Бажы Биримдигине Кыргызстандын кошулушу Оң жана терс жактары
#61 07 Ноябрь 2013 - 00:00
Baikoochu bolup TSga kowuluppuz, 2014 birotolo kiret ekenbiz. Achyk ele aittygo aga cheiyn alyp algyla mashine kymbattait dep. Kiyim, da9r produksi9 kymbat kelet eken al emi tiguuchulorubuzgo kezdeme topchulardy arzan (azyrky kelip atkan baada okwoit) alyp kelgenge suilowup atywyptyr miw.. Emgek migranttaryna menin oiumcha ech kandai jenildik bolboit, dyikandarga jakwy boluwu mumkun ... jer jemiwterdi granitsadan tekweeruusuz salygy jok alyp otuwup.
.........
..............
#62 18 Декабрь 2013 - 17:07
Ушул күндөрү Украинада, Арменияда
калктын бир активдүү бөлүгү көчөгө
чыгып, Москванын планы боюнча
Бажы биримдигине кирүүнү
каалабайбыз деген акциялар
өткөрүп, айрыкча Киевде чоң митингдер күнү-түнү уланууда. Ушул
кырдаал Кыргызстандын
бийликтеринин Бажы биримдигине
азыркыдай шартта кире албайбыз
деп ачык айтышына түрткү болгон
жокпу? Же кыргыз өкмөтү айткандай, Бажы биримдигине
азыркыдай шартта кире турган
болсок, Кыргызстанда социалдык
чыңалуу күчөп, бейстабилдүүлүккө
алып келеби?
Максат Жумабеков: Менимче, кандай болбосун кызматташуу
теңата шарттарда болушу керек.
Эгерде Бажы биримдигине кирүү
шарттары бизге туура келбесе,
Кыргызстан ага кирбей эле турганы
оң.
Биз көрүп тургандай, Бажы
биримдигинин бардык шарттары
Орусия Федерациясынын
мыйзамдарына ылайык жазылган.
Ушундай шартта кошула турган
болсок, азыркы күндө биз өз керектөөбүзгө ылайык сатып алып
жаткан товарлардын баары кеминде
15-17% кымбаттайт. Ошого биздин эл
даярбы? Турукташып калган биздеги
бизнес чөйрөсү, базарларда оокат
кылган он миңдеген эл ага даяр эмес.
Орусиянын мыйзамдары, иш
шарттары бизге туура келбейт,
анткени биздин мыйзамдар
Орусияныкына караганда кыйла
либералдуу. Эгерде бардык шарттар
теңтайлаш иштей турган жагдай түзүлүп, ортодогу бир “сары
алтынды” тапсак, келечекте барып
анан кошулсак болот деген пикирим
бар. Азырынча биз ага даяр эмеспиз.

Билдирүүнү түзөткөн: admin_superstan: 18 Декабрь 2013 - 18:20
Бесит, когда меня судят те, которые
вообще понятия не имеют кто я. (!)
вообще понятия не имеют кто я. (!)
#63 18 Декабрь 2013 - 17:44
Кыргыз өкмөтү дагы биздин шарттар эске алынбаса, Бажы
биримдигине кошула албайбыз деп
айта баштады. Казакстан Бажы
биримдигине киргенине 4 жыл
болойун деп калды. Пайдасы көп
болдубу, же зыяныбы?
Айдос Сарым,алматылык саясат таануучу: Жалпы казак
коомчулугунда Бажы биримдигине
байланыштуу нааразылык абдан көп
жана бизнестин кайсы түрүн
албайлы, улам бир тармактын
өкүлдөрү “акырындап ушул Биримдиктин айынан кыйла
утулушка туш болуп жатабыз” деген
пикирлерин кийинки кездери батыл
билдирип жатышат.
Тенденциялар ушул тапта кете
берсе, Бажы биримдигине нааразы
болгондор катарына казак коомунун
бардык катмарлары – жалаң
казактар гана эмес, орус тилдүү
башка жамааттар да кошула турган түрү бар. Дагы бир жолу кайталап
айтам, Бажы биримдиги – бул эч
кандай экономикалык бирикме эмес,
бул болгону Орусиянын империялык
дымагынан жаралган саясий
бирикме.
“Мурунку Советтер Союзун кайрадан
жыйнап алабыз, ага кирген
мамлекеттерди уучубуздан
чыгарбайбыз, уучтап отурабыз, эч
жакка жибербейбиз” деген ниеттен
келип чыккан саясат.
Менимче, бүгүнкү күндө
Кыргызстандын жакшы да жактары
бар, жаман да жактары бар, биз
баарын түшүнүп, көрүп отурабыз.
Кыргызстан эң алгач өз маселелерин
өз алдынча чечүү жагын ойлонушу керек. Кайсы бир бирикмеге кирсек,
биздин көйгөйлөр ошол бирикме
аркылуу чечилет деп ойлоо
методологиялык жактан да,
экономикалык жактан да чоң
катачылык болмок. Азыркы Кыргызстандагы жагдайды эске ала
турган болмок, Кыргызстан Бажы
биримдигине кошулса, өлкөдө 3-
революцияга алып келиши мүмкүн
деп эсептейбиз.

#65 18 Декабрь 2013 - 18:38
Арменияда да Бажы Биримдигине каршы митингге "Путин биздин олкодон колунду тарт" ж.б.у.с плакаттарды которуп чыгышты.
Бесит, когда меня судят те, которые
вообще понятия не имеют кто я. (!)
вообще понятия не имеют кто я. (!)
#66 18 Декабрь 2013 - 18:41
Бажы союзунан ары эле ойносок кандай жакшы болмок! Кимге пайда? Жооп: Орусияга!
Бизге эч кандай пайдасы жок. Баары кымбаттайт.
Же алган айлыгыбыз жакшы эмес.
#67 18 Декабрь 2013 - 18:58
Учурдагы Бажы биримдигинин багыты.
П.С... Сурот "дей киев" сайттынан алынды
П.С... Сурот "дей киев" сайттынан алынды
Бесит, когда меня судят те, которые
вообще понятия не имеют кто я. (!)
вообще понятия не имеют кто я. (!)
#68 19 Декабрь 2013 - 01:14
Angelina2012 (03 Март 2013 - 03:32) жазган:
Баажы Союзуна кошулуу алыскы шаарда иштеп жүргөн жердештерибизге жакшы шарт түзүлүп берет. Кыргызстандын 3төн 1бөлүгү Москвада иштеп, ата-энесин, бир туугандарына кам көрүп, Москванын акчасы менен там салып ойлогон ой максаттарына жетип атышат. Мен үчүн кошулса эч кандай деле зыяны жок, наоборот алыста иштеп жүргөн миграттарыбызга пайда.
Мен да ошентип ойлоп жатам да КР ар бир уйдон жок эле дегенде 2 мучосу Россиядан жан багып жатавыз. Акыркы "караларда тазалоо"системасы бизге абдан таасирин тийгизуудо. Кошулбай койсок очошуп мигрант кыргыздарды кууп жиберсе ошондо точно жакырчылык болот го....
#70 24 Декабрь 2013 - 23:57
Бугундон баштап офицалдуу кондидат болдук ТС га.
Сени да ийген тура турмуш заары,
Бакыттын,азаптын да болот маалы.
Сыртынан сыр бербеген менен канча,
Бир арман менен жашайт жандын баары...
Бакыттын,азаптын да болот маалы.
Сыртынан сыр бербеген менен канча,
Бир арман менен жашайт жандын баары...
#71 25 Декабрь 2013 - 00:06
Кошула турган болсок Кыргызстандын сырьелорун кан соргон митедей соруп алат окендер... Убагында айтылуу СССР курамында турганда, географиялык шарттары туура келбейт экен деген шылтоо менен жарытылуу завод фабрика курдурушпай чон аталардын алдына торттон койду салып берип айдатып ийип, бактырып тол алып пайда табышкан... Анда да отуз козудан бир козу сага деп жаш баланы алдагандай алдашып... Мейли дейсин ал убакта керектелуучу буюм тайымдар арзан, байлык топтоону билбеген жонокой эл кунумдук жашоосуна кубанып "жашай"
беришкен. Байлык топтогон кундо деле тартып алчу экен бийлик. Тоо ташта оскон эл дешкенби билбейм кыйратып билим берууну деле коздошпоптур улуу муундун айтуусунда.
Тогуз ай окуунун сегиз айын эле колхоздун планын толтурабыз деп эгин талаада же жайлоодо откорчук дешет. Бугун кайра кошулсак ошол абал кайра кайталанат,
анан да ал тыйындык баалар кайтып келбешин эске алайлык... Завод фабрика деле курулбайт андан бери биз эмне тоону томкоруп ороонго айлантып алдыкпы? Тоо тоо бойдон эле... Энергияга бай суулардан электр энергиясын оздорунун ток жетпеген жерлерине арзан баада тартып кетишет, да биздикидер калат куугум сайын эски араба чыракты уйлогулоп, конуп калган эмеспизби...
Ары барды дегенде эле жарымы анкоо жарымы куу аткаминерлерибиз торт тыйынга пайда таап чонтокко урушаар бирок карапайым эл кара казанын андан ары да азыркыдай калдырата берет... Жеке мен БСга каршымын...
Судьба не приговор, судьба творение...
#72 25 Декабрь 2013 - 05:35
Кошулса деле кошулбаса деле, орустардын карамагынан чыга албайт чоңдор. Путин ака сиз эмне десеңиз ошол болот хоп дешери айтылбаса да белгилүү.
#73 26 Декабрь 2013 - 19:24
Биздин эл да БСга каршылыкты билдирип которулуш кылып турбасак, биздин бийликтегилер кошулуп алышат
#74 27 Декабрь 2013 - 15:15
Бажы биримдигине кирүү азык-түлүктүн жетишсиздиги жана баалардын жогорулашына алып келет
Бүгүн, 27-декабрдагы маалымат жыйынында биринчи вице-премьер- министр Жоомарт Оторбаев “Бажы биримдигине кирүү азык-түлүктүн жетишсиздиги жана баалардын жогорулашына алып келет” билдирди.
Анын айтымында, биздин өлкөдө өндүрүлгөн тамак-аш азыктары баалар жогору болгон өлкөлөргө чыгарылат. Бир жагынан дыйкандар өз продукцияларын чет мамлекетке алып чыгууга мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда кыргызстандыктар азыктардын тартыштыгына кабылышы мүмкүн.
Азыркы тапта эксперттер Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү алдындагы “жол картасынын” үстүнөн иштешүүдө.

#75 27 Декабрь 2013 - 15:17
Жоомарт Оторбаев: “Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү чечими экономикалык себептерден улам өзгөрбөй келет”
Бүгүн, 27-декабрдагы маалымат жыйынында биринчи вице-премьер- министр Жоомарт Оторбаев “Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү чечими экономикалык себептерден улам өзгөрбөй келет” деп билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан Бажы биримдигине (ББ) кирерден мурун аткарчу жумуштардын планын түзүп алуусу керек. “Жол картасы” иштелип чыкты. Документти кабыл алган учурда аткара турган көйгөйлөр калды. Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү чечими экономикалык себептерден улам өзгөрбөй келет. Биз өнөктөш өлкөлөр менен экономикалык жана саясий байланышыбызды бекемдешибиз керек”,- деди Жоомарт Оторбаев.
Мындан сырткары ББ калктын жашоосун жакшыртууга салым кошорун айтты.
“Бул ББга кирген өлкөлөрдүн да негизги максаттарынын бири. Казакстан менен Орусиянын рыногунда товарларды экспорттоону жеңилдетүү тууралуу айтып жатабыз”,- деди биринчи вице-премьер- министр.

#76 27 Декабрь 2013 - 15:24
Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү боюнча “жол картасы" келерки жылы жаз айларында кабыл алынышы мүмкүн
Бүгүн, 27-декабрдагы маалымат жыйынында биринчи вице-премьер- министр Жоомарт Оторбаев кыргызстандыктарды Бажы биримдигине (ББ) кирерде дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. Ал өз сөзүндө КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Евразиялык экономикалык советинин жыйынына катышканын айтып, жыйынтыгында Кыргызстандын ББга кирүү алдындагы “жол картасын” кайрадан толуктоо керектиги айтылганын кошумчалады.
“Бажы биримдигине кирүүдө Кыргызстан үчүн кандай көйгөйлөр болорун биз уюмга мүчө мамлекеттерге ачык айтып жатабыз. Кыргызстандагы ири базарлар, чек аралар, 200 миллион долларлык фонд жана өндүрүштөр боюнча шарттарды айттык. Алардын өз позициялары, ал эми биздин жогорудагы проблемаларды эске алган өз кызыкчылыгыбыз бар”,- деди ал.
Мындан сырткары Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү боюнча “жол картасы" келерки жылдын март же май айларында кабыл алынышы мүмкүн экендигин белгилеп өттү. “Жол картасын” толуктоо бир нече айда бүтөт. Макулдашуу 1 жыл убакытты алышы мүмкүн. Калкка маалымат берип турабыз. Эч кандай дүрбөлөң болбошу керек”,- деди Оторбаев.

#77 27 Декабрь 2013 - 15:34
Мен баратам бом-бейге, болот окшойт кыргыздар чыныгы европа кербенине айланабы?
#78 27 Декабрь 2013 - 23:01
Урматтуу форумчулар Бажы биримдигиндеги (жол картасы) деген эмне? Ал Кыргызстан учун пайдалуубу?
#79 27 Декабрь 2013 - 23:46
Мен каршымын бажы биримдигине.
Бийликтегилер ойлонуп кадам жасагыла, элдин жашоосун оорлотпой..
Важно не то, кем тебя считают...
Важно - кто ты на самом деле
Важно - кто ты на самом деле
#80 28 Декабрь 2013 - 12:51
Алмазбек Атамбаев: “Кыргызстан интеграциялык бирикмелерге улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен гана кошулат”
Кечээ, 24-декабрда Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев мамлекет башчыларынын деңгээлинде Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги отурумуна катышты. Бул туурасында Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко жана Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин катышуусундагы отурумда Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча “жол картасынын” долбоору каралды.
Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө Кыргызстан интеграциялык бирикмелерге улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен гана кошуларын, “жол картасын” бекитүүдө бардык сунуштар эске алынышы керектигин баса белгиледи.