Баракча 1 - 1
Ветеринария. Айбанаттардын түзүлүштөрү, оорулары жана аларды дарылоо Айбанаттардын түзүлүштөрү, оорулары жана аларды дарылоо.
#2 10 Март 2014 - 19:41
Малды жайытта багуунун шарттары:
Жайытта багуунун мааниси.
Малдын жайытта багылуусу ар ар дайым тынымсыз кыймылда боолуунун, таза аба менен көк чөптүн бөлүшүнүн жана күндүн нурунун тийишинин натыйжасында, малдын жалпы абалына, өнүгүп өсүшүнө жана азык-түлүктүүлүгүнө жакшы таасир көрсөтөт. Ошонун натыйжасында малдын денеси чыңдалып бышат. Мал организминин ооруларга туруктуулугу көтөрүлүп, азык түлүгү артат. Малдын жайытта багылышы өзгөчө жаш малга жакшы таасир көрсөтөт. Малдын жайыттагы багылышы алардын тукумдуулугун жогорулатат.
Жайыттарга талаптар.
Жайыттарды туура пайдаланганда чөбү жетиштүү, малдын ушул түрүнө оттоого жарамдуу болгон учурда гана жайытта багуунун натыйжасы жакшы болот. Жайыттар малдын инфекциялык жана инвазиялык ооруларынан таза, жаан-чачын болгондо коргологудай бастырмалар менен камсыз кылынып, малды суугаргыдай жайыт жабдылууга жана таза суусу болууга тийиш. Жайыттар тикендүү бадалдардан, ыпыр-сыпырлардан жана өсүмдүктөрдүн чириген калдыктарынан тазаланган болууга тийиш.
Малды чыгарууга жайыттарды даярдоо.
Малды чыгарууга чейин жайытты карап чыгып, анын жарамдуулугун белгилешет. Бардык мезгилге карата айыл өкмөтү тарабынан жайытты пайдалануу планы (графиги) түзүлөт, ал аймактарда бөлүнөт. Малды чыгарууга чейин жайытты жабдуу, тазалоо жана жайытты камсыздандыруу запасын даярдоо боюнча керектүү иштерди өткөрүү зарыл.
Жайытта уулануудан сактануу.
Кыргызстандын жайыттарында өтө оор, көп учурда өлүмгө алып келүүчү ооруларды пайда кылгыдай уу чөптөрдү (өсүмдүктөрдү) кезиктирүүгө болот. Кээ бир уу чөптөр жыл бою, кай бирлери гүлдөгөн мезгилинде же уулу мөмөлөрү жетилип бышкан убакта малды ууландырууга алып келет. Жайыттарды изилдеп текшерген кезде уу өсүмдүктөрдүн мезгилге байланышкандыгын так белгилеп, буларга ал аймакты пайдалануу планын түзүү зарыл. Уулу жана зыяндуу өсүмдүктөр менен күрөшүү ишин үзгүлтүксүз уюштуруу абзел, буларды физикалык методдордун (түбүнөн бери казуу, өрттөө, жерди кайрадан айдоо) биологиялык жолдун (көп жылдык өсүмдүктөрдөн себүү, мелиорация иштерин жүргүзүү, жайытты кургатуу) жана химиялык куралдын (гербициттер) жардамы аркылуу жоготушат.
Жайыттардын түрлөрү.
Жайыттар табигый жана жасалма жайыттарга бөлүнөт. Кыргызстандагы жайыттардын ичинен кургак өрөөндөрдөгү, талаадагы, тоодогу жана бийик тоодогу жайыттардын бөтөнчө мааниси бар. Жасалма жайыттарда бедени, люцернаны, аралаштырылган ар түрдүү чөптөрдү аралаштырылган чанактуулар дан өсүмдүктөрү жана башка маданий өсүмдүктөр айдалат. Жайы бою малды көк тоют менен камсыз кылуу үчүн «жашыл конвеирдин» системасын колдонушат, бул учурда май айына чейин көк тоютту (чөптү) үзгүлтүксүз биринин артынан бирин алгыдай кылып өсүмдүктөрдүн түрүн тандап алып себишет.
Мүйүздүү ири малга ботаникалык составы ар түрдүү жана чанактуу өсүмдүктөрү басымдуулук кылган жайыттар жарамдуу келет, мындай жайыттардын чөбү мол, оттуу болот. Мүйүздүү малга чөбү кычкыл болгон саз жайыттары жана нымдуу жайыттар жарабайт.
Жылкылар үчүн бети тегиз, дан өсүмдүктөрү бассымдуулук кылуучу тааладагы, кургак өрөөндөгү, шалбаа жерлердеги жана тоодогу жайыттар ылайыктуу болот. Аларга саздуу, нымдуу жана рельефинде жары көп жайыттар жарамсыздык кылат.
Жүн жана эт-сүт багытындагы койлор үчүн чөбү жапыс, калын, боб жана дан чөбү көп тоо жана бийик тоо жайыттары ылайыктуу келет. Койлор тегиз талаадагы чөбү жакшы жайыттарды да пайдаланышат. Чөбү суюк, кургак болгон нымдуу, саздуу жайыттар, талаа жана шордуу жайыттар жүн жана эт-жүн багытындагы койлорго жарамсыздык кылат. Нымдуу, саздуу жайыттар койлордун бардык породалары (тукумдары) үчүн жарабайт.
Жайытта малды күтүү.
Малды жайытта багуудагы негизги талаптар төмөнкүлөр: Жайуу техникасын туура колдонуу (малды тыгылыштырбастан кеңири «фронт» боюнча жаюуу), күндүн ысык тийген убагында көлөкөгө киргизүү, түнкүсүн жаюуу, жаан-чачын күндөрдө жабык короого киргизүү, малды үзгүлтүксүз сугаруу, минералдык тоюттарды кошумчалап берүү, бодо малдарды тазалап туруу, кенелер жана мителер менен күрөш жүргүзүү. Малдын туяктарынын абалына көз салып туруунун жана өсүп кеткен туякты өз убагында тазалап кесип туруунун өзгөчө мааниси бар.
Жайыт мезгилинде малга минералдык тоюттарды биринчи иретте тузду (суткасына мүйүздүү ири малга – 40гр, жылкыларга - 20гр, койго 10-15гр) үзгүлтүксүз берип туруу керек. Кыргызстандын шартында йоддолгон тузду талкалап берүү зарыл, себеби-йоддун жетишсиздиги малды ооруга чалдыктырып, анын азыктуулугун бир кыйла төмөндөтөт. Тоолуу райондорунун бир кыйласында малга фосфор менен кобальтты, талаа райондорунда кальцийди кошумчалап берүү керек. Булар тоют борунда, талкалаган акиташта, фосфоринде, тоюттук преципитатта жана башкаларда көп болот.
Малды тоюттандыруунун гигиенасы.
Малга бериле турган тоюттар сапаттуу, малдын саламаттыгы үчүн зыяндуу кошундулары жок (топурак, кум, минералдык семирткичтер, жыгачтын кесиндилери жана башкалар) көгөргөн,чириген, ачып кеткен жери жок болуга тийиш.
Тоюттардын арасында кырк муун сары чырмоок, ак маянын даны жана башкалар сыяктуу уу жана зыяндуу чөптөр болбоосу шартталат. Дан тоюттарынын арасында кара көсө, спорния, кеберденген датты пайда кылуучу грибок жана башкалар болбоого тийиш.
Малга берүүнүн алдында тоюттарды карап чыгып жарамсыздары менен шектүүлөрүн малга бербестен бөлүп коюшат. Тоют кызылчасын чийки бойдон берүү керек, аны бышырып берээр учурда, бышаары менен суусун төгүп, ошол замат муздаары менен малга берүүгө зарыл. Бышырылган кызылча 4-6 саат туруп калса малды уландырышы мүмкүн.
Картошканы өзгөчө өнгөн же чирий баштаган картошканы бышырган учурда да тартип менен малга берүү керек. Өнгөн картошка жана да чириген, тоңуп калган жана карарып кеткен картошкада малга зыяндуу солонин деген уу зат болот.
Малга кызылчанын жомун берер учурда, малды чычкактата турган ашыкча кычкылдыкты жоготуу үчүн рационго тоют борун же талкаланган акиташы милдеттүү түрдө кошуу керек.
Кыргызстандын бир катар райондорундагы тоюттарда кээ бир минералдык заттар жетишпейт. Ошондуктан туздан тышкары малга фосфорду, кобальтты жана йодду берүү зарыл. Кышкы айларда, тоюттарда витаминдер жетишпеген учурда малга, биринчи иретте койлорго жана жаш малга витаминдүү тоюттарды кошумчалап берүү керек. Бул максат үчүн көбүнчө майда ээрий турган витаминдердин препараттарын пайдаланышат. Балыктын витаминдештирилген майын да малга берүүгө болот. Концентраттар туура тандалып алынган ар түрдүү тоюттар менен алмаштырууга мүмкүн. Атап айтканда кыш мезгилинде витаминдердин булагы болгон сапаттуу витаминдүү кесек чөп чанактуу өсүмдүктөрдүн чөптөрүнүн кубулуп түшкөн жалбырактары, кызыл сабиз саналат. Малды витаминдүү тоюттар менен камсыз кылуу маанилүү боло тургандыгын, ал эми витаминдердин концентраттарын айрым учуларда гана пайдалануу керек экендигин билүү керек.

#3 10 Март 2014 - 20:07
Күлүктөрдү кантип таптоо керек?
Күлүктөр кадимки эле спортсмендердей даярдалат. Таңкы 6 да 10-15 литр суу ичишет. Аба ырайына жараша болот. Жайкысын көбүрөөк ичишет. Андан кийин 3 килограммдай жем берилет. Жемге сулу, арпа жана улпак аралаштырылат. Саат 7де машыгуу үчүн сыртка чыгарып, орточо 7-8 км. чуркатыш керек. Машыгуудан келгенден кийин чөп салып берип, тоюндуруу зарыл. Негизинен бедени жакшы жешет. Жем күнүнө 3 килодон берилет. Ошондо бир ат күнүнө 10 кг жем, жарым боо чөп жейт. Мындан тышкары эки күндө бир 1-2 кг. сабиз берилет. Маал-маалы менен шекер, бал, жумуртка жана башка витаминдерди берип туруу зарыл болот. Бардыгы абалына жараша: Арыктап баратса көбөйтүп, семирип баратса азайтып туруу абзел. Күлүктөр жарышка тапталып жатканда күнүнө экиден жумуртка жейт. Жумуртканы чакпай туруп эле кабыгы менен жемине аралаштырып бериш керек. 100 граммдан жемге аралаштырып бал кошуп берилет. Күн алыстан глюкоза, кальций берилиши керек. Негизи күнүнө 2 маал сыртка чыгышат. Эртең менен машыгууга, кечкисин сейилдөөгө. Буулугуп бараткан аттарды атайын аянтчага чыгарып ойнотуп туруу биринчи планда. Күлүктөрдү күн сайын тазалап туруш керек. Биринчи тарак менен аттын үстүндөгү чаңды тазалап, андан кийин чүпүрөк менен денесин жалтыратып сүрүп, күнүнө 3 маал щетка менен тазаланат. Жаткан жерин да таза кармоо шарт. Күндө калыңдап аттардын алдына опилка, кык салып, сарайдын ичи кышкысын жылуу, жайкысын салкын болуш керек. Күн ысып баратканда сарайдын ичине суу чачып, салкын кармаш керек.

Билдирүүнү түзөткөн: Jamgyrchy: 10 Март 2014 - 20:08
#4 10 Март 2014 - 20:52
Бруцеллёз.
Бруцеллез (лат. brucellosis) - жаныбарлардын жана адамдын нерв, жүрөк-кан тамыр системасын жана сөөк-муундарын жабыркатуучу жугуштуу оору. Бруцеллёзду бруцелла уруусундагы бактериялар козгойт. Ал сырткы чөйрөнүн таасирине (суукка) туруктуу келет.
Жугуу жолдору:
Мал бала салганда;
Туут учурунда;
Мал союлганда;
Малдын жүнүн кыркуу мезгилинде;
Жүн терисин иштетүүдө өтө этият болуу керек.
Оорулуу мал бала салганда, туут учурунда көптөгөн бруцеллез деп аталган ооруунун козгогучтары бөлүнүп чыгат. Бул учурда мал турган жер жугуштуу болот. Козгогучу жер кыртышында, жүндө, териде, сүттө жана сүттөн даярдалган азыктарда бир нече айга чейин сакталат. Бруцеллёз менен кой, эчки, бодо малдар (уй, топоз), бугу, айрым учурларда ит, үй канаттуулары, кемирүүчүлөрдүн кээ бир түрлөрү (чычкан) ооруйт. Оорунун козгогучу туут мезгилинде жатындын суюктугу, чарайнасы, малдын сүтү, заарасы, заңы жана башка менен сыртка бөлүнүп чыгып, жер-сууну булгайт. Бруцеллёз менен ооруган мал көпчүлүк учурда өлүү тууйт.
Кишиге дарттын козгогучу негизинен булганган же чийки сүттү ичкенде жана андан даярдалган тамак-ашты (сыр, май, быштак жана башка), чала бышырылган этти жегенде, ылаңдуу малды бакканда, аларды туудурганда, колдун терисиндеги майда жараат, кесиктер аркылуу, ошондой эле булганган аба менен дем алганда жугушу мүмкүн. Бруцеллёз мал чарбасында иштегендерде (койчу, уйчу, саанчы, зоотехник, ветеринариялык кызматкерлер), малдан алынган азыктарды чыгаруучу жана тери жүн иштетүүчү өнөр жайларда иштеген жумушчуларда көп кездешет.
Оорунун белгилери:
Оору клиникалык белгилеринин өтө көп түрдүүлүгү менен мүнөздүү. Оорунун алгачкы белгиси козгогуч жуккандан 2—3 жума өткөндөн кийин (инкубациялык мезгил) билинет. Мында алы кетип, чыйрыгып, эти ысыйт, башы ооруп, кара тер басат. Оору кээде капысынан катуу башталат: Баш катуу ооруп, дене температурасы 39—40°ка жетет, тер басып уйкусу качат, чыйрыгып алы кетет, булчуңдары, муундары кыймылдатпай катуу ооруйт. Кан тамырлар, нерв системасы жана сөөктөр, муундар жабыркап, кээде психиканын бузулушу байкалат. Бруцеллёз оорусу 3 айга, айрым учурда 1—2 жылга чейин созулат. Оору өнөкөт түрүнө өтүп кетсе, оорулунун ишке жөндөмдүүлүгү төмөндөп, жумушка жараксыз (инвалид) болуп калат. Кош бойлуу аялдардын боюнан түшүп калышы мүмкүн. Оорунун алгачкы белгилери билинери менен догдурга кайрылуу зарыл. Ооруну ооруканада дарылайт.
Оорунун алдын алуу:
Бруцеллёздун алдын алуу үчүн ылаңдуу малды өз убагында таап, аны соо малдан бөлүү же союп жок кылуу, терисин 2 ай туздоо, жүнүн бромдуу метилге чылоо сунуш кылынат. Бруцеллёз чыккан чарбаларда санитариялык, зооветеринариялык эрежелерди туура сактоо, дезинфекция жүргүзүү, мал төлдөгөн короо-жайларда малдын чарайнасы, чөбү менен булганган кыкты, төшөлмөлөрүн өрттөө керек. Мал чарбасында, жаныбар сырьёлорун иштетүүчү өнөр жай ишканаларында (эт, сүт комбинаты, жүн, тери иштетүүчү ишкана жана башка) иштегендерди жыл сайын медициналык атайын кароодон өткөзүп, аларды алдын ала ооруга каршы эмдеп туруу; атайын кийимдер (резина өтүк, резина кол кап, комбинезон, атайын халат), өздүк гигиеналык каражаттар (сүлгү, самын, кол жуугучтар, жугушсуздандыруучу химиялык заттар жана башка) менен камсыздандыруу; өздүк жана коомдук гигиеналык эрежелерди туура сактоо, иштен кийин жана тамактануунун алдында, өзгөчө колду самындап таза жууп туруу керек. Мындай жерде өспүрүмдөр, кош бойлуу аялдар иштөөгө болбойт.

#5 10 Март 2014 - 21:01
Сибирь кулгунасы.
Сибирь кулгунасына диагноз эпизоотологиялык, клиникалык маалыматтардын, патолого-анатомиялык өзгөрүүлөрдүн жана лабораториялык изилдөөлөрдүн негизинде коюлат. Диагнозду койгондо, жайыттарда мурда ылаң болгон-болбогондугу, малдын мүрт өлгөндүгү, сугарылуучу жайлардын акыбалы сөзсүз эске алынышы керек. Бирок көпчүлүк учурларда клиникалык белгилер типтүү болгондуктан, Сибирь кулгунасынан күмөн санаган малдарды союуга уруксат жоктугунан негизги диагноз лабораториялык изилдөөлөрдүн негизинде коюлат.
Лабораторияга эки жагын жип менен бууп кесилген кулак же таза айнекке тамчылатылган кан кургатылып жиберилет. Канды борго, кантка сиңирип жиберүүгө да болот. Кан алынган жерлерди ысык темир менен кайрып күйгүзүп, алынган материалдарды кылдаттык менен ороп, оорунун тарап кетпешине жана кишилерге жукпашына кам көрүү зарыл.
Дарылоо :
Ылаңдын өтө тез өтөөрүн эске алып дарылоо иштерин тезинен уюштуруу зарыл. Дарылоо үчүн Сибирь кулгунасына сунуш кылынган гипериммундук сыворотка жана гамма-глобулин колдонулат. Бул препараттарды теринин алдына (бир жерге 25-39 мл) ылаң оор өткөндө сыворотканы венага куюу керек. Колдоноордун алдында сыворотканы 37-38 градус чейин жылытат.
Бодого, жылкыга атайын сыворотканы 100-150 мл ченеминде куюп, 10-12 сааттан кийин кайрадан кайталоо сунуш кылынат. Сыворотканын ченеми музоолор менен чочколор үчүн 75–100 мл Гомогендүү сывороткаларды пайдалануу жакшы жардам берет. Эгерде гетерогендик сыворотканы пайдаланууга туура келсе, анда анафилактикалык реакциянын алдын алуу үчүн алдын ала 0,5-1мл сыворотка куят, ал эми анын калган ченемин 20–30 мүнөттөн кийин саят.
Кой-эчкилерде ылан тез өткөндүгүнө байланыштуу аларды дарылоого үлгүрбөй калууга болот. Вена аркылуу же ич көңдөйүнө 30–50 мл атайын сыворотканы куюуу сунушталат. Ар бир кг. тирүү массага 5-10 мин. бирдиктеги пенициллин, стрептомицин 1 суткада 4-6 жолу, 10–20 мин. бирдиктеги бицилинди куюуу да жакшы натыйжаларды берет. Көпчүлүк окумуштуулардын билдирүүлөрүнө караганда тетрациклин, левомицетин, экмоновоциллин да ийгиликтүү колдонулат.
Дарт ичеги–карында болсо ар түрдүү антибиотиктер жана дезинфекциялоочу дарылар оозу аркылуу берилет. Дарты денесинде болсо жаранын тегерегине сыворотка же 3-5% дуу карбол кислотасынын эритмеси куюлат. Шишикти жарууга болбойт.

#6 10 Март 2014 - 21:16
Мителердин канаттууларга тийгизген таасири:
Мителер канаттууларга орчундуу зыян алып келет. Продуктуулугун төмөндөтөт, жаш жөжөлөрдγн өсүүсүн басаңдатат жана жүдөтөт. Өзгөчө сырткы мителер канаттуулардын тынчын алат. Кенелер түнкүсүн канаттуулардын канын соруп, күндүзү дубалдардын жана жыгачтардын кычыктарына жашынышат.
Тоок канага дезинфекция жүргүзүлбөгөндүктөн мителер тооктордун же канаттуулардын канаттарынын алдында, мойнунда, жонунда жана тоок кананда дубал тешиктеринде, жаракаларда жашашат. Тынчы кеткен тооктор жана жөжөлөр тытынышат, жүндөрү түшөт жана жүдөйт.
Мителердин активдүүлүгү жыл мезгилине жараша болот. Сырткы мителер көбүнчө жылдын жылуу мезгилинде активдүү болушат жана ошондой эле тар таза кармалбаган тоок каналарда тез өрчүшөт.
"Мителер" канаттуулардын тынчын алып эле тим болбостон жумуртка туушун өтө начарлатат же такыр токтотот, арыктатат жана өлүмгө душар кылат. Өзгөчө жаш төлдү абдан жүдөтөт, өсүүсү начарлайт, арасында чыгым көп болот жана ар кандай жугуштуу ылаңдарга туруктуулугу төмөндөйт.
Багуу шарты жана тоюттандыруусу начар канаттуулар ар кандай мителердин таасир этүүсүнөн көп жабырланышат. Ошондуктан канаттууларды кенен жана табигый жол менен желдетилген тоок каналарда багуу талап кылынат. Тоюттандырууда болсо бир типтүү тоюттандыруу канаттуулардын мителердин таасир этүүсүнө туруштук берүүсү начар болот. Минералдык, комбитоюттар, техникалык кайра иштетүүнүн калдыктары, чанактуу өсүмдүктөрдөн даярдалган тоюттар, витаминдүү кошулмалуу тоюттар менен тоюттандырылган канаттулардын мителердин таасир этүүсүнө туруштук берүүсү жогору болот жана ар кандай ылаңдардан сак болот.
Сырткы мителердин ичинен Аргас кенеси тооктордун канын соруп тоок канада жашайт. Алардын мителөөчү мезгили май айынан сентябрь айына чейин созулат. Бул кененин максималдуу өрчүшү жайында жана күз айларына туура келет жана канаттуулардын спирохетоз оорусун активдүү жугузуучусу болуп саналат. Мындан тышкары ири мүйүздүү малдардын анаплазмоз ылаңын жуктурат жана бруцеллез, сибир кулгунасы ылаңдарынын козгогучтарын ташыгычтары боло алышат.

#7 10 Март 2014 - 21:45
Аккуу.
"Аккуу" - алп жана күчтүү куштардын бири, ал байыртадан эле сулуулук менен сүйүүнүн, тазалык менен назиктиктин символу катары айтылып келет. Аккуу жомоктордо жана дастандарда да даңазаланган. "Аккуунун өлүмү" тууралуу уламыш да бар.
Ал сайроочу куштарга кирбейт. Ышылдак аккуу каркылдай алат, ал эми күркүлдөк аккуу сурнай үнүндөй салтанаттуу үн салат. Аккуунун үнүн жазында түндүктү көздөй учуп өткөндө угуу өтө жагымдуу. Апрельдин көп-көк асманында аккуулардын учуп бара жатышы - эсте каларлык ажайып көрүнүш. Түнт токойдогу обочо көлмөдө сүзүп жүргөн аккуу андан да кооз, сулуу көрүнөт.
Ал сууда жеңил каалгып сүзүп баратканда алдындагы сууда анын сөлөкөтү чагылып, сүзүп баратып чукул бурулганда артында жылтырак толкун калат, сууга чумкуганда сууну шарпылдата чайпалтат, канатын күүлөп, абаны как жара көккө көтөрүлөт. Аккуу обочо, адам бара алгыс көлдөргө, жыш камышка уя салат.
Бул өтө сезимтал, сак куш. Балапандарын ата-энеси биргелешип чоңойтот. Аккуу колго тез үйрөнөт, зоологиялык бакта Австралия кара куусу менен ынтымактуу жашай берет. Аккуу - кооз жана азыр сейрек кездешүүчү табияттын сулуулугу, ага анчылык кылууга Кыргызстанда тыюу салынган.

#8 10 Март 2014 - 23:14
Төмөндөгү архивден чукуп таап келген маалыматты эч өзгөртүүсүз эле көчүрүп илип койгонум оң болот окшойт...
Пайдалуу маалымат экен.
Акыркы кезде малдан, ит, мышыктан адамдарга жуккан оорулар көбөйүп кетти. Бул боюнча мамлекеттик ветеринардык департаментинин көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ОСМОНАЛИЕВ төмөнкүлөрдү айтат:
Мал-жаныңар аманбы?
- Быйыл Кыргызстан боюнча жыл башынан бери 316 адам малдан, иттен жуккан эхинококкоз оорусу менен ооруптур. Былтыр бул көрсөткүч 294кө жеткен. Ооруну алдын алуу үчүн жыл сайын жандыктарды эмдөөгө дарылар берилет. Мындай дарыларды мамлекет каржылайт, андан тышкары, бардык ветеринардык аптекаларда сатылат.
- Бишкекте үйүнө ит-мышык кармагандар ооруну алдын алуу үчүн атайын эмдөөдөн өткөргөнүн көрүп жүрөбүз. А айыл жергесиндегилер кантишет?
- Алар деле ветеринардык аптекалардан сатып алышат, кээси бекер келген дарыларды колдонушат. Жандыктарды эмдөөнү мамлекет ар бир айыл өкмөттөгү жеке менчик ветврачтарга милдеттендирген. Быйыл мамлекет жандыктарды эмдөө үчүн 100 миңден ашуун дарыларды айылдарга бекер таратты. Учурда Кыргызстанда 477 миң ит, 270 миң мышык бар экен.
- Бул ээси бар ит-мышыктардын саныбы же жолбундары да киреби?
- Негизинен ээси бар ит-мышыктардын саны ушунча. Жыл башында малдын санын тактаганда ит-мышыкты да кошо киргизгенбиз. Бирок учурда жолбун иттер канча экени белгисиз. Анткени менен айыл өкмөт, райадминистрациялар оору таратуучу жолбун иттер менен күрөшүүгө милдеттүү. Биздин ветеринарияда аларды жок кылуу деген маселе каралган эмес. Биз жергиликтүү бийликтерге жолбун иттерди жок кылуу боюнча жолдомо гана бералабыз.
- Эхинококкоз менен ооруган жандыктар көз жумушу мүмкүнбү, алардын белгилери кандай?
- Ооба, бул ооруга чалдыккан жандыктар деле көз жумушу мүмкүн. Бирок иттер бул ооруну алып жүргөнү менен оорушпайт, алар башкаларга таркатат. Негизи эхиноккокоз менен мал, анан адам көп ооруйт. Оорунун белгилери өпкөсүндө, боорунда ыйлаакчага окшогон суюктугу бар жара болот. Бул операция жолу менен гана алынышы керек, болбосо дарыланбайт. Өткөрүп жиберсе мерт болуп калышы мүмкүн. Бул оору менен ооругандар быйыл Бишкек шаарында, Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында көп катталды. Негизи дарт ветврачтардын жасаган иштерине байланыштуу. Андыктан элге алдын ала маалымат берип окутуп, үйрөтүп турушу керек. Өзгөчө жолбун иттерден сак болуу жөнүндө дайыма айтып турушубуз керек.
- Иттердин эхинококкоздон бөлөк кутурма оорусу бар. Буга кандай чара көрөсүздөр?
- Кутурма ит, мышык жана жапайы жаныбарлардын шилекейи, алардын тиштеген жери аркылуу адамга жугушу мүмкүн. Бул өтө коркунучтуу дарт. Кутурманы алдын алуу үчүн ит менен мышыкка жыл сайын эмдөө жүргүзүлөт. Эгер бул оору ит, мышыктан чыкса, ошол аймактагы башка малдарды да эмдөөгө туура келет. Кутурма тийген жандыктын басканы олдоксон болуп, оозунан шилекей агып, агрессивдүү абалга келип, суудан корко баштайт. Адамды көргөндө тиштөөгө аракет кылып, өзүнө ээ боло албай калат. Эгер ал адамды тиштесе, кутурма сөзсүз жугат. Ал эми кутурма жуккан адам деле суудан коркуп, оозунан шилекей агып, өзүн психологиялык жактан жөндөй албай, эмоциялуу, агрессивдүү болуп кетет. Адамды тиштегенде дароо медициналык жардамга кайрылып, убагында дарыланышы керек. Эгер убагы өтүп кетсе аны айыктырыш кыйын, өлүмгө алып келиши мүмкүн. Малдыкы деле ошондой. Мындай малды өлтүрүп, өрттөп көмүп салыш керек. Негизи малдан адамга жугуучу оорулар көп. Мисалы, сибирь кулгунасы, бруцеллез, шарп сыяктуу оорулар жугат. Өзгөчө сибирь кулгунасынын бактериясы өтө коркунучтуу. Аны 100 градуста кайнатып, ууландыруучу дары-дармек менен да өлтүрө албайбыз. Себеби бул бактериянын сыртында капсуласы бар. Ал жүз жылдап өлбөй жата берет. Качан гана мал адам менен контакт болгон учурда капсуласынан ажырап, аларды жуктуруп, жабыркатат. Бул илдетке кабылган жандыктар, адам тез эле көз жумат. Бизде тери формасында жуккан сибирь кулгунасы боюнча былтыр бешөө катталган. Териге жуккандарды айыктырса болот. Негизи бул оору чыккан жерди атайын белгилеп, тегерегин курчап, ортосуна бул жерде сибирь кулгунасы мынчанчы жылы болгон деп жазып карантин белгисин коюп, жылына эки жолу дезинфекция жасап туруу керек. Бирок мурунку убакта коюлган белгилердин көбү билинбей, мал оттоп жүрүп жуктуруп алып, андан адамга өткөн учурлар болуп атат.
- Малдын дени сак болуш үчүн жылына канча жолу эмдөө алып турушу керек?
- Мисалы, мүйүздүү мал жылына төрт жолу, ал эми койлор беш жолу эмдөөдөн өтөт. Ит, мышык эки жолу эмделиши шарт. Эмделген иттер башка жолбун иттер менен контактта болсо да аларга оору жукпайт. Жапайы жаныбарларды эмдөө кыйын. Чет мамлекеттерде приманка деп атайын таштап кетет. Аны жеген жапайы жандык эмдөө алгандай болот. Кээ бир мамлекеттерде токойдун үстүнөн дарыны атайын самолет менен чачышат экен.
Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосу жана өкмөттүн жардамы менен Айыл чарба министрлигинде малдын ылаңдарын алдын алуу үчүн улуттук программа кабыл алып, жакында Кыргызстан боюнча бруцеллезго каршы бекер эмдөө жүргүзө баштадык. Малдан жуккан бруцеллез дарты да абдан жаман илдет. Бул оорунун кесепетинен адам майып, тукумсуз болуп калышы мүмкүн. Эң биринчи эмдөөнү жолу 2008-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районунан баштаганбыз. 2009-жылы Нарын облусунун 1 млн. 50 миң баш майда жандыктарынын ургаачыларын толугу менен эмдедик. Себеби, эл эркек малды көп кармашпайт экен. 2010-жылы бул программаны Ысык-Көл, Чүй облусуна киргизгенбиз. Быйыл бүт республика боюнча ушундай ооруларга каршы эмдөө башталды.

#9 10 Март 2014 - 23:48
Кыргыз жылкысы.
Көчмөн кыргыздар эзелтен жылкыны кастарлап багып, жортуулдарга, мергенчиликке жана ат оюндарына минип келишкен. Ошондой эле тарыхта калган катаал күндөрдү, согуш-кыйроолорду жеңүүдө алдындагы аргымагынын мааниси зор болгон.
Байыркы мегилдеги монгол жылкыларынан мурда эле, кыргыз жылкысынын бар болгондугу изилдөөлөрдөн улам далилденген. Ал кезде, кыргыз жылкысынын мыкты сапаттарына карабай, монгол жылкысы даназаланып турган. Себеби, ал мезгилде, каардуу Чынгызхандын үстөмдүгүндө, кыргыз жылкылары жалпысынан монгол жылкылары деп аталган. Кийин, ХХ кылымдын башында орустар дал ушул кыргыз жылкысы менен падышалык армиянын кавалериясын толуктап, минүүгө пайдаланышкан. Бул, асыл тукум кыргыз жылкысынын кезегинде дүйнөгө чыккандыгын айтпасак болбойт. 1913-жылы Николай падышанын убагында, Алматыда айыл-чарба көргөзмөсү болуп, ар кайсы элдин күлүктөрүн сынаган ат чабышта, биринчи болуп, Көккашка кыргыз күлүгү келген.
Кыргыз жылкысы күчтүү, чыдамкай жана бийик тоого чыгууга ылайыкташкан. Чыныгы кыргыз жылкысынын сүрөттөлүшү: Жал-куйругу өтө узун эмес, моюну жоон, башы чоң жана салмактуу, буттары кыска, булчуңдуу, туяктары бекем, көкүрөгү кең келет. Бою 138сантиметрден 155 сантиметрге чейин болот. Ал эми жылкынын өңү-түсүнө карап, буурул, кара, тору, сарала, карала, чабдар, көк, ак-боз деп айтышат.
Учурда кыргыз жылкыларынын сапатынан дагы, анын санына өзгөчө көңүл буруу абзел. Жетишээрлик сандагы кыргыз жылкылары акыркы мезгилде дүйнөгө тарап, Орусиянын Оренбург, Урал, Самара, Саратов, Сибирь жана Торида сыяктуу айылдарынын жарманкелеринде сатышат.
Ал эми азыр таза кандуу, асыл тукум кыргыз жылкысы Кыргызстанда жокко эсе экендиги өкүндүрөт. Аларды көбөйтүү үчүн, айыл чарбасына жана спорт тармагына пайдалануу максатында аргындаштыруу жолу менен таза кандуулугун жоготуп алышкан.

#10 11 Март 2014 - 00:25
Негизи кыргыз эли эзелтен мал кармап, аны менен өз тирлигин өткөрүп келгендиктен,
төрт түлүктүн кыял-жоругун,
табиятын мыкты өздөштүргөн.
Атургай малга карата болгон ар кандай ырым-жырымдары бар. Мисалы, малды эч качан байлаган жиби менен сатпайт. Минтсе андан кийин өзүндө мал токтобой калат деп эсептейт. Ача туяктуу мал эгиз төлдөйт дегенибиз менен уй баласы эгиз төлдөгөндө,
ырымдап шар агып аткан сууну кечирет. Бул андан аман өтүп кетсе чоңоёт дегендик. Дагы бир жерде эгиз тууган уйдун бир торпогун мууздап салышат. Кош кулун тууган бээни да ушундай ырымдайт. Учурдагы айыл элинин тажрыйбасы боюнча көк мээ болгон малдын башын жылуулап, талканды ысытып муздаганча басат. Бул ыкма көпчүлүк учурда жакшы натыйжасын берет. Ал эми көзүнөн жаш агып, ак чел басып бараткан малдын көзүнө күндө кумшекерди сүртүп турса оору күчөбөйт.
Мал багуунун канчалык түйшүктүү экени баарыбызга белгилүү. Түн уйкуну бөлүп аздектеп багып, пайдасын көрөөрдө илдетке чалдыгып чекесинен өлө берсе, бул мал ээсин түйшүккө салбай койбойт. Өзгөчө азыркы мезгилде шарп оорусунун күч алышы түмөн түйшүк жаратууда.
Тарыхына токтолсок, шарп оорусу 1546-жылдары катталган. Эң биринчи пайда болгон жери Италия. Кыргызстанда 4-5 жылдан бери баш көтөргөн бул дарт далай малдын жанын алып келет. Кеңири таралышына чегаралардын ачыктыгынан коңшу Өзбекстан, Тажикстан, Казакстандын малынын биздин мал менен бирге жайылышы себеп дешүүдө. Аны алдын алууга дале жетиштүү чара көрүлбөйт. Учурда бул оорунун бир канча түрү бар. Жугуу мезгили 2-7 күнгө созулуп, 21 күнгө чейин болот. Адистердин айтуусунда, дарттуу малдын денесинин температурасы 40 градуска жетип, шайы ооп, чөп, жем жебей калат. Уйдун былжыр челинде, желининде, муун, салааларында ыйлаакчалар пайда болуп, оозунан шилекей агып, сүтү азаят.
Негизинен Кыргызстанда бул ылаңдын "О", "А" типтери мурунтан белгилүү болуп, тиешелүү тармактар бул боюнча иш жүргүзүп келишкен. 2003-жылы илдеттин "Азия -1" деген жаңы вирустуу тиби кокусунан пайда болуп, адистердин шаштысын кетирген. Вирусту аныктап, ага каршы чара көрүүгө адистер жоктугунан убакыт өтүп, 2004-жылы гана такталган. Илдетке каршы күрөшүүгө адис жана финансы жоктугунан оору күч алган. Кыргызстанда бир эле шарп оорусу эмес, төрт түлүктүү мал чарбасында сибирь жарасы, кутурма, бруцеллёз сыяктуу илдеттер жайылууда. Бул илдеттердин адамдарга жуккан фактылары барган сайын көбөйүүдө.
Өлкөбүздөгү мал базарларга алынып келинген малдын баары ветеринардык көзөмөлдөн өтүшөөрү күмөн. Элибиз мал менен жан багып аткандан кийин мамлекет башындагылар ветеринардык кызматкерлерге жетиштүү көңүл бөлүшүп, мыкты адистерди даярдоону көзөмөлдөп, маяналарын көтөрүп, ветеринардык кызмат жөнүндө мыйзам кабыл алышы керек эле. Тилекке каршы, малдын илдетин алдын алуу мамлекет тарабынан тиешелүү деңгээлде жүргүзүлө элек.

#11 11 Март 2014 - 00:27
Шарпты кантип дарыласа болот?
Учурда айыл-кыштактарда шарп ылаңын ар кандай ыкма менен дарылап жатышат. Бири кара туз колдонсо, бири креолин, дагы бири марганцовка пайдаланып келүүдө. Ал эми адистер бул дартты дарылоодо үч пайыз көк таш, эки пайыз күкүрттүн аралашмасын колдонсо жакшы натыйжа берет дешет. Бул ыкманы колдонгон учурда ылаңдаган малдын оозун капшыра кармаган болбойт. Ылаңдаган малдын оозу ооруну күчөтөт, ошондуктан этияттык менен дарылоо зарыл. Бардык эле ылаңды алгачкы күндөрдөн баштап дарыласа, оору жеңил болот. Аталган ылаң менен жабыркаган малды короодон чыгарбай, башка малга кошпой дарылаш керек. Шарп аба аркылуу жана ооруган мал жеген акырдан башка ача туяктуу мал тоюттанган учурда шилекей аркылуу да жугат. Бирок колдо болгон каражат оорунун күнүмдүк жакшырышына гана шарт түзбөсө, андан сыркоо мал толук сакайып кетпейт. Ар бир адам малдын илдеттерине көңүл буруп, учурунда эмдетип турса мал ооруга тушуккан учурда жеңил дарыланат. Ооба, чындыгында кээ бирөөлөр акчасы жок болуп колдо болгон каражатын дары катары пайдаланып келишүүдө. Бирок бул үчүн атайын адистин кызматы жакшы натыйжа берээринде шек жок.

#12 11 Март 2014 - 00:29
Тоок уурдаба, аны багыш оңой эле.
Үй канаттууларын багуу оңой жана ыгын билген адамга көптөгөн киреше алып келүүчү жандык. Үй канаттууларынын негизинен 4 түрү бар: тоок, күрп, өрдөк, каз. (Жети-сегиз жылдан бери Кыргызстанда төө куш да багыла баштады.) Үй канаттуулары тез жетилип, өтө кунардуу жана тукумчул келет. Мисалы, майда тукумдагы тооктор 4,5-5 айында, ал эми чоң тукумдагылары 5,5-6 айында жетилет, б.а. жумуртка тууганга жана басып чыгарууга жарап калат. Күрп, өрдөк, каз 8-10 айында жетилет, бирок үйдө өстүрүү жана кармоонун шартында адатта күндүн узактыгы 12-14 саатка жеткен эрте жазда гана жумурткалайт.
Жумуртка багытындагы тооктор алгачкы жылы 220-230 жумуртка, айрымдары жылына 300дөн ашык жумуртка тууйт. Күрптүн айрым тукумдарынын жумурткалоосу 21ден 25 жумага чейин созулганда 60-100 жумурткага жетет. Өрдөк, мисалы, пекин өрдөгү, жумурткалоонун болжол менен 9 айга созулган биринчи циклинде 160-190 жумуртка тууйт. Каздын жумурткалоосу адатта 3-4 айга созулат да, 15-18ге же көп тууганда 75-80 жумурткага жетет. Тоок, күрп жана өрдөктүн каздан өзгөчөлүгү алардын жумурткалоосу 1-жылга салыштырганда 2-жылы болжол менен 15%га, андан кийинки жылдарда андан да көп төмөндөйт. Каздын жумурткалоосу тескерисинче 2-жана 3-жылдары көбөйөт, ошондуктан чарбада каз 5-жылга чейин эле кармалат.
Үй канаттууларынын жумурткасы жана эти аш болумдуу, сиңимдүү жана жегиликтүү келет. Тоок жумурткасынын курамында белок - 12,8%, май - 11,8%, углевод - 1,0%, күл заттары - 0,8, суу - 73,6% жана 12ден ашык витамин менен 20дан ашык минералдык заттар бар. Куш этинде түрүнө, жашына жана семиздигине жараша 16-20% белок, эттүү тоок менен күрптө 9-10% май, ал эми семиз өрдөк менен казда 30-35% май болот.

#13 11 Март 2014 - 00:30
Төө куш баксаң тез байыйсың.
Учурда Кыргызстанда төө куш багып анын пайдасын көрүп жаткандар бар. Бирок дале биздин эл төө куш бизнесин жакшы түшүнбөй жатат. Кези келгенде бул куш боюнча чоң фабрикалар болот. Анткени бул жаныбар 70-75 жашка чейин жашай берет. Төө куш баккан аябай үнөмдүү жана пайдалуу. Бир күндө ар бири 1,5-2 килограммм гана чөп, 1 килограмм жем жеп, жайдын ысык күнүндө он литрден суу ичет. Жүгөрү, арпа, буудай, балыктын ичегилерин жем катары берсеңиз болот. Кышында көбүнчөсү капуста жешет. Аны менен катар бор, жумуртканын сырты, акиташ, туз витамин катары берилет.
Жумурткасынын көлөмү анделектей. Салмагы 1,6-1,8 килограмм. Бир жумуртканын баасы эки миң сом турат. Көбүнчө аны инкубатордон чыгарганы алышат, жегенге сатып алгандар да жок эмес. Даамынан бир аз айырмаланган менен төө куштун бир жумурткасы тооктун отуз жумурткасына барабар. Марттан сентябрь айынын башына чейин туут айы. Саат төрттөн кечки саат жети-сегизге чейин туут маалында короого кала берсе баккан кишини да киргизишпейт. Ушул айлардын ичинде бир төө куш жакшы берди дегенде 40-50гө жакын жумуртка бериши керек. Жумуртканы бир жарым айда балапан кылып басып чыгарышып, жөжөсү бир айдан кийин эле чоң төө куш болуп чыга келет. Жумурткалар инкубаторго чейин 2-8 градус муздак жерде туруш керек экен. Ысыкта бузулуп кетиши мүмкүн. Жумурткалардын жей турган жана балапан чыга турган эки түрү бар. Балапан чыга тургандарынын түсү ак болот.
Бир төө куш миң доллардан эки миң долларга чейин турат. Ал эми этинин бир килограммынын баасы 20 доллар. Үч жаштан өйдөкүлөр 70 килограммдын айланасында таза эт берет. Союлушу да кадимки эле малдыкындай. Төө куш этин деликатес, дары деп алышат. Жылкыдай эле казы берет. Этинин даамы бир туруп жылкынын этине окшоп кетсе, суюк тамак жасай келсе индюктун этине окшойт. Бир сезондо бир төө куш орточо эсеп менен 30 жумуртка берсе ал 60 миң сом болот. Жумуртка, этинен сырткары канаттары да акчага сатылат. Канатынын бир талынын баасы 100 сомдон сатылат. Бир төө куштан 28-30 канат чыгат, ошондо канатынын өзүнөн эле 2800-3000 сом түшөт. Башка мал баккандан көрө төө куш баккан үнөмдүү жана пайдалуу. Төө кушту да кадимкидей эле мууздап союп, терисин сыйрышат. Эң кызыгы, төө кушка уурулукка келген адам соо калбайт. Ал жанына эч качан мас адамды жолотпойт.

#14 11 Март 2014 - 00:44
Курт-
кумурскаларды кантип жоготуу керек?
Ден соолугубуз мыкты болсун десеңиздер эң оболу зыяндуу курт-кумурскаларды жоготуңуздар.
Чымын жана куртту жоготуу :
1-ыкма - жаңгактын жалбырагын дааратканага таштап койсо он күн же он беш күндө курттардын бардыгы өлөт.
2-ыкма - сөгөттүн жалбырагын сыгып, ошол согун курт бар жерге сепсе курттар өлөт.
Чиркейлерди жоготуу:
Дарылоо ыкмасы: Шабдаалынын жалбырагын сыгып, сууга чылап коюш же кайнатыш керек. Андан соң чиркейлер көп жерге же ал тукумдаган жерлерге ар бир квадрат метр жерге бир литрден сепсе жоголот.
Канталаны жоготуу:
Кургатылган мурчту күйгүзүп, эшик, терезени жылчыксыз жаап, үйдү ыштаса кантала жоголот.
Бүргөнү жоготуу:
Акиташка суу куюп, бир аздан кийин үйдүн бурчтарына жана күмөндүү жерлерге сепсе бүргөлөр жоголот.
2-ыкма - шабдаалынын жалбырагы менен көк эрменди кийиздин же төшөнчүнүн астына салып коюш керек.
Кырк аякты жоготуу:
Ыкмасы: Чачты жыгач таарындысынын үстүнө коюп, күйдүрүп үйдү ыштаса кырк аяк жоголот.
Жетим көпөлөктү качыруу:
Ыкмасы: бир-эки көк пиязды чыракка асып койсо, көпөлөктөр качышат.

Билдирүүнү түзөткөн: Jamgyrchy: 11 Март 2014 - 00:57
#15 11 Март 2014 - 00:46
<p><strong>
Канаттуулар тумоосунан сак болуңуз!<
/strong>Канаттуулар тумоосунан сак болуңуз!<
/p><p><em>
Канаттуулар тумоосунун эпидемиясы жана Азиядагы вирустун адам өлүмүнүн көбөйүшүнө алып келиши күндөн күнгө кооптонууну тудурат. Ал эмне деген вирус жана адамзатына кандай коркунуч алып келет?</em>
Канаттуулар тумоосунун эпидемиясы жана Азиядагы вирустун адам өлүмүнүн көбөйүшүнө алып келиши күндөн күнгө кооптонууну тудурат. Ал эмне деген вирус жана адамзатына кандай коркунуч алып келет?<br>
<strong> </strong> </p><p><
strong>Канаттуулар тумоосу деген эмне?</strong>
<br>Адам, куштар жана башка тирүү жандыктар тумоонун вирусуна тез чалдыгышат.
Канаттуулар тумоосунун 15 түрү бар. Жугуштуу жана адатта канаттуулар үчүн өлүмгө дуушар кылуучу Н5 жана Н7 вирусу эсептелет. Көбүрөөк кооптонууну тудурган өзгөчө коркунучтуусу болуп Н5N1 вирусунун белгиси кирет. Бирок ушул белги чегинде виристун ар түрдүү айырмалары бар. Ар өлкөдө, канаттуулар тумоосунан жапа чеккендердин ар кандай түрлөрү катталган.<
br> Миграциялап учуп жүрүүчү жапайы куштардын ичинен, айрыкча өрдөктөр вирусту ташып келишип, оорунун таркашына жол түзүшөт. Кезегинде тумоонун негизги курмандыгы болуп колго кармаган канаттуулар кирет дагы аны өзгөчө тез кабыл алышат.<br>
Мына ошондуктан Турция менен болжолдуу Румынияда жапайы канаттуулар арсында байкалган штамм H5N1 вирусу кооптонууну туудурат. Өз кезегинде Пакистанда Н7 жана Н9 штаммы катталды, бирок азырынча адамдар арасында вирустун жуккан учурлары жок.<br><
/p><p><strong>
- Канатуулар тумоосунун таркашын токтотуп калса болобу?</strong>
<br> - Вирустун жакында баардык Европанын аймагына таркап кетиши ыктымал деген коркунуч бар. Оорунун негизги ташып келүүчүлөрү канаттуулар болгондуктан,
вирустун таркашын токтотуп калыш таптакыр мүмкүн эмес. Бирок инфекция сөзсүз колго кармаган канаттууларды козгой бербейт.<br>
Эксперттердин айтымында, эгерде тийешелүү чараларды көрүп жана фермердик канаттуулар фабрикаларына жапайы канаттуулардын өтүп кетишинен сактанышса,
анда кырсыктын болбошу толук мүмкүн дешет.<br>
Андан сырткары, миграциялап учуп жүргөн жапайы канаттууларды үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзгөндө,
тигил же бул жерлерде тумоого чалдыккан канаттуулардын тобунун пайда болушун алдын ала эскертүү системасын түзүүгө болот. <br></p><
p><strong>- Адамдар кантип канаттуулар тумоосун жуктурушат?
</strong>
- Адамдар кантип канаттуулар тумоосун жуктурушат?
<br> - Бир аз мурун, канаттуулар тумоосу тек гана канаттуулар арасында гана таркатылат деп эсептелүүчү.
Бирок 1997-жылы Гонконгдо бир топ адамдардын өлүмүнүн себеби канаттуулар вирусунан экендиги аныкталган.
Адамдар, тирүү канаттуулардын вируска чалдыгышынын аркасында алар менен түз аралашкан учурда жуктуруп алышат. Вирус канаттуулардын богунда болуп, кургагандан кийин айрым бөлүктөр абага сиңип, андан адамдар дем алышат.<br>
Оорунун белгилери - ысуулоо, алсыздык, тамактын оорусу жана жөтөл болот дагы, жөнөкөй тумоого окшош келет. Айрым учурларда конъюнктивит өнүгүп кетиши ыктымал.<br>
Бирок иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча окумуштуулар Вьетнамдагы акыркы өлүмдөргө байланыштуу кооптуу окуяларга өзгөчө тынчсызданышат.
Такталганга караганда жеке эле өпкөгө таасир бербестен, канаттуулар тумоосу адамдын башка органдарына дагы жайылат. Бул деген мурда болгон айрым ооруулар, а түгүл өлгөн учурларды канаттууларга байланыштырышкан эмес, бирок чынында так ушул вирустун аркасында болгон.<br>
</p><p><
strong>- Канча адам жапа чегишти?
</strong>- Канча адам жапа чегишти?
<br>- Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча 206 114 адам бул ооруга чалдыгып өлгөн. Башка вирустардан айрымасы - канаттуулар тумоосунан өлгөндөрдүн деңгээли башкалардан укмуштай бийик - 50% ашуун. Салыштырмалуу,
2002-жылы чыккан атипичдүү пневмониянын вирусу (SARS) 8,4 миң адамдан табылып, ичинен 800 ү өлгөн.<br>
</p><p><
strong>- Канатуулар тумоосу адамдан адамга өтүшү мүмкүнбү?&
nbsp;</strong>- Канатуулар тумоосу адамдан адамга өтүшү мүмкүнбү?&
nbsp;<br> - Айрым белгилерге караганда, окуянын ушундай жагдайда өнүгүшү мүмкүн. Бирок азырынча эпидемияга айланып кетүүгө ыктымал вирус абдан оор формасына өтө элек.<br> Окумуштуулардын мындай тынчын алганына себептүү бир нече жагдайлар бар. Мисалга Таиландда канаттуу тумоосу менен ооруган бир кыз, айрым божомолдорго караганда, өзүнүн энесине жуктурган. Кыз менен энеси өлүп, ал эми канаттуу тумоосу менен ооруган тайэжеси аман калган.<br>
Британиялык вирусолог, профессор Джон Оксфорд, вирустун адамдан адамга таркашы ыктымал экендигин ушул окуяларга таянып эсептейт. Келечекте мындай жагдай кайталанышы ыктымалдыгын эскерет.<br>
Себеби Таиланддагы окуя жалгыз гана мисал эмес.<br> 2004-жылы Вьетнамда бир тууган эки кыз каза болгон. Алар канаттуу тумоосу менен белгисиз өпкө оорусунан өлгөн өзүнүн бир тууган инисинен жугушу ыктымал болчу. Так ушундай окуя 1997-жылы Гонконгдо катталган - бул мисалда доктор өзүнүн сыркоо пациентинен жуктуруп алышы мүмкүн, себеби андан вирустун Н5N1 штаммы аныкталган.
<br></p><
p><strong>- Бул азыр дүйнө канаттуу тумоосунун эпидемиясын күтүп жатат дегендикке жатабы?
</strong>- Бул азыр дүйнө канаттуу тумоосунун эпидемиясын күтүп жатат дегендикке жатабы?
<br>- Эксперттер мындай коркунуч бар экендигин танбайт. Бирок Таиландда канаттуу тумоосу тек гана жакын туугандар арасында бири-бирине жугуп, андан ары оору таркаган эмес.<br> Мындан сырткары, канаттуунун тумоосу азырынча адамдардын тумоосунун жөнөкөй формасы менен биригише элек. Бирок эгерде ал каптап калса, аягы өтө опурталдуу болуп кетээри талашсыз.<
br> Окумуштуулардын айтымында, белгилүү жагдайларга байланыштуу (эгер адам бир эле учурда жөнөкөй тумоо жана канаттуу тумоосу менен илдетке учураса) эки вирус, уруктары менен алмашуусу мүмкүн. Канчалык ушундай окуялар көп болсо, ошончо жаңы вирустун пайда болуусу ыктымал жана түз эле адамдан адамга өтө берет.<br>
</p><p><
strong>- Эгерде ошондой болуп кетсе, анын аягы эмне болот?
</strong>- Эгерде ошондой болуп кетсе, анын аягы эмне болот?
<br>- Эгерде вирус адамдан адамга жеңил желпи өтө баштаса, аягы коркунучтуу болот. Эксперттердин алдын ала болжолдоруна таянсак, дүйнө боюнча 2 ден 50 миллионго чейин адамдар кайтыш болоору шексиз.<br>
</p><p><
strong>- Канаттуу тумоосуна вакцина барбы?
</strong>- Канаттуу тумоосуна вакцина барбы?
<br> - Вакциналар азырынча жок, бирок адамдарды Н5N1 вирусунан сактап калуучу шайкеш келүүчү нерсе иштеп чыгуу жолунда турат.<br>
Адаттагы антибиотиктер ооруунун белгилерин жумшартууга жардам берет жана анын таркоо мүмкүнчүлүгүн кыскартат.<
br></p><p>
<strong>- Канаттуу этин жеш коркунучтуу эмеспи?
</strong>- Канаттуу этин жеш коркунучтуу эмеспи?
<br> - Толук коркунучтуу эмес. Эксперттер тооктун эти канаттуулар тумоосунун вирусунун дүүлүктүрүүчүсү эмес дешет. Вирус ооруган канаттуунун ичегилеринде жашайт.<br>
Коркунуч туудурган (Тобокел) топторго ооруган канаттуу менен тыгыз аралашкан адамдар кирет, мисалы канаттуу фабрикаларынын кызматчылары.
<br> Кандай болсо да Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) өкүлдөрү тоок этин бышырууда 80 градустан кем эмес ысыктыкта даярдоодону сунушташат.
Жумуртканы дагы катуу кылып бышыруу керек, жумшак абалда болбойт.<br>
</p><p><
strong>- Эпидемия болгон өлкөлөрдөн канаттуу тумоосу таркабаш үчүн кандай чаралар көрүлүүдө?&
nbsp;</strong>- Эпидемия болгон өлкөлөрдөн канаттуу тумоосу таркабаш үчүн кандай чаралар көрүлүүдө?&
nbsp;<br> - Эпидемияны токтотуш үчүн бир нече өлкөлөрдүн бийликтери миллиондогон канаттууларды жок кылышты. Бул чаралар адамдар арасында тумоонун таркабашын басаңдатат деп эсептешет.
</p>
</p>
Билдирүүнү түзөткөн: Jamgyrchy: 11 Март 2014 - 01:26
#16 11 Март 2014 - 08:49
менинда кесибим ветеринария.
Суроо жиберсенер жооп берем колумдан келишинче.
#17 11 Март 2014 - 09:32
эн коркунучтуу оорулар малдан жугат адамга. Ошон учун айткан экен И.Павлов медицина адамды даарыласа ветеринария жалпы адамзааданы даарылайт деп. Адамга жугуштуу оорулар. Сибир кулгунасы. Шарп. Оспа( чечек) . Бурсолоз. Эхинакакоз.
Кутурма. Туборкулоз.
Ж.б оорулар кирет.
#18 11 Март 2014 - 12:51
Тукум жакшыртып, кунардуу уйларды өстүрүү.
Уй чарбасы Кыргызстанда мал өстүрүүнүн башкы тармагы болуп калды. Анткени сүт жана эт азыктары мал чарбасынан алынган баардык азык түлүктөрдүн 60% нан ашат. Кийинки жылдарда кой эчкиге салыштырганда уйдун саны анча көп кыскарбай, фермердик жана дыйкан чарбаларында ийгиликтүү өстүрүлө баштады.
Акыркы жылдары биздин республикада 988000 баш уй, анын ичинен тубары 547000 болгон, же болбосо акыркы беш жылда жалпы саны 141000 ге, тубар уйлар 55000 башка көбөйдү. Бирок тоюттандыруу жана асылдандыруу начар болгондуктан, уйлардын сүттүүлүгү 1990-2005–жылдарга караганда 1000 килограмга азайып кетен.
Элдин этке жана сүт азыктарына болгон керектөөсү 60-62 пайызга гана канааттандырылууда, алардын өздүк наркы жогорулоодо. Демек, уй чарбасын мындан ары өркүндөтүү элдин экономикалык шартын оңдоого да бир кыйла өбөлгө түзмөкчү.
Башка малдын түрүнө салыштырганда уй баласы кесек тоютту абдан жогору пайданалаарын, адам үчүн эң эле пайдалуу жаныбар экенин окумуштуулар тарабынан да, практика жүзүндө да далилденди жана дүйнө жүзүндө башка малдын түрлөрүнө караганда абдан көп таркаганы кокусунан эмес.
Кыргыз элинин белгилүү ойчул, олуя адамы Калыгул айткан экен: «Уй пул болоор, кул бий болоор» деп. Мына азыркы заманда уй баласы сүтү, эти жана төлү менен бир үй-бүлөөнү багып жатканын уйдун баасы көтөрүлгөнүн көрүп атабыз. Ушул мезгилде 1 литр сүттүн баасы бизге жакын Каракол шаарында 20-25 сомго, 1 литр каймак 200 сомго, 1 кило сары май 240 сомго, 1 кг уй эти 250-270 сомго чыкты. Калктын сүт азыктарына болгон талабы күчөдү.
Ушуга байланыштуу айыл жерлериндеги элдер уй өстүрүүгө, фермердик чарба жүргүзүүгө көбүрөөк көңүл бура башташты. Айрыкча Чүй өрөөнүндө менчик уйлардын саны да, сапаты да, бир кыйла жогорулай баштады.
Эми уй чарбасын күткөнгө жараша, тоютту, мээнетти жакшы актай турган сүттүү жана эттүү уйларды өстүрүп көбүрөөк киреше алуу керектиги келип чыкты. Ал үчүн эмне кылуу керек? Эң биринчиден жакшы тукумдагы кунардуу мал күтүүдөн баштоо зарыл.
Уйдун сүттүүлүк сапаты жалпылап алганда 30-35 пайызы асыл тукумдуулук сапатына, ата тегине жараша, 25-30 пайызы малды жаш кезинен жакшылап өстүрүлүшүнө жана 30-35 пайызы сапаттуу тоюттандырылып багылышына байланыштуу болору аныкталган.
Ар бир фермер сүттүү уйлардын асыл тукумдуулугун сактап, төлүн көбөйтүп өстүрсө, келечекте Ала-Тоо уйларынан сүттүү тибинин негизинде сүт багытындагы жаңы тукум чыгарууга көмөк көрсөтөөр эле.

#19 11 Март 2014 - 14:45
Айбанаттардын кыштан чыгуусу.
Кыш - айбанаттар үчүн суук, азык тартыш болгон кыйын мезгил. Өсүмдүк менен тамактануучу жаныбарлар гана эмес, жырткычтар үчүн да тамак табуу оңой эмес. Ал эми курт-кумурска менен тамактануучуларга андан да кыйын: Кышында алар кайдан табылсын.
Айбанаттардын кыш мезгилинде жашоого ыңгайлашуусу миң жылдардан бери акырындап пайда болгон. Куштардын көбү кышында жылуу жакка учуп кетүүгө көнгөн. Ал эми кыштап калгандары кышында да жем таап жегенге үйрөнгөн. Жырткычтар болсо башкача кыштайт. Көпчүлүгү кышында чээнге кирет да, бир нече ай ойгонбой уктайт.
Демейде алардын бардык органдары нормалдуу иштейт. Ал эми кышкы уйку мезгилинде жүрөгү жай, начар согуп, дем алганы араң эле билинет, ал түгүл кээ бирөөлөрүнүн денеси муздап да калат. Бирок организм ушундай абалда да тамактанышы керек. Чынында эле ал организмде топтолгон май запастары менен "тамактанат" . Нормалдуу иштеген организм бул запасты тез эле сарптамак, ал эми тиричилиги жай жүргөн организм аны бүткүл кыш бою керектейт.
Кышкысын чээнге кирүүчүлөр: Аюу, кашкулак, аламан, суур жана кирпилер. Жерде-сууда жашоочулар да, сойлоочулар да "катуу" укташат. Жылан, кескелдирик жана башка курт-кумурска, чымын-чиркейлер ийинине жана жаракаларга кирип, уктап кышты өткөрүшөт. Албетте, бардык эле айбанаттар чээнге кирбейт. Жырткычтардын көбү кышында да өзүнө жетишээрлик тамагын табат, ал эми алардын калың жүнү кышкы аязга туруштук берет.