Ylykbek1990
, ay.zi, slastenka, эскертүү!
Чыгарма толук жазылып бүтмөйүн сын-пикир, комментарий жазууга болбойт! Ал үчүн атайын тема бар:
"Чыгармаларга сын-пикир"
жана
"Чыгарма жазгандарга нааразычылык жана сунуш"
Көз жаш. Фаризат Асанкалый кызы.
#23 23 Апрель 2014 - 13:03
Күн артынан күндөр сабалап учуп, мезгил өз ыраатын бузбай, салтын жасап акырын билинбей өтө берди. Студенттик майрамдарга окуядан чамасы бир ай өткөндүр. Адатынча сабактан келсе бөлмөлөш эки кызы өздөрүнө шынаарлашып,
-Ай Назира, сен эмне бизден жашырынып ыя? Биз сага ишенип жүрсөк сен биздин сырыбыздын баарын билесиң да, эмне үчүн өзүңдүкүн бөлүшпөйсүң? Бизди теңсинбейт окшойсүң кыялыңда. Бир жерден туз-даам татышып, бир нанды бөлүшүп жеп жатканыбыздан кийин ушунуңду жашырбай эле койбойсуңбу? -деп эле экөө эки жактан аңкылдап киришти. Эмне болуп кеткенин элес албаган Назира шалдырап керебетине отура кетти.
-Кыздар, эмне болуп атасыңар деги? Табышмактатпай айтпайсыңарбы?
Муну уккан эки кыз дагы күчөштү.
-Тигини, тигини калп эле билмексен болуп калат тим эле, эмнеге жигитиң бар экенин айтпай жүрдүң?
Назира чоочуп кетти.

В каждой шутке есть доля правды...
#24 23 Апрель 2014 - 13:16
-Каяктагы жигит? Кимди айтып атасыңар? Эч кандай жигитим жок. Кыздар силер мени жакшы билесиңер да.
-Ооба, жакшы билебиз деп ойлочубуз. Көрсө жакшы билбептирбиз. Сен жигитиңди жашырып жүрүпсүң. Азыр экөөбүз сенин калпыңды чыгарып, жигитиңдин бар экенин далилдеп беребиз-дешип, бир көк пакетти, анан терезе парданын артына катып коюшкан кыпкызыл роза гүлдөрдөн жасалган букетти алып чыгышты. Пакеттин ичинде коробка шоколад менен шомпан бар экен. Назира эмне болгонуна деле түшүнбөй, бир ордунда далдырап турду. Анан тигилер катты беришти, "Назира менин сенде сөзүм бар эле, эртең кечинде жолугалычы. Көптөн көп өтүнөм. Мен сени сүйүп калдым." деп жазылыптыр катта. Окуп алып
-Мен муну тааныбайм. Ким ал Марс деген?-деп, кайрадан кыздарга суроо узатты.

Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 23 Апрель 2014 - 13:18
В каждой шутке есть доля правды...
#25 23 Апрель 2014 - 13:24
-Марспы?
Ал деген "крутой"
жигит. Дайыма чыкыйып, кычырап жүрөт. Марапаттын жердеши. Ушунукуна келип жүрүп, сени сүйүп калыптыр.-деп жабырашты. Назира пакеттен алып чыккандарды кайра пакетке салып туруп, керебеттин түбүнө коюп койду. Тиги экөө
-Эмне шомпан менен шоколадыңды да бөлүшкүң келбейби?-деп бултуюша таарынып калышты. Назира унчукпастан кечки тамакты да ичпей төшөгүнө жатып алды. Эртеси кечке жуук бөлмөнүн эшиги чертилди. Тиги экөө жарыша эшикти ачса, Марс зыңкыйган бир досу менен туруптур.
-Эмне шомпан менен шоколадыңды да бөлүшкүң келбейби?-деп бултуюша таарынып калышты. Назира унчукпастан кечки тамакты да ичпей төшөгүнө жатып алды. Эртеси кечке жуук бөлмөнүн эшиги чертилди. Тиги экөө жарыша эшикти ачса, Марс зыңкыйган бир досу менен туруптур.
В каждой шутке есть доля правды...
#26 23 Апрель 2014 - 17:01
-Оо, бизге коноктор келди Назира. Киргиле, төргө өткүлө,-дешти.
Жигиттер да дароо эле кирип келишти. Марс өзгөчө көңүлдүү экен. Кыязы Назирадан жакшы жооп алам десе керек. Анын сүйгөн кызы ал күткөндөй мамиле кылбады. Сылык-сыпаа учурашып туруп, досун да, бөлмөдөгү кыздарды да көзгө илбей Марстын пакетин кайра колуна карматып,
-Мен сизге өткөндө эле түшүнүктүү айткан болчумун. Азыр болсо бөлмөнү бошотуп коюшуңузду өтүнөм!-деп терезени карап, Марска далысын салып туруп алды. Марс өтө ыңгайсыз абалда калды. Бул ирет дагы досунун жана Назиранын жанындагы кыздардын алдында кадыр-баркы түшүп, экинчи жолу шагы сынды. Кыжырданып пакетти тарс эттире үстөлдүн үстүнө койду да бөлмөдөн чыгып кетти. Артынан досу кошо жөнөдү.

#27 23 Апрель 2014 - 17:14
Кыздар жалгыз калышты. Тиги экөө
-Назира, сен бекер кылдың. Абдан катуу кеттиң. Адамдын көңүлүн минтип калтырууга болбойт. Ойлонбостук кылдың. Көңүлүңө жакпаса да чайыңды берип, жылуу-жумшак узатып койсоң болмок.
Назира кыздардын сөзүн угуп ойго батты. "Чын эле туура эмес кылдым окшойт. Эмнегедир жүрөгүм ооруп калды. Кудай өзү кечирсин" -деп ойлоду ичинен. Анан апасынын "кызым аялзатына эркек киши периште катары келет. Көлүңө жакпаса канатын кайрып, көңүлүн оорутпа. Алардын да убалы болот" деп айтып калчу кебин эстеди. Эми баары кеч. Өзүм Марстын аркасынан жүгүрмөк белем. Бир күнү кайрылып келээр, келбесе кете берсин. Болоору болду, боесу канды да. Кылгылыкты кылдым. Анан түштөн кийин ойлонуп эмне кылам. Сүйгөн адамдын көңүлү калмак беле? Чын сүйсө кайра бир күн кабвр алаар"-деп койду. А бирок баары Назиранын оюндагыдай жөнөкөй болсо кана...

#28 23 Апрель 2014 - 17:22
Марс өзүнүн ашыктыгын далилдеш үчүн көп нерсени пландаштырып жатты. Назира болсо окуяны өзү кантип татаалдаштырып алганын билбестен бейкапар жүрдү. Күндөр күнгө уланып, Марстын жүрөгүн канткан окуя болгондон туптуура бир ай өтүп карыбас, арыбас мезгилдин сапарына дагы төрт апта кошулду.Бул убакыттын ичинде Марстын Назираны багынтып алуу жөнүндөгү ою толук бышып жетилди көрүнөт. Албетте, бул ойлорду Марс өзү жалгыз гана ойлогон жок. Эң жакшы көргөн эң жакын көргөн досу Атай анын акылына акыл кошуп ар тараптан жардам берди.
В каждой шутке есть доля правды...
#29 23 Апрель 2014 - 17:33
Чынында Марстын жүрөк түпкүрүндөгү ою Атайсыз ишке ашмак эмес. Баягы "жандооч кийин арттырат"
деген сөз тегин жерден айтылбаса керек. Анын үстүнө Атай жан досунун махабаттын айынан машакаттын тузагына чалынып, азаптын ордосунан чыга албай жүргөнүнө жалгыз күбө эмеспи. Намыскөйлүгү башынан ашкан Марс Назираны сүйүп жүргөнүн, жүрөгүндөгү сүйүү сырларын бир гана Атай менен бөлүшөт. Мен Марстын досумун деп тегеректеп жүргөн сүрмө топ жарма досторуна Назира жөнүндө "лам" деп ооз ачпайт. Себеби аларга ишенбейт Марс. Ишенген досу Атай. Ошондуктан Марстын кыбыр эткен кыймылы Атайга маалым.
В каждой шутке есть доля правды...
#30 23 Апрель 2014 - 17:43
Эки дос ошол түнү Марстын шаардагы көп кабаттуу үйлөрүнүн бириндеги эки бөлмөлүү квартирачында таң агарганча сыр чечишти. Ортодогу чоң бөтөлкөдөгү арак бөксөргөн сайын достордун маеги да күчөдү. Ичимдикке кызый түшкөн Марс бакылдап жатты.
-Мына, дос, ушундай. Ары татаал, ары жөнөкөй, ары айбандык жол менен Назираны өзүмдүк кыламын. Мен түшүнөм, бул адамдык эмес. Бирок, мындан башка аргам жок. Анын аркасынан жүгүрүп, жалдырап сүйүүмдү билдирүүгө эрким жетпейт. Ал менин шагымды кандай гана сындырды, жүрөгүмдү оорутту. Ошентсе да Назираны сүйгөндөн тажабадым. Мындан ары чыдай албайм. Адамча кылганды түшүнбөдүбү, анда айбандык жол менен түшүндүрөм сүйүүмдү. Акыры ал меники болот. Көрөсүң, артымдан өзү жүгүрө турган кыламын.

#31 23 Апрель 2014 - 17:56
-Марс,
сен эмне, аны зордуктайм деген оюңдан кайткан жоксуңбу?
-Жок. Эч качан кайта албайм. Досум, мен эмнени кааласам ошого кандай жол менен болсо да жеткен адаммын. Сүйгөнүмдү бирөөгө тарттырып коюп, олтуруп калчу жигит эмесмин. Сен мени жакшы билесиң да. Мен аны канчалык сүйсөм да, Назира мени элдин көзүнчө басынтканы үчүн жооп бериши керек.
-Зордуктап салсаң эле Назира сеники болот дейсиңби? Балким, сага деле жек көрүү сезими күч алар. Ошондо даана кол жууп, жүрөктөгү ак сүйүүңө жете албай өмүр бою өкүнүчтө калаарсың?
-Эч качан андай болбойт! Албетте биринчи жек көрүшү мүмкүн. Андан кийин терең ойлонуп көрөт. Аны кыздыгы жок кайсы жигит аялдыкка алмак эле. Алган күндө деле абийирсиз атка конуп, ар дайым бетине чиркөө болуп кордолуп, басынып жашайт да. Назира акылдуу кыз. Акыры келип мени менен өмүр сүрүүнү тандап алат.

#32 23 Апрель 2014 - 18:11
-Эмнеге сен ушунчалык ишенимдүүсүң ага? Назира сенден ашкан намыскөй. Сенин ойлоруң тетиринен чыгып, сотко берсечи? Анда эмне кыласың?
-Сотко бере албайт. Мен аны Кудай берген кызыл тил менен андай жолго барбаска көндүрөм. Айтор, кандай болгон күндө да кылган кылыгым үчүн өз башым менен жооп берем. Сенин кылдай күнөөң жок болот досум.
-Мен күнөөлүү болуудан корккон жокмун. Сенин сүйгөнүңө жетип, бактылуу болушуң үчүн бардыгына даярмын. Достун дос экени ушундайда билинет эмеспи.
-Сөздөрүң эми оңолду Атай. Акыркы кептериң менин күчүмө күч кошкондой болду. Эмнеси болсо да мен сага таянам, сага ишенем. Андыктан, бири-бирибизден жардамыбызды аябайлы.
Ошентип, эки дос Назираны Марстын үйүнө эч кимге билдирбей ала качып келмек болушту. Марс жүрөгүндөгү чоң сүйүүнүн айынан кантип эки буттуу айбанга айланып баратканын сезген да жок...

#33 23 Апрель 2014 - 18:32
Ал жекшембиде Назира китепкана жабылганча конспект жазды. Эң акыркылардан болуп чыкты китепкандан.
Сыртта караңгылык өкүм сүрүп калган эле. Тепкичтерден кылдат аттап түшүп, аялдаманы көздөй бет алды. Эмнегедир жүрөгү лакылдап согуп, бир жамандыкты сезгендей. Кадамын ылдамдатты.
Көчөдө адамдар серүүндөп калыптыр. Аңгыча бир машина фараларын жаркырата күйгүзүп, Назиранын алдын торой токтоду. Кыз багытын өзгөртүп кетейин деп кетенчиктегенде кудум кинодогудай машинанын эшиктер шарт ачылып, ичинен сомодой эки жигит чыгып, Назираны көздөй жүгүрүштү. Назира эмне кылаарын билбей катуу корккондуктан ордунан жылбай катып калды.
В каждой шутке есть доля правды...
#34 23 Апрель 2014 - 18:47
Качан гана жигиттер аны машинаны көздөй сүйрөй баштаганда эсине келе түштү көрүнөт, каршылык көрсөтүп, тепкилеп-чапкылап жигиттерден болонууга аракет кылды. Бирок ал-күчкө толуп турган сомодой немелерге тал чыбыктай ийилген назик кыздын алы жетпеди. Анын ачуу чаңырыгы айлананы бир жаңыртып, анан машинанын дүрүлдөгөн үнүнөн угулбай да калды...
Андан аркысын Назира такыр эстегиси келбейт. Ошол мүнөттөрдү эстөө Назира үчүн тозоктун тозогу, азаптын азабы. Ал каргашалуу күндү эстеген сайын кыздын жүлүнү зыркырап, жүрөгү сыздап, көз жашы мончоктоп, кайгынын сазына батат. Канчалык кайгылуу, канчалык азаптуу болсо да ал күндү өмүр жолунан сызып сала албайт. Эгер Назиранын колунан келсе, ал күндү небак өзүнүн эсинен өчүрүп салмак. Бирок, антүү колдогу иш эмес. Бүгүнкү тагдыры үчүн бир чети Марсты күнөөлөсө, бир чети өзүн күнөөлөйт. Балким чектен чыга бой көтөрбөгөндө бүгүн Марс менен бактылуу өмүр кечирмек белем деп ойлойт...

#35 23 Апрель 2014 - 18:53
Ой деген күлүк эмеспи. Ойго нелер келип, нелер кетпейт. Анын сыңары Назиранын өмүрүндөгү эң оор күнү эсинен чыкпайт. Ошондогу Марс кыпкызыл канга толгон көздөрү, коркуткан сөздөрү, дегеле ар бир кыймылы күнү бүгүнкүдөй көз алдына тартыла түшөт...
В каждой шутке есть доля правды...
#36 24 Апрель 2014 - 00:05
Назираны машинеге күчтөп салышкан бойдон Марстыкына келишти. Атай сөздү илгертеден баштап Марстын Назираны сүйөөрүн, анын теңсинбей жүргөндөрүн айтып өтүп, бүгүн экөөнүн тагдыры биригерин кеп кылганда, кыз чаңырып, экөөнү жанына жолотпой каршылык көрсөтө баштады. Үчөө кыиылышып атышты. Назира күчүнүн барынча каршылык көрсөттү. Ал тургай үстөлдүн үстүндөгү бөтөлкө менен терезенин айнегин талкалап салды. Болгон үнү менен бакырды, чаңырды. Бирок анын зарлаган үнүн эч ким укпады. Кыздын ачуу үнү коюу караңгы түндүн коюнуна сиңип кетип атты. Марс менен Атай экөөлөр Назиранын колун катуу байлашып, анан Атай Назираны Марс менен бир бөлмөгө камап койду. Ичкиликке тоюп алган немелер акылын башкара алышкан жок.
В каждой шутке есть доля правды...
#37 24 Апрель 2014 - 00:13
Марс бөлмөнүн жарыгын өчүрүп, Назирага жакындап келди. Аны керебетке көтөрө чаап, эки тизеси менен буттарын бекм басып, юбка, колготкисин чечип салды. Баятан бери кыйкыра берип, ыйлай берип эси оогон Назира акыркы каршылыкты көрсөтүп, балыктай туйлап жанталашканы менен Марстын кучагынан бошоно албады. Маңдайга жазылган тагдырга баш ийди белем, алсыз-күчсүз сулк эле жатып калды. Марс болсо кыздын тынчып калганына кубана түштү. Назира кургур алаасына катуу нерсе такалганын билет. Анан көзүнө от чагыла түштү да, денесинин катуу ооруганы "апа" деген катуу чаңырык менен коштолду. Бир заматта зөөкүрдүн айынан кыз өмүрү менен кош айтышып, Марстын алдында көзүнөн жаш эмес, кан агызып сыздап жатты.
В каждой шутке есть доля правды...
#38 24 Апрель 2014 - 00:23
-Кечирип койчу мени Назира. Мен сени сүйөм. Сүйүүмдү далилдедим сага. Сенсиз жашай албайм,-деди жалбарып. Назирага кошулуп ыйлап жатты. Эркектердин буркурап боздоп ыйлаганын ал түнү биринчи көрдү Назира. Ошондогу түндүн узундугу ай. Андагы дененин ооругандыгына сөз жетпейт. Назира таң атканча эртеңки тагдырын ойлоп, ар түркүн ойлор менен алектенип кирпик каккан жок. Марс болсо максатына жеткенине жүрөгү жибий түштүбү ким билет, жада калса Назиранын байланган колун бошотуп коюуну да эстебей, уйкуга баш урду. Назира көз жашын салаалатып жашоону, өзүн, Марсты жек көрүп, дүйнөдөгү эркек аттуунун баарысын каргап атты... Күнөөлүсүнө да, күнөөсүзүнө да наалат айтты…
В каждой шутке есть доля правды...
#39 24 Апрель 2014 - 00:31
Мына ушундай татаал, кайгылуу жолдор аркылуу Марс менен Назиранын тагдыры кошулду. Марс айткандай эле Назира аны сотко берүүдөн коркту. Анткени "эгер сотко берсең өзүңдүн абийириң төгүлөт. Баары сени сөөмөйү менен көрсөтүшүп шылдыңдашат.
Ошондо сен өзүңдөн өзүң чүнчүп, басынып жок болосуң. Сен жөнүндөгү ушактар жан дүйнөңө тынчтык бербей көчөгө чыккандан, бирөө менен сүйлөшкөндөн уяласың. Эч кимге кошулбайсың,
эч ким сени кошпойт. Ушинтип жашаган жакшыбы же мени менен сүйүүнүн мээримине бөлөнүп жашаганың жакшыбы?"
деген сөзү кулагына жаңырып турду. Ошентсе да ушул күн Назиранын жашоосун бүтүндөй өзгөрттү.
Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 24 Апрель 2014 - 00:37
В каждой шутке есть доля правды...
#40 25 Апрель 2014 - 13:22
Алгач чогуу жашаган кыздарга "мен дагы Марсты сүйөм" деп, эч нерсе болбогондой аны менен кыз-жигит болуп ээрчишип жүрдү.
Ичинен жек көрүп турса да, Марска "сени жек көрөм" деп айткандан коркчу. Сыр билдирбей жакшы мамиле кылып, өзүн-өзү колдойт. Бирок, качанкыга чейин? Сүйгөн адамдын бет кабын кийип жашагандан тажайт. Марстыкы бардыгы тескерисинче. Сүйүүсү ого бетер күч алып, Назиранын көзүнүн агы менен тең айланып, өзгөчө жылуу мамиле кылат. Айбандык иши үчүн күн сайын Назирадан кечирим сурайт.
-Назира, көрөсүң, экөөбүз бактылуу болобуз. Мен өзүмдүн күнөөмдү сүйүүм менен, махабатым менен жууп кетирем. Билем сен мени сүйбөйсүң, мен сени сүйдүрүп аламын,-деп айтып жүрдү.