Сүйүүдө туруктуусузбу?
Сиз бир адамды сүйүп, бүт өмүрдү ага арнаганга даярсызбы? Же эркиндикти жакшы көрүп, көзүңүзгө толумдуу көрүнгөнгө эле сезимиңизди арнай бересизби? Төмөндөгү тесттен өтүп, аныктаңыз.
Сиз сүйүктүү адамыңыз менен бир топ убакыттан бери таанышсыз. Сиз:
а) бул узак мамиледен чарчап кеттиңиз;
б) ал тууралуу баарын беш колуңуздай билип алгандыктан сизге кызыксыз болуп калды;
в) мынчалык көп убакытка жолуга албачуңуз эле;
г) аны абдан жакшы көрөсүз, келечекте да бирге жашап кетүүгө көзүңүз жетет.
2. Сиз бир топ убакыттан бери бир адамды сыртынан жактырып, арзууңузду айта албай жүрөсүз. Бирок сиздин жашооңузда дагы бирөө пайда болду, ал сизге жакты. Мурунку адамга болгон сезимиңизди кантесиз?
а) менин эми өткөн чактагы сүйүүм калды, ошол бойдон кала берсин;
б) албетте, бул менин сүйүүм болгон, бирок өмүр бою сыйкырдуу бир күндү күтүп жашоого мүмкүн эмес да. Мен жаңы сүйүүнү тандайм;
в) алгачкы сүйүүмөн ажырашым кыйын болот. Эмне кыларымды да билбейм. Бирок аны менен мамиле болобу, жокпу белгисиз;
г) жок, мындан эч нерсе чыкпайт, мен мурунку сүйүүмдү унута албайм.
3Өмүрдө канча ирет сүйүп көрдүңүз эле?
а) миң жолу;
б) он жолу болсо керек;
в) бир жолу, бирок өтө катуу;
г) таптакыр сүйгөн эмесмин.
4Сиздин оюңузча бара-бара сиздердин мамилеңиздер кандай болот деп ойлойсуз?
а) жаман жагына өзгөрөт;
б) кайталанма жана тажатма болуп калат;
в) азыркыдай ынак бойдон сакталат;
г) мындан да ысык болобуз.
5.Чыныгы сүйүү өмүрдө бир гана жолу келет деп ойлойсузбу?
а) эмнеге? Мисалы мен бир нече жолу катуу сүйүүгө кабылгам;
б) албетте, калгандары жөн гана жактыруу;
в)өмүрдө 2 же 3 жолу чыныгы сүйүү келет;
г) жооп берүү кыйын.
6. Сиз сүйүктүүңүздү ... эсептейсиз:
а) колго биринчи тийгени;
б) абдан жакшы адам;
в) дүйнөдөгү төгөрөгү төп келишкен адам;
г) бүт өмүрүмдүн сүйүүсү катары эсептейм.
7. Сиздердин бирге болуп калуунуздардын себеби:
а) жалгыз зеригебиз;
б) аны менен убакыт өткөрүү жакшы;
в) аны менен өмүр бою бирге жашагым келет;
г) сүйөсүз.
8. Сүйүү мамилеңиздин эң узакка созулганы канча?
а) 1-2 күн;
б) бир нече ай;
в) жыл;
г) бир нече жыл.
9. Сүй үктүүңүз жок алыс жакка эс алууга кеттиңиз дейли, убакытты кантип өткөрөсүз?
а )жаңы тааныштарды таап алам;
б) ээн-эркин сонун эс алам;
в) көңүлүмдү көтөрүп, болушунча эс алам, бирок сүйүктүү адамымды ойлоном;
г) ага жолугууну дайыма кыялдана берем.
10. Сүйүктүүңүз менен эч ким барбаган жакта өмүр бою жашай алат белеңиз?
а) жок, мен эл жок жерде көп убакыт чыдай албайм;
б) кудай билет, андай болсо бири-бирибизден тажап кетип экөөбүз эки тоонун этегине жашамакпыз го;
в) эмнеге болбосун, бул романтика да.
г) кызык суроо. Мен ал үчүн башка планетада жашаганга даярмын.
11. Сиздин көптөн бери сүйлөшкөн адамыңыз бар, бир күнү чогуу кечеге барып кылдыңыздар. Ал жакта сиздин көзүңүзгө жакшынакай адам урунду, сиз:
а)анын ар бир көз карашына жооп берип, жакындашууга аракет кылам;
б) маанайыма жараша болот, маанай жакшы болсо мамиле түзүп кетем;
в) бул албетте жагымдуу нерсе, бирок менин сүйүктүүм бар, аны башкага алмаштырбайм;
г) ал адамдан алыстап, көңүл бурбоого аракет кылам
Билдирүүнү түзөткөн: Feijipiao: 01 Июнь 2014 - 16:08