калганын да илип койгулачы урматтуу абторлор
"Адашкандар". Автор:ЖЫПАР ИСАБАЕВА
#143 21 Июль 2016 - 21:29
56
АДАШКАНДАР
- Ал кимиңиз эле?
Муун-жүүнү калчылдап, сөздөрдү үзүп-үзүп айтты келин:
- Э... эч ким! Жа-на... кафе-ден… ар-камдан аң-дып келип-тир...
- Башта таанычу белеңиз?
Башын чайкады Айнура.
- Аты-жөнүн айткан жокпу?
- Са… Са… маган дейт. Тү... түрмөдөн чы-гыптыр...
Милиция кызматкерлери бычак жеген кишинин ким экенин түшүнгөндөй бири-бирин карашты.
- Кийиниңиз, - деди анан Айнурага. – Адегенде жуунуп алыңыз.
- Ка… кайда? – жалдырай, жалооруй карады келин.
- Коркпоңуз... Бөлүмгө барып тигил тууралуу көрсөтмө бересиз. Болду.
Аңгыча тез жардам да келди. Бирок, Самаганды доктурга эмес, моргго алып барышаарын Айнура чала-була угуп калды…
***
Ошол күндөрдө Лилия ооруканадан чыгып, машинесин кандай токтотсо, “стоянкадан” так ошондой айдап чыгып, үйүнө бет алды. Кудум капастан чыккан куштай көңүлү эргип, ушунчалык бактылуу эле! Улам жанындагы бош орундукта жаткан сумкесин, ооруканадан алган кагазын кармалап, карап коёт.
“Эх десең! үчөөбүз эми кандай гана жумуштарды бүткөрөбүз дейсиңер?! . Бириң - жардамчым, экинчиң - сактоочум, куткаруучум болосуңар! А бирок… көрүнгөнгө көрсөтүп, кор кылбайм сени! – кагазына карата айтты муну. - Айрыкча Эрмек менен Белекке окшогондорго! Анан бетибизди операция жасатабыз! ..”
үйгө жеткиче канча ирээт Белекке телефон чалгысы келип, бирок анткен жок: “Эмне кылып атты экен эргул?! Бара көрөйүн! Киши өңдүү болсо, жанымда боло турсун. Болбосо… көчүккө тебебиз!” – деди оюнда.
Балкондо турган Белек “Жиптин” тумшугу тээ тигинден бери имерилгенде эле тааныды. “Култ” этип үйгө кирип кетип, чачылып жаткан кийим-кечектерин жыйнаган болду да, подьезд ылдый талпылдап чуркап түшүп, Лилияны үйдүн алдынан тосуп алды.
- Лилия?! Жаным, менин! Саякатчым менин!.. – кучагын кенен жайып, Лилияны жерден тап-так көтөрүп ала коюп, жаш баладай чарк айланытты анан:
- Сагындым сени! Уш-шунчалык сагындым! ..
- Болду эми, коё бер?! Токтот дейм?!– деп тыбырчылап да, кыткылыктап күлүп да атты Лилия. - Эл көрсө эмне дейт, түшүр дейм!
- Мага ошо көргөндөрү жакшы! – муну чын дилинен айтты Белек. “Кудайдан болуп, ушу саам Анарбек же аялы чыга калса экен?!” – деп да тилеп ийди ичинен. Канча күндөн бери жалгыз болуп буулуканбы, же чындап эле араң жеткен ашыгын сагынганбы, Белек Лилияны лифтке да салбай, жогоруну көздөй жөө көтөрүп чыкты.
- Арыктай түшкөн окшойсуң, - деди үйгө киргенден кийин да жерге койбой, бооруна кыскан бойдон. - Өткөндө мынчалык жеңил эмес болчусуң.
Анан ал Лилиянын канчалык суранганына, тилдегенине, каршылык көрсөтүп ургулаганына карабай бекем кучактап, жоолугунун сыртынан эле туш келди аймалап, өөп-жыттагылап атып, бир убакта жоолуктун төөнөгүчү чечилип, ансыз да шуудураган шайынын учу ылдый шыпырылып баратканын, көз айнеги да Белектин колунда жүргөнүн эркектин кучагына кумарлана, жалгыз көзүн жумуп көшүлө түшкөн Лилия адегенде байкабай калды.
Жоолук чечилип кеткенде… Белектин көзү чакчая түштү! Кучагындагы эми элеки тыбырчылап- туйлап, эркелеп турган аялзаты заматта желмогузга айланып кеткендей, аялдын бир көзүн өзү колуна кармап алгандай колундагы көз айнекти да таштап жиберип, артка кетенчиктеп, корккондон тили да буулуп:
- У… у… у-жас, - деп кекечтене түштү. Жалгыз көздүү, беттери да башкача бир быргыл-тыргыл, мурду жок “ужас” азыр аны басып жыгылып, тытмалап жиберчүдөй сезилди ага.
Бул – Лилия үчүн да өтө жагымсыз ирмемдер эле! Анткени, эми эле өзүнө өпкө-жүрөгүн чаап, жетинчи кабатка чейин көтөрүп келип, өлүп-талып сүйүп турган жигиттин заматта өзүнөн көңүлү, дени сууп, анан калса алсыз немедей көздөрү алаңдап, бурчка тыгылып калчылдап турганы, кимдир бирөө жүрөгүн таш менен жанчкылап жатканга окшоп кетти.
Бир убакта Белек эсине келгендей, эшикке учуп жетти да, ачкычты калчылдап атып ачып, босогодон чалынып жыгылып, ошол жөрмөлөгөн боюнча сыртка чыга качты…
***
Белек антип кеткенден кийин да Лилия жанагы ордунда, жанагы абалында көпкө турду. Бир убакта анан өзөгүндөгү өрттү өчүрүүгө жан арга издегендей тиги үйдөн – бул үйгө, бул үйдөн – тигил үйгө дикилдеп баса берди да, жер сабап жыгылды.
Озондоп ыйлап атып, тээ бир топто, жедеп чарчоодон суй жыгылганда гана сулкуюп, тынч жатып калды.
А бирок, өзөгүн өрттөгөн өксүк такыр өчпөй койду! Туруп барып суу да ичти, бөтөлкөнүн оозунан кулкулдатып, арак жутту. А бирок анын бири да жардам кыла алган жок. Тескерисинче күчөдү баары!
Өткөн күндөр өчөшкөнсүп, көз алдына сүрөт болуп келе берди ансайын! Баягы жаңы конуштагы жепирейген үйүн сагынды! Өткөнгө кайрылып барып, ошол күндөргө бекинип, калып калгысы келди анын! Ынакты эстеди… Эки бөлмөлүү времянка, Ынак… Анын бар бактысы ошолорго токтоп, калып калгандай сезилди…
А бирок кеч, кеч түшүндү да аны!
“Алкымыңды араандай ачып салбадыңбы! Сен өзүңдүн түбүңө өзүң жете турган болдуң! - деди оң ийниндеги үн. – Эми да кеч эмес?!.”
“Жок, жок! Жашоо али бүтө элек! Турмуш – театр... Адам – анда ойногон артист! Болгону эле сценарийди жаратууда айла-амал, акыл керек! А сен - гениалдуу катынсың! ” – деди экинчи туюму.
Эмнегедир, Лилия ошондон жаназык ала түшкөндөй, шердене түштү: - -
- Ооба, - деди үнүн чыгара айтып, - Жашоо - театр!.. Оюн али бүтө элек!..
Эсине пластикалык операция түшүп кетти. Бала кезинде көргөн индия фильмин эстеди. Кинодогу бир сулуу айымды күйөөсү сууга чөктүрүп жиберет. Бетин крокодил тиштеп, укмуштуудай түрү суук бирөнө айланган айым бирок аман калып, кийин операция жасатып келип, душманынан өч алат…
Ушуну элестетип, Лилиянын ууртуна күлкү уялай түштү. Туруп барып, колу-бетин жууп, ашканага кирип казан-аягын кылдыратып, чай койду.

#145 21 Июль 2016 - 23:21
Менделе сиздерге окшоп кутуп окуп атам Жипар Исабаева деген китептин автору жазып илгенде бул жака кочуруп койдум.Мага окшоп кутуп окугандар учун.
#148 25 Июль 2016 - 14:53
57
АДАШКАНДАР
“А мен кимдерден өч алам?” – деди ошо арада өзүнөн-өзү сурап.
“Албетте, биринчи кезекте Акшоодан! ” – сол ийниндеги үн жооп кайтара салды.
“А… эмнеге андан?..”
“Анткени, сен андан утулуп калбадыңбы! ..”
“Бу жолу дагы утулуп калсамчы?! .”
“Жок! Эч качан! Анда мен жиндиканага эмне жаттым?! Утулуш үчүнбү?!”
***
Түнү менен уктай албай, түйшөлүп чыкты Лилия. “Акшоолага кантип барыш керек?..” Эси-дартынын баары эртеңки күндө жүрдү. Ой-планында буга Эрмекти да аралаштырып көрдү. “Жок! – деди акыры ал оюнан айнып. – Ага ишенич жок. А балким Акшоола экөө эчак эле кеп жараш кылып алышкандыр? ..”
Жанагы окуядан улам го, канча ирээт Эрмек Асановичке телефон чалайын деп өзүн-өзү зордогону менен, чала албай койду. Эмнегедир эле анын да коркуп, кудум Белекке ошкоп каректери чанагынан чыгып кетчүдөй чакыраңдап, алка-шалка терге түшүп кеткен кебетесин элестетип алып, жипкирип туруп алды.
“Белек деген эме жада калса, катын киши Акшоолача боло алган жок!” – деди Акшоолага атайылап бетин ачып көрсөткөнүн эстеп.
“Бахтыярың деле ит экен! Эгерде, алардын ордунда Ынак Кабылович болгонунда. .. ал башкача мамиле кылмак!.. Ал... Бахтыярга окшоп: “Каалаганың ушул беле?! Мына, ал!” – деп үстүмдөн ылдый акча куюп, дүнүйөгө көөмп салып: “Эми эмне болсоң, ошо бол! Бирок экинчи жолумдан жолукпа!” – деп оюндан чыгып, баса бербейт болчу!.. Ал – адам эле да! Аямак мени! Өзүн күнөөкөр сезип, ансайын үстүмө үйүрүлүп түшүп, бул азаптан арачалап калуунун амалын издейт болчу!
А Эрмек Асановиччи? Ал деле бир бечара да, көрүнүп эле турбайбы! Ал деле анчалык айкөлдүккө, улуулукка бара албайт!..
Майдаланып кеттим окшойм. Токтоюнчу! Андан көрө эртеңкинин планын мыктайын! Ооба, бул операция менин буга чейинки жаман күндөрүмө чекит болсун! Канчалык кайраттанып, канчалык өзүмдөн-өзүм жашырганым менен... чарчаган окшойм. А балким, улам жаш өйдөлөгөн сайын адам мокой баштайттыр? ..”
***
Эртең менен эрте турду. Сумкесиндеги баягы бөтөлкөнү колуна алып, айланыдыра карап, азга ойлуу турду да, бети-башын чүмбөттөй коюп, шамалдай бат-бат кыймылдап, машинесине келди. Ушул убакта эсине бир нерсе түшүп кеткендей, шашкалактап ким бирөөнө телефон чалды.
- Алло, Марат Муратович?!
- Да... Ким бул?
- Лилия бул!
- Аа, саламатсызбы? Ден соолугуңуз кандай?
Анын бул суроосу аялга жаккан жок.
- Марат Муратович, - деди өктөм да, салтанаттуу да сүйлөп. – Менин “ден соолугум” тууралуу эми кабатыр болбой эле койсоңуз болот. Чалган себебим, баягы “улуу сапарга” аттанып баратам азыр. Жакын арада мен тууралуу формачандарга “интервью” берип калышыңыз ыктымал. Даяр туруңуз.
- Кандай сапар дейсиз?! Кандай интервью?! .
- Ой, бо-ой, Марат Муратович, ушунчалык да маңыроо болосузбу? Мен эмне үчүн “жинди” болгонумду айткан жок белем?!
- Айткансыз. Бирок...
- Бирок мен айтканымды акыры аткарам. Андыктан сенин “бирок-мирогуң” мен үчүн эч кандай роль ойнобойт. Болгону эле эскертип коёюн дегеним. Болуптур, анда. Айтмакчы...
Дарыгердин буйдалып, мукактана калганы үчүнбү, алда неден шектенгендей:
- Айтмакчы, ачык ооз эркектерди мен жаман көрөм! – деди Лилия. – А бирок “Кемеге түшкөндүн жаны бир!..”
Эми эле ойлоп атканын телефон аркылуу болсо да Лилиянын сезип койгонуна ыңгайсыздана түшкөн дарыгер:
- Лилия Артыковна, мен сизди түшүндүм. Болуптур, - деп телефонду коё салды.
Ошондон кийин гана Лилия машинесин айдап, жүрүп кетти.
***
Марат Муратович эмне кылаарын билбегендей, шалдайып отуруп калды. “Мен ачык ооз эркектерди жаман көрөм!.. Мен ачык ооз эркектерди жаман көрөм!..”
Лилиянын ушул сөзү кулагынан ашып-ташып, бүт бөлмөнү каптап, толуп чыккандай сезилип кетти ага. “Эмне кылышым керек?! Эмне кылышым керек?!.” – тамекисин күйгүзүп аыр-бери басты. Бир убакта эсине эки-үч күн мурун бөтөлкөнүн ичиндегини алмаштырганы келе калып: “Ошонум жакшы болуптур! Мейли, барса бара берсин!” – деди. Бирок муну менен эле тынч алып кала албай койду.
“А кокус, андан да башка бир нерсени ойлоп тапкандыр? – деди ою. – А балким, “эскирди” деп, кислотанын өңү “бузулуп” калганын байкап, кайра алмаштыра койгондур?! О, жок!..”

#150 26 Июль 2016 - 20:53
Кутконум эле ушул чыгарма болуп калды.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#151 27 Июль 2016 - 00:14
АДАШКАНДАР
(бир аз кыскартуулар менен аягы…)
Укмуштуудай кылмышка себепкер болуп, жана Лилия айткандай аны менен “Бир кемеге түшүп баратканы” үчүн өзүн-өзү жек көрүп, жанын коёрго жер таппай кетти да, бир убакта халатын чечип ыргытып жиберип, каяккадыр баратты.
“Кап, Лилиядан Акшооланын телефонун сурап алсам эмне?!. Кимден сурайм?! Кайдан табам?! Мен антип сураштырып жүргүчө эле тигил жинди кылгылыкты кылып салсачы?!”
Машинелер кыйма-чийме агылган чоң трассада катуу ылдамдыкта келатты дарыгер.
“Токточу! - деди бир убакта өзүн-өзү токтотуп, - Өгүнү гезиттен Акшооланын маегин окубадым беле. Ошондо күйөөсүнүн кайда иштээрин айтыптыр болчу! Ооба! Болду-болбоду таптым!..”
Биринчи эле бурулуштан машинени оңго буруп, кыска көчөлөрдү кесип өттү да, Ынак Кабылович иштеген мекеменин алдына келип токтоду.
- Эй, жигит, сиз кайда?! – деди ооздо отурган, орто жаштан ары ооп калган киши.
- Кечиресиз, мага жанагы... жигит керек эле, аялы теледе иштейт эмеспи, Акшоола Ашыракмановна деген?
- Коё тур, шашпа, - камырабай сүйлөдү кароолчу. – Издеген кишиңдин аялын айтпай, өзүн айтпайсыңбы? Ушу, азыркы жаштар бир кызыксыңар!
- Атын билбей атам, аксакал.
- Билбесең эмне издеп жүрөсүң?
- Керек! Керек, аксакал! – Дарыгердин чыдамы жетпей кетти.
Кароолчу анын карбаластаган кебетесин көрүп, чыны менен эле аябай зарыл экенин билдиби:
- Аялынын аты–жөнүн билбейм, бирок теледе иштейт экенин уккам. Өзү да бир-эки жолу келген мында. Жакшынакай келинчек болчу.
- Ии, аксакал, ошонун күйөөсү керек.
- А эмне, бирдеме болдубу? Жакшы элеби?
- Жакшы эмес! Ой, жакшы эле! Болуңузчу аксакал!
- Омо-ой, кайра мага одураңдап коёт да, эй! Экинчи кабатка чык! 29-кабинетте отурат.***
..,Эмнегедир, бир жамандык келаткандай, Акшооланын жүрөгү дүкүлдөп чыкты. Телефонду коюп, кабинеттин ачкычты издеди. Бирок жетишпей калды. Ал ордунан жаңы эле туруп келатканда кабинеттин эшиги ачылып, баягы чүмбөттүү аял “шып!” этип кирип келди!
Акшооланын жүрөгү “болк!” эти!
Эми элеки Ынактын: “Жаныңда ким бар? Эшигиңди жаап ал!” - деп тынчсызданган түшүнгөн үчүнбү, же эчактан бери ой-санаасын эзип, тынч жашоосун дүрбөлөңгө салып кеткен бу аялдын кайра да пайда болуп, капыл-тапыл кирип келишинен уламбы, дендароо боло түштү Акшоола.
“Демек, булар бири-бирин тааныйт турбайбы,” – Акшооланын биринчи эле ойлогон ушул болду. Байкаганы, чүмбөттүү аял бу саам жылжыбай, Акшооланын жанына кудум түшүндөгүдөй шуулдап, ишенимдүү, ылдам басып келди.
- Саламатсызбы? – Акшоола баягыдай эле отургучту жаңсады. – Келиңиз, отуруңуз.
Отурууга ниети да жок өңдүү, аял бир аз ирмемдерге бет маңдайындагы айымдын элесин сүрөткө тартып калчудай, кекирейип тиктеп турду. Анын жалгыз карегинен атылган ок түз эле келип Акшооланын мурдуна, кош карегине кадала калды. Көкүрөгүндө тызылдаган ыза, өксүк айланып, өзөгү тызылдап ачыша түштү:
“Кандай жакшынакай, кандай сулуу?!” – деди оюнда өзүндө жок, эми эч качан болбой да турган нерселерге суктанып.
“Сен мындан да жакшынакай болчусуң! ” – деди экинчи ою.
“Көздөрүн айт, кош жылдыздай бажырайып! .. Мурду... кол менен жасап койгондой! ”
“Кереги жок! Көргүм келбейт..” – деп ийди кайра. Деген менен ушундай көздүү, мурундуу болгусу келип кетти анын!..
Ушул азыр Акшооланын бир көзүн өзүнүн бош турган көз чарасына бир дем менен оп тартып, “жутуп” алчудай, ал эми мурдун колу менен жулуп алып, өзүнүн оңурайып бош калган мурдунун ордуна коё койчудай обдулуп, умсунуп алды.
А бирок, бат эле кайра анте албасын түшүнө койгондой, уйкудан ойгонгондой жандана түштү.
Шашкалактап сумкесин ачып жатып өзүн-өзү сооротуп да, алдап да: “Эч нерсе эмес! Баары жакшы болот! Бул сулуулук мындан ары сени эч качан бушайманга салбайт! Көз ирмемде азыр ууга күйүп, бырыш-тырышка айланып, бырпырап күлгө айланып жок болот!.. Азыр...” – деди ичинде.
Анын келген жөнү, айтаар сөзү ошол сумкеде сымак, аялдын арам оюнан эч кабары жок Акшоола да унчукпай, демин ичине катып, аялдын бар кыймылынан көз албай, аны алдыда эмне күтүп турганын элес да албай, бирок буга чейинки түйшөлткөн суроолордун жообу азыр табылаарын сезип, бейкам күтүп турду…
Лилия болсо сумкесин каруусуна иле коюп, андан чыккан бөрсөйгөн бөтөлкөнү кудум сары ооз балапан кармагандай, аны азыр экөөнүн башынан өйдө көкөлөтүп учуруп жиберчүдөй кош колунун ортосуна салып, Акшооланын көз алдында улам өйдөлөтүп, өтө аяр көтөрүп келатты..!
Ушул сүрөттү өчүрүп албайын дегендей, анын ар бир кыймылына этият көз салып, карап турду Акшоола…
Аңгыча аялдын манжаларынын арасынан муп-муздак суу бүркүлө түштү да, Акшооланын бетине жабыла берди..!
Капысынан бетине бүркүлгөн суудан денеси үркүп, башын бир силкип алып, эки бетин кош колу менен жаап, кетенчиктей берди Акшоола...
Лилия болсо, моокуму кангандай, башкача бир каткырык салып, бар азабын унута, ал арылап жылган сайын кошо жылып, бактылуу болуп баратты!..
Ушул тапта эшик “шарак” ачылып, Ынак Кабылович кирип келди да, кара кийимчен аялды ары итерип ийип, эки бетин кош колдоп басып турган Акшоолага учуп жетти! Жетти да:
- Эмне?! Эмне болду?! – деп алаканы менен жубайынын жүзүн арчыгылап жиберди, - Бери, мени карачы?! Жакшысыңбы? !
Аңгыча кабинетке эки-үч милиционер кирип келип, кубангандан боорун “тырмап”, каткырып күлүп аткан Лилиянын колун артына кайрып, кармай калышты.
А бирок Лилия аларды тоготпогондой, теңине албагандай, кайдыгер түр көрсөттү.
Качан гана кабинетке Мурат Маратович кирип келгенде анын күлкүсү “тып” басылып, мостоё түштү!
Экөө тиктешип калышты.
“Саттыңбы?! ” - аялдын суроосун туйду дарыгер.
“Абийрим жол бербеди!.. ” – дарыгердин да кекирейе тиктешинен ушуну окуду аял.
Аңгыча, шашкалактап “тез жардамчылар”, Эрмек Асанович, дагы башка журналисттер кирип келишти.
Кара айнектин ары жагында болсо да, чүмбөттүү аялдын көзү, эси-дарты эми Акшоолада болуп, баягысындай көкүрөгүн кере-кере, энтиге дем алып, Акшооланын бети-башынын чүрүшүп күйүп, жезкемпирге айлана баштаганын көргүсү келип, күтүп атты. Андан кийин баардыгына кайыл, баардыгына даяр өңдүү сезилди өзүнө.
А бирок, ал күткөндөй болбой, эмнегедир убакыт узарып баратты!
Ак халатчандар Акшооланы отургуза коюшуп, бетин таза суу менен жуудуруп жиберишти.
Тээ бир оокумда Акшоола аны баягы эле таң калган, суроолуу көздөр менен тигиле карап турду.
Лилиянын ичи эңшерилип кетти! Дагы бир жолу утулганын билип, энтиккени күчөп, үнүн чыгара дем алып, азыр бакырып ыйлай баштачудай туюлду. Өзөгү баягысындай акырындап ысый баштап, анан чок салып ийгендей ысып-күйүп, ошонун жалыны, түтүнү оозу, мурдунун оңуракай орду, кулактары аркылуу сыртка чыгып жаткандай сезилди өзүнө.
- Жек көрөм, сени! Жек көрөм!.. – муну акырын, бирок тиштеринин арасынан айтты Лилия. Анан Акшооланы басып жыгылчудай комдоно түштү эле, жанындагы формачан мырзалар кайра үстөлүнө отургуза, эки ийинден ылдый ныгыра басып коюшту.
Тергөөчү анын колунан тоголонуп кеткен бөтөлкөнү жерден ала коюп, Акшооланын бетаарчысына кошуп, целлофан баштыкка салып алды. Бат эле анан алда нелерди чиймелеп жазып, карап тургандарга кол койдуруп атып:
- Аты-жөнүңүз ким?! – деди чүмбөттү аялга кайрылып. Аял унчукпай, мелтейди.
- Лилия Артыкова, - деди анын ордуна Мурат Маратович жооп берип.
Ушул ысымды укканда Акшоола да, Ынак да “селт!” этти. Эрмек Асанович да түшүнбөй калгандай, бирде өзү Махабат деп тааныган чүмбөттүү “сулууну”, бирде дарыгерди карады.
- А сиз кимиси болосуз? – деди тергөөчү дарыгерге карап.
- Мен психикалык оорукананын башкы дарыгеримин. Аты-жөнүм – Болотбеков Мурат Маратович. А бул аял менин пациентим болчу… Оорукандан чыкканына эки эле күн болду.
- Калп! - ошондон кийин гана Эрмек Асанович эсине келе түшкөндөй кыйкырып жиберди. – Калп! Бул айымды силер башка бирөөнө окшоштуруп жатасыңар! Жаңылыштык! Бул айым эч кандай Лилия-милия, же эч кандай псих оорулуу эмес, бул – Махабат!! !
Ал “Махабат” деген атты кандайдыр башкача, көөдөндүн тереңинен аздектеп алып чыккандай, бапестүү айтты:
- Махабат кечээ эле Түркиядан учуп келди! Махабат бизнес кылат. Махабат, эмнеге унчукпайсыз? !.
Ал чүмбөттүү аялга жалооруй, жооп күтө карап калды да, эмнегедир андан жооп уга албаган соң Акшоолага карады:
- Акшоола?!.
Акшоола да, чүмбөттүү аял да ага жооп берген жок. Бирок, эмнегедир ушул маалда ал өзүнө жан тарта турган бирөө-жарымдын бар экенине бошой түштү. Өзүн кармап, кадам жылдырбай кайтарыкка алып тургандардан булкунуп чыгып, Эрмек Асановичке учуп жеткиси, ага жөлөнүп-таянгысы, эркелеп, кандайдыр жылуу сөз эшиткиси келип кетти. Эрмек Асанович да ошону сезди. Чүмбөттүү чүрөгүн бул абалдан кантип куткарып алаарын билбей, калдастай түштү.
Ошону туйган Лилия да ага ичи жылып, эреркеп, ого бетер эреркей түштү. Бирок, эмнегедир кайра эле бат өзүн токтотуп, Эрмектин бу жерден чыгып кетүүсүн каалап кетти. Анткени ал Эрмектин өзү жөнүндөгу таза сезиминин, аруу махабатынын ошол бойдон калышын каалады.
«Эртең да күн бар, - деди өзүн-өзү сооротуп. – Баары ушуну менен бүтүп калмак беле? Кудайдан болуп, менин ким экенимди, кандай экенимди Эрмек билбей турса экен?!..»
А бирок…
- Документиңиз барбы? – деди аңгыча тергөөчү.
Чүмбөттүү аял унчуккан жок. Ошондон уламбы, тергөөчү анын жооптуу көздөрүнөн көргүсү келгендей:
- Бийкечтин көз айнегин алып койгулачы? – деди кесиптештерине кайрылып.
Аны укканда Акшооланын денеси “дүр-р” этип, эмнегедир башын буруп, көздөрүн ала качып, жүзүн Ынактын төшүнө катты. Мурат Маратович да эшикке чыга каччудай обдулду эле:
- Сиз бизге керексиз, Мурат Маратович, тура турсаңыз? – деп тергөөчү аны токтотуп койду.
Бир гана Эрмек Асановичтин көздөрү алайып, нес болду. “Жок, жок, ачпагыла! – деп кыйкыргысы келип кетти. – Ачпагыла! Махабат жүзүн ачпаганга касам ичкен! Ал мынча кишиге эмес, мага да жүзүн ачкан эмес! Ачпагыла?! .”
Лилия өзү да жүзүн ачтыргысы келбегендей, бул “кордукка” каршы экенин билдиргендей ордунан тура калды! Бирок, бу саам да өчөшкөнсүп, төөнөгүчү чечилип кетти. Анткени, жоолугунун бир учу отургучтун мыгына илинип калган болчу. Колу артына кишенделүү болгондуктан кайра бекитип же төйнөй коюуга Лилиянын мүмкүнчүлүгү жок эле.
Чыйпылыктап, тынчы кете түшкөн Эрмек Асанович жардамга учуп жетчүдөй ордунан обдула түшүп, бир-эки кадам таштады да, нес болуп туруп калды!
Анткени ал жеткнче эле Махабаттын сыймалак, шайы жоолугунун учу шуудурап түшүп кетти!..
Көз айнекчен, мурдунун ордуна оңурайган гана эки оюгу бар, беттери быргыл-тыргыл, жалгыз көздүү аялды канчалаган көздөр жабыла тиктеп, кабинеттин ичи кулак-мурун кескендей жым-жырт боло түштү…
Айрыкча Эрмек Асанович тилин жутуп алгандай, көздөрү ала чакмак болуп, канча күндөрдөн бери көз алдында, сезиминде, атүгүл түшүндө жашап жүргөн келишкен сулуу келиндин заматта түрү cуук желмогузга кубула түшкөнүнө бирде ишенсе, бирде ишенбей, деги эле эмне болуп жатканына түшүнө албай жаткандай абдаарып, өзүн жоготуп, катып турду...

#153 27 Июль 2016 - 17:00
#155 14 Апрель 2017 - 11:25
Angel92 (04 Июль 2016 - 12:56) жазган:
48
АДАШКАНДАР
- Сизди аябай чочуткан экемин, ээ?
- “Сүткө оозун күйгүзүп, айранды үйлөп ичет” дегендей, анын үстүнө бала жоготуп, коркуп калган жайым бар.
- Бала жоготуп? Качан?
- Көп болду, - ийнин солкулдата, улутунуп койду келин. – Беш-алты жыл болуп калды.
- Таппадыңызбы анан?!
Келин башын чайкады:
- Бир жылдан кийин сөөгү табылды...
- Жаман болгон тура! А ким колдуу болуптур?
- Бир зөөкүр! Өлтүрүп, дубалдын арасына катып коюптур...
- Акмак го! Кесилдиби анан?!
Аял башын ийкеди:
- Кесилди. Кесилген менен балам жок...
- Кайрат кылуудан башка айла жок. Жолдошуңуз барбы?
- Ал ошол Эркинбегим жоголоордон мурунураак эле каза болуп калган.
- Коё турсаңыз, сиздин атыңыз... Венера эмеспи?
- Ооба, - келин ага суроолуу карады. – А сиз кайдан билесиз?
- Гезиттен окугам. Ошол убакта элге кайрылып, сүрөтүңүз менен маегиңиз чыкпады беле? Кийин угуп, аябай кейигенбиз. Айтмакчы, дубал деле ушул тегеректе болсо керек эле анда?
- Жок. Ошол окуядан көп өтпөй эле кызым экөөбүз ал жактан көчүп кеткенбиз.
- Андан кийин турмушка чыктыңызбы?
Аял башын чайкады.
- Менин атым – Дамир, - таксист колун сунду. – Кандайдыр жардам керек болсо, тартынбай кайрылыңыз? ..
***
Лилиянын болсо эси-дарты, эки көзү Бахтыяр кирип кеткен үйдө болуп атты. Бейтааныш аял менен Бахтыярдын кийим-кечектерин чечип ырыгытып ийишип, бир кишидей болуп кучакташып калышканын элестетип, кызганычтан өзөгүн өрт каптап бараткандай, улам убакыт узарган сайын чый-пыйы чыгып, чыдамы жетпей баратты. Башка убак болсо таксист да шаштырат беле, жаңы таанышы менен азилдешип, жайбаракат туруп калды.
“Кыйналып отура бербей, бара калсаңчы?! .” – деди сол ийниндеги периштеси шыкактап.
“Барып алып эмне кыласың?!” – деди экинчи бир ою.
“Эмне кылмак элең, биринчиден алиги аялдын кебете-кешпирин көрбөйсүңбү. Экинчиден, Бахтыярдын андан жаш, андан сулуу да ойношу бар экенин эсине салып коёсуң!..”
Кызганычтан жанын коёрго жер таппай турган келинди акыл-сезиминде ушул азгырык ой жаңырыктап, мээсине кыттай уюп алды. “Койчу, эми, жаш кызсыңбы, селпектеп жетип баргыдай?! Анын үстүнө Бахтыяр сенин эриң беле?!” – деп чебелектеген оң периштесин ары итерип таштап, өчү бардай машиненин эшигин “тарс!” жаап чыгып кетти Лилия.
- Эй, эй, чоң кыз?! Акчасын төлөбөйсүңбү? ! – деген айдоочу артынан жүткүнө басты эле, Лилия эсептешкен акчасын бере салып, андан ары басып кетти.
- Чоң кыз, кете берейинби, күтөйүнбү?!
А бирок Лилия аны укпаган өңдөндү.
***
Кыңайып ачылган дарбазанын сыртынан ичкери кулак түрүп, бир азга тыңшап турду Лилия. Айткандай эле ич жактан аялдын ким бирөөнү эркелетип жаткандай үнү угулду. Лилия саамга кыймылсыз катты да, акырында бутунун учу менен басып, короого кирип барды. Айлана-тегерегин карап, бирок эч кимди көзүнө чалдыктыра алган жок.
“Оңбогондой бай катын окшобойбу! – деди кызганычтан ого бетер ичи түтөп. – Балким, ушунун баары Бахтыярдын байлыгыдыр? !.”
Эми аял кишинин угулар-угулмаксан күңкүлдөп, жалынып-жалбарганы, эркелетип-эркелетип жаткандай үнү жакын эле жерден угулду. үндү ээрчип, шырп алдырбай, кызыл кирпичтен салынган чакан сарайды көздөй басты. Айткандай эле ал жакындаган сайын аялдын үнү дааналана берди.
- Бах, эмне болду сага? – орусча сүйлөгөн аял жалооруп, жагалдана сурады. - Сагындыңбы мени?
- ?..
- Антип карабачы эми?.. Таарынбачы? ..
- ?..
- Болду эми, тултуйба антип! Айттым го, колум бошобой атты деп... Ой, ой, таарынганыңдан сенин... Капкара көздөрүңдөн сенин!..
- ?..
- Билесиңби, менин сенден башка эч кими жок – ата-энем да, балам да, туугандарым да... Сен менин жалгыз эрмегим, жалгыз досум, жапжалгыз жакынымсың!
- ?.
- Ооба, сенде да ошондой. Айлана-тегерегиңде канчалар жүргөнү менен, сен да мендей жалгызсың.
“Тим эле тилин жутуп калат экен го, мунун жанында?!” – деди Лилия тишин кайрап. Эмнегедир Бахтыярга карата кандайдыр иренжүү сезими ойгонуп кетти: “Тапканың, шашканың ушул үй шыпыргыч беле?! Ким көрүнгөн менен, жер ылгабай жатып-туруп жүргөн бир катынпоз экенсиң да, көрсө?!.”
Канча ирээт кайрылып басып кеткиси келди. Бирок: “Жок, токто! – деди баягы шыкакчы сезими бучкактай калып. – Жөн эле кетип калгыдай, келесоо эмессиң да! Сени муну менен байланыштырган эмне өзү?!”
“Акча!” – деди анын эриндер көмөкөйүнөн чыккан ушул суроону жоопсуз калтыргысы келбегендей кыбырап. Ушуну менен өзүн жооткоткусу келди ал.
”Ырыстуу жер калбагансып, көрүнгөн менен көрүнгөн жерде жатып-туруп жүргөн эменин арам денесин кантип кучактап жүрдүм?!.”
“Балким, булардыкы чыныгы сүйүүдүр? “Сүйүүнүн көзү сокур” деген ушудур? А балким бул аялдын ошончолук күчү, керемети бардыр?..”
Ичкеридеги аялдын шыбыры угулду:
- Мен кетейин ээ, эми? Кожойке издеп калчу болсо, билесиң да анын кыялын... Жакшым менин, жаркыным менин! Ак көңүлүм, тентегим...
“Бахтыяр эмне деп, кантип жооп берет болду экен?” – Лилия канчалык демин ичине жутканы менен бу сапар иттин кыңшылаганынан башка эч нерсе уга албады.
Бахтыяр менен алиги аял жада калса итти каратып коюп, бардыгына кайыл боло лаззатка батып жатышканын элестетти Лилия. Денесин титиреткен кызганыч менен ыза жек көрүүгө айланып баратты: “Куп болот, мен азыр абийириңди гана төгөм! Аяган акчаңды анан чачпаганыңды көрүп ал! Хы, дагы депутат болот имиш!..” – башаламан ойлордун аягына акыры ушундай, чечкиндүү чекит коюп салды ал!..

Негизинен чыгарма кызыктуу экен. Жакшы жазылыптыр. Бирок ушул жерде ката кетиптир. Баласын беш-алты жыл мурда жоготсо анан кайдан баласы тогузга чыгат. Эркинбеги жоголгондо андан кичуусу жок эле го.
#156 02 Июнь 2017 - 23:51
Лилия жөнүндө эчнерсе элестеткен жокмун тек гана ит тиштеген жерин элестеп окудум бети неге ошентип калганы кызык эле мага .ийне жибине чн окуган жокмун эрлерин алдаганын.
Уландысы болсо күтөбүз...
Уландысы болсо күтөбүз...
#157 02 Июнь 2017 - 23:53
Лилия жөнүндө эчнерсе элестеткен жокмун тек гана ит тиштеген жерин элестеп окудум бети неге ошентип калганы кызык эле мага .ийне жибине чн окуган жокмун эрлерин алдаганын.
Уландысы болсо күтөбүз...
Уландысы болсо күтөбүз...
#158 27 Октябрь 2018 - 22:38
Акшоола киносун кутуп эки козум торт болдул эле чыгармасын таап окуп алдым аябай кызыктуу экен экинчи болуму ушинтип эле бутуп калабы?
#160 23 Февраль 2019 - 23:39
Чыгармасын окугам. Өтө кызыгуу менен. Акшоола киносун башында эле ушу чыгармадан экенин туюп, аягына чейин көргөн эмесмин.