“СУПЕРСТАНдын”
Маданият жана маалымат, туризм
министрлигинин 2017-жылынын 31-июлундагы
№1 жарлыгы менен бекитилген. (тамаша)
Маданият жана маалымат, туризм
министрлигинин 2017-жылынын 31-июлундагы
№1 жарлыгы менен бекитилген. (тамаша)
Салт болуп калган сулуулар сынагын быйыл да өткөрүү үчүн өз ойлоруңуздарды билдирип, колдоп бергениңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем. Анда эмесе,
“Суперстан сулуусу-2017” сынагынын
ЖОБОСУ
ЖОБОСУ
2017-жылдын эсебинен бир да Суперстанды кызытып, форумчулардын маанайын көтөрүп, алардын башын бириктире турган кароо-сынактар өткөрүлбөгөндүктөн бул сынак уюштурулат.
"Уркуя", " Ак Мөөр" көркөм тасмасында аялзатынын ажайып сулуулугун даңазалаган Таттыбүбүнү, кыргыз элине бир келген ажайып сулуу экендигин убагында эч ким элебесе керек. Таттыбүбүнүн өлгөнү – бир арман,сулуулугу – бир арман болуп атпайбы” – деп агасы айткандай, арабызда сулуулар көп экендигин кызуу талкуу жараткан темалардан эле байкаса болот.
Колдонуучулардын буга чейин айтылган сын-пикирлеринин негизинде кароо-сынакты уюштуруу жана өткөрүү үчүн калыстар тобу түзүлгөн. Калыстар тобунун курамы “Суперстанга” эмгеги сиңген, кеп-кеңештерин аябаган,активдүү, акыл десе акылдуу, сулуу десе сулуу, колдонуучулардын сыйына ээ болгон улуу, урматтуу 7 форумчудан турат. Калыстар тобунун тизмеси ушул темада кийинчерээк жарыяланат.
Кошумча маалыматтар: Калыстар тобунун бул сынакты баалоосунун себеби колдонуучулардын билдирүүлөрүнүн, сунуштарынын негизинде чечилген. Атына заты жарашып калыс болуп берет деп ишенем. Добуш берүү жабык түрдө болот.
Сынактын шарттары:
1-Тур. “Өзүн-өзү тааныштыруу”.
Катышуучулар өзүлөрүнүн кыскача биографиясын жазып, 3 сүрөт жүктөшөт.
1-селфи. Жүзү так, даана көрүнүүсү керек.
2-баштан аяк тулку бою көрүнүүсү керек.
3-“Эркин тема” аталышындагы сүрөт болуусу керек.
Кошумча маалыматтар: Бул үчүн 7 күн убакыт берилет. Катышуучулардын эсебине чек коюлбайт.
Эскертүү: Сүрөттөрдүн сапаттарына, оригиналдуулугуна, катышуучунун кийинген кийимине, жалпы фантазиясына көңүл бурулат. Жүктөгөн сүрөт катышуучунун өзүнө таандык болуусу зарыл. Андай болбогон учурда сынактан четтетилет жана чара көрүлөт. Фотошоп жана башка программалар менен жасалгандар эске алынат, баасы төмөндөтүлүшү мүмкүн.
2-Тур. “Акыл кампасы”
Викторина. Катышуучуларга ар тараптуу 10 суроо берилет.
Андан соң сулууларга атайын тандалган 3 тема сунушталат. Өзүнө жакын болгон бир теманы тандап алып, кыскача дил баян жазат (10 сүйлөмдөн ашык болуусу керек).
Кошумча маалыматтар: Дил баян катышуучунун өз калемине таандык болуусу зарыл. Катышуучунун ой жүгүртүүсүнө, жазган дил баянынын маани-маңызына, грамматикасына көңүл бурулат.
Бул тур үчүн 3 күн убакыт берилет.
3-Тур. “Видеокайрылуу”
Сулуулардан видеокайрылуу. Ал видеодо өздөрүн тааныштырып, “Эмне үчүн мен “Суперстан сулуусу” болуп тандалышым керек?” деген суроого жооп беришет.
Кошумча маалыматтар: Катышуучу видео тартып, аны “Элдик видеого”жүктөйт. Кантип жүктөйт дегендер купуяга кайрылгыла. Видеонун сапатына, кайсы жерде тартылганына, сулуунун келбетине көңүл бурулат.
Бул тур үчүн 3 күн убакыт берилет.
Калыстар тобу тарабынан "ЖЕҢҮҮЧҮ" деп табылган сулуулар сыйлыктар менен сыйланат.
Бардык катышуучуларга ийгилик каалайм!