Чемодан табылды...
Макалар менен коштошуп жансыз жаратылышка аябай ыраазы болдум. Элестетсеңер,
ар бир маканын ордунда адамдар болсо, кудай сактасын, анда шермендеми чыгарып, сөз кылып, видеого тартып дырдай жылаңач бойдон интернетке чыгарып, аз болсо шантаж кылмакка аракет жасамак, өлтүрмөк. Кудайга шүгүр, макалар 20 жылда да сатпады мени, эч ким көрбөдү, укпады. Адамдан өткөн жырткыч, куу, ушакчы, жалганчы, тойбос, ичи тар нерсе жаратылышта жок. Өтө аз жолуктурам касиеттүү, бийик ичи таптаза адамдарды.
Макалардын арасынан чыгып жалгыз түтүн чыккан үй жакка басып бараттым суу жээктеп, албарыстыдай чачтарымы байлашка да эч нерсем жок. Таң атып чөптөргө шүүдүрүм түшүп жыңайлак бараттым. Туфлим, заколкаларым,
саатым, ременим шыпырылып түшүп ар жекке урунуп агып кеткен.
Бир маалда бир атчан бала чапкылап мен жакка келе жатыптыр, "иииий сен эле жетишпей жаттың эле" деп ойлондум. "Опыт бар эми, дагы секирсем агып бекер жетермин Итагарга"
деп баары бир ит дүйнө болуп бараттым.
– Эй чоң кыз, сени торпок айдап баратып көрдүм дүрбү менен, маканын арасынан чыктың. Эмне кылып жүрөсүң жылаңайлак,
суук өтүп өлөсүң го? Атың ким? Айыл алыс бул жерден, сен кимсиң? – деп суроолорду жаадырды жамгырдай. – Бүгүн кызык эле болду, эртеменен эрте эшек тушаганы чыксам токойдо бир чемодан туруптур. Алгым келбей караштырсам бомба эмес, "өлсүнчү"
деп үйгө алып келип ачсак ичи толло бир кыздын кийими экен. Үч кызым бар, катар-катар кийишип жыргап калды, тообо, хахахаха. Эми суу жээктеген бир сулуу жүрү тообо-тообо,
коркуп кеттим "аялым тирилип келип калдыбы" деп, жаткан жери жайлуу болсун, алтыным. Үч жыл мурда сел келип, агып өлгөн, – деп балдырап сүйлөдү. – Менден коркпо, жүр үйгө, кудай мага суу менен агызып кеткен аялымы, суу менен агызып келгендей сезип турум. Эй аппак кыз, айтчы, кайдан келдиң? Биерликтерге окшобойсуң,
атыңы айтчы? – деди.
– Атымы айтпайм, кимдин кызы, кайдан келгеними, кайсы айылдан экеними айтпайм, сураба, кашайган жанымы кашайтпа. Акыбалым өтө оор, бир да суроого жооп бербейм, – дедим.
Бетимдеги, бешенемдеги чийиктер да "оозуңду жапчы, эркек! Көзүмө чөп салып чукулаба, жетишерлик"
деп турду.
– Мейли-мейли,
жүр үйгө, учкаш, – деди – атка.
– Учкашпайм,
ырахмат, – дедим.
Аттан ыргып түшүп:
– Анда өзүң мин, – деди.
– Минбейм, бул сенин атың, – дедим.
– Ой эмнеге, жардам бергим келди, – дейт.
– Кой, – дедим, – жардам берсең мен да берермин, бекер эч нерсенин түп тамыры менен кереги жок! – деп өмүргө кекиртектен тойуп кузуп жиберейин деп бараттым.
Бир маалда жамгыр нөшөрлөп куйуп баштады.
– Бол, чурка тезирек! – дейт байкуш эркек боору ачып, чууркап үйүнө баратты башына курткасын жаап.
Ат экөөбүзгө баары бир болду ол дүйнө да бул дүйнө да. Жамгыр челектеп куйду, таң азанда дагы шөмтүрөп суу болдум. Айланада ак көңүл жаратылыш, тоолор, арчалар, көкмөк чөптөр менден он эсе сулуу, жыттуу, өмүрлөрү чексиз бактылуу болуп жамгырга жыргап жуунушту. Аттын мойнун кучактап шоркурап ыйладым, капкара чооң көздөрү огош бетер чоңойуп ат байкуш да түшүнгөндөй мойнун шылкыйтып, жалдарынан суулар шырылдап агып түшүп жатты ансыз да денеме жабышкан кийимдерди суу кылып.
– Эй сулуу кыз, мен бармын, атты эмне кучактап?!
Өлдүң го суу болуп! – деп эркек кол булгалап кыйкырды.
Өмүр бою чабандын кызы болгондуктан аттарга өзгөчө жакшы мамиле кылчумун. Беккул деген сонун атым бар эле, чыныгы дос. Өмүр барактары көз алдыман чууруп-чууруп өтүп, жамгыр менен жуулуп, жер жакка көздөй агып жатты. "Ушул жыттуу салкын жерге, күндөрдүн бир күндөрүндө,
акка ороп аркада калган тукумдар ызат сый менен көмгөнгө татыктуу адам болсом экен, жаркырап турган жаз айлары болсо экен, көр казган адамдар да мен үчүн ыраазы болуп казса экен, эч бир адамга эмес, жаратылышка да зыяным тийбесе экен!" деген ойлор бүткүл жан дүйнөмө жамгырдын тамчылары менен башыма тамып жетип жатты. Күн күркүрөп, чагылган жарк-журк этип, ат үркүп качып жөнөдү аткананы көздөй. Эч үйгө киргим келбей турдум. "Бол эле бол, чагылган түшөт башыңа" деп кыйкырды эркек, үч кызы да чыкты менин чемоданымдагы көйнөктөрдү узун-кыска болуп кийип алышыптыр. Тиммеле сонун, байчечекейде ширин кыздар экен семиз-семиз,
атасы жакшы багат экени билинип турду. Апасы 3 жыл мурда өлгөн кыздарга окшободу.
– Келиңиз үйгө кириңиз, атакем "атын айтпайт экен, Мака эже дегиле, макалардын арасынан чыкты" – дешип чурулдашты.
Эркекке айттым:
– Сиз таап алган чемодан меники, муногу көйнөктөрдүн баары меники, бирок чечпегиле, кыздар, кие бергиле. Чемодандагы кийимдердин баарын ала бергиле, чемодан да керек эмес, бир сыйра кийинем, туфлими алам, документтерими алам, – дедим.
– Документтер жок экен, эже, карадык, – дейт.
– Бар тайный бөлмөсүндө,
акчалар да бар, – дедим.
– Таппадык,
– дешти.
Уландысы бар.
Керемет Эркек жолукту
Үйгө кирбешке айла жок болду. Кийимдер былчылдаган суу, жамгыр бүт денемди, жаман ой-пикирлерими кошо жууп агартты. Кирсем 3 бөлмө чакан үй экен, таптаза чыкчыйып жыйналган, эч окшободу энеси жок үйгө, чекчейген жаш эненин сүрөтү илинип туруптур.
– Бош бөлмөгө кириңиз, – деп чемоданымы колума берди.
Суу кийимдерими алмаштырдым,
акчаларым, документтерим ордунда экен. Үч кыз жөжөлөрдөй жаныма келишип:
– Эже, кечирип койуңуз, биз билбедик чемодан сиздики экенин, ошондуктан көйнөктөрүңүздү кийип алдык, – дешти.
– Мен капа эмесмин, кийе бергиле, калган кийимдерими да берем, чемоданды да таштайм силерге, бирок мындан кийин эч качан бирөөдүн чемаданын тытпагыла, албагыла, кийбегиле, – дедим. – Ар кимдикин ала берсеңер силерге кудай эч нерсе бербей койушу мүмкүн, туурабы? деп күлүп, көңүлдөрүн көтөрүп койдум.
Эркек эшикте күймөлөнүп бир паста сонун эт кортошка кууруп келе калды тообо. Кыздары чурулдашып чай куйду. Оозум ачылды эркектин өзүнө тыңдыгына: чай куйган пиалалары катындардын пиаласынан да таптаза. Эркек бир паста таптаза үтүктөлгөн сары көйнөк кийе койгонун азыр байкадым куурулган эт картошка жеп отуруп. Үнөмдүү, ченемдүү, аң сезими өтө жогору, апасынын-атасынын бийик тарбиясына такшалган адам экени бүт жагынан байкалды. Москвадан чыкканыма бир жумадан ашып кетти, ар кандай азаптарга аралашып. Эркектин үйүндө бешенем тердеп чай ичтим. Менден 15 жаш чоң, бирок өтө жаш, тиммеле сонун! Ар бир кыймылы орду менен, чай куйса да бир тамчы жерге түшпөй пиалага куйулуп, чайнектин чойчогу тряпка менен аарчылып жатты тообо. Аябай кудайга таң калып отурдум, "бул өзү деле сонун жашайт" деп аялын сууга агызып жибергенине,
бул ювелир эркек болгондуктан катары менен үч кыздуу болгонуна, эч кимиси жүдөбөгөнүнө,
жада калса жерге салынган килем кир эмес, значит эч шалтакташпайт.
– Кыздарым,
жеп бүтсөңөр отуруп тапшырмаларыңарды аткаргыла, түшүнбөгөн жериңер болсо сурагыла, жардам берем, – дегени менин атамын айткан жылуу сөзүндөй угулду.
Керемет кыргыз эркегин биринчи ирет көрдүм. Эгерде буга чейин Москвага келип окуп, пландарым, аң сезимим, өзгөрүп кетпегенде сүйбөсөм да имменно ушундай 15 жаш чоң, татынакай дайар үч кызы бар, суу жээгиндеги кичинекей сонун Эркектин үйүнөн өтөр сонун нерсе жок болмок.
Кыздарынын бөлмөсүндө колдон жасалган сонун үч кровать үч бурчта, ортодо стол, 4 стул турду эркек өзү кошулуп окуйт экен кыздары менен. Малдары да көп, кененчилик,
бешене тери акканча жумуш кылары да байкалып турду. Россиядан билим алганын айтты, аялына апасынын суранычы боюнча үйлөнгөнүн айтты.
– Кыздарым болбосо бир мүнөт турбайт элем бул жерде. Апам: "бер кыздарыны"
деди, бербедим. Менин кыздарым – менин жыргалым, менин проблемам, – деди менин ой пикирлерими кайталап.
Укмуш куйуп койгондой окшош адамдар болуп чыктык, тообо. "Кыргыз эркек" деген наамдын ээси экен. Эч нерсе айтпадым өзүм жөнүндө, атымы да айтпадым. Болгону айттым:
– Өмүрүмдө эркек боло элек, жакын арада эркек жөнүндө эч нерсе уккум да келбейт, көргүм да келбейт, жашасын эркектер менден алыс Атлантикада,
– дедим, өтө таң калды.
Кудай кандай акылдуу, ишмер киши тообо, эркектерден иттей көңүл калып баратканда көзүмдү чукуп: "Эй Падишахан, мына өл шилекейиң агып, сонундардын сонундарын байка, бил! Кашайган пенде, көргөнүңдөн көрбөгөнүң толтура" деп, менин мээм менен шыкылдатып шахмат ойноп жатты, тообо кылдым миң мерте кудайга: "Эй кудай, эмне менден башка эрмегиң жокпу? Ар кандай шайтандарга жолуктуруп,
түрмөдөгү решёткаларга отургузуп, аз келгенсип сууларга агызып, 'бул да аз болсо мына жырга!' деп мойнумдан жугундуларга түшүрүп, жамгырды челектеп куйдуруп, жата турган эки метр көргө да жатарга макул болойун дегенде, жүрөккө жарыктык бере койуп оюнчук кылып алдың окшойт" деп жаным кейиди.
Жанагы Эркекти унутуп да кетипмин Кудайдын шахматына мат болуп.
Үн чыкты:
– Эй Мака кызы, эч сүйлөбөйт экенсиң да. Байкап отурум өзүң менен өзүң сүйлөшүп отурасың дымың чыкпай. Менден коркпо, менин да үч кызым бар, чоңойуп жакшы адамдарга жолуксун. Сен өтө кайгылуусуң,
кече сен бир окуяларга жолуксаң керек. Айтпа, мен да сурабайм, – деди. – Бирок кудай кечирсин сени, карап отуруп бүткүл денем кайра жаралды, мынча көздөр мөлтүрөйт кайгыга батып, жаш кыздардай эмессиң, бир кыйла өмүр жашагандайсың,
кыздарым да таң калды: 'Мака эжеке кызыкча экен, кийимдерин чемоданы менен бизге берип койду, эми өзү эмне кийет?' дешти, эмне айтарымы да билбей калдым, – деди. – Кудайга ишенбейм, анткени ар азапка салып шахмат ойнойт, азыр мөлтүрөтүп сени көзүмдү кашайтып көрсөтүп жатат, – деди эле каткырып жиберсем чоочуп кетти: – Тынччылыкпы,
сенден үн чыкты, – деп.
Мен эмне ойлосом ошону ойлонот экен бул киши, болгону мен ичимден ойлонсом, ал сыртынан айтып жатты. Ой тообо, кудай жаратканда да ажайып жаратыптыр окшоштуруп.
Болгону ал эркек, мен аял.
Мисалы, менин үйүмдө эркек адам барбы-жокпу,
билинбейт. Анткени бычактарды ажайып курч кармайм, жөн эле жакшы көрөм курчутканды.
Мыкты мендей түз ар бир адам кага албайт.
Анткени бүт агаларыма тамдарды өзүбүз салганбыз.
Балдарым мени атадан кем эмес тоготот.
Майда чүйдө нерселерди сүйлөгүм келбейт. Сүйлөсөм жооп берем.
Бул эркектин да катыны бары-жогу эч билинбейт экен. Эшикте укмуш эркек, үйдө мээримдүү ападай экен.
– Чоооң ырахмат, мен турайын, – деп, тез туруп бир кичине пакетке керектүү нерселерими салып, акчаларыман кыздарга таштадым: – коржик жеп жүргүлө, – деп.
– УУУ эже, бир жыл жейбиз го! – дешип мадыраңдашты момпосуйдай бактылуу, керемет кыргыз атасы бар кыздар.
Өмүрүнө өтө таң калып, мага окшош ойлуу Эркек кол булгалап калды.
Итагарга келдим ата энеме. Учураштым.
– Айтып да койбойсуң да келериңи, ар дайым ушинтесиң, – деп апам-атам мени жемелешти.
Эч нерсе, эч кимге, досторума да ушул күнгө чейин айтпадым. Айтууга эрки бекем, бычакка сап болчу досторум жок, болгон да эмес, болбойт да чыгар.
Эч качан дос адамды пайдаланбайм:
"жардам бер, ишими кылыш, карыз берип тур, жеткизип кой, тосуп ал, сырымды ук, анан эч кимге айтпа" деп.
Арзып тапкан махабат Падишахан Султаналиева
#22 12 Январь 2016 - 16:36
Пашахан кайталоо...
Үйдө көп жүрбөдүм, жайында маанай эч көтөрүлбөдү. Кышта келгенимде төмөндөгү окуя болду. Кайра Москвага кеттим: "Болду эми, кайра-кайра келбей эле койойун" дедим. Мен үчүн кыргыз жери тардык кылгандай сезилди. Кичине адам болсом да тыгылып калган мусордой сездим өзүмдү.
1991-жылы кышкы каникулга жаңы жыл тоскону Аксыга келдим Москвадан. Жеңем экөөбүз 6-күнү базарлык кылып кечки Райкомолдун 6. 15 теги автобусуна чыктык, эл көп, кумурскадай тыгылдык. Автобуста килем, палас, кап-кап ундар, кортошка, сабиз, пияздар, жада калса эки тоок, бир корозду кыйкыртып сеткага салып алыптыр бир кемпир. Пресстелип нык толдук, бут койорго жер жок такалышып, бири бирибизге беттерибиз кызарып турдук. Бир чал мага боору ачып:
– Кызым, унду тикесинен койойун, сен турганга жер болот, – деп бир кап унду тургузду мага такап, "койуң" десем болбой. Автобус жүрүп секирген сайын өңгү-дөңгү жолдордон бетиме буркурап ун каптады, кирпиктерим агарып бара жаттым сыр бербей. Тооктор да мага карап "кококококуй! " деп жатышты.)))))))).
Ворошилов деген жерге келгенде бир бурулуштан бир камаз чыга калды жолго. Автобус резко кайрылып барып оңкосунан түштү. Кыйкырык-өкүрүк, ызы-чуу башталды: айнектерден биринчи кезекте килем-паластар, картошка-сабиздер, элдердин базарлыктары ыргытылып чыга баштады. Мен бир кап унду кучактаган бойдон жыгылдым, тебелеп тепсеп мага буттарын койуп адамдар секирип чыгышып атышты, жада калса тоок-короздор да кыйкырышып чыгып кетишти. Көпчүлүк адамдар жеңил-желпи майып болушту. Эң акырында унуна келген чал унун тарткылаганда гана эсиме келип мен чыктым төрт буттап жөрмөлөп, унга аппак болуп, япондордун гейшасындай бетим көрүнбөй. Ошол бир кап ун болбогондо белим сынып кетмек. тепселегендерден.
Москвада чууруп жылдар өтүп жатты. Күндөн күнгө ишим башыман ашып. Окуп окууга эч тойбогондой болдум. Канча көп окуган сайын ошончо кемчилигим көбөйүп көзүмө көрүнө баштады. Россиянын аймагынан да чыгып кетким келип жүрдүм. СССР бузулгандан баштап мен сүйгөн Москва меники болбой баратты. Үйлүү да болдум Бишкектен. Жайында төмөндөгү окуя болду.
1996-жылы Бишкектен квартира сатып алдым. Жашым 25те, турмушка чыга элекмин.
Аксыга диплом жууганы келип, бир чоң кызматтагы байке менен таанышып калдым кокустан. Ал мени түшкү тамакка чакырды. "Мейли – дедим, – бирок өзүм төлөйм жеген тамагыма" десем аябай таң калды. Чакырган жерине бардым, аябай жакшы отурдук. Мен туалетке чыгып келейин деп эшикке чыксам, бир аял "оногу туалет" деп күлүп көрсөттү. Ойумда эч жамандык жок эле барып кирип, бир чукур жугунду төгүлө турган ямага мойнуман батып түшүп кеттим. Кыйкырып атам, кыйкырып атам!
Бир маалда чоң кызматтагы байкем чуркап келип, оозу ачылып, таң калып туруп калды:
– Эй сулуу кыз, ким бул жерди сага көрсөттү, туалет бул жерде эмес! – деп чуркап кетти бир жакка.
Мен турум өлбөгөн төрт шыйрагым шыкылдап, жугундуга батып. Бир маалда 4 метр чооң кара клеёнка алып, эки үч баланы ээрчитип келди. Каткырып өлгүчө күлүштү. – Тартып чыгарып, клеёнкага орогула да, машинага жүктөп баняга алып барып киргизип жибергиле чёрный эшиктен, – деп сурандым.
– Мейли, – деп айтканымы кылышты.
Жолдо баратып кызматчы байкем базарга чуркады:
– Размериңи айтып кой, башка кийим алыш керек, – деп.
Жугундуга баткан акчаларымы берсем албады.
Ошентип баняга өзүм кирип жуунуп тазаланып чыксам күтүп отуруптур.
– Койуңуз байке, мени Итагарга жеткириңиз. Биздин жөн жолукканыбыз кудайга да жакпады, – дедим.
Ичибиз эзилгиче күлдүк. экинчи жолу көрбөдүм ал байкени.
Кербенде болгон окуя. Ошондон кийин аялдардан эч качан сурабайм туалет кайсыл жакта деп.)))))))))).
Чабандын кызы...
Канададан, Кыргызстандан кем эмес сүйөм Россияны, Москваны. Билесиңерби, себеби эмнеде?
Москвада каалаган окуу жайыма тапшырып, каалаганча иштеп, кенен жашаганга орус кыял мен үчүн эч тоскоол болбоду. Тоскоол болсо да өтө турган тоскоол эле. Кыргызстанда эки дүйнөдө да адам болмок эмесмин. Чабандын кызы бойдон калмакмын, адам эмес ит да тоготмок эмес, чындыктан уялуу керек эмес, уялбайм да. Окууга илгери биздин Итагар айлынан өтө байлардын гана кыздары, балдары окучу. Мен ал байлардын койлорун, эчкилерин кайтарчымун. Эстесем азыр да өлгүм келет бир окуяны.
10 жашта элем, элдин койлорун эчкилерин жайында сентябрга чейин кайтара турган болдук. Эми азабы өтө күч. Күн ыссык, койлордун, эчкилердин ар жерлери чымын чычып курттап кетишчи, тообо кылдым. Жайы менен курт тазаладым пинцет менен бирден терип. Карышкырлар көп эле анда, кырдан кууп чатырдын жанына жырайта тартчы койлорду. Бир койду бир күнү карышкыр дүмбасын толугу менен жеп, өзүн тирүү калтырыптыр. Кой байкуш аркасынан кан чууруп маарап келип калды. "Ииий жаныбар, көргөн күнүң башыңда калсын, эмне азап, кой болуп жаралдың, өткөн жашоодо Брежнев болгон окшойсуң, бул жашоодо дүмбаны да күчүң жетпей жулдурупсуң карышкырга" деп, тазалап дары койуп, чүпүрөктөр менен таңдым. Таңбасаң бир мүнөттө чымындар толтуруп тукумдарын аппак кылып тизип койгону даяр койдун дүмбасина. Чымындарды да түшүнүүгө болот, урук тукумдарын майлуу жерге баккысы келет. Койдун акыбалы күндөн күнгө начарлады.
– Ата, Каримбек аванын койу, өлө электе кутулайлы, кулагындагы эни муногундай, – деп, тетрадга сүрөтүн тартып алчы элек, көрсөттүм.
– Кудай жалгагыр кызым, жакшы болмок, бирок кантип алып барасың, баспайт, – деди, – кой.
Каримбек аванын үйү жайлоодон алыс.
– Эшекке артам, – дедим.
Атам эшекке артып, ээрге койду, мени артына отургузуп жөнөтүп жиберди.
Бир жакшына болуп кой менен сүйлөшүп келе жаттым: "Кудай буйуруса сени карап алар Керимбек, боору ооруса. Боору оорубаса өлдүң – бүгүн шашлык болосуң" деп өзүм да чоочуп кеттим: кокуй, мен кой болсом эмне болмок?!! Эттерим куйкаланып шашлык болуватканым көз алдыма келип: "Тфу-тфу, мен адаммын!" деп сүйүнүп.
Айланадагы жаратылыш керемет, караморт аппак гүлдөгөн, жапжашыл тоолор (азыр ал караморттор гүлдөгөн жок, элдер отун кылып жагып салган. ордуна отургузуш сознаниеге миң жылда да кыргызга жетпейт).
Кой экөөбүз онтолоп айылга да жеттик. Бурулча энемин үйүнүн тушуна келгенде иттер үрүп эшекке чуркады, эшек токойду аралап жөңкүп, секирип тебинип, беттерди чычырканак чийип, кой экөөбүз эшектен ооп кучакташкан бойдон куладык. "Аааааа! !" деп аңгырап ыйлап отуруп калдым. Кой жатыры онтоп, эшек какбаш өлүп-талып суу ичип атыптыр. "Эми кантип артам?" деп токойдо соксойуп мозгдон жардам сурадым. Мозг айтты: "Оногу чоң ташка койду сүйрө, эшекти жакындатып байла" деди, кургурдуку. Тердеп-бышып эптеп арттым. Койду ташка сүйрөп, таштан эшекке артып.
Керимбек аванын да каваган иттери бар эле, коркуп эшекти алыс байлап, өзүм эки чооң келтекти кармап бардым.
"Керимбек авааааааа! !!" десем иттери, иттердин артынан өзү, өзүнүн артынан Рысбу бала чакасы менен чыкты.
– Койуңарды алып келдим, карышкыр бир жерин жулуп алган, өзү тирүү, – деп койдун энин (V) муногундай кулагын да көрсөттүм.
– Бул биздики эмес, – дешти, караган да жок энин.
Тетрадымы ачып көрсөттүм:
– 20 кой, 9 эчки кошконсуз, баарынын белгиси бирдей, мен жырып кулагына эн салмак белем уяты жок эле киши турбайсызбы. Карасаңыз биринчи, азап тартып канча саатта жеттим, – деп көпкө турдук талашып-тартышып.
– Эй, алып чык тетрадды, – дедим күйбөгөн жерим күл болуп, чый-пыйым чыгып кеткенде.
Тетрадын ачсам точно, эч адашпапмын. Уялдыбы же бети жокпу, ким билсин:
– Оооо, сен менен тамашалаштык! – десе болобу чий бөрүдөй үйбүлөсү менен.
Эшектен койун түшүрүп, списоктон чийдирип:
– Кол койуңуз бул жерге, – десем, онурайган жаман көзү менен карап кол койду, – Сиз дагы, – дедим катынына.
– Ииий, аваңын колу жетишпедиби, салпаяк, – деп шыбыранды мага угузуп, эч тоготпой кол койду.
– Дагы бир айда ким билет эмне болот, эсен-аман кой эчкилериңерди алып кеткиче, – дедим.
– Биймырзанын ушу кызы өтө жаман, улууларга тирмиңдеп сүйлөйт, – деп сүйлөнүп калды.
Эшекке минип, унчукпай жөнөп кеттим.
"Эгер чоң эле, элүүдөн ашкан адамдар ушундай болсо, үйүндө 12 баласын кандай тарбиялап койду экен?" деп ойлонуп бараттым.
Ошондуктан, достор, өнүгүү жолу чет өлкөлөрдө гана мүмкүн болду мен үчүн. Азыр, мисалы, Канадада эң сонун Москвадан да. Азыркы учурда Москвада толтура аңсезими аңга түшкөндөр. Орустардын да көпчүлүгү качан эле Москваны таштап кетип калган.

#23 12 Январь 2016 - 16:38
Студент палоо уурдалды..
1996-жылы бүттүм МГУ им. Горячкинаны. Тапшырдым МГУ им Ломоносовко. Экстернатом бүттүм 2 жылда. Бишкектен үйлүү-жайлуу болдум. Москвадан да бош убакытта өзүмө жаккан жерлерден квартира издештирип жүрдүм. Москвадагы студенттик күндөр канча иштеп чарчасам да эң күлкүлүү, эң сонун күндөр болду. Бул жолу группада менден башка кыргыз окубады. Ар кандай улуттар биринен өткөн бири ширин. Жакшы тааныш кыздар пайда болду Кытайдан, Индиядан, Вьетнамдан жана Африкадан.
Мен пловду өтө сонун кыларымы баары билишчи. Кухня общий болгондуктан ар кимибиз ар кандай тамактарды жасачы элек катар туруп алып. Бири бирибизге үйрөтүп совет сурап, экономический факультет болгондуктан баарыбызга эң кызыгы дүйнөнүн экономикалык тарыхы эле. Кайсы өлкө кандай жол менен экономикасы өнүктү, коррупцияны кантип жеңсе болот. Мага эң кызыктуу өлкө Сингапур жана Австрия болчу, коррупция нөлгө барабар.
Элестетсеңер, туугандар, экономикалык коррупция жок болсо, өлкө тез арада өнүгөт. Бир жолу студенттер менен 1 май күнү туулган күнүмү өткөрмөк болдум. Стол жасадык кыздар менен, тиммеле сонун. 1-майда өзгөчө жакшы маанай баарында, менин туулган күнүм болбосо деле. Мен бир чоң казан плов жасадым койдун семиз куйрук эттеринен, сабизин гүрүчүнөн көп кылып, чесноктордун эң сонун эрте жаздагы баштарын салып. Жыты буркурап кетти этаждарга кийик от, семиз койдун эти жыттанып. Жеп көрсөм дагы бир аз дем жеш керек экен. Чачыкты сууга малып капкагынын үстүнөн ороп койдум, түбүнө күйбөсүн жана башка студенттердин мурду жарылып, шилекейи агып кетпесин деп. Меймандар келе баштады, биринен өткөн бири сулуу.
Биринчи Кытай менен Вьетнам кыз келди: Мая, Зоя деп койчубуз, буттарын тайталаңдатып памперс кийип алгандай:
– Син чау, Паша! – деп. )))))).
– Ээ болуптур, син чау, отургула, – дедим.
Индия кызы келди оронуп чулганып, жыгылып да калбайт
)). Көтүн бир чоң тагарадай кылып оронуп.
)). Негр кызыбыз да келди кулагына кызыл гүл кыстап
)) менин шайтанымы кыстатып:
– Хелло, Паша, Хепи бёздей, – деп.
– Келли, куш келдиң, төргө өт, – дедим.
Азербайжан дос бала келди, азырга чейин жумушубуз бирге. Дагестан, украин, түрк жана орус балдар-кыздар топтолдук. Гүлдөр жана белектер батпай, шкафтардын үстүнө чыгардык. Аябай ичип-жеп, каалоолор айтылып жатты. Танцанын атасын окутуп, тытып таштадык. Баарыбыз соктук аралаштырып ак арак, кызыл вино, жашыл ликёр, аммаретто, хванчкара, жада калса вьетнамка тайтактын гүрүч арагын согуп салдык. Ииий, "атаңдын көрү атбашат" болуп орустун кыздары Алла Пугачевадай чачтарын жайып, баштарын тегерентип секирип ырдап бийлеп атышты. "Оуу, оуу, такой тяжелый день" деп Фреди Меркуринин орусча котормосун. Кассеталар чайнап, ручка менен кайра түрүлүп, кайра койуп. "Уах, уах, аллах кечирсин! " деп дагестан жүрдү бир бөтөлкөнү жакшы жатып да, туруп да, жөрмөлөп да бийлеп жүргөн ар улуттун өкүлдөрүнө куйуп берип.
– Охуу достор, болду, плов жейбиз! – деп столго отурдук.
Мая экөөбүз кухняга кеттик пловко. Ииий атаңдын көрү, плов жок! Казаны менен уурдап кетиптир. Мая экөөбүз кеттик эшикме-эшик немистердин авчарка итиндей шимшилеп жыттап. Биздин этажда жок экен жыты. Мая:
– Мен жаман итмин, көп ичип алып жыт сезбейм, – деди.
– Мен азырынча ичпейм, меймандарды жөнөтүш керек, зор итмин, кийик отун жакшы сезем авчаркалардан да, – деп издеп жүрүп, жытын бир комнатадан таап алдым. – Мая, бар балдарды чакыр, – дедим.
Балдар келди топурап.
– Биз экономфактын балдарыбыз, ачпасаңар билесиңер, – дедик.
Геофактын балдары уурдап кетиптир, ачпады. Бир тээп ачсак эми эле баштаган экен үч бала жеп. Мушташып баштады дагестан.
– Койгула, өзүм чечем, менин меймандарым. Табылды болду, проблема жок. – Жеп отурган балдарды да чакырдым. – Жакса дагы жасап берем, жегиле, тойгуча жегиле, бүгүн майрам, – деп, жыты буркураган пловду табактарга салып жедик толтуруп.
Армансыз студенттик бир күн өттү.
Жапайы базар ханшасы
Ошентип Союз бузулуп университет да платный болуп кетти. Акчаны суудай таап, окуш керек болду. Эрте менен Лужникиге базарга чыгабыз саат 5тен 9га чейин, анан унверге чуркайбыз, түштөн кийин плов кылып сатабыз. Кечке сразу доллар сатып алып Дуня деген дос кыз менен тең болуп алабыз. Өтө күлкүлүү эле, кимдер гана кидать этпеди Дуня экөөбүздү )))). Мен жаворонок – эрте туруп, эрте жатам. Дуня сова – кеч туруп, кеч жатат. Бир күнү дагы адатча эрте 4тө туруп чоң ала сумкаларды көтөрүп базарга келдик. Ичи толло ангора женский жемперлер, кыйкырып сатып жаттык “Оптом и розницу женский жемпер, ауууу!” деп. Ал убакта эмне сатсаң алчы ач советский элдер. Бир маалда чууруп цыгандар келди, тапыратып алып баштады Дунядан. Эки бутубуздун ортосуна ала сумкаларды кыстап эпчилденип, "уурдатып жибербейли" деп бирпаста сатып бүттүк. Бир пачка акчаны Дуня шырылдатып санады, мен турдум:
– Жакшылап кара, – деп.
– Карадым, – деди. Жакындап светке тосуп карасам эски акчаларды толтуруп карматыптыр. Аңгыча цыгандар жок болуп көп элдердин арасына сиңип кетишти. 10000 рублдар эми алмашып иштен чыкты эле.
– Ииий, какбаш Дуня, Дуня! – дедим, – Өл, банкрот болдук!
Бир пачка жараксыз акча менен кеттик унверге окууга. Дуня айтты:
– Давай эртең биз дагы бирөөдөн оптом бир нерсе алып караңгыда ушул акчаны берип көрөбүз? – деди.
Жүрөгүм дүкүлдөдү:
– Блиин, өлдүк го кармап алса. Вай-вай мындайды эптесек ажайыппыз, – дедим.))).
"Аллах өзү кечирсин" деп жөнөдүк чечендерче. Базарга барганда колу-бутум калтырай баштады. Дуня:
– Тур биерде, оногу жоолук саткан пакистанец кишиге карматкым келип туру бир пачка акчаны, – деп бир шаңкылдап күлөт. Тообо, жүрөгү коргошундай.
– Кой, мен барбайм, корком, – десем:
– Анда ким төлөйт унверге экөөбүзгө? – деп, басып кетти.
Беймарал жанына барып бир ала сумка толтуруп японский жоолук алып, бир пачка акчаны колунан чыгарбай көрсөтүп санап жатты караңгыда. Мен турум "ой тообо" деп оозум ачылып. Колуна кармата салып элдин арасына сиңип жок болуп кетти цыгандардай. Мен турум алыстан карап шухерде цыгандардай, пакистанец бир мүнөттөн кийин байкап кыйкырып чуркап кетти Дуняны издеп. Дуняны мен да турдум бир саат күтүп, жок!
Анда жок эле соткалар. Шылкыйып кайттым жатаканага "өлдүк" деп. Келсем Дуня үйдө отуру!
– Шумдугуң кур, тообо-тообо! Эч коркпойт экенсиң! – дедим.
Түштөн кийин плов кылып алып дагы базарда жүрдүк "Горячий плов кто желает?!! " деп кыйкырып катар-катар ала палаткаларды аралап, омондордон качып. Канча жолу пловдорду алып жеп койушчу "Разрешениеңер жок сатканга" деп. Дагы деле тоготпой базарда жүрчүк Дуня экөөбүз. Акча, акча жана да акча деп.)))).
Турмушка белет алыптыр
Дуня экөөбүз акчаларды самандай таап жаттык. Москваны кытай басып кетти, буудайга түшкөн саранчыдай. Жаткан жерибиз да кытайга толду. Кудайга тообо, "мен иштерманмын" деп ойлопмун, кытайларды көргөндө жалкоо кыргызга окшоп калдым. Кытайлар уктабай иштешип оптом чооооң машинелер менен күнү-түнү торговля кылып, акчаларын тазикке салып кроваттын түбүнө түртүп койушчу. Өмүрдө мындайды көрбөгөн жаным оозум ачылды.
Бир күнү Дуняга айттым:
– Жөн эле иштей бербей максат коёлу, мисалы сага эмне үчүн керек акча? – десем:
– Билбейм, – деди.
– Мага сөзсүз түрдө Москвадан квартира керек, жашым 25те, балалуу болгум келет, – десем:
– Кимден? – деди.
– Албетте бир кыргыздан! – десем күлдү:
– Где отец твоих детей? Почему-то я не вижу кыргыза вокруг тебя? – деп
)).
– Табам буйруса, квартира машина алайын, бирөөгө келин болуп эшигин шыпыргым келбейт. Өзүмдүн эшигими шыпырам, өзүмдүн казанымы кайнатам, төрөгөн баламды, кызымды өзүм тарбиялайм, эч кайната-кайненеге, атама-апама карматпайм, бактырбайм, бир тараптуу тарбия берем, – деп планымы айттым Дуняга.
– Сенин квартираң бар го Бишкекте, дагы Москвадан аласыңбы? – деп Дуняга өтө жакты менин планым:
– Ой азамат, мен да ошентем! – деп сүйүнүп кетти. – Пашка, сага кошулуп аябай өзгөрдүм, менин максатымы апам укса аябай сүйүнөт, – деп мотураңдады жан досум.
Ошентип окууду да, жумушту да майын чыгарып, кытайлардан үйрөндүк. Күндөн күнгө максатыбызга жакындап баштадык. Бир күнү иштен өтө чарчап метродон чыксам жамгыр куйду челектеп, же зонтик албапмын, күтсөм бүтө турган түрү жок. Чуркап жер астындагы переходко кирсем бир картаң кемпир театрга билет сатып туруптур, ооздору көгөрүп, колу-буту калтырап, көр оокаттын камын жеп байкуш, аябай боорум ооруду. Өзүмү кемпирдин оордуна койуп: "вай өлгүр, өмүр мен да бир күнү кемпир болом" деген ойлор чырмалышты. Жамгыр куйуп катылап, суулар селдей агып кире баштады биз турган жерге. Бир маалда кемпир калтырап-титиреп көгөрүп менин жаныма басып келди:
– Кызым, эки эле билет калды Большой театрга, опера "Каменный гость" деп аталат, сонун, ал, – деди. Өтө кымбат экен, бирок кемпирге боорум ооруп, Дуня экөөбүзгө алдым.
– Театрга көп барчымын, балетке өтө кызыгам, бирок операга аз баргам, – дедим кемпирге. Кемпир:
– Ты добрая, тебе обязательно повезёт, – деди, тообо, билгендей. Азырга чейин ошол кемпирдин сөзүнө таң калам. Менин болочок тагдырымы жамгыр куйуп турганда, эки билет менен чечип берди.
Келип Дуняга айтсам:
– Мен барбайм, бир жигит таптым, аты Олег, сонун бала экен, бир жумага Сочиге кетем, – деди.
– Мейли анда, өзүм эртерээк метрого барып бирөөгө сатам бир билетти, – дедим.
Белет сатканга жасанып
Бош убагымда ар дайым кол өнөрчүлүк кылам. Мисалы: көйнөк тигем, спица жана крючоктор менен шляпа, ар түрлүү буюмдарды токуйм. "Тракторист- машинист" деп илгери Жаныбек биринчи сүйүүм шылдыңдаганда ызама чыдабай кол өнөрчүлүккө окуп алганымын пайдасы өмүр бою тийип келе жатат. Жаныбекке ыраазымын өмүр бою. Москвада Тимирязевская районунда:
– Студенттердин кол өнөрчү конкурсуна катыш унвердин атынан, – деп зам.директор суранды бир жолу. Макул болуп, тез аранын ичинде даярдандым. Токулган шляпаларды крахмалдап 3 л. банкаларга кийгизип, ваза, стакан, пиала да токуп, крахмалдап калып алсын деп суулап ваза, стакан, пиялаларга кийгизип, терезенин астына кургасын деп тизип койдум. Ар кандай стилде көйнөк, майка, шымдарды тиктим. Баары даяр болду. 10-июнду күтүп жүрдүм. Билет чоң театрга 2-июнь күнү эле.
Достор билесиңерби? Азыр да билет 3 миң доллар турат балкондо, сахнага эң жакын места. Балет, опера спектаклдерге. Дүйнөдөгү эң укмуш кооз театрлардын бири Большой Театр, Россиянын жана Москванын сыймыгы. "Бир көрүп өлсөм" деген адамдар аз эмес дүйнөдө. Акустика укмуш, өлүп райга барып калгандай ички кооздугу. Горбачевдун, Ельциндин убагында акча бөлүнүп, ар ким уурдап жей берип, Кудай жалгап Путиндин убагында жомок сыяктуу ремонт кылынды. Кудай да Путинге ыраазы болгон окшойт, Алина Кабаеваны ошол жерде кездештирди, так ошол өтө кымбат балкондо отурушуп "Лебединое Озеро" балетин көрүштү.
"Иштесең – тиштейсиң" деп бекеринен айтылбаган. Бооркерлик жана чынчылдык адамга ава катары керек нерсе экен.
2-июнь 1996-жыл да келди.
Башкача жасандым, тообо. Салонго барып "Большой театрга ылайык прическа" десем сразу түшүндү. Розовый сонун шляпа кийем, шляпаны чечкенде пери болойун десем каткырып күлүштү,)))).
– Эмнеге мынча? – дешип.
– Биринчиден, өтө кымбат билеттин бирөөсүн сатышым керек. Экинчиден, 25ке чыктым эч ким албай, жүрүм картаң кыз болуп. Үчүнчүдөн, айылга да уялып баралбайм, баары шектүү карашат. "Жылдан жылга сулуу болуп баратат, бирок эр албайт бул сөйрүктү" деп үнсүз көздөр сүйлөп баштады. Төртүнчүдөн, Москвадан квартирага да акча даярдап койдум. Бишкектен үй алып, квартиранттарга тапшырып койдум. Бешинчиден, балалуу болгум келди сонун адамдан, албаса деле макул болгудай элем. Кайсы ырысыма керилмекмин, жашым өтүп баратат. Сөйрүңдөп кыял жорук көрсөткөн эмесмин эч бир эркекке.
Бир маалда кыздарга арманымы айтып бүттүм. Макияж, прическа да бүттү.
– Күзгүгө карайсыңбы? – деди эле,
– Жок, карабайм, баягы эле чабандын кызымын да. Софи Лорен же Мерилин Монро болуп кетти дейсиңерби? – десем:
– Ооба, только кыргызча варианты болдуң, карасаң, – деп зордошуп, карата алышпады.
Шляпамы кийип, бийик шпилькаларды кийип заматта 10 см ге өсүп. Кодурайган коделектей боюм.
)). Куп "жосуну жоктун жорго имгениндей"
бараттым.
))))). Көчөдөгү моюндар жалко болду бурулуп кайрылгыча карашып![:)](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/smile.
gif)
Мен бир жылдыздын терисин кийип алгандай болдум, өзүмө күлкүлүү көрүндүм: кудай сактааа!! Ажайып, чокчолоңдоп такалар так эле так, тук эле тук деп, ансыз да мойну бурулган эркектерден уялып шляпаны баса кийип өлдүм: "Жозуну жооооок! Биймырзанын кызы, билет сатыш үчүн да ушунча жасандыңбы, ой тообо!!! Кудай кечирсин! !" деп жеттим Театральнаяга.
Иииий, эми ошондогу турушум бир кино!! Мени мындай эч ким көрбөгөн. Комедия! Такама эки мык кагып койгондой жыла албай бир ордумда турдум эки билетти колума кармап. Эх, кемпир-кемпир, сага боорум ооруйм деп жамгырда өзүм ит шерменде болот окшойм. Адамдар сурашып "канча турат билет?" деп, акчасын укканда карышкырдан качкан койлордой үркүдү, тообо.
Бир саат эрте келип аракеттендим сатканга.

![:)](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/smile.gif)

![:)](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/
smile.gif)
Мен бир жылдыздын терисин кийип алгандай болдум, өзүмө күлкүлүү көрүндүм: кудай сактааа!! Ажайып, чокчолоңдоп такалар так эле так, тук эле тук деп, ансыз да мойну бурулган эркектерден уялып шляпаны баса кийип өлдүм: "Жозуну жооооок! Биймырзанын кызы, билет сатыш үчүн да ушунча жасандыңбы, ой тообо!!! Кудай кечирсин! !" деп жеттим Театральнаяга.
Иииий, эми ошондогу турушум бир кино!! Мени мындай эч ким көрбөгөн. Комедия! Такама эки мык кагып койгондой жыла албай бир ордумда турдум эки билетти колума кармап. Эх, кемпир-кемпир, сага боорум ооруйм деп жамгырда өзүм ит шерменде болот окшойм. Адамдар сурашып "канча турат билет?" деп, акчасын укканда карышкырдан качкан койлордой үркүдү, тообо.
Бир саат эрте келип аракеттендим сатканга.
#24 12 Январь 2016 - 16:40
Жолукту!
Белетти сата албай бир саат турдум. Эх, кемпир, опера башталса канча акчам жөн эле күйүп кетет. Бирок туура кылдым кемпирге боорум ооруп, мен да мастан кемпир болом кудай буйурса.))). Бир маалда аркаман:
– Адеми кыз, – деп бирөө түртсө болобу, жүрөктү түшүрүп, ансыз да шиш такада араң эле турум термелип. Кудай бир өзү билет кейпим кандай экенин, али салондон чыккандан бери күзгүгө карай элекмин. Бирок точно билип турум, мен эмес.
Шашкалактап шиш таканы аркага буруп карасам, турат!
"Охуууууууууууууууууууу" дедим, менден өткөн бир звезданутый. Мен го өзүмдү көрбөдүм, бул жигит ажайып укмуш го. Тообо-тообо, ушинтип да адамдар жолугат экен. Тиммеле звезданутые в квадрате болуп калдык. Тамагым буулуп, сөз чыкпай калды. Керемет жигит! Тообо, суйкаят!! Бою узун, орустардан да аппак, кийимине сөз жок. Крокодилдердин жылтыраган терисин гана аяп турдум, ажайып каш каштай, көз көздөй капкара, мөлтүрөйт. Турган турпатында кынтыгы жок. Буга чейин денеси узун, буту кыскаларды көрүп: "Эмнеге бизде шымынын этегин кайрыбай кийгендер бар болду бекен, бар болсо да аз чыгар" деп ойлонуп койчум. "Тууган балдарым 'Апа, шымымын этегин кайрып бер!' дебесе экен, бир карыш болушуп" деп ичимен күлчүмүн ))))))).
"Ата-энесине ырахмат – сонун жаратыптыр, сүрөтчүлөр окшойт" деп мени ой басты. Билинип турду адам болууга умтулган адам экени. Колундагы барсеткасы укмуш, менин белетиме эмес, мага да күчү жете тургандай бир эркек турду көз алдымда. Алгачкы сүйүүдөн бери 7 жыл өттү, эркек атпайга караган да жокмун. 7 жыл трудовой лагерь жана окуу болду. Жолуктурдум бычакка сап болбой турган, эптеп-септеп адамдарды. Кыргыз издеп таппадым ойдогудай, болсо да сонундары мага жолукпады. Ким билет, мүмкүн мага кудайдын башка пландары бар эле. Кыйчалышкан татаал жолдорду басып чыктым Кыргызстандан, Кыргызстанга кайра кирүү мүмкүнбү же мүмкүн эмеспи, чаташкан тагдыр да чечилбей турду. Кыргыз издеп бир түзүгүрөөгүн жолуктурдум эле.
– Энемин эшигин жок дегенде 10 жыл шыпыр, – дейт, тообо.
– Өзүң шыпыр, – дедим, – аз болсо эшик шыпыргыч дворник балдарды жарат, 2014-жылга чейин дагы бир эшик шыпыргыч бала чоңойтосуң, – деп жиндиленсем:
– Энем деле энесинин эшигин 10 жыл шыпырган, – дейт.
– Эй тообо, эми энең менден албай эле койсун эшик шыпырган акысын. Энең го аял экен, сен эркек эмне мынча жакшы көрөсүң эшик шыпырганды, окусаң, өнүксөң болбойбу? Москваны шыпырып кыйраттың, – деп бүтүп калган эле бир жолугушуу, башталбай.
– Ой бай, сен мени күтүп жаткан сыяктысың, адеми кыз, – деп дагы үн чыкты. – Көпкө карап турдум. – Кимдир бирөөнү издеп таба албай жатасың, менгой осы жигит, – десе болобу тообо, тообо. – Ой бай шляпаңыз адеми, өзүңүз да адеми, айтсаңыз жагдайыңызды.
– Большой Театрга бир белет сатам операга, "Каменный Гость".
– Ой бай, сиз театрда балерин эмессизби? Же олең айтасызбы? Кимдин, кайсыл жердин кызысыз?
– Болду, – дедим – суроолорду жамгырдай жаадырбай. Бир чабан кыргыздын кыргыз кызымын.
– Ааааааааа, – деп үнү жок болду.
– Аласыңбы жокпу белет?
– Ой бай, аламгой алам, барам, кудайдын кызык окуясы болуп жатыр, – деп алды.
Таанышкан да жокпуз, театрга кирип кеттик.
Пашахан казакты "чапты" !
Өлүп калайын деп... Жанагы там салганда устундарга кактык эле узун-узун мыктарды. Ошол какбаш эки мык менин такамда сайылып тургандай кыйналып, уятымын гана күчүнөн чокчолоңдоп театрдын балконуна барып отуруп калдым: "Ууууух атаңдын көрү гүлстан, саттым белетти. Ушунчалык бийик таканы да атайлап кийдим эле, 'жирафтай көрүнүп белетти сатам' деп".
Доңколоңдоп сыр алдырбай сулууланып баскан менен, көздөн от чыгып кетти.)))).
Өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп орустардын операсы башталды. Акустика карылар үчүн жасалгандай кулакты жарып. Пардасы ачылып, оперный ырчылар чыгып, мейманга келип таш болуп катып калган бир эстеликти айланып, ар түрлүү укмуш үндөр менен баяндап ырдап жатты. Окуяны түп тамыры менен ачып. Сүйүүсүн күтүп-күтүп, келбегенден кийин бул мейман ташка айланып катып калган имиш.)))). Ташка айланганга чейин бир кыйла окуялар болду. Эй кудай сактай көр, мен да 25ке чыгып калдым, "ташка айланып жалгыз калбайын" деп коркуп баштадым. Илгери укчу элем, бир парторг бар эле, аты Зеби Кутманова деген, Аксыда. 40тан ашкан, эркектердей саясатты каты өздөштүргөн, жалгыз партияга өмүрүн берген...
Мен жыргап калдым мык таканы чечип, буттарым жерге тийбей, жаш баладай салбаңдатып эки бутуму.
Бир маалда жанагы казак жигитке көзүмдүн кыйыгы менен билдирбей карасам, ал мени эле карап отуру, тообо. "Бул эмнеси? Шумдуктуу. Антракт болгондо күзгүгө барып карайынчы, салондо бир шумдук кылган окшойт" деп калдым ойлонуп. Дагы чыдабай менин тилимди бирөө чойгулагансып:
– Ой жигит, ага, опера анау жакта – деп, чокуда кой кайтарып отургансып, колумун сөөмөйү менен сахнаны көрсөттүм ))). Атын билбейм, тааныша элекпиз.
– Ия ия, билемгой, – деди жылмайып, азыркы менин баламдай бир ширин көздөрү менен.
– Билсеңиз солай, – дедим күлкүм келип. Бир маалда парда жабылып "антракт" деди. Мен шашылып туалетке жөнөдүм мык таканы кийип чокчолоңдоп – кейпими көрөйүнчү, бу казак көзүн албады го менден.)))). Жигит агам:
– Анау жерде кутемен, – деди буфетти көрсөтүп.
– Жарайт, – дедим. Күзгүдөн көрүп өзүмү, кулап кала жаздадым.))). "Өлө каал, Падишахан, мынча сулуу кылып салышкан салондогулар! ! Тообо-тообо, косметикаң. Сайда-белде калгырлар, акмактар экен го, өзүм деле симпатичный элемин эмне зарыл эле мынча.)))). "Ииий өмүрүң кургур аялдар, сулуулар аз экен, баары эле ушунтет турбайбы. Жууп салса акшыйып жез кемпирдей" деп чыгалбай турдум туалеттен. Карабаган адам жок мен тарапка.
Ииий тообо, уктум эле олигарх бай эркектерге тузак салган кыздарды. Мындай кейпимде Ален Делонду теңсинбей койсом да жарашкансыйт. )))). "Байкуш эркектер, эгер биз бир тонна косметика менен алдасак, жууп салганда бакадай балчайып, көздөрдүн сурмасы жок, каштар теги эле белгисиз турбайбы" деп, ошондон кийин кандай сулуу аял көрсөм да косметикасын жууп элестетем. Албетте, бар сулуу аялдар. Бирок кээ бирлери косметика болбосо бакадан да кейпи суук.
Казакка ачыгын айтам, "бул косметика бүгүн белет сатышым керек эле, ошондуктан ушундай абалдамын" деп чечтим. Тиммеле сонун казакты алдап кудай уруп кетпесин.
Пашкенин жүрөгү козголду
Ошентип операнын антракты башталып, туалеттин күзгүсүндө ар кандай ой келди. Казак жигит ага күткөн жерге келсем, кара жана кызыл икрадан бутерброд, эки сонун мөмө жемиштен жасалган корзина пироженое жана эки бокал шампанское алып күтүп туруптур. Карап көзүмдөн жаш чыккысы келди: "Кой эми тура тур, сеники эле жетишпей жаткансып" , – деп сыр бербей сүйүндүм.
– Адеми кыз, эми таанышып алалы, атыңыз ким? – деди.
– Падишахан, – дедим.
– Үлкөн мастан кемпирлердин атындай го, Пашке десем боладыгой, – деди.
– Болады, – дедим.
Ошол күндөн ушул күнгө чейин Пашке, Пашкебай дейт жолдошум.
– Менин атым Байтак, – деди. – Байтактын Падышасы болсом куп жарашмак экен абыйга-бабый, эпчилге-гепчил, казакка-кыргыз болуп.))).
Бокал шампанды колума карматып:
– Таанышканыбыз үчүн алалы, бүгүн жөн эле көчөгө чыгып Москваны жөө айлангым келди эле кечки шамалда, кудайдын керемети менен театрга кирип кеттим. Ма сага, солай да болады экен, – деп, алдык шампандан.
Бар жана мол. Акылдуу жана сулуу. Өзүнө өтө бек, тарбиясы жогору, адамгерчиликтүү, кичи пейил, казактардын керемети экен. Карагандынын Юридикалык университетин, дагы бир канча курстарды бүтөргөн жогорку деңгээлдеги адам болуп чыкты. Генеральный директор фирмы "Скай-Ленд" . Кореялыктар менен бирге түзүлгөн фирма эле.
Эмнеден сөз башташты да түшүнбөй турдум. Жедим, ичтим, айттым чындыгын. Жөнөкөй эле студент экенимди, кыйраган деле урук-туугандарым жок экенин, атамын кесиби чабан, менин кесибим инженер, педагог, экономист, механик, швея, тракторист, машинист, убагында жалаң эки алып куулган мектептеги окуучулар менен СПТУ 69 училищасын жалаң балдардын арасында 91-группада 4 кыз бар экендигин. Ошол окуу жайында стипендия үчүн окуганымды айттым, Кербенде.
– Окшошпойсуң жөнөкөй адамга. Балким тууган-уругуң, элиң-журтуң жөнөкөй чыгар, бирок сен жөнөкөй эмессиң, – десе болобу.
Көптөн бери отпускада жаткан жалкоо жүрөк ишке чыкты, сүйдү бул казактын керемет жигитин. Мозг "шашпа шалтурук жүрөк, тишиң да өтпөс бек казак көрөсүң али" деди, "кыргызды эптей алган эмессиң, эми казакты кыйратасың" деп доңкулдады. Бирок жүрөк "такшалган сүйүүгө бул жолу ар жолун табам" десе болобу
))))))))).
Антракт бүттү, кайра кирдик балкондогу ордубузга.
Пашкенин үмүтү жанды
Операнын экинчи бөлүмү укмуш болду. Сүйүүсүн күткөн каарман ташка айланды. Чындыгында канча жүрөктөр ташка айланган, "ана-мына" деп жүрүп сүйүү келбеген. Мисалы менин биринчи сүйүүмдөн бери 7 жыл өттү. Эми 25 жашка чыгып казактын 1966-жылкы 30 жашар керемет баласын 1996-жылы 2-июнда бир кемпирге жардам бергендигимден жолуктурдум. Цифралардын маанисин түшүнгөндөр айтышкан, бул эки адамдын тагдыры жолугушкан өмүрлүк цифралары. Мен кыргыздын бийик-бийик тоолорунан түштүм. Байтак казактын кенен талааларынан чыкты. Жүрөгүм сезип турду: акыркы сезим. Мен ким элем, кудай кайра-кайра сүйүү сезимин белек кылгыдай. Адам баласы тоок эмес, ар кимди сүйө бергидей.
Опера бүттү, кайра-кайра кол чабуулар, парда жабылып-ачылып, ар бир каарманга дүркүрөгөн кол чабуулар. Баары кангандыгын терең билдиришти. ("кол чапкыла, колдоп койгула" деп, эч бир артист суранбайт, биздегилердей). Ошондой абалга жеткирет, кандырат, жогорку профессионализмде.
Бүттү опера, эшикке чыктык. Байтак:
– Күтө тур, – деп жай басып касса жакка кетти. Таң калдым: белеттин акчасын берди, дагы эмне керек? "Лебединое Озерого" деген балетке эки белет алып келди 12-июнга. – Пашке, отказ кабыл албайм, 12-июнь менин туулган күнүм, 30га чыгам, – деди.
Ичимден аябай сүйүндүм: "Урааааа, значит мен да жагып калдым, болбосо ошол күнү бир мен менен болгусу келмек эмес!!”
Мен да Байтакты унверситетте боло турган кол өнөрчүлөр конкурсуна чакырдым 10-июнда.
– Эх адеми кыргыз, маган бир кудай комек бербесе болмайды, – деди кагазга ороп сүйлөп. Такси кармап: – отур жаным, оо аягың катты аурды, басууга болмайды. Канча бийик болгың келген менен менден пас болып турасың, – деди.
– Боюм пас, оюм бийик, – дедим.
– Эх кыргыз кызы, сөздөрүң ширин. Отур таксиге, мен казакмын, театрдагы эки бутербродго тойбойм, бир жылкынын этин кенен жеп, аркасынан 10 кружка сүт чай ичем, – десе болобу.)))))).
Аябай Казахстандын кең талаасындай кенендик каптады бүткүл дене боюмду. Ар бир айткан сөзү, тамашасы, жада калса таксиге мени аркага отургузуп, өзү алдыга отурганы эркекче (аркага отура салып шүдүңдөп мени жулмаласа эмне кылмакмын, мындай шүдүңгүт катын-эркектерди да көргөн элем, ыргыта тээп кырылышып калчумун).
Таксиге отуруп:
– Арбат, ресторан Прага, – деди кенен казак, оозум огош бетер ачылды.
Москвада жашаганыма көп жыл болду, "Прага" ресторанына бармак түгүл, ойлоштон коркчумун – эң кымбат ресторан эле ал кезде. Мени үй жана квартира, болочок төрөлө турган урук-тукумуман, балдарыман башка эч нерсе кызыктырбачы.
– Өтө кымбат ресторан, мен барбайм ал жакка. Акчам бар, бирок башка максаттар үчүн, – дедим.
Таксинин күзгүсүн мен жакка буруп, мени карап:
– Охууу адеми кыргыз, эмне максат, мисалы?
– Мисалы, жакында Москвадан квартира алам, балалуу болом, балам Москвада бомж болгонун каалабайм. Төрөлсө прописка, гражданство – баары болуу керек, – дедим.
– Сен мекениңе кайтпайсыңбы? – деди.
– Кайтсам болот, Бишкекте үйүм-жайым бар. Бирок статусум жок, күйөө албай 25ке чыктым майда, 1971-жылкы болом, – дедим.
– Сендей кишкентайлар эч кашан картаймайды, – деп, казактын да оозу ачылды. Жылмайып каткырып күлдү сүйлөй албай.))). – Болды түсиндим ))). Ойбаййй сага калай керемет адамдар тарбия берген, сөз жок! – десе болобу. – Сенин чындыгыңан коркуп кеттим, жарайсың, азаматсың, адемисиң, түсиндим баарын. Ресторанга мен чакырдым, мен төлөйм. Кенен отуруп таанышабыз, эч кандай сени эч нерсеге вынуждайт этпейм. Каалабасаң эч качан жолукпайбыз мындан кийин. Мен кудайга ишенген адаммын, жаш кезимде адашып үйлөнгөм, аз эле жашап ажырашып кеткем. Экинчи акым жок адашууга. Бирок бүгүн аябай таң калып турум же түшүм, же өңүм экени түшүнүксүз – түшүм болсо мени ойготпочу, адеми кыргыз, сураныч, бир уктап канайын. Өңүм болсо экөөбүздө чоң шанс бардай, – деп, оозумду жапты керемет казак элинин ажайып сонун уулу.
– "Прага" рестораны, – деп түшө калып эшикти ачты таксинин.
Өзүмдү бек кармап ичимден жакшы настрой алдым, бирок мык така күйдүрүп турду. Таксиден түшүп рестараңга кирип бараттык, ступенкасына чалынып кулап кете жаздадым, эпчил казак кармап калды.
Казак-кыргыз жомогу башталды. Сөз жок, бири бирибизге куйуп койгондой жарашып турдук. Эң төрдөгү бурч диванына эки адамдык жайгаштык.
– Ой Пашкебай, эми шиш такаңызды чечип кенен отуруңуз, золушка, аягыңыз 35-размер окшойт, 5-класстын окуучусунун размери, – деп казактарча тыркылдап каткырып, менден беш бетер күлкүчү Байтак экен.
(кийинки серияларында айтып берем чыдамы кеткен мени тааныган душмандарыма, керемет казак мага үйлөнбөйт, мен башка жигитке турмушка чыгам убактылуу. Бирок керемет казак баары бир жылдар өтүп, айлар-күндөр өтүп, менин молитвамы кудай угуп, мага бир күнү үйлөнөт).

#25 12 Январь 2016 - 16:42
Ресторан. Сүйүү вальсы
Ресторанда белгилүү болду, ичпейт экен, чекпейт экен. Психологиясы өтө күчтүү, тарбиясы жогору, өзүмчүл, өтө эркин эркек экен. Мындай эркектер менен аялдар "сеники ырас, ой азаматсың" деп жашабаса, жашоо бир топ кыйынчылыктарды башка салат.
Столдун үстү жайнады, менден сурабай туруп мага жаккан нерселерди алды, тообо, кудай бар. Белет саткан кемпирге алкыш (“сөзсүз ошол кемпирге жолугам ордунда турса” дедим).
Десертке клубника, үстүнө ыссык эритилген шоколад. Ушул күнгө чейин ошол менин жакшы көргөн десертим. Биринчи жолу эркек менен отуруп эркин тамактандым. Сезилип турду – жегениме аябай курсант болуп:
– Жактыбы? – деп кайра-кайра сурады.
– Ооба, жакты, бирок бекер тамак болбойт, бир күнү тамагыма тыгылып калбаса эле болду, – дедим.
Мен өтө сезимтал адаммын. Сезип калсам кокустан юбканын түбүнө үмүттөнгөн эркекти эч проблема жок, жеген ичкениме төлөп грамотно "убактым жок, ишим көп" деп туруп кете алам. Эч качан чөнтөгүмдө акчам жок болсо бирөө менен тамак жегени бармак түгүл эшикке да чыккым келбейт. "Бирөө-жарым төлөп койушу мүмкүн" деген ойдун өзү терең тупойлук.
Казак сөз баштады:
– Аябай сонун белет саткан таанышың бар окшойт сенин. Балкондон биринчи ряд сахнага жакын жерде отурдук, чоң ырахмат, – деди.
– Ооба, бар бир кемпир – деп жылмайып койдум.)))).
– Бүгүнкү күн жомок сыяктуу болду. Мен жашырбайм, кыздар толтура Москвада, бирок сендей жолуктурбагам. Кенен отурчу, бир аз кысылгандайсың. Көрдүңбү, мен сенден 2 метр алыс отурам. Эрк керек сенден алыс отурууга, оногу жеп жаткан кулпунайдай эле көрүнүп жатасың, – деп тамашалады. )))).
Бири бирибиз жөнүндө көп нерселерди билдик. Москвада квартира снимать этет экен, эжелеринин, агасынын балдарын универ, институттарга баардык расходун өзүнө алып окутуп багат экен.
Сурадым:
– Өздөрүнүн ата энелери тирүүбү же өлүкпү? – деп.
Күлдү:
– Тирүү, – деп.
Бир туугандары да өтө пайдаланат экен бул адамдын кенендигин.
– Түшүндүм, – дедим. – ошондуктан биринчи үйлөнгөндө тез эле ажыраштым дедиң, анткени ажаандай эжелериң балдарын сага бактыртып окутуп жатса сенин алган аялың тоскоол болду го шордууларга. – десем оозу ачылды. – Кечиресиз каты тийсе, чындык ушундай. Казашка беле улуту? – десем:
– Ооба, – деди, – Башка улутка үйлөнгөндү элестете албайм, патриотмун, – десе болобу.))))). – Аялым жашагысы келген, бирок бир туугандарым менен тил табышпады, – деди.
– Сиздин кийинки алган аялыңызга да так ушундай мамиле болот. Таң калбаңыз, мындай көрүнүштөр толтура. Ар дайым байкап жүрөм, ойлоном, ошондуктан 25ке чыксам да шашылбай өзүмө бек болуп турмушка чыгам, өзүмөн башка эч кимге ишенбейм жашаган өмүрүмү.
– Даааа, азаматсың мен сендей болгондо олигарх болмокмун, – деп күлдү.
– Мен да патриотмун, кыргызга тийем деп эч жолум болбой жүрүм. Сиз го шанс болуп казашкага үйлөнүпсүз "өздөн чыккан жат жаман" деп өз эжелериңиз батырбаптыр, билинип эле турат, жашырганда эмне пайда, – дедим.
Ачуу чындыкты эч укпаганы билинди, бирок угуп көнө баштады.
Аябай сонун музыкалар чыга баштады. Өтө оор ойлонуп отурду кереметтүү кенен казак.
– Болду, турмуштун оорчулугун сүйлөшпөйлү, бүгүн майрам, өтө кокустан жолуктук, – деп көздөрү жанып эмнегедир көңүлү каты көтөрүлүп сүйүндү. Официантты чакырып бир вальс бий суранды менден, мен макул болдум.
Бий бүткөндө расчет жасап, “такси чакыр” деди официантка. “Макул” деди официант.
Михаил Боярскийди ырдап жатты: “Отвези меня туда, где рады будут мне всегда”. Эч кимибиз эч нерсе сүйлөбөдүк, сүйүү сезими сел болуп агып жатты. Эки адам кокустан табышып бири бирин жөн гана жай бийлеп ушунча сезе алса бул чоң бакыт. Башкасын айтсам баарыңар сүйгүч болосуңар, кыргыз жердештерим))))))).
Анда да турду айтылбай сырлар,
Артылган колум мойнунда калып.))))))
– деп бекеринен ырдалбаптыр.
“Сүйүү керемет Сүйгөн жеңет”.
Издей берем тааныш үйдөн,
Издей берем көчөдөн
Карааныңды сагындым мен,
Түшүмдө гүл төшөгөн.
Эмне мынча сүйөм сени,
Эмне мынча сагынам?
– деген сүйүү өмүрү башталды.
Ресторандан чыгып таксиге салып жиберди. Өзү дагы үйүнө кетти ал күнү.
Казакты сүйдү, бирок...
Эртеси эрте менен эрте турсам жүрөк башкача согуп баштаптыр. Ырдайт тиммеле кой десе болбой кыңылдап.))). Вахтер төмөнгө чакырды. Барсам:
– Бүгүн кечки саат 10дө такси келет, сени Байтак деген досуң клубка чакырды, – дейт, тообо.
Вахтерго айттым:
– Сиз да ушул телефонго чалып: "Барбайт экен, өмүрүндө болбоптур клубда, болгусу да келбейт имиш", – деп жаздырттым.
Окуум бар, ишим бар, түндө эмне зарыл уйкудан калып, уйкум ширин кечинде 7де эле көр молдо жетелеп кетет уйкуга. Анткени Итагарда свет 7де эле өчүп калчы кышында. Өмүр бою айылда эрте жатып, эрте туруп көнүп калгам. Вахтер жатаканада саат 12де эшиктерди жаап кулптап салат.
Ким клубка кетсе эртеси 6да эшик ачылганда кирет. "6га чейин ат такалайынбы клубда?" деп баргым келип, бирок барбадым.))).
Кол өнөрчүлүк конкурсуна каты даярданып, жеңип алдым. Аксыга ата-энеме мактоо баракчасын жөнөттү унверден. Атамын айылдагыларга көрсөтүп сүйүнгөнүн азырга чейин айтышат. Жаткан жери жайлуу болсун апамын, атамын, алтын адамдар.
"Уулуң, кызың сендей болсун" деп баталарын бергенин угуп, кантип жаман болмок элем. Кантип жашадык экен ал убакта сотовый телефон жок эле.))).
12-июнга чейин Байтак ар жакка чакырды, барбадым. Вахтёрго сонун букет гүл берип жибериптир "Пашкебайга берип койгула" деп, өтө жүрөк сүйүндү. Сүйүүдүн күчү менен иштер сонун жүрүшүп, окуулар проблема жок окулуп, ойлор дүйнө кыдырып чыкты.
Универге ушак жайылды: "Падыша казак жигиттүү болгон имиш" деп.))).
Баягы 89-жылы техникумда таанышкан Толик деген жигит да экинчи жогорку билим алып жаткан, экономист. Жакшы дос элек, мага келип арманын айтты:
– Көп жылдар сени сүйөм, ошондуктан сен окуган окуу жайларга аркаңан келип тапшыргам. Түшүндүм, сенсиз жашоо болбойт, – деди.
Башыма чагылган эле түшкөндөй болду. Он жылга жакын тааныйм бул вундеркинд баланы. Эй тообо, баягыдан базарым жүрүшө баштады.))).
– Бир казак тапты дегенин угуп аябай жаман болдум, – десе болобу.
– Ой бой, сен эмне, ушунча жылдар уктап калдын беле? Ким бетиңе суу сээп ойготту? Царевна лягушка да мынчалык көп уктабаган, – деп каткырып күлсөм:
– Күлбө, мен сени сүйөм, – деди.
– Мейли, азамат, чоң ырахмат, менден деле сурап койсоң болмок, – дедим.
Мурда айтчы, ишенген эмесмин. "Желмогуздар үйлөнүп, анан сүйсө өлөр бекен" деп жаман көрчүмүн. Жата калса эле сүйүү проблемасы бүтө кала тургансып.)))).
Мен көптөн күткөн 12-июнь келди. Байтактын туулган күнү. "Лебединое озеро" балет көрдүк Большой Театрдан. Ночной клуб "Кристалл" га бардык. Таганкада элитный клуб, жылдыздар үчүн. Отурдук шампан ичип көбүртүп, кулпунай шоколад менен закуска кылып. Дима Маликовдун ырдаганын заказ кылдык. Дима да биз курактуу жаш болчу анда. Маша Распутина чыкты "Отпустите меня в Гималай, иначе всех порву" деп.))))).
Юра Шатуновко бийледик. Бир маалда Мурат Насыров келди. Жаткан жери жайлуу болсун, көрө албаган акмактардын айынан өлдү өз үйүнүн балконунан секирип, Москвада. Алматада туулуп өскөн өзгөчө уйгур эле. Байтак өтө чечкиндүү мамиле жасаганы билинди айлана чөйрөгө. Мисалы, мен бир нерселерди чече албай былжыраган адамдар менен бирге жашамак түгүл, андайларга жологондон корком – андай адамдар башкаларды да былжыратып аңга түшүрүп жиберет, анан жүрөсүң чыгалбай тырмаланып, тырмагыңын түбүнө кир толуп.))))).
Ушинтип айлар өтүп жатты зымырап. Байтак айтты:
– Качанга чейин кыйналмаксың, болду бүттү, баарына жетишипсиң, дем ал. Франция, Кипр – кайакка кааласаң алып барам, – деп жакын мамилеге өткүсү келди.
– Шашылба, бүт дүйнөнү айланып чыгам албетте сөзсүз, бирок себепкер сен болбо. Балким бала чакам менен, балким бир жумуштарга чакырат. Селсаяктай болуп, себепсиз саякат жасабайм, – дедим.
– Ухуу, ал балдарың төрөлүш үчүн көп убакыт бар, – деди.
– Иий тообо, кокустан эшектей болуп бүгүн жатып алсам, 9 айдан кийин төрөлөт. Сен ойлодуңбу ошол жагын? – десем:
– Жок, өтө татаал, – деди. – Ааааа, билем сен "жок" деп айталбай турган жакты! – деп сүйүнүп кетти. – Сен көп жерлерди көрдүң, бирок Ыссык Көлдү көрбөдүң, ээ? – деди.
– Ооба, көрө элекмин, – дедим.
– Болду, кеттик, аябай сонун жер! Бир жумага жыргайбыз, – деди.
Отказ бердим. Билдим бул жыргалдын артынан эмне болорун.
– Отказыңдын себеби эмнеде? – деп сурады.
– Сүйсөң мени тааныштыр үйбүлөң менен, үйлөн, законно печать басылсын паспортко адамга окшоп. Мага ишенсе болот, менин үй жайым башка, ата энемин үйүнөн. Бир туугандарымын кароосунан, карагулдугунан бошонгонума көп жыл болду, мен үйбүлө курууга даярмын материалдык жана моралдык жактан. Башыма бир балээ түшсө барбайм шоркурап ыйлап качып ата-энеме, ушак-мушак дегенди да ташыбайм нары-бери, ушакавоздор ансыз да көп, – дедим. – Бирок сенин бир туугандарыңдын сөзүнөн, ой пикиринен эркин экениңе көзүм жетпей турат, себеби ушул. Өтө жактың мага, бирок менин мозгум жүрөгүмү башкара алат. Аман болсом көрөөрмүн Көлдү да.
Айткандай эле ошол жылы дос кызым Бишкекке турмушка чыкты, узатып бардым. Ыссык Көлгө да бардык. Тообо кылдым, бир да катыны жок кыргыз достору жок экен. Төрт машина топтолдук, кой сойуп Көл жээгинде керемет майрамдадык. Жалгыз түндө баары уктап калганда Көлгө барып арманымы айтып киринип кайттым.
Казакты сагынып өлүп кала жаздадым каникул бүткүчө.
Пашакан казакка байланды
Казак сүйүү мен үчүн өтө оор жана кызыктуу, болду. Баарын бердим ушул казакка: "ме ал!" дедим, качанга чейин жүрмөкмүн майышып. Бактылуу болуп баш айланганда эч нерсе кызыктырбайт экен адам баласын, мас сыяктуу өмүрдүн таттуулугуна башым менен батып кеттим. Баягы эркин күчтөрүмүн баары, ой максаттарым, жүрөгүмүн соккону, көздөрүмүн каректери ушул жигит, ушул казак, ушул Байтак болду, башка кызыктар бүттү. өзүмүн ушундай жогорку деңгээлде сүйө ала турганыма өзүм да таң калып жүрдүм. Тообо, ушул эркек үчүн жок деп айтыш мага өлүм сыяктуу көрүндү. Сүйүүдүн кулу болдум. Байтак да ар мүнөт сайын мени ойлоп өлүп жүргөнү белгилүү болду.
Бир күнү бир квартиранын ачкычын берди:
– Бир жылга акчасын төлөп койдум, жатаканадан чыгып алчы, бул жерде балдар көп экен, мага жакпады, – деди.
Баягы Толик деген досум өлүп эле калайын деди мен квартирага чыгып баратканыма.
– Ох, ох Падыша, ката кетирейин деп турасың, бул казак сени албайт, ойноп-ойноп таштап кетет, укчу айланайын, – деп жалдырады. Мен акмак же уксам жакшына жан досумун туура сөздөрүн. – Эй айланайын Падыша, мен сени 1989-жылдан бери билем, 8 жыл болду, ушунча чыдап жакшына жүрдүң, эми жеңил ойлобочу, албайт сени! – деп кайра-кайра байсады.
– Албаса Аландын аскасынан секирет бир күнү, алса армансыз жашайт, алтындай уул-кыздуу болом! – деп кыйкырдым, – сага эмне мынча зарыл бир кыргызды алдаса бир казак?! Каракалпак куткарат имиш, кыйын болсоң бар Каракалпакстаныңа, күрөш эркиндик үчүн. Качанга чейин өзбектердин калдыгын жеп, жугундусун ичмексиңер, бир тууга ээ болбогон элден эмне чыгат?! – деп байкушту таарынтып алдым. – Жаманбы-жакшыбы, казак кыргыздар өз өлкөсүнүн ээси, ырдарга гимни, көтөрөргө туусу бар. Алдаса алдар убактылуу, анчалык деле акмак эмесмин алдангыдай, – деп таксиге отуруп жөнөп кеттим.
Ичи туз куйгандай ачышып калып калды жан досум. Мен өзүмдүн гана күчтүү сүйүүмдү ойлоп турдум ошол момент.
Жылдар өтүп жатты зымырап. Бир күнү тааныштым Байтактын туугандары менен, бирок эч кимисине жакпадым. Себеби эгер мага үйлөнсө менин жанымдан чыкпашына бүт күчүмү салмакмын. 100% менин жолдошум болмок.
Балдарымдын атасы жана үйдүн ээси болмок. Бирок ошол убакта Байтактын туугандары эч колдон чыгаргысы келбегени сезилди. Өтө табышман жакшы эркек ар бир үйгө керек экенин ансыз да түшүнчүмүн.
Казак “албайм” дегенсип
кетенчиктеп туру
Биринчи жолу бир квартирада, бир эркек менен жашап баштадым. Окууду бүттүм, диплом да алдым. Үйдөгүлөргө эч нерсе айтпадым, аябай чоң өмүрдү 1941-жылдагы согуштагы, токойго бекинген партизандардай баштадым, бекинип сүйүү отуна өрттөнүп.
Очокко жаккан оттой кызарып күйүп-жанып, түтөп, асманга бууланып чыгып тообо кылдым.
Сүйүү адамды бир асманга чыгарат экен, бир акмагын чыгарат экен, тообо. Шайтан азгыргандай шайым ооп, райга чөгүп кеттим.)))).
Болсо болду, болбосо жок болду, Ботобайдын ботко баласы мен болдум.))).
Бир айлык кулинариялык курсту окуп алдым, күндө сонун тамак-аш кылып, бир ушул эркек үчүн жашагым келип. Күндө жумуштан келе калып, таттуу таң калтырган тамак жасап, эки көзүм төрт болуп күткөнүм казак, карааны көрүнсө сүйүнүп. Биз барбаган клуб, театр, кино, танца калбады, тытып эле жибердик Москваны. Укмуш адамдар экенбиз бири бирибизден эч жерибиз калышпаган. Юмор сүйлөсөк ичибиз жыртылгыча ыкшып күлөбүз, урушуп кетсек кудай бир өзү сактасын, кадимкидей кыргыз-казак эл аралык согуш, эч ким жеңилбейт, тообо кылдым. Экөөбүз эки тууду илип алып кызартып-көгөртүп. Мен кызарып кызыл туу менен, ал көгөрүп көгүлтүр туу менен.)))).
Эки өлкөнүн патриотторун кудай кошордо bissimillahirahmanirahim деп анан кошот болуш керек деп ойлоп калдым.
Эч кимде кайталангыс эксклюзивный өмүр өтүп жатты, любой момент бүтүп кала турган. Ииий тообо, экөөбүздүн кыялдарыбыз эми курчуткан курч канжардай болуп чыкты. Бирге жашабай билбей жүрүппүз.
Айткандан кайтыш өлүм экен экөөбүзгө тең, кантип тил табышты билбей калдык.
– Охуууу, – деди Байтак, – Күч жетеби же жокпу сен менен жашашка? Ажайыпсың, кыке кызы, – деди.
Өзүмө бир жакшына эле сезилем, бирок бул башың өскүргө эмнем жакпай жатканын же түшүнсөм.)))).
Казак тилин тез арада үйрөндүм, "Сен да үйрөн" десем үйрөнө албады, кызыкпады.
Менден башка да казак, орус кыздары бар экен бул бай болгурдун, мен акмак аны кеч болгондо сездим.
Мен көк мээ, менден өткөн сулуу, менден өткөн акылдуу жок деп анекдоттогу маймылдай жүргөн кербез экен, тообо кылдым кудайга. Кудай да асмандан карап күлсө керек: "Ииий байкуш кыргыз, кыргыйектей болбой кал" деп.
"Эсиңдин барында этегиңи жап" деп көп жыл тартиптүү жүргөнүм бир пул болойун деп турду.
Байтак алоолонуп күйүп сүйдү, кылбаганды кылды, эч нерсесин аябады, бирок “үйлөнөм” деген сөз оозунан чыкпады тообо, ушундай да болот экен. Кетенчиктеп отко айдасаң бокко качкандай болуп
))).
Бир күнү кошомат кылып, кыйтырланып жакшы тамак аш кылып сурадым:
– Эй, сен кыргыздын 27ге чыккан картаң, сүрсүгөн эттей сүрсүп калган сулуу кызын аласыңбы же жокпу? – деп.
Байкушум ичин тырмап күлдү:
– Алышын ала берем, жашашты айтсаңчы, бир күнү кызыл туу башыма сайылып калса эмне болот, кыялың өтө курч, – деди үшкүрүнүп.
– Жок, биринчи казак туу сайылат, дүйнөгө тарых кылабыз экөөбүз, анан кыргыз туусу желбирейт, – десем жылмайды, менин ойумдагылардын чекесин да түшүнбөй. – Эй тообо, адам болуш аябай оор жумуш, билесиңби? А тарых кылыш үчүн өлгөн өмүр бою адам заты, – десем:
– Билбейм, билбейм, билбейм, – деди.

#26 12 Январь 2016 - 16:44
Эстен кеткис Көл_сүйүү
Күндөр өтүп жатты зымырап, казак-кыргыз сүйүүсү күчөгөндөн күчөп. Бир күнү кечинде жумуштан эрте келип:
– Эртең кеттик Ыссык Көлгө, 3 күнгө барып дем алабыз, анан келе калып Францияга кетем, жумуштарым бар, – деди.
Бул жолу макул болдум, болгону айттым:
– Мен минтип көпкө жүрө албайм сенин селки кызың болуп. Барса баралы да, бир жактама бололу, болбосо жыйыштыралы. Аксыга барбайм, Ыссык Көлдөн бери кайтам, – дедим.
Бишкекке учуп келип эле такси кармап менин квартирама бардык. “Өз үйүм ушул Бишкектин центринде! – деп сүйүндүм. – Москвадан риелторлор издеп жүрөт, кудай буйруса ал жактан да үйлүү болом” деп кудайга сыйынып койдум ичимден.
Такси кармап Ыссык Көлдү көздөй кеттик, село Бостери, Чолпон-Ата, "Кыргызское Взморье" деген гостиницадан эң кымбат, эң сонун, Ыссык-Көл мемиреп күнү-түнү көрүнө турган жагына жайгаштык. Сөз жок, сүйүү деген дал ушундай болот, 27 жашка чыккыча белгисиз күткөн эркек табылгандай болду. Бакытка батып көздөр жайнады, эрте жазда чыккан Аксыдагы гүлдөрдөй. Кереметтүү Ыссык-Көлдүн пейли кенендигинен мемиреп биздин сүйүүнү көрмөксөн болуп уялып толкунданды. Асмандагы айлуу түн, жылдыздар жымыңдашты, жердеги Ыссык-Көл толкунданып жээкке чыккан сайын кучагына кысып толкун менен кошо жээктен ала качты мени, бакытка чайып чөмүлтүп. Чоң сүйүүмө күбө болгон жаратылыш да мени өзгөчө сүйгөндөй: шамал менен чачтарымы учуруп эркелетип сүйгөндүгү сезилди. Көзүмө көпөлөктүн учканы, айрынын гүлдөргө конуп нектар ташыганы, кумурскалардын өзүнөн он эсе оор жүктөрдү ташып эмгектенгендери көрүндү. Кулагыма куштардын сайраганы, Көлдүн шапаты, жаратылыштын жагымдуу үндөрү угулду.Сүйүү сезимин ченегич прибор болсо рекорд Гиннесаны жеңмекмин.)))).
Өзүм жөнүндө көп нерселерди түшүндүм. Эгер мен сүйсөм бир адамды, дүйнөнүн баарын сүйөт экем. Жада калса күндө мен үчүн башкача лагман жасаган Шарипа деген Көлдүк эжекенин лагманын үч эсе жогору баада сатып алып сүйдүм (чоң ырахмат, Шарипа эже, китебим чыкса окурсуз).
Жеген тамак-аштын таттуулугу! Тооба кылдым миң мерте кудайга, сүйүүнүн таттуулугунан да таттуу болгондой сезилди.))))).
Шашлык, лагман, манты, самса жаратылыштын отуна бышкан даамы азырга чейин сезилет. Дүйнөнүн төрт бурчун кудай мага көрсөтөрүнө алдыда эч кабарым жок эле анда.
Ыссык Көлдүн алтын элдерине сыйынса болот, жадырап жайнап эмне жейсиз десе, иииий алтын кыргыздарым аман бололу деп кучактагым келген боорума кысып.
Эч эстен кеткис 3 түн, 3 күн...
Казак албады Пашаканды...
Өмүрүмдү ташкындаткан дүйнөдөгү деңиздердей 3 күн, 3 түн да аяктады. Эч Ыссык-Көлдөн кетким келбеди, ай кудай ай! Керемет кыргыздын жерлери, көз тийбесин, тфу, тфу...
Таксиге отуруп жөнөп кеттик Москваны көздөй. Жолдо сөз баштадым:
– Иий, эми эмне болду? Бир ачыгына чыгалы, сактанган жокмун, эки кабат болуп калышым да мүмкүн. Кандай дейсиң? – десем:
– Кой, кудай сактасын! – деди.
– Ааааа, эмнеден, балалуу болгондонбу? – десем:
– Ия, – деди (((.
“Кудай, кечире көр тентекти, балалуу болгум келет, – деп ичимден кудайга сыйындым. – Өзүм сонун кылып багып алам, мага азыр балалуу болуу баарынан зарыл жана керек болду. Мотурайган уулдуу болсом эркектин эмне кереги бар, кааласа жашасын, каалабаса өз эрки, уулдуу болгонго эмне жетсин”, деп ичимден чечим чыгарып койдум.
Эң зарылы мен үчүн, кый-чый жаңжал чыкпаш керек. Мага эң маанилүүсү – балдарым сүйүү күчү менен төрөлсө, керемет жашоого умтулууга чоң стимул болмок. Дагы деле төрөлө элек балдарымын келечегин ойлоп бараттым таксиде.
– Ай кыргыздын адеми кызы, маанай эмнеге чөктү? – деди Байтак.
– Берген суроого сенден так жооп алалбадым, ошого маанайым түштү, – десем:
– Койчу жаным, сенден башканы мен эч сүйө албас чыгармын, – деп дагы буйтап түз жооп бербеди. (((((.
– Коркпой айта аласыңбы? “Алам сени” же “албайм” деп ачыгын? – десем байкуш чоочуп кетти.
Жооп мындай болду:
– Сени жолуктурганыма аябай кудайга ыраазымын. Адеми өмүр сен менен бирге башталды, жүрөгүм сен деп согот. Падыша, сен 27 жаштагы кызга окшобойсуң, сыртыңан 18 жаштайсың, а ичинде өзүңөн өзүң 100 жаш улуусуң, мастан кемпирлердин апасысың, – десе болобу. ((((.
– Ииий тообо-тообо, “кыргыздар улуу” деген өз оозуңан чыгып кетти, байкадыңбы? Мен эгер ушинтип айтсам чычаламаксың, – дедим.
– Мен баарын айтып жаткан жерим жок, сени айтып жатам, – деди.
Ичимен өтө куса болдум: уккан жоопко түшүндүм, албайт экен аял кылып.
Москвага жетсем, кетем бул эркектен.
Мойнунан байлаган ит ууга жарабайт. Байтакка ойумду айтуудун да мааниси кетти. Куру сөз сүйлөөдүн да кажети кетти.
Таксинин зымыраган үнүн коштоп жамгыр да куйду нөшөрлөп.
– Ойбааай Пашкебай, бизге повезло, 3 күн сонун погода болду, мына эми жамгыр, – деди Байтак.
Менин ички дүйнөмдө да күн күркүрөп, буурчак, кар, жамгыр аралашып жаап, сел кетти. Ичимди койуу туман басты, таркабай турган. Жаратылыштай күчтүү болсом гана чыдай алмакмын мындай жүрөк кайгысына. Таксини токтотуп тоолорду аралап чуркап кетким келди келбес жактарга: “Кыргыз жерим, бир тоолук кызың батпайбы койнуна?! Алчы мени, асканын туюктарына бекитчи, экинчи эркек көрбөсүн мени, эч өмүр туюктарынан чыгалбай жүрүм ансыз да!” деп кейип-кепчип, жыртык кепичимдей отурдум таксиде, мемиреп терең ойго батып.
Москвага жеткиче бир да үн чыгарбадым. Эркекке эркекче мамиле кылууга мажбур болдум, корктум кыйкырып катынча чыйылдасам чоң сүйүүдү такыр жоготушума. Жок дегенде бир жыл жашаган керемет өмүр, менин жакшы мамилем көз алдында калсын.
Москвага да жеттик.
– Оохуу Пашкебай, сүт чай ичели, кандай биз бактылуу адамдарбыз! – деди Байтак. (“как чокуңда!” дедим ичимден, албагандан кийин арзыбайт.) – Мен сага Франциядан сонун көйнөктөрдү, эмне кааласаң алып келем, сүйөм сени, жаным! – деди шумдуктуу.
Эртеси түндө такси келди Байтакты аэропортко алып кеткени. Балконго секин чыгып карадым, таксинин артында бир сулуу мага окшогон келесоо орус кыз отуруптур, Байтак арт жагына отурду. Жылуу учурашкан боюнча такси жүрүп кетти. Бутумун астындагы пол жарылып, караңгылыкка түшүп кеттим. Акмактыгыма сөз жетишпей турду. Бул жолу өзгөчө жаңылдым, жаңылгандан да тузакка түшүп чалынганым аз келгенсип, капканга жабылдым. Өтө сүйгөнүмдүн өзү капкан болду. Ииий, температурам көтөрүлүп башыма чыкты, төбөмөн: “лох, лох, лох!” деп кан тамырлар сокту. “Иий кыйратыпсың мозг, мен лохмун” деди баягы эле байкуш лох жүрөгүм айласы куруп.
“Өлүп кана кет, тагдыр, тамашаны баштай бер эми” дедим күйүтүмө чыдабай. Эки жогорку билим менен лох болсом, өз азабымды өзүм тартайын. Байтакта эмне күнөө: сүйдү, кылбаганды кылды, алаканынан түшүрбөй жүрдү. Мага окшогон келесоолор көп болсо эмне кылсын керемет эркек, биринен бирине өтүп жыргай турган убагы экен, мен эшек ошол чагына туура келипмин. “Эх, жаша эркек, жолуң бош, дүйнөнүн төрт тарабына! ” деп эрте менен эрте кийимдерими жыйнап, калган-куткан квартплаталарды төлөп, ключту калтырып, башка бир комнаттуу квартира снимать этип чыгып кеттим. Адрес, телефон, эч дарек калтырбадым.
Бир жумадан кийин билдим, эки кабат экем. Сүйүнгөнүмөн баарын унуттум. Ар кандай квартиралар чыга баштады Москвадан, “балам төрөлгүчө алсам болду” деп жүрдүм күтүп тандап.
Пашакан Толикке тийип,
чөлгө кетти...
Жатаканага кыздарга мейманга бардым бир күнү, эч кимге эч нерсе айтпадым. Баарынан да Толик каракалпак сүйүндү:
– Кандайсың, сулуу кыз? – деди.
– Апаң жапкан ачыган нандаймын, – дедим.
– Иий, эмне болду? – деди.
– Сен айткандай болду, албады казак мени, – дедим.
– Мен алам сөз жок, эртең барып заявление беребиз. Сразу Каракалпакстанга, Муйнак шаарына апама барабыз, атам жок, – деди.
– Эй койо тур, мен жалгыз эмесмин, ичимде балам бар, – дедим.
– Казак билеби? – деди.
– Билбейт, айтпадым, айтсам шантаж кылгандай болом, – дедим.
– Анда айтпа, мен жана сен гана билели, – деди.
– Макул, – деп Толикке эрге тийип кеттим.
Ошентип шерменде болушка аз калды. Кудайдын жардамы менен тымырайып эрлүү боло калдым, болбогон жерден. Чоң той болду Москвада. Мен да, Толик да тууган-урукту чакырбадык. Өзүмө өзүм кайнене, өзүмө өзүм жеңе болдум. Мындай абалды ким түшүнмөк эле, мозг жарылып кетпейби. Телефондо айттык, эч ким киришпеди биздин үйлөнүү чечимибизге. Эл катары эрге тийдим биринчи жолу.
Достор таң калды. Толик өтө кымбат баалуу норка шуба жапты ийниме. Казак менен кыйшаңдаганымы баары билишчи. Ошол шуба азырга чейин илинип турат, эч кийбейм, акым жок. Ажайып сонун свадебный көйнөк кийдим, ак болбосом да актай болуп. “Эми бир кудай өзү гана сактасын” деп гана отурдум. Чыныгы эркек дос деген мындан артык болбос. Өзүм да, Толик да түшүнө бербей турдук эмне өмүр баштап жатканыбызды. Аксынын аскасындай күнөө башымды басып турду, көтөргүзбөй.
Той бүтүп эле эртеси Каракалпакстан автономиялуу, өзбектердин карамагындагы, эркиндикке эч качан ээ боло албаган элге келин болдум. Өзүм жөнөкөй болгонум менен саясатты өтө жакшы түшүнөм, өзүмүн деңгээлимде. Кармаган эркин туусу, ырдаган эркин гимни жок элдерге өтө боорум ооруйт.
Ошентип Москвадан Нукус шаарына түштүк. Толиктин кубанычы койнуна батпай сүйүндү:
– Эй, эсиндеби илгери техникумга келгенде, бир да орусча билбей 6 ай түндө нан заводдо иштеп, күндүз мен окутчумун сени, – деп тамашалады. – Эми сен адам тааныгыс өзгөрдүң, кудайга шүгүр ушул болгон окуяларга, башыңа кыйынчылык түшпөсө эч качан менин аялым болмок эмессиң, – деди. – Баары жакшы болот, бирок бир сураныч, бир эркек сен тарапка карабасын, карагылык кылбасын, мен жипке асылып өлөм. 8 жыл сени карап эч нерсе айтпадым, анткени сен бир башкача түшүнүксүз адамсың. Сага көп чоң нерселер майда болуп көрүнөт, – деди. – Сен мени менен эптеп жашап кетесиң, мен эптей албай калышым мүмкүн, – деп үшкүрүгү Каракалпакстандын таштарын жарды.
Үкөлөрү үйлөнгөн экен, эң улуу баласы болуп үйлөнө элек. 14 жашынан Санкт Петербургда окуп, Германияда служит этип, бир канча сыйлыктардын ээси болуп Германиядан келген вундеркинд эле.
Нукустан тосуп алышты үкөлөрү, кеттик Муйнак деген шаарга. Арал деңизинин жээги ажайып тартылып, жаратылышта чоң катастрофа болуп жатыптыр. Чаң бурганактап асманга көтөрүлүп чөлдө бара жаттык. Ар жерде бирден куураган жалгыз тарбайган өсүмдүктөр боорду эзди. Таңдайы катып суу издеген төөлөр, жандыктар жанга батты. Көргөн көздөрүмөн жаш акты. Бир ээн талааларга тагдырым чырмооктой чырмалды.
“Айланайын кудайым, балдарыма ушундай жер тартуулайын деп жатамбы?” деп жаным кейиди. Чөл эч нерсе өспөгөнү аз келгенсип, эркин да эмес экен, кудай сактааааааааа.
Мен ит ушуну көрмөкмүн, жашамак түгүл, бир келгениң ад окшойт.
Каракалпакча, өзбекче жакшы түшүнөм, оңой эле сүйлөшүп бараттым.
Пашакан уул төрөдү!
Жеттим желмогуз жез кемпирлердей Муйнак шаарына. Аябай сонун тосуп алышты. Апасы эмгек сиңирген эл артисти экен. Салт-санаасын кылды, дүңгүрөгөн той болду, 3 күнгө созулуп кетти. Баары кубанычта болушту, “кыргыздан биринчи жолу тарыхта Муйнак шаарына келин келген имиш” деп жайылып кетти. Келбеген, көрбөгөн каракалпак калбады. Эки колума эки узун материал байлап эки келин эки колуман кармап мен жүгүнбөгөн бир да кары каракалпак калбады.))).
Келген-кеткенге 3 күн жүгүндүм, “бай болгур, башыңа бакыт консун!” деп баталарын эч ким аябады мен үчүн. Эки көзүмө жаш толуп, ата энем ал кезде тирүү эле. Бирок өзүмдү топтоголок жетимдей сездим. Өмүр бою унутулгус эң сонун каракалпак элдери эсимде калды. Апасы атама өтө чоң калым акча көтөрүп келди Аксыга, биз менен кошо. Атама шыбырап койдум: “Иштер чатак, айыптуумун” деп, атам түшүндү. “Кой кудагый, өзүңө буйурсун, кызым эмне чечсе ошол болот, албайм” деди. Аксыда да тойлодук, арман ичте толтура, аргасыз өмүр баштап.
Апасына алкыш, өмүрү узун болсун, алтын аял экен, эч чукулап киришпеди, ыраазы болдум. Каракалпак эли эң сонун уникалдуу элдердин бири экен. Эркин эл катары сакталышына тилектешмин.
Москвага кайттык. 8 ай өттү, квартира табылды сатып алууга. Акчасын ана-мына деп бергиче төрөй турган маал келди.
Толик менен ажыраштым, өтө кызганган адам болду, ар бир баскан изим контролго алынды, телефондогу ар бир номер тизмеден өтө турган абалга жеттим.
Сүйүүдүн башка түрүн көрдүм. Азап чектим укмуш, мейманга барсам эч кимге карабаш керек элем, карап же бир ырсаңдап сүйлөсөм үйдө согуш болчу. Каракалпак- Кыргыз согушу. Толикти эч күнөөлөбөдүм, анткени ар бир адам өзүнүн деңгээлинде көргөзгүсү келет үйбүлөсүн. Развод бербейт эле эч качан, өз мекенинде жашаса, тууган-уругу көндүрмөк моралдык жактан жардам берип.
Россиянын закону сонун.
Ал жалгыз, мен жалгыз.
Кимибиз жеңдик, кимибиз жеңилдик – азырга чейин белгисиз.
Ошентип “квартирага акча берем” деп нотариусту күтүп отурсам толгоо башталды. Кимге айтмакмын, акчаларымды пачка-пачкасы менен төрөт үйүнө алып кеттим пакетке эле салып, зубный паста щеткалар менен. Нотариусту айттым “документтерди менин атыма ырастап келе бер больницага. Сен мага – ключ, квартиранын документи, мен сага – акча” деп сүйлөштүк.
Келдим больницага.
– Кроватка кийим-кече, пакет – бүт калтыр, же тумбочкага сал да, жыңалач бир халат менен түш биринчи этажка, – деп врач айтты. 5чи этажда элем. Палатада 5 орус катын, менин пакеттеги пачка-пачка акчаларым кийимдериме оролуп калды. Кеттим керемет казактын уулун төрөгөнү.
Төрөй албадым, көзүмүн кан тамырлары жарылып кетти. Анткени өтө арык, чыбыктай элем. “Болду, өлүп калат” деп, операцияга алып кетишти. Наркоз сайганда эсучуму жоготуп: “Пакеттеги миллиондогон акчаларды алып келип бергиле” деп айтып койупмун.)))). Врачтар операция бүткүчө каткырып күлүшүптүр ишенбей, “кайдан чыккан олигарх” дешип. Уул төрөпмүн, Тимурду. Эч нерсе эсимде жок. Санитарканы кыйнапмын: “Тишими жубам, пакетими алып кел” деп жалдырапмын. “Иий көк мээ, сөйрүк, өлбөдү да ушул мигранттар” деп пакетими алып келип бетиме бир чааптыр. “Спасибо” деп жаздыгымын түбүнө койуп, 2 сутка өзүмө келбепмин. Наркотикке каңгырап жата берипмин. Эч нерсе эсимде жок, кийин айтып беришти. Көзүмдү ачып сорго эсими жыйнадым. Баламы балдар үйүнө берүүгө даярдап койуптур, акмактар. “Контузия кыз” деп. Главврачка сорго бардым басып, ичими жарып алып тигип койушуптур. Түшүндүрдүм. Нотариус да келди, эч бир сөзүм жалган эместигине ишеништи. Квартиралуу болдум, уулдуу болдум бир мезгилде, Москвада. Менден өткөн бактылуу адам жоктой сезилди.
Врач айтты:
– 5 кг. уул төрөдүң, ден соолугу сонун, кантип көтөрөсүң, ичиң бүткүчө болбойт оор жумуш кылганы, – деди. – Башка бала төрөбө, болду! Дагы ичиңи кесип алабыз, башка жол жок, – дешти. “Сөзсүз кыздуу болом” дедим ичимден.
Эки күндөн кийин баламды беришти колума.
– Аиииий, мынча жакшына төрөгөнсүң! – дешти палатадагы аялдар. Кудай сүрөт тарткандай сулуу, ажайып казак жыттанып турду! Сүйүү керемет! Баарын унуттум бир мезгилде, кагылайын кудайымын күчү керемет. Өлүп деле калышым мүмкүн эле. 8 күн жаттым, тез эле айыгып кеттим, мотураңдап бизден өткөн бактылуу адам жок эле. Кечкери эрмегим уулум болду.

#27 12 Январь 2016 - 16:45
Ата-бала табышты
Кубаныч менен кайгы бирге келди. Толикке, мага гражданство керек болуп, пропискага отурдук жаңы квартирага. Кийин азабын аттай тарттым, чыкпай койду квартирадан. Өзүм чыгып кеттим документтерди алып, баламы чоңойтойун тынчтыкта, уруш жаңжалы жок. Ал убактын закону боюнча квартиранын жарымы Толикке берилүү керек эле. Алган квартирам да буйрубай турду.
– Мейли Толик, жашай бер, кийинчерээк бир бөлмөлүү квартира тапсам чыгып кетесиң, – дедим.
– Макул, – деди сөгүнүп. – Казагың менен бирге болгонуңду көрсөм сойом! – деди. – Квартираңдын кереги жок! – деди.
– Кереги жок болсо чыгып кет, кулагым тынчыраак жашайын, – десем болбоду.
– Ушул жерде күтөм, акыры мен менен жашайсың, – деди тиштери кычырап, бир бөтөлкөнү согуп алып.
Эх, кудайым, жардам бере көр адам затына, өмүрдүн аягына чейин адам болуп калганга. Эркиндик өтө баалуу экен, кулагымын тынчтыгы, баламын шириндиги баарын компенсация кылып турду. Ал убакта акча табуу да оңой эле. Товар аз, эл көп, спрос эки-үч эсе өйдө. Экономист болгондуктан акчаларды көбөйтүү, биринен бирин туудуруу менин профессиям болчу. Эмне жумуш кылсам да ар дайым Тимур колумда жүрчү, күлкүчү бала болуп басып да калды тамтаңдап. Ширин балам экөөбүз ширин өмүр сүрүп, кой дээрге кожобуз жок оңуп калдык, томпойуп бир аз семирип да алдык. Эч кимге айткан деле жокмун ажырашканымды, эри бардай эле жашап жүрдүм.
Күндөрдүн бир күндөрүндө фото товар издеп бир чоң фирмага кирдик Тимур экөөбүз, күлкүбүз таш жарып жетелешип. Көбүрөөк алып скидка сурадым, “Генеральный директорго кирип сураңыз, макул болсо мейли” дешти мини юбкачан шүдүңдөгөн эки кыз.
“Мейли” деп Тимур экөөбүз жетелешип кирдик “скидка бере көр эки байкушка” деп. Тимур бир колумда, бир колумда фото товарлар:
– Тимоша, эшикти тыкылдат, апаңын колу бош эмес, – десем, боевик балам жөн эле дүпүлдөтүп муштумдап уруп салды эшикти. Аябай шыңкылдап күлдүм:
– Охууу, спортсмен болот окшойсуң, молодец, Тимоха жигит! – десем жалжайып оозу жыйылбай оңуп калды керемет казак.
– Эшикти сындырбай эле кире бергиле, – деген орусча үн чыкты.
Цыгандардай көтөрүнүп, өзүбүздөн чоң сумкаларды сүйрөп кирдик.
“Тимур, атаңдын башы Аксыдагы Аландын аскасынан көрүндү!” дедим ичимден.)))).
Өңүмбү-түшүмбү, белгисиздей, акыры керемет казак отурат чокчойуп креслодо.))).
Ииий, тообо-тообо кудайга миң жолу, баягы метродо "Большой Театрга" белет саткандан бери канча мезгил өттү, шиш така кийип чокчолоңдоп. )))).
Үчөөбүз бири бирибизге карап аңкайып оозубуз ачылды, чымын кирип чычып кетсе да сезбей.
Тимурдун гана үнү угулду "тусем" деген, патриот Байтак кулагына майдай угулуп кетти.
– Ойбаааай, казакша сөйледи! – дейт тообо.
– Кой айланайын, "Ш" га тили келбейт баламын, – десем каткырып күлдү:
– Таппаганың жок сенин, адеми кыргыз, – деди.
Суроолор мөндүр буурчактай жаады: “кайдасың? эмне жок болуп кеттиң? эмне себептен? Франциядан келип таппай калдым... бла, бла, бла”, суроолор жаадай атылды.
– Турмушка чыктым, балалуу болдум, аты Тимур, – дедим.
Тимур кабинетин тытып ойунга кызып кетти. Аябай шок эле, эмне колуна тийсе оозуна сала берчи, үч ручканы катары менен оозуна тыгып мага жалжайып жерде отурду. Байтак жанына келип ручкаларды оозунан бирден сууруп:
– Кой кых, оозуңа салба, кел мага! – десе, келе калып колуна кокойуп отуруп калды.
Көзүн албай көпкө карап отурду. Столдогу кнопкасын басып:
– Чай, кофе алып кел, – деди секретарша кызга. Чай ичтик.
– Болду, чыгайын, – дедим.
– Жүгүң оор, жеткизем, – деди, болбодум:
– Машинам бар, сенсиз жашап үйрөнгөм илгери эле, мындан кийин сени дагы кокустан көргүлүк кылбасын кудай, эгер үчүнчү жолу көргүлүк кылса, өмүр бою менин жолдошум болосуң артыман ээрчип, – дедим да чыгып кеттим.
– Эй токто, Тимур менин балам, менин копиям, кичинекейимде дал ушундай болгом, – деп шашкалактады.
Андан кийин көп убакыт өттү.
Дагы жолуктук кокустан, жашоо өтүп жатты эл катары...
Элизабет төрөлдү, дагы ичим жарылып операция болдум. Эки балам үчүн өтө кызык өмүр өтүп жатты. Иш да, аш да кененчилик, жашасын сонун менин сүйүктүү Россиям жана Москвам! Путинге ырахмат энелердин укугун коргогон, сонун, сонун укуктар чыкты. Садик – ясли бекер, рай! Мотураңдашып балдарым чоңойушуп жатты. Эки жогорку билимдүү, бактылуу эне болдум. Уулум карап эле отура бере турган дүйнөдөгү эң сулуу, эмгекчил, кызым эч оозу жабылбаган быдылдаган эпчил чоңойуп жатты. Ар дайым кудайга сыйынып, эки мончокторго тарбия бергенден артык нерсе жок экенин түшүндүм.
Соттоштук казак, кыргыз, каракалпак – ар ким өз кызыкчылыгы үчүн. Орус акыйкатчыл суд өмүрү узун болсун. Чыгарган чечими мага жакты.
Менин кызыкчылыгымы 100% колдоду, документтерди окуп чыгып.
Толикке бир бөлмөлүү үй алып бердик Москвадан, катыны баласы менен чыгардык. Байтак экөөбүз тепетең акча коштук, бирок 18ге чыкканда менин балдарым хозяин боло турган болду.
Толик менин квартирамды бошотуп берди.
Менин балдарыма Толиктин эч кандай тиешеси жок экенин закондоштурдум.
Балдарды Байтак өзүнүн атына 100% өткөрүп, Турсынбаевы деген фамилия берилди экөөсүнө тең.
Байтак өтө чоң күрөш жүргүздү балдары үчүн.
– Балдардын өтө таланттуулугу мага окшош, – дейт азырга чейин.))))).
– Сеники дурус, атакеси, арман жок, сен жеңдиң, – деп.
)) мен жашап келем ушул күнгө чейин. – Адашсаң да акылың асмандай, кереметсиң,
сонунсуң!
– дегенден башка сөз айтпай.
Акыркы сериясы калды, казактарга кантип келин болгонум.
Бактылуу бүлө жаралды!
Ииий, тообо кылдым: Байтак менен канча сонун өмүр жашаган сайын, эжелери менен менин мамилем ошончо оорлошту. Анткени бир туугандарынын 3 кызын, 2 баласын биз менен жашатып койушту. Менин өзүмүн 2 балам аз келгенсип. Баардык расходдор Байтактын мойнунда жүрдү. Кечкери уборка, иш, тамак аш, Тимурду 4 жашынан фигурный катанияга бердим, Элизабет садикте жүрдү. Үйдөгү бир кайни сиңдим ушакавоз болуп ийгиликтүү иштеп жатты. Менин ар бир кыймылымы апасына жамандап, жаман атты кылып бүттү, менин бекер оокатымы жеп, жылтыратып жууган полдорумда басып. Бир күнү бир эжеси мага телефон чалды Казахстандан. Өмүрдө көрө элек, мага бейтааныш адам:
– Эй кыргыз, жогол, менин үкөм сага үйлөнбөйт эч качан, өзүбүздүн казашкалар толтура! – деп орусчалап сөктү, – Эгер кетпесең учуп келип быт чытыңды чыгарам! – деп кыйкырды.
– Мейли эже, биринчиден саламатсызбы, таанышканыма кубанычтамын, келе бериңиз, Москвадан өзүм тосуп алам, келбесеңиз кокустан, өзүм силерге келин болуп барып бир жактама чечип кайтам. Мындан кийинки мамиле кандай түзүлөөрүн, – дедим.
Үн жок, сөз жок, телефон туук-туук деп өчтү. Кечинде кайни сиңдилерими топтоп айттым:
– Араңарда бир ушакавоз менин мээми кайнатып жүрү, ким экенин билип калсам, эшикке кууп чыгам, мен 14 жашыман бөлөк жашап үйрөнгөм, бирөөлөрдүн эмес, ата энемин да бекер нанын жебейм. Катарлашпай өзүңөрдү өзүңөр баккыла, бакпасаңар эрге тийип жоголгула, мээми ачытып-кычытпай! Силер эле жетишпей турасыңар менин бактыма! – дедим.
Тез арада Байтактын Казакстандагы квартирасын бир эжеси сатып жиберди. “Кокустан кыргыз ээ болуп калбасын” деп. Баарын келин болуп барбай эле түшүндүм, өтө каршы экен. Бирок эч кандай жамандык кылбашыма ишенем, ак жана чындыкты сүйлөйм, эмнеге мынча мени жек көрүштү, эч түшүнө албай турдум. Ииий азабың сайда калгыр өмүр, түнү менен жыргал сүйгөнүмө жетип, күнү менен оногу дарбадарлардын кайгысы. Тообо кылдым, ишенесиңерби, Аксыдагы туугандарыма айткан да жокмун, күйөө бала алмашып кеткенин.)))).
Башым каты ооруп жүрдү, кантип айтсам телефондо.
Байтак мага өтө боору ооруп жүрдү:
– Пашкебай, менин бир эжемин кыялы өтө татаал, апам-атам жок, баарыбыз ошого баш ийебиз, – деди.
– Сен мени билесиң, ийилип койушум мүмкүн, ийинен чыгып ирбеңдебесе. Мен ар кимдин өзүнө жараша мамиле кылам, алыс-жакын тууган эле дебейм.
Бир күнү атама телефондон жакшылап түшүндүрдүм:
– Байтакты сизге жөнөтөм, өзүм Жамбылга казактарга барып келин болуп кайтам, – десем атам байкуш иштин жайын түшүндү.
– Эки баланы эртерээк берип жибер Аксыга, проблемаларыңды чечип. Байтак алып кайтат балдарыңды, өзүң башыңы оорутуп келбей эле кой, биз эркектер чечебиз, – деди.
Атам чындыгында өтө түшүнүктүү, сонун, мага ишенген эң жакын адамым эле.
– Оозумдан жаңылдым эле, “кызымы кыргыз албаса, казак алат” деп, болор иш болду, бойогу канды. Эсен аман барып кайт кайын журтуңа, – деди атам.
Байтак Аксыга кетти учуп, Тимур, Элизабет да Аксыда эле. Байтакты аябай жакшы тосуп алышты. Аксыда “күйөөдү пайгамбар сыйлаптыр” дешип. Азыркы күнгө чейин сонун мамиледе.
Мен Жамбылга кеттим. “Саламатсыздарбы казактар, мен сиздердин көптөн күткөн, тоодон түшкөн кыргыз келиниңер болом” деп.)))).
Мээлерине сыйбады, менин келин болуп келгеним. Бирок өзүм үчүн өтө жогорку деңгээлде чечтим. Башыма бир жоолук салууга колдору көтөрүлбөдү.
Казактарга келин экеними дүйнөгө даңазалап бергенге күчүм жеткенден кийин, эки эшектин эмне дегени кызык эмес болду.
Азыркы күндө ар бир казак чын жүрөктөн башыма жоолук салат.
Кудай буйруган экен, казактардын туусун балам да, кызым да желбиретип дүйнөнүн бурч-бурчуна сайды. Байтактай кең пейил, айкөл аталар бар болсун, ар өлкөдө. Атанын салымы өтө жогору болот. Жөн эле жаратканы үчүн баланы. Балабыздын аталары жөнүндө жаман сөз айтууга эч акыбыз жок, эгер балдарыбыз жакшы болушун ойлосок. Байтак канча көп жашаса, балдары ошончо көп жашайт.
Эч капачылык жок, өтө жогорку сыйлоо менен мамиле кылам бүткүл керемет казак элине.
Мен, тоодон түшкөн кыргыз кызы, эч качан казак эли уяларлык урук-тукум калтырбоого аракет кылдым.
Кудайдан ар качан тилеп жүрөм: "Намыс өлүмдөн катуу".
Казак элине кошкон салымым, эки элдин достугу үчүн.
Казак-кыргыз ар дайым бир тууганбыз. Улуулугубузду иш жүзүндө көргөзөлү, менин алтын кыргыздарым. Эч качан талаш тартыш болбоо керек эки элдин ортосунда.
Манас Атанын, Курманжан Датканын тукумдары болсок татыктуу бололу иш жүзүндө. Куру сөздүн эч кимге кереги жок.
Байтак менен Падышанын эмгегин Тимур менен Элизабеттен башка ким жолдомок. Алтын баштары аман болсун балдарымын, эл журт менен бирдикте аманчылыкта жүрсүн.
Бүттү бул китеп жазылып.
Чыгармачылык жок, чындык.
АЯГЫ

![;)](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/wink.gif)

#29 12 Январь 2016 - 21:37
Аябай соонун жазылыптыр автор.сизди коргум келип кетти укмуш!уй ьулонуз менен ар дайым ден соолукта болунуз,бакубат жашоо каалайм!
#30 12 Январь 2016 - 21:43
Башыныздан эстен кеткис сонун кундор отуптур,ким болсо да кайраттуу адам экен,базар жок!
#32 12 Январь 2016 - 22:24
#34 12 Январь 2016 - 23:06
maks1980bishkek (12 Январь 2016 - 22:24) жазган:
Ким экенин купуяма жазып кооойчу
Бул эженин өзүнүн башынан өткөн окуясы.азыр бул эже Астанада атагы чыккан тренер.Астананын атынар кыздарды балдарды женил отлетика боюнча дүйнө жүзүнө таанытып келе жатат.баласы да чоон жигит болуп калган.бул Падищахан Султаналиева эженин үйбүлөсұ.
#35 12 Январь 2016 - 23:08
#36 13 Январь 2016 - 02:50
Мактаганга соз жок! Кана эми ар бир аял ушундай болсо! Коп жашаныз эже.
#37 13 Январь 2016 - 02:51
Мактаганга соз жок! Кана эми ар бир аял ушундай болсо! Коп жашаныз эже.
#38 13 Январь 2016 - 05:04
Окуп бутуп конулум ушунчалык жайрады...
Кичинекей иштерман айылдын кызы,орустардын осуна тушунбогон кыргыз кызы,оз кучу менен билим алып окууганына, оз кучу менен уй алып тын чыйраак болуп,казактарга синишип кеткенине,кыргыздын кызынын жузун жарык кылып ,умтулган тилегине жеткенине раазы болдум...
Бактылуу бол,балдарындын жакшылыгын кор.Бар бол,аман бол кыргызымдын керемет сулуу,акылдуу кызы...

#39 13 Январь 2016 - 06:50
Супер инфого чыкты эле го,ушулар деп ойлоп кызын инстаграммдан издесем чыкты эле,корсом точна ошолор экен