Салам форумчу достор,
Менин жашоодогу досторум бул форумга киришпейт. Мага арманын айтып, кеп-кенеш сураса дароо ушул жакка жазып, туркун ойлорунуздарды угууга ашыгам. Менимче зыяны деле жок болсо керек. Тескерисинче,
чечим чыгаруу учун ар кандай варианттагы кенештерди угууга болот бул форумда. Бир курбу кызымдын жашоосунда ото оор чечим чыгаруу алдында турат. Башынан айтып берейин.
Дос кызым Прагада, жеке фирмада эмгектенет.
Жумушу жакшы, жашоосу жайында. Бирок, ушул жашка келгени ашыктык катын жазышып, суйдум-куйдум дегенин уккан эмесмин. "Мен университетти аяктаганда менин куткон принцим келсе турмушка чыгам, болбосо такыр чыкпайм",
-деп тамашалап калчу. Бирок, айткан убагында куткон принци келбеди. Жакшы сунуштар менен Европада калып калган. Жумушуна конушуп, атургай жетекчи позициясына чейин которулуп, карьерасын онуктуруп жаткан. Жумушунда чогуу иштеген бир байке(озунон 8 жашка улуу) жакшы колдоо корсотуп, алыста жургонун сездирбоо учун оорун колдо,женилин жерден алып, жакшы суйлошушчу.
Ал курбу кызым чет олколоп коп журсо да, нацисттик жагы ото кучтуу. Бирок, тиги байкени башка улут болгонуна карабай: "Дал ушундай кыргыз жигит болсо, сезимдеримди айткандан да кайра тартпайт болчум",-деп мага айтып суктанып калчу. Ал байке анын устуно балалуу болбосо да уй булолуу эле. Буларды айтып жатканымдын себеби, курбу кызым аны адам катары сыйлаганы менен, башка нерсе жонундо ойлогон эмес. Иштегенине 2 жыл болду. Кышында ал байкенин ажырашканын угуптур озунон. Экоосу ага-карындаш катары жакшы суйлошкондуктон ал баарын айтып бериптир. Аялы "Жаш туруп балалуу болуп, жаштыгымды бекерге кетире албайм",-деп айтчу экен. Айтор уйлонгонго чейинки корбогон кылыктары бирге жашагандан баштап коруно баштаган учун, эки ажырым жолго тушуптур. Азыр да эч нерсеге намек кылбаган менен, курбу кызыма кам коруп, жакшы мамиле жасайт экен. Курбу кызым "Мен кун откон сайын ансыз жашай албачудай сезилип баратат. Озумду алсыз корсотуунун турдуу амалын ойлоп, аны озумо жакындаштыргым келет. Анын жылуу мамилесинен улам умуттоно берем.Бирок,
ал деле ажырашкан, башка улуттагы бироого жолобойт деп ойлосо керек мен жонундо. А мен аны суйуп калдым окшойт",-дейт.
Айтор, жумуштан кеч чыгып же суук болгондо курбу кызымды уйуно таштап коюшунан, ооруп калса ооруканага жеткирип, кам корушунон, жылуу мамилесинен улам умуттонуп калган чыгаар. Айтор чогуу отуруп калсак ар бир кылыгын айтып, ал жонундо созу бутпойт.
Сиздер кандай ойлойсуздар.
Эмнеден улам? Тиги байке суйобу? Ажырашкан, башка улуттагы адамга курбумдун ата-энеси ардактап баккан кызын береби?
Акылга баш ийбеген жүрөгүм.. кенешиниздер керек...
#2 05 Июнь 2014 - 19:39
Суйот эле болуш керек. Антпесе, убактысын бекер эле кетирип кам корот беле? Ал адамдын да курбунузга сезими бар учун суйуусун иш жузундо далилдеп жатат окшойт. Менимче, копчулук ата- энелер баласынын бактылуу болушун каалайт болуш керек. Кызы "суйом"
деп жатса, каршы болушмак эместир. Бул жерде эки чон адамдын чечиминен коз каранды. Биринчи, алар сезимдерин андап, тушунгондон кийин бир болууну чечишсе, кийинки "проблема"
ата- энени кондуруу болот))
#3 05 Июнь 2014 - 19:53
албетте бактысын башка улуттан тапкандар аз эмес..бирок ал кишинин мамилесин курбунузга болгон ..карап турсан суйууго окшойт бирок кантсе деле озубуздун кыргыз жигиттерге мен дуйнодогу башка улуттун мырзаларын тенебейт элем!
#4 05 Июнь 2014 - 20:49
Эми, кудай башка улутка никесин байласа башка чарасы барбы?!
Бирок, бирок тээ бир кезде,
"Сагынганда бир келээрсин, саргайганда бир келээрсин,
Ала-Тоону коргону!" ,деген саптар озуно арналганын сезип, журогу мыкчылаар. Ала-Тоодон откон кымбат жер барбы дуйнодо, кыргыз мырзасынан откон асыл мырзалар барбы бул ааламда?! Кантседа сагынычтан саргайбаса болду!

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#5 05 Июнь 2014 - 21:52
Ким бироо дил кутуга минтип жазыптыр."
Бироону суйуп калуудан эмес,байланып калуудан корк"деп.
менимче бул кыз байланып уйронуп калган.болбосо бир аял кеттирген (анысыго мейли бешене дейли) башка улут болуп атпайбы.же ошодода"принц"
корунуп жаттыптырбы?
эн негизгиси ал "принц"
Мусулман бекен?
#6 05 Июнь 2014 - 22:09
Башка улут болгондо эми кайсы улут жаза кетпептирсиз да?..
Жашоодо бакыт бар деп жашоонун, озу бакыт!
#7 05 Июнь 2014 - 22:30
Озубуздун кыргыз мырзаларына эмне жетсин.
Ал кызда журогу , калаганга суйгонуно, тийгиси келет да ким мн болсо да бактулуу болсун?
Ата-энеси макул болушуна козум жетпейт, мисалы: дейли оштон бишкеке , же оштон таласка бербейтат кой алыс деп анан ошо башка олкого бере бекен... ?

#8 05 Июнь 2014 - 23:40
Биринчи ата энеси менен кенешсин ата энеси макул болсо турмушка чыга берсин кыргыз жигитинен башкага турмушка чыкса бактысыз болот деген эч ким жокго, бир маселе барда ал маселе ата энесине тез тез келе албай алыс болуп калганы
#9 06 Июнь 2014 - 00:59
. Жашоо бир келет,демек,
ар бир ташталган кадамды барктап жашаш керек.
Кийин " аттин ай ай" деп окунуп калбагыдай , туура чечим чыгаруу керек.
"ал жигит ооба суйот, бирге жашоого татыктуу" дегенден алысмын. Себеби,суйуудо кандай кырдаал болбосун ар бир адам журогу менен кенешип,озунун жашоосу учун ОЗУ чечим чыгарган он.

#10 06 Июнь 2014 - 09:14
Кеңешчилер туура эле жазып атышат."Мага жакшы мамиле кылат,мен да аны сүйүп баратам" деп жүрүп бир жолу ага байланып калгандан коркпойт бекен курбуңуз? (же уже байланып калганбы?).
Убагы келип "бекер кылыпмын?" деп өкүнүп калгандан көрө өзүбүздүн эле жакшынакай жигиттерден караштырса болбойбу?
Канчалык жакшы болгон күндө да Кыргызстандын таза абасы,таза суусу,кең пейил эли (дагы деле бар кең пейилдер),деги эле дайым колдоо көрсөтчү ата-энеси,бир туугандары көздөн учуп калаарын ал курбуңуз сезип жата бекен???

Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!
#11 06 Июнь 2014 - 11:08
Kg.lady (05 Июнь 2014 - 19:49) жазган:
Эми, кудай башка улутка никесин байласа башка чарасы барбы?!
Бирок, бирок тээ бир кезде,
"Сагынганда бир келээрсин, саргайганда бир келээрсин,
Ала-Тоону коргону!" ,деген саптар озуно арналганын сезип, журогу мыкчылаар. Ала-Тоодон откон кымбат жер барбы дуйнодо, кыргыз мырзасынан откон асыл мырзалар барбы бул ааламда?! Кантседа сагынычтан саргайбаса болду!
Бирок, бирок тээ бир кезде,
"Сагынганда бир келээрсин, саргайганда бир келээрсин,
Ала-Тоону коргону!" ,деген саптар озуно арналганын сезип, журогу мыкчылаар. Ала-Тоодон откон кымбат жер барбы дуйнодо, кыргыз мырзасынан откон асыл мырзалар барбы бул ааламда?! Кантседа сагынычтан саргайбаса болду!
Ооба айтканынызга кошулам. Алыстыктан сагынып, кийин келечекте ошондо акылым болсо, кыргыздын эле жонокой жигитине тиймекмин-дебесе болду. Жаштыкта билинбейт да.
Сабырдын тубу- сары алтын! Сабыр пендени судуроп журуп Бейишке жеткирет.
#12 06 Июнь 2014 - 12:22
Дуйнодо жаман улут жок, болгону жаман гана адамдар бар дейтго'Кудай озу кечире корсун мен деле нациссткамын,
анан кыргыз кыздарын башка улутка ыраа корбойм,бирок суйуу деген тушунук турганда албетте кыйын,башкысы МУСУЛМАН болуш керек,ата энеси берген кундо деле ортодо тушунбостуктор коп эле болотго
#13 06 Июнь 2014 - 14:55
Жигит жактырат окшойт.Убактысы ченелуу да озу европа турса.Озунун да конулу бар экен.Ал жигит мусулман бекен?Ким билет балким нике буюруп жатат.Биздин туугандарыбыз бир кызы менен биринчи куйоосунон ажырашып,Америкага кеткен.Ошол жерден американец менен таанышып экоо уйлонуп,кыздуу болушкан.Биринчи никесинен торолгон кызы да жанында.Чогуу жашап жатышат.Дагы бир алысыраак туугандарыбыз арабка чыккан .Бирок кандай болгон кундо да медалдын эки жагы болот эмеспи.Баары буйруктан .Мумкун ал куткон мырза Кыргызстандадыр.
..
#15 06 Июнь 2014 - 20:46
Мусулман болсо болот,а эгер андай эмес болсо болбойт адам кунумдук жашоосун эле эмес акыретин да ойлоп жашаш керек да
Внешность - это козырь , но не туз…
#16 06 Июнь 2014 - 22:12
эгер ошол мырзасы бактылуу кыла алышына козу жетсе турмушка чыгып алса болот.Бирок окунучтуусу кыргыз жигитинен таппаганына.
Башка улут болсо эмне болуптур .Рас мамилеси жакшы болуп экоонун жылдызы келишиптир артка жол жок деп ойлойм.Бактылуу болушсун демекчимин.
Билдирүүнү түзөткөн: gulperi.kg: 06 Июнь 2014 - 22:12
Меня никогда не отталкивала бедность человека, другое дело, если бедны его душа и помыслы
#17 07 Июнь 2014 - 14:01
Окуяны толуктай кетейин. Ал адам мусулман. Жада калса менин курбу кызым Ислам динин ошол адамдан уйронду окшойт. Дегеним мурда "мусулманмын"
деген менен эч нерсеге деле маани берчу эмес. Дагы бир кошумча , ал адам аялзатына ошондой аяр мамиле жасайт экен, жалгыз эле курбума эмес. Бирок, курбу кызыма башкача сый корстотот экен. Мисалы жумуштагы башка кыздар менен тамашалашса да курбумдан бир аз айбыгып, озгочо сыйлап дегендей. Орду келгенде сырдашып.
#18 07 Июнь 2014 - 14:19
Мусулман болсо коркпой,ойлонбостон турмушка тез чыксын(наркы иштер бололекте дейм да(.Бул менин жеке оюм
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#19 07 Июнь 2014 - 15:05
LaraKroff (07 Июнь 2014 - 14:01) жазган:
Окуяны толуктай кетейин. Ал адам мусулман. Жада калса менин курбу кызым Ислам динин ошол адамдан уйронду окшойт. Дегеним мурда "мусулманмын"
деген менен эч нерсеге деле маани берчу эмес. Дагы бир кошумча , ал адам аялзатына ошондой аяр мамиле жасайт экен, жалгыз эле курбума эмес. Бирок, курбу кызыма башкача сый корстотот экен. Мисалы жумуштагы башка кыздар менен тамашалашса да курбумдан бир аз айбыгып, озгочо сыйлап дегендей. Орду келгенде сырдашып.
Көөп нерсе жазып, кайра өчүрдүм…
Ким билет, балким бакытын ошол жанга байлагандыр ээ.
***
Кантсе да, кыргызымдын жигиттери артык эмеспи.
В каждой шутке есть доля правды...
#20 07 Июнь 2014 - 15:24
Ал киши али курбунуздун колун сурай элек экен го, пададан алдын чан чыгарып эмне кереги бар.
Внешность - это козырь , но не туз…