Мен бул жерге жан адамга айтпаган журок сырым,эч ким билбеген кайгы мунум,убакыт отсо да айыкпаган журок дартым,жан дуйномду эзген арманымды айткым келди.Бул менин бир инсанга болгон суйуум эмес,бул мени жарык дуйного келтирген,а бирок азыр менден алыс болгон апакеме болгон суйуум..Атам менен апам суйлошуп турмуш курушкан экен.Алгач жан дос болуп,бара-бара ал достук аруу сезимге айланып,махабат денизиндеги суйуу кемесинде бирге сузууну чечишет. А бирок турмуш жолундагы тосуктардан ото албай калдыбы,же ал жолдо бир инсан бороон сымал эки жаштын сезимине кол садыбы,айтор кундон кунго алардын сезими очуп бара жаткан шамдай улпулдоп гана жанаар эле..Убакыт отуп ал сезим да очту,Баягы от чачкан коздордогу суйуу оту жоголуп,анын ордуна аянычтуу да,жаман коруунун да оту жанды.Ошентип алар келише албастан аягы ажырашуу менен чечилди.Ошондогу синдим экообуздун абалыбызды коргон инсан тим карап тура албай козуно жаш алат эле...Журоктогу жара мына ошол кундон пайда болду.мен ал убакта эми гана 9 жашта элем.а синдим 6. Мен менен тен классташтарым ойноп кулуп жургон чагында мен дайым ата-энем жонундо ойлойт элем.....
Кайрылгыс бакыт.... Биздин кайрылгыс бактыбыз ..
#2 30 Июнь 2014 - 02:56
Жакшы жазып баштапсын, ийгилик калганын батыраак жазгын ээ.
Я буду терпеливым,
Я стану повторять:
Чтобы быть счастливым,
Нужно уметь ждать
#3 30 Июнь 2014 - 03:00
Апасы менен жетелешкен балдарды корсом чыдай албай ыйлап,уулуу жылан мойнумдан ороп,улам буугандай буулугуп,ичимдеги кайгы мун баары учтуу тикенге айланып,журогумо саяр эле...Ошентип апам бизден кетти,атам менен калдык.. А бирок узулбогон умуттун оту дале жанар эле,менДе да,синдимде да,атамда да..Ошол кундон баштап окууну да таштап койдум,уйдун жарыгы кеткенсип,уй суз..Бирок ансыз да ич этин жеп жургон атама бул сезимдеримди билдире албадым,аны аядым..Канчалык ичен сызып турсам да.атамдын алдында озумду кайраттуу.шайыр корсотоор элем. 7 жылдан сон атам башкага уйлонду..Уйубузго кут киргенсип,журок ойкогон кара тумандан бир аз да болсо арылгандай болдук. Мага анын келиши аябай.эле оор болду.Озу мунозу жакшы,бизге оз кызындай мамиле кылат.А бирок...Бирок канча ага меер берейин десем да жан дуйном андан качып тура берди...Эмнегедир оз апамды куто берДим..Ал келген жок ...7 жыл бою умут менен кутконум келбеген сон.атамдын уйлонушуно каршы болбодум....
Бир жылдан кийин инилуу болдук..Кубанганыьызды айтпаныз.Айрыкча атам аябай кубанды.Жаш наристенин жытын жыттап анча кайгыны унутуп калды деп ойлогом.а бирок баары бир туболуктуу суйуусун бир азга болсо да унутпаптыр. ..Бир куну аябай ичип келди.Мен жанында болгондуктан коп нерселерди айтыа берди..Эки созунун бири апам жонундо эле.
Бир жылдан кийин инилуу болдук..Кубанганыьызды айтпаныз.Айрыкча атам аябай кубанды.Жаш наристенин жытын жыттап анча кайгыны унутуп калды деп ойлогом.а бирок баары бир туболуктуу суйуусун бир азга болсо да унутпаптыр. ..Бир куну аябай ичип келди.Мен жанында болгондуктан коп нерселерди айтыа берди..Эки созунун бири апам жонундо эле.
#4 30 Июнь 2014 - 03:08
Создорун угуп коз алдым тунарды,козумо жаш алып,жан дуйном эзилип буулугуп турдум,бакыргым келди.Атам чокпосун деп жакшы создорду айтып жубатып,уктаттым да.эшикке чыктым. Асман да мага кошулуп кайгырды ьелем кара булут жамынып алыптыр.Кара булуттун арасынан эн жаркын жылдызымды издесем.а л эми жан дуйномдогу кара тумандан эн жакын инсагымды издедим..Таппадым.
..Ошол куну бул жашоо менен кош айтышкым келди, Журогумдогуну бироо менен болушо албай бук болдум...Жакын досум бар,бирок ага кантип айтмакмын..?
Айла жок баарына кайыл болуп,таалайсыз тагдырыма таарынып,талкаланган тагдырларга боорум ооруп кала бердим.Кайрылгыс бакытыма кош дей албай копко чейин асман тиктедим...Суранарым ата-энелер ажырашпагылачы.
..Жок дегенде балдарыныздырды ойлонуздар.
.Мен дуйнодогу эч бир бала мага окшоп ыйоабасын дана бактылуу болушун каалайм...
#5 30 Июнь 2014 - 03:17
Сабыр кылуудан башка айла жок карындаш. Кудайдын берген сыноо дуйносу экенин унутпасак. Тагдырына таарынба, али баары алдыда. Бактылуулук каалайм!
Убакыт учкан куш
#6 30 Июнь 2014 - 04:32
Kudayimdyn bizge Bergen synooloruna chydabawka ayla jok. Emi myndan kiyin kozunuzdon jaw akbasyn,baktyluu bolunuz!
Лучше быть счастливыми,
чем гордыми. Пишите, звоните, говорите в глаза
.
#7 30 Июнь 2014 - 05:05
Бир кем дунуйо. Бироо Эне мээримине зар болсо, экинчис кол алдында Энесинин баркына жете албагандарыбыз арабызда арбын болсо керек! Ата-Энебиз аман болсун! Аллах ата-энебизди оорудан, кырсыктан сактасын. Ата-энени мунайтпасак жакшы колдон келсе. Автор сабыр кылыныз. Карангы тундон кийин, агарып тан жарыйт. Сиздин жашоонуздун дагы таны бир кун атышына ишенем. Мындан аркы жашоонуз жакшылыктар менен коштолсун.!
Жан дуйномо булук салып куйуктор,
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
#8 30 Июнь 2014 - 13:59
Сизди тушунуп турам аявай. Жашоодо ар кандай сыноолорго чыдабаска айлабыз жок. Апаныз кеткен боюнча бир да кабар албадыбы? Мумкун кетуусунун дагы бир башка себеби бардыр. Сабыр кылыныз. Сиз чыныгы бакытка жетишиниз учун балким ушул сыноолор берилгендир.
Мындан ары бактылуу болосуз ишениниз!
Жашоого нараазы болгонуңда эч нерсе көрбөй эрте кеткендерди,
күйөөңө нараазы болгонуңда турмушка чыга албай жүргөн кыздарды, балдарыңды урушканда балага зар болуп жүргөндөрдү эсте. Бардын баркына жетип жүр
#9 30 Июнь 2014 - 14:09
Сабырдуу бол.булда болсоАллах Тааламдын сыноосу сабырдуулук менен баарын жен.
#10 30 Июнь 2014 - 14:32
Олум жонундо эч качан ойлонбо, анткени сенин атанын да, эненин да ордун баскан аска - зоодой атан бар. Сага окшоп эненин мээримине зар болгон синдин бар. Сен аларга керексин !!!
Энене келсек, тагдырдын буйругу, оз калоосу менен тандаган тайкы жолу.Мумкун бир кун келип оз катасын билип кайрылса кечиримдуу бол.
Келечек али алдыда, максатка карай умтул. Бактылуу кундор, жаркын келечек алдыда экенине сен ишен.
Энене келсек, тагдырдын буйругу, оз калоосу менен тандаган тайкы жолу.Мумкун бир кун келип оз катасын билип кайрылса кечиримдуу бол.
Келечек али алдыда, максатка карай умтул. Бактылуу кундор, жаркын келечек алдыда экенине сен ишен.
#11 30 Июнь 2014 - 14:51
Карындашым коп эле капаланба,чого бербе!Айдын 15и карангы болсо,15и жарык болот.Сенин кочондо да майрам,той болот.Олум тууралуу ойлонбо,анткени сен атана,синдине керексин
#12 01 Июль 2014 - 04:03
Baarynyzdarga rahmat,Allah yraazy bolsun! Sizderdin sozdorunuzdordu okup,kenewinizderdi ugup an4a ozumo iwenip,ozumdu kyila ku4tuu sezip kaldym.Men sizderdei bolgon syrdawtarym bar ekenine kubanam,biri-biribizdi korbosok da,taanybasak da koldoo korsotkonunuzdorgo 4yn dilimen yraazymyn.Dagy bir iret choon rahmaat...
#13 01 Июль 2014 - 05:25
Кайгырбаныз,
сабырдуу болунуз.Бул да болсо аллахтын сыносуу, бактылуу болунуз!!
#14 01 Июль 2014 - 13:18
Сенин жазгандарынды окуп, козумо жаш алдым. Менин да эки чырактай кызым бар.Азыркы убакта АЛЛАХым мага да чон сыноо берип жаткан учур.Кээде баарына кол шилтеп кеттип калгым келет.Менин кыздарым да сендей сыздашын каалабайм.Азыр боюмда бар,ушул кичинекей наристелерим учун жолдошумду чын дилимден кечирип,откон нерселерди унутуга бел байладым.
#15 01 Июль 2014 - 13:19
Сенин жазгандарынды окуп, козумо жаш алдым. Менин да эки чырактай кызым бар.Азыркы убакта АЛЛАХым мага да чон сыноо берип жаткан учур.Кээде баарына кол шилтеп кеттип калгым келет.Менин кыздарым да сендей сыздашын каалабайм.Азыр боюмда бар,ушул кичинекей наристелерим учун жолдошумду чын дилимден кечирип,откон нерселерди унутуга бел байладым.
#16 01 Июль 2014 - 15:28
Аллах суйгон адамына гана ар кандай сыноолорду берет.
Меня никогда не отталкивала бедность человека, другое дело, если бедны его душа и помыслы
#17 01 Июль 2014 - 17:40
Синдим тагдырыбыз окшош экен, кандай сезимдер жан дуйнонду каптап турганын сезип турам, тагдырлашым ай,тагдырлашым.
Бирок мен апамдын колунда калып,атамды сагынып ыйлаганмын,
апам байкуштун тун жарымда унсуз ыйлаганын далай кордум ошондо атамды жек коруп,ушундай атанын кызы экениме арданчуумун,
мен да озумду олтургум келчу,бирок "апамды мен бактылуу кылам" деген ой менен жашачуумун.
Бирок тагдыр экен апамдан туболукко ажырап калдым ошондо мен да 15 жашта элем апамдын куйуту менен жинди боло жаздагам,тун жарымда да мурзого бара берет элем,апама кетким келип жип корсом эле муунгум келе берчуу,мына арадан жылдар отту турмуш улана берет экен ошол убактарда озумдун омурумо озум кол салбаганыма азыр шугур кылам. Сага айтаарым ата-энен оз турмуштарын оздору тандашты аларды жайынча тим кой да оз келечегинди ойлон,келечекте сенин балдарын сен коргон кыйынчылыкты корбосун. Апакен алыста болсо да тируу экен мына ушунун озу эле чон бакыт.
И в радости и в горе, какой
бы ни был стресс, держите под
контролем – мозги, язык и вес!
бы ни был стресс, держите под
контролем – мозги, язык и вес!
#18 01 Июль 2014 - 18:17
. Жаш экенине карабай ата- эненин кемчиликтерин коро билген дилгир кыз экенсин. Атандын алган аялына каршылык кылбай оз дитин менен конул коюп кубаттаганын бул озундун кучтуулугун,
тушуно билгендигин.
. Ой жугуртуп , кабыл алуу сезимине баа бердим. Сендей эрки кучтуулор турмушта эч качан сынбайт,ийилсе да.
Андыктан кайгырба,бул турмуштун сыноосу,сабыр кылсан жалан гана жакшылыктар жышааны менен жашайсын! Турмуштук бакыт каалайм!
. Ой жугуртуп , кабыл алуу сезимине баа бердим. Сендей эрки кучтуулор турмушта эч качан сынбайт,ийилсе да.
Андыктан кайгырба,бул турмуштун сыноосу,сабыр кылсан жалан гана жакшылыктар жышааны менен жашайсын! Турмуштук бакыт каалайм!
Билдирүүнү түзөткөн: antiwithin14: 01 Июль 2014 - 18:27
#19 01 Июль 2014 - 20:00
Менимче, бул бакыттын туру гана.. Бакытты кааласан, баардык жерден тапсан болот. Бакыт балалуу болууда, бакыт уй-булоодо, бакыт жакындарындын бактылуулугунда.
. Андыктан, кайрылгыс дебей эле койсон болот. Сабыр кылсан, бакыт сени озу издеп келет. Апан да бир куну келет. Кантип оз канынан жаралган балдарын унутсун? Албетте, себеби бардыр..
#20 01 Июль 2014 - 23:08
Ошону айтсанар андай адамдар толтура канчалаган наристелер атасыз энесиз осуп жатышат ээх