Биз мектепте окуп жатканда 1999-2000 жылдары, чейрек сайын 25 сомдо фондко деп акча берчүбүз, жыл сайын жогорулап бүтөргө жакын жалган айтпасам 500 сомдон жылына болгон. Анан ремонтко жана китепке деп акча берчүбү.
Азыркы учурда дагы деле бар, акча көбүрөөк чогултулат.
Мыйзам боюунча туура элеби акча чогултуу?
Баракча 1 - 1
Мектеп фонду, китепке, ремонтко чогултуучу акча. Акча чогултуу мыйзамдуубу?
#2 18 Август 2018 - 16:21
Акаев менен Бакиевдин учурунда окуп калганыбыз үчүн. Акаев убагында 120 сомдон ремонтко 12 сомдон ар бир китепке берчүбүз. Кийин Бакиев келип ал нерселерди жокко чыгарып, төлөбөй эле бүтүп кеттик Бакиев доорунда. Азыр кандай болуп калды билбейт экенмин. Чынын айтсам эмнеге жумшалаарын деле кызыгып көрбөптүрмүн
Билдирүүнү түзөткөн: atai9292: 18 Август 2018 - 16:23
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
#3 18 Август 2018 - 16:33
Жөн эле койбойсуңарбы,
ансыз деле 1 айда ал жакка берген акчаңды 1 күндө туура эмес жолдорго деле кетип жатпайбы. Анчалык майдаланып аларга киришкендин кереги жокко дейм.
Билдирүүнү түзөткөн: R_u_S: 18 Август 2018 - 16:33
#4 18 Август 2018 - 16:46
R_u_S (18 Август 2018 - 16:33) жазган:
Жөн эле койбойсуңарбы,
ансыз деле 1 айда ал жакка берген акчаңды 1 күндө туура эмес жолдорго деле кетип жатпайбы. Анчалык майдаланып аларга киришкендин кереги жокко дейм.
Ооба, макулмун кошулам пайдасыз да коротобуз. Билгим келген нерсе мыйзам чегиндеби же жокбу?
Биз биргебиз сиз менен!!!
#5 18 Август 2018 - 17:05
3500 мектеп фондуна 500сом класстык фондко беребиз,кызым 8-класс болду.1-класста 2000болчу.5-улуттук компьютердик гимназия мектеби. Быйыл бир кызым 1-класска барат,орто мектепке эле берем деп атам билбейм барып суйлошо да элекмин,кандай болот билбейм.
Баракча 1 - 1