Мектеп окуучуларынын формасы Азыркы кезде мектеп окуучуларына берилип жаткан мектеп формалары баасы
#1 15 Июль 2015 - 01:05
#2 15 Июль 2015 - 01:27
altunbek78 (15 Июль 2015 - 01:05) жазган:
Сиздин оюңуз кандай? Базарда форма ж.б нерселери канча турат экен? Мен билбеймго, өкмөт айткан нерсе кайра арзан болуш керек. Бала- чакаңа айла жок айтканын алып бересин. Элдин баласынан кем калбай жүрсүн деп (Кыргызда ушундайда). 5 баласы барлар, ооба кыйналат, айла жок окутушуң керек. Ар бир үй- бүлөдө 5 баласы окууга барганга "өкмөт" форма алып бербейтта, туурабы?! Өз каалаган формасын кийип барсын десең ошол мектеп формасын кийгизгениң оң, жөнөкөй джинсы ж.б кийимдери анданда кымбат, ушундай кийгизем десең. Мыйзамга бул нерсе туура келбейт. Келтириш үчүн дагы бир сыйра митинг өткөрүш керек. Окутпайм десеңда болбойт. Чын эле эмне кылыш керек?
![:)](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/smile.gif)
#3 15 Июль 2015 - 02:19
#4 15 Июль 2015 - 02:29
#5 15 Июль 2015 - 16:05
анан иштебеген уй булоолор форма ала албайт деген маселеге мамлекет куноолуу эмес. озу куноолу, иштебейби анан..
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
#6 16 Июль 2015 - 10:35
Umnitsa (15 Июль 2015 - 16:05) жазган:
анан иштебеген уй булоолор форма ала албайт деген маселеге мамлекет куноолуу эмес. озу куноолу, иштебейби анан..
Убакыт келип сен да эне болсуң го... Ошондо сезесин ата-эненин маселесин. Баланы багуу бир гана кийим менен чектелип калат деп ойлогонсун го ээ? Көрүп эле жүрбөйбүзбү кызыл диплом, алтын медаль менен бүткөндөр да жумуш таба алышпай жүрүшөт. Бул жерде албетте мамлекетти катуу күнөөлөгүм келбейт; Бирок мамалекет негизи баарын "контролго" алышы керек. Бүгүнкү күндө ашыкча министерстволор, ашыкча депутаттар, ашыкча мамлекеттик ишчилер жүрүшөт мамлекеттин атынан жашап. Билим берүү тармактары Жеңил өнөр жай тармактары менен биргеликте ушул проекттердин үстүнөн иштеши керек деп ойлойм. Анкени бул проектти жеке ишкерлер, бизнесмендер колго алып коммерциялык акча табуунун булагы калды. Эгерде билим берүү тармагы менен жеңил өнөр жай тармактары биргеликте иш алып барып, өндүрүлгөн окуучулардын формаларын үстөк пул кошпостон өздук баасы боюнча жеткирип берген болсо, андан өткөң жеңилдик барбыыыыы ата-энелер үчүн. чынында теманын тамыры болуп жаткан 2 200 сомдук формалар чүпүрөк чапырагы бычып тигүү кызматы болуп 1200 - 1500 сомдун тегерегинде бутот болуш керек... адашпасам албетте.
#7 16 Июль 2015 - 14:57
#8 16 Июль 2015 - 15:26
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
#9 17 Июль 2015 - 10:21
Мектеп форманын чыкканы жакшы болду, эгер сапаттуу болсо. Колунда бары да, колунда жогу да, бир мектеп формасын да жүрүшөт. Кыздар арасын да атаандашмай жоголот. Тиги кыз мини юбка кийиптир, менда ошондой кийем деген сыяктуу. Ушундай форманы студенттерге да чыгарса сонун болмок.
Эми форманын баасына токтолсок. Баасы бираз кымбат чынын да, бир үй-бүлөдө 4,5 окуучу окуган болсо, ал үй-бүлөгө бираз жеңилдик бериш керек.
М: 2200 дүк форманы 1500-1800 дөн сатса, кичине болсо да жеңилдик болмок.
Жеке мен мектеп формасын колдойм!
#10 17 Июль 2015 - 10:41
#11 17 Июль 2015 - 10:43
Биздин мектеп 2007-жылдан бери,союз убагында кийген форма,фартук киет.1-класстан баштап 11-класска чейин.Эч кимде атандашуу жок,баары бирдей
#12 17 Июль 2015 - 10:47
Topchubai (17 Июль 2015 - 10:41) жазган:
"балам башкадан кем болбосун" деген нерсе эгер бирликтуу форма жок болсо келип чыгат.. Бишкекте 2200 сом болоткен. а бизге тоесть Ноокатта 9-11-класстарга 1800 сом 1-8- кл 1500 сом болот деп жатышат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
#13 17 Июль 2015 - 10:47
Angel92 (17 Июль 2015 - 10:43) жазган:
Биздин мектеп 2007-жылдан бери,союз убагында кийген форма,фартук киет.1-класстан баштап 11-класска чейин.Эч кимде атандашуу жок,баары бирдей
Ушундай болсо жакшы болмок!Кайдагы мектеп формасына баштарын оорутуп!Андан коро "кыздар бирдей форма фартук,балдарга кара костюм шым кийилсин! "-деген закон чыгарса,атаандаштык жоголот.
#14 17 Июль 2015 - 10:48
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
#15 17 Июль 2015 - 10:52
Angel92 (17 Июль 2015 - 10:43) жазган:
Биздин мектеп 2007-жылдан бери,союз убагында кийген форма,фартук киет.1-класстан баштап 11-класска чейин.Эч кимде атандашуу жок,баары бирдей
Зээриксе эле мектеп формасын алмаштырат дейсизби? менин билишим боюнча Кыргызстан суверендуулукко ээ болгондон бери биринчи жолу бирдиктуу форма кабыл алып жататго? ошол форма фартуктукда туру чыгып кеткен, мисалы менде 3оо бар кыздар башкачасынан кийтат деп атып алдырганмын мына атаандашуу. ..
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
#16 17 Июль 2015 - 11:01
Umnitsa (17 Июль 2015 - 10:47) жазган:
Андан коро форма фартук,кара костюм шым кийилсин деген закон чыгарса жакшы болмок!Ойлоп кор карындаш,1800 сомдон 5 баласы барлар канча толоорун?1800*5=9000 сом болот экен.Азыркы учурда айлык маяна канча сом?Жеп жутарлардыкы 25 30 мин,мамлекеттик администрациядагылардыкы 15-20 мин,банк кызматкерлериники болсо 10-15 мин,дагы майда ишканадагылардыкы болсо 5-10 мин сом болот экен.Жеп жутарлардын, администрацядагылардын бала чакасына соз жок!Ал эми жонокой кызматкерлердин балдарына эле кыйын болот го!
#17 17 Июль 2015 - 11:06
#18 17 Июль 2015 - 11:11
#19 17 Июль 2015 - 11:23
Көп балалуу дейбиз, алар деле форма алышаса ар бир баласына болбоду дегенде 3 миң сомдук кийим алып беришет.
Ошондо мамлекеттик форманын баасы арзан болуп жатпайбы!
Биздин кыргыздар анында жолун табышат. Бир форма алса, кийинки жылы аны иниси же карындашы кийет. Эгер карындаш,иниси жок болсо башка туугандарына алмаштыра коюшат.
Билдирүүнү түзөткөн: meerim8793: 17 Июль 2015 - 11:24
#20 17 Июль 2015 - 11:23