Окутуучулардан кеңеш же сиздин биринчи сабагыңыз бөлүшүп койсоңор
#1 20 Март 2013 - 13:08
Арабызда бирөөнү бир нерсеге үйрөтүп жүргөндөр барбы? Мага ушул багытта жардам керек болуп жатат. Мен ар кандай кишилерге тренинг өтүп калам: студенттер, мектеп окуучулар, мугалимдер, арасында илим кандидаттары да бар болуп калат. ошондо аудиторияны карап сүрдөп кетем. Тренингдер деле анда-санда болот, ошондуктан жаңы үйрөнүп калсам, кайра перерыв болуп, унутуп калам. Тренинг башында кичине темам тууралуу айтып кетишим керек, ошол жерден аябай такалам.... Тренинг учурунда ар ким жанына чакырып, тажаткыдай болушат...Анткени кээ бири компютерди жакшы билишпейт. аягында жиним келип, ыйлагым келет (жашыраактары тийишкенге да жетишишет! !!!).
Силерден суранаарым, мага кандайдыр бир методдоруңар болсо, же опытыңар болсо бөлүшүп коесуңарбы. ..
#2 20 Март 2013 - 13:37
Umka220190 (20 Март 2013 - 09:08) жазган:

Эгер аудиториянын алдында тренинг өткөргөнүңө аз эле убакыт болгон болсо, анда убакыттын өтүшү менен такшаласың.
Ар кимден кеңеш сурайсың, аларды аткарганга аракет жасайсың. Бирок эң башкысы өзүңө ыңгайлуу ыкманы табышың, аны өзүң жаратышың керек.
Мен мисалы чоң аудиториянын алдында сүйлөп жатсам мындай кылам. Алдын ала сөзсүз сөздөрүмдү ирээтке салып алам. Анан колумдагы кагазга, же ноутбукка анда-санда караганча өзүм даярданган теманы айтып бере баштайм...
#3 22 Март 2013 - 16:56
#4 22 Март 2013 - 18:09
2. Озун билбеген жэ чала билген нерсени козгобо. туура эмес жооп билинип калса, угуучулардын кызыгы тарайт.
3. Эн эле негизгиси озуно болгон ишенич. сурдобо. Угуучулар канчалык улуу жэ илимдуу болбосун, сенин чойрондо алар баары бир сабатсыздык кылат. Ошону жоюу учун келип жатышпайбы.
4. Тажрыйба. Ар бир тренингде ката кетирген жерлерини аныктап, анын устунон иште.
Р.S. Кыйын болуп уйротуп коем. Озум биринчи жолу лекцияга киргенде университетти бутконумо эки эле ай болгон болчу. Аудиториянын алдында студенттер уйулуп турушуптур. Эшикти ачып кирип, конгон адат боюнча партага отуруп алышка аз калган. Сыр алдырбай мугалимдин ордуна барып турсам, сахнада тургандай эле болом. Саламатсынарбы дегенге аран жарайм. Аларын хором алик алат. Кулкум келет. Даярданганымдын баарынын кашасы чыгып, старостадан журналды алып алып жоктогондон баштадым го. Ал арада озумду озум гипноздоп атып озумо келип алдым. Эстен кетпейт ал кун.
Билдирүүнү түзөткөн: Injener: 22 Март 2013 - 18:12
#5 22 Март 2013 - 18:32
#6 22 Март 2013 - 18:36
Injener (22 Март 2013 - 18:09) жазган:
2. Озун билбеген жэ чала билген нерсени козгобо. туура эмес жооп билинип калса, угуучулардын кызыгы тарайт.
3. Эн эле негизгиси озуно болгон ишенич. сурдобо. Угуучулар канчалык улуу жэ илимдуу болбосун, сенин чойрондо алар баары бир сабатсыздык кылат. Ошону жоюу учун келип жатышпайбы.
4. Тажрыйба. Ар бир тренингде ката кетирген жерлерини аныктап, анын устунон иште.
Р.S. Кыйын болуп уйротуп коем. Озум биринчи жолу лекцияга киргенде университетти бутконумо эки эле ай болгон болчу. Аудиториянын алдында студенттер уйулуп турушуптур. Эшикти ачып кирип, конгон адат боюнча партага отуруп алышка аз калган. Сыр алдырбай мугалимдин ордуна барып турсам, сахнада тургандай эле болом. Саламатсынарбы дегенге аран жарайм. Аларын хором алик алат. Кулкум келет. Даярданганымдын баарынын кашасы чыгып, старостадан журналды алып алып жоктогондон баштадым го. Ал арада озумду озум гипноздоп атып озумо келип алдым. Эстен кетпейт ал кун.
Мен биринчи өткөндө кызарып араң өткөм. Рахмат кеңешиңизге. Улуу кишилерден сүрдөбөйм деле, а вот жашыраактар жиниме тийишет кээде... Сүрдөп кетем.
#7 22 Март 2013 - 19:35
Бардыгы даярдыктан анан адамдын өзүнө болгон ишеничинен көз каранды. Мугалимдин жана окуп жаткандын ошол убакта психологиясы ар кимдики өзүнө жараша болот. Ошондуктан, мугалимдин психологиясына жараша.. өзүнө ишенип.. алдыңда сенден бир нерсе үйрөнүүгө келген адамдар отурганын аныктап (ичиңден) анан даярдыкты тил аркылуу генерировть эте бересиң
![Сүрөт](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/wink.gif)
Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 22 Март 2013 - 19:36
#8 23 Март 2013 - 17:38
#9 23 Март 2013 - 22:19
Injener (23 Март 2013 - 17:38) жазган:
Эсте бар.
![:)](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/smile.gif)
#10 25 Март 2013 - 18:20
Меники биринчи тренингим жакшы өткөн, себеби жанымда устатым бар болчу. Ал мага жардам берип аткан. Студенттер да анын көзүнчө көп сүйлөгөндөн коркушат. Устатым баштап берди мен уланттым. Өзүмдү колго алдым да, студенттерди көптөн бери жакын тааныштай көрүп туруп сүйлөй бердим, эч сүрдөбөй. Жарым сааттай сүйлөдүм, анан иштөөгө өттүк. 2-3 сааттай иштедик, жардам берип, студенттерди кыдырып жүрдүм. Аябай жаккан!
Баары "эже" деп кайрылып атышты, бирок мен алардан 3 жаш эле улуу болчумун...
Билдирүүнү түзөткөн: Umka220190: 25 Март 2013 - 18:23
#11 25 Март 2013 - 18:24
![:)](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/smile.gif)
#13 29 Март 2013 - 12:46
#14 29 Март 2013 - 15:15
1- сабагымда толкундоолор болгон. Алдындан бул акортту уйротом тигини уйротом деп даярданып ийгиликтуу еле отком.
![:)](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/smile.gif)
Билдирүүнү түзөткөн: chik.chiko: 29 Март 2013 - 15:17
#15 29 Март 2013 - 15:21
#16 02 Апрель 2014 - 14:37
2013-жылы декабрь айларында.
Биринчи куну аябай толкунданып суйлоп жаткан создорумду да,унутуп калган учурлар болгон.Кийин конушуп толкунданбай калдым.
#17 02 Апрель 2014 - 14:45
#18 06 Май 2014 - 16:23
#19 06 Май 2014 - 17:23
Окуучуларга сабактын традициалык турунон караганда традициалык эмес туру кобуроок кызыктырат жана сабак да кызыкттуу отот.
Сабактын негизги темасын кара соз туруно коп басым жасоодон корок , озубузго ынгайлуу ,кенири соз ( бизче жалпак соз) турундо тушундуруу жакшыраак.
. Ал эми эрежени кара соз бойдон жаттаса болот.
. Темага тиешелуу (бирок предметтик китепте жок)
кызыкттуу маалыматтарды айтып беруу.
. Озундун сырынды эч качан окуучуга алдырбоо. Эгерде,сен билбеген суроону берсе,кызарып, сурдоонун кереги жок. " мен бул суроого кийинки сабакта жооп берем" деп сыр бербеш керек.
. Озунду эркин алып журуу учун отулуучу тема боюнча кенири маплымат алып,жаттап албай,озундун соз байлыгын менен тушундуруу бир топ женил.
Кобуроок дебаттарга, коомдук иш чараларга активттуу катышса да жыйынтык жаман эмес.
#20 06 Май 2014 - 17:37
Билдирүүнү түзөткөн: nuri.88: 06 Май 2014 - 17:45