тайманбайм дечи. Азыр
көрөбүз. Сүйрөп кел
тигини.
Карышкыр жигитине
сыртты жаңсай сүйлөдү.
Нурик шып этип секирип
чыгып кетти. Көп өтпөй
көзү аңтарылып, эсине
келе албай жаткан
Канатты желкесинен
бурдай кармап дыркырата
сүйрөп келип, шефинин
алдына отургузду.
Карышкыр аны чачынан
аткый кармап чыкыйына
тапанча такады.
- Эми ушул жерден айтып
калбасаң, мобу
участковой үйүн, бала-
чакасын аман-эсен көрөт
деп ойлобой эле кой.
Бейкүнөө адамдын
өлүмүнөн коркпосоң
жооп бер, дудукту кайда
каттың?!
Кадыр Канатты аянычтуу
карап алып ойлоно
баштады. Кандай
тегеретсе да булардан соо
кутулбасын түшүндү.
Баланы айтуу, же айтпоо
окуяны эч кандай
өзгөртпөйт болчу. «Баары
бир тирүү күбө
калтырбайсың» деп
ойлоду ичинен. Эми эптеп
убакыттан утуунун гана
айласын ойлой баштады.
Эгер аялы өзү айткан
тапшырманы аткара алса,
анда милициялар бул
жерге тез эле кирип
келишет. Себеби бул
сарай шаарга анча деле
алыс эмес. Көп болсо
жарым сааттык жол. Дагы
жакшы, опер группа
калаанын так ушулар
жүргөн учунда жайгашып
калыптыр. Болбосо,
машинанын көптүгүнөн
улам наркы беттен берки
бетке аралап өтүш эле
бир канча убакытты алып
коймок. Демек, дагы он
мүнөттөй чыдай турса
келишээр.
- Айт деп атам, – деп
бакырды Карышкыр.
- Айтканда таба
аласыңбы? – деп
кебелбей сурады Кадыр.
- Сен айта бер. Табышты,
таппашты өзүм билем.
- А кокус кайра качырып
ийсеңчи. Анын эске
тутуусу укмуш күчтүү.
Сенин машинаңдын
номуруна чейин бир
көрүп жаттап калыптыр.
- Былжыраганыңды
токтот! Жинин кармай
албай көкүрөк тушка тээп
жиберди. Бирок анын
тепкени Кадырга көп деле
катуу тийген жок. Тиги
куркуйган жалаңкычтын
соккусуна караганда
мунуку эптеп эле бирдеме
экен. Ошентсе да буга ар
бир мүнөт керектүү болчу.
Калп эле нары кулап
түшкөн болуп, тоголонуп
жатып калды.
- Тургуз акмакты! Тиги
шыпылдак эки аттап
жетип келип эки
колтуктан көтөрүп
шефинин алдына
тизелетип отургузду.
Кадыр дагы эле тилин
тарткан жок.
Карышкырдын ого бетер
кыжырын кайнатып,
айтышып отура берүүнү
көздөп жатты ал.
- Кайрат Жумагулов. Сен
мени коркуткандан көрө
өзүңдүн келечегиңди
ойлон. Мисалы, сен
тууралуу маалымат кечээ
эле бүтүндөй органдарга
билдирилген. А машинаң
болсо эчак эле каттоого
алынды. Сен эми керек
болсо ушул райондун
жолунда да нары-бери
жүрө албайсың.
- Жап жаагыңды! Жап!
Ачуусуна чыдабай
жаактан нары тартып
жиберди. Кадыр
капталына ооп барып
кулап түштү. Бирок бул
жолу өзүнүн сөзү да
беркиге оңой тийбегенин
даана билди. Карышкыр
ызасына чыдабай ордунан
тура калып аркы-терки
баса баштады. Шефинин
ачууланганынан чочулап
калган Нурик акырын
нарылаганча жол бошото
берди да сырт жакка
далысын салып токтоду.
Кебетеси кудум ээсинен
буйрук күткөн иттен
бешбетер анын ар бир
кадамын жаза кетирбей
карап, жалдырап турат.
Кадырга бул көрүнүш
майдай жакты. Тигинин
айласы кетип, кыжына
баштаганын билип, ого
бетер чабуул койо бермей
болду.
- Сен андан көрө
келечегиңди ойло. Эгер
азыр өз ыктыярың менен
колго түшүп берсең сенин
күнөөң бир кыйла
жеңилдейт. А тиги
желдетиңдин кебетесин
карачы. Бөөдө жап-жаш
жигиттин убалына калып
жүрбө.
- А сен антип
боорукерленбей эле кой!
Кудум ыркыраган иттей
жулунуп келди
маңдайына. Мурундары
тийишчүдөй жакын келип
айтты бул сөзүн
Карышкыр. – Мага
жетишет сенин насаатың.
Азыр мен сени өз колум
менен жайлайм да, ушул
сарайды турушу менен
өрттөп жиберем.
Так ушул маалда тарс этип
тапанча атылды.
Карышкыр селт этип
чочуп тура калып артына
бурулду. Бирок караганга
да жетишкен жок. Кадыр
ордунан шап секирип
кокосуна жабышты да,
экөө тең тапырап
жыгылып жатып
калышты. Карышкыр
үстүндөгү муунтуп жүргөн
немеге тапанчасын оңдой
кармап атмак болду эле,
Кадыр бир колу ме
отура калып кош колдоп
өйдө көтөрүп маңдайынан
өптү.
Ошондо гана тиги бекем
жумуп алган көзүн ачып
Кадырды карады да,
кудум тили жаңы чыгып
келеткан немедей
булдуруктап
- Атаа! – деп мойнуна
асылды…
Насыпбек АСАНБАЕВ,
Эртеси баары ойдогудай
болду. Аялы эртең
мененки автобус менен
жетип келди. Аны Канат
тосуп алып түз эле
мектептин деректирине
кирип барышты. Деректир
ар кандай шылтоо айтып,
кыйыктанганына болбой
дудукту кабинетине
алдырып, үйүнөн атасын
чакыртышты. Кайран
Сатый баласын жибергиси
келбей канча
чырылдаганы менен
өкүмөттөн жазганат экен
баары бир. Айла жок,
макул болуп, баш ийип
берди. Ошондо гана
арына келдиби же, дагы
эле эл көзүнө кылдыбы
айтор, баарын үйүнө
ээрчитип барып
баласынын үстүндөгү
кийимин жаңыртымыш
болду. Кийин айылдын
этек жагынан буларга
Кадыр кошулду. Ошону
менен Канаттын кызыл
аудиси зуулдаган бойдон
борборду карай жөнөдү.
Байкуш, дудук үйүнөн
алыстаганга жүрөгү
дүкүлдөп, балбал жанган
көздөрү жылтырап
коркуп келатты. Анын бир
гана ишенгени канча
күндөн бери ашына болуп
калган Кадыр. Азыр да
ошонун колтугуна кынала
отуруп, корголоп алган.
Анын минткени Кадырдын
ого бетер жүрөгүн
жибитип, бечерага
пейили төгүлдү.
Баса дудуктун шаарга
сапар алышы тууралуу
кабар ушул турган айыл
элинен биринчи
Карышкырга жетти. Булар
кабинеттен чыгып
Канаттын машинасына
отуруп-отура электе эле
деректир баягы
текшерүүчү калтырган
номерге чалды.
Карышкыр мындай
маалыматты жөн
калтырабы? Бала менен
чыккандар тууралуу ийне
жибине чейин такып
сураган соң деректирге
ыраазычылык
билдиримиш болуп
телефонду койду да,
дароо жигиттерине
кыйкырды.
- Дудукту колдон чыгара
турган болдук акмактар! –
деп бир тийди тигил экөө
бөлмөгө кирээри менен. –
Мен силерди ичип-жесин
деп багып жүрөмбү, я?!
Кана колуңардан бир иш
келгени?!Кана? ! Ой ушу
силерге ишенген мен да
акмакмын эннеңди!..
Жаны күйгөнүнөн чыдай
албай ордунан туруп
терезени карай басып
кетти. Бутуна сыналгынын
пульту уруна калды эле,
жини менен анысын
бурчту карай ыргыта тээп
салды. Деги жинин
эмнеден чыгараарын
билбей жаман болду.
Терезеде жедеп кир
баскан парда илинип
турган. Көзүнө ал дагы
мокочо көрүнүп кетти
окшойт капталды карай
силке тартып таштады.
Ылдырап араң турган
немеге ушул эле
жетишпей жаткан экен.
Бир топ илгичтери
жулунуп, ого бетер
шалпыйып жатып калды.
- Бүгүндөн калсак анда
иштин бүткөнү, билип
койгула! – деп кайра
бурулду берки экөөнө.
Заар чачкан көздөрү
менен экөөнү матай
тиктеди бир саам. – Эгер
бүгүн да колуңардан
келбесе анда менден
жакшылык күтпөгүлө. Же
түрмөнүн түбүндө
чирийсиңер, же алдагы
калдайган башыңардан
ажырайсыңар. Башка жол
жок.
Экөө лам деп ооз ачпай
туруп беришти.
Башчысынын айтканы
менен болуп, көзүнүн агы
менен тең айланып көнүп
калган немелер үчүн
тигинин ар бир айтканы
айныгыс мыйзам болчу.
Тээ бала чагынан бери
ушул адамдын ачуусун да,
таттуусун да көрүп
чоңоюшкан. Мындан
башка ылымсанаар адамы
да, эш тутаар карааны да
жок. Ал тургай так ушул
жеп-жутуп жиберчүдөй
атырылып турган
мыкаачыдан башка
адамдын баары буларга
душман сезилчү. Бала
чагынан таштандыга
айланып, кароосуз калган
немелер кийин ушул
кишинин карамагына
өтүп, кулагы кесик кулдай
менчигине айланган.
Ошол бала кезинен берки
мээсине сиңип бүткөн бир
гана нерсе – бул алардын
өмүрү да, өлүмү да так
ушул кишинин колунда
деген түшүнүк. Мына
ушул түшүнүктүн айынан
кожоюну колу-буту шал
болуп, өлүм төшөгүндө
жатса да кол кайтарып,
каяша кыла алышмак
эмес. Азыр да ошондой
болду. Карышкыр
мурунку
карышкырлыгынан
калып, айласы кетип
алдастап турганына
карабай экөө анын
баардык жемесине чыдап,
шалбырап турушту. Шефи
болсо аларды канча
күндөн бери оозуна
келген сөз менен ашата
сөгүп, жер-жеберине
жетип келет. Баса,
Карышкырдын да ошо
күйгөнүнчө бар эле. Күнү
кечээ бул аймакта кадыр-
баркы артып, эми бир аз
убакыт болсо бүтүндөй
республикага сөзү өтөөр
күчкө жетем деп турганда
буга күтүлбөгөн бут тосуу
болду. Эч кимге белгисиз
бир суу куйдунун
итчилиги менен
мыйзамдын торуна
кабылып, капаска
чалынды. Ошону менен
жолго түшүп келеткан
иштери бир заматта
ойрондолуп, крим
дүйнөдөгү кадыры
төмөндөп кетти.
Мындайда кимдин-ким
экени бат эле билинет
эмеспи. Мурда колунан иш
келип турганда көзүн
карап, ылымсанап жүргөн
немелер тез эле боорун
качырып, керек болсо
душманга айланып чыга
келишти. Андан кийин
акырындап киреше таап
турган булактарын бүт
тартып алышты. Бара-
бара душмандыктары ого
бетер күч алып өзүнө кол
сала турган кейипке
өтүштү. Албетте, алар
үчүн буга окшогон көк
беттин тирүү
отурганынын өзү эле
коркунучтуу болчу.
Ушундай алсырап
турганда көзүн тазалап
салбаса, кийин баары бир
кедерин тийгизбей коймок
эмес. Бөрү карыса да бир
койлук алы бар деген кеп
тегин жерден айтылбаган
тура. Душмандар ушуга
көзү жетип муну жок
кылмак болушту. Иш
барган сайын ырбап
баратканын туюп бул да
бекер отуруп берген жок.
Бар айласын салып, колдо
бар быдырын колдонуп
жүрүп, акыры бир
шылтоосун тапты.
Дарыгерлерден «бир
жумага жетпеген өмүрү
калды» деген справка
алдырып азаттыкка
чыгып, чет өлкөгө чыга
качканга жетишти.
Өлбөгөн адам алтын
аяктан суу ичет деген чын
тура. Алды-артын карабай
араң кутулган неме чет
жерде жүрүп кайра эле
тирденди. Тез эле өзүнө
окшогондор менен
байланыш түзүп, мамиле
күткөнгө жетишти. Деги
баары ойдогудай
келеткан. Кечээ баягы
өзүн сызга отургузган суу
куйду Жекини таап, өч
алам дегенге чейин баары
эле сонун болчу. Ооба,
башынан өткөн
кырсыктын баарын
башкалардан издеп,
башкаларды күнөөлөп
атканда чыккынчылардын
ана башы өзүнүн досу, эң
ишенген адамы Жеки
экенин укканда жаны
болуп көрбөгөндөй
кейиди. Акыры ызасына
чыдабай жетип келип өч
алмакчы болду. Алдына
койгон пландары көзүнө
көрүнбөй, эси-дарты өч
алууга ооду. Качан өзүнө
ишенерлик абалга
келгенде гана кайрылып
келип, мурдагыдай эки
тизгин бир чылбырды
колума алам деген ойлору
бир заматта бырын-чырын
талкаланды. Кыскасы
ушунча байлыгынан,
бийлигинен ажыратып,
душмандарынын алдында
тизе бүгүүгө аргасыз
кылган немени өз колу
менен жайлап, биротоло
тындым кылмайын жай
алып отура албай калды.
Акыры жумуштарын
жыйыштырып коюп,
көксөөсүн суутмакка
аттанып чыкты. Албетте
Жеки шүмшүк дагы жөн
отурбай мунун бир топ
иштерине ээ чыгып,
өзүнчө байлык
жыйнаганга жетишкен
экен. Ал тургай бир далай
акча чогултуп чет
өлкөдөгү банктарга
чыгарып ийиптир. Мунун
баарын ушул жердеги
узун кулак
тааныштарынан укту.
Мурда-кийин мындай
ишти далай кылган эргул
Жекинин кайда басып,
кандай тураарын бир
заматта тактап туруп,
оңтою келген күнү
чычканды мышык
алгандай басып калды.
Жекиге бул жолу
тегеректеп жүргөн
жигиттери да жардам
бере алган жок. Ошону
менен кургурду жерден
алып көргө салды тим эле.
Өзү аймакчы,
чыккынчылык кылмак
тургай, атын укканда
чочуп тургуча кыйнамай
болду. Атаганат убактысы
гана тар болуп калды да.
Болбосо, жанагы
чогулткан байлыктарын
бир тыйынына чейин
алдырып туруп, андан
кийин аркы дүйнөгө
узатып коймок… Бирок,
мунун келишин байкаган
атаандаштары, өздөрүнчө
шекшинип, аңдый
башташты. Албетте ар
кандай кокустук болуп
кетиши да мүмкүн эле.
Ошого жараша алар
менен күч сынашууга да
али эрте. Натыйжада,
Жекинин көзүн тезирээк
тазалап моокумун
кандырып алып басып
кеткенден башка чарасы
калган жок. Акыры
ошондой да кылды.
Жакшы эле баары
ойдогудай ишке ашып
келаткан. Өлүктү ың-
жыңсыз жоготконго
ыңгайлуу жер да тез эле
табылды. Балким ошо
күнү «муну өз колум
менен жайлайм» дебей
эле жигиттерин жиберип,
өзү жылуу ордунда отура
бергенде бүт баары ошол
бойдон жымырайып
бүтүп калмак. Тигил
күтүүсүз күбө болуп
калган койчу балага өзү
эмес, мобу алдында турган
эки желдети кабылганда
деле алардын көзүн
тазалап туруп басып
кетмек. Бирок,
кычастыкты карачы… Эң
акыркы жүрүштө баары
ойрондолуп жатып
калды. Артын жакшы эле
таза кармап, абийирине
доо кетирбей жүрдү эле,
минтип кайрадан кара так
сүйкөлгөнү калды.
Болгондо да ушу жүзү
кара Жекинин айынан
экинчи жолу капканга
чабылып отурат. Эми эмне
кылыш керек?
Сыналгынын маңдайында
турган эски креслого
башын мыкчый отурду.
Катардагы эле бирөөнүн 2
бөлмөлүү батирин бир
айга алышкан болчу.
Мунусу да көңүлдү
айлантчудай чалдыбары
чыккан эски батир.
Шашылыш эле ала
калышкан. Мынчалык
көпкө калабыз деп ким
ойлоптур. Башында бир
жумага деп алышты эле
эми минтип, иштери
бүтпөгөн соң бир айга
жылдырышты. Деги үй эле
аты болбосо, кедейдин
кепесинен айрымасы жок.
Же бир кенедей эле
шарты болсо эмне
кургурдун. Тээ СССРден
калган оокаттар, эски
көрөн-шөрөндөр…
- Бүгүн бүтүрбөсөк
болбойт! – деп креслонун
кырын бир урду бир
маалда. – Мына мобу
үйдүн ыпыр-сыпыры
силерге жагып атса отура
бергиле. Бирок, мен
мындан нары чыдай
албайм!
Берки экөөнөн дагы эле
үн чыккан жок.
+++
Күн капталдай көтөрүлүп,
төбөгө жакындап калды.
Бүгүн жуманын иш күнү
болгондуктан бул
жолдордо азырынча көп
деле машина жок. Кокус
базар күнү, же базардан
бир күн мурда болгондо
ары-бери каттаган
машина бир топ көбөйүп
калмак. Чындыгында бул
жер алыскы район
болгону менен, дем алыш
күндөрү өтө турган мал
базары менен бүткүл
республикага барктуу
болчу. Мындан беш-алты
жыл мурда керек болсо
коңшу мамлекеттерден да
соодагерлер келчү дешет.
Бирок, алардын келиши
менен балаар кескин
өзгөрүлүп кетти.
Дыйкандар малын
каалагандай баага сата
баштагандан кийин,
ортодо абадан акча таап
жүргөн ортомчулар көп
кирешеден куру жалак
отуруп калышты.
Натыйжада алар чара
көрүшүп, чет элдиктерди
жолотпой коюуну
чечишти. Албетте,
мындайда жанагы крим
дүйнөнүн
куурагырларынын эле
күнү тууйт эмеспи.
Тигинисин кордоп,
мунусун колдомуш болот
дагы, акырындап-
акырындап бийликти
колго алышат. Андан
кийин кызыл кулактардын
кирешесинен үлүш алып
гана отура бер. Мына
ошол киреше көзүн
кызартып, кыргынга
түшүрүп атпайбы аларды
дагы. Бирок, алардын
андайы менен бу
жергиликтүү элдин иши
эмне? Сатчусу колундагы
малын жетелеп, алчусу
акчасын томпойтуп
чөнтөгүнө салып базарга
барат, көңүлдөрүнө төп
келген баага соодалашып
кайра жолуна
түшүшөт.Тиргилик деген
ошентип өтө берет тура
жай адамдыкы. Айрыкча
элет элине көп деле
шашылыш жок.
Натыйжада минтип
жолдор дагы бош. Ал
тургай ар кайсы жерден
жол тоскон МАИ
кызматкерлери да
көрүнбөйт.
Кыскасы, ушул зымыраган
жол менен Канат кызыл
аудисин чымылдата айдап
келатты. Жанында чогуу
келеткан жүргүнчүлөрү
эчак көшүлүп уйкуга
кеткен. Бир гана бечера
дудук көзүн ирмебейт.
Анан кантсин кургур?
Туулганы кой артынан
калбай, короодон чыкпай
чоңойгон немеге күздүн
суугунан бир да жашылы
калбай саргайган сары
талаа дагы кызык көрүнүп
келетпайбы. Жана бир
топко чоочуркап,
алаңдаганы менен бала
эмеспи, бат эле анысын да
унутуп, терезеге
жабышкан бойдон сыртты
карап келет. Канат «эми
бул буркурап ыйлап,
тежиктенип айлабызды
кетирбесе экен» деп
санааркап атты эле, эми
тигинтип алаксып
калганына санаасы
тынып, көңүлү көтөрүлүп
калды. Анын мындай тынч
келээрин билсе дагы бир
киши салып алышмак
экен. Эмне, жок дегенде
балдарына таттуу-паттуу
ала барганга жарамак да.
«Мейли эми, ушу тынч
баратканыбызга деле
шүгүр» деп топук кылды
кайра.
Ошентип зымырап отуруп
жолу эзиле бергенинен
улам асфальт токтобогон
белге да жете келишти.
Бул жер ушул жолдун
чечилгиз көйгөйү. Тээ кар
эрип, күн жылыгандан
баштап ушунтип эзилип
турганы турган. Же бул
жерге асфальт токтобойт,
же шагыл токтобойт. Деги
бир багы ачылбаган бел.
Көпчүлүк убакта
машиналар тыгылат, же
дөңгөлөктөрү бир балээге
учурайт. Мына азыр дагы
бир машина токтоп турган
экен. Болгондо да
зыңкыйган кара джип
токтоптур бул жолу. «Бу
шаардан келген немелер
деги жолду карап
айдаганды да билишпейт»
деп өзүнчө кыйынсынып
койду Канат. «Зыңгыраган
түп-түз жолдорго эле
көнүп алышкан окшойт.
Ал тургай дөңгөлөк
алмаштырганды билбеген
кемпайлары да бар. Ана,
айтпадым беле. Сомодой
болгон эки жигит жүрүп
жол тосуп жардам сурап
атышканын карап кой.»
Чын эле булар жакындай
бергенде эле бирөөсү
бурап аткан домкратын
таштай коюп, ордунан
туруп кол булгап калды.
Беркиси болсо узун боюн
жашыргансып чөк түшө
калып, жанында турган
бош дөңгөлөктү кармалай
кетти. Өзү деле руль
кармап, жолдо жүргөн
неме болгон соң
тигилердин көңүлүн
калтыргысы келбей
машинасынын күүсүн
азайтып, акырындап
токтой баштады. Кадыр
менен аялы уйкусунан
ойгонгон деле жок. Канат
бир саам экөөнү карады
да, ойготпой эле түшүп
кетмек болду. Бирок,
күтүүсүздүк так ушул
жерден башталды.
Жанатан беймарал сыртты
карап келеткан бала
Канат бурула бергенде
шарт секирип чыгып
артты көздөй жөнөп
калды. Канат анын бул
күтүүсүз кыймылынан
улам эч нерсе дегенге
үлгүрбөй атып чыгып
артынан чуркады. Ошондо
гана Кадыр удаама-удаа
жабылган эшиктин
үнүнөн ойгонуп, эки
жагын каранып алды.
Алдында аялы да кудум
өзүндөй болуп элеңдеп
отурат.
- Кайда чыгып кетишти? –
деп таңыркай сурады
Кадыр.
- Билбейм, туалетке
чыгышты го – деп
болжолдоду аялы.
- Аа, анда келишээр…
Ушуну менен Кадыр
унчуккан жок. Оң
капталына кыйшайып
уктаганга мойну ооруп
калган экен, акырын
мойнун бурап кычыратып,
колун чоюп керилди. Бир
маалда көзү алдындагы
машинага урунду.
- B7768C – деп шыбырай
окуду номурун. Анан
джиптин жанында булар
келген тарапты карап
турган жигитти карады.
Тим эле күрсүйгөн неме
экен анысы. Бут алдында
машинанын кошумча
дөңгөлөгү жатат.
«Дөңгөлөк алмаштырып
атышкан го бечералар»
деп ойлоду ичинен.
Аңгыча джиптин нары
жагынан куркуйган бирөө
чыгып багажникти ачты
да ичине эңкейип бир
нерсени бери аңтара
салды. Анысы шалбырай
илинип машинанын
номурунун үстүңкү
жарымына чейин жаап
калды. Ушунун баарын
Кадыр жөн гана карап
отурду. Оюнда болсо
дудуктун алдыдагы
тагдыры, «андагы
маалыматтарды кантип
алыш керек?» деген
суроолор удургуп жатты.
Ой деген күлүк болот
тура. Бир маалда дудуктун
талаадагы жазган номери
көз алдына тартылды.
Такырайган топуракка
жазылган «D1100C» деген
жазуу. Бир саам анын
кандай жазылганын
элестетип отуруп эле көзү
чакчая түштү. Көрсө так
ошол жазуу маңдайында
турган экен. Тең
ортосунан өйдө жагы
чүпөрөк менен жабылган
номер так эле бала
чиймелеген жазууга
окшошуп туруптур.
Тигине үстүңкү бөлүгү
жабылган В тамгасы «D»
болуп калыптыр. Жантая
сызылган кош сызык
болсо 77 деген номердин
ылдый жагы. (Аны 11 деп
окубады беле) Ал эми 68
деген жазуунун астыңкы
эки тогологун Кадыр 00
деп окуган болчу. Демек
дал өзү. Жүрөгү «шуу»
дей түштү. Бирок, өзүн
жоготкон жок. Кебелбей
отурган калыбында
тизесине арта салынып
турган күрмөсүнөн
тапанчасын сууруп чыгып,
даярдай кармады.
- Айнек мени жакшылап
ук! Азыр мен эшикти
ачаарым менен руль
жакка өт дагы, машинаны
от алдыр! – деп шыбырай
сүйлөдү ал. Өзү болсо
сүйлөп жатып айдоочу
жактагы күзгүнү карады.
Тигине Канат артта
чырылдап жулунганына
койбой дудукту кармап
келетат. Кайран дудук
машинаны тааныыры
менен качып жөнөгөн
тура. Эми көзү багажникти
чукулап аткан жигитке
илинди. Ал жанатан бери
эч нерсе кылбай эле нары
карап тоңкоюп турат.
Демек колуна куралын
даярдап мерчемдүү
убакытты күтүп атса
керек.
- Эмне дейсиң? Эмне болуп
кетти? – деп алаңдай
сурады аялы.
- Сурооңду токтот! Мен
эшикти ачаарым менен
рулга отур! Машинаны от
алдырып айдап
жөнөйсүң. Билесиң да
айдаганды. Көзүн
алдыдагы эки жигиттен
албай сүйлөп жатты.
Бирок, кебин аягына
чыгара алган жок.
Багажникте турган жигит
колуна кичинекей автомат
оролгон чүпүрөктү
кармаган бойдон бурулуп
келатканын көрүп калды.
Дароо машинадан ыргып
чыгып тапанчасын ошону
карай сунуп удаама-удаа
аткылады. Анткени менен
тиги дагы оңой эмес экен.
Көзгө илээшпеген тездик
менен капталга бир
тоголонду да тизелеп
отура калып буларды
карай ок жаадырды.
Кадыр бир эки ирет
тарсылдата атып алып
машинага далдаланды.
Автоматтын огу аудинин
капталын, айнектерин бир
заматта бырын-чырын
кылып тытып жиберди.
Мынчалык өзгөрүүнү
күтпөсө керек, аялы рулга
өтмөк тургай чырылдаган
бойдон бут койгон жакка
кирип кетти. Канат болсо
эптеп илешип келип
машинанын артына
далдаланды. Ал дудукту
тыбыраганына карабай
бооруна бекем басып
алыптыр. Иштин оңунан
чыкпай баратканына
көрүп Кадырдын көзү
чакмактай түштү. Эптеп
бир деме кылбаса
болчудай эмес.
Автоматтын огу жаап
атканына карабай
машинанын арт жагынан
чыга калып өлөрмандана
аткылай баштады. Бул
жолу тигилер джиптин
артына кире качканга
мажбур болушту. Кыязы
мынчалык каршылык
болоорун күтүшкөн эмес
окшойт. Кудай жалгап
Канат ушул учурду
пайдаланганга үлгүрдү.
Ал арткы эшиктен дудукту
машинанын ичине
ыргытып ийип, өзү рулга
отура калды. Кудай
жалгап ачкычы да
тешигинде сайылган
бойдон калган экен.
Бураары менен ауди дүр
этип от алды. Ылдамдыкка
салып ордунан козголо
бергенче Кадыр болгон
огун атып бүтүп, дароо
ордуна жайланышты.
Ошону менен Канат
ордунан атырылткан
бойдон Джипти айланып
өтүп, сызып жөнөдү.
Жанатан Джиптин наркы
жагына далдаланып
отуруп алып, жигиттерин
башкарып отурган
Карышкыр ордунан
ыргып туруп, тапанчасы
менен аткылаганча чуркап
чыкты. Анан аудинин
артынан татырата атып
аткан жигиттерин карап,
- Машинага отургула
акмактар! – деп бакырды.
Өзү да арткы эшикти ачып
машинага кирди. Бир
заматта үчөө ордуларына
отуруп тигилерди кууп
калышты. Чынында
жанатан машинанын деле
дөңгөлөгүн чечишкен
эмес. Жөн гана кошумча
дөңгөлөктү алып чыгып,
домкрат менен машинаны
көтөртүп коюшкан. Анын
баары ошол ордунда
калды. Карышкыр эми
таптакыр жиндеп, оозуна
келген сөз менен сөгүнүп
баратты. Бир маалда
чыдабай кетип Нуриктин
автоматын ала калды да,
арткы терезеден колун
чыгарып алдыдагыларды
огу түгөнгүчө татырата
аткылады. Качан огу
түгөнгөндө автоматты
Боханын алдына
ыргытып,
- Окто батыраак! – деп
чаңырды.
Байкуштун ойлогон ою
бул жолу да текке кетти.
Деги баары эле бул
ойлогондон чыгып
келеткан. Жанагы дудук
чыга качпаганда балким
мунун эч бири болмок
эмес. Өзү чыгып берген
немелердин чыкыйына
тапанча такап кармамак
дагы, баарын шашпай
мойнун бурап өлтүрүп
туруп, жардын кырынан
ылдый машинасы менен
кулатып иймек. Бирок,
жанагы дудук дагы
сааттай болуп качып
бербедиби. Ушу өмүрү
кой артынан калбай
жүргөн неме машинасын
таанып калат деп ким
ойлоптур. Тааныса мени
тааныйт деп жашынып
отурганы да ошол болчу.
Анан шайтандай болуп
анысы качып, беркиси
кууп берген соң
жигиттерин дагы токтотту.
«Эми алар менен куушуп
жүрө бербей отура
туралы. Артындагысы
кармап келсин, анан
улантабыз» деп ойлогон.
Болбосо тиги дудук
баягыдай талаа аралап
качып берсе, бул
тоолордон аны кантип
кармайт эле. Анан калса
тиги кырларды аша
калсаң малчынын
сарайлары толуп атат.
Бирде болбосо бирине
жолугаар бул
чымылдаган неме.
Ошентти да, артынан
кеткен куугундун кармап
келишин күттү. А тили
жок неме ага баары бир
эч нерсе айта алмак эмес.
Машинанын далдоосуна
дүңкүйүп отуруп алып
гана жигиттерин
башкарып отура берди.
Кудайдан болуп берки
машинадагысы да
ордунан жылбай үргүлөп
отурган. Кылгылыктын
баарын кылса тетиги
дудук же, дудук көтөргөн
неме кылат деп ошондон
көзүн албай, ошолорду
саксына карап отурду эле,
балээнин баары тескери
жактан келбедиби. Мына
эми минтип алдыдагы
тамтыгы чыккан
машинаны артынан
калбай демите кууп
келетат.
Кайра эле баягы кууган
менен качкандын
көрүнүшү. Алдыда өйдө-
ылдыйга анча шайы келе
бербеген ауди менен аңды
дөңдү карабай адыраңдап
келеткан жол тандабас.
Тоо арасындагы ээн
жолдо буларга жардам
кылаар дагы, арттагы
кууганга тоскоол болоор
дагы эч нерсе көрүнбөйт.
Кадыр жардам сурап
бөлүмгө чала калайын
деди эле кашайгансып
телефон да тартпайт экен.
Таптакыр айла кетти.
Арттагы күрүлдөгөн неме
уламдан улам жакындап
келет. Азыр дагы бир аз
жүрсө жол бир капталы
тип-тик жарга жетип
барат. Балким арттагылар
да атайылап ошол жакка
сүрүп бараткандыр. Ошол
жардан ылдый аңтарып
ийсе булардын өлбөгөндө
эмнеси калат эле. Эми
кандай кылса экен?…
Аңгыча көзүнө оң жакты
көздөй кеткен топурак
жол илинди.
- Оңго сал! – деп
кыйкырып жиберди
Кадыр. Канат шашмалаган
бойдон жолдун чаңын
сапырып оңго бурулду.
Дагы аз жерден Кудай
сактады. Жол жээктей
орнотулган цемент
түркүктү сол капталы
менен бир уруп алып
оңолуп кетишти. Ошол
болбогондо ала салып
жатып калышмак. Куйрук
улаш келеткан джип
мынчалык тездик менен
бурулаарын күтпөсө
керек. Кайкылдатып
тормузун тээп отуруп араң
токтоду да, дүңкүлдөгөн
бойдон жолдон чыгып
булардын артынан түштү.
Үстүндөгү бош топосу
желп эткен желге
сапырылып, чаңы
буртулдап учуп турган
жол үстүндө эки машина
куушуп жөнөдү. Бул жол
шагылы жок болгону
менен ар кай жери
адырая казылып, жаан
токтогон жерлери оюлуп
кеткен шагыл жолго
караганда алда канча түз
экен. Кадыр ушундан
пайдаланып артты карап
отура калды да арттагы
куугунду болжолдоп
аткылай баштады. Ансыз
да алдыдагы машинанын
сапырылта көтөргөн
чаңына кабылып, айласы
кетип келеткан немелер
эми бет маңдай атылган
окторго туруштук бере
албай кетенчиктей
калышты. Таамай атылган
тапанчанын огу алдыңкы
терезени тешип-тешип
ийди эле күтүрөгөн чаң
бир заматта
жыртыктардан кирип
баарын жүдөттү.
- Буйтап айда! Артынан
калбай буйтап айда! – деп
бакырды Карышкыр
жаалданып.
Кубалашмай узаган сайын
Канаттын үмүтү үзүлүп
баратты. Себеби алдыдагы
эски кашардан нары жол
көрүнбөй койду. Кашайып
бул топурак жол так ушул
сарайга гана катташ үчүн
салынган окшойт. Андан
нары боз чалган эле адыр
экен. Мунун машинасы ал
адыр менен узак кете
албас. Артта болсо
тигилер калбай келетат.
Мунун санаасын арттагы
Кадыр деле туюп турган
экен. Ал машинанын улам
бир капталына өтүп аркы
адырлардан өтмөк издеп
жатты. Акыры эч ылаажы
таппады окшойт алдын
караган бойдон ой басып
отуруп калды. Бир маалда
кепке келип бүрүшүп,
тыгылып жаткан аялын
тарткылап кирди.
- Айнек тур! Чык алдыгы
жерден. Бол! Чык эми
батырак! Бол эми!
Бышактай бербей менин
сөзүмдү укчу. Азыр биз
тиги сарайдын артына
барып токтойбуз дагы,
арттагы куугунду тосуп
чыгабыз. Башка чарабыз
жок. Түшүнүп атасыңбы?
Жол түгөндү. А сен ошол
убакта телефондорду
алып сарайдын
артындагы тоонун башын
көздөй чурка. Колуңан
келишинче бийик чык.
Телефон тартып калаар.
Антенна чыккан эле
жерден бул жакка
жардам чакыр. Макулбу?!
-Жок! Мен барбайм!
Баралбайм, – деп
буркурап жиберди аялы.
Ал тоону бир карап,
арттагы куугунду бир
карап алаңдай берди.
- Барасың Айнек, барасың!
Биздин тагдырыбыз сенин
колуңда, билип атасыңбы!
Башка кылаар айлабыз
жок! – деп бекем-бекем
сүйлөдү Кадыр. Анан
Канатка кайрылып,
- Тээтиги кашардын арты
менен кирип сол жак
башына токтот, – деди.
Өзү болсо аялын бери
каратып колуна эки
телефонду карматты. Бир
колу менен көзүнүн
жашын сүртүп, саксайып
кеткен чачтарын артына
карай сылады да,
- Биздин акыркы үмүтүбүз
сенде. Колуңдан
келишинче тез чурка, –
деп жалооруй сүйлөдү.
Айнек эч нерсе айта албай
буркураган бойдон
жолдошунун мойнуна
жабышты. Байкуш дудук
болсо эч нерсени
укпайын, эч нерсени
көрбөйүн дегенсип башын
катып, арткы орундуктун
алдында тыгылып жатат.
- Даярдангыла, азыр
токтойбуз, – деди Канат.
Кадыр Айнектин
кучагынан чыга калып,
баланы тыгылып жаткан
жеринен сууруп алды.
Байкушту аялындай
кылып качырып ийейин
дейт, бирок бул аны
түшүнгүдөй эмес. Мобу
тырышып жаткан
жеринен араң сууруп
чыкты. Кантсе да бала
эмеспи, ушунун баарын
көзү көрбөй калса эле
кутулчудай болуп, бекем
тыгылып алыптыр. Аны
ошо бойдон бооруна
басып, бир колу менен
тапанчасын оңтойлой
кармады. Ошол кезде
Канат дагы узун сарайды
айланып келип эбак
бузулуп, дубалы аңырая
ачылып калган тушка
келип токтоду. Үчөө үч
жагынан шуулдап
чыгышты. Аялы түз эле
тоону беттей чуркады.
Берки экөө болсо алдыда
боло турган кармашка
даярданыш үчүн
ыңгайлуу орун издеп
жөнөштү. Кадыр бооруна
бекем кыса чыккан
баланы кайда
жашыраарын билбей
сарайдын ичин карап
жатып көзү бир капталда
үйүлүп турган эски көңгө
илинди. Урандылардан
аттап кирип ошонун бир
бурчуна отургузду да
жанында от тамзыгыга
деп үйүлүп жаткан
куурайдан үстүнө толтура
ыргытып таштады. Ушул
убакта Канат тарсылдатып
ок чыгарды. Артынан эле
жооп кылып тигилер да
тытыратып калды. Кадыр
кайда бекинип, кайдан ок
чыгараарын билбей
алдастай түштү бир саам.
Анан маңдайдагы
терезеден башын
чыгарып сыртты карады.
Тигилер кашардын
маңдайына эмес, артына
токтогон экен. Шып этип
секирип терезенин кырын
басып, андан ары
кашардын үстүнө чыгып
кетти. Канат тигилердин
узакка созулган огунан
кийин анда-санда жооп
кылып турду. Кашардын
үстүнө дүкүйө өскөн чөп
ошо бойдон куурап
калыптыр. Кадыр ошону
аралап акырын сойлоп
жөнөдү. Тигине джиптин
төбөсү да көрүндү. Дагы
жылып келип жакшылап
караса далдоосунда
бирөө жүргөнсүйт. Эптеп
эле ачыкка чыкса ыргыта
атса болчудай.
Карышкырдын өзү экен
жашынган. Шып этип чыга
калды да татыратып
жиберип кайра жашынып
калды. Кадыр бул жолу
атканга үлгүрбөй калды.
Чочутуп албай даана
атайын деп кийинки
чыгышын чыдап күтө
баштады. Бирок тиги
көпкө чыкпай койду.
Кадыр бүткүл дитин коюп
ошону күтүп тура берди.
Убакыт да өтө аз. Эптеп
муну жайлай калып
Канатка жардам бербесе
болбойт. Берки экөө аны
жалгыздап кетиши
мүмкүн. Демин ичине
каткан бойдон күтүп
турду. Дал ушул убакта
күп этип үстүнөн бирөө
басып калды. Экөөнүн
салмагына эски жабуу
чыдайбы. Астындагы
жыгачтар кычырай түшүп
экөө тең ичине кирип
кетишти. Көрсө жанагы
күржүйгөн неме басып
калган экен. Топо чаң
болуп эле кулап түшүштү.
Кадыр тигиге караганда
алда-канча ыкчамдык
кылып тура калды да,
берки өйдө болоору
менен бет талаштыра чаап
калды. Тиги болсо анын
чапканын сезип да койгон
жок. Тек гана жаагын
колунун сырты менен
аарчып акырайа карады.
Кадыр таң кала карап
алып кайра шилтеп-
шилтеп жиберди. Бирок,
тиги дале кенеген жок.
Кебелбей турду да бир
кезде Кадырдын чаап
келеткан колун шап эте
кармап калып экинчи колу
менен көмөлөтө койду.
Ошону менен эсине
келтирбей эки-үч жолу
көмөлөтө-көмөлөтө тепти.
Андан кийин эми тура
албайт дедиби, көзүнө
кирип кеткен чаңды
ушалап туруп калды.
Кадырга ушул эле керек
болчу. Наркы капталында
дат баскан темир
казыктын учу чыгып
турган экен, ошону
кармаганча ордунан
турду. Берки күржүк аны
мылжыя карап бир нерсе
айтмак болду эле, ооз
ачканга да үлгүрткөн жок.
Бир секирип капталына
өтүп келип казыктын
иймек башы менен башка
басып калды. Тептегиз
кыркылган чачтан бир
заматта дыркыраган кан
сызылып чыгып бетин
жая берди. Көзү
аңтарылып бир саам нес
болуп турган соң акырын
чалкалап барып күп этип
жыгылды. Ушундан кийин
айлана тынчып калганын
байкады. Сыртта да
негедир атышуулар
токтоп калыптыр. Кадыр
топурактын арасынан
тапанчасын таап, ичин
ачып огун карады. Экөө
эле калыптыр. Туш келди
аткылай бергенге болбос.
Бутунун учу менен басып
Канат турган жакты
көздөй жакындады.
Андан такыр эле дайын
жок. «Өлүп калды го
байкуш» деп ойлоду
ичинен. Көз алдына анын
томурайган эки баласы
менен ыйманы ысык
колуктусу тартылды.
Алардын жетим, жесир
калганын ойлоп заманасы
куурулуп кетти. Негедир
ошонун баарына өзүн
күнөөлөдү. Бир саам
начальнигинин тоң
моюндугун эстеп ого
бетер итататайы тутулду.
«Ошол акмак баарын
кылган» деп күбүрөндү
ичинен. Ичинен ушуларды
ойлогончо акырын
жылып жанагы сарайдын
урап калган башына
жакындады. Мына эми
тешикке жетип сыртты
карай бергенде оң жак
чыкыйына шак этип бир
нерсе тийип буйдамга
келбей кулап түштү. Эмне
болуп кеткенин түшүнбөй
калды. Бирөө башка
урганына көзү жетип,
тезирээк туруш керек
экенин билип турса да,
кудум көкүрөгүнөн
бастырып койгонсуп,
козголо албай жатты.
Эптеп бир капталына
оодарылып барып
турмакчы болду эле кайра
кулап түштү. Бул жолу
бети менен жер сүзүп
жыгылды. Кайра
чымырканып тырышып
атып колуна таянып туруп
оозундагы кыктарды
түкүрдү. Ушул убакта
жанына кимдир бирөө
жакындап келди. Кадырга
анын эки буту эле
көрүндү. Башын көтөрүп
карайын деди эле шак
эткизе курсакка тээп
жиберди. Байкуш
эбелектей учуп эки
аласалып барып жатып
калды. Тим эле өпкөсүн
үзө тепти окшойт. Ичи
эңшерилип, дем ала албай
бир саам жатты. Бир
маалда көзүнүн
караңгылашканы
тарагандай болду.
Айланасы тунук көрүнүп,
кайда жатканын
боолголоп алды. Эми
жанагы буттун ээси келип
бет алдына отурду. Көрсө
жанагы багажникке
эңкейип турган куркуйган
неме экен.
- Сен деги өзүңдү
коргогонду билесиңби? –
деп кекээрлей сурады ал.
- Эки мүнөт убакыт бер.
Коргонгонду сага үйрөтөм,
– деп ызырынды Кадыр.
Мунун жообуна ыраазы
болду окшойт,
мыйыгынан жылмайып
алып ордунан туруп, нары
басып кетти. Шашпай
спорттук костюмун чечип,
бир жерге кынаптап илди.
- Сен досуңа караганда
чыйрак экенсиң бирок, –
деди бери бурулуп. – Бир
тепкенден чыкпай калды
го аның.
Кадыр дале унчуккан
жок. Канат дегенди
укканда анын балдары
кайра көз алдына
тартылды. Жүрөк тушу туз
куйгандай зырпылдай
түштү. Ошондон
чыйралып кеттиби, колу-
буту калтыраганына
карабай өйдө турду.
Тайгандай болгон неме
мунун оңолгонуна
сүйүнгөнсүп маңдайына
туруп мылжыңдай күлдү.
- Шеф өлтүрбөй карма
дебегенде сени жана эле
жайлап койот элем, – деп
ырсактады. Анан шып эте
оң бутун көтөрүп келип,
кайра сол бут менен
башка тээп калды. Кадыр
чала-була тосконго
үлгүрдү. Бирок, баары бир
соккуга туруштук бере
албай кулап түштү. Бул
жолу тигинин көз
көрүнөө тээп алганына
ызаланып кетти. Ордунан
тура калып болгон билген
кыймылдары менен
чабуулга өттү. Анткени
менен мышыктай немеге
бир да соккусун жеткире
алган жок. Шапылдатып
тосчусун тосуп,
буйтачусунан буйтап
келди да, оңтоюн
келтирип туруп кайра
өзүн тарс эткизе төшкө
тепти. Кадыр ыргыган
каптай күү менен барып
дубалга урунду эле
артындагы араң турган
кирпичтер жер жайнап
кулап жатып калды.
Кадыр ошондон нары
жөрмөлөгөн бойдон
сыртка чыкты. Артынан
берки да чыкты
шылдыңдай жылмайып.
Чыгып эле шефин
карадыбы, же жөн эле
эки жагын карагысы
келдиби оң жагына
бурула бергенде Кадыр
эки буттап секирип келип
кайра сарайга киргизе
тепти. Мынчалык сокку
жейм деп ойлобосо керек,
беркинин эми жүзүндөгү
жылмаюу да жоголду.
Ошону менен экөө колу-
буту тең иштеп
кышылдап, күшүлдөп
мушташып киришти. Экөө
тең арына келдиби, же
маңдайындагы оңой жоо
эмес экенин сездиби,
айтор биринен-бири
калбай мушташып
жатышты. Бирде тигиниси
кулап, бирде мунусу жыга
чаап бир топко
алышышты. Акыры баары
бир шамдагай неме
машыккандык кылып,
үстөмдүк кылып кетти.
Жанагындай катуу
соккулар менен талуу
жерлерге удаа-удаа урду
эле Кадыр ордунан тура
албай кышылдап жатып
берди. Берки ызасына
чыдабай кетти окшойт
жерде жаткан немени
мойнунан орой кармап так
көтөрүп муунта баштады.
- Койо тур шашылбай, –
деген үн чыкты ушул
убакта.
Муунтуп атканы башын
көтөрүп караса шефи
келип калыптыр. Дароо
колун бошотуп, беркини
таштап жиберди.
Карышкыр жаңы эле урап
түшкөн жерден талтаңдай
басып кирип келди да,
жерде жаткан неменин
чачынан тутамдай кармап
өйдө көтөрүп, тизелете
отургузду.
- Дудукту кайда каттың? –
деп тиштене сурады ал. –
Жанатан бери карабаган
жерим калган жок. Кайда
жоготтуң аны?
- Карышкыр… Сен… Сен
мыйзамга каршы чыгып
атасың билип атасыңбы? –
деп кайра кекете сурады
Кадыр тайманбай.
- Эх, өларман десе! Билип
койгунуң, дудугуң
экөөңдүн көзүң тазаланса,
менин күнөөм мыйзам
алдында өзүнөн-өзү
шыпырылып жок болот.
Же эмне далилиң барбы
колуңда?
- Далилдин баарын өзүң
сайрап бересиң
Карышкыр.
- Ошондой дечи.
Тайманбайм дечи. Азыр
көрөбүз. Сүйрөп кел
тигини.
Карышкыр жигитине
сыртты жаңсай сүйлөдү.
Нурик шып этип секирип
чыгып кетти. Көп өтпөй
көзү аңтарылып, эсине
келе албай жаткан
Канатты желкесинен
бурдай кармап дыркырата
сүйрөп келип, шефинин
алдына отургузду.
Карышкыр аны чачынан
аткый кармап чыкыйына
тапанча такады.
- Эми ушул жерден айтып
калбасаң, мобу
участковой үйүн, бала-
чакасын аман-эсен көрөт
деп ойлобой эле кой.
Бейкүнөө адамдын
өлүмүнөн коркпосоң
жооп бер, дудукту кайда
каттың?!
Кадыр Канатты аянычтуу
карап алып ойлоно
баштады. Кандай
тегеретсе да булардан соо
кутулбасын түшүндү.
Баланы айтуу, же айтпоо
окуяны эч кандай
өзгөртпөйт болчу. «Баары
бир тирүү күбө
калтырбайсың» деп
ойлоду ичинен. Эми эптеп
убакыттан утуунун гана
айласын ойлой баштады.
Эгер аялы өзү айткан
тапшырманы аткара алса,
анда милициялар бул
жерге тез эле кирип
келишет. Себеби бул
сарай шаарга анча деле
алыс эмес. Көп болсо
жарым сааттык жол. Дагы
жакшы, опер группа
калаанын так ушулар
жүргөн учунда жайгашып
калыптыр. Болбосо,
машинанын көптүгүнөн
улам наркы беттен берки
бетке аралап өтүш эле
бир канча убакытты алып
коймок. Демек, дагы он
мүнөттөй чыдай турса
келишээр.
- Айт деп атам, – деп
бакырды Карышкыр.
- Айтканда таба
аласыңбы? – деп
кебелбей сурады Кадыр.
- Сен айта бер. Табышты,
таппашты өзүм билем.
- А кокус кайра качырып
ийсеңчи. Анын эске
тутуусу укмуш күчтүү.
Сенин машинаңдын
номуруна чейин бир
көрүп жаттап калыптыр.
- Былжыраганыңды
токтот! Жинин кармай
албай көкүрөк тушка тээп
жиберди. Бирок анын
тепкени Кадырга көп деле
катуу тийген жок. Тиги
куркуйган жалаңкычтын
соккусуна караганда
мунуку эптеп эле бирдеме
экен. Ошентсе да буга ар
бир мүнөт керектүү болчу.
Калп эле нары кулап
түшкөн болуп, тоголонуп
жатып калды.
- Тургуз акмакты! Тиги
шыпылдак эки аттап
жетип келип эки
колтуктан көтөрүп
шефинин алдына
тизелетип отургузду.
Кадыр дагы эле тилин
тарткан жок.
Карышкырдын ого бетер
кыжырын кайнатып,
айтышып отура берүүнү
көздөп жатты ал.
- Кайрат Жумагулов. Сен
мени коркуткандан көрө
өзүңдүн келечегиңди
ойлон. Мисалы, сен
тууралуу маалымат кечээ
эле бүтүндөй органдарга
билдирилген. А машинаң
болсо эчак эле каттоого
алынды. Сен эми керек
болсо ушул райондун
жолунда да нары-бери
жүрө албайсың.
- Жап жаагыңды! Жап!
Ачуусуна чыдабай
жаактан нары тартып
жиберди. Кадыр
капталына ооп барып
кулап түштү. Бирок бул
жолу өзүнүн сөзү да
беркиге оңой тийбегенин
даана билди. Карышкыр
ызасына чыдабай ордунан
тура калып аркы-терки
баса баштады. Шефинин
ачууланганынан чочулап
калган Нурик акырын
нарылаганча жол бошото
берди да сырт жакка
далысын салып токтоду.
Кебетеси кудум ээсинен
буйрук күткөн иттен
бешбетер анын ар бир
кадамын жаза кетирбей
карап, жалдырап турат.
Кадырга бул көрүнүш
майдай жакты. Тигинин
айласы кетип, кыжына
баштаганын билип, ого
бетер чабуул койо бермей
болду.
- Сен андан көрө
келечегиңди ойло. Эгер
азыр өз ыктыярың менен
колго түшүп берсең сенин
күнөөң бир кыйла
жеңилдейт. А тиги
желдетиңдин кебетесин
карачы. Бөөдө жап-жаш
жигиттин убалына калып
жүрбө.
- А сен антип
боорукерленбей эле кой!
Кудум ыркыраган иттей
жулунуп келди
маңдайына. Мурундары
тийишчүдөй жакын келип
айтты бул сөзүн
Карышкыр. – Мага
жетишет сенин насаатың.
Азыр мен сени өз колум
менен жайлайм да, ушул
сарайды турушу менен
өрттөп жиберем.
Так ушул маалда тарс этип
тапанча атылды.
Карышкыр селт этип
чочуп тура калып артына
бурулду. Бирок караганга
да жетишкен жок. Кадыр
ордунан шап секирип
кокосуна жабышты да,
экөө тең тапырап
жыгылып жатып
калышты. Карышкыр
үстүндөгү муунтуп жүргөн
немеге тапанчасын оңдой
кармап атмак болду эле,
Кадыр бир колу ме
отура калып кош колдоп
өйдө көтөрүп маңдайынан
өптү.
Ошондо гана тиги бекем
жумуп алган көзүн ачып
Кадырды карады да,
кудум тили жаңы чыгып
келеткан немедей
булдуруктап
- Атаа! – деп мойнуна
асылды…
Насыпбек АСАНБАЕВ,
#60 01 Ноябрь 2015 - 08:35
Эээх бир дем менен окуп чыктым жакшылап тушунуп окуган адамга тушунуктуу еле болуп жазылыптыр.
Соонун