Биз уюштуруучулар тобу Супер сынактын 5 тапшырмасын өз-өзүнчө баалап алсак, ошондо акыйкаттуу жыйынтык чыгаарына ынанып, сиздердин сунушуңуздарды да эске алуу менен бирге, добуш берүү темасын ачып коюуну туура көрдүк.
Ар бир тапшырмага бир жума (7 күн) добуш берүүгө убакыт бөлүнөт.
Добуш берүүнүн шарттары:
1) Бир форумчу ар бир тапшырмага бирден гана добуш берүүгө укуктуу.
2) Бир тапшырмада эки катышуучуга бирдей добуш берилбейт.
3) КОНОКтордун билдирүүлөрү 50дөн ашса, добуш берүүгө укуктуу.
4) Кошумча никтердин добушу эсепке кирбейт.
5) 7-апрелден кийин катталгандар добуш берүүгө укугу жок.
6) Сынактын катышуучулары өзүнөн башка катышуучуга добуш берсе болот.
Ушул эреженин негизинде "Мен киммин?" темасы боюнча купулуңузга толгон катышуучуга добуш берип баштай берсеңиздер болот.
Бир аздан соң катышуучулардын тизмесин Kg.lady айым жазып кетмекчи.
Ийгилик баарыңыздарга!
Билдирүүнү түзөткөн: Clara_Zh: 14 Апрель 2014 - 10:15