akmanai Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 11 (0,01 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Үй-бүлө (4 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 04 Июнь 19
- Кароолор:
- 10 191
- Соңку аракети
- 28 Фев 2022 00:41
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 32 жашта
- Туулган күнү:
- Январь 25, 1992
- Жынысы:
- Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: 30 жаштан жогорку мырзалар менен айымдардын таанышуу бурчу
Жазылган күн: 19 Май 2021
Саламатсыздарбы форумчулар. Кандайсыздар. Сурап сурап журуп меккеге жетиптир дешет го. Анын сынарындай копчулуктун арасынан сураштырып издеген нерсени тапса болоор. Албетте буйрук менен.
Менин бир тууган агам бар. Жашы 33го келип калды. Россияда иштеп уйлонбой журду.Уй булодо жалгыз бала. Озу жоош. Эмгекчил. Уйу,машинасы бар. Уй айылда. Бирок келечекте шаарда жашайм деген планы бар. Шаардан уй алганга аракет жасап журот. Чынчыл. Мунозу жакшы. Ичип чегип урушуп ушуга окшогон бизди уят кыла турган бир да жаман тарабын уга элекпиз. Аябай эле мактап салыптыр дебениздер. Болгон чындыкты айттым. Озубуз орто турмушта жашайбыз. Агам жоош болгону учун кыздар менен коп ачылып суйлошо бербейт. Тааныштарыныздардан, туугандарыныздардан жакшы кыздар болсо сунуштасаныздар. Озумдун номеримди калтырам. Себеби апама келин болчу адамды озум карап коруп анан байкеме сунуштагым келет. Туура тушуносуздор деп ойлоймун. Мен апама,агама жамандык каалабайм. Жене боло турган кызды эжемдей кабыл алгым келет.
0779 08 89 50 вотсап
Жалал Абад облусунан -
Темасы: Ага-ининин аялдарынын мамилелери
Жазылган күн: 8 Май 2021
Жазгандарыныздарды окуп чыгып сый эле бойдон калайлы деп ойлоп калдым. Бир авысыным бар. Улуубуз дагы бир авысындыуу болобуз. Мен эн кичуусумун. Эч урушпасак экен деп эле тилеймин. Эн чон авысыныбызды улуубуз деп сыйлап эле журсок экен дейм. Менден эки жаш улуу. Буга чейин урушкан эмеспиз. Уйуно барып калсам отурбай жардамдашканга аракет жасайм. Отура бер дей берет. Мен аны эч кимге жамандабайм, ал мени жамандаганбы жокпу анысын билбейм. Жамандаса деле мен негизи ушака маани бербей кол шилтеп коюп журо берем. Куйоолорубуздун сыйы бузулбай, бир боордук мээримдерин суутпай эле журушсо экен. Анан да ушул суперстан мага жакшы турмуштук сабак болуп калат. Мисалы куйоом футбол ойноп тунку 4то келип достору менен журо берчу. Ошондо жиним келип же досторунду танда же мени деген тандоо коём деп жатканда ушул койгойумо байланыштуу Айжан деген форумчунун аябай акылдуу жообун окуп,озумо келе тушком. Ошондон кийин жолдошумдун достору менен жургону мага койгой деле болбой калган. -
Темасы: Жолдошуңуз (жубайыңыз) менен көп убакыт көрүшпөй калдыңыз беле
Жазылган күн: 30 Апр 2021
Менин торкунумо келгениме эки жума болду. Жолдошум кундо качан келесин? Сен жок жаман экен. Кел эртерээк деп бир эркелетип, бир урушуп атат. Бир аз документке байланышкан жумуштар бутпой жатат. Мен да сагынып жаман болуп журом. Уйумду да сагындым -
Темасы: Алгачкы жолугушуудагы болгон окуялар!
Жазылган күн: 28 Апр 2021
Жакшы тема экен. Мен алтынчы класста окуп жургондо бир жактан келе жатсам жолдо менден 3-4жаш чон топ балдар туруптур. Уялып отпой тура бердим. Анан торт аял келе жаткан экен ошолор менен отуп кеттим. Алар менен чогуу келип, 2 айрылыш жолдон болунуп,дагы жалгыз калдым. Бир убакта ички туюмум менен артымдан бироо келе жатканын сездим. Уялып карай албай келе бердим. Бир убакта жаныма келип кандайсын деп колун сунуп учурашты. Мынтип озумдон улуу бейтааныш бала менен учурашып корбогонго жаман болдум колум титиреп. Ошентип атымды сурады аны муну суйлоп анан кечинде келем чыкпайсынбы дейт. Мен али кичинемин апам урушат дегенимди эстеп азыр акылдуу болгон экем деп калам. Анан бизге бетме-бет бироо келе жаткан экен кетиниз чогуу бассак уят десем артка чуркап кеткен. Кийин онунчу класста окуп жургонумдо ошол бала дагы ээн жолдон ээрчип калды. Тааныдынбы десе жок деп коём сыр бербей. Муруун жоолуктук эле го анда да ушул кызыл куртканды кийип жургон элен десе жаман болуп кеткем. Мектепте окуп жургондо жаны кийим алсам 2 3 чон размерин алып батпай калганча кийе берчу экенмин. Ошентип суйлошуп, жоолугууга чакырды чыкпай журдум. Бир куну концерттен кийин дискотекага курбум экообуз калып, буткондо уйго баратсак жолдон курбумду бир бала чакырды эле ал аны менен кетип калса болобу. Менин жаныма баягы бала жетип келди. Ошентип уйго чейин экообуз бардык. Кийин жоолугуп журдук. Ар суббота жоолугат элек. Жоолуккан сайын шокалад которуп келет. Анын кагаздарын чогултуп коюптурмун. Жакында эле орттодум. Бир куну суйлошуп турсак башкача болуп эле кучактап келатат. Анан сиздин оюнуз жаман экен деп мен таарынып уйго кирип кеткем. Азыр эстесем кулкум келет. Ал ошо менен келбей журду. Ортомчубуз менин курбу кызым анын жээни болчу. Ал жоолугуп жатасынарбы деп менден сураса мен келбей жатат деп коём. Ал ага барып эмне барбай жатасыз деп сураса ал курбун али жигит менен суйлошо турган болуп чоноё элек экен дептир. Аны угуп бир кулкум келет. Кийин туулган кунумдо белегин которуп келип калыптыр. Ошондон кийин кайра жоолуга баштадык. Ошентип журуп мен мектепти бутуп,шаарга кеттим. Ал шаарга барба агам уйлонгондон кийин биз уйлонобуз деп коп айтты. Мен укпадым. Окуйм деп шаарга кеттим. Толтура акыл насаатын айтып жонотту))) Кийин эмнегедир аны менен суйлошкум келбей калды. Номеримди озгортуп байланышпай койдум. Шаарга издеп барып,шаарда жургон айылдаштардан сураштырып журуп таап барды. Жоолугуп аянтка алып чыкты. Аны муну алып берди. Айылга бар деди укпадым. Мен мектепте окуп жургондо таап алган шакекти алып башка манжаларына батпагандыктан чыпалагына салып алган эле сени эстеп турам коргон сайын деп. Ошол шакек дале журот колунда. Ошентип ал айылга кайра кетти. Мен кийин башкага турмушка чыгып кеттим. Азыр бактылуумун бирок аны эстеп мени ошондо аябай жакшы коргон экен деп анын сезимдерин эми баалайм. Бир корсом жакшы болмок. Кандай болуп озгорду экен! -
Темасы: Мурда сүйүп жүргөн адамыңа жолуксаң кандай абалда болосуң?
Жазылган күн: 22 Янв 2021
Жакшы тема экен. Мен он жыл мурун катуу суйгон адамыма жакында эле жоолугуп калдым. Ал мени коргон жок. Мен бараткан жолумдан бурула калып эле капталда турган бутике кирип, шымдар канча сом дептирмин да шашып. Ал мандайыида келаткан да. Эстеген сайын ошондогу абалыма кулкум келип журот)))
Комментарийлер
akmanai ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?