Фаризат Асанкалый кызынын бул чыгармасында адам баласынын сүйүүдөн бактылуу болууга умтулушу, жеке бакыты үчүн күрөшүү жана махабатка чыккынчылык кылгандардын жазаланышы тууралуу баяндалат.
1-бөлүм.
Назираны ушундай тагдырга кабылат деп ким ойлоптур. Билим десе билими бар, иш десе жакшынакай иши бар бул кыздын мындай оор күнгө туш келгени жаман эле болду. Ошентсе да Назира кургур эрдин кырча тиштеп тагдырдын башка салганынан кача албай, караңгыда жол таба албай, туңгуюкка кептелди да калды. Сүйүү, сүйүү деп жүрүп ушу күнгө туш келбедиби. Өз ичинен "сүйүүм менен сүмүрөң калсамчы" деп өзүн жектеп коет. Бирок, жектегенде эмне пайда чыкмак. Бул нерсе учурдагы абалына эч кандай жардам бербейт эмеспи. Ары ойлонуп, бери ойлонуп отуруп, акыры өзү тааныган оорукананын башкы догдуруна телефон чалды. Минтпеске аргасы жок эле. Эмне деп жооп берер экен деп телефондун номерлерин терип жатты. "Ту-ут, ту-ут" эткен телефондун узун үнү кетти. Телефондун трубкасы көптө барып көтөрүлдү.
П.С. "Анан?, Тез-тез жаз!"-деп шаштырбаңыздар ээ.
Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 22 Апрель 2014 - 16:14