Улуттук суусундуктар кыргызымдын улуттук суусундук, ичимдиктери
#21 08 Ноябрь 2011 - 23:17
Кымыз, Бозо жагат.
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#22 08 Ноябрь 2011 - 23:18
Бозо
Бозону Кыргызстандын бардык аймактарында жасашат. Бул суусундукту биздин элибиздин эң сүйүктүү ичимдиги десем жаңылышпастырмын.
Эң сонун, даамдуу жана ден соолукка пайдалуу бозону жасоо көп убакытты жана эмгекти талап кылат. Бозону мыкты сүзгөн келиндердин атагы алыска кетип, айыл тургундарынын алкышына арзыган.
Бозо салуу үчүн 1 килограмм шак, 2-3 килограмм таруу, 200 грамм ун, 2-3 аш кашык то май, 200 грамм угут, ачыткы бозо жана суу керектелет. Ар башка аймактарда таруу, жүгөрү, буудай, арпанын шактарын колдонушат.
Угутту даярдап алыш үчүн алгач данды баштыкка салып, жылуу суудан куюп, жылуу, караңгы жерге бир күнгө коюп коет. Дан өнө баштагандан кийин айыл жергесинде азыркы күнгө чейин жаргылчакка тартышат. Ал эми шаар тургундарынын шартында кадимки эт туурагычтан (же кофемолка) деле өткөрө берсе болот. Андан соң тегиз жерге жайып, кургатып алуу зарыл.
Тарууну таза жууп, сууга шак кошуп, 10-12 саатка чыланат. Унду койдун майына кууруп андан кийин суу куюп, ага чыланган шак кошулат. Мыкты бозосу менен айырмаланган Ак-Талаа жергесинде бышыраардан мурун дагы бир күн ачытышат. Ал эми башка жерлерде дароо эле казандагы сууга шак салынып, бир калыпта жагылган отко бир сааттан ашык убакыт кайнатылат. Аябай коюу болуп бышкандан кийин оттон түшүрүп, капкагын ачпай туруп муздатуу зарыл. Себеби, капкагы ачык калса бозонун үстүңкү катмары катып кетет. Жылуу кезинде бир чыны кургак угутка жарым литр ачыткы бозо кошуп, бышкан таруу менен шак угут үчөөнү аралаштырып жууруш керек. Жууругандан кийин ал суюлуп, чечиле баштайт. Капкагын жаап жылуу жерге 6-8 саатка калтырылат. Аны улам аралаштырып туруу зарыл. Ачып чыккандан кийин капрон баштыкка (жоолукка) сүзүлөт. Баштыкта калган таруу бозого түшпөшү керек. Бул сүзүп жаткан келин үчүн өтө уят болот. Таруу кийинки бозо салганга угут менен ачыткы катары колдонула берет.
Бозо күчтүү болушу үчүн буудайдын, арпанын, жүгөрүнүн, сулунун унун кошуп жасоо керек.
Шак түбүнө тартып, күйүп кетпеши үчүн үзбөй аралаштырып туруу керек.
Мүмкүн болсо бозо бышырылган казанды өсүмдүк майы менен майлабоо керек, анткени, сүзүлгөн бозо көпкө сакталбай кычкылданып баш ооруну жаратышы ыктымал.
Бозону сүзө турган кездеме бышык жана жука болушу керек.
Казанды отко аскан соң ичин тоң май менен тегиз майлап койсоңуз, бозо көбүрө ачыйт.
Бозону даамына чыгышы үчүн айрым кожойкелер өнгөн дандын куйруктарын өзүнчө чогултуп алып, ачытып жаткан маалда бир кашык кошуп жиберишет экен.
Бозо – ачкыл тамак, ичимдик. Бозо салуу үчүн таруу, буудай, жүгөрү, арпа, сулу шагы, угут, ун керектелет. Угут – өндүрүлгөн таруу, буудай, арпа жана башка дандан атайын ыкма менен даярдалуучу ачыткы. Белгилүү өлчөмдөгү дан баштыкка салынып ага жылуу суу себилип, думбаланып жылуу жерге коюлат. Дан көөп, ак найза болуп өнө баштаганда аны кургатып, жаргылчакка тартат.
Адегенде шакты сууга чылап, ачыткы куюп 1 күн ачытат, андан кийин кайнаган сууга ачыган шакты салып 1 сааттан ашык кайнатат. Сууган шакка бирдей өлчөмдө угут жана ун кошуп аралаштырып, ачыткысын бар идишке куюп, жылуу ороп, 6-8 саатча коёт. Андан кийин жылуу кайнак суу кошуп сүзөт.
Бозо сакталышына жана салынышына жараша жаш жана кордолгон бозого айырмаланат. Жаш бозонун угут кошулбай жасалган түрү сүзмө максым деп аталат.
1 килограмм шакка 9-10 литр суу, 150-200 грамм ун, 200 грамм угут керектелет.

Ак ийилет, бирок сынбайт.
#23 08 Ноябрь 2011 - 23:20
Шербет
Бул суусундук жаңы мөмө-жемиштерден же кактардан жасалат. Мисалы, жаңы алма, алмурут, өрүк, кара өрүк, чие жана башка жемиштер.
Керектелүүчү азыктар: Кургатылган жемиш – 200-300 грамм, Кумшекер – 200 грамм, Суу – 1 литр.
Ваниль
Лимон кабыгы
Жасалуу жолу:
Кургатылган какты таза жууп аласыз. Мискейге муздак суу куюп, какты салып 15-20 мүнөт жай кайнатып, андан кийин кумшекер, ваниль, лимон кабыгын, табитке жараша жаңы жемиштерден же мейиз кошуп дагы 5-6 мүнөт кайнатасыз. Шербетти муздаткычта эмес, бөлмөдө суутса, даамы жакшы чыгат.

#24 03 Декабрь 2011 - 17:18
КЫМЫЗ ТУУРАЛУУ
*
Бээнин сүтү ирибейт. Андыктан андан айран жасоого болбойт.
*
Сүт болжолдуу түрдө бишкек менен 700-1000 ирет бышылат.
*
Кымыздын өңү бээлердин жеген чөбүнө жараша кызгылтым (Арпа, Ак-Сай тарапта), агыш (Суусамырда) болот.
*
Элибизде бээ байлаган үйгө кайрылбай кетүү, көрмөксөнгө салуу баба салтын билбегендик, үй ээсин жана өзүн сыйлабагандык деп эсептелет.
*
Кулундар байланган желени аттоого болбойт. Анткени кымыздын башаты желеден башталат.
*
Учурда 1 литр кымыздын баасы 60-70 сом. Бээнин сүтү 100-150 сом.
ТАРЫХ БАРАКТАРЫНДА. ..
Кымыз жөнүндөгү эң байыркы маалымат Игнатьев жылнаамасында кездешет. Анда «князь Игорь Северский тоолуктардын туткунунан аны кайтарган жоокерлер кымыз ичип уктап калганда качып чыккан» деп жазылат. 1245-жылы айтылуу Батый хан князь Галицкийди кымыз менен сыйлагандыгы жөнүндө да маалымат бар. Белгилүү европалык саякатчы Марко Поло 13-кылымдын экинчи жарымында Орто Азияга жасаган саякатынан кийин кымызды ак шарап деп жазып калтырган.
Ал эми орус окумуштуусу В.Даль 1843-жылы кымыздын организмге пайдалуу экендигин байкап: “Кымыз ичти муздатат, жаныңды жыргатат. Аны бир жума ичсең денеңе кадимкидей күч-кубат кошулуп, өзүңдү сергек сезип, ден соолугуң чыңалып, эки бетиңе кызыл жүгүрөт. Эгерде кымызга көнүп алсаң, бөлөк ичкиликке эч көңүлүң тартпайт”,- деп айтканы бар.
КЫМЫЗ КАНТИП ЖАСАЛАТ?
Бээнин сүтү – кымыздын негизи. Ошол саалган сүттү кымызга айланткан азык – көрөңгө (ачыткы). Кыргыздар кымыз жасоо тажрыйбасында көрөңгөнүн эки түрүн колдонуп келишет.
Күзгү кымыздын үрпүн чогултуп көрөңгө даярдашып, аны ышталган чаначтын түбүнө сакташат. Жаз келип, бээ саанга киргенде ошол үрптү кайнатылган жылуу сууга эзип, үстүнө саамал куюп, 2-3 күн ачытып, көпкө бышып, кымызды көрөңгөлөп алышат.
Көрөңгөнүн экинчи түрүн тоңдурма кымыз же тоңдурма көрөңгө деп коюшат. Аны кышкы же кеч күздөгү кымыздан алып, муздак жерге сактап же тоңдуруу жолу менен даярдашат.
Кымызга сүт менен көрөңгөдөн башка кымыран же жылуу суу кошулат. Сабадагы көрөңгөнүн үстүнө табы кайткан сүт куюлган соң бир сааттан ашуун бышып, жылуу ороп коюу керек. Бул саамал делет. Кымыз жетилип, куяр кезде дагы бышуу зарыл. Кымыз канчалык көп бышылса, ошончолук жагымдуу, сиңимдүү жана даамдуу болот. Кымыз 8-10 саатта жетилет. Эгер көрөңгөсү көп болсо, анда 2-3 саатта эле табына келип калат.
КЫМЫЗДЫН ТҮРЛӨРҮ
Бээлер чыңыртып кулун байлаган чын курандан (март айынан) тартып кеч күзгө чейин саалат. Кымыз жыл мезгилдерине карата ууз кымыз, гүл кымыз, сөөк кымыз деп бөлүнөт.
Ууз кымыз – эрте жаздан жайдын толуп турган убагына чейин даярдалган кымыз. Кымыздын бул түрү элдик медицинада ар кандай ооруга даба катары бааланат. Анткени бээлер ууздан арыла элек, чөп жашаң кез. Ууз кымыз ошого жараша таттуу келет.
Жайдын толугу менен күзгө чейинки кымыз гүл кымыз деп аталат. Муну кээ бирөөлөр кызыл кымыз деп да коюшат. Чөп муун алып, гүлү төгүлүп, күчүнө келип турган убакта даярдалган бул кымыз күчтүү келет.
Чөп бышкан күздөн кышка чейин даярдалган кымыз сөөк кымыз же шырылдаң деп аталат. Бул учурда байып бараткан бээнин сүтү коюу келип, кымыран көбүрөөк кошулат. Сөөк кымыз коюу, күчтүү жана ток болот.
Кымыз жасалуу жолуна карата да ич ара бөлүнөт.
Бал кымыз байтал бээнин сүтүнөн жасалат. Анын диеталык жана дарылык касиети күчтүү.
Саамал кымыз – ачый элек кымыз.
Тунма кымыз – эң күчтүү кымыз. Балга чайкап, мейиз кошуп 3-5 күн ачытса, ичкиликке тете болуп чыга келет.
Чайкаган кымыз. Жакшы ачыган кымызга бал кошуп чайкап, саамал кошуп көпкө бышат.
Ачыган кымыз. Жакшы бышылган жаш кымызга саамал, ак чүпүрөккө жанчылган мейиз, набатты түйүп, чаначтын түбүнө салып бир нече күн ачытат. Мындай кымыз кадырлуу меймандарга, тойлорго арналып жасалат.
Кымыздын малдын сүтүнө карата төө кымыз (төөнүкү), уй кымыз (уйдуку), көөрчөк (кой-эчкиники) деген түрлөрү да бар.
Кымыз көрөңгөлөнгөн күнүнө карата бир нече түргө бөлүнөт.
Бир күндүгү жаш кымыз, эки күндүгү күчтүү кымыз, үч күндүгү өткүл кымыз деп аталат. Үч күндөн өткөн соң кымыз какырым даамданып калат. Мындай кымыздан илгери арак тартышкан.
КЫМЫЗДЫН КАСИЕТИ
Кымыз – дарылык касиети бар суусундук. Анын курамында жеңил сиңчү белоктор, майлар, углеводдор, спирт, сүт кислотасы, минерал туздары, С, В, А витаминдери бар. Алар тамак сиңдирүүнү жакшыртып, кандын көбөйүшүнө көмөктөшөт. Бээнин сүтүндөгү майлуулук да башка малдыкына караганда аз жана өтө пайдалуу. Ошондой эле йоддун саны да өтө жогору. 100 грамм бээнин сүтүндө 95-100,
уй сүтүндө 25-30 пайызды түзөт. Ошондуктан бээ сүтүндөгү май бүртүкчөлөрү ичеги-карынга тез сиңип, канга айланып пайдалуу холестерин болот.
Бээ сүтүнүн башка сүттөрдөн айырмасы – анын курамында кант жана лактоза көп болгондуктан, ачыганда спиртке айланганында. Ал кан тамырларды кеңейтип, ашказан бездеринин иштешине жакшы жардам берет. Бээнин сүтү бардык эле убакта пайдалуу. Айрыкча бээлер жаңы тууган убакта сүтү жаш, кымызы да жеңил келип, кан басымын жогорулатпай, боор, өпкө, өт жана ашказандын, нерв системасынын, дем алуу органдарынын иштешине өтө чоң таасир тийгизет.
Кымыздын эң чоң касиети – иммунитетти бекемдеп, жугуштуу оорулардан сактаганында. Кымыз менен кургак учуктун бардык түрлөрүн, аз кандуулук, өнөкөт бронхит, итий, гастрит жана башка ооруларды дарылоого болот. Аны такай ичкен адамдар узак жашаары айтылып келет.
Жылкы бруцеллёз, кургак учук, кара өпкө, кара сан деген оорулар менен эч качан оорубайт. Ошондуктан анын сүтүн саап бүтөр замат сүзүп иче бергенге болот. Ал эми июлдун экинчи жарымынан тартып чөп бышып баш алып, мал семирип, үркөр чыгып калган кезде кымыз көп кишиге, өзгөчө кан басымы жогору, жүрөгү начар адамдарга жага бербейт.
КЫМЫЗ ЖАСООДО КОЛДОНУЛУУЧУ БУЮМДАР
1) Чанач – кымыз куюучу идиш. Ал эчкинин, кийиктин туюк сыйрылып алынган чылгый терисинен жасалат. Ал көчүп-конууда, жол жүрүүдө канжыгага байлап алууга өтө ыңгайлуу. Чаначты мезгил-мезгили менен ыштап, майлап турса, андагы азык көпкө сакталат.
2) Көнөк – шириден тигилген идиш. Ага бээ саалат, кымыз куюлат. Аны убагы менен ыштап турса, көпкө урунулат.
3) Көөкөр – шириден ышталып, бычылып тигилген кымыз куюлуучу идиш. Орточо көөкөргө 4-5 литр кымыз батат.
4) Саба – кымыз ачытылуучу шири идиш. Ал жылкынын, төөнүн, уйдун терисинен жасалат. Жакшы иштелип, жакшы ышталган сабанын сыртынан кымыз кылкылдап көрүнүп турат жана даамдуу болот.

#25 03 Декабрь 2011 - 17:54
Кыргыз болуп коп нерсени билбейт экем !
Конок уйлор: Хуторок жана Каган
Швейцарияда эс алуу
Швейцарияда эс алуу
#26 04 Декабрь 2011 - 11:25
Бир пайгамбар бабабыз ( Угузхан ) жоокерчилик алыс сапарда отун-суусу жок чолдо журуп, азык-тулуктору тугонот. Жоокерлери ачкалыктан алсырай баштаганын коргон пайгамбарым кулундары сутун ээмп турган бээлерди саадырып, сааган сутту ичине салган куруту тугонгон чаначтарга куйдуруп, копко чейин чайкаттырат.
Ошондо Тениримдин кудуретчилиги менен чийки сут бышып, кымызга айланат. Пайгамбарым жан-жокорлору менен катар олтуруп, чойчокторун текши толтуруп: - "Эми, эмне болсо да чогуу королу!"
- деп, текши ичип жиберишет.
Анткен себеби бээнин сутун накталай ичкенде адамдын ичегилеринин иштеши бузулуп, ичи отот. Ага карабастан ачкалыктын азабынан кутулуу учун ичип алган алиги ичимдик бардыгына жагып калат. Корсо, пайгамбарымдын касиети менен ал ичимдик дуйнодо тендеши жок озгочо сонун ашка айланган экен.
Ага "Кымыз" деген ат коюшат. Ошондон баштап бээнин сутун чийки бойдон сабага куюп, "быш-быш" деп айтып, бишкек менен ургулап калганбыз. Ошон учун болок тамак ашты улуулашып алган кыргыз калкы кымызды гана жалпы олтургандарга тегиз куюлганча кутуп, андан сон чойчокторун тегиз алып ичуу салт болуп калган.
Нурак Абдырахмановдун "Улуу баянынан"

#27 04 Декабрь 2011 - 12:21
Эмнеге бээнин суту ийрибейт?
Азыркы учурда кымыз сатыкка чыгып калганына байланыштуу, бул эски салт "ишмердуулугун" жоготуп койгон деп ойлойм. Бээ байлаган уйго кайрылсан жаман коздор карап жатканын байкайсын.
Цитата
Элибизде бээ байлаган үйгө кайрылбай кетүү, көрмөксөнгө салуу баба салтын билбегендик,
үй ээсин жана өзүн сыйлабагандык деп эсептелет.
Азыркы учурда кымыз сатыкка чыгып калганына байланыштуу, бул эски салт "ишмердуулугун" жоготуп койгон деп ойлойм. Бээ байлаган уйго кайрылсан жаман коздор карап жатканын байкайсын.
Cен таза болсон, менда таза болсом, Айшада жууна баштайт.....!!
#29 05 Апрель 2012 - 13:07
#30 25 Апрель 2012 - 15:48
туугандар, айткылачы бозону кантип жасайт? кан аздуулукка чон жардам экенин билемин, кантип жасашын билалбай келемин
#31 25 Апрель 2012 - 16:18
zvezdo4ka (25 Апрель 2012 - 15:48) жазган:
туугандар, айткылачы бозону кантип жасайт? кан аздуулукка чон жардам экенин билемин, кантип жасашын билалбай келемин
Бозонун жазалышы
Бозо салуу үчүн 1 килограмм шак, 2-3 килограмм таруу, 200 грамм ун, 2-3 аш кашык то май, 200 грамм угут, ачыткы бозо жана суу керектелет. Ар башка аймактарда таруу, жүгөрү, буудай, арпанын шактарын колдонушат.
Угутту даярдап алыш үчүн алгач данды баштыкка салып, жылуу суудан куюп, жылуу, караңгы жерге бир күнгө коюп коет. Дан өнө баштагандан кийин айыл жергесинде азыркы күнгө чейин жаргылчакка тартышат. Ал эми шаар тургундарынын шартында кадимки эт туурагычтан (же кофемолка) деле өткөрө берсе болот. Андан соң тегиз жерге жайып, кургатып алуу зарыл.
Тарууну таза жууп, сууга шак кошуп, 10-12 саатка чыланат. Унду койдун майына кууруп андан кийин суу куюп, ага чыланган шак кошулат. Мыкты бозосу менен айырмаланган Ак-Талаа жергесинде бышыраардан мурун дагы бир күн ачытышат. Ал эми башка жерлерде дароо эле казандагы сууга шак салынып, бир калыпта жагылган отко бир сааттан ашык убакыт кайнатылат. Аябай коюу болуп бышкандан кийин оттон түшүрүп, капкагын ачпай туруп муздатуу зарыл. Себеби, капкагы ачык калса бозонун үстүңкү катмары катып кетет. Жылуу кезинде бир чыны кургак угутка жарым литр ачыткы бозо кошуп, бышкан таруу менен шак угут үчөөнү аралаштырып жууруш керек. Жууругандан кийин ал суюлуп, чечиле баштайт. Капкагын жаап жылуу жерге 6-8 саатка калтырылат. Аны улам аралаштырып туруу зарыл. Ачып чыккандан кийин капрон баштыкка (жоолукка) сүзүлөт. Баштыкта калган таруу бозого түшпөшү керек. Бул сүзүп жаткан келин үчүн өтө уят болот. Таруу кийинки бозо салганга угут менен ачыткы катары колдонула берет.
Бозо күчтүү болушу үчүн буудайдын, арпанын, жүгөрүнүн, сулунун унун кошуп жасоо керек.
Шак түбүнө тартып, күйүп кетпеши үчүн үзбөй аралаштырып туруу керек.
Мүмкүн болсо бозо бышырылган казанды өсүмдүк майы менен майлабоо керек, анткени, сүзүлгөн бозо көпкө сакталбай кычкылданып баш ооруну жаратышы ыктымал.
Бозону сүзө турган кездеме бышык жана жука болушу керек.
Казанды отко аскан соң ичин тоң май менен тегиз майлап койсоңуз, бозо көбүрө ачыйт.
Бозону даамына чыгышы үчүн айрым кожойкелер өнгөн дандын куйруктарын өзүнчө чогултуп алып, ачытып жаткан маалда бир кашык кошуп жиберишет экен.
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#32 26 Апрель 2012 - 03:07
Aydashka (24 Июнь 2011 - 00:57) жазган:
ЖАРМА
Керектелүүчү азыктар: Суу – 4-5 литр, Талкан – 200-300 грамм, Суу май – 1 аш кашык, Ун – 1 аш кашык
Туз татымына жараша
Жарма – талкандан жасалган суусундук. Талкан – арпа, буудай же жүгөрүдөн куурулуп, жаргылчакка же тегирменге кесек тарттырылган акшак. Кылкан, улпагынан арылтуу үчүн талкан эленип алынат.
Жасалуу жолу:
1 аш кашык унду майга кууруп, суу куясыз. Кайнаарга жакын бөлтөк кылбай талкан салып, бир аз коюу болгончо бир калыпта жагылган отто кайнатып бышырып аласыз. Бышкан жармага ак ( айран, сүзмө, сүт) катыктап, суусундук катары иче берсеңиз болот.

Айдашка эже европада талкан барбы негизи?
#33 27 Апрель 2012 - 10:20
aminali (26 Апрель 2012 - 03:07) жазган:
Айдашка эже европада талкан барбы негизи?
aminali ушу талканды ушул жерге келгени бир көрбөдүм,мындай дүкөндөрдө болбосо дагы,айыл жактарда бар болуш керек.Талкан эле эмес аш-лямфу жазайын деп крахмал таппай ит болгом.
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#34 27 Апрель 2012 - 11:36
Аззаматсынар!
Баарынарга беш!
Эгембердиев байкебизге да рахмат. Улуттук суусундуктарды биринчи болуп рынокко алып чыккан. Сырттан келгендердин баарына ичирип кором Шородон, мындай даамды корбогон алар аябай тан калышат. Угушума караганда казактар гана короалбастык кылып Алматыда саттырбай коюшту.

#35 17 Март 2013 - 15:42
Кыргыз дуйнодо кымыз жана комузу менен айырмаланып,
таанылып турат.
Келгиле кымыздын даарылык касиети жана кызыктуу окуяларынан жазабыз..
Кымыз жонундо эн байыркы маалымат Игнатьев жылнаамасында кездешет. Анда кньяз Игор Северский тоолуктадын туткунунан аны кайтарган жоокерлер кымыз ичип уктап калганда качып чыкканы айтылат. 1245-ж. Батый хан кньяз Галицкийди кымыз менен сыйлагандыгы жонундо да маалымат бар. Белгилуу европалык саякатчы Марко Поло 13- кылымдын 2- жарымында Орто Азияны кыдырып баргандан кийин кымызды ак шарап деп жазган.

#36 17 Март 2013 - 15:48
Билбейм кымыздын кандай дарылыгы бар экенин. Ал эми точна билем мен, кымыз менен сут ичсем ичимде учунчу дуйнолук согуш башталып кетет. Сут эч качан ичпейм. Кымызды этияттап ичем.
#37 17 Март 2013 - 16:01
MIRlan (17 Март 2013 - 15:48) жазган:
Билбейм кымыздын кандай дарылыгы бар экенин. Ал эми точна билем мен, кымыз менен сут ичсем ичимде учунчу дуйнолук согуш башталып кетет. Сут эч качан ичпейм. Кымызды этияттап ичем.
Сут менен Кымыз ичти тазалайтда ошон учун понос болосун, Бирок анча-мынча ичип тазалап койгонун жакшы.
#38 17 Март 2013 - 16:04
Кымызды коп ичип алсан мас болосун, анан озун каалабасан да кусасын, колунду жапсан да атылып фантан болуп чыгат дешет го.
#39 17 Март 2013 - 16:06
#40 17 Март 2013 - 18:36
бир окуяны эстеп кеттим. Бишкек тарапка такси менен келатканбыз.
Кун аябай ысык, чанкап олойун деп аран эле отургам. Анан жайлоого жеткенде кымыз сатып алдык. Мен да уйго анан ичкенге деп алдым. Буга чейин бир да жолу кымыз ичпегем. Чанкап, анустуно ачка жаным шап которуп ачуу сымак даамына карабай бир чон чыны муздак кымызды ичип жибергем. Анан жанымдагылар 'мас болуп калба' деп бир карашкан эле. Мен 'жоок' деген бойдон так#### кайра отуруп алдым. Жолдо машина ойдо ылдый болсо бир башым айланат. 'Жоок' деген жаным сыр билдирбей келгем, марканы кармап.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.