Мен ойлонуп, бир чечимге келдим. Мен аны таштай албайт экенмин... Кээ бир форумчулар эн туура айтышты "жашай турган сен, озун чеч"-деп. Оштук деп чанып, башкага турмушкка чыгып, бактысыз болуп калсам, мамамды куноолорумду билем. Андан коро, озум чечим кабылдап, оз жашоомо жоопкерчилик алайын. Албетте, мамам менин келечегимди ойлоп,мага жакшылык каалап жатат. Бирок, бактылуулукту ар ким ар кандай тушунот. Мамама жакын жашап, кундо бактысыздыктан коз жаш токкончо, алыста болсо дагы тынч, бактылуу жашаган жакшы.
Мен ага келечегимди табыштоого, ыссыгына дагы, суугуна дагы чыдап жашай аларыма козум жеткенде гана мамам менен ачык суйлошом. Кызынын бактысы учун тушунот деп ишенем.
Баарыныздарга рахмат! Убакыт болуп, кенеш бергениниздерге терен ыраазычылык билдирем! Уй булоонуздорго тынчтык, жана баардык жакшылыктарды каалайм! Суйунуздор, суйуктуу болунуздар!
Билдирүүнү түзөткөн: Aselya_00: 15 Октябрь 2016 - 11:22