Ali_Bolotbek Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 20 (0,01 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (7 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 30 Январь 17
- Кароолор:
- 21 042
- Соңку аракети
- 22 Май 2023 11:34
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 36 жашта
- Туулган күнү:
- Июль 1, 1988
- Жынысы:
- Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Мектептеги күлкүлүү, кызыктуу окуялар
Жазылган күн: 6 Сен 2018
Урматтуу достор, мектепте окуп жүргөн кезде баштан өткөн кызыктуу окуяларды жазабыз.
Өзүм баштап берейин. 10-классты аяктап, жайкы эс алууга чыккан учурда айылыбызга шаардан биз курактуу кыздар келип калды. Шаардан келген кызды биздей айылдык балдар кантип жөн коймок эле. Үйүн айланчыктап жүрүп алар менен акыры тааныштык. Экөө Чүйдөн, бирөө Кочкордон келиптир. Кочкорлук кыз өзүнчө эле "ОЙ МАМА ЖОРГАМЫШ" деген кыз экен. Бир күнү кечинде балдар чогулуп, шаардык кыздарды көчөгө алып чыгып, костер жактык. Баягы Кочкорлук кыз "айылыңар чаң экен, эртерээк үйүмө кетип душка түшсөм жакшы болот эле" деп чоёңдоп отурган. Бир маалда Бакыт деген классташым "Айпери, сен Кочкордун кайсыл жагынан болосуң" деп калды. Айпери аны жаман көргөнсүп оозунун учу менен "куйругунун астынан болом" деп көзүн сүзүп отуруп калды. Тапандыгы ашкан Бакыт "ошондой, эртеден бери эмне жыттанып жатат деп таппай жатса..." дегенде баарыбыз каткырып жибердик. Тиги кыз кызарган боюнча кетип калды. Ошол боюнча ал кызды көргөн жокмун. -
Сулуушкам, менден качпачы...
Жазылган күн: 7 Авг 2017
Эсимде. Күз мезгили болчу. Кечинде адаттагыдай сага жөнөдүм. Кандай сезимдер азгырат билбейм эмнегедир күн батары менен эки бутум сенин үйүнө алып жөнөчү. Ал кезде телефонуң жок эле. Кантип чакырам? Байкең чыгып калса кантем деп үйүңө жеткиче сарсанаага батчумун. Сени чакыра албай айлам кеткенде кудум эле ууру кылган мышыктай болуп терезеңдин түбүндө отура берер элем. Сени көрбөсөм, үнүңдү укпасам дагы терезеңдин түбүндө туруу мен үчүн бакыт болчу. Сенин ар бир кыймылыңды аңдып отуруп кыялымда сени менен жашап алчумун. Ооба. Кыял деген керемет нерсе эмеспи. Бирде көк асмандын алтынчы катарына чыксаң бирде жердин жетинчи катмарына кирип кетесиң. Кыялымда сени менен канча жерди аралап келдим. Анын бирин билбейсиң. Айтсам сага жомок сыяктуу сезилип, ишенбейсиң.
Ошол күнү сага жолукканым эч качан эсимден кетпейт. Кошунаңдын огородуна кирип алганбыз. Кучагыма кысып, ааламдагы эң бактылуу адам болуп, жашоо ошол түн менен токтоп турса экен деп кыялга батып турдум. Назик эриниңден өпкөнүмдө сага ыраазычылыгымды кантип билдирээримди билбей жаттым. Ошол учурда сенде кандай сезимдер болду экен деп күнү бүгүнкүгө чейин ойлоном. Аны убагы келгенде бетме-бет отуруп айтаарсың.
Эсиңдеби, классташың менин каттарымды сага жеткирип турчу. Бирок ошол каттарга бир дагы ирет жооп берген эмессиң? Балким жактырчу эмессиң? Балким улуу деп мени теңиңе алчу эмессиң. Андан бери канча жыл өттү. Айылдагылар айткандай "жапжаш жүргөн Дөпө картайды" . Азырчы? Үй-бүлөсү бар деп качасыңбы? Ал менин теңим эмес деп качасыңбы? Эмне себептен жолуккуң келбей жатканын билгим келет.
Сага эч кандай жаман оюм жок. Сен дагы кайын журтуңа абийириң менен барышың керек. Менин үй-бүлөлүү болгонумдун бир жакшы жери ушул теманы бойдок балдарга караганда жакшы түшүнөм.
Болгону сени менен жолугуп, сүйлөшүп, сулуу жүзүңдү тойбой кайра-кайра карап, жибектей назик колдоруңду кармап, жумшак бетиңден жыттап, эрдиңден өөп отургум келет. Сулуушкам менден качпачы. -
Эл укпаган кандай ысымдарды билесиңер?
Жазылган күн: 3 Авг 2017
Ак-Талаалык Жанболотов деген киши уулдарына Даулетбекчилтенкүнтеңир жана Байжанарымайтеңир деген ысымдарды ыйгарыптыр. Биринчи окуганда аз эле жерден тилим сынып кала жаздады))) Достор, силер дагы ушундай аттарды кездештирип жүрөсүңөрбү? -
Той ырчылары деген кимдер?
Жазылган күн: 25 Июл 2017
- Бекер жүргөнчө ырчы болбойсуңбу, - десе;
- Жок анчалык бекерпоз эмесмин деп куудулдар тамашалагандай чындыгында ырчыдан көп неме жок. Социалдык тармактарга кирсең ар бир экинчи колдонуучу ырчы. Таланты бары деле, таанышы бары деле, үнү бары, үнү жогу деле ырчы болуп алышты. Кечээ жакында эле фейсбуктан Береке Дооранова деген ырчынын баракчасынан «МЕН ТОЙ ЫРЧЫСЫ ЭМЕСМИН» деген билдирүүсүн окуп калып, анан суроо пайда болду. Той ырчысы деген кимдер? Кандай ырларды аткарышат? Той ырчысы, дагы кандай ырчы болуп бөлүнөт?
Комментарийлер
Ali_Bolotbek ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?