Эм болуу деген эмне? билгендериниздерди жаза кетиниздер
#1 20 Март 2014 - 12:24
Балам кундон кунго арыктап баратат, башына да жаракка пайда болуп калыптыр,туугандарым эм болуп калыптыр эмдетиш керек дейт деги эле эм деген эмне ишенсем болобу же больницага апарыш керекби? кенеш берип койсонуздар
Турмуш- бул чоон мектеп!
#2 20 Март 2014 - 12:33
baku24 (20 Март 2014 - 12:24) жазган:
Балам кундон кунго арыктап баратат, башына да жаракка пайда болуп калыптыр,туугандарым эм болуп калыптыр эмдетиш керек дейт деги эле эм деген эмне ишенсем болобу же больницага апарыш керекби? кенеш берип койсонуздар
созсуз турдо врачка корсотунуз. биз, кыргыздар эки эле оору билебиз: коз тийген жана суук тийген. "эм" - эмне экенин билбейм, ко - оп ойлонбой оорукананы коздой жононуз.
#3 20 Март 2014 - 12:54
Тажрыйбалуу врачтарга алып барыныз, ар кимдин айтканын кылам деп, баланыздын жаратын ырбатып албаныз.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#4 20 Март 2014 - 13:46
Анысын да, мунусун да жасата бериниз. Бири болбосо бири. Бирок убакыттан уттурбаныз.
'Башында жарака' дегенинизди тушуно албадым. Баланыз канчада? Тиштери тугол чыкканбы? Качантан бери арыктоодо? Дагы кандай белгилер бар? Уйдо ит, мышык кармайсыздарбы?
Баланыз чыргоолонбой элеби? Тундо кандай уктайт? Киндик тушу, кочугун тырмабайбы?
Деги эле баланын абалы кандай?
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#5 20 Март 2014 - 14:37
балам 9 айга толуду эки тиши чыккан кыймыл - аракети, ойногону жакшы бир жумадан бери мага жабышып кынылдап калат, бирок коп деле эмес, туну уйкусу да акыркы кундору бузула баштады. Мышык, ит деле кармабайбыз кышы менен эшикке чыккан эмесбиз. арыктаганына коп болду мен аны укол алдык эле ошодон коруп журо берипмин. Дагы айта кетуучу нерсе эм болгондо буттарын учкаштырат дешет балам да ошентип атат. Эм дегенине такыр тушунбодум
Билдирүүнү түзөткөн: baku24: 20 Март 2014 - 14:40
Турмуш- бул чоон мектеп!
#6 20 Март 2014 - 14:55
Бугун эрте менен коруп эмчи дегендерге алып жоносом алар учунчу кундору кана корот дешти ушундай болушу мумкунбу?
Турмуш- бул чоон мектеп!
#7 20 Март 2014 - 15:12
Бир барып корунузчу, мен да тушуно албадым. Педиатрга да кайрылып корунуз.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#8 20 Март 2014 - 15:44
Эм деген баш сооктору бир аз ажырагансып корунуп калганда эм болуп калыптыр деп эскичилик менен бир баляяларды кылгандарын коргон элем. Чупурок,чапырактан музоо,торпокторго нокто тиккенсип тигип баланын башына кийгизип койгондорун,
бирок анчалык маани бербегем.
Менимче баланыз кышы боюу таза абага чыкпаса,кун корбосо Д витамини жетишпей жататго. Д3 витаминин кабыл алып жаттынар беле деги? Чачынын аркасы (желкесиндеги чачтар) тушуп жол сыяктуу болуп калбадыбы? Рахид оорусун башталышы болуп журбосун. Эмчисине деле бара беринизчи, бирок педиатрданда кенеш алып коюууну унутпаныз.

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 20 Март 2014 - 15:46
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#9 20 Март 2014 - 15:47
Бул менимче итий оорусунун симптомдору.
Ай сайын педиатрга осмотрга барасынарбы?
Кыш ичи кунго эшике чыкпагандан балага д витамин жетишсиз болуп аткан го. Эртерээк врачка баргыла.
Эмдетип койгондун деле зыяны жок .
Аптанын шаршемби куну уч жолу барасынар, мен билгенден тегерек нанды башына коюп кемеге тушкон адам кесет .
Алар себепкер албетте шыпаасын Кудай берет.

#10 20 Март 2014 - 16:20
Эм болгон жаш бала арыктап, куйруктарында тырыш пайда болуп, башынын фигурасы бузулуп кыскасы ушундай белгилери болот.
Медицинада кандай карайт же даарылайт билбедим. Менин чон энем эм болгон балдарды даарылап келет эле. Таш баканын жумурткасы менен даарылайт эле. Айыгып кетчуу дээрлик баары эле.
Мен да болгон экенмин кичинемде, чон энем даарылаган экен, азыр бир жакшына элемин.
Кыргызчылык эмес озбектер да болот экен, ушундай жол менен даарылайт экен алар дагы, таш баканын жумурткасы менен.
Бирок медицинада кандай экен билбейм. Билишимче алар деле таш баканын жумурткасынан жасалган даары колдонот.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#11 20 Март 2014 - 16:32
Менин ,кичинекей бир туугандарымды да кичинесинде эмдетчуубуз,
ванкувер байке айткандай таш баканын жумурткасы менен даарылайт болчуу бир кемпир.
#12 20 Март 2014 - 19:19
Kg.lady (20 Март 2014 - 15:44) жазган:
Эм деген баш сооктору бир аз ажырагансып корунуп калганда эм болуп калыптыр деп эскичилик менен бир баляяларды кылгандарын коргон элем. Чупурок,чапырактан музоо,торпокторго нокто тиккенсип тигип баланын башына кийгизип койгондорун,
бирок анчалык маани бербегем.
Менимче баланыз кышы боюу таза абага чыкпаса,кун корбосо Д витамини жетишпей жататго. Д3 витаминин кабыл алып жаттынар беле деги? Чачынын аркасы (желкесиндеги чачтар) тушуп жол сыяктуу болуп калбадыбы? Рахид оорусун башталышы болуп журбосун. Эмчисине деле бара беринизчи, бирок педиатрданда кенеш алып коюууну унутпаныз.
Менимче баланыз кышы боюу таза абага чыкпаса,кун корбосо Д витамини жетишпей жататго. Д3 витаминин кабыл алып жаттынар беле деги? Чачынын аркасы (желкесиндеги чачтар) тушуп жол сыяктуу болуп калбадыбы? Рахид оорусун башталышы болуп журбосун. Эмчисине деле бара беринизчи, бирок педиатрданда кенеш алып коюууну унутпаныз.
Д3 ичиргем андан сырткары санавит ичкенбиз озу ото эле назик кылып карап коюпмун.
Турмуш- бул чоон мектеп!
#14 20 Март 2014 - 20:34
Ооба 3чу кунду кутосуз. Ошол эмчи аптанын кайсыл кундору кел десе ошондо барасыз. Эмчи деген жанагындай козу ачыктар эмес. Баардык адам эмдеп даарыласа боло берет эгер жолун билсе, дубасын ырым жырымын билсе. Намаз окуган такыба адам болсо эгер.
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#15 20 Март 2014 - 21:33
Алла шыпаасын берсин.
Эмчи менен козу ачык эки башка болорун билсениз керек.
Нокто кийгизип, кокул остургондорун коргон болчумун. Албетте Аллах шыпаасын берет, алар себепчи болот.

#16 20 Март 2014 - 22:15
Менин кайненем да бала эмдейт ошентип. Ошол үйгө келин болуп барганча андайды уккан эмес элем.
Көп жылдан бери эмдейт, мурда чоң кайненем эмдечи экен. Ошол ташбаканын тукуму менен эмдейт, кичине бөлүгүн чайга эзип ичирип, калганын ошол жарака кеткен жерге сыйпайт. Азыраак ажырагансып туррса 3 же 5, көбүрөөк болсо 7 күн эмдейт. Илгери баласын алып келип жүргөндөр, небересин да алып келет, ошондон улам пайдасы тийсе керек го деп калам. Келгендер бала мурдагыдай чыргоолонбой жакшы уктап калганын айтышат. Бирок, кайненем күн тандабай эле эмдесе керек. Анан айылда дагы бирөө бар, ошол кайсы бир күнү эле эмдечи эле.
Жогоруда айтып өтүшкөндөй, врачка да барып, эмчиге да көрсөткөнүңөр оң. Кээ бир врачтар өздөрү сунушташат го эмдеткиле деп.

#17 20 Март 2014 - 23:49
рахмат билгениниздерди ажаза кеткениниздер учун
Турмуш- бул чоон мектеп!
#18 21 Март 2014 - 08:58
Жакшы тема ачылыптыр, билбегенимди билип алдым.