Aitunuk Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 792 (0,2 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (643 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 11 Август 13
- Кароолор:
- 21 142
- Соңку аракети
- 11 Май 2020 00:36
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 34 жашта
- Туулган күнү:
- Февраль 19, 1990
- Жынысы:
- Аялзаты
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Орозбек Айтымбетов
Жазылган күн: 8 Сен 2018
Орозбек Айтымбетов
МАЙТОПУРАК (Аңгеме)
Уруш бүттү. Басылган коога элди кыйрысын ургандай бүгүп кетти. Аябай каржалган эл уруштан кийинки жылдары да мантыга албай турду… Сары башайы жамынган тоо арасы, анын өндүрлүү чалкагынан орун алган алыскы кыргыз айылы ээнсиреп, күн каңдак тартып айланасы кеберсип, кубарып жатты. Асек мектептен түш оой чыкты да үйүнө бет алды. Күн чубагы таптуу болбогон менен сары өзөнгө, кубаңдаган чаптарга, аңыздарга мемиреп тийип турду. Демейде чоң көчөгө түшүп, кийин үстү жакка кетчү тик көчө менен үйүнө барчу Асек бу жолу мектептен чыгар замат эле аны жандай өткөн тик көчө менен өөдө салып, Какиштин тамына жете бербей оңго бурулду да, жолду кыскартмакчы болуп, тамаркасы корулбаган аңызчаны аралап жөнөдү. Какиштин тамынан өтө бергенде бет маңдайдан кимдир бирөөнүн салып жаткан жаңы тамын көрдү. Дубалын кыйла көтөрүп, бирок үстүн жаап, кирип алганга үлгүрбөй калыптыр…
Дал ошо тушта, үйүндө жаңы катырып жаткан карышкырдын кебине алагды болуп келатты эле, анын оюн тамдын түбүндөгү чуңкурдан чыга албай эрбеңдеп жүргөн караан бузуп жиберди.
«Бу ким өзү?» Асек кайрылып, түз эле чуңкурду көздөй басты. Там салганда түбүнөн топурак алына берип, чуңкур киндик бою тереңдей түшүптүр.
— Оп, мурдуңду урайын, ушу жерге да ойнойсуңбу? — деп эркелете үн катты жете берип.
Бала бейтааныш кишини көргөндө коркконунан алаңдап, ыйламакчы болуп, бирок ыйлай албай муунагып, кичинекей кочушундагы майда ак чополорду чачып жиберип, чуңкурдун аркы четине бөжөкчө бүжүрөп калды.
— Коркпо, мен Асек деген байкең болом. Тээтиги мектепте мугалиммин. Сен чоңойгондо биологиядан сабак берем,— деди ал адатынча жайдарылана.
Бала Асектин сөзүнө түшүндүбү, жокпу, айтор бозала чаң бойдон катты да калды. Асек чуңкурду айланып, баланын тушуна келди. Эңкейип тартып алды.
— Кана, кимдин баласысың? Айтчы, мен бир угайын,— деди Асек күлмүңдөп.
Бала бейтааныштын ок чарпып кеткен тырык жаагын мелтейип тиктей берди…
Асек баланын кийимдерин күбүп жатып, аябай эскиргендигин байкады. Бутунда кичинекей разинке өтүк. Аны да коңултак кийип алган. Жылаңбаш.
— Карачы, үшүп кетипсиң,— деди Асек баланын көк муштум болуп турган бети-башын жылуу алакандары менен жылытып. — Ээгиңдин баары топурак…
Бала унчукпады, кимдин баласы экендигин да айтпады.
— Мейлиң,— деди Асек эч нерсени капарына албай,— мектепке келгениңде билип алам. Эми, бар үйүңө.
«Ушундай да ата-эне болобу? Тоо арасы болсо, күн суугуна тартып калган кез болсо, баласын жылуу-жумшак кийинтпей, жылаңач бойдон көчөгө ойнотуп…» Асек жолдо карата ушуга кейий берди. Үйүнүн босогосуна кантип келип калганын туйган да жок. Каалганы ачты. Балдары атасын көрө чурулдап, тосо чуркашты. Дасторкон үстүндө балдарына астыртан көз кыйыгын салды. «Булар бири-бирине атаандашып кийинишет».
Ошо күнү ал катырып жаткан карышкырын бүтүүгө ниеттенген эле.
Түн бироокумга чейин эски ээн тамында түйшүктөнө берди. Адегенде карышкырдын малга кол салганы бөгүп келаткан сымбатын жасап көрдү. Бирок ал дайым эле кол салып жүрбөйт да, куугундан качып да жүрөт. Эми бөрүнүн куугундан безип, кыраңга чыга берген жерин жасады. Кеп ойдогудай чыкты. Кашабаң куйругун кыпчып, төмөнкү коктунун таманында артынан сая түшүп келаткан куугунчуларга кектүү тиш кагып, тумшугунан куйругунун учуна чейин жаадай ийилип, жону дүкүйүп, салып-уруп барат…
Асек эртеси да негедир кечөөкү жолуна салды. Ал мергенчи досу убада кылган кулжанын кечигип жатканына алагды болуп келатып, бая жаңы салынып жаткан тамдын жанына келип калганын да туйган жок. Чуңкурга жакындап калыптыр. Эки, үч кадам калганда чуңкурдун күнөс жеринде кандай олтурса ошондой уктап калган кечөөкү баланы көрдү. Бала чуңкурдун муздак капталына жөлөнгөн тейде эки буту сунулуп, башы көкүрөгүнө шылкыйып, дем алган сайын кичинекей көөдөнү билинер-билинбес кыймылдап жатты.
«Бу кимдин баласы? Чуңкурда эмнеси бар? Капырай, ушундай да ата-эне болот экен-ээ?!» Асек тегеректегилерди кыдыра баштады эле, баарынын балдары үйүндө болуп чыкты. Эми ал баягы там аркасы корулбаган аңызча менен Какиштин үйүнө басты. Кирсе эки баласы окуштан жаңы келип, кызыл дасторкон жайылып, Какиш өзү нан кесип, балдары барды-жокту билбей бапырап аны тегеректеп, аялы улам бир табакка буусу буралган, асел жыттуу картошка сорпо куюп дасторконго узатып, үйдү күлкүлүү кобур басып, шагдан отурушкан экен.
Асек ичкери кирип салам айткыча болбой Какиш:
— Кел, Асек — деп ордунан тура калды. Анан көздөрү ойноктогон кара баласын жекирип калды. — У кудай урган, мырык, кийинчерээк тентегиң ашынып кетти эле, бул агайың кантсе да саа келген болуу керек…
Балдар алдыларына келген ырыскыларын ичип-жеп, орундарынан туруп кетти.
«Булардын да төрт көзү түгөл өңдөнөт, — деп жоруду Асек. — Же болбосо эбак издеп калышат эле…»
— Кемпир,— деди купшуңдаган Какиш балдары сыртка чыгып, ойноп кеткенден кийин аялына,— молдокем келип калган экен. Бирдемең болсо…
— Ыракмат, Какиш, — деди Асек, — мен ичпейт эмесминби. Аны өзүң да жакшы билесиң…
— Ой, молдоке ай-е! Баш ийкеп коюп, сыр бербей олтура бербейсиң да. Сенин аркаң менен… — деп баж-баж күлгөн болду.
Аңгыча аялы дасторконду жыя баштады.
— Какиш,— деди Асек өтүнгөн үн менен, — мобу жаңы салынып жаткан үй кимдики?
— Агамкы.
— Ошо үйдүн чуңкурунда бир кичик бала уктап калыптыр. Кечөө да ошо жерде ойноп жүрөт эле, бүгүн да…
— Ыя, кемпир, бая чекир болуп жүрбөсүн? — Какиш шектене шыпшынып алды. — Ал эмне көрүнбөйт? Карайынчы. — Анан обдулуп, сыртка тура жөнөдү. Асек удаа чыкты.
Алар чуңкурга келгенде бала чыйрыкканбы, эки тизесине башын катып, кайыккан колдоруна майда кесек туткан бойдон уктаганы же үшүгөндөн жыйрылганы белгисиз, бүрүшүп олтуруптур. Төбөдөн кыңая түшкөн күндүн көлөкөсү анын олтурган жерине жетип калыптыр.
— Ок-кудай урган, чекир тура… — деди Какиш чочуган кишидей оң колунун сыртын сол алаканына тарс чаап. Анан барк этти. — Эрке-ба-ай!
Үн чыкканда бала селт чочуп кетти. Адегенде ордунан шар тура албай жер таянып, жыгылып кете жаздап, темтеңдеп, муундары титиреп, араң дегенде өйдө болду. Кыйнала дем алып, көкүрөгү кыркырап…
Какиш чуңкурду айланып барып, төмөн эңкейип, «кел» деп колун суна бергенде, бала негедир жалтанып, башын ката бүжүрөй калып, аны жазгана тиктеп, анан өзүнө сунулуп турган кош колду көргөндөн кийин, кара көк тарта үшүгөн, эти качкан, илмийген колдорун ишенимсиз өөдө сунду. Какиш баланы тартып алды.
— Ие, Какиш, көп эле бала-бакыралуу болдуң, бала бапестеш жагынан жетик парасатың бар. Буга суук тийгизип алсаң өзүңдүн шоруң эмеспи. Жок дегенде, кийинтип койсоңор боло. Жер тоң тиштеп калган учурда…
Какиш ак да, көк да деген жок. «Бизде кандай тиешёң бар» деген кыязда баланы көтөрүп үйүнө камырабай басып кетти.
«Кудай урган, ата да ушундай кайдыгер болобу?» Асек үйүнө бүгүн күндөгүдөн да кечирээк келди. Алиман бала-бакырасын түштөндүрүп, көчөгө ойнотуп жиберип, Асекти күтүп олтуруптур.
— Асеш, эмне мынча кечигип? — деди жароокерлене.
— Иш болуп. Мобу Какиш деген неменин бала-чакасы менен таптакыр эле жумушу жок окшойт. Бир баласы кечөөтөн бери ле чуңкурда жүрөт. Бүгүн көкүрөгү кырылдап калыптыр. Суукка урунуп калганбы?
— Кайсыл? — деди Алиман сөзгө аралжы боло.
— Аркы көчөдөгүчү.
— Коё турчу,— деди ал бүшүркөй. — Кандай бала экен?
— Кичине. Төрт-беш жаштарда.
— Кийимичи?
— Жупуну — жамаачы боз кемсел, жалаңкат трайке шым, разинке өтүк.
— Өтүгү күрөң бекен?
— Ооба.
— А-а, ал Какиштин өз баласы эмес, агасынын баласы.
— Койчу?! — Асек чочуп кетти.
— Койбой эле… Токуш майдандан келген жылы төмөнкү айылдан жаш келинге үйлөнбөдү беле. Ошо зайыбы Токуштун картаңдыгын эми көрө койгонсуп чанып, эрте жазда башка бирөөнү ээрчип, түштүк тарапка ооп кеткен…
— Ой-боой,— деди Асек кечээки эле өткөндү эстөөгө тырышып. — Уккам… Көргөм…
— Ошондон кийин Токуш өзүнөн-өзү чүнчүп, элден корунуп, жаңы салып аткан үйүнөн кечип, баласын инисине калтырып, баса берген. «Аял алыптыр» деген имиш бар.
Асекке эми баары түшүнүктүү болду.
— Үйлөнгөнү анык болсо баласын колуна алып албайбы?
— Алыптыр. Бирок кийинки аялын дагы эки бала ээрчий келиптир. Балдар батыша албай, нааразылык тууй баштаганда уулун инисине кайра жеткирип бериптир деп айтышат…
Асектин көз алдына чуңкурдан чыга албай эрбеңдеген кичинекей караан, ошол эле аңдын күнөс жерине бүжүрөп уктап калган ирбийген арык бала элестей берди.
* * *
Асек кийинки күндөрү дайыма салынып бүтпөй калган тамдын жанынан өтчү болду. Баланы да эки курдай көрдү. Бая сөздөн кийин Какиш уялганбы, айтор, балага маңдайкы калканчы сууга тийип шалпайган кара шапке, балдарынын түлөгөн тонун, жүнү бошоң тарткан сокмо чокой кийгизип коюптур.
Асек баланы соңку жолу майрам күнү көрдү. Мектеп окуучулары ата-энелерге оюн көрсөтүп, ошондон келаткан… Какиштин бийик короосунун жанындагы мамыда жоон топ ат байланып турат. Үй жактан деңге мас, алагүү кишилердин кажы-кужусу, каткырыгы чыгат, Кейпи Какиш мал союп, конок күтүп аткан болуу керек…
Асек там аркасы корулбаган аңызчага жете бергенде «тоюнбаган куу тумшук» деген аялдын чаңкылдаган үнүн угуп калды. Үнгө удаа эле короодон кибиреңдеп бая бала чуркап чыкты. Анын артынан дагы бирөө көрүндү. Кейпи, качып бараткан немени куугандан эринди окшойт, жер сыйпалап, колуна урунган эле кесек менен зыргыта баштады. Ага дагы бирөө кошулду. Эми кесек качып бараткан эрбеңдеген балага жамгырдай жаады.
Бала аңызчадагы дөңгүлгө чалынып, жүз төмөнүнөн кетти. Асек кыйкырып жиберди. Какиштин балдары заматта көздөн кайым болду.
— Өжү… өжү… — деди бала жете келген Асектен жалтайлап. Чекеси каксоо жерге сүрдүрө түшкөн экен, жаагынан ылдый шүүшүн кан акты. Коркконунан калчылдап, бозоргон жүзү ого бетер кубарып «өжү… өжү…» деп апакаарый берди. Кийин, ырайымдуу көздү чалдыктырган соң коркунучу тарай баштады.
Асектин ачуусу келди. Бейкүнөө баланы жетелей кирип Какишти кокологусу, чаңкылдаган таш боор катынын бир муштап күм-жам кылгысы, ошентип, баланын өчүн алгысы келип жатты. Кызууланып, баланы жетеледи. Бирок бала уясынан жылаан көргөн чымчыктай дирилдеп, кетенчиктеп туруп алды. Короодон да эч ким чыкпады. Акырындап Асектин кайнаган ачуусу дымып, баланын сүрүлгөн чекесин басууга өттү.
Бала мүдүрүлгөн жерде четине тиш тийген кызыл боорсок жатты. Бирок бала аны карап да койгон жок. Үйгө баруунун ордуна салынып бүтпөй калган тамга илээлей басты. Жылдызы түшүп, баарынан айрылган үмүтсүз адамдай аянычтуу эле.
…Асектин оюна бир нерсе түштүбү, деги, үйүнө чукулдаганда кайра артына бурулду. Жүрүп олтуруп, салынып бүтпөй калган тамдын жанына кайра келди. «Баланын ээн тамда, чуңкурда эмнеси бар?» Асекти ушу кызыктырды. Аяр басып, эшиктен моюн созуп караса, кире бериште эч ким жок. Ичкери кирип, кулак какты. Эч дабыш билинбейт. Плита түшчү аңырайган жылчыкка келип, аркы бөлмөгө баш бакты. Тыноо чыкты. Бурчта, бала томуктай болуп бүгүлүп, башын төмөн салып, чиренип, ыйынып атыптыр.
«Корголу катып калганбы?» деп ойлоду Асек. Жакшылап карады. Жок, корголу катпаптыр. Жерге кан аралаш боз көбүк түшүп жатканын көрдү…
Бала кеминде бир сааттай ыйынып, анан алсыз-алсыз үшкүрүнүп өөдө болду. Кыйналгандан алы кетип, тердеп чыгыптыр. Асек ошондо гана баланын кареги ылдый шорголоп салаалаган буурчак-буурчак жашты көрдү. Ошого удаа «и-ий!» деген ичке, создуккан онтоо чыгып, бала ичин басып, кыйлага өкчө түшүп калды.
Асектин жүрөгү мыкчыла түштү. Дубалдын далдоосуна эки далысы жабышып, катып калгансыды. «Бала да үнсүз ыйлайбы?» Асектин көңүлү тумандап, ушу суроого, баланын азыркы абалына жүрөгү шала-шала тилинип турду.
Бир маалда кыска, күңүрт дабыш чыкты, Асек акырын баш бакса, бала ички бөлмөдөн сырткы бөлмөгө чыкмакчы болуп, фундаментке жармашып, бир бутун анын кырына ашырып, экинчи буту менен таканчыктап барып, тартынып, кырына көтөрүлдү. Түшкөндө боортоктой калып, эки бутун төмөн салаңдатып жиберди.
Бала үйдөн чыкты.
«Эми эмне кылар экен? Кайда барар экен?» Асек акмалай басты.
Бала эч жакты карап да койгон жок. Ага үй тарабында эт талашып чыркырашып жүргөн Какиштин балдары да, өзү жылбышып түшкөн чуңкур да баары бир болуп калган шекилди.
Асек тамдын бурчунан кылтыйып, байкай баштады.
Бала чуңкурга түшөр менен улам бир чопону кармалап, кээсин ###### көрүп, жаратпай таштап атты. Кийин чуңкурдун оюк түпкүрүн тинте кетти. Бироокумда колуна чоңдугу сакадай ак чополуу күкүм урунду. Бала аны ###### көрдү да тамшанып, тегерегин каранды. Эч ким көрүнбөгөн соң чуңкурдун көздөн далдоо оюк жерине малдаш уруп, топуракты ырахаттана ######, анда-санда тиши менен кетип жей баштады.
Асек көргөн көзүнө ишене албады. Дааналап карады. «Ооба, жеп атат. Ачка экен… Олда, ананайын-ай…» Асек эми шырп алдырбай тамдын бурчунан чыгып, чуңкурдан оолак айланып өтүп, төмөн жактан келаткан, билмексен киши болуп, жөтөлүп үн салып, аңга жакындады. Бала дүбүрттөн улам эрбең этип, чуңкурдан көрүнө түштү. Асек унчукпай, чуңкурдун бала турган четине өтүп, тартып алды. Жүзарчысы менен топурак болгон эриндерин сүрттү.
— Мени тааныбай турасыңбы? -— деди ал элеңдеген балага. — Мен жанагы Асек байкең эмесминби… — Үнү күймөлүп, камыгып чыкты. — Мына, мобу момпозийлерди, беченийлерди сага алып келдим. Ала гой, жей гой.
Асек балдарына арнап алган биртике белектердин оозун ачып, баланын түлөгөн тонунун чөнтөктөрүнө толтура салып берди да үйүнө жөнөдү. Жолдо карата кимгедир нааразы боло берди…
Ошо кечте ал суусамырлык мергенчи досу алып келип берген кулжаны катырды. Короолдо турганын, оттоп жүргөнүн, зоокадан зоокага секиргенин жасап көрдү. Баары жакпай калды, кайра бузду. Эми, үркүп бараткан кулжаны жасады. Эки алдыңкы шыйрактары бийиктикке — алдыга сунулуп, эки арткы буту асканы үзө тээп… Ушунусу купулуна толду. Эми кулжанын терисин иод менен чайкап болуп, ичин кургак саманга ныктай толтуруп, биротоло катырды.
Асек кийинки күндөрү катырган кептерине көз жүгүрттү. Мобуреки кумдун үстүндө сойлоп келаткан жылаандын коркунучтуу сөөлөтү, азыр эле туш-туштан чыгып жара тартып кетчүдөй карышкырлар, бир серпилүү менен үйдүн дубалын буза сүзүп уратып, тоо беттеп каччу көздөнгөн кулжа, адамдарды эр жүрөктүүлүккө үндөп, шаңшууга даяр турган бүркүт, каманга кол салууга даярданган жаш ителги… Ошентсе да, Асек түн бою чырм этпей эмгектенген түндөрү, өзгөчө, илбирстин тобуна кол салууга ниеттенген шумкардын кебин катырып жатканда абдан бактылуу эле. Карегинде бир чеким булут үстүндө калкыган шумкар бугуп калган душманын издеп, миздүү чокулардын үстүндө чарк айланып, мына эми көрүп, кайра чамынып, каарданып, шукшурула тик сайылып келатканы элестеген… Асекте мындайда чарчоо да, чаалыгуу да жок. Башы менен ажайыпка кирип берет. Ошо ажайыптан жаңы чыгарма жаратат. Ал чыгарма анын бактысы, өмүрү, досу, мейманы.
«Мына, жакында булардын баары тең мектептин зоологиялык музейине коюлат» деп ойлоду ал. Анан, негедир бушайман боло берди. Анын катырган каармандарына бир нерсе жетпей жаткандай сезилип туруп алды. Ошо өксүк нерсе Асектен качып, жеткирбей узап бараткансыды…
* * *
— Какиш,— деди Асек. — Эстүү-баштуу адамсың. Болуптур, бала көнө албай койду дейли. Аны бир жылуу-жумшак кийинтип, тоё ичинтип туруш колдон келет эле го…
— Омэ-эй, сен тим эле элдин баарын алдыңа салып айдап алгандай сүйлөйт экенсиң да?!
— Какиш, бул курбулук гана пикирим, жолдоштук дооматым.
— О, сенин жодошчулугуңду… Сен мени жамансынтып, элге кеп-сөз кылгың бар го?! Бала деген бала! Биз эмне ширин ичип чоңоюптурбузду? ! А сен тээ ачарчылыкты курсагың тойгондон кийин унутуп калган экенсиң да! Тим эле асмандан түшө калгансып…
— Какиш, биздин балалыкты балдарыбыз башынан өткөрбөсүнчү, ылайым. Бейпил турмуш деген бардар турмуш. Андай экен, өз балдарыңды эмне үчүн аңызга жайып ийген жоксуң? Эмне үчүн бармактай бала топурак жеп, күн көрүш керек?
— Ой, Асек, анын атасынан жакшылык көрө албадым. Бир катындын айынан баласын, салып жаткан үйүн кечип баса берди, анан анын баласынан жакшылык артмак беле?!
— Балада эмне күнөө?
— О сенин ошо балаң экөөңдү…— Какиш музоо тиш жоон өрүм камчысын сүйрөп, мугалимдер бөлмөсүнөн чыгып кетти.
«Сенин итчилигиңди башынан эле билчүмүн. Бирок ушу мерездигиңди балапан бала кийин кечирээр бекен?» Асек башка камчы жеген аттай, темселеп кала берди.
Ошо күнү ал бая күнү катырган карышкырына дагы жакшылап көз жүгүрттү. Байкаса, бөрү элестүү катырылган менен анын нукура касиети — эч кимге жакшылыгы артпаган мерестиги даана байкалбай калган экен.
Асек кепти кайра бузду. Эми карышкырдын качып бараткан элесин эмес, өз пайдасын көздөп, өзүмчүлдүгү баарын жеңип, бир нерсени аңдый басып келатканын катырууга белсенди. Жонун гана эмес шили жүнүн да тикчийтип, дүкүйтүп, музоогобу, козугабы, улаккабы, айтор, коргоосуз калган бир бечарага кол салганы жыла басып келатканын жасоого киришти. Башын жерге салган карышкыр бирөөлөргө көрүнүп калуудан сактанып, өтө аяр. Дабыш алдырбайт. Эки арткы жана алдыңкы оң шыйрагы жерди ныгыра басып, а сол шыйрагын шилтөөгө ниет коюп саал көтөрүп, алдыга таштаган. Моюну төмөн ыгып, а тумшугу илгери созулуп, көздөрү тикчийип алдыда — өтө муздак да, ырайымсыз да…
Карышкыр ошо бойдон катып калды…
Асек мерездиги, таш боордугу башынан ашып турган бөрүнү узака-а, узака-а карап отурду…
* * *
…Кечөөтөн бери ал Какиштин тамынын тушунан, салынып бүтпөй калган тамдын түбүндөгү чуңкурдун жанынан өтө элек. Кеп катырчу эски тамында жалгыз. Күн бүркөк, чыкыроон. Эски ээн там көк жыттанат. Үшүгөндөн буттары сайгылашып, колдору томугат. Бирок Асек муну эч сезбейт. Ал көңүлүндөгү ажайып дүйнөгө кирип алган… Алаканында жүндөрү үлбүрөк, төшү сарала, кооз чымчык. Мына, канаттарын бир аз көтөрө түшсө баары бүтөт.
Каракол өзөнү тараптан караандай суук шамал сого баштады. «Бала эмне болду? — деп кейиди Асек. — Үшүйт ко эми…»
Кечке маал чымчык «экинчи өмүрүн» сүрө баштады. Ал чырылдап, жогдор жүнү үрпөйүп, канаттарын жая, балапандарын душмандан коргоп жаткансыйт. Чийдей ичке текөрлөрү алдыга серпилип, канаттары дирилдеп, тумшугу саал жекирейип, душманын чокуп, көзүн көр кылчудай түрү бар. Энелик каары төгүлүп, душманы улам кетенчиктеп, чегинип бараткансыйт. Дал ушу энелик ыйык касиет кичинекей чымчыкты баарынан улуу, сүрдүү кылып тургансыйт…
Асектин музейиндеги өксүк нерсенин орду эми толгонсуду.
Сыртта ак бороон улуйт.
…Асек үйдөн чыкканда анын колтугунда кагазга оролгон бир нерсе бар эле. Ал салынып бүтпөй калган тамды көздөй келатты.
— Эркебай!— деп кыйкырды Асек там менен чуңкурдун арасына жете бергенде. Сөзүн борошолуу будуң жула качып жатты.
Там ичинен да, чуңкурдан да жооп болбоду.
— Эркебай!—Асек калдастап, үстү аңылдаган тамдын ичин түгөл карап, кайра чуңкурдун кырына келди. Эч кимди көрө албады. «Ушул эле жерде болуш керек эле» деген ишеним аны ошо тегерекке катуу айланчыктатты.
Аңызчадан учкан чөп-чар чуңкурга учуп түшүп, сууктан ыктоо оюгуна уюлгуп, жыйнала калыптыр. Асек бир нерседен кур калып жаткан адамдай тынчсызданып жана кыйкырды:
— Эр-ке-ба-ай! — Үнү кооптуу чыкты.
Жооп да, кыймыл да болбоду. Эми Асек чуңкурга секирип түшүп, самандын кыпындары уюлгуй баскан оюкту челе баштады. Үстүнкү маяны шилеп салгандан кийнн баланын түлөгөн тонунун өңүрү булак деп чыга түштү.
— Эркебай!—Асек эски тонуна жыртык тизесин катып, бүрүшүп жаткан баланы оюктан сууруп ала койду.
Баланын денеси оорлоп, муздап калган эле… Асек баланы алдына алып катуу-катуу силкилдетип жиберди. Тигинин колдору солдоюп, башы шалактады…
— Эркебай!—Асектин үнү каргылданып чыкты. Баланын ээгин жөлөп атынан чакырды. Бала ошондо гана көзүн зорго ачты.
— Аш… байке… — Эриндери билинер билинбес бүлк этти.
— Эркебай!
— Ашек байке…
— Эркебай! Садагасы кетейин! Мына мен келдим!..
— Аш-шек бай-ке-е!! !— Ушу кезге чейин үнсүз ыйлап келген мөмөдөй бала эми гана балалык добушун салып, чыр-р эте түштү. Бул анын көптөн кийинки эрээркеши, көптөн кийинки жан мусасы болучу…
Топурак жей берип, жарылып кеткен эриндеринен сызылып кан чыкты. Тирүүлөй жетимдин илмийген алсыз колдору калчылдап, мээрман адамдын мойнуна асылды. Анын жан кейиткен ачуу ыйы өтө зарлуу эле…
Асек арнап ала келген кийимдерин чуңкурга унутуп, жылаңбаш балага кара көрпө тумагын кийгизе салып, ичигине катып, үйүн көздөй бет алды. Карлуу борошо эми бет маңдай тараптан сого баштады. Бирок ал ызгаарга тике бетпагып, чачтары шамалга бириндеп, баланы жылуу жүрөгүнө кыскан бойдон алга адымдай берди.
Көп өтпөй, бала жылдызы жарык бейтааныш эненин жылуу кучагында калды. Анын суукка карышып калган кичинекей кочушунда ак чопонун бир топ үбөлөндүлөрү бар эле.
— Бул эмне? — Алиман майда үбөлөндүлөрдү алып жатып таңдана унчукту.
— Майтопуяк…
Асек жашып кетти:
— Айланайын… айланайын… Тууган жердин топурагындай татты топурак болорбу?!
1975
-
Жалалиддин Руми
Жазылган күн: 20 Июл 2017
Жалалиддин Руми
Эрди-катын жөнүндө
Бир айтканын миң кайталап аял кажыйт күйөөсүн:
"Жашообузду ойлогондо ичтен сызып күйөсүң!
Көрөр күнүм ушул беле алым кетип жүдөдүм,
Ачык күн да айсыз түндөй, сыздап ооруйт жүрөгүм."
"Жок жеринен күнөөлөбө сен деп жүргөн кишиңди,
Деди эркек, мен да жасап колдон келген ишимди
Ач-жылаңач кылбайын деп, болбойлу деп элден кем,
Бекер жүрбөй иштеп жатам, таппасам да жерден кем."
Аялдын го өзгөрүлбөс начар болду кыялы,
Бир күнү ал айрылды дейт көйнөгүмдүн тиягы.
Дагы туруп айтып калат, жаңыртпадым кийимди,
Бир алганым ошол бойдон жыртылганча кийилди!
Эркек айтат: "Бай эмесмин, жетсем андай тилекке,
Жашообузду оңоп, сени оромокмун жибекке.
Ошондуктан ойлоп көрчү, сөзүң кандай жүйөөсүз,
Жашоо абдан кыйын болмок жалгыз жүрсөң күйөөсүз.
Эри менен ажырашып, жалгыз калып эсирген
Аялдардын тагдырынан көйнөк жакшы эскирген.
Ажырашуу, жалгыздыктан жардылыгың жүйөөлүү,
Ошондуктан кесирленбей, тобо кылып жүрөлү!"
Которгон: Кубанычбек Басылбеков. -
Марк Твен Приключения Гекльберри Финна
Жазылган күн: 1 Май 2016
ПРЕДУПРЕЖДЕНИЕ
Лица, которые попытаются найти в этом повествовании мотив, будут отданы под суд; лица, которые попытаются найти в нем мораль, будут сосланы; лица, которые попытаются найти в нем сюжет, будут расстреляны.
По приказу автора
Генерал-губернатором
Начальником артиллерийского
управления
ОБЪЯСНЕНИЕ
В этой книге использовано несколько диалектов, а именно: негритянский диалект штата Миссури, самая резкая форма захолустного диалекта Пайк-Каунти, а также четыре несколько смягченных разновидности этого последнего. Оттенки говора выбирались не наудачу и не наугад, а, напротив, очень тщательно, под надежным руководством, подкрепленным моим личным знакомством со всеми этими формами речи.
Я даю это объяснение потому, что без него многие читатели предположили бы, что все мои персонажи стараются в говоре подражать один другому и это им не удается.
АВТОР
Глава I
Вы про меня ничего не знаете, если не читали книжки под названием «Приключения Тома Сойера», но это не беда. Эту книжку написал мистер Марк Твен и, в общем, не очень наврал. Кое-что он присочинил, но, в общем, не так уж наврал. Это ничего, я еще не видел таких людей, чтобы совсем не врали, кроме тети Полли и вдовы, да разве еще Мэри. Про тетю Полли — это Тому Сойеру она тетя, — про Мэри и про вдову Дуглас рассказывается в этой самой книжке, и там почти все правда, только кое-где приврано, — я уже про это говорил.
А кончается книжка вот чем: мы с Томом нашли деньги, зарытые грабителями в пещере, и разбогатели. Получили мы по шесть тысяч долларов на брата — и все золотом. Такая была куча деньжищ — смотреть страшно! Ну, судья Тэтчер все это взял и положил в банк, и каждый Божий день мы стали получать по доллару прибыли, и так круглый год, — не знаю, кто может такую уйму истратить. Вдова Дуглас усыновила меня и пообещала, что будет меня воспитывать; только мне у нее в доме жилось неважно: уж очень она донимала всякими порядками и приличиями, просто невозможно было терпеть. В конце концов я взял да и удрал, надел опять свои старые лохмотья, залез опять в ту же бочку из-под сахара и сижу, радуюсь вольному житью. Однако Том Сойер меня отыскал и рассказал, что набирает шайку разбойников. Примет и меня тоже, если я вернусь к вдове и буду вести себя хорошо. Ну, я и вернулся.
Вдова поплакала надо мной, обозвала меня бедной заблудшей овечкой и всякими другими словами; но, разумеется, ничего обидного у нее на уме не было. Опять она одела меня во все новое, так что я только и знал, что потел, и целый день ходил как связанный. И опять все пошло по-старому. К ужину вдова звонила в колокол, и тут уж никак нельзя было опаздывать — непременно приходи вовремя. А сядешь за стол, никак нельзя сразу приниматься за еду: надо подождать, пока вдова не нагнет голову и не побормочет немножко над едой, а еда была в общем не плохая; одно только плохо — что каждая вещь сварена сама по себе. То ли дело куча всяких огрызков и объедков! Бывало, перемешаешь их хорошенько, они пропитаются соком и проскакивают не в пример легче.
В первый же день после ужина вдова достала толстую книгу и начала читать мне про <a href="http://old. prosv.ru/ebooks/lib/79_Mark_Tven_Geklberri_Finn/ 23.html#к1">Моисея в тростниках , а я просто разрывался от любопытства — до того хотелось узнать, чем дело кончится; как вдруг она проговорилась, что этот самый Моисей давным-давно помер, и мне сразу стало неинтересно, — плевать я хотел на покойников.
Скоро мне захотелось курить, и я спросил разрешения у вдовы. Но она не позволила: сказала, что это дурная привычка и очень неряшливая и мне надо от нее отучаться. Бывают же такие люди! Напустятся на что-нибудь, о чем и понятия не имеют. Вот и вдова тоже: носится со своим Моисеем, когда он ей даже не родня, — да и вообще кому он нужен, если давным-давно помер, сами понимаете, — а меня ругает за то, что мне нравится курить. А сама небось нюхает табак — это ничего, ей-то можно.
Ее сестра, мисс Уотсон, порядком усохшая старая дева в очках, как раз в это время переехала к ней на житье и сразу же пристала ко мне с букварем. Целый час она ко мне придиралась, но в конце концов вдова велела ей оставить меня в покое. Да я бы дольше и не вытерпел. Потом целый час была скучища смертная, и я все вертелся на стуле. А мисс Уотсон все приставала: «Не клади ноги на стул, Гекльберри», «Не скрипи так, Гекльберри, сиди смирно», «Не зевай и не потягивайся, Гекльберри, веди себя как следует!». Потом она стала проповедовать насчет преисподней, а я возьми да и скажи, что хорошо бы туда попасть. Она просто взбеленилась, а я ничего плохого не думал, лишь бы удрать куда-нибудь, до того мне у них надоело, а куда — все равно. Мисс Уотсон сказала, что это очень дурно с моей стороны, что она сама нипочем бы так не сказала: она старается не грешить, чтобы попасть в рай. Но я не видел ничего хорошего в том, чтобы попасть туда же, куда она попадет, и решил, что и стараться не буду. Но говорить я этого не стал — все равно никакого толку не будет, одни неприятности.
Тут она пустилась рассказывать про рай — и пошла, и пошла. Будто бы делать там ничего не надо — знай прогуливайся целый день с арфой да распевай, и так до скончания века. Мне что-то не очень понравилось. Но говорить я этого опять-таки не стал. Спросил только, как она думает: попадет ли туда Том Сойер? А она говорит: «Нет, ни под каким видом!» Я очень обрадовался, потому что мне хотелось быть с ним вместе.
Мисс Уотсон все ко мне придиралась, так что в конце концов мне надоело и сделалось очень скучно. Скоро в комнаты позвали негров и стали молиться, а после того все легли спать. Я поднялся к себе наверх с огарком свечки и поставил его на стол, сел перед окном и попробовал думать о чем-нибудь веселом, — только ничего не вышло: такая напала тоска, хоть помирай. Светили звезды, и листья в лесу шелестели так печально; где-то далеко ухал филин — значит, кто-то помер; слышно было, как кричит козодой и воет собака, — значит, кто-то скоро помрет. А ветер все нашептывал что-то, и я никак не мог понять, о чем он шепчет, и от этого по спине у меня бегали мурашки. Потом в лесу кто-то застонал, вроде того, как стонет привидение, когда оно хочет рассказать, что у него на душе, и не может добиться, чтобы его поняли, и ему не лежится спокойно в могиле: вот оно скитается по ночам и тоскует. Мне стало так страшно и тоскливо, так захотелось, чтобы кто-нибудь был со мной... А тут еще паук спустился ко мне на плечо. Я его сбил щелчком прямо на свечку и не успел опомниться, как он весь съежился.
Я и сам знал, что это не к добру, хуже не бывает приметы, и здорово перепугался, просто душа в пятки ушла. Я вскочил, повернулся три раза на каблуках и каждый раз при этом крестился, потом взял ниточку, перевязал себе клок волос, чтобы отвадить ведьм, — и все-таки не успокоился: это помогает, когда найдешь подкову и, вместо того чтобы прибить над дверью, потеряешь ее; только я не слыхал, чтоб таким способом можно было избавиться от беды, когда убьешь паука.
Меня бросило в дрожь. Я опять сел и достал трубку; в доме теперь было тихо, как в гробу, и, значит, вдова ничего не узнает. Прошло довольно много времени; я услышал, как далеко в городе начали бить часы: «бум! бум!» — пробило двенадцать, а после того опять стало тихо, тише прежнего. Скоро я услышал, как в темноте под деревьями треснула ветка, — что-то там двигалось. Я сидел не шевелясь и прислушивался. И вдруг кто-то мяукнул еле слышно: «Мя-у! Мя-у!» Вот здорово! Я тоже мяукнул еле слышно: «Мяу! Мяу», а потом погасил свечку и вылез через окно на крышу сарая. Оттуда я соскользнул на землю и прокрался под деревья. Гляжу — так и есть: Том Сойер меня дожидается.
-
Молдо Нияз "Курманжан датка"
Жазылган күн: 12 Фев 2016
<div><font size="5"> Курманжан датка</font> </div><div> <br></div> <font size="3">
Бул аманат дүнүйөдө<br> Бирөө жүрөт зор болуп, <br>Бирөө жүрөт кор болуп.<br> Жетелетип аса алып<br> Бирөө жүрөт көр болуп. <br>Бирөөгө бирөө эс болуп,<br> Бирөө макоо - пес болуп.<br> Аланын дагын көрбөсүн.< br>Курук тукмат жабышып,<br> Жалаанын дагын көрбөсүн,< br>Баарыдан жаман баламат<br> Баланын дагын көрбөсүн.< br>Камчыбек деп кан жутуп,<br> Курбанжан датка жойулду.<br> Баланын дагын көрбөсүн.< br>Алымбек датка балдары<br> Атасыдан зор болду.<br> Албарс кефир оруска<br> Акыры жүрүп кор болду.<br> Абак болуп асылып,<br> Сибирге кетип сил болду.<br> Жети миң кагаз пул чачып<br>Кеткен жери шул болду.<br> Ак илечек султайы<br> Атка чакан Курбанжан< br>Күлүшөдө күл болду.<br> Күйүт менен чок болду.<br> Сибирге кетип жок болду:<br> Мурзапайаз, Баатырбек.< br>Булардын дарди бир жактан<br> Мактубек деп мас болду.<br> Камчыбек деп гаш болду.<br> Ичкени заар аш болду,<br> Душмандын боору таш болду.<br> Эсиз марттар жок болуп<br>Эки көзүң жаш болду.<br> Аламда калган беклерге<br> Асанбегиң баш болду.<br> Санаа тартып Курбанжан< br>Саңа кыйын иш болду.<br> Алымбектин даврида<br> Кийгениң кымкап, киш болду.<br> Итайагың мис болду.<br> Дөөлөр келип кашыңа,<br> Давлат куш конуп башыңа<br> Аалымнын баары дос болду.<br> Шариатты хар кылып<br>Балдарың баары мас болду.<br> Кара түн менен гам басып<br>Карып болдуң бу чакта.<br> Абдуллабектен айрылып<br> Дүйнөң кетти шу чакта.<br> Муңдуу болдуң бу чакта.<br> Булбулуңнан айрылып,<br> Муңайгансың о чакта<br>Жалтанчаак болдуң бу чакта.<br> Жакшы уулуңнан айрылып,<br> Жаңылган башың о чакта.<br> Орустун карап көзүгө<br> Осол болдуң бу чакта.<br> Жолборсунан айрылып<br> Жолдон чыктың о чакта.<br> Ааламдын баары жайланып,< br>Алайдай жакшы жер кана?<br>Алымбектин беш уулу<br>Абдыллабектей эр кана?<br>< /font><div>< font size="3"><br></font></div> -
Бейшенбай Усубалиев
Жазылган күн: 22 Фев 2015
Бейшебай Усубалиев:" Шакардай кайнаган бук менен өтүп кетебизби деп корком"
Белгилүү жазуучу, 50гө чукул повесть, аңгеме, көркөм очерк, публицистикалардын, "Түркүк" , "Түтүн" , "Көз" аттуу курч прозалык жыйнактардын автору.Көркөм чыгармачылык менен катар илим жаатында да жигердүү эмгектенип, жүздөн ашуун илимий эмгектин, үч илимий монографиянын, бир окуу китебин жазган, филология илиминин доктору, профессор Бейшебай Усубалиев ар бир сөздү сезе билгендигин, сүрөткердигин, кыргыздын Шукшини экендигин замандаштары белгилеп келет. Бүгүн биз агай менен маек курдук. Агайдын көкүрөгүндө канча казсаң да түгөнбөгөн кенч жаткандай.
- Көптөн бери гезит беттеринен сизди жолуктура албадым. Абалыңыз кандай? Чыгармачылыгыңыз кандай?
- Башынан эле өзүм көп чыга бербейм. Ойлоп көрсөм мурункуга караганда көркөм чыгармачылыкта азыр көбүрөөк чыккандай болуп жатам. Ал эми илимдин өз жолу бар. Чыгармачылык токтоп калган жок. Албетте жаш өйдөлөгөн сайын ар кандай кырдаалдар таасир эте баштайт экен. Илимди жалгыз өзүң отуруп алып жазбайсың. Жаныңда аспиранттарың болот. Алардыкын окуп жүрүшүң керек. Ушунун баары убакытты алат. Кээде жалаң бир беткей ойлонууну эңсейм. Сагынам. Кээде илимди таштап жалаң чыгармачылык менен кетсемби деген ойго келем. Бел байлап баарын жыйыштырып туруп чыгармачылык менен кетсемби дедим эле, бирок дагы деле илимди таштай албайм. Эрким жетпейт. Бул үчүн да эрдик керекпи деп ойлойм. Көркөм чыгармачылыкка өтүп кетсең эле кайрадан илимди сагына баштайсың. Түшүнгөн адамга илимдеги чыгармачылык өзүнчө бир керемет. Көркөм чыгармачылыктан да өтүп кетет. Илимий чыгармачылыкта жылт эткен жаңылыкты сезесиң. Көркөм чыгармачылыктан байкабайсың. Бирок мен кагаз, калем кармап отуруп алып жазбасам да мээмде жазыла берет. Акырындан топтоло берет. Мээдеги жазылып калган нерсе кээде унутулуп кала электе деп жазганча шашасың. "Жираф" анан "Куткарбас" деген эки аңгеме жазып бүттүм жакында.
Илхамды жаныңды кыйнасаң келе берет деген да көз караш бар. Биз көбүнчө илхам келбей жатат деп жүрөбүз. Айрым учурда ошондой болот. Жазуучулук кызыктай нерсе. Кээде жаза турган учурда кантип жазбай коюуга шылтоо таппай, колуң калем кармагандан, кагаздан качат. Өзүңдү алаксытып, шылтоо таппай, атаңгөрү бүгүн бүтүп салат элем мындай болуп калбадыбы деп өзүңдү өзүң жооткоткон учурлар болот. Бир жылдын ичинде окурмандардын жүрөгүнө жетип турган кыргызча экиден-үчтөн аңгеме берип турсак деле бул чоң жетишкендик. Мен ушу окуя баяндаганда ошол окуя болуп өткөн жерди көрбөсөм таптакыр чыгармам бүтпөйт. Мындайча айтканда, көз образдары деп коет. Аны көрбөй жатсам деле билип эле турам, бирок негедир өзүм ыраазы боло бербейм. "Адрес" деген повестим улуу балам Мейкиндин балалык чагындагы окуяга байланыштуу да. Ошого Мейкин чоңойгондо деле ээрчитип алып ал окуя болгон жерге беш-алты ирет бардым. Жолдогулар, темир жолдон өткөнүбүз баягы бак-дарактар ошолордун баарын улам-улам өтүп жатып эстеп калам. Кайра эле элес жоголуп кетет. Ошентип кайта-кайта барып жатып жазылды.
- Өткөн жылы "Түн" аттуу китебиңиздин бетачары болуп белгилүү журналист Бейшенбек Бекешов "20 жылдан бери китептей китеп окуй элек элем. "Түндү" окуп китеп окугандай болдум" деп айтып калды. Азыр жеңил-желпи арыдан бери жазылган, саны бар, сапаты жок китептер, көркөм чыгармалар көбөйдү. Гезит беттеринде жеңил-желпи жазылган сериалдар жарык көрүүдө. Бул абалга кандай пикириңиз бар?
- Биринчиден, ичиң күйөт. Анткени жеңил-желпиге берилип кеткендигибиз. Бул адамды тез эле буруп коет экен. Адам тез бурулат экен. Атүгүл кийинки муунду жөн эле коелук, менин муунум дагы бурулуп кетет. Жеңил-желпи кинолор бар. Урушмай сыяктуу. Кыйын психологиялык оор тасмаларды көрсөң табитиң тартпагандай абалда болуп каласың. Табитти тез эле буруп коет экен. Бул абдан өкүнүчтүү. Бирок эл окуп жатат. Жазбагыла деп кантип айтабыз. Анда жылт эткен бир кызык окуялар бардыр. Бирок мен таңгалам. Л.Толстой, Ф.Достоевский, А.Чеховдорду окуп жатып мурунку окурмандардын деңгээли менен азыркы окурмандардын деңгээлин салыштырып көрөм. Биз эмне артка кеттикпи деп ойлоном. Баягы цензура, көзөмөл жетишпегенсийт. Көркөм чыгармаларга бир көзөмөл керек болуп турат. Болбосо биз олуттуу окурмандарыбызды, олуттуу бир муунду жоготуп алабыз. Бир муундун кетиши бул "Элүү жылда эл жаңы" дейт. Аны кайра жаңыртып, кайра ордуна алып келүү бул тирүүнүн тозогу. Жоготуу деген абдан оор. Ордун толтура албайсың. Жаман да болсо ордунда турганы жакшы. Кандай көзөмөл керек?
Бизде кудайга шүгүр илимдин докторлору, илимдин кандидаттары адабият боюнча шагырап жакшы эле чыгып жатат. Адабий көркөм чыгарма токтоп калды деп эч ким айта албайт. Нускасы аз болсо да "Жаңы Ала-Тоо" журналы чыгып жатат. Сериалдар уланып чыгып жатат. Бирок бир адабий сын жок. Кайда жанагы илимдин докторлору? Илимдин кандидаттары эмнени жасап жатышат? Алар деле адабий процесс менен чогуу жүрүүлөрү керек эле да. Булар мындай болуп жатат деп элге жеткирип, айтып туруу керек, адабият деле тазалоо да. Адабият боюнча мыкты чоң окумуштуу, адабий сын боюнча жакшы жетилип, килейген академияны башкарып Абдыганы Эркебаев турат. Омоктуу, окурмандардын бүйүрүн кызыта турган ойлор айтылса силер жарыялайсыңар да. Эмнегедир жазбай жатышат. Изилдөөлөр кайда? Сыны жок адабият жок сыяктанып калып жатпайбы. Адабияттын бир бөлүгүн сын түзүш керек.
- Азыркы учурда калемдештериңиз менен бул тууралуу баарлашасыздарбы?
- Биздин жазуучулук муунубуз бир кызыктай муун болуп калды. Жазуучу муун катары жетиле албай калдык. Алыскы аскаларга уча албай калдык. Жашап жүргөнсүйбүз, бирок жок сыяктуубуз. Бул эмне болгон заман, түбүң түшкөн дүйнө башың катат. Ошондуктанбы калемдештер биз өзүбүз да өзгөрүп кеттик. 2000-жыл менен 2013-жылдын ортосу эле далай кылымдын башын жутуп койгон сыяктуу. Эмне экенин билбейм. Же бүт дүйнөдө ушундай процесс болуп жатабы? Кандайдыр бир окчундоо, алыстоо деген психологиялык бир чек коюлду. Телефондон кээде Алым аке менен сүйлөшөм. Алдыман карпа-күрпө чыгып калса Мамат менен сүйлөшөм. Анан эзилишип адабият мындай болуп баратат деп сүйлөшкөн деле бир кишим жок. Эмне сүйлөшсөк деле баягы балакет баскан көр тириликти сүйлөшөбүз. Мен өзүм да баштабайм. Алар да баштабайт. Мен Шакеме жолуктум, экөөбүз жазуучулар үйүнөн аялдамага чейин чогуу келдик. Азыр сен сурасаң мен да таңгалып жатам. Адабият тууралуу сүйлөшпөптүрбүз. Эмне үчүн сүйлөшпөдүк, таңгалам. Же биз бүгүнкү кыргыз адабиятын окубайбыз. Кыргыздар бири-бириникин оңой менен окубайт. Айтматовдукун уялганыбыздан окучубуз. Мен улуулардан билгеним Мурза Гапаров окучу, Өскөн Даникеев, Кеңеш Жусупов, анан мен өмүрүмдө бир сүйлөшүп көрө элек Кубатбек Жусубалиев анда-санда окуп турганын маектеринен билчүмүн. Азыркылар бири-бирибизге пикир айтсак болмок. Жазуучулар өзүбүз кайдыгер болуп кеттик. Болбосо чыгып жаткан чыгармаларга пикир айтсак болот да...
- Ушундай кайдыгерликке жүрөгүңүз ооруйбу? Бук болосузбу?
- Бук болмок тургай ыйлагым келет. Мен илгерки учурду сагынам. "Элүү жылда эл жаңы" дейт. Мындан он жыл мурунку адамдарды көргүм келет. Он жыл мурдагы адамдарды сагынам. Он жыл мурдагы адамдардын жашоого, адабиятка болгон мамилесин көргүм келет. Бул бук шакардай кайнап турган учуру. Ушу бук менен жүрүп өтүп кетебизби деп корком. Ичте кайнаган канча нерселер бар. Канчалаган аңгемелер жазылбай турат. Таза кыпкыргызча аңгеме жазгым келип жүрөт. Айтматов каарманы Толгонай апанын образы менен бүтүндөй кыргыз аялдарынын көкүрөгүн аңтарып берди. Согуш, согуштан мурунку учурдагы энелердин образын жалпылаштырып ачып турат. Андан кийинки да энелер бар. Алиман кыргыздын чыныгы келини. Ушул сыяктуу таза кыргызча, кыргызча ой жүгүртүү менен эненин образын, бүгүнкү эненин жүзүн бергим келип жүрөт. Накта кыргыз тилинде ушундай образдарды жазгым келип жүрөт. Андай энелер бүгүн да бар да. Кандай сүйлөшөт, эмнени көрүшөт? Бүгүнкү Толгонайда эмне кеп бар? Алиманда эмне кеп, Жамийлада эмне кеп? Ошолорду айткым келет. Бул деле бук.
- Мурза Гапаровго арнап жакшы эскерүү жазганыңызды окуганым бар?
- Мурза байке чынында эле мырза болчу. Бул киши кыялданчу. Анан ал кыял экенин билчү, бирок турмушта болуп жаткан нерседей ишенчү. Дайым ошол мүнөзүн эстейм. Жөнөкөй, көтөрүлбөгөн адам болчу. Үтүрдү да ыйынып-ычкынып жатып койчу. Чыгарма жазганда ар бир тамгасына, тыбышына чейин көңүл бурчу. Мен драмаларын анча билбейм. Тойо билбейм. Аңгемелерин жакшы билем. Бир дагы жаман аңгеме жазган эмес. Балким жазгандыр. Бирок алардын бирин да жарыялаган эмес. "Айгүл гүлү" чыгармасын өзүнүн жүрөгүнөн сууруп берди. Гүлдү тоодон тербей эле жүрөгүнөн сууруп бергендей өзүнүн чыныгы күйүтү. Адамгерчилиги да таза болчу. Кыйтың-куйтуңду билчү эмес. Бу киши жерге, уруу-урууга бөлүүгө такыр эле аралашпаган өзгөчө жан эле. Кеңеш Жусупов, Өскөн Даникеев, Кубат Жусубалиев, биз көп элес албай жүргөн кыргызда бир мыкты жазуучу бар, ал Элүүбай Отунчиев, эстетикалык мектеп түзгөн адам эле. Жакшы чыгармалары бар эле. Ушу киши унутта калды. Сындын жоктугу ушу да. Орозбек Айтымбетов бар эле. Түштүк тарапта да ушундай эки-үч жакшы жазуучу бар. Бул кишилер сынга алынышы керек эле. Ушулардын жүзүн ача турган адабий изилдөөлөр жок.
"Түнкү таң же өлүм неге сулуу көрүнөт" аттуу эссеңиз жакынкы жылдарда басма сөз беттерине жарык көрдү. Өлүмдүн сулуу көрүнгөнү таңгалычтуу?
- Неге мен өлүмдү сулуу көрдүм чын эле кызыктай. Бул эссе акын Жумакан Тынымсеитова тууралуу да. Эже экөөбүз көп деле бет маңдай отуруп сүйлөшкөн жокпуз.Ушу эже мага бир керемет көрүнсө керек. Сулуулугу эмес. Бирок анча-мынча сепкил баскан жүзүнүн ар жагында бир элден бөлөкчө бир сулуу ыраң жаткандай, үнү да өзгөчө илбериңки, таасирдүү чыкчу. Ошо киши өтүп кеткен адам болгондон кийин өлүм менен өмүрдүн ортосундагы байланышты, ассоциацияны көрүп жазсам керек. Өзүңдүкүн чечмелөө оорураак да. Бөлөк бирөөнүкү болсо мен чечмелеп бермекмин. Өзүмдүкүн чечиш кыйын болуп калат. Эмне үчүн таң анан түн, жарык анан караңгы, өлүм анан сулуулук бири-бирине карама-каршылыктар. Мен бул чыгарманын темасын карама-каршылыктуу болсун, элге кызыктуу болсун деп койгон эмесмин. Капысынан кайдандыр-жайдандыр келген ой бүтүн чыгарманын өзөгүн айтып берген. Бул эссени отуруп, кыйналып жазган жокмун. Бир жазып баштаганда эле куюулушуп жазылган чыгарма. Ошондо өлүмдүн да жакшы жагы бар деп ойлосом керек.
- Эмнегедир өлүм тууралуу чыгармаларыңыз көп экен. Жана "Өлгөндөр неге түшкө киришет" аттуу чыгарма жазып жатам дедиңиз. "Көмгөндөр" аттуу чыгармаңыз бар...
- Чын эле бул темадагы чыгармаларым көп. Адамдын табияты ушундай болот окшобойбу. Өлгөндөр тууралуу көп жазыпмын. Чогуу иштегендерден да жалаң өлгөндөрдү жазыпмын. Жээнбай Мукамбаев, Алымов ж.б. Бул эмне болгон ички күңгүрөө же өлүмгө башкача караймынбы, өзүнө өлүм тартып турабы ушундай бир сыр болсо керек. "Акча", "Бука", "Түн" бул чыгармалардын баарынын акыры өлүм менен бүтөт. "Көмгөндөр" чылгый эле өлүм. Бүтүн эле бейит. "Көмгөндөр" чынын айтканда башынан аягына чейин болгон окуя. Жанымдагы кишилерди көрсөм Жээнбай Акимжан жүрөт. Өскөн байке, Үмөтовдор жүрөт. Бир үйдө жашап жүрүп каарманыбыздын үйүн таппай койгонубуз, батирлерден темселеп издегенибиз ошонун баары чындык. Аял кишилер ал жакка барбайт эми. Айрыкча бала кезде ким өлсө да бүтүндөй айыл, коңшу төрт-беш айылдан кишилер келип көмүшчү.Бир ирет бир адамды узатып жатканда, жаныбызга дагы бир өлүк коюлду. Беш-алты эле адам келиптир. Көзгө жаман көрүндү. Бир итти көмүп кеткендей эле болуп калды. Мындай көрүнүштөр көбөйүп баратат. Биз чоң нерседен ажырап баратабыз. Бүтүндөй бир ааламдан ажырап баратабыз. Барып топурак салып коюштун өзү канчалык нерсе, =н чыгарып туруштун өзү канчалык нерсе. Өлгөндөн кийин жылуу бойдон коюш керек деп жатышат. Биздин өзүбүздүн салтыбыз бар. Үч күн болгон бала-бакырасын, тууган-туушканын күтүш керек. Үч күндүн чоң философиясы бар. Кездешпегендердин баары кездешет. Маркумду эскеришет. Үчүлүгү, жетилиги, кыркылыгы азыркылар баарын аралаштырып эптеп эле өлүктөн оңой кутулгулары келип калды. Арбактар да ушу жагыбызды кечирбей жатабы деп ойлойм.
Жамиля НУРМАНБЕТОВА, "Жаңы Агым"
Комментарийлер
Aitunuk ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?