Акталбаган үмүттор же Баркталбаган бакыт.
(драма)
-Айтчы Назик эгер үйдөгүлөрүн каршы чыкса кантебиз?
-Эми эле баатыр болуп жатпадын беле, же эмне мени мынчалык тез макул болот деп кутподун беле?
-Бул эмне дегенин. Сенин макулдугунду угуш мен үчүн бүт ааламды багындырган менен барабар экенин билесин да. Болгону атандан чоочулап турам. Белгилүү, атаң чиренген бай атка минээрлердин бири эмеспи, көзүнүн карегиндей сактаган жалгыз кызын мендей бир байкушка ыраа короор бекен дейм да.
-а эмнеге болбосун, сен байкуш эмессин, сенде ошол чиренген байдын кызына керек жүрөк бар, бул сенин эң чоң байлыгын. Башкасы мааниге ээ эмес, байлык колдун кири, сенин акылын менен баарына жетишсе болот. Эч качан менин атам жөнүндө антип ойлобо, ал да асмандан бай болуп түшүп калган эмес, баарына өзү жетишкен, ал өтө акылман киши, адамдардын байлыгына эмес акылына баа берет. Мына көрөсүң, сен албетте атама жагасын.
-Оозуна май, ылайым эле ошондой болсун. Сен эле жанымда болсоң мен баарына жетишем, деп келечекке улуу кадамдарды максат кылышкан эки жаш караңгы түндүн кучагында, жүрөкчө болуп жагылган шамдын ортосунда турушат, бири бирине тойбочудай тигиле карашып.
Бул учурда Назиктин үйүндө коноктор отурган, атасы Кадырдын тээ илгертен берки жакын санаалаш досу жубайы жана бойго жеткен баласы менен келген экен. Аларды эң жакшы абалда тосуп заңгыраган үйдүн чоң залында кен дасторкондун үстүндө өткөн кеткенди кеп кылып отурушат. Бул үй булоонун башчысы Советбек Кадырдан алда канча абройлуу адам болгону менен досундай эле өтө жөнөкөй адам. Баласы да атасын тарткан сыяктуу, берилген суроого айландырбай так туура жооп берип ашыкча сөз сүйлөбөй өзүн салмактуу тута билет экен.
Үйдүн кожейкеси Жамила коноктордун келген себебин алда качан түшүнүп болгон, бирок алар өздөрү ундобой отурушкан соң ал да эч нерсе дебеди, куда түшүп келдинерби демек беле. Бир гана кызынан кыжаалат болуп жатты, анысы эрке али турмуш дегенди түшүнүүгө жетише элек, бул чоң эшикке барса кантээр экен дейт эне байкуш. Бир убакта Советбек тамагын кырып негизги келген максатына өттү.
-Жанарды уйлоюн деп чечтим досум. Азыркы жаштардын өзүнө коюп берсең үйлөнүп урук улайын дешпейт экен, араң чакырттым ошол Америкасынан,
эми коё бербей калайын. Анан Назик кайда? деди маселени кабыргасынан коюп.
-ой кантет мына, кичине бир этияттап сүйлөсөн боло, деп жылмайган жубайына карап,
-биз эмне чогулушта отурдук беле этияттап суйлогудой,
Кадыр экөөбүз мушташып эле чоңойгон балдарбыз, бизде капа болуу деген болбойт, деп көз карашын Кадыр тарапка бурду.
-албетте, Совет канча жылмаланса деле анын нак жүзүн билем да мен, баягы эле мушташаардан мурун койногун жырта кыйкырган Совет да бул, деди Кадыр каткыра куло досун кубаттап.
-баламы мактабайм, анткени анын кандай экенин билбейм өзүм деле, мактап алып кийин уят болуп калбайын. Назикти билем, өзүбүзгө окшогон маселени кабыргасынан коё сүйлөгөн кыз, ошого силердин макулдугунарды сурап келдик, дебеспи туптуз сүйлөп.
Бул сөзгө жооп берүүгө даярдыгы жок Кадыр суз боло түштү, өзү болсо го досу журу десе ойлонбой отко да кирип кете бермек, кызы башка, анын ою менен эсептешпей коё албайт. Кана эле кызы ынап Жанардын келинчеги болуп калса, анын атасын эле эмес чоң атасын да билет, булардын урук тууганынын бүт баары абройлуу да салмактуу да адамдар, мындай үйдүн баласы жаман болбойт. Буларды ойлоп жатып өзүнүн кызын ойлоду, Назигимчи шар сүйлөп шар жүргөнү менен анын ичинде өтө назик өтө алсыз камкордукка муктаж жанда жок боорукер, ишенчээк кичине кыз жашайт. Жанардан көзүн албай карап отуруп, анын башын жерге салбай тик карап, алакандарын мыжыкпай өзүн бош коё жайдары жылмая отурганын көрүп шилекейин кылт жутту, мына так ушул жигит болот менин кызымдын жан жоокору деди өзүнчө. Макулмун деп айтканы башын буруп келе жатып жубайы менен көзү чагылыша түштү, жубайы жалооруп ашыкпа дегендей карап турган экен. Оюнан кайта түштү, чындап эле кызынын уруксаты жок анын тагдырын чече албайт.
-досум сурасаң ойлонбой туруп жанымды берем, бирок кызымдын жаны өзүнө таандык, анын уруксатысыз,
деп келе жатканда Советбек колун көтөрүп токтот дегендей белги берди.
-эмне эле тердеп тепчип жатасың, мен Назикти бүгүн эле алып кетем деген жокмун. Албетте өзүнүн уруксатысыз эч нерсе чечилбейт, биз эмне 19-кылымда жашап жаттык беле. Силердин уруксатынар менен уулум Назиктин жүрөгүн багындырууга аракет кылып көрсүн деп гана келдик. Кана королучу Америкадан үйрөнгөн онорлорун, аларын кыз жүрөгүн багындырууда эч кимди алдына салбайт эмеспи, деди баласына кыйгач карап.
-Ооба десең, өзүнө керектүү онорду уйронбой кайдагынын баарын башына жүктөп. Жыйырма жетиге чыкканча үйлөнүү тууралуу ойлонбойт дегени эмнеси, мага келин керек, небере жыттагын келет экен ай элдерге окшоп, деп жубайы да жолдошун коштоп уулунан наалый кетти.
Алардын эч бир жасалмасыз бар болгонундай суйлоп отурушкандарын карап Жамила да суктана кетти, Назигим ушундай адамдарга туш келсе кана, өзү да шар жүргөн неме башка булоого барса кандай болот кандай жок деп. Ушул эле учурда Кадыр да ушундай ойдо отурган, алар кайдан билсин кызынын бир орт жигиттин жалынына күйүп күл болууга ыраазы экенине, бүт эркелигин жыргал жашоосун ал жигит үчүн садака чабууга даяр болгонун.
*****
-Макул жалгызым кир уйго, жакшы эс ал, үйдөгүлөр менен сүйлөш ээ, эртең жакшы жооп кутом, деп кучагына кыса кучактап мойнунан шуу жыттаган Улан Назикти коё бергиси келбей көпкө турду.
-жалгызым, садагам эсинде болсун сен меники гана болосуң.
-мага башканын кереги да жок, деди шыбырап Назик жигиттин жалындуу сөздөрүнө эркелей.
-атаңды кондуросун деп үмүт кылам.
-мындан кумонун болбосун.
-кана кир үйүнө, - жок сен жөнө, деп бири бирин кыйбай көпкө эркелешип турган суйушкондор араң ажырап экиге болунушуп, сүйүүнун шапаатына мас болуп, бакытка балкып үйүнө кирип келген Назик жайык дасторкондун үстүнөн чыкты...
- (6 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Акталбаган үмүттөр же баркталбаган бакыт Драма
#2 25 Ноябрь 2018 - 06:35
Саламатсызбы?
Чыгарманын авторунун аты жөнү сөзсүз жазуу керек. Кошуп койсоңуз.
#3 25 Ноябрь 2018 - 16:09
Өзүнө карай кадалып турган беш адамдын көз карашынан тайсалдай туштубу уурулуга кармалган мышыктай болуп бужурой түшүп актанганга өттү.
-Эмне? Мен сабактан чыгып достор менен айланууга бардым.
-Ой мына кыз кантет, сени ким суракка алып жатат? Коноктор менен саламдашсан боло биринчи, деди Жамила кызынын кылыгынан уялгандай.
Назик эми гана кимдер отурганына көңүл бөлүп конокторду сыдыра карап,
-аяш ата, аяш апа келиниздер, деп столдун артынан өтүп барып жуздорунон сүйө көрүшүп келип Жанардын артына токтоду.
-А мына бул ким? Муну кайдан таап алдыныздар? кече куну эле сыналгыдан коргозуп жаткан киши го дайынсыз жоголду деп.
Баары жым отуруп калышкан, Жамила кызынын кылыгын жактырбай,
-ушинтет анан, деп тынчсыздана кетти. Жанар көп жылдардан бери сыртта жүрүп калбадыбы, түз сүйлөп көнгөн бала кызынын кылыгына түшүнбөй калса кантет, капа болуп калат го деп кыжаалат.
Жанар мойнун артына созо Назикке карап,
-тапканга суйунчусу бар бекен? деди.
-Ооба көп болчу, аяш атам менден оозанып кеткен тура, мен таап келип суйунчусун алайын деп жатсам, эми баарынан куру калдым.
Экоонун жаш балдардай чын дилден тамашалашып жатканын көрүп Советбек өзүнчө суйлонуп алды, "адашпагам, мен адашпагам, уулумдун жүрөгүн козгой алчуу кыз так мына ушул" . Назик босогону аттаганда эле Жанардын көздөрү жайнай түшкөнүн байкаган, анан да бир эле жолу кыйытып сөз таштаганда дароо макул болуп бул үйгө келбедиби. Анысын ата сөзүн жерге калтырбайын деп жатат го деген, азыр болсо уулунун өзү да ушуну каалаганын түшүнүп отурат.
-ана менин эле кызым бул. Суйунчусун алсын издегендерге алып барып деп сага алып келбедимби, деди каткыра күлүп.
Жанардын али да столдо отурганын көрүп, Назик аяш атасына кайрылды.
-аяш ата бул киши ункурдо эле жашап келсе керек ээ, азыр сыртта канчанчы кылым экенин деле билбейт го чамам. Тезинен маданият сабагын өтүш керек, биринчи тартип эркек балдар кыздар менен саламдашып жатканда ордунан турат, жашы чонбу кичинеби айырмасы жок.
Жанар дароо ордунан туруп Назиктин колунан ооп учурашып жанындагы орундукту тартып жай коргозуп калды. Мындайды күтпөгөн Назик жанатан бери жасап жаткан устомдугун жогото уялып кетти, бул жердин балдары канча тайманбас болсо да ата энесинин көзүнчө мындай кылбайт да, Жанарды да ошондой эле ойлогон, көрсө ал америкалыктардын маданиятын үйрөнүп алган тура.
Кадыр бир жыргап кулуп алды.
-ай менин кызым да сөзүн жоготуп коёт экен ээ.
Назик уялганынан чындап эле не кылышын билбей туруп калып тултундап жогорку кабатка жөнөдү.
Атасынын,
-кой эми отур, кыргыздар маданиятты баалашпайт экен дебесин, дегенине карабай,
-кийимимди алмаштырам, деп чыгып кетти.
-карачы таарынттын кызымды, ал баарын сөзгө жыгып көнгөн да, өзүндөй бир өжөр бар экенин билбейт эле. Ал өтө уялчаак, анысын жашырыш үчүн дайым шат жүрөт ушинтип, сен ал маскасын чечип койбодунбу байкушумдун, бар эми таарынычын жаз, деди Кадыр күлө Жанарга карап.
Жанар баш ийкеп анын артынан чыгып кеткенде төртөө бири бирин карап алып аябай кулушту, кимиси бактылуу болуп кимиси жаштыгын эстеп.
-Бул кыз өзүн дагы деле кичине ойлоп жүрөт, сүйлөсөн эле атасы болуша калып, кийин кантет билбейм, деп Жамила наалый кетти, эгер келин болуп барып калса кемчиликтерин азыртан билгендери он деген ойдо.
-менин кызым эң акылдуу, болгону эркелегиси келет, эркелетип койсом эмне болуптур менден эмне кетмек эле, деди Кадыр дайынкысындай кызы тарап болуп.
-туура кылат, кийин жашоо өзү тарбиялап алат, эртенкиге даярдайм деп бугунун жоготуп не кылат, баланы колдон келсе эркелетиш гана керек, деп Советбектин жубайы да аны коштоп кетти.
-ана көрдүңбу, дароо билинип калды кайсыл үйдө ким тарбия берет ким эркелетет.
Жамила жалгыз болбосун деген Советбек ал тарап болду.
Булар алдыда балдарынын бир болооруна шеги жок ишенип отургандай, адамзат ушул тура, үмүттор менен жашап жакшылыкка даярданып ойлогону орундалбай калса тагдырга таарынып отуруп калат, кудум тагдыр аларга жалаң гана жакшылык убада кылгандай.
*****
-кире берейинби? деп босогодо турган Жанарга карап,
-жок, мен чечинип жатам, деди Назик.
-сен али да жалган суйлойсунбу? уят, чечинбей эле отурасын го.
-а сиз дагы деле анкоосуз, кирип алып дагы уруксат сурайбы.
Экөө бирдей күлүп жиберишти.
-кел эми жакшылап саламдашып алалы, сен деле маданиятты билбейсин го дейм, үйгө келген конокту да ушундай тосчу беле, деди Жанар кучагын кере.
-тегеле конок болуп алганын мунун чоң адамдай, сиз жанагы эле менин анкоо байкемсиз да, жыгылганымды көрүп туруп да ооруп жатабы деп сурай берген, жыгылгандан кийин сөзсүз ооруйт да дене деген.
-а сенчи, кыз болуп алыпсын го жигиттер туруп учурашуусун талап кылып, мени дагы ала кетин деп эле артымдан чуркап ээрчип жүргөн секелек экен десе. Эми биротоло алып кетсе болчудай бойго жетипсин.
-хе кечиктиниз, мен эми эч кандай Америкага барбайм, мен Бишкегимди суйом, башка шаардын кереги жок, деп кучагын кере көзүн жуумп айланып жаткан кызды карап Жанар өзүнчө тагдырына ыраазы. Кай жерде жүрсө да кимди көрсө да ушул алдындагы кызга салыштырып журбодубу, Назикти эстеген сайын жүзүн жылмайуу аралап кетчүү, азыр ал кыз алдында турат кудум өзү элестеткендей ажайып кыялы сулуу жүзүнө жарашып.
"Назик сен мен үчүн жаралганынды билчуумун, бирок өзүмдүн ушул муноттор үчүн жашап жүргөнүмдү сезбепмин" деди Жанар өзү менен өзү сүйлөшүп.
Анын колун түшүрүп жөн туруп калганын көргөн Назик,
-эмне турасыз менин бактымды болушпой, келин сиз да кетпей эле коюнузчу, коросуз сиз да сүйүп каласыз Бишкекти, мен сизге шаарды башка көз менен корсотом, деп колунан тартып өзү менен бирге айландыра баштады.
-кана аракет кылчы, эгер бир айда суйдуро албасан биротоло Америкага алып кетем сени, а сен ал жакты бир көрүп сүйүп каласын, ал жакта ажайып бир шаарлар бар, жолдору сен журчуу жолдор алдагынтип жапыз кийбей тыкылдап шиш така кийсен да чуңкурга батпайсын.
-кереги жок мага шиш таканын да ажайып кооздуктун да кереги жок, мен ушундай жапыз бойдон бактылуумун деп жаш баладай жыргап кыткылыктап жатты Назик.
Башка адам болсо эбаак сезмек кыздын сүйүүгө жолукканын, же Жанар да сезсе да сезмексен болуп жатабы, а балким анын бул бактылуулугун экөөнүн корушконуно жооруп жатпасын.
Кетүүгө даярданып босогодо турган ата энелер балдарынын жогорудан жетелеше түшүп келе жаткандарын көрүп өздөрүнчө бактылуу, баарынын ойлогону бир жерден чыккандай. Ооз ачып сөз беришпесе да эки дос алакан кысыша достуктан бир кадам өтүп тууганча коштошо бөлүнүп жатышты.
-Назик биздин көрүшүүнү майлайбыз дейт, курбулары менен жолугууга бармак экен бирге баралы деп чечтик, деди Жанар күтүүсүздөн.
Азыр эле жылмайып бактылуу болуп турган Назиктин көздөрү чоное түштү бул сөздү угуп.
Ал жооп бергенче эле чондор оозанып,
-албетте, майлаганга арзый турган иш, экөөң көптөн бери корушо элексинер ойноп келгиле, деп калышты бир ооздон.
Бир алдын кеч киргенине карабай аталары өздөрү ойноп кел деп жөнөтүп жатканына таң калган Назик кайрадан кубанып убакыттан пайдаланып калууну чечти, "Эмне болуптур, ойносо ойноп келебиз, байкем менен жөнөтүп жатышпайбы, убакыттан пайдаланып Улан менен да тааныштырып коём, атамдарга айтууга жардам берет кийин" деп ойлонуп.
Ошентип алар экиге бөлүнүп, Жанарлар өзүнчө кетип Советбектер Кадырдын унаасы менен жөнөп кетишти...

#4 25 Ноябрь 2018 - 16:12
#6 26 Ноябрь 2018 - 12:34
-Жанар байке менин курбуларым ал тарапта жашабайт.
-билем.
-сиз кайдан билесиз, аларды тааныбасаныз.
-мен кайда бара жатканымды билем, багытыбыз сенин курбуларын тарапка эмес.
-а сиз азыр эле курбулары менен бирге айланууга барабыз дебединизби, жалганчы.
-сен жалган айтуумду каалабадынбы.
-жок, сиз өзүңүздүн күнөөнү мага оодара салбан антип.
-андай эмес дечи, анда эмнеге мен жалган айтып жатканда токтотподун.
-сиз дайым ушундайсыз, өзүңүздүн оюнузду гана туура деп билип башкаларды да ошондой ойлонууга мажбур кыласыз, эч озгорбопсуз.
-сен дагы, боюндун эле узарып калганы болбосо ошол-ошол эркелиги калбаган секелек бойдонсун.
-жок мен секелек бойдон эмесмин, мен дүйнөнү таанып, жашоонун даамын сезе баштагам.
-ошондой дечи, кандай экен жашоонун даамы?
-жашоонун даамы кай жеринен татканына жараша, мен таттуу жеринен таттым өзүм ошого татыктуумун. Дүйнө кооз, күчтүү, өжөр, ажайып бир укмуш, ал күчтүү колдору менен ороп турганда эч нерсе коркунучсуз.
Кыздын көздөрүн жумуп алып элестетип берилуу менен айтып жатканын көрүп, Жанар унааны токтото калды жолдун ортосуна эле.
Айланадагы унаалардын чалынган сигналдарынан улам көзүн ача калган Назик таныркап,
-эй сиз эмне кылып жатасыз? деди Жанарга жинди адамга карагандай карап.
-сени угуп жатам.
-жолдогу кыймылга тоскоол жаратып коюппу.
-азыр мага алардын кыймылы эмес сенин сөзүн манилууроок. Сен айтып жаткан дүйнөгө мен да сунгуп кирип кетким келди.
-хе, ал менин гана дүйнөм, ал жерде менден башкага орун жок.
-анда мен андан да кооз дүйнө курам кенен кылып, сага ал жерде сөзсүз орун болот.
-мага андан кооздун кереги жок, өзүмдүн дүйнөм жетишет, сиздин дүйнөнүз өзүңүзгө эле буйрусун.
-макул ойлонуп көр, эч бир дүйнө түбөлүк эмес, бир күн жабылып калат, кеч боло электе кирип улгуруп кал.
-сиз дайымкыдай озунуздукун бербейсиз.
-Бул нерсе мага абдан жарашат ээ.
Жанардын эч сөзгө женилбесин көрүп өзүн элестетип кетти, өзү дагы кудум ушундай. А Уланычы, ал такыр башка Назик менен такыр талашпайт, баарына макул болуп же бир сөз менен айтып макул эместигин билдирет, кээде ушунча жумшак кээде эң катуу адам, ал өзүнчө эле табышмак. Андан баары тайсалдап турушат балдар да Назиктин курбу кыздары да, бир гана Назик өзүн эркин сезет анын жанында. Эгер курбулары Жанарды көрсө сөзсүз жактырышат, албетте мындай келишимдүү маданияттуу америкалык сыпайы эркектерди ким эле жактырышпасын. Кыздардын мага жигит кылып бер, жок мага деп талашып биринен бири өтүп жасанып ага жагынып жаткандарын элестетип кыткылыктап күлүп жиберди.
-эмне болду, менин сөзүм жактыбы же унааны токтотуп коюп сенин сөзүңдү угуп жатканымбы?
-деги эмнеге эле сиз өзүңүздү гана ойлой бересиз, мен өзүмдү ойлоп жыргап жаткандырмын.
-ичи таар дуйнондубу?
-эмнеге ичи таар?
-анткени ал дүйнөн эч кимде сыйдырбайт тура.
-Ооба ошондой, ал дүйнөм ичине эч кимди киргизбейт, мага кенен орун болсун деп. Каалайсызбы мен аны азыр сизге таныштырам.
-жок керек эмес, мен сыйбаган дүйнөнүн мага эмне кереги бар, мен сага өзүмдүн кен дуйномду көргөзөм, деп унааны башкарып илгертен өзү билген өзү сүйгөн жайга алып келди.
-ушулбу дүйнөнүз?
-Ооба.
-Бул жерге бир гана айылдыктар келет да.
-адашасын, мен бул шаарга ар келген сайын келем бул жерге, а мени билесиң айыл эмне экенин билбейм, бир эки күнгө эс алууга тоого чыккан күндөрдү эске албаганда айыл жашоосун дегеле көргөн эмесмин, . Бул борбордук аянтча менин дүйнөм, туура борборго келген ар бир адам жок дегенде бир жолу бул жайга келип кетишет, биринчи көрүп жаткандар суктанышат, көнүп калгандар жөн гана жаңы жылда балаты көрүү үчүн гана келишет, жоокерлер марш тебишет, өлкө башчылар чыгып эл алдында сөз беришет, мунун баары ушул жерде өтөт. Бирок эч ким бул жерде биротоло калып кетпейт бир желектен башка, ошол суктанып карагандар жөн эле келгендер баары тең жөн эле кетип калбай булгап да кетишет, бирок бул аянтча эч кимден эч качан наалыбайт экинчи ирет киргизбей койбойт, качан келсе кучак жайып тосуп алат. Карачы жүрөгү кандай кенен ээ, бирок бул аянттын түбөлүктүү ээси жок, мында келгендер ар дайым алмашып турат, жада калса жасалгасы да бат бат озгорот, ким билет балким бул жер да шыбырап жаткандыр мага окшоп, "жүрөгүмдө өлүк таштар менен жалтыр жултур буюмдардан көрө тирүү бир жан болгондо түбөлүктүү" деп.
Кызыгуу менен угуп жаткан Назик бир саамга ойлуу боло түшүп, айланасын тегерене карап алды.
-чындап эле бул жер кенен ээ, бирок бул жер жансыз да тирүү адамды эмне кылат?
-балким жандыдуудур, биз кайдан билебиз, жер дагы ага көңүл бөлүп аны менен сырдашканды жактыраар, ар ким өз билгенин жасай бербей. Жер биздин эмне каалап жатканыбызды сезет эмеспи, эгин эксек мөмө күтүп жатканыбызды сезип аны берет, жол курусак денесин кээрип тегиз жатып, казсак оюбузду тушунгондой суу чыгарып, а биз өзүбүздү андан акылдуу сезип жандуу болуп жүрөбүз, жердин бизден эмне каалаганын ойлонбой. Балким бул аянт да анын үстүндө топурап жүргөндөрдү жактырбаган чыгаар, марш тепкенде денеси ооруйттур, бизди көтөрүп жүргөн оор болоттур, бирок ал бизге айта албайт, тили жоктугунан эмес бизди чексиз суйгонунон, милдетим ушул деп билгендиктен. Болбосо бир силкинип үстүнөн баарыбызды ыргытып салууга күчү жетет. Бул жерге келгенде өзүмдү тапкандай болом, эгер милдетим ушул болсо жашоомо кирген ар бир жанды чексиз сүйүүгө тийиштүү экенимди эстейм, алар кандай адам болгондон, мага эмне бергенден айырмасы жок жыргалчылыкпы азаппы. Мен бул аянтчадан сабак алам, кандай болгон күндө да өз милдетимди аткаруу керектигин эсиме туйом.
Айтчуусун айтып болуп, эки колун чонтогуно салып көзүн жуумп демин ичине тартып туруп калды, кудум жерден, абадан өзүнө дем алып жаткандай.
Назик аны карап туруп бир нерсени түшүндү, ушул нерсе жетпей жаткан экен жан дүйнөсүнө, жөнөкөй кыялдануу. Улан мынтпейт, анын жашоосу бир гана максаттардан турат, баары так туура коюлган максат. Ооба, деп аны дагы бир ирет аяп кетти, ал башка, Жанардай мендей кыялданганга, кайдагы жансыз жер жөнүндө ойлонууга убактысы жок, анын ата энеси баарын даярдап койгон эмес өзү баарына жетишуусу керек. Ал бийиктерге умтулуп көп нерсеге жеткиси келет, ал үчүн так туура эсептелген максат гана керек. Эгер ал Жанардай бардар үйдүн эрке баласы болгондо, ал да тоскоолдуктарды эмес бийиктиктерди кыялданмак, мен ага ишенич беришим керек, деп анын максаттарына жеткируусуно өзүн милдеттүү сезип жатты.
Өз ойлору менен алышып турган эки жаштын жымжырттыгын Назиктин телефонуна келген конгуроо бузуп жиберди.
-ало угуп Жатам. Азыр сага бир адамды алып барам бизди кут, деп телефонду очурду.
-биз эч кайда барбайбыз Назик, бекер убада кылдың, эми жалганчы болосуң, деди Жанар көзү жумулган абалында.
-эмнеге?
-мен жашоомо киргендин баарын сүйүүм керек дебедимби, ошол, жакшы билбеген адамды ал жерге киргизгим келбейт, эгер кирсе аны да суйушумо туура келет кандай экенине карабай. Бирок түшүн мен жер эмесмин да баарына тутпой калышым мүмкүн. Ошондуктан өзүмдү да бир аз аяшыма туура келет, азыр сени үйүнө жеткирем андан кийин эмне кылсаң өзүн бил.
-кен жүрөк болуп коёт, сиз жеткен өзүмчүлсуз, деп тултундаган Назик баттан басып унаага карай жөнөдү. Оюнда Жанар баары бир анын айтканын кылат деген бирок адашыптыр, артынан жете келген Жанар ундобой унаага отуруп Назикти үйүнө жеткирип койду.
-жакшы жат таарынчак, таарынычын жазылганда кабар бер, деп жылмайган сөзү жоопсуз калып Назик ундобой дарбазадан кирип кетти.
Атасы уктабай залда отурган экен.
-кызым келдинби? деди жайдары.
-келдим ата, сиз мени күтүп отурасызбы?
-Ооба жүрөгүм тынчтанбаганынан уктай албай отургам, эми мына жата берсем да болот деп өз бөлмөсүнө карай жөнөдү. Бирок адашкан экен, жүрөгү өзү ойлогондой жайланбады, андан бетер сыгылып согушу тездеп бараткандай.
Назик бөлмөсүнө кирээр замат телефонуна дагы конгуроо келди.
-угуп жатам.
-жалгызым сени күтүп олтурам, качан келесин, деген Уландын үнүн укканда алаканы менен маңдайын чаап.
-тигиге таарынып жатып телефон кылууну унуткан турбаймынбы, биз барбай калдык жаным кечир, деди күнөөлүү.
-тигин ким эле?
-байкем, алып барбай койбодубу.
-а эч нерсе эмес, байлар каалаган убакта чечимин өзгөртө алат да, бизге эмне, кутуп чарчаганда күтпөй калабыз да.
-Улан эмне таарындынбы?
-жок жалгызым, сага мен эч качан таарынбайм, таарына албайм да, байкенди айтып жатпаймбы. А баса кандай байкен? Сенин байкен жок эмес беле.
-аяш атамдын баласы, Америкадан келген экен.
-Назик.
Ал ачуусу келгенде ушинтип калчуу.
-аяш атанын баласы байке болбойт, алыс жүр андан, деди ачуусу келгенин жашырбай.
-сен мени андан кызганып жатасыңбы? Ооба кызганып жатасың, жиндисин сен билесинби ушуну. Ал менин байкем гана, андан артык болушу мүмкүн дагы эмес. Менин жалгызым бар, мен да анын жалгызымын, бизге башканын кереги жок, ошондой эмеспи ээ? деди кыткылыктап.
-айттым сага алыс жүр, эсинде болсун сен мендик ганасын, жалгызымсын.
-айтканыныздай болот "начальник" деп кыткылыктап коштошушту.
Анын кызганганы Назикке ушунчалык жагымдуу, жан дүйнөсү жыргап эле калат.
Улан да андай эле жыргай албады, жүрөгү түпөйүл болуп бүт денесин кызганыч ээлеп алды.
Бул учурда Жанардын да жүрөгү туйлап жаткан, биринчи жолу белгисиздикке капталып өзүнө ар дайымкыдай ишене албай калды. Үйүнө келсе ата энеси али келишпептир, алардын келишин күтүп шылтоо кылып уктабай короодо ары бери басып жүрө берди.
Кадыр да керебетке жатып кайра туруп тынчтана албай жаткан, жубайынын жат дегенине да маани бербей туруп кетти. Саатына караса бир кыйла болуп калган экен, жогору көтөрүлүп кызынын бөлмөсүнун алдына келип каалгадан тыншаса музыканы жай коюп алып угуп жаткан экен, короого чыгып карап келди баары жайында, бул эмнеси деп өзүнө өзү түшүнбөйт. Телефонун алып досуна конгуроо чалды жакшы жеткенин сураганча Жанар кандай маанайда келгенин сурайын деп, анткени дагы деле ою кызына барып такала берген, Жанарга чалайын десе анын номуру жок. Көпкө куттурбой телефонго жооп болду.
-Совет жакшы жетип алдынарбы?
-Бул ким? деди арыдан бей тааныш үн.
-мен Кадыр, а силер ким? Совет кайда? деп катар-катар суроолорду берип жиберди.
-биз ооруканадан, телефондун ээси борбордук ооруканада жатат, жанында эч бир документи жок, телефону кулпуда болгондуктан ушул чалууну күтүп жатканбыз.
Кадырдын колунан телефону ыргып кетти...

#9 28 Ноябрь 2018 - 11:16
Кышылдап кирип келип кийинип жаткан жолдошуна карап,
-эмне эле болуп жатасың? Кайда жөнөдүн түн ортосу? деди ойгонуп кеткен Жамила.
-Советбек ооруканада дейт.
-ал эмне дегенин? Качан? Эми эле жакшына кетпедиби.
-ай мен кайдан билдим, азыр уктум мен дагы.
-токтой тур, мен дагы деп шашыла туруп жолдошу менен жарыша кийинип жөнөп кетишти.
Дарбазадан чыккандан кийин гана эсине келгендей,
-Назикке айтып койбодук деди Жамила.
-ай койчу эми шашылып жатканда, кичине кыз беле эмне, үйдө жалгыз эмес корксо тигине Карамат эжесин чакырат, деди үй жыйнаган аялды айтып.
Жолдошунун биринчи жолу кызы жөнүндө мынтип сүйлөп жатканына таң калган Жамила, кызынын чоңоюп калганын байкап калган болсо маселе оорго окшойт деп ундобой отуруп калды.
Ооруканага жете келишкенде коридордо бирин экин гана адамдар жүргөн экен, ооздо отурган кароолго да карабай шар кирип келген Кадырды токтотмокчу болду эле арыдан жете келген жаш дарыгер кароолду токтотуп койду.
-Саламатсызбы Кадыржан Алимбаевич, бизден эмне кызмат.
Бул ысым эч нерсени эстетпесе да маанилүү инсан экенин түшүнгөндөй бир ордунда туруп калган кароол кийинки ысымды укканда селт эте түштү.
Дарыгердин саламына алик албай туруп, шашылган Кадыр андан сурап жаткан.
-силерге Советбек Акматбаев түштү дейт, ал кайда?
Дарыгер да муну кутпосо керек.
-Советбек Акматбаев? деди анын ысымын кайталай.
-Ооба, азыр эле телефонуна чалсам ушунда дешти.
Көздөрү аландап калган ак халатчан жаш жигит алдыга карай жол баштады.
-мында жүрүн.
Жандандыруу бөлүмүнө кирип келген Кадыр эми баарын түшүндү, бекеринен аны тааныбай калышкан эмес экен, доосун өзү да тааныбай турду, жүзүнүн сол капталы шылынып эле калгандай.
-эмне кылды? Ким? деди көзүн андан албай туруп керебеттин аркы тарабында турган дарыгерге.
-кырсыкка кабылган эки жарым саат алдын, деди дарыгер саатына карап.
-кечиресиз биз тааныган жокпуз, деп кошумчалай.
-жубайы кайда?
-ал да ушул жайга жеткирилген, тилекке каршы бир саат алдын дем алуусун токтотту. Муну уккан Жамила кыйкырып жиберди. Аны бир карап алып көнүмүш эле нерседей сооротуп да койбостон кайра досуна бурулуп,
-жаша досум, карман! деди да шарт бурулуп бөлмөдөн чыгып кетти.
Артынан жүгүрүп жүргөн жигитке кайрылып,
-кай жерде ал? деди өкүм.
-ал... ыы... деп мукактана түшкөн жигитке карап,
-Бул жерде сенден башка эч ким жокпу? деди жай гана, жаш жигиттин сурдоп турганын көрүп.
-бүгүн мен мөөнөттөмүн.
-оор жаракат менен келгенде башка дарыгерлерди чакыртпайсынарбы?
-чакыртканбыз азыр жетип келишет.
-алар эмне кылат, эмнеден олгондугун аныкташ үчүн келишеби.
-Кадыржан Алимбаевич көңүл айтам, бирок анын абалы өтө эле оор болчу.
-шайтан алгыр, абалы жеңилдер жандандыруу бөлүмүнө келеби? Ошол оорлорду карасын деп силерди ойлоп табышкан, мынча адамдын так ушул ооруканаларда жан берип жатканы таң калычтуу эмес, абалы оорлорго бирден жаш жигиттерди дайындап жаткан болсо, абалы женилдерди санитаркалар карап жатабы.
Кадырдын кыйкырыгынан коридорго жүгүрүп чыккан Жамила жолдошун жоошута албай убараланып жатты. Анын мындай ачууланганын көрө элек экен, үйүндө көрүп жүргөн эле күйөөсүн тааныбай турду. Анан эмне жалаң гана сылык сыпаа жумшак кыял менен азыркы ээлеп отурган орунга келип калды дейсинби, мындай адамдар талап коюшту жана аны аткартырышты билиши керек да, андай иштер кечирип коюн, суранам деген сөздөр менен бүтпөйт, ошондуктан бийлик адамдарында экинчи жүз болот. Экинчи жүз болгону жакшы, демек үйүндө башка дегени, бир эле жүзү болсо анда куруду, үйүндө да ошондой катаал дегени.
Аяшынын олукканага жеткирилгенин укканда өзүнөн чыгып кетти.
-бир сааттын ичинде дароо жеткирип салдынарбы, мына эмне менен алектенип жүргөнсүн, деп кадамын баттан таштап ылдыйга баратты. Артынан келе жаткан жигитке карап,
-сен тиги оорулуунун жанынан чыкпайсын, башкаларын эмне болот менин жумушум жок, менин артымдан ээрчибе табам өзүм жолду, деп күчүнүн барынча кыйкырды да түшүп кетти.
Ооруканада болгон бардык жумушчулар уккандай болушту окшойт, алдынан артынан чуркаган эле адам. Аны олукканага жеткирбей издеген адамын алып келе калышты.
Он тарабы жанчылган, терезеге жабыша ыргып кайрадан сол тарабына жыгылгандай, кол тормузуна кабыргасы менен урунуптур дешти, кабыргасы сынып опкосун тешип кеткен экен. Канча өзүн токтотуп муздак акыл менен ойлонууга аракет кылганы менен эч болбой жатты. Кол тормузуна урунган болсо демек токтотууга аракет кылган, эмне болду экен, эмнеге кол тормузун көтөргөн, буту менен тепкенге улгурбодубу, деген ойлор келип жатты акылына.
-окуя кай жерде болгон, деди бир убакта өзүн жыйып.
Алардын бар билгенин уккандан кийин бет алдын түз карап эч кимди көзүнө илбей сыртка жөнөдү. Ал чыгып баратканда тердеп тепчип ооруканын башкы дарыгери кирип келе жаткан экен, ананчы өзүнүн министри өлүм менен алп урушуп жатканда келбей көрсүнчү, түн жарымы болмоктон айдын отуз экинчи күнү болсо да жетип келмек. Өкүнүчтүүсу ал оорулуунун ким экенин кеч угуп калды, эми анын тирүү калышын жалбарып сурашы керек, антпесе онбой калат.
Токтоп ага бир деме демекчи болгондо артынан Жамила жетип келди, куйугуп.
-Назик телефон чалып жатат, сага чалса албай жатыпсын, ыйлап алыптыр.
Ошондо гана эстеди телефону колунан ыргып түшкөн боюнча короодо калып кеткенин.
-эмне болуптур? деди жактырбагандай.
-үйгө милиция кызматкерлери келди дейт, сенин унаан кырсыкка кабылып ооруканага жеткирилгенин кабарлаганы келишиптир.
-Эми аныкташкан экен да, унаа кимге таандык экенин, деп сүйлөнүп алып башкы дарыгерге да карабай чыгып жөнөдү. Жамила артка жүгүрүп ооруканага кирип кеткен.
-Кадыржан Алимбаевич биз колубуздан келгенин жасайбыз, деп суйлонуп калган дарыгерге кайрылып,
-колуңдан келбегенин да жасайсын, деди да басып кетти.
Үйүнө келсе кызы опколоп алган экен, үй кызматчыларынын да көздөрү алайган, милиция кызматкерлери аны көрүп таң кала карашат.
-Кана айткыла эмне болгон?
-Кадыржан Алимбаевич кечиресиз, биз сизди ооруканада экен дегенбиз.
-мен эмес, Советбек Акматбаев. Кана айткылачы куноокорду таптынарбы.
Бири бирин карашкан эки милиция.
-эч ким күнөөлүү эмес, унаа өзүн башкара албай калса керек, бурулуштан бурула албай жолдун ортосундагы чоң тосмону сүзүп сол капталга оодарылып калган. Балким тормуздун ордуна газды басып алгандыр.
-кол тормузу көтөрүлгөн бекен?
-ооба, бирок кечиккендей, мунун баарын изилдей элекпиз, эртең толук себебин аныктайбыз деп ойлойм.
-сен ойлобо, аныкта, деди Кадыр.
Экөө ундобой баш ийкеп чыгып кетишкенде гана Назик атасына жетип келип кучактап ыйлап кирди.
-ыйлаба кызым, азыр ыйдын убактысы эмес. Жанардын номурун бер.
-а мен анын номурун билбейм.
Ал кызынан үмүт кылып келбеди беле, ага таң кала карап туруп,
-а мейли ушунусу жакшы, озум барып алып келем, деп сыртка бет алды.
Атасынын сүрдүү жүзүн көрүп бир деме суроого батынбай ичтен кыжаалат болуп кала берди кызы.
Али да үйгө кирбей короодо басып жүргөн Жанар дарбаза кагылып атасы эмес аяш атасы кирип келгенине таң кала туруп калган.
-уулум журу, деп эч нерсе тушундурбостон аны унаага салып алып жөнөдү.
Биринчи суроо берүү Жанардын адатынан эмес эле, бирок Кадыр да ундобой кете берди. Канча жолу оозун таптап барып бирок сыртка чыгара албай койду сөздөрүн, достун жолу башка туугандын жолу башка экенин эми түшүндү. Дос канча жакын болсо да алыскы туугандын ордун баса албайт тура, досунун жамандыгын ойлонбой угузуп коё беришет, бирок туугандыкын угузуу мынчалык оор экенин билбептир. Качан оорукананын алдына келип токтогондо гана,
-аяш ата, деди Жанар.
-уулум өзүңдү карма, дегенде эле унаадан түшө калып ичкери жугурду.
Алар жетип келгенде ооруканада ар министрликтин адамдарынан сырткары кабарчылар да толуп кеткен экен. Көрсө адамдар тундосу деле уктабайт тура жумуш болсо, болгону тундосу жасаарга жумуш жок үчүн эле үйлөрүнө таркашат экен да.
Алар жүгүрүп ичкери кирип кеткен Жанарга маани деле беришкен эмес, анын Акматбаевдин уулу экенин билишпесе деле керек. Кадыр түшүп келгенде ороп эле калышты, экөөнүн достугу эч кимге жашыруун эмес эле кийин кырсыкка кабылган унаа ага таандык экенин да угуп болушкан экен. Анча мынча тааныгандар менен саламдашып коюп ал да ичкери кирип кетти. Жанардын абалын ойлоп кыжаалат болуп жаткан, бирок бекер эле кыжаалаттаныптыр, ал Кадыр ойлогондон алда канча күчтүү экен, жаш болсо да жашоонун бороонуна туруштук берип тик тура билет тура.
Апасы жаткан керебеттин башында турганын көрүп жанына жете келип,
-уулум карман, атаң үчүн өзүңдү колго ал! деди далысынан куушура кармап.
-атама алып барынчы, деди Жанар токтоо үнү менен.
Аны кучагына бек кысып атасынын жанына алып келгенде,
-ухх, деп катуу ушкуруп алды. Тирүү, деп өздөрүн кыбыратып. Байкуш атасын дгы өлүп калган экен десе керек.
-тирүү уулум, тирүү. Куда кааласа биз аны жашатабыз, ал оңой эле бизди таштап кетүүгө акысы жок.
Ах пенденин оозунда Кудайдын кулагында деген бекер сөз эмес экен да, канча аракет кылышса да бир ай комада жатып жубайындай оңой эмес кыйналып жатып акыры чарчаганда ал да кете берди.
Эми Жанар томолок жетим аталды да калды, чонойсо эмне экен, ага баары бир ата эне керек эле, жалгыз жашап кеткенге али да болсо жаштык кылат. Аны көрүп эле Кадырдын жүрөгү куушурат кандай жардам беришин билбей, ансыз да жарылып же ыйлабай бир калыпта жүргөнүн көрүп, кокус кызуу кандуулук кылып журбосун деп кыжаалат. Анын үстүнө унаанын тормузу узулгон деген жыйынтыкты уккандан бери өзүн коюуга жер таппай жүргөн. Жөн эле үзүлүп калбайт, Кадыр анчалыкка жеткидей эски унааны үйүндө кармай турган адам эмес, демек атайын жасалышы мүмкүн, бирок кимдин колунан келээрин териштиргенге азыр убактысы жок. Эгер бул тузак болсо анда ал тузакка Кадыр тушуш керек эле, Куданын кудурети экен "кырк жыл кыямат болсо бей ажал чымын өлбөйт" демекчи ал али да тирүү, ошон үчүн да өзүн ыңгайсыз сезип жүргөн. Жанар Аяш атасынын жанынан чыкпай айланчыктап жүргөнүн көрүп аяп кетти көрүнөт, жанына басып келип,
-баары жайында аяш ата, менден кыжаалат болбон. Өлүп калуу оңой эле нерсе, бирок күч топтоп жашоо жөнөкөй эмес, мен жашайм, жашоомо али да толтура себептер бар. Менин азап чеккеним жетишет, сиз мени деп азапталбан, мындай болушуна эч ким күнөөлүү эмес, бул тагдыр деди.
Жаш болсо да анын оюн билип койгонуна баа берип, ичинен эгер ошол себептердин бири менин колумдан келчүү болсо жаным садака деди...

#11 29 Ноябрь 2018 - 12:03
Назик сабактан чыкканда адаттагыдай Улан сыртта күтүп турган экен, жетип келип мойнуна асыла эркелей кетти. Бирок Улан ага жооп кылбай тескерисинче мойнуна оролгон колдорун бошотуп жетелеп алып алдыга карай кадамын баттан таштап суйроп жөнөдү. Эч нерсени түшүнбөгөн Назик бир кыйла жүргөндөн кийин гана чечкиндүү колун тартып алып,
-сенин эсин жайындабы, менин колум ооруду, деди ачуулу.
-ошондойбу, сенин колундун ооруганы менин мына бул жеримдин ооруганынын жанында эч нерсе эмес, деп көкүрөк тушун уруп жүрөгүн коргозду. Сен тигинин жанына барганынды качан токтотосун?
-Улан! Сен чындап акылдан азгансын. Ал менин байкем, кийин анын абалы азыр баарыбыздан оор, кандай дагы болсо колдоого муктаж.
Назиктин чындап ачууланганын көрүп жигит жоошуй түшту, колдорун кармап жыттагылап жалынып жатты.
-жаным, жалгызым кечирчи, мен чындап акылдан азып баратам. Сен башка эркектин үйүндө жургонунду элестеткенде дем алуум кайтып барат ичим өрттөнүп бараткан сымал. Эртерээк үйдөгүлөрүно айтсаң жакшы болмок, сени үйүмө алып барып өзүмдүк кылганда гана тынч жашоомду улантмакмын.
Назик да жоошуй түшту, алдында азыр эле өзү тааныбай турган адам кадимки өзүнүн Уланы экенине ынанып.
-жаным десе, сен бекер эле кыжаалат болуп жатасың, атамдар менин айтканыма каршы чыкпайт эч качан, болгону азыр ал сөздөрдүн орду эмес, атам кандай күндөрдү жашап жатканы бир өзүнө бир Кудайга маалым. Байкеме келсек ал мени секелек жаш кыздай көрөт, тегеле мага өзүнүн жубундай карабайт да, мен ал үчүн эрке карындашымын.
-жоок жалгызым адашасын, биз эркектер силердей ойлонбойбуз, кандаш тууган болбогондон кийин эч эле ага карындаш болуп кала албайбыз да. Биздин ичибизде ар дайым ач карышкыр жашайт, ал качан ойгоноорун керек болсо өзүбүз да билбейбиз, биз силердей ар дайым башканы ойлоп жашай албайбыз, бизде биринчи орунда өзүм жашайт. Мен сага ишенем дечи, бирок сен байке атаган адам эркек болгон болсо мен ага ишене албайм. Билесинби мени бул жашоодо адам кылып кармап турган жалгыз сенсин, билбейм сени жоготсом мен кандай болом, анда өзүмдү да жоготом, мына ошондо ичимдеги ач карышкыр ойгонот, а анын эмне каалаганын мен эң жакшы билем.
-коркутпа мени Улан! деп аны бекем кучактап калды Назик. Ал чындап эле коркуп кеткен жигиттин коздорундогу жалынды көрүп карышкырга карап тургандай сезимге кабылып.
Улан кыздын чачынан жай сылап,
-Бир нерсе ар дайым эсинде болсун, сен менин бардыгымсын, сени жоготсом баарын жоготом, а менин баардыгымды тартып алган адамды эч качан кечирбейм. Көп кечиктирбе Назик, менин жүрөгүм ордунда эмес, деп кучагына бекем кысып коё берип кызды калтырып өзү андан ары жолун улап кете берди.
Анын акыркы сөздөрүнө анча түшүнө бербеген Назик жигиттин артынан караган боюнча бир ордунда тура берди катып. Экөө ажырап калышы мүмкүн деген ой кыздын оюна эч келбеген экен, а эмне себептен андай болушу мүмкүн, экөө бири бирин сүйүп турганда. "Ал чындап эле өзгөрүп баратат, көздөрүнүн мынчалык муздак карашын алдын корбогом" , деп ойлонгончо жолдун аркы өзүнөн унаанын чалынган сигналы угулду. Ал тарапка бир карап алып жүгүрүп жөнөдү, атасынын унаасы эле, айдоочусу жок өзү келген экен, күндүзү бул өөн көрүнүш, түн болсо да башка кеп.
-ата ролдо өзүн отурасын?
-ооба кызым, Жанарга баргам андан келе жатып сага учурай кетейин деп атайын жалгыз келдим.
-ата тынчылыкпы, эмне бүгүн баарыңар сүйлөшүп алгансынарбы мени таң калтырайын деп, үйгө барганда сүйлөшсок болбойт беле.
-жок кызым жай эле. Тиги бала ким?
Назик буйдала түшүп,
-сен качандан бери турасың бул жайда? деди жооп ордуна суроо берип.
-жетишээрлик убакыт болду, сен колуңду тартып алганынды көргөнгө улгургонумо караганда.
Кызы уялып калды, атасы ушунчадан экөөнү эң онтойсуз учурда көргөнүно.
-биз жөн эле, мен анын ачуусуна тийдим ата, деди шаша.
Кадыр кызынын жүзүнө унуло карап туруп, күлүп жиберди.
-сен ээ? ай кызым сен сүйүп калгансын го. Менин кызым өз күнөөсүн сезип калган тура, ал өзү дей берчү кызым кайда?
Атасынын жакшы кабыл алганына кубана убакыттан пайдаланып Улан тууралуу айтып берди.
-ата ал сенден коркуп жатат, ынабай коебу деп. Бирок сен антпейсин да ээ? Ал өзүн байкуш деп эсептейт, бирок ал чыныгы табылга, ал сага сөзсүз жагат.
Кызынын акыркы сөзү жакпай турду Кадырга.
-өзүн байкуш эсептегени эмнеси, мындай адамдар жыргатчуу эмес эле, ар бир сүйлөгөн сөзүңдү өзүнүн алсыздыгына карата кабыл алып.
-атаа! Сен Улан айткандай болуп жатасың, а мен сени мынтпейт дегенмин.
Кызынын жүзүн, сүйүүгө толгон көздөрүн көрүп келген себебин айта албады ата.
-макул кызым, сенин айтканын болсун, үйгө алып кел таанышалы.
Назик бактылуу жылмайып атасынын жүзүнөн сүйүп койду,
-ата мен сени кандай жакшы короорумду сен элестете да албайсың. Ал кубанганынан атасынын келген себебин сурашты дагы унутуп койду.
А атага мындан артык эмне керек, чурпосунун бактылуу жүзүн көрүүдон өткөн бакыт барбы.
Ачкычты бурап унааны ордунан жылдырып жолго түштү. "Ах эмитен кызымды мага каршы коюп улгургон го, менин ойлой элек оюмду окуй алган болсо бир кыйла барга окшойт" деп ойлонуп бара жатты. Азыркы кызы менен көргөн жигит купулуна толо бербеген, ананчы кызынын колунан катуу кармап тартып келе жатканын көрүп унаасын токтото калган да түшүп бармакка, алар да өз убагында токтоп калышты, дагы бир аз журушкондо Кадырды сүзүп токтошмок. Анан да кызы ал жигитти өзүн жолго таштап кете бергенине карабай актап жатканына ичи ачышып кетти. Бирок мунун баары кызынын бактылуу күлкүсүн укканда унутта калды, "балким мен аша чаап жаткандырмын, негизи кызым бактылуу болсо болду эмеспи" деп эки анжы ойдо келе жатып Назиктин үнүнөн селт эте түштү.
-ата биз Жанар байкемдин үйүнө барабызбы?
Жолду караса чындап эле алар тарапка айдап бара жаткан экен.
-жок, деп шашыла артка буруп жиберди.
Бул кылганына кызы күлүп жыргап эле калды.
-атам ар күн ал үйгө бара берип үйдүн дарегин да алмаштырып алган го.
Чындап экөө тең ал үйгө баруудан качып турган. Назик Уландын айткандарынан чочуп жигитинин ачуусуна тийишти каалабай турса Кадыр Жанардын көңүлүн ооруткусу келбей турду. Ансыз да ал Назикке көнүп бараткандай, бүгүн да "жашоомо себептер көп" деп ачык эле айтпадыбы, анын эмнени эске алып жатканын сезбей коймок беле аяш атасы. Ал баланын ушунча азап чеккени да жетишет, эгер жашоодон дагы бир сокку жесе аны ал эмес мен көтөрө албай калам, болгондо да сокку урган менин кызым болсо, андан көрө ушундайында алыс болсун деп ойлоду.
Алар тагдырдын алдын алып болбостугун кайдан билсин, тагдыр баарын алдын алып коёрун эске албаган да. Тагдырымды озгорттум деп ойлобо, ошол өзгөрүү да тагдырында жазылган дегендей. Адамзаттын сыноосу ал тагдырды кандай кабыл алаарында катылган тура.
Коктон издегени жерден табылгандай телефондон жигитине суйунчулоп эртеси эле аны үйүнө таанышуу кечесине чакырды. Жамиланын Жанарды да чакыралы дегенине атасы менен кызы бирдей каршы болушту, алардын ар биринин өзүнчө ойлору бар эле дечи, бирок Жамиланын да ойлогону бар эле да. Алар эки адамды ойлоп жатышканда апасы кызын ойлоп жаткан, эне да кызын өзүнөн да жакшы билет. Бул ирет да ал кызын өзүнө өзүн сырттан коргозоюн, адашуудан алдын алайын деп ойлогон эле ою ордунан чыкпай калды.
Мына алар күтүп жаткан адам да кирип келди, бой десе бою он десе өңү бар, көз карашы бир аз сурдууроок тике карап, бирок мында турган эмне бар, ал кыз эмес да көзүн тартып сурдогудой. Кайсыл эле кыз болбосун жанында ушундай ишенимдүү көз караштын ээсин көрүүгө ашыктар болушмак. Чынында Улан көп кыздарды түн уйкусунан калтырган, жүрөгүнүн так ортосунан орун алган жигит, бирок анын жүрөгүнүн ортосу мына ушул адамдардын кызына таандык. Анан эмне эле аны жакшы тааныбай туруп мынчалык кумондуу карап этияттык менен мамиле жасап жатышкандары таң калаарлык, же эмне аларга анын жөнөкөй үй булоодон экени айтпай жатабы. Улан бул үйдүн босогосун аттаганда кандайдыр бир оордукту сезген, өзүнө жасалган өтө сылык мамилеге карабай ал үйдөн чыкканча аба жетпей тумчугуп кеткендей болду...

#14 29 Ноябрь 2018 - 15:47
Автордун чыгармаларын окугандан рахат алам!!!
Куттурбой бат баттан жазган тыкылдаган айымга таазим!!
!
#15 29 Ноябрь 2018 - 18:42
Мен куткон автор,ийгилик жана дагы ийгилик,колунуз дарт корбосун.
#16 30 Ноябрь 2018 - 01:27
Автор азамасыз онорунуз оркундосун.
Кутуп жатам уландысын буйруса☺
#17 30 Ноябрь 2018 - 12:31
-Жаным рахмат сага, өзүңдү абдан жакшы кармадын. Көрдүңбу менин ата энем кандай алтын адамдар, а сен кабатырланып жаттын эле. Атам кече сени көргөндө эле билгенмин жактырганын,
антпесе бул күнгө мен дагы үмүт кылбаган элем. Эми тойдун камын көрө берсен болот, деп Назик адатынча эркелеп көздөрүнүн нурун чачып бактылуу болуп жатты сүйгөнүн узатып баратып.
Улан тупоюл ойдо турса да сүйүктүүсүнүн бул жыргалын буза албады, ал ушул кулкулор үчүн, ушул жыргалды күндө көрүш үчүн жашап жатпайбы, анан кантип өз каалоосуна каршы чыкмак эле. Ичиндеги уйгу туйгу ойлорун азыр айта албады.
-ошондойбу жаным, мен ата энене жактым деп ойлойсуңбу. Өзүмдү жакшы эле кармадым ээ? Мага да сенин ата энең абдан жакты.
Андан ары эки жаш алдыга максаттарды коюп тойду талкуулап киришти, албетте мындай учурда кызды кызыктырган биринчи орунда анын койногу болот да. Назиктин көздөрүн ачып жумуп той койногун сүрөттөп кыялданып жатканын карап Улан өзүнчө бактылуу болуп турат.
-жактыбы жаным менин койногум, а баса сага да костюм тандаш керек. Мага бозоргон когумтул түстөгү костюмдар жагат, кийин ага ак көйнөк кетпейт кичине кызымтылы бар көйнөк кийесин, а мойнунда ток көк түстөгү галстук көргүм келет.
Бул кыздын кыялданганы да өзгөчө же аны сүйгөндугу үчүн ал жасагандын баары жагымдуу көрүнө береби. Улан аргасыз жылмайды.
-мага сен жагасын жалгызым, а мен сенин табитине толук ишенем, сен тандаганды кийе берем ал жыртык майке болсо да айырмасы жок.
-жок жаным, сен эч качан жыртык майкечен журбойсун, мен сени такка котором, мына көрөсүң сен максаттарына сөзсүз жетесин.
Эң кызыгы Назик ар дайым ушинтип айтат, эмне анын өзүнүн максаттары жокпу же максаты бир гана ушул жигит менен бирге болуубу. Дайыма аны хандай кылып сүрөттөп өзүн болсо жөн гана анын максаттарына жеткирүүгө милдеттүү бир адамдай көрөт, эч качан өзүн жигит багындыра турган максаттардын ичине кошпойт, ал өзүн сырттан гана карап турганын көрөт.
Жигит анын мындай айткандарына дегеле экөө жөнүндө сүйлөгөн эч бир сөзүнө каршы эмес, бирок бүгүн сурагысы келди.
-сенчи жалгызым? Сен эмнени каалайсын?
-мен бактылуу болушту каалайм, сен мени бактылуу кыласың деп умуттоном.
-сенин умутторундон, мен албетте сенин умутунду аткарам, бул жашоодогу негизги милдетим ошол эмеспи, деп кызды так көтөрүп айландырып жатты.
-мени көтөрүүгө сенин гана күчүн жетет, сенин ушул күчтүү колдорундун кулу болууга даярмын дейт Назик жалынып ал ансайын жигиттин делебесин козгоп.
Бул учурда үй ичинде да талкуу жүрүп жаткан. Жыйырма беш жылдан бери бирге жатып бирге туруп жүрүп жолдошун жакшы билип калган Жамила азыр да анын анча жакшы эмес абалда экенин байкабай койгон жок.
-Эмнеге баарын ачык айтып коё бербедин.
Кадыр да жубайынын бул суроосуна таң калбады, жай гана ушкуруп алып,
-кантип айтам, кызымдын көздөрүндо жанган жалынды көрүп туруп кантип ага суу себем.
-балким ал жалын алоолоп кеткенче басып кою туура болоор, же бул оюндан кайт, кыздын ою менен бол. Кеч болгондо киришем деп кызынды биротоло жоготуп аласың, жалын алоолоп кетсе тегерегин бүт өрттөйт эмеспи.
-Айтчы эмне кыл дейсиң? Мен көргөндү сен да корбодунбу, азыр экөөнүн тең көздөрүндо туман, жашоо башка да ал тумандар да таркайт турмуш башталат, экөөнүн ою да акылы да бир бирине коошпойт. Эң коркконум ал туман таркап парда чечилгенде кантет, бул бала такыр Назик каалагандай жигит эмес.
-сен кайдан билдин, балким так ушул жигит кызыбыз каалагандай адамдыр. Эсиндеби бизге да ушундай тоскоолдуктар болгон, кара биз алиге чейин биргебиз, сенин оорунду мен котордум, а сен меникин. Сен эмнеге бир да жолу мага уул төрөп бербейсин деген жоксуң? Билем сен да мен сыңары эле үмүт кылып жашадын. Мындай үмүттор бир гана суйушкондордо болот, башкалар анте албайт. Кызыбыз да көрүп турат биз көргөндү, ооба ал жигит өзүмчүл, каалаганына жетүү үчүн баарына даяр, эч кимдин ою менен эсептешпеген, колундагысын коё бербеген, кекчил көрүнөт, бирок кызыбыз мунун баарын жөнгө салууга үмүттөнүп жатпайбы, бул сүйүү эмеспи.
-Жамила! Сен оозун менен айтканды кулагын угуп жатабы. Мага көзүңдү жуумп өз канындан жаралган кызынды отко турт дегени турасыңбы. Кайдагы сүйүү? Биздин абал башка эле, мени бир да жолу сенин атаңдын абалы же байлыгы кызыктырбаган да коркута албаган, мен сага уйлонгучо анын мансабынан кабарым да жок эле. А бул жигит биздин чечимди угуудан мурун биринчи ал тарапты ойлонгон, азыр да сүйлөгөн эки сөзүнүн бири өзүнүн кембегалдыгында Назикти суйгонундо эмес. Мындайлар байыганда да бир гана ошол өзүнүн абалы жөнүндө сөз кылышат, үйрөнгөн адат калбайт, а кызыбыз көмүскөдө андан кийин болуп жашаганга конбогон, мен аны жакшы билем. Анын жигитти ондойм, максаттарына жеткенде мен биринчи орунга чыгам деген үмүттору эч качан орундалбайт. Ушуну билип туруп, анын өмүр бою көз жашы кургабасын сезип туруп кантип ал жигитке бер дегени турасың.
-мен андай дегеним жок, болгону этият бол дегеним. Баары сен айткандай болсо анда кызыбыздын эртеңи оор болуп калбасын дейм, тиги жигит... деп айтып буткончо Кадыр аялынын сөзүн болуп жиберди.
-токтотчу болду, эми ал жигиттен корк дегени турасыңбы? Мен тирүү турганда кызымды эч кимге кор кылбайм, бир кызымды коргой албасам анда эмнеге жашап жүрөм, деп туруп кетти.
Артынан аста гана шыбырап Жамила кала берди, ички энелик туюмун сыртка чыгарып жеткире айта албаганга окшойт.
-коргошу коргйсун дечи, эгер кызын андан сага коргонсо, тескерисинче аны сенден коргоп турса кантесин, деди башын чайкай.
Кадыр эртеси Жанардын үйүнө дагы келди.
-Жанар кантип атасын уулум?
-кандай дейин аяш ата, абалым сиз ойлогондон алда канча оордугун айтайынбы же жашоого жетелеген умутумдубу?
Экөөнү тең угууга даяр эмес, анда эмнеге сурап жатат, ооз учунан айтылган баары жакшы деген сөздү угуш учунбу, антсе да жүрөгү толбойт да баары бир. Көз алдында өскөн кичине шайыр бала чоңоюп мынтип дарт сезип, ички туйгуларды сезе турган болуп калган тура, бирок дагы деле ачык муноз бетке айтаар так сүйлөгөнү калбаган. Азыр ага карап туруп түшүндү аны өзүнөн башка эч кимге ишенип коё албашын, канча чонойсо да ал үчүн бала бойдон, досунан калган аманаты эмеспи. Советбек өлүп жатып баласын кыя албай кыйналып, анын жанында мени көрүп гана ишенип таштап кеткен болсочу. Менин ордума жанын берген досума мен эмне берем, артындагы жалгыз туягынын энсоосун, каалоосун угуудан качып жатканым эмнеси, ушул да эркектин иши болдубу, жардам сурап колун сунса мен колумду чонтогумдон чыгарбай туруп тилимден карма деп жатпаймынбы деди ичиндеги көптөн бери качып укпай жургон үн. Ал үндү угуп туруп укмаксан болуп коё албайт эле, андайга Кадырдын адамдык сапаты жол бербейт.
-умутундон сенин менин чырагым, сен үмүт кыл ар дайым, ал сөзсүз аткарылат деп ишен, аракет кыл, калганы Жараткандын колунда. Сен башканы укпа, эгер ал сени жарыкка жетелеген үмүттүн ээси болсо да. Ар дайым өзүңдүн каалоонду жогору кой, башкаларды ойлоп убара тартпа, аларды ойлой турган өздөрү бар, а сен өзүңдү ойло, каршылыктарга караба, аларды жең, а мен ар дайым сен тараптамын, деди бооруна кысып. Айтылган сөздөрү Жанардын акылына толук жетип бараарынан кумону жок, бул жигит кемчонтойлордон эмес, ар бир айтылган сөздү өз ордуна коюп тактап убагы келгенде аны акылдын азыгы кыла алат. Кадырдын айтылган сөздөрү болсо өз убагында айтылган эле, эрте да кеч да эмес, Жанарга ушул сөздөр жетпей турган, эми аны эч ким токтото албайт.

#19 02 Декабрь 2018 - 01:06
Бирге окуган курбу кыздарына мактанып жакын арада сүйүктүүсү менен бирге болоорун айтып жебиреп чыгып келе жаткан Назик окуу жайдын алдында күтүүсүз окуяга туш болду. Кыздар анын сөзүнө кулак салбай эле дарбаза тарапты карап калышканын көрүп ал да карай салса Жанар унаадан түшүп келе жаткан экен. Атасынын күрөң түстөгү Вольво үлгүсүндогу жол тандабасын айдап алыптыр, кийинген кийими кудум кечээ өзү Уланга айтып жаткан кийимдер, көгумтул түстөгү костюм шым кызымтыл көйнөк көк галстук. Анын өзүнө таандык ишенимдүү кадамдары менен башын бийик кармап окуу жайга кирип келе жатканын көрүп Назик да суктанбай кое албады. Кыздарга сыдыра карап алардын суктана караган көз караштарына бырс күлүп жиберди, мындай болоорун ал алдындан билген да, эгер азыр анын сүйлөгөн сөздөрүн жагымдуу күлкүсүн чындай болгон тамашасын угушса бул кыздар ага жабышып алаары турган кеп. Назиктин оюнкуурак кыялы бар, ал азыр да жөн турбай оюн курмай болду.
-кыздар тигил жигит кимге келди болду экен ээ?
Кыздар шарактап,
-эмне Уланынды унуттуруп койдубу дароо, ал биздин кайрымакка илинчуу жигиттерден көрүнбөйт, Уланындан калба бекер ара жолдо каласын деп күлүп калышты.
-хе, карап тургула азыр барып саламдашып колумдан суйдурбосом Назик болбой калайын, деп алдыга кадам койгон кыз Жанардын жолун торой жөнөдү. Кыздар да кызыгып карап калышкан эмне болуп кетет дешкендей.
Эки жагын карабай түз бет алдын карап бара жаткан Жанар Назиктин жанына жеткенде тык токтоду, кыз ооз ачканга да улгурбогон. Ал жана дарбазадан кирип келе жатканда эле көргөн да Назикти, жанына барсам кыздардын алдында тентектигин кылып бир демени баштабасын деп атайын анын жалгыз бөлүнүп келүүсүн күтүп келе жаткан. Назик бир аз эле ордунан жылбай турганда Жанар жанына бармак.
-токтой тур, сен убараланбай эле кой мен жалган айта албасымды билесиң да, ошондуктан азыр курбуларына барып баарын ачык айтып беришиме туура келет, бул ирет жеңилдин, деди Жанар кыздын колунан аяр кармай сүйүп жатып. Назиктин көздөрү ойноп калган экен шашкандан.
-суранам айтпан, алар билбейт сизди, ой неме мен сизди... , иий антсениз мени мактаанчак дешет, деп сөздөрүн иреттеп айта албай жалбарып жиберди.
Жанар жай гана мыйыгынан жылмая кыздын колунан бекем кармап жетелей курбулары турган жайга келип,Назиктин жалооруган көздөрүнө карап андан көзүн тартып кете албагандай көздөрүн ага такаган боюнча кыздарга сүйлөп жатты.
-кыздар кечиресинер, мен азыр бул курбунарды силерден бөлүп алып кетүүмө туура келет, анткени мен тагдырга ишенем. Эч кайда бурулбай түз жолдо баратып жолуктурган адамын сенин тагдырын дегенди укканмын, ошол күндөн тарта эч кайда бурулбай түз жүрөм, а бул кыз өзү чыкты алдымдан. Эми бул кызды алып кетүүмө туура келет, антпесем тагдырга каршы чыккан болуп калам.
Кыздар да жөн турбай ага тийишип калышты, азыр алардын ойносо оюнга тойбогон курактары эмеспи, анан да бул чөйрөдө жалаң гана атактуулардын кыздары эле өздөрүнө ишенген.
-оюнуз жакшы экен бирок бул кыздын тагдыры сизге дал келбейт, бизди да алдыныздан чыкты деп эсептей берсеңиз болот, деди бири.
Аны коштой күлө жанында турган кыз,
-мен да ишенем тагдырга, эч кайда бурулбай түз жүрсөн күрөң боз атчан халнзадан өзү келет алдына деп укканым бар, деди көзүн сузо кылгырып.
-албетте кыздар, ишенгиле тагдырга, анткени силер ишенбесенер да ал болот. Каалайсынарбы мен силерге бир нерсе айтып берейин, тагдыр өзүнүн агымы менен жүргөндөрдү колунан жетелеп алып жүрөт экен, ал эми агымга каршы сузом дегендерди чачынан сүйрөп кетет имиш. Андыктан тагдырга каршы чыкпагыла ар дайым силердин колуңардан жетелеп жүрсүн мына моминтип, деп Назиктин колунан бекем кармай жетелеп дарбазадан чыгып кетти.
Унаанын алдыңкы эшигин ачып Назикти отургузуп өзү айланып барып ролго отуруп жатып жолдун аркы бетинде алардан көзүн албай карап турган жигитке көзү урунду. Ага бир аз карап качан жетип келет деп күтүп отурду да ордунан жылбаганын көргөндө аста айдап ал жайдан жылып кетти.
Назик бул көрүнүштү байкаган жок. Ал бир аз жол жүргөндөн кийин гана демин ичине тарта дем алып алды түшүнөн жаңы ойгонгон адамдай.
-аябай жакшы ойнодунуз ролунузду байкеси, эми мени түшүрүп койсоңуз болот мени күтүп жатышат, деди күлүп.
-эмнени ойнодум? кийин алар сени күтпөйт, корушподубу сени алып чыгып кеткенимди.
-сиз аябай эле образга кирип кетпединизби? мени алар эмес башка адам күтүп жатат.
-жок образга кирбедим, мен сага айтпадымбы жалган сүйлөгөндү жактырбайм деп, бул оюн эмес мен сени үйгө алып баратам. Мен да сен айткан адамды айтып жатам, жолдун аркы бетинде турган гилтейген жигитти айтасынбы, ал көрдү биздин кеткенибизди, эми күтпөйт, деди жай гана.
Назик бул сөздөрдун чын же тамашасын биле албай ага карап эле отуруп калган, бир убакта гана ага жетип барды окшойт Жанар эмнени айтып жатканы.
-сиз аны кайдан кордунуз? Артка айдан, деп кыйкыра баштады.
-жок Назик артка айдабайм, андан пайда жок, ал жигит эчаак кеткен болсо керек.
-жок Жанар артка айда деп жатам, деди Назик өзүн колго ала албай кантип сен деп жибергенин билбей. Жанар камырап да койбойт, мындай болоорун алдындан сезип даярданып келсе керек.
-макул айтканындай азыр артка айдайын, эгер ал жигит али да күтүп турган болсо үн сөзү жок сени анын жанына калтырам, а эгер жок андай болбой кетип калган болсо сен мени мындан ары азыркыдай атайсын, антпесе өмүр жолдошун байке деген жакшы угулбайт экен, деди унааны артка буруп жатып.
Бул жигиттин качан тамашалап качан чын сүйлөп жатканын айрымалоо кыйын эле, ал эки учурда тең өзүн салмактуу кармап ишенимдүү сүйлөйт. Бирок азыр Назик үчүн бул азыр мааниге ээ эмес, эптеп жетип Уланын көрсө болду, эгер чындап эле Жанар айткандай ал экөөнү бирге көргөн болсо маселе чатак, тезинен жетип барып тушундурбосо ал сөзсүз жаман ойлойт. Кайдан дагы келе калды эле, эмнеге жетелесе жетегинде кете бердим деп бир жигитти бир өзүн тилдеп ашыгып баратты. Жанар анын абалын көрүп турса да эч камырабайт, анда өзүнө болгон ишеними бек эле, анткени Уланды бир көрүп анын көз карашынан түшүнгөн ал өзүнө тең келчүү каршылаш эмес экенин. Айтканындай эле алар жетип келишкенде Улан ал жайдан кетип болгон экен, Назик унаадан түшүп ары бери чуркап таппай калып телефонун алып шаша анын номурун терип баштаганда Жанар жетип келип колунан телефонун алып койду. Өзүн ургулап бар күчүн андан чыгарып жаткан кызды бекем кучагына кысы кучактап кулагына шыбырап жатты.
-Назик, эркем менин, эгер ал жигитти сенин тенин деп билгенимде, анын көздөрүнө карап ишене алганымда унааны бул жайдан жылдырбайт да элем, ал сен эңсеген адам эмес, сен каалаганды ал бере албайт, өмүр бою сени сүйүп өтө албайт. А сен анын артынан чуркап, көңүлүнө карап, жалдырап таарынычын жазып жашаштан чарчайсын, бир күн чарт үзүлүп жашоонду бузуп алмаксын. Мен сенин кыйналышынды эч каалабайм, анын алдын албасам кеч болгондо окунуудон не пайда.
-сенби, сенби анда мени бактылуу кылып өмүр бою сүйүп өтө турган! деп шолоктоп ыйлап жаткан кызды так көтөрүп унаага отургузуп шар жөнөп кетти.
-мен сага убада бербейм, далилдейм.
Андан аркы кыздын,
-Токтот! Тушур! деген кыйкырыктарына маани да береди.
-рахмат сөзүнө турганына, экөөбүз келишкенбиз рас сен айтканымды аткарганындан кийин мен да сөзүмдүн үстүнөн чыгуум керек. Байкеден сенге өттүн эми менин мөөнөтүм, ушул муноттордон баштап өмүрлүк жолдошум деп эсептей бер...