Seketimgo Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 112 (0,03 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Эркин тема (29 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 24 Февраль 15
- Кароолор:
- 6 894
- Соңку аракети
08 Май 2017 13:42
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 9 жашта
- Туулган күнү:
- Январь 1, 2015
- Жынысы:
-
Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Өзүңүздөн улуу адамды сүйүп калуудан коркосуздарбы?
Жазылган күн: 30 Июл 2016
10 жашка чейин коп эле билине бербесе керек.Андан улуу болсо билбейм ай... -
Темасы: Жыга чапкым келет!
Жазылган күн: 27 Июл 2016
akyn-jurogu (27 Июль 2016 - 18:41) жазган:
barpy1 деген форумчуну кармасам олду го, тиштерин бирден сууруйм! Жыга жыга сулайта чаппасам.!
Сиз дагы форумда баатыр экенсиз да.Сындап койсо аял-эркек дебей купуяга жетип барып.Сынды да туура кабыл алуу керек!Анан форумда боло берет деп ордок учура бериштин кереги жок -
Темасы: Кайнатанын кылыгы
Жазылган күн: 27 Июл 2016
Jyrgal_msk (26 Июль 2016 - 16:50) жазган:
Кечиресиз,ошо Рая эже да айтса тушунбой жатышатго.Сен унчукпасан, мен унчукпасан анан ким айтат мындай койгойлорду? Бироонун турмушуна аралашпа деп айтканы жатасында ээ!?Сен учун ,,шылдын"болуп аткандыр.Мейли ар ким озунун денгээлинде жараша тушунуп алаар.
Казан-аякка баары жакшы болсо эч ким аралашпайт. Бир нерсе жетпей жатканы учун айтышатда.
Аталарыбыз кобу эле аралашат.Аралашпаганы болбосо деле керек.Болгону копчулугу сылык гана:-
-Чайынды алып кел кызым,тамак жаса кызым,дасторконунду даярда кызым-деп кайрылышат. Мен устудо жазгандарым ушундай нерсеге да аралашып атат дегендерге жазылды.Андан ашык аралашкыдай тамакты озу жасамак беле?
Союздун коргон адаммын.Ал убакта кайын ата сыйлуу болуп,орду тордо болчу.Келин кайын атадан ыйбаа кылып турчу.Жаман кайын атаны да,келинди да аксакалдар, ак элечек байбичелер урушуп ордуна коюп койчу.Азырчы?
Азыр демократия. Бир аксакал келип акыл айтса бироого киришпе озум билем.21-кылым. Каалагандай жашайбыз дешет.Жума Мамбетов акын агайдын ырында айтылгандай:
-,,Урдум ушул демократия дегенди,
Уят-сыйыт,ыйман- ызат бут олду"!
Олло эзилме экенсиз! -
Темасы: Кош бойлууларга кеңеш
Жазылган күн: 18 Июл 2016
-
Темасы: "Адашкандар".
Жазылган күн: 18 Июл 2016
54
АДАШКАНДАР
Ага удаа эле Акшооланын баягы өз күйөөсү менен телефон аркылуу да сүйлөшө албай, кабинетине кире албай ыйлап жүргөн кезин эстеди. Ага ошондой түндөрү телефон чалып: “Эриң азыр менин койнумда жатат!.. Ал мени сүйөт!” – деп ого бетер жүрөгүн жанчып, ыйлатканын, ансайын табасы канып, бактылуу болгон ирмемдерин эстеди. Акшоолага ошондо бул азаптын канчалык ачуу, жан чыдагыс кыйын экенин эми өзү аркылуу сезип, туюп отурду. “А бирок сен кыйын экенсиң, Акшоола! – деди анын көз алдындагы элесин тирмийе тиктеп. – Баарына чыдадың... Баарыбызды жеңдиң. Мени да, Лилияны да, Ынакты да... Канча азапка түтүп, канча убакыт күтүп жүрүп, акыры сүйүүңдү кайрып алдың! А менчи? Анын бир кылыгын көтөрө албай, өчөштүм! Андан жаш, андан сулуу жигит таап алып, андан өч алгым келди! Үйдөн кубалап чыгардым! .. Акыры бул болду!”
Эми Ынактын элеси келди көз алдына. Ушул азыр ал: “Бала кимдики?!” – деп сурап жаткандай туюлду. “Бала – сеники!” – деди Айнура бул жолу ишенимдүү. Анын оюн Ынактын элеси окугандай, саал түйшөлө түшкөндөй болду. “Мени кечирчи? – деди Айнура. - Уулуң үчүн болсо да кечирчи? Бир нерсе дечи, мага?! Өзөгүм өрттөнүп, күйүп баратам, Ынак?! Жакшы бир сөз айтчы, азаптан айыга түшөйүн?” – деди анын элесине эреркеп. Бирок, көз алдындагы элестер бара-бара бүдөмүктөнүп барып, жок болуп кетти. Ошондо гана эсине келе түшкөндөй, башын көтөрүп, көз жашын аарчып, серпиле түштү.
Ушунун баарын карап отурган бейтааныш эркек бир бөтөлкө коньягын көтөрүп, аңгыча жанына келди.
Айнура анын ким экенин эстей албай, бу буркуйган, ыраңы суук эркектин кайдан келе калганына түшүнбөй жаткандай бүшүркөй түштү. Бир чети, муну өчөштүк кылып, күйөөсү атайын жибергендей, денесин коркунуч бийлей түштү. Анын иренжигендей да, чоочуркай да тиктей калганынан:
- Коркпо, бийкеч, мен сизге жаман оюм менен эмес, - деди тигил. – Тек гана, жанагы ыймансыз жигиттин мамилесинен улам көңүлүңүз ооруп калдыбы деп, жакшы сөз айтып коёюн деген эле ой...
Айнуранын тулку-боюндагы коркунуч акырындап тарай түштү.
Бейтааныш эркек алып келген конькты официантка келип ачып, эки рюмкага аздан куюп кетти.
- Сулуу кыз, анча-мынча мага окшогон, алиги балакайга окшогон жаман-жуман эркектер сизден айлансын! Келиңиз, ушуну сиздин сулуулугуңуз, анан да келечек бактыңыз үчүн алабыз? – деди эркек. Айнура мактоого бир аз жибий түштү: “Эмне экен? Жакшы ой, жакшы ниет менен, менин акыбалымды түшүнүп жатса...” – деп көңүлү жумшарып, рюмканы жарымдатты.
- Менин атым – Самаган, - лөкүйгөн эркек колун сунду.
Айнура анын колун кармагысы келбегендей, буйдала түштү да:
- Айнура, - деп тигинин барбайган манжаларынын учуна колунун учун чала –була тийгизген болуп, кайра тартып алды.
Самаган: “Шуркуя! Жийиркенип жатасың, ээ? Ушу сени бир колго түшүрсөм! .. Көрөт элем ошондо сени!..” - деп ичинде териге түшүп, бирок сыртында билгизбегенге аракет кылды.
- Кайда турасыз? – деди Самаган жаш күйөөдөн желбей калган тамакты бурдай сугунуп жатып, көздөрүн жүлжүйтө, башкача бир сырдуу тиктеди. Ого бетер иренжип, денеси жыйрылыла түшкөн Айнура ичинде: “Ишиң эмне?!” – деди да официант кызды чакырды.
“Мм... бардар катын окшойт”, - Айнура эсептешип жатканда Самагандын оюна ушул келди. Көп өтпөй эле анан Айнуранын соңунан чыкты.***Алда неден сестенип калган келин чыгып эле такси кармады.
Ага удаа эле чыккан Самаган да такси кармап: “Артынан айда!” – деди жаңы эле жылып кеткен атксини жандап.
Айнура түшкөн такси шаардын күн батыш тарабындагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдына токтоду. Ага удаа эле келген экинчи такси да андан саал алысыраак токтоп, электр жарыгы бирин-серин жанган караңгы көчөдө илмеңдеген ичке караан шыпылдай басып, бир үйдүн подьездине кирип кетти. Көп өтпөй эле ошол эшикке “култ” этип, экинчи караан кирди.
Анткен менен Самаган жетишпей калды. Ал мына кирген кезде айнура лифтке түшүп, жогору чыгып кетти.
- Кечиресиз, азыркы лифтке кирген айым, Айнура кайсы квартирада турат? – деди Самаган чыгып келаткан аялдан сурап.
Аял аны шектенгендей бир чолуй карап алып:
- Билбейм! – деп өтүп кеткенге аракет кылды эле, Самаган жолун тосуп, алдына тура калып, чөнтөгүнөн маки алып чыкты эле, анысы «шарак!» этип ачылып, жалаңдай түштү.
- Кайсы үйдө турат?! – акырын, бирок ныгыра-ныгыра сүйлөдү эркек. Көздөрү алая түшкөн, Айнурадан жашы улуураак аял:
- Алтымыш жетинчиде... – деди.
- Ким менен жашайт?
- Жа... жалгыз...
- Сен кайсы үйдө турасың?!
- А... алтымыш алтынчыда...
Самаган: “Бая эле ошентпейт белең!” – дегендей мыйыгынан жылмайып, макисин ордуна салды да, аялды жамбашка чапкылап коюп өтүп кетти.
Көп өтпөй эле анан 67-квартиранын коңгуроосун басты да, эшиктин көзөнөгүнөн боюн алак ачып, жашынып турду.
- Ким бул? – деди ичкериден Айнура. Жооп болгон жок. Анын ордуна “шыңгыр!” – эттирип кайра да коңгуроо кагып койду.
- Ким бул?!
- Шыңгыр...
Айнуранын эсине оюнкараак жаш күйөөсү түшүп кетти. Көпкө чейин келбей коюп, качан эсине келгенде ушинтип ажыкыстанып, кошоматтанып келчү анысы да. “Кечирим сураганы келген тура,” - деди оюнда. Жанагы таарынып-кайгырганы, баары эсинен чыгып, “жарк» этип жылмайып алды да, эшикти ача салды!
Бирок, бет алдында турган күйөөсү эмес, кафедеги лөкүйгөн эркек экенин көрүп, көргөн көзүнө ишенип-ишенбей жаткандай, оозунан сөзү ыргып, нес боло түштү.
Комментарийлер
Seketimgo ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?