belka Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 2 132 (0,59 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (1438 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 21 Июль 14
- Кароолор:
- 31 563
- Соңку аракети
- 01 Фев 2022 01:17
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Супер-активист
- Жашы:
- 38 жашта
- Туулган күнү:
- Сентябрь 30, 1985
- Кызыгуусу:
- Дин, инопланетяндар, адабият.
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- Деңиз жээгинде.
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мен ачкан темалар
-
Жетиммин
Жазылган күн: 5 Окт 2016
Мен... Мен бүгүн өткөн өмүрүмө сереп салып, турмушумдагы чатышкан жиптей чырмалган басып өткөн жолумду ак кагазга түшүрүп, кайра баштан жашоомдогу азаптарым менен жыргалымды айырып чечмелегим келди. Аскасы көк мелжип асман менен тирешкен, абасы атыр жыттанган, суусу мөлтүр, эли алпейим Ак-Талаа жеринин кулуну элем. Атам малчы болгондуктан совхоздун 500 коюн кайтарып тоо боорунан жайдыр-кыштыр түшпөй күн кечирчү элек. Апам саанчы болчу, бирок ал бул жакта жай турмуш өткөрүп калганына мен эс тартканы нааразы эле болуп өттү. Анткени Фрунзе шаарында кыз-келиндер институтунда окуп жүргөн жеринен ата-энесинин макулдугу менен эле атама жар болуп калган экен. Байкуш апам шаар көрүп калгандык кылыппы же атама болгон сезими жокпу, айтор үйдө чыр-чатак көп болор эле.
Бир жолу эшек менен суу алганы барып ошол жердеги кир чайкап олтурушкан сакманчы эки жеңенин кебин кулагым чалып калды:
– И-ий, тиги Арууке сүт ташыган Жекшен менен жүрүп алган тура, Болоттун эмнесин чанды, - десе, экинчиси:
– Башы иштебеген неме го?.. Болоттой эрди кайдан табат экен. Ур-токмокко албаса, ичпесе, элдей болуп чычайып тамеки тиштебесе. Аруукелеп гана турат го көздөрүнөн от жанып. Жөн жашаса болмок. Же кайын энеси биздикиндей болуп кагып-силкип каарыбаса, андан да өзү көп иччү болуп кетипир. Көрсө, тоо башына аракты тигиниси ташып келип берет экен, - деп эбиреп жатышты. Мен кеп төркүнүн жакшы түшүндүм, алар мени капарына да алышкан жок. Алган суум же жетелеген эшегимен жок, ачык асман туман баскан кара көө көрүнүп, жер сасыган ыраңы кеткен бир жайга айлангансып темтеңдеп кете бердим. Бир убакта эсиме келсем эки карагайды эш тутуп ыйлап, ага арманымды айтып олтурупмун. Намыстанган окшобоймбу. Анда менин 13 жаш курагым эле. Же “апам ушундай иштерди кылыптыр, эл кеп кылып жатат” деп айтып муңдашчу байкем, эжем же эч болбоду дегенде бөбөктөрүм жок. Ошондо биринчи ирет мен жалгыздык деген эмне экенин сезген көрүнөм. “Муну атам укса кантет, байкушум ай” деп сыздап жаттым ичимден. Барып апамды көмөлөтө бир тээп “Кет! Жогол! Менин сендей апам жок!” дегим келди. Жекшенди канжыгадагы маки менен сайып өлтүрүүнүү ойлондум бирок, анте албадым. Жүрөгүм даабады. Кийин апамдын күндөп, түндөп жоголуп кетүүсү, анан түн оокумда мас болуп келип чыр салып “арсыз Болот, сен мага 5 тыйындык бет май алып бербедиң”, дагы антпедиң, минтпедиң деп бакырып, жайлоодогу элдин баарынын тынчын алчу болду. Атам, карыган чоң энем канча кечирип, кой дешсе болбоду, акыры үйдөн эле мас болуп кала берчү болду. Көрсө катып ичип жүргөн окшобойбу... Ал эми аракты ат тезегин кургатпай келген жанагы сүт чогулткан сулуучумак суукуйду Жекшен ташып келчү өңдөнөт.
Бир ирет Арпанын күңгөй тарабында жайлоодо ажайып керилген жаратылыштын койнунда тайганым Кумайык экөөбүз кой кайтарып жүрөбүз. Мен атамдан көргөнүмдү туурап “айда Кумайык! Кайры Кумайык! Ал Кумайык!” деп үнүмдүн болушунча тоо жаңыртып кыйкыра бердим. Бул кылганыма өзүм маашырланып, демейде тебет деп корккон кошуна Калыйдын карагер атына олутту басып бардым. Жүрөгүм дүкүлдөп калтырасам да табияттан уялгансып сыр бербей аттын тушамышын чечсем, карагер каршылык кыялын көрсөткөн жок. Жайдак атка чап жармаштым да итиме карап:
– Сен койлорго баш көз болуп тур, балам, тиги баштаак сары чебичти өйдөлөтпөй кайрып турсаң эле калганы күүшөп жата берет, - деп, ага салабаттуу улуу адамдарча кайрылып чоң апам жасаган куймак менен жуураттан ичип келе коймокко жөнөп калдым. Үйгө жакындаганда чоң энемдин:
– Болду, балам, ай! Болот, эсиңе келчи садагам, өлтүрөсүңбү? ! - деген кыйкырыгын угуп селейип эле туруп калдым. Түндүк көтөрүлүп кетчүдөй болуп кичинекей боз үйдүн ичи ызы-чуу. Оюмда апамдын адаты кармап, катып ичкени атама кармалып калган го дедим. Демейде апам атама оозуна ак ит кирип, кара ит чыгып жаман сөздөрдү айтса да кол көтөрбөй, тек гана “Арууке, анчалык болбосоң боло. Мени сыйлабасаң да апамдын көзүнчө унчукпачы. Эсиңе келип жакшы апа болчу, - деп коёр эле. Бул жолу ала жипти аттаганы билинип калганбы?.. Атам намысына чыдабай ур-токмокко алганбы?.. Айтор, акылым жетпей турду. -
Ууру сезим
Жазылган күн: 8 Сен 2016
Автобекетте жашоо түйшүгү күн чыга элек үрүл-бүрүлдө эле башталат. Айнек бул жерге түн ортосунда эле келген. Болгондо да жөө. Таңкы сууктан коргой албаган жука кийимине ачууланган келин кабак түйө маршруткалардын бирине кадам койду. Көтөрүнгөн деле ашык оокаты жок. Түнү менен уйку көрбөгөн неме жылуу орундукка отурары менен көзү илинип кетти.
– Байке, канча убакта жыласыз, эртелебейсизби? – кычырап кийинген жаш улан өктөм унчукту.
– Азыр, толо калсын, – айдоочу унаадан түшпөй эле заңкылдап коё берди, – Бишкек, Бишкек, Бишкекке бир орун, бир орун эле калды.
Айнектин куш уйкусун ушул үн бузду. Көзүн ачса күн нуру жерге тегиз тийип калыптыр. 20 кишилик унаанын ичинен анын жанындагы орундук гана бош экен. Жүдөө тарткан жагымсыз келбетинен улам жанына эч ким олтурбаганын дароо баамдады. Ошол замат айланадагылардан өзүн коргогондой жоолугун дагы баса салынып бурчка тыгыла олтурду.
– Ай, балакетиңди алайын, тарт мени, – толугунан келген таякчан кемпир ичте олтурган кишиге колун сунуп унаага кирди. Азыраак токтой калды да, Айнектин жанындагы бош орундукка карай жылды:
– Жакшысыңарбы, айланайындар? Аз жерден калып калмак экенмин ээ? Ырас болбодубу, дароо жылат экенбиз.
***
– Кудайга шүгүр, заман жакшы. Кадам сайын кафе. Кафе толгон эл. Барчылык, – кемпир бактылуу үн катты. Бул Айнекке жага берген жок.
– Үч сааттык жолдо токтобой эле кете беришпейби, ачкадан ким өлүптүр азыркы заманда. Балыкчыдан жылганыбызга эки саат боло элек, Бишкек бул эле жерде го. Жетип деле жешмек да.
– Мейли, ичсе ичип алышсын. Кудай жол берсе, бат эле кирип барабыз.
Жана унаа жылгандан бери терезеден көзүн албай, үстөккө-босток үшкүрүнгөн келин кемпирге кызык болуп келе жаткан. Жүргүнчүлөрдүн баары тамактанууга түшүп кеткенден пайдаланып тамырын тартмакка кебин андан ары улады:
– Мен сапар узакпы, кыскабы, деги эле жолдон тамактанбайм. Андайга көнгөн эмесмин. А сен эмнеге түшпөйсүң?
– Акчам жок.
– Ммм, Бишкекке жай эле баратасыңбы?
– Билбейм, – ансыз да сиркеси суу көтөрбөй турган келин бейтааныш кемпирдин суроолоруна кыжыры келе түштү. Оор үшкүрдү.
– Билбейм, апа, бил-бе-ейм. Эмнеге баратам? Эмне кылам? Билбейм...
– Кой, алдыңа кетейин, антип үшкүрбө. Жаш экенсиң... – көптү көргөн кемпир келинге аста көз жиберип калган кепти келин өзү улап кетерин байкады. Айнек канчадан бери арманын ичине катып, жан адамга үн чыгарбай ичтен сызып жүргөн болчу. Бугун чыгарып алгысы келди.
– Күйөөмдөн качып баратам. Балдарымды да таштадым. Мен жок эптеп чыдап турушар. Үхх... Минтип эрим менен бир күнү жашынмак, бир күнү куушмак ойноп калам деп ойлогон эмесмин. Ичип кетти. Кайдан жүрүп бул балээге жабышып калды, билбейм. Уулу мектепте окуйт. Кыз кичине, бакчага барат. Аларды да ойлобой калды. Жакшы эле чыдадым. Эми чыдай албайм.
– “Эриңе ишенгиче эки босогоңо ишен” дейт. Эркекке да теңелесиңби? Балдарың менен жашай бер да.
– Ой, “элдин аялдарындай эмессиң” деп эле сабайт. Элдин аялдары эмне болуп кеткенин эле билбей койдум. Таңда кетет, түштө балдарын жиберип атып үйгө араң чакыртып чай берем. Ач болбосун дейм. Ой, ошону да билбейт. Анан тамагын жөн ичпей мага асылат, урушабыз. Кайра көчөгө жөнөйт. Кечте же түн оокумда келип сөзсүз чыр чыгарып үйдү үч көтөрөт. Чыдай албай калдым. Ал турсун, минтип сабай берсе жинди же майып болуп калбаймбы деп коркчу болдум. Эми эр болсо эки баланы карап менсиз жашап көрсүн.
– А сен эмне кылайын дейсиң? Балдарың кантет?
– Балдарым деп баарына түтүп келдим да, апа. Балдар тиги алкаш атасы мени өлтүрүп койсо деле чоңоёт. Андан көрө аман-соомдо иштеп жанымды карап, анан аларды өзүмө алып кетем.
– Аа, шаарда ишенгениң бар го?
– Жок, – келин ансыз да бул чоочун шаарда кимге ишенерин билбей чочулап, кооптонуп бараткан, – эми, бир курбум бар. Айлам кеткенде ошондон жардам сурадым. “Иш караштырып бер”, – дегем. “Табылбай атат", - эле дейт. Тиги кечээ мени өлтүрүп коё жаздады, – Айнек водолазкасынын мойнун ачып кемпирге бурулду, – Муунтту. Аргасыз жолго чыга бердим.
Экөө тунжурап үнсүз калышты. Кемпир сапарлаш келиндин тагдырын мынчалык деп күтпөгөн эле. Санаачыл жандын “балдарым жакшы кабыл алса экен” деген санааркоосуна эми бул бейтааныш келиндин тагдыры кошулду.
– Ээ балам, азыр шаарда бирөөнүн үйүнө бирөө батпай калган. Кантер экенсиң?..
***
Кең жолдо шуулдаган унаа бак-дарактарды көзгө илештирбей артта калтырып жатты. Айнек автобекетке чейин терезеден көзүн албай келди. Башы туман. Машинадан түшөрү менен бет келген шаардын ызы-чуу жашоосу аны ого бетер апкаарытып, шаша телефондун номерлерин терди.
– Алло, Каныш, кандайсың?
– Алло, ким бул? – уйкусураган үн кыжырдуу унчукту.
– Мен Айнекмин, Каныш. Мен шаарга келдим эле, – келин кебин кандай уларын билбей мукактанды.
– Ии, жакшы, анан? – Канышай кайдыгердей. Айнек аны билип турса дагы билмексенге салып жасалма жайдарыланып кебин улады.
– Шаарда ишенгеним эле сен эмессиңби, билесиң да, биздин тууган-урук бүт айылда эмеспи. Сеникине барайын дегем.
– Ии, кел, – Канышай үй дарегин, келүүчү маршрутту түшүндүрүп айтып берди.
Айнек оюнда Канышай келип алып кетсе керек деген. Бирок курбусунун суз кабыл алуусу ачык билинип тургандыктан антип өтүнбөдү. Таарынгысы келип, бирок таарына да албай арыда турган отургучка көчүк басты. Айланасында эмне болуп, кимдер жүрөт, деле кызыккан жок. Үйдөн качып кетип жатканда артына карабай жүгүргөнүнө азыр ачуусу келип олтурду. Азыраак акыл токтотуп сары май, курутунан алып алса болмок экен. Куру кол кантип кирип барат. Акчасы эң эле саналуу. Ушуларды ойлоно жакшылап аңтарса эле бир нерсе чыга калчудай сумкасын туш келди оодара берди. Ар нерселер жазылган айрык-тытык барактар, жүз аарчы, тарагынан башка ырыстуу эч нерсе жок. Эси оой отуруп калды. Аңгыча колуна бош кармаган соткасын бирөө жулуп кетсе болобу.
– Аай, алып кел, акмак, – Айнек ордунан атып турду да, элге аралашып кеткен караанды заматта таппай калды. Ансыз да турмуш сыйрыган оозу ачык жарасына бирөө туз куюп ийгенсип тим эле турган ордунда айланып кетти. Жаман соткасы анын жалгыз байлыгы эле. Жанагы орунга келип олтуруп жаш балача солкулдап ыйлап кирди. Ызалуу муңайган келинге көңүл бурган бир жан болгон жок.
Эзели шаар жерин ээн-эркин кыдырып көрбөгөн, ары жалтак мүнөздүү Айнек үчүн бирөө жарымга абалын түшүндүрүп жардам суроо кыйынга турду. Бир далайга отурду да, курсагынын курулдаганына чыдабай калганда арыда бирдик салып олтурган аялга барууга аргасыз болду. Болгон жөн-жайын түшүндүрүп Канышайдын телефонун ар түркүн кылып терип атып акыры аны менен кабарлашып алып аялдамага бет алды. Болгону он сом менен каалаган жерине жетип калары Айнек үчүн бүгүнкү күндөгү эң кубанычтуу кабар болду.
***
– Биздин жашоо ушул, Тынчтык күн бою жумушта. Мен иштейин деген менен балдардан убактым артпайт. Бир адамдын тапканы баары бир жетишсиз. Эки бөлмө үйгө тыгылбай эл катары үй салсак жакшы болот эле.
– Бул үй деле сонун экен, – короосу тосулбаган тар үйдөн келген Айнек үчүн бул кабат тамда жайгашкан үй укмуш эле туюлду. Каныш ансайын тескери сүйлөп чебеленди.
– Ой, кайдан, бир киши келсе ары жат, бери жат болуп түртүшүп калабыз. Биздикине келгендер тим эле кеткенче шашышат. Батпай атканын көрүп өзүң уяласың.
Айнек Канышайдын кеп төркүнүн эми түшүндү. Курбусунун кууланган кебинен бул жерде көпкө боло албасы айдан ачык болду. Бирок баарын туюп турганы менен азырынча байкамаксанга салып ушул эле жерде тура турганынан өтөрү жок.
***
Канышай кичинекей баласын алып кечки тамактын камын көрмөккө жакын жердеги базарга кеткен. Айнек сууга түшүп, тер жыттанган кийимдеринин ордуна Канышайдын эски кийимдерин кийди. Үстү-башын бир карап алган соң ачык турган терезеден кечки шаарга көз салды. Аңгыча эшикке ачкыч салынып шыкылдаган үн чыкты. Айнек “Канышай сыртымдан бекитип кеткен экен” деген ойдо ордунан козголгон жок. Бир күн боло элек жатып сагынган балдарына кабатырлана ойго тунган келин ага жакындаган дабышты да байкабады. Аңгыча карылуу кол белине оролуп, ысык дем кулагына жакындай шуу дем тартты. Айнек чочуганынан терезеден ашып кете жаздады.
– Аай, кимсиз?
– Канышай, ой, а сен кимсиң? – эркек да аң-таң боло туруп калды.
– Кимсиз? Кетиңиз, үйдө эч ким жок, - Айнек баш аламан сүйлөдү.
– Хм, кетиңиз? Мен үйүмө келдим, – Тынчтык оройлонуп баратып кайра ойлоно өзүн кармады, – кечириңиз, мен аялымды кучактадым дегем.
Айнек келбети сындуу бул адам Канышайдын күйөөсү экенин билди. Анын аялынын кийимин кийип алып адаштырганы үчүн өзүн күнөөлүү сезип, уялганынан жер карады. Тынчтык болсо периштедей болуп үйүндө пайда боло калган бул аял ким экенин билбесе да аны сугун арта карап, жакшылап таанып алгысы келди. Азыр эле кучагына алып, кайра көз ирмемге жетпеген убакытта бошонуп кеткен арта карап, жакшылап таанып алгысы келди. Азыр эле кучагына алып, кайра көз ирмемге жетпеген убакытта бошонуп кеткен арык, назик денени дагы бир жолу бек кыскысы келип турду. -
Үчөөнүн жүрөгү
Жазылган күн: 1 Май 2016
ДЕҢИЗ КАРАКЧЫЛАРЫНЫН ЭСКИ ЫРЫ
Ким бактысын кармаштарда
Келсе алгысы колу менен.
Канжар кармап, толкун жиреп,
Чыксын долу деңизге кең!
К а й ы р м а:
Шамал улуп, толкун күчөйт,—
Канжар болсо колдо биздин.
Экөөбүзгө эч ким түтпөйт,
Кайтарабыз миңдин мизин!
Тапанчага бычак жолдош —
Багынышат даңкы барлар!
Эрк майтарчу замбирек зор,
Жол тазалайт бизге шамшар.
К а й ы р м а:
Шерден корсар, өктөм шамал,
Шарап, байлык — сага да даңк!
Эй матрос, жан соога де,
Капитаның өлгөн эчак!
К а й ы р м а:
Туткундалган кемеге даңк,
Башын ийсе кайраттууга.
Олжобуз жүк жана бийкеч,
Калгандары калат сууда!
Жорж Стерлинг -
Айта бар менин кебимди...
Жазылган күн: 23 Апр 2016
“Азыркынын алабармандаган балдары ойду-келди аралаштырып, ала-була урунган төл сөздөр, чампан тилдүү балдары тантып айткан, күндө кужурап айтылып-делип аткан көп сөздөр сыңары эле, ал замандарда, оболку-оболку аталардын санжыргалуу заманында “ар” деген сөз да башкачараак мааниде айтылчу окшобойбу! ? Жан-дүйнөң менен чогуу бүтөлүп-жаралгансып каныңа сиңген, эжели эси-дартыңдан түшпөгөн, тилге келгенинде тереңирээк мааниде айтылып, кулакка курчураак угулган, айтор, жүүнү бошто чыйралткан, мүңкүрөөгө жол бербеген, мүңкүрөйүн десең да мүңкүрөтпөгөн, анан да кара башыңды эмес, калың журтуңду ойлоого түрткөн, ошол элиңдин кымындай болсо да таламын талашууга шыкактап-шыктандырган касиети болгон окшобойбу! ? Күүлөп турган күчү болгон окшобойбу! ? Анан эле байкатпастан ким өзгөртүп жиберди аны, качан өзгөрүп кетти, көңүлдү көкөлөткөн, канат бүтүргөн касиети кайда качты? Белгисиз. Дагы канча өзгөрөт, акыр замандарда кайсы мааниде айтылып калат - албетте, урунуудан калбаса - болжоп болбойт, акеси...”
Калаанын Кызыл-Аскер ыптасындагы, ызылдап-күрүлдөгөн машинеси тынымсыз чубурган кан жолдун боюндагы шыйпыр чатырлуу, тегереги темир торлуу сыракананын көлөкөлүү бурчунда июлдун саратан ысыгынан корголоп, чоң банкедеги муздак сырадан - “Арпа” анысы - кере жутуп, кыпчый кармаган тамекисин дембе-дем кере соруп, – чылым аттуунун эң арзаны “Беломорканал” анысы – оозу-мурдунан көк түтүнүн бурулдата үйлөп коюп, мойнун созо төбөсүнөн өйдө, эски чий калпагынын кырынан өткөрө үйлөп коюп, сокоюп жалгыз отурган философия илимдеринин кандидаты, өзү айткандай “качанкы кандидаты” Турар Атаев адатынча ушинтип ойлонду. “А...” гезитинин алтынчы бетиндеги алакандын отундай жерге басылган кабарды, көзгө араң илешкен майда тамгалар менен жыбырата терилген алты сап кабарды жаңы эле окуп болгон жаны арданганынан эки бүктөлүү гезитти барскандай колунун сырты менен ары итерип койду. Эңги-деңги ой арасында “ар” дегенди ичинен бир нече мертебе кайталап айтып, утур-утур кайрып айтып, баамдаса, арына келе албай отурду. Ансайын сырага күчүн чыгарып, үч литрлик банкени капортосунан ылдыйлатты да:
- Арсыздар...! – деп сүйлөнүп, аягын богооз сөгүнүп коё берди. - Ошол жерде өзүм болгондобу!
Ышталган балыкты сыйрып, күңсүгөн жыт ургансыгандан, ири алды мурдуна жакын такады. Чала ышталганбы, чала кургатылганбы, башы чирип, жумуру боорундагы сулп эти сасып кеткенби, жүрөк айнытат. Куйрук жагынан кургак эт издеди ырымга. Чукулап, тиштегилеп тим болду. Мурдун чүйрүп:
- ...дурайындар, курттатып жиберишкенби, балык кургатканды да билишпейт! Анан алдап сатышканга уста! – деди.
Отуз сомдук балык эле, доолагысы келди тыйынын, кайтарылган акысына догурунуп дагы бир чоң банке сыра алайын деди.
Мындайда, сыра уулаган жоролоштору да көрүнбөй калат кашайып, бирде-жарым таанышы көрүнөбү дегенчелик башын созуп, жан-жагына элеңдей каранды. Оюндагысын бөлүшкүсү келгенден каранды. Сыракананы жандай өткөн, ырымга жалатылган асфальттуу кыртышы үбөлөнүп-талкаланган кууш жолдо кимиси кендир кап көтөрүнө, кимиси кытайдын чакмактуу чаарала сумкесин бөктөрүнө жорто басып, көр тирлигинин убарасында базарга же базардан шашкан жолоочулар (азыркынын тили менен айтканда - “бизнестүүлөр”. Дегеним, бул кылымда кыргыздын бир өнөрү чыккан “бизнес” деген, бөртө жүгүрүп тыйын өндүргөндү кесип кылганды айтышат, соодагерчиликти бөөсүндөй көргөн көчмөндүү ата-бабалардын үч уктаса түшүнө кирбеген бир өнөр, ошонун көзүн тапканды “бизнестүүлөр” деп коюшат), өткөн-кеткенди кыйшая тиктей, колдорун шымынын эки чөнтөгүнө тыгып, ары-бери каалгый баскан бекерпоздор (ким жазганын, качан, кантип жазганын ким билсин, айтор, багы тайкы байкуштардын маңдайына жазылганы ушул окшойт го, аларды “бизнеси жоктор”, “бизнестен кур жалак калгандар” деп коюшат), жугунду аңдыган жолбун ит эле болбосо, сыракана ээн эле. Сөгүнгөнүн жалгыз-ак сыра челектин түбүндө отурган сатуучу жигит укту. “Алжыган чал!” деп койду ал далысын салган тейинде.
“Баса, жалгыз бекен же жандаган кыргыздары бар бекен?..” -
Козу Көрпөш, Баян сулуу
Жазылган күн: 3 Апр 2016
Бизден мурун өттү кетти нечен кылым,
Жарыя эски жомок айткан ырым.
Кан соруп, тойбой өткөн канча зулум,
Карабай, Сарыбай деп эки бай бар,
Экөөнүн ортосунда сансыз мал бар.
Карабай, Сарыбайдын жаны бирге,
Жайылып төшкө чыккан малы бирге.
Экөө кеңешишип айткан күндө,
Карабай, Сарыбайдын тили бирге.
Конушта бир отурат үйү бирге,
Чатырды белге тиккен жанаштырып,
Айылдан жалгыз көчкөн адаштырып.
Карабай, Сарыбайда эки аял,
Экөөнү ырым менен айттым баян.
Экөө кечээ күндүз үйдө даяр,
Бир күнү бул экөө жол алышты,
Балабыз уул болсо дос кылсак деп,
Балкып бою, кызып туруп кол алышты.
Кыз болсо курбу болуп жүрүшсүн деп,
Айылдаш коңшулар билишсин деп.
Бири уул, бири кыз болсо шунда,
Убадасы экөөнүн болмок куда.
Аялдын экөөнүн тең айы жетти,
Карабай, Сарыбайлар ууга кетти.
Алыстан кулак салып булар жөнөйт,
Эки аял бапбарабар бирдей төрөйт.
Кемпирлер киндигин жетип кести,
Дем алып эки аял тең көзүн ачты.
Карабайдын аялы уул тапты,
Асмандан нурун чачкан чолпон жылдыз.
Эки бай бир тилектеш кечээ күндүз,
Сарыбайга кудай берди бир сулуу кыз.
Эки байга тең сүйүнчү чаап кетти,
Байлардын эшиткенде көөнү өстү.
Сарыбый кыз бермекке болду кайыл,
Карабай мал бермекке болду тайын.
Жентек той, кудалык той болду бирге,
Экөө тең катташып жүрдү күндө,
Карабай, Сарыбайда кызык өскө,
Байбиче сүйүнгөндөн салды сөйкө.
Экөө насип болду жазып калам,
Карабайдын байбичеси сулуу Санам.
Экөөнүн убадасы мурун нечен,
Калыңды бай Карабай берди нечен.
Сарыбайдын байбичеси сулуу Шекер,
Экөө тең максатына качан жетер.
Карабай кудалашып сыйды көрдү,
Тагдырдан ажал жетип шондо өлдү.
Кызыккан кудаларды теңир бөлдү,
Кайгыны санашканга катуу салды,
Арзуу менен коргон уулу жетим калды,
Аксанам артык сулуу жесир калды,
Бул өлүм экөөнө кесир салды.
Козуке Карабайдын баласы эле,
Тиктесе оң көзүнүн карасы эле.
Өлбөсө Карабайдын кубаты эле,
Экөө бир тилекте турат эле.
Сарыбайдын көргөн кызы сулуу Баян,
Карабайдын түшүндө көргөн аян.
Шум өлүм экөөнү бөлүп кетти,
Ажал күчтүү бай Карабай өлүп кетти.
Байбиче Санам жесир калды жатып,
Козуке жетимче деп кызын бербей,
Бөлүнүп өз элинен кетти качып.
Убада, шерт жолуна чыдай албай,
Тагдырдын буйругуна ынай албай,
Сарыбай акылынан кетти шашып.
Санам сулуу калың берип калды күйүп,
Он бешке бала жетти жетим жүрүп.
Козуке он бешке энди жеткен,
Ордо ашык болсо баарын черткен.
Козуке минип жүргөн буурул жорго,
Баладан кутулбаган салган ордо.
Ордого кызык болгон бала шондо,
Баладан Санам сулуу көөнү тынды.
Ордодон чүкө чертти эр Козуке,
Козуке черткен чүкө учуп барып,
Чекеде бир кемпирге катуу тийди.
Отурган Бакты жандын буту сынды,
Чыңырып Бакты кемпир жаны күйдү.
Бир убакта эс токтотуп өйдө турду,
Ачулуу Бакты кемпир бир сөз урду:
Ордого мурун шашып жеткен бала,
Жашында атасы өлүп көпкөн бала,
Көпкөнүң зыян кылды эми мага,
Айтайын сен билбесең сырды сага.
Карылык жакын жеткен мен бир муңдуу,
Кайлыгың алыс кеткен Баян сулуу.
Өз атаң байлык кылган али бойдон,
Карабай келин алмак Сарыбайдан.
Атаңдын ээлеп калдың барлык малын,
Артыкча Баян сулуу сенин жарың.
Көпкөнүң мен кемпирге көрсөтпөстөн,
Кайлыгың Баян сулуу жетип алгын.
- деп, Бакты кемпир ачуусу келип, бутунун оорусуна чыдай албай, Козукеге энеси жашырып жүргөн сырды айтат. Бала таң калып, энемден сурайынчы деп энесине барат. Энеси балама айта турган маалы келген жок деп сырын жашырат. Козуке эмне кыларын билбей ойлонот да, тура калып, эне курсагым ачты, буудай кууруп берчи дейт. Энеси чын көөнү менен буудай куурат. Козуке шашып, кочуштап алып бер дейт. Энеси шашкалактап, жетим өскөн чунагай деп, кочуштап алганда, колунан бекем кармап, мени балам десең айт сырыңды дейт. Энеси колунун күйгөнүнө чыдабай кое бер балам айтайын деп жалынат.
Козуке энесинин колун бошотот.
Кара оозуна кан толгур,
Жин оозуна жин толгур,
Кандай неме айтты экен.
Чоңое элек жетимге,
Чогууда бирөө айттыбы?
Эскире элек жетимге,
Эрмектеп бирөө айттыбы?
Акылы жок жетимге,
Айылдан бирөө айттыбы?
Болбоду көөнүм бир күн жай,
Кайнатаң аты Сарыбай,
Кайненең Шекер, мен Санам,
Сурадың кыйнап сен балам.
Арманым артык менде алам.
Комментарийлер
belka
02 Май 2016 - 23:45happy02
02 Май 2016 - 19:51belka
23 Май 2015 - 03:06belka
29 Ноя 2014 - 16:47MoXiTo
25 Ноя 2014 - 18:10