Жыртык жүрөк Эң алгачкы бизди эмес...
#21 12 Апрель 2018 - 14:58
Жатканага чыгып окуумду улантып баштадым. Кундор ото берди. Сабакты биздин группада менден жакшы окуган эч ким жок чынында. Ар бир темага кызыгып, анын себебин билип, болгон туп тамырына чейин чукулап окугандан тажабайм. Кадимкидей алаксып кичине болсо да озумо келип, бир аз салмак кошуп калдым. Биринчи сессия бутуп айылга барсам негедир апамдын ону башкача. Арыктап, алы жок жудоп калыптыр. Атамдан акча сурап ооруканага жонодук.Дарыгер бир сыйра коруп текшерип, анализдеринин жыйынтыгында коркунучтуу ооруга кабылганын билдик. Диагноздун атын айткым келбейт. Кыскасы баарыныздар билген "рак" дартынын башталышы. Жакшылап дарыласа донордун жардамы аркылуу айыгып кетиши мумкун деген тыянак чыгарып беришти. Жашоон менен баары келип акчага такалды. Калпты кантип айтам, атам акча берип жатты. Бирок донордук орган сатып алууга акча баарыбир жетпейт.
Шаарга окуума келдим. Апамды жаныма алып батирге чыктык. Дарыларын убагы менен ичкенге апам ал кучундо али. Синдилеримди да алып келдим. Мектепте окуп жатышты.
Жаз келди. Ушул жылда биринчи курсту аяктап академический алып Турция же Москвага иштеп келууну пландап баштадым. Тааныштар аркылуу сураштырып даярданып да койдум. Март айынын башында университетте сулуулар сынагы жарыяланды. Конул деле бурган жокмун. Негизи эле ушундай конкурстар, мода, кийим коргозмолору, суротко тушуу, бренд, боектор ж.б. аялдардын эрмеги такыр жакпайт. Эч бир маанисиз женил ойлуулардын иши сыяктуу сезиле берет. Адамдын ички дуйносун билбей , эсептешпей сыртына суктанган не деген шумдук? Бул жон эле азгырык, мындай конкурстар бироонун бизнеси катары го дейм. Ал эми катышабыз деп оздорун сулуу сезип келген кыздардын кобун айткыла. Андан коро эки китеп окусан жакшыраак.

#22 12 Апрель 2018 - 16:24
Атам акча салып турганы менен жетпей жатты. Эки синдимди атам оз колума алам дегенине каршы болуп туруп алдым. Себеби коп. Балким апамдын ичээр суусу аз калгандыр. Баардыгы жараткандын гана колунда. Эртенки кунубуздун кандай болоорун эч ким билбейт. Не болсо да апамдын жанынан чыккым да келбей, синдилеримди да чыгаргым келген жок. Ошондуктан кварплата, жол кире, тамак аш, кийим кече ж.б. акча суудай кетип жатты. Бишкектин жашоосу курусун. Акчан жок бир кунун отпойт экен го. Окуудан кийин жумуш издеп баштадым. Кичине болсо да тыгым болоор деген ой менен. Сабака барып, окуп жатканым менен группалаштарым менен мамилем жок. Алар менен коп суйлошпойм,
курбу да кутподум негедир. Балким жылдын башында атама таарынып озунчо бир стрессте журдум.Башкалардай ойноп кулуп, достор менен кафе, клубтарга барып, шаар аралап сейилге чыкмак турсун ашыкча суйлогум да келбейт. Каяктагы бир ойлор мээмде айланып, ошолорго жооп издеп убарамын. "Бул жашоонун манызы эмне? Адамдар бир эле жолу жаралабыз бул дуйного, олумдон кийин кайра жашоо сыяктуу уланабы?, Алтынчы туюм деген эмне?, Психология,
философия...
. Алхимия, диндер ж.б. жонундо..."
кыскасы мээм жетпеген ойлор менен убарамын. Кээде башым ооруп чыгат. Оз алдымча ойлонуп отурган группалаштарыма менин бар экеним деле кызыктырбайт.
Кээде учурашпай деле калышат.
Жумуш таптым. Ал учурда шаарда казинолор иштечу. Кечкисин тан аткыча иштейт экенмин. "Работа" деген газетадан карап отуруп телефон чалсам суйлошууго кел дешти. Бардым. Озун администратормун деп тааныштырган жашы отуздардан ашып калган кара ондогу классикалык кийим кийген жигит тин кабинетине кирип мандайында отурдум. Мени бутумдан башыма чейин сынай карап,
-Тааак... атын ким? деди.
-Аида.
-Боюн, салмагын канча? Мурда иштеп кордун беле?
-Жок, мурда эч жерде иштебегем...
Суроолоруна жооп берип жаттым. Кыскасы ошол куну жумушка кабыл алынып, тункусун кечки саат жетиден баштап уч кун стажировка отуп иштеп баштадым.
Атам келиптир. Мурдатан бери башымда бышырып жургон оюмду сунуштадым.
-Ата, апамдын оорусу башталгыч стадиясында экен. Алдыда шанстар коп. Чет олкодон операция жасалат экен. Балким кеч боло электе аракет кылбайлыбы? -дедим ыйлам сырай. Атам кабагын буркой суйлогон жок.Ансайын чыдамым кеткенмен-Ата, бир айла кылышыбыз керек.
-Кызым, анча акчаны кайдан табабыз? мени тиктеген атамдан ушул эле суроону кутуп тургам. Шашып кеттим.
-Ата, айылдагы уйду саталы, сиздин унаанызды да саталы, анын устуно кошуп азыр сиз баланыз менен жашап жаткан уйду куроого коюп кредит алалы. Айдоо жерди да саталы. Ошентсек бизге керектуу сумма чыкчудай экен. Эптеп апамды айыктырып алсак, мен дагы иштеп келсем кредит токконго жардамдашам. Ансыз деле квартирада журобуз, кайра уй алаарбыз.
Атам дагы унчукпады. Мен дагы жооп кутуп отура бердим. Бир убакта эч нерсе дебестен ордунан туруп сыртка жоноду. Кошо жарыша туруп алдын тородум.
-Ата, бир нерсе десенизчи...
Мени карай албай жалтактаган атам жерди тиктей:
-Кызым апандын сакайышын мен деле каалап жатам. Биз баарын сатып буткондон кийин айыкпай калсачы.
-Эмнеее? Ата кандай болсо да аракет кылуубуз керек.
-Билбейм кызым айта албайм.
Атамдын кайдигерлигине тан кала арданып кеттим. Чын эле ага баары бирби? Козумдон жаштар кулап баштады.
-Ата, сиз учун апам эч нерсеге татыбайбы? А бизчи? Апам жок кантебиз? Кантип?
Терс бурулдум.

#23 12 Апрель 2018 - 17:31
Ох, титиреп кеттим,улантыныс.
жашоо -жакшы, жакшы жашаш Андан да мыкты!
#24 28 Апрель 2018 - 21:51
Тагдыр деген нерсе мандайыбызга эмнени жазса, ошону коробуз дегендерге такыр ишенгим келчу эмес. Бирок жашоо акыры баш ийдирет ондуу. Атам ошол боюнча копко келбеди. Банктан акча салып жиберип турат. Апамдын абалы ото оор болбосо да коз алдымда кыйла алсырап баратты. Эх, турмуш... баары акчага барып такалат тура. Эгер мумкунчулугум болсо, апамды жердин бетин мин айлансам да омурун бир аз узунураак кылгым келди. Жок дегенде биздин жакшылыгыбызды корсунчу атамдан сый корбосо дагы. Апакем ай. Жашоодон эмне корду? Кичине айылыбыздан сырткары чыкпады, казан-аяк, отун, суу, биздин туйшугузго кошуп атамдын азабын тартканы аз беле? Балким ошол биздин туйшугубуз бакыт болуп журбосун?
Уучтап дары ичкен апамды чындап аяйм. Айланчыктап жанынан чыга албай жатканымды байкайт. Окууга, жумушка кеткенден келгиче шашам. Апам менен ар бир коз ирмемди бекер коротуп алуудан корком. Эки синдилерим али жаш. Бейкапар шаардын жаны жашоосуна, досторуна адаптация алуу менен алек.
Умуттун шооласы узулбойт демекчи кутконум атам. Билем ал келет. Атам анчалык таш боор эмес.

#26 29 Апрель 2018 - 19:31
Уланта бериниз...
"Жыртык журок"ту кутуп жатып биздин журок илме тешик болуп кетти))

#27 29 Апрель 2018 - 23:56
Biz kalaabasak da jashoo bizdi oz joluna salyp,tarbialap alat eken...
#28 30 Апрель 2018 - 07:04
Муная караган апам мени аяп караса, мен аны. Марттын башы менен айылга атама жол тартмак болдум. Окуумдан уч кунго суранып алуу учун кураторубузга баш бактым. Озунун аудитортясында экен. Эшикти ача аты жонун айтсам сыртка чыкты. Жашы кыркты таяп калганына карабай озун ушунчалык караган аял. Келишимдуу келбетине кара койногу менен бийик така бут кийими куп жарашып, чачы ар дайым ирээтке келген жана апакай жузуно корк кошо женил макияжы менен жаныма келди:- Не болуп кетти?,
-Эже срочно жумуш чыгып, айылга кетишим керек болуп жатат. Уч кунго суранайын дегем.
-Не жумуш?
Абалымды устуртодон тушундурдум. Мурда такыр сабактан калбаганымды эске алып макулдугун берди. Кубана коштошуп бурулуп баратсам:
-Айтмакчы, унутуп бараткан турбаймбы, токточу. Ырас озун келбединби. Ушул айдын аягында университетте "Мисс универ" болот. Биздин факультеттен сени чыгарсакпы деп жатканбыз. Жакшы сунуш.
Бул жонундо ойлонгон эмесмин.
-Эже мен андай конкурстарга такыр кызыкпайм. Башка кыздар деле толтура го.
-Биз ушинтип чечип койдук. Группадагылар да макул. Коркпо жардам беребиз.
-Эже, мага тап-такыр жакпайт ушул сынак. Убактым да жок.
Куратор жинденип кетти окшойт. Мугалим болсо да бир созду кайталаганды жактырбайт. Жанагы аппак жузунон жылмаюусу бир заматта жоголуп:
-Эми сени бою узун, келбети биртике жакшы деп атабыз да. Анчалык баалангандын кереги жок. Айтканды угуп дайындана бер.
-Эже не бул конкурс ушунчалык маанилуубу?
-Кыскасы уч кунго бошсун. Келгенде суйлошобуз.
Бурулуп кеткен куратордун артынан калган атырынын жыты буркурай мени бир далайга коштоп турду. Кызык, ушул сырткы келбетти да сынап, карап, тандагандарды кантейин? Эми баары кудайдын жаратканы эмеспи. Бул адамдар ушинтип келбеттуу, туру суук деп болунууго озубуз алып келебиз. Ар кандай сулуулуктун эталонун ойлоп тапкандарынын айынан азыркы кыздар ошолор менен убара. Шаарда, деги эле калактай кылып кирпик чаптабаган, кашын болушунча жоонойто чийип, эриндерин коптуруп алгандар кобоюп баратат. Тобоо. Ушул сулуукпу? Мейличи, ар мезгилдин озунун талабы бар эмеспи. Мисалы: Мона Лизанын заманында тап такыр кашын кырып салган сулуулук болуптур ха, ха. Ар ким озуно жакканын кылат эмеспи. Мага эмне мага десен учунчу каш чийип, козунун усту эмес астына да желимден кирпик чаптап алышсын. Бирок мен жанагы Мисс-универине по любому катышпайм! !! Андан коро апамды кучактап жатканым жакшы.

Билдирүүнү түзөткөн: Fortuna1987: 30 Апрель 2018 - 07:06
#29 03 Май 2018 - 10:24
Жүрөк сырына кирбей калдым эле. Бул тема өзүнө байлады. Үлантыңыз эми.
#30 03 Май 2018 - 12:30
Жумушумдан да аран сурандым. Оордума чогуу иштеген эки кызды койдум. Администратор кабагын буркой жаман корду. Озум жаны орношсом жумушка анан жакшы кормок беле. Аны да тушунуш керек.
Уйго келип апама кайда бараарымды тушундуруп айттым. Сарсанаа болбосун дедим. Эки кунго жете турган тамак жасап муздаткычка салдым. Айтмакчы синдилеримдин уулусу быйыл мектепти бутот. Аты Аймира. Кичуусу Нурмира 9-классты бутот. Экоо тен бутуруучу класстын экзамендерине даярданып журушот.
Аймира айтканынан кайтпаган, оюна келгенин кылып коймою бар. Тыпылдап мектепте жакшы окуду. Ото шамдагай, тын. Ар кандай спорттук мелдештерден калбайт. Классындагы кыздар кадимкидей сестенип турушат экен. Мугалимден кундолугуно дайыма экертуу келет. Айтып тушундуруп бутпойм. Адамды тикирейе тайманбай караган коздорунон кээде терс бурулам. Ото курч, кыялы да чорт. Белинен ылдый оскон чачын тасырайта тобосуно байлап алып мектепке тез басып жонойт. Бою узун, кара торусунан келген, арык чырай. Айтканын бербеген кок беттигинен корком. Кыз кишинин мынчалык тайманбастыгы жакшы эмес.
Ал эми Нурмира тескеринче кичинекейибиз болгонго эрке осту. Орто бойлуу, назик сары кыз. Чектен ашкан ишенчээк, ыйлаак. Аймирадан жаны чыккандай коркот. Биздин уйдун Айшасы деп тамашалап коем. Уй жумуштарын жакшы кылат. Сабакты орто окуйт. Коп да суйлобойт. Бир нерсени сурасан онтоп жатып аран айтат. Аймира экоо мектепке чогуу жонойт. Бирок Нурмира басып жеткиче Аймира уч жолу барып келет))). Байкушумдун басыгы да жай. Шамал чоптун басып суртуп кетсе эле Нурмира грипп болуп жатып калат. Уйдо бар догу деле билинбейт.
Экоо коп урушат. Болбогон нерсени талаша беришет. Чон муштум Аймира Нурмираны тырпыратып басып калаарын билем.Коп учурда сары жожомо (Нурмира) болуша кетем. Ал учурда Аймира кадимкидей кызандап мага таарынып суйлобой калат. Бирок ар дайым адилеттуу болгонго аракет кылганым менен куч атасын тааныбай кетет. Сабака узатып жатып:"Мектепке туз баргыла, билайндын эмблемасындай болуп, бирин сары, бирин кара..." деп тамашалап коем. Бир тууган кандай бакыт. Мен синдилеримди ушунчалык жакшы кором.
Муздаткычтагы тамактарды экооно корсотуп жатып апамдын дарыларын беруу убагын эскертип жаттым. Уч кунго кетпей эле уч жылга кетип жаткандай болдум.
Атамдын уйуно жакындап калдым. Негедир жанагы аялын коргум келбейт. Атам уйдо болсо экен деп ойлоп коем. Дарбазасын ургулап копко турдум. Бир топтон кийин "Бул ким?" деп жай баса атамдын аялы чыкты. Уктап жатса керек. Бейкапар чак тушто уктап жатканына жиним келе тушту. Эшиктин оозунда турган келинге кабагымды туйо:
-Атам кайда? дедим.
-Кандай Айжан. Кел кир уйго.
Жылмайып коет дагы. Тим эле невинная овечка болуп. Ушунчалык аллергия кармап баштадым.
-Кирбейм уйуно. Атамды сурап жатам сенден.
-Атан уйдо жок. Кеч келет, билесин го жумушун. Андан коро уйго кирип отур. Уч же торт саатта келип калат.
Эшикте шамал башталып калган. Жаан жаап жибериши мумкун болуп турду. Сыртта отура турган ынгайлуу жер да жок экен. Эмне болмок эле жиним келгенгеби айтор ичимде наглость пайда боло уйуно баш бактым.
Уйдун ичи таза, салкын, ирээттуу экен. Эмеректер ото жакшынакай жасалыптыр. Байкашымча откондогу келгенге караганга генеральный ремонт кылышкан окшойт. Баарына коз жугурто конок болмого жайгаштым. Ашканага чуркап кеткен атамдын аялы бир нерсе даярдап жатат окшойт.
Конок болмонун жасалгасына суктана копко отурдум. Ото кылдаттык менен жасалгаланыптыр. Табити мыкты адам же атайын дизайнер жасаса керек. Ыйлагым келип кетти. Апамды дарылатканга акча таппай журсок, булар уйун жасап журушот. Мен бул уйго, дегеле атама экинчи келбейм деп соз бергем. Бирок турмуш деген созуно эмес озуно да карабайт экен. Ат баспайм деген жерин мин басат деген чын тура.
-Журу чай ич.деген ундон чочуп кеттим.
-Жок, ичпейм.
Мени бир топко тиктеп турду да жанымдагы креслого отурду. Азыр бир нерсе десе эле басып жыгылчудай абалга келе карышып аран отурдум.

Билдирүүнү түзөткөн: Fortuna1987: 03 Май 2018 - 12:55
#31 03 Май 2018 - 14:38
Ал да абалымды байкады окшойт. Ун дебей жанымда отурду. Он муноттой аран карманып озумо келдим окшойт.
-Атан экообузду апан тааныштырган. Мен атанды таанычу эмесмин. Тескеринче апанды беш колдой билем. Апан мени озу атана алып берди.
Суйлоп жаткан келинди суроолуу тиктедим.
Кантип? Неге апам озу алып берди экен?
Ушул суроолор башымда айланып кетти. Келин мени тиктеп жылмайып койду.:
-Кел, таанышып алалы. Менин атым Сабира.
-.....
-Сен Айжансын билем. Журу чай ичели. Жол журуп курсагын деле ачты го.
-.....
-Билем, тушуном. Албетте силерге да кыйын. Эми жашоо деген ушул экен. Апан кандай жакшы аял. Аны ушунчалык жакщы кором.
-Эже, мен бул жерге сиз менен суйлошойун деп келбедим. Сизден эч нерсе сураган да жокмун. Балким атамды эшикте кутуп турайынбы?
Мени тиктеп алып ордунан туруп кетти. Бир сааттай ойлуу отурдум. Сабира ошол боюнча конок болмого баш баккан жок. Бир убакта уктоочу болмодон баланын ыйлаганы угулду. Сабиранын баласын эркелете ойготуп, ашканага тамак бергенге жетелеп жоноду. Курсагым да ачты. Менин келгенимди атам откондо жаман кабыл алды эле. Эми бул жолу не дейт болду экен? Кыйналып отурдум. Ангыча эшике машина курулдоп токтоп, атамдын кобураган уну угулду.

Билдирүүнү түзөткөн: Fortuna1987: 03 Май 2018 - 14:54
#33 03 Май 2018 - 14:55
Аябай таасирдүү чыгарма экен. Аталышын окуп кызык болдум эле "Жыртык жүрөк" деген да болобу деп. Автор батыраак улантсаңыз
#34 03 Май 2018 - 21:09
Билайндын эмблемасы дегенин жакты, озун деле курч муноз кыз коруносун, азамат.
#35 04 Май 2018 - 21:16
Ой бааай... Ушул тема менен ооруп журом. Тезирээк улантынызчы.
Ылайым жакшы жакка бурулса экен.