Sweet-Lika (11 Январь 2017 - 10:50) жазган:
Сизден алдын өтүп кетсем дүйнөдөн,
Салам айтып келесизби мүрзөмө..?
Салтын кылып Кур'ан окуп багыштап,
"Кызым элең" дээр бекенсиз түйшөлө..
Эстээрсиз ээ, сиз да мени эстээрсиз..
Кантип эле мен унутта калаармын..?
Эч болбосо түшүңүзгө бир кирип,
Мерээз көзүм менен ата караармын..
Келээрсиз ээ, сиз да бир күн келээрсиз
Мейли, мүрзө-бейитиме келээрсиз.
"Кызым эле" деп өкүттүү үшкүрүп,
Кеч болсо да кабырымдан өбөөрсүз…
А мен сизге таарынчымды жаза албай,
Ошол бойдон түбөлүккө кетээрмин…
Салам айтып келесизби мүрзөмө..?
Салтын кылып Кур'ан окуп багыштап,
"Кызым элең" дээр бекенсиз түйшөлө..
Эстээрсиз ээ, сиз да мени эстээрсиз..
Кантип эле мен унутта калаармын..?
Эч болбосо түшүңүзгө бир кирип,
Мерээз көзүм менен ата караармын..
Келээрсиз ээ, сиз да бир күн келээрсиз
Мейли, мүрзө-бейитиме келээрсиз.
"Кызым эле" деп өкүттүү үшкүрүп,
Кеч болсо да кабырымдан өбөөрсүз…
А мен сизге таарынчымды жаза албай,
Ошол бойдон түбөлүккө кетээрмин…
Ушул ырды эки уч сыйра окудум...
Ийгилик каалайм.