Patriot...kg Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Тартип бузгандар
- Билдирүүлөр:
- 4 012 (1,15 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Спорт (1398 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 10 Март 15
- Кароолор:
- 51 971
- Соңку аракети
- 30 Июн 2018 05:08
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Супер-активист
- Жашы:
- 26 жашта
- Туулган күнү:
- Июль 30, 1998
- Жынысы:
- Эркек
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мага баш баккандар
-
Romantik.
15 Июл 2024 - 03:23 -
bessmertiy
03 Фев 2020 - 08:51 -
0102beka17
28 Июн 2019 - 10:53 -
Zaika.09
28 Янв 2019 - 17:42 -
Mydearzh
29 Дек 2018 - 23:01 -
Osh.city95
12 Дек 2018 - 12:38 -
hafiza.0515
06 Ноя 2018 - 05:12 -
muni.98-98
22 Окт 2018 - 11:32 -
jergetal.
23 Июл 2018 - 18:47 -
Polumna
29 Июн 2018 - 01:33
Мен ачкан темалар
-
Дудук
Жазылган күн: 7 Дек 2015
ДУДУК.Түндүн коюу караңгылыгы тарап, жерге жарык түшө баштады. Жарыктын кириши менен уясынан бырп учкан канаттуулар чыркылдап ары-бери учуп, таң менен кошо ырысын издеп жарышка чыгышты. Жаңы чабылган сап-сары аңыздарда үйүр-үйүр жылкылар, агытылган аттар, субай уйлар шашпай оттоп, жайылып жүрөт. Бул тегеректе ушул бейкапар оттогон мал-жандыктан башка адамзаты ойгоно элек болчу.Аңгыча аңыздын четиндеги дөбөнүн бооруна кандайдыр бир машина келип токтоду. Ичинен шартылдай кыймылдаган эки жигит чуркап чыгып арткы жүк салгычын ачты да, башына кап оролгон бирөөнү сууруп чыгышты.- Ымтырабай болгула, жерге жарык кирип баратат! – деп зекиди алардан кийин машинадан түшкөнкиши тигил экөөнү. Ансыз деле дуңкулдап шашып жүргөн жигиттер каптагы адамды тыбырап туйлаганына карабай дыркырата сүйрөп жөнөштү. Дөбөнүн бир капталы ак тополуу жарча боло турган. Бул айылдын эликыш куюп, шыбак шыбаганга топуракты ушул дөбөдөн алышчу. Калган жердин топосу кара келип, курулушка жарачу эмес. Натыйжада дөбөнүн бир башы аңырая казылып, ар кай жерине көлкүлдөп суу толуп, кээ бир качанкы казылгандарын бийик өскөн куурай, коко-тикен басып жатат.Эки жигит жанагы бечараны түз эле ошондой оюктун бирине дыркыратып сүйрөп барышты. Үчүнчүсү болсо алардын артынан эки күрөктү сүйрөп ээрчип келатат.- Тетигил чуңкурга алып баргыла, – деди ал берки экөөнө жарчанын дал түбүндөгү чуңкурду жаңсай көргөзүп. Тигилер буйрукту кыңк этпей аткарышты. Эки колтуктан кармап дырылдата сүйрөгөн бойдон айтылган чуңкурдун жээгине алып келип, тизелете чөгөрүштү.- Чеч башындагыны! Колундагы күрөктөрдү нары жакка таштап, күрмөсүнүн ички чөнтөгүнөн тапанчасын сууруп чыгып, ыңгайлай кармады. Тигилер жерде отурган неменин башындагы капты ары-бери чечип жиберишти. Бечаранын бети-башы канталап, көздөрү шишип чыгыптыр. Кыязы бир кыйла тепкилешкен көрүнөт. Кыйкыра берип айгак болбосун дегенби, оозуна да тоголоктошкон чүпөрөктү тыгып салышкан. Байкуш кимдердин колуна түшүп, кайда келгенин болжогон окшобойбу, үмүтү үзүлгөн немедей тизесине тик отуруп, көзүн жумуп түп-түз туруп берди.- Кечирип кой Жеки. Өзүңө-өзүң кылдың, – деди да жанагы ороңдогон неме тапанчасын тигинин так эле чекесине такады. Тырс эткен туюк үн чыкты артынан. Тапанчанын оозуна буралган үн каткыч добушту думуктуруп жутуп койду. Тизелеп отурган шордуунун башы артты көздөй шылк дей түшүп, денеси менен кошо ооп барып казылган чуңкурга кирип кетти.- Ылдамыраак тигил топодон омуруп көмүп салгыла! – деди тапанча кармаган киши эки жигитке. – Болгула! Эл тургуча жок бололу бул жерден.Жигитттер жерде жаткан күрөктөрдү ала коюп, чуңкурду көздөй аңдын боорундагы бош топурактан омуруп киришти. Бир заматта айлананы чаң каптап, бырпырап жатып калды.- Туй иттики, ушунтип чаңдай берет эми. Силер көмүп коюп келгилечи, мен бара берейин.Тапанчасын кайра бооруна катып, кылган ишине маашырлангандай кыңылдап ырдап машинаны көздөй басты. Бирок анын бул кыңылдаганы көпкө узаган жок. Машинасын айлана басып оттоп чыга келген койлорду көрүп жүрөгү оозуна кептеле түштү. «Бул маалда жайытка чыккан кайдагы койлор?!» Ушул суроо анын жүрөгүн элеп-желеп кылып жиберди. Жанындагы бийик өскөн куурайга жашына калып, колуна тийген таш-паш менен тигил экөөнү уруп өзүнө чакырды. Иштин кызуусуна кирип алган немелер анын таш ырыгытып, чакырып жатканын бир топто барып байкады.- Токтоткула! Жашынгыла! – деп жаңсады экөөнө. Тигилер ишин дароо токтотуп, жанындагы эле чуңкурга кире калышты.Койлордун артынан чыга турган койчуну күтүп, эки жагын алаңдай карап отурду. «Кайда жоголду экен? Буларды көрүп качып кетпеди болду бекен? Шайтан алгырдыкы, таң атпай кой жайып киши келет деп ким ойлоптур.» Ичинен кайра-кайра сөгүнүп айланасын карай берди.Мындайда бир дагы күбө калтырууга болбойт. Бир эле айгак чыгып калса эртең айыбы ачылып калышы мүмкүн. Мунун корккону эле ушул.Эки жагын аңдый карап алдыга жылды. Эңкейип жоргологон бойдон машинага жетти. Бирок, ичине отурган жок. Машинанын далдоосуна өтүп аңгектин айланасын карай баштады. Акыры тапты. Жарчанын наркы кырында жүдөө кийинген, ап-арык бала бийик өскөн чийлерге жашынып алып аңгектин ичиндеги экөөнү карап туруптур. «Кандай кылсам?» деп ичинен ойлоно калды берки. «Бул аралыктан тапанча менен атууга мүмкүн эмес. Же кубалап көрсөм жете алар бекем? Жок бул чымылдаган неме оңой менен жеткире койбос. Андан көрө дөңдү айланып барып артынан чыгып көрөйүн» Ушул чечимин туура көрдү да баланы көздөй чийлерди аралап бөкчөңдөп жөнөдү. Бирок, ойлогон ою дагы ишке ашпай калды. Кашайгансып жайылып жүргөн койлор мындан үркүп дүр бере калды эле, бала кайрыла калып көрүп калды. Экөөнүн көзү чагылыша түштү бир заматта. Анан кудум бирөө буйрук бергенсип экөө тең жашынган жерлеринен ыргып турушту. Эми ылдамдабаса болбойт. Дароо колундагы тапанчасын сунду дагы туштай кармап машаасын басып-басып калды. Бирок, мынча аралыктан жай убакта да түз тийгизе алчу эмес. А минтип өпкөсү көөп, шашып турганда таамай атуу кинодо гана болоор. Айткандай эле октору кайда кеткени белгисиз жок болду. Бала болсо шарт бурулуп аңгектин наркы тушундагы коктучага кирип кетти. Ого бетер шаштысы кеткен неме күлтүңдөй чуркап артынан түштү. Бирок, денеси оор тартып калган жаны күүлөнгүчө бала бир топ узай түшүптүр. Чимириктей чимирилип бараткан немеге тирүүлөй жетпесине көзү жетти да отура калып удаама-удаа ок чыгарды. Бул эми такыр эле айласы кеткен кишинин аракети болчу. Октору таптакыр башка жерлерди чаңдатып гана тим болду.Акыры аңдын кырына чуркап чыга калып тигил экөөнө кыйкырды.- Нурик чурка! Айылды көздөй кетти. Тезирээк! Өлсөң да калба артынан! А сен, күрөктөрдү алып чоң жолго чыга бер.Өзү болсо күлтүлдөй чуркап машинасына отурду да дөңдү айланып өткөн топурак жол менен чоң жолду көздөй чаң ызгытып жөнөдү. «Баланы айылга жеткирбей кармаш керек!»Ушул ой мээсинде тынымсыз кайталана берди. Чаңы сапырылган жолду буркурата тебелеп аңды-дөңдү карабай уруп баратат. Талаа сугарган арыктардан тим эле дөңгөлөктөрү жулунуп кетчүдөй дүңкүлдөп отуруп, бат эле айылды көздөй кеткен чоң, таш жолго чыкты.- Кудай эми жеткире көр! Эми жеткире көр! – деп ичинен Кудайлап алып, газды өкүртө басып зуулдатып жөнөдү. Бала качып бараткан бир таман жолдөңдөн тик түшкөндүктөн айылды көздөй ылдыйыш экен дагы, дөңдүн артынан айланган чоң жол кыйла эле өр тартып кетет экен. Ошондон улам алдындагысы жакшы күүлөнө албай озондоп өкүрүп баратты. Тигине эрбеңдеген бала сары талаа менен айылды карай чымылдап баратат. Артында Нуриги, узун буттарын кере-кере шилтеп, ал дагы күүлөнүп алган.Качкан да кудай дейт, кууган да кудай дейт деген ушу тура. Алдыда эч айыбы жок чымындай жаны чыркыраган бала, артта канча адамдын башын жеп канга тойбогон карышкырдай кумсарган эки желмогуз. Эзели келишпес ак менен кара, чындык менен кара өзгөйлүк бул жолу ушул үчөөнүн келбетине кирип, кашкөйлөнө жол талашып баратты. Бирде-бири бир кадамын туура эмес таштап, же бир көз ирмем жолунан жаза тайып адашып калса, тагдырдын таразасы дароо атаандашына оой турган кылчайнашкан учур. Чымындай жанын ала качкан бала, сай күлүктөй кадамы тик сайылган узун бут жана өр тарткан жолдон күүлөнүп-күүлөнө албай күркүрөп, албууттанып келеткан машина.***Бала болуп башына түк чыкканы кыштагы көзүнө мынчалык ысык көрүнгөн эмес чыгаар. Жаак ылдый салаа-салаа жаш кетип, аңды-дөңдү карабай чуркап баратты. Шордуу жаралгандан эле үнү чыкпаган дудук эле. Болбосо эчак эле айгай салып, жер жаңырта кыйкырып жөнөсө жанын арачалап калмакка алдыдан бирөө жарым чыгаар беле. Аттиң десең… Айылдаштарынын караанына ушунча зар болгон жок эле буга чейин. Тескерисинче алардан жаа бою качып, жалгыздап басканды каалачу эмес беле. Эс тартканы адам уулунан көңүлү калып, эч бирөөнөн жылуу сөз күтпөй жетилип келатты эле. Бүгүн минтип бир карандай караанга зар болуп келатканын карачы. Жан таттуу деген ушул тура атаганат.Кыштактын четки тамдарына жетээрине да аз калды. Арттагы дүпүлдөгөн дабыш болсо уламдан-улам жакындап келатат. Өзү үч аттаган жерди ал бир эле аттап келаткансыйт тим эле. Бирок, бурулуп караганга чамасы да келген жок. Аңгыча оң жак капталынан таш жолдун чаңын бурулдата сапырып келеткан машинаны көргөндө бечаранын кымындай жүрөгү дагы бир жолу солк этип, көзү караңгылай түштү. Бирок, тубаса көкбеттигин карматып, күүсүнөн жазбай айылын көздөй түп-түз келе берди.Кыштактын эң четки көчөсүнө бурула берээр жерге машина менен чогуу эле жетти байкуш бала. Алдына күү менен келип жолун торой токтогон машинадан жанагы буурул чач киши ыргып эле чыкты. Бирок, бала да туруп калган жок. Шып этип буйтай бурулуп машинанын артынанайланып кетти. Жанагы адам жакшы эле кол сермеп келип кармады эле, самсаалап айрылайын деп турган чаар бешмантынын кармаган жери эле колунда калып, бала суурулуп чыгып кетти. Өзү болсо машинага бир капталы менен урунуп алып күүсүн кармана албай жер сүзүп жыгылып калды. Ушул учурда буларга Нурик да жете келди. Төрт аяктап тура албай аткан неменин үстүнөн тартактап секирип өтүп баланын артынан салды ал. Анткени менен жолду торой токтогон машинаны айланып өтүү аны да күүсүнөн тайдырып жиберди. Машина менен эң четки бакчанын тосмосунун ортосундагы тар кычыктан эптеп кыпчылып чыгып, жаңы эле баланын артынан кууп жөнөмөк болгондо, алдыдагы чымылдаган неме шарт бурулуп биринчи эле тамга кирип кетти. Ушул жерден Нуриктин шаабайы сууй түштү. Талпаңдап барып токтоп, эмне кылсам дегендей артына бурулса, артында шефи да өзүнө окшоп бала кирип кеткен үйдүн короосун алаңдай карап туруптур.***Биринчиүйдүн дарбазасынын астынан сойлоп өтө калып, короосун айланып наркы үйдүн чарбасын көздөй жөнөдү. Эки кошунанын ортосу тикенек зым менен тосулуу болчу. Колун ченебей тыттырып алганына дакарабай зымдын ортосунан өтүп наркы кошунанын чөпканасына кирип кетти. Жаңы эле жыйылган чөптүн бир бурчу уядай оюк экен. Кыязы иттер кирип жаткан тешик окшойт. Култ этип ошого кирип кетти да, өз оозун өзү эки колдоп басып бүрүшүп отуруп калды. Байкуштун коркконунан эки көзү алаңдап, колу-буту токтобой титиреп жатты. Бир заматта башынан өткөн окуя көз алдынан кетпей кайра-кайра тартыла берди. Башы артка шылк дей түшүп чуңкурга кулап кеткен киши, Үстүнө топуратып топо омургандар, анан акыры аз жерден кармап кала жаздаган буурул чач, толук киши. Айрыкча жанагы атылган адамдын өлөөрүндө так өзүн теше караган көзү анын мээсине түбөлүк жазылып калды…Коркконунан көзүн жумуп, буттарын ого бетер бүрүштүрө кымтыды. Бирок коркунучтуу элестер көзүнжумганына да караган жок. Баланын такыр айласы кетти. Кудум бирөө келип кармап кетчүдөй бүрүшүп, жыйылган чөптүн түпкүрүн көздөй тыгыла берди.Ушинтип канча отурганын ким билсин, бир маалда кимдир бирөөнүн өзү отурган жакты көздөй келеткан кадамын сезди. Бала добушту укпаганы менен, жакындап келеткан кадамдарды кадимкидей ажырата билчү. Ал тургай чоң кишинин кадамы менен жаш баланын кадамын да даана ажырата алчу. Адамдын басканы ага жер аркылуу сезилээр эле. Азыр дагы ошол сезими менен туйду. Кимдир бирөө шашпай жакындап келатты. Байкуштун жүрөгү ого бетер алып учуп, өз оозун өзү карыша басып, тырышып отурду. Быш этип дем чыгарса эле буурул чач буттан кармачудай болуп демин көгөрө карманды. Оюнда бир саам шып этип суурулуп чыгып туш келди качкысы да келди. Бирок дабыш ушунчалык жакын жүргөндүктөн, ордунан турганга да эрки жетпей койду. Ал ушинтип же тура чуркай албай, же тыгылып жата албай эки анжы болуп алаңдап турганчажанагы дабышкайра узап кетти. Эми акырын башын чыгарып шыкааламак болду. Бирок, саал кыймылдаса эле чөп-чар шуудурап, тигил сезип калабы деп кайра шүк отуруп калды. Ичинен убакыттын тезирээк өтүшүн гана тилеп отура берүүнү чечти акыры..Ушул убакта анын так эле түбүнө дагы бирөөлөр тапырап чуркап келди. Ал ушунчалык жакын келгендиктен баланын көзү умачтай ачылып, көздөрү алаңдап кетти. Байкуш, эгер үнү чыкканда бакырып жибериши да мүмкүн болчу. Бирок, үн чыгаруу деген нерсе ага дегеле буйруган эмес эле. Көздөрүн алаңдаткан бойдон чөптүн тереңине ого бетер тыгылып, тырышып отуруп калды. Жанагы келген немеболсо өзү отурган жердинтак эле түбүнө туруп алды. Дудуктун көзүнө жанагы тапанча кармаган киши кайра элестеди. Ал азыр мунун чыгышын күтүп чөптүн түбүндө турат окшойт. Аңгыча нарытан дагы бирөө шашпай басып келди эле тиги биринчи келген дабыш дүңкүлдөп, бирбашкача басып чөптүн артын көздөй кетти. Бала ошондо байкады бул адамдын дабышы эмес экенин. Биринчиси, торпок, экинчиси уй саап жүргөн аял деп баамдады акыры. Ошондо гана жүрөгүнүн лакылдаганы бир аз басаңдап, денесинин тырышканы жазылгандай болду. Дагы бир аз отурган соң акырын башын чыгарып эки жагын карады. Көрсө уй саар маал болуп, аялдар, анча-мынча эрте турган эркек кишилер пайда болуп калыптыр. Баары бүттү дегенсип тээ чыгыштан жаркылдай чыга келген күн тоо башынан көтөрүлүп калыптыр.Акырын үймөктүн түбүнөн чыгып, короонун арты менен көчөнү көздөй басты. Бул айылдын эли короолорду жол жээктете зым менен тордоп тосуп туруп, торду түптөй жыш тал отургузуп салышчу. Бала жашынган үйдүнээси дагы жыш талотургузган экен. Ошол талдарды аралапөтүп, башын чыгарып көчөнү карады. Жанагы өзүн кууган машина көрүнбөйт. Анда-мында сааны бүткөн аялдар уйларын көчөгө агыта башташыптыр. Аларды көрүп бир аз демине дем кошула түштү да, зымдардын арасынан этияттык менен өтүп көчөгө чыкты. Бирок, ошондо да көчөнүн ортосу менен баса алган жок. Алаңдап эки жагын каранган бойдон короолорду, тал-теректи түптөп үйүн көздөй жөнөдү. Бир маалда эсине кароосуз калган койлору келди. Эми атасына койлорду эмнеге таштаганын кантип түшүндүрөм деген ой мээсин жей баштады. Чын эле бул атасы менен дагы, апасы менен дагы жарытып сүйлөшө алчу эмес. Деги бул үйдөн эч ким анын тилин түшүнчү эмес. Ага болгону койду көргөзүп «койго бар», уйду көргөзүп «уйга бар» дегенди билишчү. Же болбосо ага-инилери аны артынан айдап алып көң ташытып, отун ташытып, кар ташытып иштетишээр эле. Кыскасы төрөлгөндө эле тубаса дудук түшкөн немени үйүндөгүлөр кул катары гана пайдаланышчу. Өзүнүн азан чакырылып коюлган аты өчүп «дудук» болуп, кийин кой айдаган коңгуроону колунан түшүрбөй көтөрүп жүргөндүктөн «шыңгырак дудук» аталып калган. Бечара колунда коңгуроосу жок болсо кой айдаганга да жарачу эмес. Ошондон улам атасы ага тапкычтык менен коңгуроо жасап берип койгон. Баласына эң чоң жардамы ошол болду анын. Ошону менен жаз-күз койдун өтөлүн ушул шыңгырак дудук алчу. Таң атпай баланы ойготуп, колуна бир шише айран, бир тегерек нан карматышчу да, малын алдына салып талаага кетирип ийишчү. Башында кичинекей неме ойноп кетип, же койлорун таштап үйгө эрте келе калып жүрүп бир нече жолу айоосуз токмок жеди. Андайда атасы аны чоң кишини ургандай кызыл камчыга алып сабачу. Эч ким, ал тургай тууп өстүргөн апасы да болушчу эмес. Ошентип жүрүп байкушту кой артынан калбаганга үйрөтүштү. А кийин болсо шыңгырак дудук жерге жарык кире электе туруп, малын короодон чыгарып кеткенге көндү. Апа сөрөйү күндүз кечке жей турган наны менен иче турган айранын жатаарда эле даярдап, бир баштыкка салып босого жакка коюп койор эле. Андан башка уулунун камын көрүү, эс алдыруу, эркелетүү деген анда болчу эмес.Кыскасы баары ага кулагы кесик кулдай мамиле кылчу. Бир туугандары ал жок бир да жумуш кылчу эмес. Ал тургай кээде бир канча жумушту ага көргөзүп коюп, өздөрү ойноп кетишчү. Же эч нерседен бейкапар жылуу-жумшак үйдө отурушчу. Дудук аларга башында атаандашканы менен кийин көнүп калды. Анын оюнда өзү көр оокат үчүн гана жаралгандай эле сезилчү. Оюн, жаңы кийим, даамдуу тамак дегенди такыр эле самабай да калган.Баса, мунун дагы бир өзгөчөлүгү бар эле. Анысын айыл эли кийинкиге чейин оозунан түшүрбөй аңыз кылып жүрүштү. Башында мунун андай жөндөмү бар экенин эч ким деле байкачу эмес. Балким ошол окуя болбогондо дагы деле билинбейкалмак. Кыскасы, ал мындай болду. Бир күнү кечке маал дудуктун кою кандайдыр бир кысталыш болуп, бир көчөнүн кесүүсүнө кошулуп кетти. Айтмакчы, бир көчөнүн эли койлорун кезектешип кайтарып жүргөндө, дудугуна таянган атасы аларга кошулчу эмес.- Менин дудугум эч кимге кор кылбай эле өзү кайтарат койлорду, – деп мактанып корсулдап калчу ал.Айткандай эле дудугу эч кимге кор кылган жок. Ошол күнү гана саат басып анын кою кесүүгөкошулуп кетти. Атасынан өлгүдөй корккон баладагы тил уккусу келбей жан талашып шыңгырагын шыңгыратып чимирилип жүрүп койлорун талаадан эле бөлүп алды. Башка бирөө болгондо кечинде короосунун алдынан деле бөлүп алмак. Бирок дудуккаандай кылууга болбойт. Койлорун башка бирөөгө кошуп жиберүү, аны жон талаштыра урулган камчыга дуушар кылаары турган иш.Ошону менен кесүү кайтарган балдар койлорун айдап кетишти. Ойноок балдарга баары бир да. Дудуктун кою кошулду, кайра бөлүндү, бүттү. Мындай окуя беркилер үчүн кеп кылаарга деле арзыбаган иш эмеспи.Бир топтон кийин, күүгүм тартып калганда дудук койлорун айдап келди. Атасы аны «элдин эң артында айдап келип жүр» деп үйрөткөн. Байкуш келди да койлорун камап коюп, көчөдө туруп калды. Бир маалда алардан 5-6 там ылдый жашаган Кадыр өйдөнү карай өттү. Дудук ошону эле күтүп турса керек, шап эле колдон кармап короосун карай тартып жөнөдү. Тиги кишинин «эмне болду?» дегенин уккан да жок. Же өзүнөн үн чыкпайт. Башында кетенчиктеген менен эмнеси болсо да бара көрөйүн дегенсип Кадыр анын жетегинде басып короого кирип барды. Дудук түз эле аны койлордун жанына алып келди да, бир жерге тургузуп коюп, өзү аралап жөнөдү. Кадыр анын кылыгын дагы эле түшүнбөй башы маң. Бир маалда дудук бир ак койду шыйрактан алып кармап, дуңдап чакырды. Барып караса өзүнүн кою. Ошондо түшүндү иштин жайын. Көрсө анын бир кою буларга кошулуп кеткен тура. Бирок, иштин эң кызыгы, бул бала короосуна кирген чоочун кой Кадырга таандык экенин кайдан билди десең? Кийин анын бул жоругункошуналар бүтпөс кеп кылып айта башташты.- Тобоо, ал менин коюмдун энин билет экен эй? – деп айтып чыкты Кадыр эртеси эле айылга. Андан кийин кошуналар анын кой толуктаганына, малды кандай таанырына кызыгып көз сала башташты. Ошондо билинди бул баланын шумдуктуу өнөрү.- Шумдугуң кургур, ал биздин көчөдө кимдин малына кандай эн салынганын жатка билет экен, – деп жатышты алар уу-дуу кеп кылып.- Эй аны айтасың. Өмүрү мектепке барып, эсеп-чотту үйрөнбөгөн неме, өзүнүн койлорун кантип толуктайт экен дебейсиңерби, – деп ачылыш кылды дагы бирөө. – Ал деген ар бир коюн өңүнөн тааныйт экен. Агын актай, карасын карадай тааныйт экен ал.Айыл эли башта ишенбей, атайылап сынап да көрүштү. Натыйжада кошуналардын айтканы туура чыкты. Ошондо алар Жараткандын адилеттигине дагы бир жолу тобо дешип, жакаларын карманышты. - Байкушка тил бербеген менен акыл-эсти шумдук бериптир Кудай Таала. Кокус бул бала окуса шумдук адам болмок окшойт, – деп шыпшынышты уккандар.А атасы алардын кебине корстон боло күлүп гана кутулуп жүрдү. Ал үчүн бул дудукту окуткандан көрө малын бактырып алганы дагы пайдалуураак сезилчү.- Бул биздин каныбызда бар. Бул балам мал багып турса берки балдарым деле окуп-чокуп чоң адам болот, – деп койчу ал элге мактангансып. Бирок, ал дудукту эл көзүнө эле балам дегени менен, нары жагында эч качан баладай көргөн жок.Азыр да байкуштун көз алдынаатасынын ачуу жүзү тартылды. Чын эле кантип айтат ал атасына? «Мени бирөөлөр кууду, тапанча менен атты» дегенди кантип айтат? Эмне деп айтат? Атасы анын айтканын күтөбү? Же «кой кана?» деп колуна тийген неме менен чаап, сабап баштайбы? Ушул ойлор баланын мээсин мурдагыдан да мыжый баштады. Байкуш, үйүнө жетээрин жетип, бирок дарбазаны ачып кире албай далдырап туруп калды. «Кантип айтам? Эмне деп айтам?» деген суроолормиң ирет кайталанып, жообу табылбай жатты. Дарбазаны ачаарын, же ачпасын билбей туткасынкармаган боюнча тура берди. Ушул маалда үйдүн эшиги ачылгандай болду. Дудук дарбазага жакындай калып тешигинен шыкаалады. Так эле атасы экен. Бир нерсеге нааразы болуп алган окшойт. Кабагы бүркөлүп, жини келгендей сүйлөнүп атат. Баланын оюна дароо койлору келди. «Таштап кеткенимди билип алган го» деген ой зып дей түштү мээсине. Кирерге тешик таппай кайсалап, үйдүн артын көздөй айлана чуркады. Тамдын артындамал кирип-чыга турган зым эшик бар болчу. Шып этип кирип, дубалга далдаланып калды. Атасы чын эле бирөөгө нааразы болуп алыптыр. Өзүнчө сүйлөнүп алып эшиктин алдына чыкты да, көчө ылдый басып кетти. Байкуш дудук, ал ылдыйкы кайрылыштан бурулуп кеткиче чый-пыйы чыгып, жанын койоор жай таппай турду. Качан атасынын карааны көрүнбө калаары мененчымылдаган бойдон койлоруна жөнөдү. Бирок бул жолу көчө менен кетүүдөн айбыгып, аңызды аралап, талаа менен чуркап баратты.***Кадыр облустун коопсуздукту коргоо мекемесинин кылмыш иликтөө бөлүмүндө бир топ жылдан бери эмгектенчү. Ал өз ишин жан дили менен аткарып, кызматына ак мамиле кылган чыныгы милиционерлерден эле. Далай эле кызматкерлердей болуп жеп ичүү, байлык топтоо колунан келип турса да, арам жолго баспай,так жүргөнү көпчүлүк башчыларына жага берчү эмес. Натыйжада, аны улам башка жерлерге которуп, биринен-бирине оодара берише турган. Ал эмиазыркы иштешип жаткан башчысы болсо ага мурдагылардан да өтүп кастарын тигип калды. Бирок, ишинен айып таба албай туруп мекеменин оозко алынып калган чыгаан кызматкерин алып ыргытуу колунан келбей жүрөт.Ошентсе да жайына койбой эң татаал, башы ачылбас иштерди качан болбосун ага түртөт да турат.Мына, бул жолу да капкайдагы борбордон алыскы айылдакатталган кылмышка Кадырды шилтемей болду. Нөбөтчү аркылууайттырып бөлмөсүнө чакыртты. Баса,начальник керек болсо өзүнө түз чалууну да ыраа көрчү эмес. Атайын кыр көрсөтүп нөбөтчү аркылуу сүйлөшө турган.Көп күттүргөн жок. Эшигин такылдатып кирип келди. Узун бойлуу, түксүйгөнкара каштуу, акырын сүйлөгөн, сыпаа жигит болчу.- Чакыртыпсыз, – деди ал кирип жайланышкан соң.- Ооба, – чакырттым деди башчы кабагын чытып. – Азыр Кара-Таштын аймактык милиционери телефон чалды. Алардын айылына жакын топурак алган карьерден адамдын өлүгү табылыптыр. Жергиликтүүлөрдөн эмес дейт. Чекесине тийген октон улам көз жумуптур. Айтымына караганда чоң кылмыш болгон окшойт. Тезинен ошол айылга жөнөгүлө. Сөөктү бул жакка изилдөөгө салып жиберип өзүң ошол жакта кал. Эл-журттан сураштыргыла. Көргөн-билгендер бардыр. Кандай маалымат болбосун дароо билдирип тур.- Макул. Кайсы машина менен барабыз?- Моргдон машина барат да. Ошону менен эле бар?- А келгенимечи? - Кадыр,эркелегенди койсоңор боло. Машина тартыш болуп турганын көрүп турасың го.Берки унчуккан жок. Баары бир унаа берилбесин жакшы билчү. Кызматтык машиналар короодо бош эле турат. Бул башчынын жөн эле кычастыгы. Бөлмөсүнө жетип эле моргдун кызматкерлери менен байланышты. Убакыт болжошуп алып алардын тамтыгы чыкканунаасына түшүп, тоо этегинде жайгашкан айылды көздөй жөнөдү. Үйдө аялы, эки баласы күтүп отурат. Бирок, кызмат деген кызмат. Аларга карай турган убакыт эмес. Телефонунан кыска маалымат жиберип тим болду. Сарсанаа кылбайын деп дайыма ушунтип койот бир жакка кетеринде. Болду. Ошол кыска маалымат жөнөтүү жетиштүү. Майрам күн болобу, бала-чакасынан бирөөнүн туулган күнү болобу, ага баары бир. Кызмат деген кызмат. Баса, анткени менен үйүндө деле аталык милдетин так аткарчу. Балдарына жароокер ата, аялына сүйүктүү жар боло алды. Аялы анын ишинин татаалдыгына түшүнүү менен мамиле кылды. Мамлекеттин өп-чаv п айлыгы менен жетишпеген турмуштун оош-кыйышына чыдап, күйөөсүнө арка-бел болуп келет. Аны -
Аяна vs. Айыма
Жазылган күн: 24 Сен 2015
Шоу дуйнодо ушул эки айымдын атаандаштыгы чоң.
Сизге кайсынысы жагат. Дегеле кимисин баалайсыз. -
Жогорудагы юзер тууралуу жазыңыз - 3
Жазылган күн: 1 Авг 2015
"Жогорудагы юзер тууралуу жазыңыз" темасынын уландысы. -
Акыркы тамгадан атактуунун атын тап!
Жазылган күн: 7 Июл 2015
Баштадыкпы.
ОМАР -
"Арбак куугунтуктаган адам" чыгармасын ким окуган
Жазылган күн: 17 Май 2015
Мен ушул чыгарманын толук версиясын окугум келет.
Тамчы кабар гезитинен үзүндүсүн окуп калдым.
эгер окусаңыздар ушул жака тема ачып жаза кетиңиздерчи
Достору
-
XAH. -
admin_supe... -
janna95 -
Messing -
kanyshaikg -
madina.87 -
Urmat-1989 -
Chopika -
Musulmanka. -
Bermet_Kas... -
Mediziner -
EdikoKG -
eduardali -
kanat.ozgo... -
Mani.kg. -
Patrik -
Suikumduu98 -
Nurmatova -
Geran -
sezimai93 -
Umut_A -
Ильяз Абды... -
Beki092 -
Narai2016 -
Shirinim345 -
new_hacker -
Patriot..kg -
nazikoooo -
sher.ella -
nuku.kg.kg98 -
K.peri96 -
nur0924
Показать 50 случайных друзей 33
Комментарийлер
Patriot...kg ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?