Курамы:
300 грамм капуста,
1 даана кызыл калемпир,
2 даана бышкан жумуртка,
150 грамм консерваланган буурчак,
4-5 аш кашык майонез,
салат жалбырагы,
укроп, ашкөк чөбү (петрушка), туз, кара мурч.
Даярдоо ыкмасы:
Алгач кызыл калемпирди, сууга бышырылган жумуртканы, капустаны узун, ичке кылып туурайбыз, капустага туз сээп, бир аз күтө турабыз. Чуңкур идишке даяр кошулманы салып, ага консерваланган буурчакты, ашкөк чөбүн, туз, кара мурчту, майонезди салып, баарын жакшылап аралаштырабыз. Андан кийин тарелкага салып, чекесине салат жалбырагын, үстүнө укропту коюп кооздойбуз. Ошентип, көз ачып-жумгуча, салатыбыз даяр болот.
![Прикрепленное изображение: imgres.jpg](https://www.super.kg/superstan/uploads/monthly_12_2011/post-33022-042630000 1323176508_thumb.jpg)