Эмне учун биздин мамлекетте улуттук валюта болгон "сом" коргоого жана колдоого алынбайт? Банктардын оз билдимдигин эмнеге козомолдонбойт?
Мисалы ипотекалык кредит максимум 7 жыл жана проценти адам которо алгыс ото жогору? анан да Эмне учун ипотека жалан долларда берилип калган? Эмне доллар биздин улуттук валютабызбы?
мен каршы эмесмин каалагандар ала берсин. Мени кейиткени эмнеге жалгыз долларда гана берилет, а сомчу? Сом валюта эмеспи? Бир миллионго чейин гана СОМдо берилип, андан ашыгы только доллар дешет бут банктар! Анан да проценти эн аз дегени 25% жылына, жана да алдын ала насыянын 40% дароо толошун керек экен.
Бул деген банк системинин ээн баштыгы, элди талап тоноосу болуп саналат. Кыргыз республикасында иштеп жаткан банк болгондон кийин кандай гана кредиттер болбосун Сомдо берилиш керек, жана СОМ басмырланбаш керек. Ушул нерсеге конул буруп, чара корсонуздор дейм. Себеби ар бир жаш уй-було уйлуу болгусу келет, даяр иши бар туруп ипотекага уй ала алышпай келишет, себеби жогоруда айтып кеткенимдей банктардын оз билгендик мамилеси жонокой элге жардам эмей эле туйшук гана алып келет. ошон учун эч ким банк менен мамиле кыгысы келбейт. Ошон учун долларга спрос осуп, СОМубуз тушуп, доллар кымбаттап келет. Суроомо жоопту официалдык турдо суперге макала катары жарыяланышын каалайт элем, себеби бул копчулуктун отун ойгон оор маселе жана мамлекетибиздин,
экономикабыздын келечеги элдин айлык акысы баары СОМдон коз каранды. Жоопту тиешелуу Министрликтен же комитеттен жана да Банктардын окулдорунон да кутуп калам. СОМго иптека бербегендик болбоду дегенде эле Сомду сыйлабагандык,
демек элди, улутту, мамлекетти сыйлабагандык.
Доллардын курсу ойдо ылдый болуп стабильность жок болуп турганда жалан долларга насыя беребиз деген элди алдап тоноочулукка кирет.
умутум ипотекалак насыялардын пайызы жок дегенде 10-12% болуп, мооноту 15-20жыл кылып беруусун депутаттардан суранам.
Анан да МИКРОкредиттик организацияларды да козомолго алышса, алардыкы 50-80%пайыз болуп, дегеле акылга сыйбаш корунуш. Албетти элди эч ким мажбурлабайт карыз ал деп, бирок муктаж учурда ушинтип мамлекет чыгарган закон болгондо эл кыйналбай карыз алып, карызын берип, уйлуу-жайлуу болуп жакшы жашашмак. Азыр болсо закон жоктугунан , жана да элдин экономикалык билими -тушунугу томон болгондуктан,
банктар жакшы тушундурушпой эле элди алдап кредит берип, аягында уй жайсыз, мал-мулксуз калтырууда жана анын айынан канчалаган турмуштар бузулууда. Дегеним бул маселеге ото олутту конул буруунуздарды суранам! Супердин жамаатына да кайрылам, олутту суроомду жоопсуз калтырбагыла.
Баракча 1 - 1
Банк системиндеги ээн баштык
#2 11 Ноябрь 2015 - 12:04
Азыркы убакта жаштар учун глобалдуу маселеге айланып бараткан маселени которуп чыгыптырсыз.
Сиздин оюнузга мен да толугу менен кошулам. Доллар менен кете берсе, мамлекеттик уюмдарда иштеген жаштар пенсияга чыксак да уйго жетпей отобуз го. Ушул маселеде мен да баш катырып жургон убагым...
Коро албастын козуно куйуп-жанып,
Ичи тардын ичине куйут салып.
Жашасам дейм, ак жамгырдай ношорлогон,
Жан дуйного алай-дулой булук салып...
Ичи тардын ичине куйут салып.
Жашасам дейм, ак жамгырдай ношорлогон,
Жан дуйного алай-дулой булук салып...
#3 14 Июнь 2016 - 15:31
Же окмоту жооп бербейт же супер жооп бербейт бул теманы жаап эле салгыла да окмот жооп берет дегенди.
Баракча 1 - 1