Келиндин келгендегиси эсинен кетпейт
#21 17 Июль 2010 - 14:16
#22 17 Июль 2010 - 15:48
Zaki кийин ал жылан мени чаккан жок ,ал уусу жок акылдуу жылан болуп чыкты.Ал жылан мага тескерисинче жардам берет.Бир куну ооруп капельница алгам, колумду сууга салдырбай мени уктатып коюп озу тунку бирге чейин кир жууптур.Эртеси озу да суук тийип ооруп калыптыр, анан айтат мага "эгер мен аял болсом эптеп акча чогултсам да кир жууган машина сатып алмакмын" деп.Эми ошондон бери мага кир машина алып берем деп аракет кылып атат.Бишкекте жыл сайын бир ай ысык суу токтойт го анан мен кир жууп ал муздак сууга чайкап сыгып анан жайып берчу .Кийин базарда жургондо момундай эле "малютка" алып албайлыбы ?десем "сыга турганы барын эле алалычы "дейт.
Ушу жумуш жазашканга байланыштуу бир окуя эсиме тушту, Кумондор айтат го "чуркап барып апкеле калчы десе тим эле жугуруп барып апкелатам "деп аялынын жумшаганы жонундо.Ушуну кайнатамдар менен коруп атсак Кумондор "ой баарибир аялдарга баш иет экенбиз акыры журуп..., булар кытайдан да жаман калк болот турбайбы ...билгизбей журуп басып алат экен..., андан коро азыртан эле уулунарды келининерге тапшырып бере бергиле... соогу меники эти сеники деп эле" десе аябай уялып мен жонундо айтып аткансып.
#23 21 Июль 2010 - 09:37
Мен да озум Нарындан болгондуктан зарылчылык болбосо эшик деле шыпырчу эмеспиз, бизде кобунчо келиндер эмес эркектери шыпырат эшикти.Анан мен дагы Жалалабаттын келини болгондуктан эшик шыпырышым керек болчу,мен бул жонундо мурда эле уксам да мага тиешеси жоктой сезилчу.Анан шыпырган деле жокмун ,шыпыр деп деле эч ким айткан жок.Бир жолу анан кайненем катуу каарданды мен мындай болуп алып шыпырдым.Бир кун шыпырам эки кун шыпырам кайра эле унутуп калам.Баягы "конгон адат калабы уйга жугон салабы "дегендей мунун дээринде жок болсо эмне кылам деди окшойт. Кайненем озу эле шыпырып калды ,анда мен блбой телтектеп туштон кийин шыпыргыны которуп жоноп калсам "кирип уйдо жумушунду кыла бер "деп жонотуп ийчу.Азыр такыр эле шыпырбайм.
#24 21 Июль 2010 - 10:13
#25 21 Июль 2010 - 10:41
#26 21 Июль 2010 - 12:43
andormeda (21 July 2010 - 10:41) жазган:
Кыз кезинде баары жакшы ... "еме" кайдан чыгат?
#27 21 Июль 2010 - 12:58
Таллас (21 July 2010 - 06:43) жазган:
andormeda (21 July 2010 - 10:41) жазган:
Кыз кезинде баары жакшы ... "еме" кайдан чыгат?
чуууушшшшь омой, бироо жарым укпасын, азыр кобралар очук
олуп эми кетемби,
жолукпаса бизге жаккан аруу жан,
чыдай тушчу,
куткон жанын чыдачы,
кете элек го кара кучум каруудан,
#28 21 Июль 2010 - 17:30
Билдирүүнү түзөткөн: Ашыкмын: 21 Июль 2010 - 17:40
#29 21 Июль 2010 - 21:12
Жаны келин болуп барганыныздарда сиздер билбей , туура эмес аткарылган учурлар жана ынгайсыз абалдар да болгонбу?
#30 22 Июль 2010 - 13:50
Жакшы тема экен.
Мен да келин боло элегиме байланыштуу женелеримдин жаны келгендегисин жазайын да э.
Атамдын иниси кыз ала качып келди. Уйдо чон энем экообуз. Байкем, анын досу, анан "женем" бир маалда кирип келишти. Женекем да: "Согушка барсан да кулуп бар, деп эле келе бердим" дейт, а мен ала качып келсе машинадан тушпой кууратабы деп ойлоп алгам да. Оозумду ачып элее, чон энемдин айтканын жасап чуркап журдум. Бир маалда уйго туугандар жык толду.
Кызык анан башталды... Кудалар келишип, "Кызыбызды алып кетебиз, неге уруксатсыз ала качасынар?" деп кирди. Мен да тан калдым... Женебиздин келгени уруксат бергендей эле болчу гоооо деп.
Анан апасы кызын жулкулдатып атат дейсиз, анан эле женем да кыйын экен "Ой силер сыйды жеп анан уйго кете бергиле, мен озум келдим" десе болобу.
Ошондо байкуш эне жаман болду да. Келгенде бир башка аял эле, кетип баратканда такыр башка.
"Жанылбас жаак, мудурулбос туяк болбойт" дешет, азыр кантсе да байкем менен женем 2 баланын бактылуу ата-энеси.
Ылайым бактылуу омур сурушсун.
#31 22 Июль 2010 - 13:57
Атамдар 7 уул, атам эн улуусу да. Калган 6сынын уйлонгонун айта баштагам, ээриккенде окусаныздар э.
Байкем аскерден жаны келет, а кезде кудалашып коюшчу экен. Анан анын кызын башкасы ала качып кетет. Ага ыза болгон женелерибиз "Ушу куну сага да кыз табабыз" деп, шымалана чыгышат. 2 женем 1 эжекебиз тааныш бир аялды салып алып анын туугандарынын кызына барышып, 4 аял кыз ала качып келишкен экен.
А байкем уйдо уктап атат. Бир маалда ызы чуу тушуп "Келин келдииииии! !!" деп чурулдашты. Байкем ойгонсо, аскерден жаны келген неме уктап атат жыргап.
Женелер аны аран ойготуп, тур досторунду чакырт да келин бала менен тааныщ дешкен эле...
Ошентип уйлонушкон агам менен женем эн бактылуу жашашты. 4 баланын ата-энеси.
#32 22 Июль 2010 - 14:10
биз уйго мышык багабыз дайыма. Азыркы мышыгыбызды жаны алганбыз женем келгенде... Аппапак кооз таргыл мышуня да ... а женем оллоо коркчу анда мышыктан, беш метр алыста ойноп жатса да бакыра берчи "ал эле ал" деп ... Папам келин коркпосун деп байкуш Кисамды мойнуна жип байлап баняга байлап салчы анан бир куну уйго тапырап коп киши келип калды, бакчага устол жазып ошол жерде чай берип жатканбыз, бир кезде Киса келип алып именно женемдин бутуна жатып алыптыр. Таптатынакай женем туруп туруп эле бакырса боло? Коноктор, биз эч нерсе тушунбой калыптырбыз. Женем чанырыкты оллооо салып алган ошондон кийин мышыкка уялганына конуп калды )))
олуп эми кетемби,
жолукпаса бизге жаккан аруу жан,
чыдай тушчу,
куткон жанын чыдачы,
кете элек го кара кучум каруудан,
#33 25 Июль 2010 - 05:31
azalove (22 July 2010 - 08:57) жазган:
Атамдар 7 уул, атам эн улуусу да. Калган 6сынын уйлонгонун айта баштагам, ээриккенде окусаныздар э.
Байкем аскерден жаны келет, а кезде кудалашып коюшчу экен. Анан анын кызын башкасы ала качып кетет. Ага ыза болгон женелерибиз "Ушу куну сага да кыз табабыз" деп, шымалана чыгышат. 2 женем 1 эжекебиз тааныш бир аялды салып алып анын туугандарынын кызына барышып, 4 аял кыз ала качып келишкен экен.
А байкем уйдо уктап атат. Бир маалда ызы чуу тушуп "Келин келдииииии! !!" деп чурулдашты. Байкем ойгонсо, аскерден жаны келген неме уктап атат жыргап.
Женелер аны аран ойготуп, тур досторунду чакырт да келин бала менен тааныщ дешкен эле...
Ошентип уйлонушкон агам менен женем эн бактылуу жашашты. 4 баланын ата-энеси.
Bajkeniz baktyluu eken, zheneleriniz alyp kachyp berip dagy ojgotup )))
#34 01 Август 2010 - 15:45
#35 02 Август 2010 - 10:06
#36 03 Сентябрь 2010 - 21:54
#37 08 Сентябрь 2010 - 18:23
#38 15 Октябрь 2010 - 11:51
#39 15 Октябрь 2010 - 12:25
#40 25 Ноябрь 2010 - 13:56
Куз келгенде байкемдер картошка казып,чогултуп жатса,"А эмне--е,картошка жерден чыгабы,мен талдан чогултат экенбиз дегем"деп баарыбызды кулдургон.
Азыр айтсак,"Ошондо эмнеге айттым экен?Озум да билбейм "деп калат.Женекем москоолук болгусу келсе кереееек да,кыязы.