Тамшандыра тең тайлашып келдиңер.
Тактап алаар кезек келди мынаке,
Таажы кийип такка отурчу кимиңер.
Эл алдына төгүп болгон өнөрүң,
Эбегейсиз зор эргүүгө бөлөдүң.
Эч бөксөрбөй өнөр кенчи калкымдын,
Элибизде таланттуулар көбөйсүн.
Чын талантың сынга сынып кебелбес,
Чокулар да көк тиреген тең келбес.
Таң калтырган өнөрүң да талантың,
Арзыбаган белек менен чектелбес.
Сынагыбыз сынактарга улансын,
Сан таланттар күйөрманын кубантсын.
Супер инфо көмүскөдө калтырбай,
Себеп болуп залкар өнөр чыңалсын.
Мына ушинтип сынак соңуна келип жети, бул сынака күбө болгон жана кол чаап коштогон күйөрмандарга, убактысын аябай добуш берген ар бир форумчуга терең ыраазычылык. Көңүл бурганыңыздар үчүн да рахмат ар дайым саламатта болуңуздар!
Билдирүүнү түзөткөн: patma.mahmud-kyzy: 15 Июнь 2015 - 01:15