Суперстан өлкөбүздө мезгил-мезгили менен ар түрдүү сынактар жарыяланып, форумчуларыбызды интеллектуалдык жактан, акындык өнөрүн, жазуучулук шыгын, чыгармачылык дараметин ж.б. ар тараптан сыноого алып, мыктынын мыктысын буга чейин тандап келгенбиз.
Мына бүгүн, буйруса, дагы бир суперстаныбыздын салтына айланып калган жыл сайын өткөрүлүүчү заманбап аталыштагы "Мисс жана Мистер супер форумчулар" аттуу фото сынагыбызды баштоонун алдында турабыз!
Дал ушул сынактын арты менен форумдагы өздөрүнүн келишимдүү, сымбаттуу өң келбети аркылуу көпчүлүк санаалаштарын суктандырган 1 айым, 1 мырзабызды тандап, аларга ”Мисс супер форумчу айым - 2014” жана ”Мистер супер форумчу мырза - 2014” наамдарын ыйгарууну чечтик.
Андан тышкары эки жеңүүчүбүзгө жөн гана наам ыйгарып тим болбостон, демөөрчүлөрүбүз тарабынан да колдоолор көрсөтүлөт деп ишеним артып туралы.
Анда эмесе, бардык катышуучуларыбызга түшүнүктүү болсун деп, сиздер менен биргеликте иштелип чыккан сынактын жол-жобосун илип коюуга уруксат этиңиздер.
Фото сынакка катышуунун эрежеси:
1) Фото салондон же өздүк аппарат менен кызыктуу жана оригиналдуу кылып, каалаган образда, каалаган фондо сүрөткө түшүп илүүсү керек. (Тулку бой бүт алынат).
2) Экинчи сүрөт белден өйдө жагы тартылып, катышуучунун жүзү ачык, даана көрүнүшү керек жана 1-сүрөттөн айырмаланып башкача образ (чач жасалга, кийим, макияж, фон ж.б.) менен түшсө жакшы болот.
3) Жүктөлгөн сүрөттөргө кыскача ыр түрүндө же болбосо, кара сөз менен кызыктуу кылып мүнөздөмө бере кетүүсү шарт.
Сынактын мөөнөтүн белгилей кетейин: 2-июндан, 10-июнга чейин берилген 3 шарты менен сүрөттөр илинет.
11-июндан, 17- июнга чейин катышуучулардын толук тизмеси илинип, аларга добуштар берилет.
Эскертүү! Сүрөттөр сапаттуу жана оригинал болуусу керек!
Эч кандай фотошоп, эффект, ар кандай кооздоолор жана көз айнек менен түшүүнү сунуштабайм!
Эгерде андай сүрөттөр илинчү болсо, ал катышуучу сынактан четтетилип, илген сүрөттөрү жараксыз деп табылат!
Кана эмесе кыргызымдын кыргый мүчө, кымча бел сулуулары, жигиттердин камчыга сап, ак калпакчан кырааны, барсыңарбы? ! Быссымылда деп сынакты баштай берсеңиздер болот!
Ар бир катышуучуга ийгиликтер жар болсун!! !
Сүрөттөргө сын пикир, комментарийлер, сынак боюнча суроолор биринчи ачылган темага жазылат! Бул теманы таза сактайлы!
Билдирүүнү түзөткөн: Clara_Zh: 02 Июнь 2014 - 16:24