tavanova.sarah Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 539 (0,14 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Эркин тема (135 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 20 Апрель 14
- Кароолор:
- 23 865
- Соңку аракети
- 21 Май 2021 00:58
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 106 жашта
- Туулган күнү:
- Март 16, 1918
- Жынысы:
- Аялзаты
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мен ачкан темалар
-
Кантип сактанасынар?
Жазылган күн: 5 Мар 2020
Кандайсынар?
Бир нерсени сурайын деп жургом. Боюнда болбош учун ар ким ар кандай жолдорун кылат. Мисалы менин уккандарым: кээ бири иши буткондон кийин, цитрамон ичип коёткен, копчулугу спираль салдырып алышат. Спиральдын дагы минус жактары бар. Врач айткан ар кандай дарыларды ичишет. Же боюнда кылбай турган укол алышат. Айтмакчы бироо ушул уколду алып, тороттон калып калганкен((
Же сразу баласын эмизет.
Озум бала эмизбейм, ошого бир жумада 2 жолу чалканы демдеп ичемин. Зыяны барбы жокпу билбейм бирок.
Биринин артынан б.ирин торобой, кичине чонойсун деген ойдо. Кудай буйурса коп эле балалуу болгум келет)
Дагы ким кандай кылат? -
Эжеден мурун турмушка чыгуу, канчалык мааниге ээ?..
Жазылган күн: 14 Дек 2017
Кутуусуздон башталган тойлор коп эле болуш керек...
Мисалы: эжесинен мурун синдиси турмушка чыкканы, же агасынан мурун иниси уйлонгону. Азыр эч кимди деле тан калтырбаса керек мындай нерсе(менин оюмча). Балким 10 жыл мурун мындай корунуш жанылык болгондур...
Уйдо он уктасан тушуно кирбеген, ойдо жок жерден той башталып кетти. Тагыраагы бир тууган синдимдин тойу(айтмакчы бул жерде эч кандай залет малет болгон жок. Баары туз таза эле кетип атат!). Синдим менден бир эле жаш кичуу. Копчулугу "сен биринчи кетишин керек эле? Сен унчукпадынбы? " деген ушуга окшогон создорун айтып атышат. Чындыгы мен бул нерсеге куйуп бышып терикпедим. Билбейм ойлогон деле жокмун. Катастрофический эч нерсе деле болгон жокго десем тан калып атышат.
Ошого сиздерден сурайын дегемин, синдинин биринчи турмушка чыгуусу, канчалык мааниге ээ?.. -
Үйлөнүү той алдындагы стресс...
Жазылган күн: 20 Сен 2017
Салам форумчулар!
Бул теманы ачканымдын себеби, турмушка чыккан эжелерден, практикадан откондордон сурап, билгим келди?..
Той белгиленген, же белгиленбесе да той жакын, баары ойдогудай. Суйлошуп жургон, конулундогу адамын жанында..
Тойго жакын ойлонуу(типа стресс, кырг.сын билбей койдум)толкундоо, адашпадымбы, ушул менин омурлук жолдошумбу, шашпадымбы иши кылса ушундай ойлор болду беле? Же орустар айтмакчы "той алдындагы стресс"..
Озунчо эле сомнения болдунуздар беле?..
P.S "ишенбесен тийбей эле кой ана мына и т.д." деген создорду жазбай эле койсонуздар. .
Болгону бул боло турган нерсеби же кандай.. -
Оз адамынды кутуу…
Жазылган күн: 21 Янв 2016
Салам форумчулар! Мындай тема болсо sorry?!
Адатта кыз баланы эрте куйоого беришет. Тээ илгерки жашоону эске албаганда, азыр жокко эсе.
Апаларыбыз "жашын 23тон откодо, жигит тандап каласын" деп коп эле айтышат. Ошол нерсе чынбы?… Журоктун да ооз ээсин жолуктурганга акысы барго??!
Туура корсонуздор, кеч уйбулоо кургандар айта кетсениздер? … -
Балалык күндөрдөн бир элес…
Жазылган күн: 20 Янв 2016
Жаны келиндин окуялары, башка жакшыы кундордогу окуялар жонундо темалар бар экен. Мындай тема барбы жокпу билбедим? Ошентсе да, балалыкта откон кайталангыс, керемет кундорго, бир саякаттап барып келсек? Балалык кундорубузго гана тиешелуу… Ошол кундордогу, баштан откон окуяларыбызды эстеп, тентектигибизди эстеп?… Айтор аз болсо да, кунумдук депрессиядан чыгып, койгойлорубуздон бир аз-бир аз болсо да арылып дегендей? … Анда эмесе "Бисмиллахир рохмаанир рохиим" деп озум баштап берейин:
Кичинекей кезимде жакшы эле тентек болчум. Канча жашта экеним эсимде жок. Биз айылга кочуп келген убагыбыз. Кеч кирип калган убакыт болчу. Короодо чон атамдын москвичи турган. Кеч кирип шам намазы убагы болуп калган. Машинага чыгып, ары бери рульду айдамыш болуп буруп отургамын. Бир малда мээме машинаны жургузуш келди. Эки жакты карасам эч ким жок. Энкейип туруп, рульдун астындагы зымды зымга тийгиздим. Себеби андан бир эки кун мурун, абам (атамдын иниси) ошентип жургузгонун коргон болчум. Зымды зымга тийгизерим м.н от алып кетти! Журогум оозума такала тушту. Ары жактан чон энемин уну чыгып калды "не балее болуп кетти? Ким жургузду кокууй?" деп эле атыптыр. Мен болсо отурамын коркуп. Рульду бекем кармап алганга колум терлеп кетти. Койуп жиберейин десем, оордунан козголуп журуп кетчудой сезилди. Козумду аландатып отурамын, эки жакты карап. Бир маалда кузгудон чон атамдын шашып келе жатканын корунду. Атып эле чыктымго эч нерсеге карабай. Даро эле огород жака жугурдум. Коркуп кечки тамакта да чогу отура албадыыым
Негизи чон атам эч качан каттуу суйлоп, же согунчу эмес. "Андай болбойт, мындай балам" деп гана насаат м.н тушундурчу. Максимум урушканы озунун фирменый "бурамай канттын" берип койчу)) Ошол куну шашып, кабагы бурколуп келе жатканынан коркуп кеттим окшойт сыягы…
Биз айылга кочуп келгенде, женемдер м.н бир короодо жашачуубуз(апамын абысыны). Женем кир жууп жайып койгондо, нары отуп бир секирип кармап, бери отуп бир секирип кармап отчумун. Жон эле отуп кете бериш жок эле Женем "Ээээй кыыыз" деп кыйкырып кала берчу
Уйдо бир ч.п чыкса сосуз мен куноолу. Чон энем "дагы сенби тыйвычык? Качан токтолосун? Кыз балада ушундай бодобу? Карачы баланчаны? Ал мындай,тигиндей" деп коп айтчу. Ал айткан созу ошол эле жерде калып калат, кулагыма жетпей . Алма, жузумдор быша элек, дамданып калганда чокусуна чыгып алчумун)) чон энем суйлоп атабы? Апам суйлоп атабы? "Ии" деп коюп, кайра эле оз билгенимди кыла бечумун))
Бир жолу синдилеримди(женемин эки кызы)чогултуп, "сурот тартабыз жургуло" деп кочого чыктык. Ашканабыздын дубалы кочо жакта эле. Ошол дубалга чоп м.н балаты тартып баштадык. Анысы аз келгенсип," балатынын оюнчук, жылтырактары болот" деп, осуп турган ар турду гулдордон, ар тустуу оюнчук, жылтырак да тартык. Кечинде атам жумуштан келишине бул сюрприз да даяр эле.Болгондо да центральный кочо жактагы дубал. Эртеси ак м.н бир нече жолу акташты. Ошентсе да жашылгыч болуп, билинер билинбес болуп калды дубал
Бул окуяда жогорудагы жазганга окшош. Бирок так эсимде жок, жогорудагы окуядан мурун же кийин болгону. Жаныбызда абамдар жашашчу. Атамдын эн чон агасы. Ортобузда огород гана болуп турчу. Абамдар кундузу уйундо болчу деле эмес. Бардыгы жумушта, кичине баласы мектептен кийин достору м.н. Алардын короосунда да ойноп калчубуз. Эшигинин астында анар гулдоп турган экен. Анардын гулдорунон жулуп, дарбазага сурот тарта баштадык. Албетте муну да мен баштадым. Кандай сурот экени эсимде жок, уй тартсак керек эле. Кечинде акем(абамын баласы) келди. Бир сыйра урушуп "Жургуло художниктер" деп алып кетти. "эми кантип суротту тарткан болсонор, ошентип кайра очургуло?! Сен баштадынбы? Кобурогун сен очур" деп чакага суу алып келди. Дарбазанын жарымынан азырагын зорго жуудук. Ыйлап кечирим сурап, экинчи кайталанбайт деп кутулганбыз.
Ошентип алар да дарбазасын бир сыйра боёп чыгышкаан))
Жогоруда айтпадымбы? Тентек болчум деп. Ал убакта атам м.н апамын жумушуна байланыштуу, чон атамдардын уйуно жуманын аягында келип кетчубуз
Адаттагыдай ойноп жургондо,менден бир жашка улуу кыз синдими бир коюптур. "Сени урса унчукпай калабызбы? Биз экообузго?! Эртен эле кетебиз, бизди таппай калат жур" деп. Ойноп отурган кошуна кызды чачынан алып, экоолоп уруп качканбыз. Андан кийин коёндой коркуп уйдон чыкпадым. Качан чон энесин жетелеп келет деп кутуп. .
Муну да мен баштагам. Кочодогу кыздар балдар чогулуп ойночубуз. Биз ойноп аткан учурда, алыстан машина келе жатканда "машина тебелейт" деп бийигирек жерге чуркап чыгат элек. Качан гана машина отуп кеткен сон тушобуз. Стоба болобу, цементпи ызылдап чуркап барып, барыбыз бийигирек(тизеден же тизеден ылдыйрак) жерге уйулуп чыгып алабыз ким улгурбой бийик жерге чыкпай калса "сени машина тебеледи" деп чычалатабыз Ал дагы мейли, кокус уйдо отурганда машина отуп калса да, кроватька жугуробуз.
Ушундаай форумчулар Эсимде калгандарынан жазып оттум Эми силер да, откон кундор жонундо болушо кеткиле…