Арзан баанын азгырыгы Бердикожо Бийназаров
#41 31 Январь 2015 - 17:51
-Апа,
сизден бир нерсе сурайын дедим эле. Макул көрсөңүз эч кандай ызы-чуу салбасаңыз деп, маанилүү сөз айтчудай сөз козгоду. Каныш эки жакты элеңдей карап, уулун карады да:-Ал кандай сөз, деги жайчылыкпы?
!-деп, үнүн бийик чыгарып эч сөз айтыла электе эле күч менен суроо берип жиберди. Аңгыча эле оңдой берди болуп Жусуп атасы кирип калды. Акманбек олтурган ордунан тура калды да, кол сунуп салам берди. Жусуп уулунун бетинен өөп:-Ой, качан келдиң? Келээриңде айтып койчу эмес белең. Эмне айтпай-дебей келип калдың? Деги иштериң жакшыбы, дениң сообу?-деп, кабат-кабат суроону берип, тасмал четине олтурду. Берилген суроолорго жооп берген соң Акманбек келген жөнүн үстүртөн айтты. Бирок, шакек жөнүндө эч сөз козгогон жок. Ушул жерден алгач атасы менен кеңешип алууну тура таап, учурун келтирип атасын ээрчип сыртка чыкканда короо жакка чакырды да, болгон ишти болгондой айтып берди. Анан чөнтөгүндөгү шакекти алып чыгып, бир нерседен шек алгансып көргөздү. Анткени, атасы шакекти таанып, ыйлап жиберет го деп күткөн эле. Жусуп шакекти колуна алып көрдү, бирок тааныган жок. Деги кыздын жоголгонуна канча жыл болду. Андан дагы анын кандай шакек тагынып жүргөнүнө деле көңүл дагы бурбаптыр. Муну эми бир көрсө Каныш же Бүрай эне гана тааныбаса башка эч ким аныгын билчүүдөй эмес. Андыктан муну эми алгач Канышка көргөзүп көрүүнү эп көрүштү
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
#42 31 Январь 2015 - 17:52
Эртең менен үйгө келген эки дос, алгач эле үйдүн сырт келбетине көз агытышты. Үйдү эмнегедир биринчи жолу көрүп жатышкансып,
экөө тең таң калып калышты. Анткени үй жаңы салынган тамдай жаркырап, алыстан эле көзгө толумдуу көрүндү. Бообек, алдыга кадам таштап, алгач босогону аттап кирди да, мурунку күнү сөөк табылган эки бөлмөгө өттү. Бөлмөнүн ичи баштагыдай түнөрбөй жарык жана ээн болуп көрүндү. Ооба, муну Өскөнаалы дагы дана байкады. Анткен менен дагы бир сыр бардай кандайдыр бир нерсе көкүрөктү өйүп турду. Бирок ал эмне сыр экенин экөө тең билген жок. Бообек, шашкан түр менен:-Досум,
мен барып базардан мал алып келейин, сен тактайларды кайра ордуна тизип, киши тамак жей тургандай жай жасап тур-деди эле Өскөнаалы, бул сунушка макул болгон жок. Эмнегедир жүрөгү бир нерсени сезгенсип, кооптонуп:-Жок,
досум, базарга экөөбүз тең эле барып келеличи. Жалгыз калгандан чынын айтсам, коркуп турам. Сен бир нерсени байкадыңбы?
Үйдө дагы бир катылган сыр бардай. Балким мал союп, куран окуткандан кийин үй ичи нак тазаланат болуш керек. Ага чейин жалгыз калбай эле койгонубуз оң го?- дейм. Бул сунушка Бообек макул болуп, башын ийкеп жооп берди. Анткени өзү дагы кандайдыр бир нерседен кооптонду. Бир пикирге келген экөө сыртка чыгышты да, такси кармап базарга келишти. Бообектин көзүнө эмнегедир эле чете турган кара кашка токту жагып туруп алды. Анын баасы дагы ойдогудай экен. Улам эле башка койлорду кыдырып караганы менен көзү алиги токтудан алыстабай койду. Негизи эле эмне сатып алба, ала турган нерсе өзү эле алгач көргөндө өзүнө тартып туруп алат эмеспи. Алиги козу дагы эмнегедир магниттей эле тартып туруп алган соң, акыры эмне болсоң ошол бол деп, Өскөнаалынын айтканына көнбөй, алиги токтуну сатып алды. Өскөнаалыга бери жакта турган куйруктуу кара козу жаккан. Анын баасы беркиге караганда арзан дагы болучу. Бообек, болбой койгон соң "өзүң бил"-деп,тим болду. Бул да болсо кандайдыр бир белгисиз сырдын түйүнүнөн белги берип турганын Бообек анча таназар алган жок. Ооба, баардык нерсенин буйругу болот эмеспи. Балким алиги сатып алынган козу, туулганда эле ушул максатта союлуу үчүн буйруган чыгар, албетте аны ким билип коюптур.Мал сатып келген экөө үйдө Ысмайыл карыянын жүргөнүн көрүп, чын ниеттеринен сүйүнүп кетишти. Кол алышып учурашкан соң карыя:-Бообек,
мен баятан бери үйдү кыдырып көрүп, дагы бир сырдын түйүнүн байкадым. Эгер макул көрсөң, менин бир Закир деген тааныш молдо досум бар. Аны чакырып, үйдү тазалатып алганың оң. Кантсе дагы үй канча жылдан бери жүк басканын өз көзүң менен көрбөдүңбү.
Жаны жок дененин байыр алганы дароо эле тазалана койбойт. Ага сен терең түшүнүү менен мамиле кылганың оң. Бир чети үй абдан жакшы салынган. Үйдүн салынышында эч айып жок. Бирок, жанбы, жаны жок нерсеби, баары тынчтыкты гана сүйөөрүн билесиң. Бул үйдө учурунда ызы-чуу көп болуп, ар кандай жаман сөздөр айтылып, уруш-талаш көп болгон үчүн ушунчалк оор жүк баскан. Мен жанатан бери бир сырды байкадым деп айтпадымбы.
Ал сырдын түйүнүн алиги менин жакшы таанышым, бир жагынан досум Закир молдо өзү чечип берет. Керек болсо ал киши бул үйдө түнөп көрүп, болгон аракетин жасайт. Мен ага баарын түшүндүрүп айтып берем-деди, да, эмне дейсиң бул сунушка дегенсип суроолуу карады. Бообек шар кетти:-Анда абдан жакшы болот эле. Керек болсо бүгүн ал кишини түлөөгө чакырып койсок кандай болот?-деп шашкалактап жооп берди. Ысмайыл карыя башын чайкап:-Жок,
ал кишини азыр аралаштырба,
аны коюп малыңды союп, тамагыңды эртелет. Болбосо айтылган убакыттан кечигип каласың-деди,
сөздү башкага буруп.
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
#43 31 Январь 2015 - 17:53
Бул күнү чакырылган кишиден алда канча көп эл келди. Анткени мурунку күнү болгон окуяны уккан эл, өз көздөрү менен көрүш үчүн үйдүн бөлмөлөрүн кыдырып дагы чыгышты. Ал турсун милиция кызматкерлери,
тергөөчүлөрдөн бери келип, ар бир нерсени такып сурап, көбү Бообекке ыраазы болуп жатышты. "Ырас иш кылыптырсың"
- деп. Жакшы сөз, жакшы маанай, жакшы жаңылык адам баласынын көңүлүн кандай көтөрөт. Өзгөчө, милициянын майору Нурдин Капышович абдан жакшы сөз айтып, ыраазычылыгын билдирди. Бул күн Бообектин көңүлүндө кала тургандай эле болду. Бир чети тарткан азабынын акыбети кайтып, үйдү тазалап алганы өзү үчүн чоң жеңиштей сезилди. Бообек, дагы эки күн үйгө түнөгөн жок. Качан гана үй-бүлөөсү келээрине бир гана күн калганда, атайын өзү үйдө жалгыз жатты. Бирок, өзү күткөндөй баягыдай коркунучтуу эч нерсени байкай албады. Үй дагы түш оогондо баштагыдай кишини өзүнөн түртпөдү. Өскөнаалы экөө үйдү жакшылап текшерип чыгышкан соң, полдорун кайра уруп, бир сыйра акилеп дагы чыгышты. Чынында эле үй акталгандан кийин жыты өзгөрүп, баштагыдан дагы жаңыргансып,
көзгө толумдуу көрүнүп, жүктөн кутулган машинадай өзүн абдан жеңил сезгенсип, өзгөрүлгөнү билинип турду, баам салып караган кишиге. Баарынан дагы кошуналар, бул үй жана сатып алган Бообек жөнүндө кулак угуп, көз көрбөгөн сөздөрдү айтышып, жөн эле жомокко айлантып жиберишкени өзүнчө бир түбү жок кепти козгойт. Бообек, түнү жакшы тынч уктап чыкканына сүйүнүп, эртең менен көңүлү өсүп, ишине келди. Канча күндөн бери соодага чыкпаганга акчасы дагы ченелүү калган. Негизи эле "береке соодада"-
деп дагы айтылган кеп бар эмеспи. Соодага көнүп алган соодагерлер,
күнүгө акча табышпаса илдетке кабылган адамдай оор тартып калаарында эч шек жок. Бул күнү Бообектин соодасы абдан жакшы болду. Кечки саат бештерге чукул жыйналып, үй-бүлөөсүн тосуп алуу үчүн шашылып баратканда,
эки милиция кызматкери алдын тосуп:-Сизди бөлүмгө алып барабыз. Калган сөздү ал жактан сүйлөшөбүз деп, эч сөзгө келбей машинага салып жөнөп кетишти....
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
#44 31 Январь 2015 - 17:55
Эмне болгон күндө дагы, адам баласы жаман же жакшы кабар угаарда, өзүнчө эле калдастап калат эмеспи. Акманбек менен атасы Жусуп шакекти Канышка көргөзө албай, бир топко буйдала түшүштү. Кантсе дагы Каныш эне да. Балким шакекти көргөндө аялдык алсыздыкка салып, "кыйкырып жибереби"
деген ойдо болушту. Негизи эле аялдар ачууга жана эмоцияга тез алдырып жиберишээри белгилүү да. Андыктан сак болгонго эмне жетсин. Чын эле бул шакек жоголгон кыз Маржандыкы болсо, анда сөзсүз үйдү ызы-чуу басат. Анткени, кыздан дагы да болсо үмүттөрүн үзбөй, күтүп жүрүшкөнүн Акманбек кантип эсинен чыгарат. Бир чети шакек ээси эжеси болуп калса, көмүлгөн жерден казып келип, айылга көмүп коюшса дагы жакшы эле болмок. Абышкасы менен уулунун бир нерсе айта албай кыйналып турганын байкаган Каныш, идиш аягы менен алек болуп жатып:-Ой, деги экөөңөргө эмне болгон. Мага бир нерсе айта албай жатасыңарбы?
-деп сурап, жооп күткөнсүп туруп калды эле, Жусуп калдастай түшүп, сыр алдырып койду. Чын эле бир нерсе айта албай турган кишидей болуп. Анын бул жоругуна кызыккын Каныш:-Ой, деги айтчы, баягы жаш кездегидей мени менен жаңы таанышканы жаткансыбай.
Кээде, ичиңе алиги кирип кеткенде жөн эле элге сөз бербей сүйлөп каласың го. Эми менден сүйрдөй турган эмнең калды?-деп, курч сөз менен Жусупту жарга такаганда, Жусуп токтоолук кылып:-Каныш,
сенин ушунуң эле жакпайт. Качан болсо алды артыңды карабай ойду- тону сүйлөп ийген ала көөдөндүгүң калбайт экен го. Сага айта турган сөздүн төркүнү такыр эле мааниси тереңде. Уулуң, Акманбек атайын шаардан келиптир, деп болгон ишти болгондой айтып берди да, анан сөз кезегин келтирип:-Бул шакекти алиги жерге көмүлгөн дененин колунан чыгарып алыптыр, эжемдики эмеспи деп. Каныш шакекти колуна алып:-Билбейм,
бул шакекти анын колунан көргөн эмесмин. Бирок, апамдыкына окшош экен. Кантсе дагы күмүш шакек да,эч сыны кетпептир-деп,
кызыгуусу арта карады. Айтмакчы, "адамдан акыл качып кутулбайт"
деген кеп бар эмеспи. Каныш шакекти кармаган тейде:-Я, абышка? Муну мындай кылсак кандай болот? Эгер апама көргөзсөк анда араң турган апамдын ал абалын дагы төмөндөтүп алабыз. Биз бул шакекти апамдын жакын абысыны Гүлүм энеге көргөзүп көрөлү. Ал апамдан улуу болсо дагы карылыкка анча алдыра элек. Бир болсо ал киши тааныйт. Эгер чын эле апамдын шакеги болсо анда, апама билгизбей эле койгонубуз оң деп, сунуш айтканда Жусуп башын чайкап:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
#45 31 Январь 2015 - 17:56
-Бул туура акыл. Аны коюп өзүң ачууга алдырып жибербесең.
Мен уккан элем, апам шакегин Маржанга бергинин. -Мен деле укам. Маржан жоголгону апам дайыма эле айтып келе жатат го "шакек касиеттүү, ал шакек жоголушу мүмкүн эмес эле"-деп. Мени кызыктырган шакек менен бирге кыздын бар жогунун дайынын билет элек. Кантсе дагы өз канымдан жаралган чүрпөм эле. Бирок, анын жоголгонуна канча жыл болду? Эгер ал тирүү болсо бир дайыны билинет эле го. Ушунча жылдан бери үмүт деле үзүлгөндөй болду, бирок кайран апам дале болсо үмүтүн үзбөй, күтүп келе жатат. Бул да болсо баккан баланын ысыктыгы эмей. Өткөндө кошунанын кызы Айжамал шаардан келсе, андан дагы сурап жатпайбы "Маржанымды көрө алдыңбы"-
деп. Аны угуп алып менин зээним кейиди. Жусуп,кабагын чытып:-Анын баарын эми эмне айтып жатасың, аны коюп Гүлүм энеге барып шакекти көргөзүп келбейсиңби,
эртели күндү кеч кылбай. Эгер ал таанып шакек чындап Маржандыкы болсо туугандарды чакырып, биз да аракет кылалы. Каныш шашкан түр көргөзүп сыртка чыгып кеткенде, Жусуп артынан чыгып:-Каныш,
бери кел. Андан көрө сен чай даярда, Гүлүм энени үйгө чакырып келип, анан чогуубуз менен көргөзөлү, бул шакекти. Каныш бул сунушка каршы экенин билгизип, ээгин короо жакка ыктап:-Апам билип калсачы? Ал киши билбегендей эле болгону оң. -Апамдын жарасы жеңил. Ал кишинин кулагы деле жакшы укпай калды. Ички үйгө кригизип деле коёбуз. Андан көрө Айзатты эле чуркатып жибер, чакырып келет. Каныш бул сунушту туура көрүп, кызына кайрылды:-Айзат,
сен барып Гүлүм энени чакырып кел, апамдар "чай ичип кетсин деп, чакырып жатат"-де.
Башка эч нерсе айтпа, тезирээк келсин деп буйрук бере сүйлөдү да, анан өзү тасмалы менен алек болду. Ошондо дагы оюнун баары жоголгон кызынын дайын дареги билинип калышынан үмүт кылды. Жусуп аялы Каныш эмнени ойлоп жатканын билип тургансып:-Каныш,
эгер сөөк табылып калса, кандай кылабыз?-деп сурап, туура эмес суроо берип алганын кеч билип, тилдин азабын тартып, сөздү башкага бургусу келди, бирок баары кеч болуп калган соң ылайыктуу эч сөз таба албай, жер карады. Ар качандан, бир качан адам баласы тээ атам замандан бери тилдин азабын көп тартып келген эмеспи. Каныштан жаман сөз угам эми деп ойлогон Жусуп, күнөөсүн сезип жер карап туруп калганда, Каныш: -Жаман нерсени ойлобочу, аны коюп шакек башка бирөөнүкү болуп калса экен деп тилесең боло. Тиги ылдыйкы айылдан деле Бокуш деген кишинин кызы жоголуп кетип жыйырма жыл дегенде табылыптыр.
Балким Маржан тирүү бир жерде эле дайынын билгизбей жүргөн чыгар. Сөзгө Акманбек аралашты:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
#46 31 Январь 2015 - 17:58
-Апа,
биз берки бөлмөдөн дагы бир аял затынын сөөгүн таап чыктык дебедимби, бирок, ал орто жашап калган адамдыкы окшойт. Дегеним сөөк абдан бойлуу экен. Ал эми шакек колунда бардыкы жаш кыздыкы экени дана эле байкалып турду. И, баса, кийими дагы өңү билинбегени менен ошол кездеги акыркы модадагы кийим болсо керек,сапаттуулугуна караганда. Алиги милиция менен келген экспертизанын адамдары дагы шакек колунда бар сөөктү жаш кыздыкы экен деп, ошол жерден эле билип коюшту. Каныш кабагы салыңкы:-Эми биздин кыздан башка деле жоголгон кыздар болсо керек. Менин деле жүрөгүм Маржандын тирүү экенинен белги берип турат. Сөз ушул жерге келгенде Гүлүм эненин дабышы сөздү бузуп, ортодо тынчтык өкүм сүрүп калды. Негизги сөз бир чыныдан чай ичилгенден кийин башталды. Алгач сөздү Каныш алып, эбин келтирип анан кеп баштады. Мындайда аялдар жөн эле артист болуп калат эмеспи. Анысысыңары Каныш дагы сөздү алыстан баштады:-Апа,
сиз эми көп жашап, көптү көрүп калдыңыз. Жусуптун чоң энесин дагы жакшы эле билсеңиз керек? Гүлүм ысык чайдан шорулдата ууртап:-Тааныбай,
анан. Мен келин болуп келгенде ал киши мага алгач жоолук салган. Кайран киши абдан наабатуу, анан боюна караган пакиза жан эле. Колунан шакек, билерик түшчү эмес. Ал эми чач учтугу ушунчалык кооз эле. Учурунда байдын кызы болсо керек. Мен ал кишинин деле оор иш жасаганын көрөгөн жокмун Бирок, колунан көөрү төгүлгөн уз жан эле. Бир жолу үйүнө чакырганынан келсем, келишитирип чий согуп жатыптыр. Эми ал кишинин соккон чийине бастырылган сүрөттү азыркы сүрөтчүлөр дагы тарта алышпаса керек. Ушундай бир ишине берилген, анан ушак сөздөн алыс, сыйга татыктуу адам эле. Бүрайды келин кылып алгандагы сүйүнгөнүн айтпагыла. Сөз ушул жерге келгенде Каныш сөздү бөлүп:-Апа, сиз ал кишинин колундагы шакектерди тааныймызбы?
-деп сөздү бөлүп сурап калды эле Гүлүм эне:-Ай, Каныш, сен кандай бей тартип аялсың ия, мен али сөзүмдүн аягына чыга электе эле сөздү бөлүп. Сөз бөлгөн, ойду бөлгөнгө тете иш. Ой бөлүнгөндөн кийин адам баласы айтып жаткан сөзүн жоготуп алат. Мен тээ илгертен бери ооздон сөздү тартып алган адамды абдан жаман көрөм. Ар нерсенин өз учуру болот да. Макул эми мен сөзүмдү токтотоюн, сен сүйлө деп, жактырбаган түр менен карады эле Каныш ашыкча кетип, кары кишини таарынтып алганын билип унчукпай калганда Гүлүм эне:-Заман оңолду, бирок эл бузулду. Карыдан жаштар сөз талашып калды, эркектен, аялдар жол талашып, келиндер тастаңдап жылаңбаш жүрүп калганы эле элдин бузулганы эмей… Биз илгери башыбыздан жоолук түшүрбөй эле улууларды сыйлап, ыйбаа кылып келгенбиз, эч жерибиз эч нерсе болгон жок. Азыркылар бир нерсе болсо эле жүдөп кетишет экен. Бул эми жашоонун оңолгону, заман жеңилине тартып калганы эмей. Өткөндө шаарга барсам, Касымбектин балдары атасынын ашын кафеден берип чакырышты. Эл бир эле күр келип, күр кеткени гана жакшы болбосо, мага анча жаккан жок. Жусуп, Гүлүм эненинин көп сүйлөгөнүнөн тажап кетти. Анткени бул сөздү ушуну менен үчүнчү жолу угуп жатат. Эптеп сөз кезеги келгенде учурун келтирип, суроо берип калды.-Апа, сиз жана айтыңыз, менин чоң апамдын колунан шакек, билерик түшчү эмес деп, азыр ошол шакектерди тааный аласызбы? Гүлүм эне берилген суроону жактыра бербей:-Ой, Жусуп, сен бала болуп кеткенсиңби дейм, андан бери канчалаган суулар агып өтүп, эмне деген окуялар артта калбады. Сенин чоң энең Зууранын көзү өткөнүнө эле канча убакыт болду. Мен ал кезде толуп-болуп турган кезим болучу. Азыр минтип айылдын эң кары адамы болуп, төрдүн төрүнөн орун алып калдым. Менин курдаштарымдын сөөктөрү эбак эле сөпөт болуп, топуракка айланып калса керек. Ал эми мен болсо силердин алдыңарда тилим сайрап, какшанып олтурам. Карыганда адам баласынын жашоого деле көңүлү чапай калат экен. Өткөндө шаардагы кызым келип крортко алып барып эс алдырып келейин дейт. Мага азыр кайдагы курорт. Аны коюп, мени араңардан алып кетсе болбойт беле. Азыр эски көздөрдүн азайып баратканы мени абдан түйшүккө салчу болду.
Окурмандар капа болбой турунуздар, калганын биринчи куну жазам себеби кирди чыкты кылдырганы кетип атамын, озумо ак жол каалап сиздерге иштериниздерге иигилик каалайм
Окурмандар капа болбой турунуздар, калганын биринчи куну жазам себеби кирди чыкты кылдырганы кетип атамын, озумо ак жол каалап сиздерге иштериниздерге иигилик каалайм
Билдирүүнү түзөткөн: Aizurok: 31 Январь 2015 - 18:02
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
#53 01 Февраль 2015 - 11:03
Адашып алган окшойм.
Билдирүүнү түзөткөн: saltanat.: 01 Февраль 2015 - 11:09
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#56 02 Февраль 2015 - 13:35
#57 02 Февраль 2015 - 23:17
окурмандар чыдап кутконунуздорго чоон рахмат, мен жакшы барып келдим, куда кааласа баары жакшы болот , эмесе коп суйлобой жазып баштайын
-Ой, Жусуп, сен бала болуп кеткенсиңби дейм, андан бери канчалаган суулар агып өтүп, эмне деген окуялар артта калбады. Сенин чоң энең Зууранын көзү өткөнүнө эле канча убакыт болду. Мен ал кезде толуп-болуп турган кезим болучу. Азыр минтип айылдын эң кары адамы болуп, төрдүн төрүнөн орун алып калдым. Менин курдаштарымдын сөөктөрү эбак эле сөпөт болуп, топуракка айланып калса керек. Ал эми мен болсо силердин алдыңарда тилим сайрап, какшанып олтурам. Карыганда адам баласынын жашоого деле көңүлү чапай калат экен. Өткөндө шаардагы кызым келип крортко алып барып эс алдырып келейин дейт. Мага азыр кайдагы курорт. Аны коюп, мени араңардан алып кетсе болбойт беле. Азыр эски көздөрдүн азайып баратканы мени абдан түйшүккө салчу болду. Карылык келген жаман тура, балдарга дагы сөзүң өтпөй, сени менен эч кимдин иши болбой калат экен. Жусуп дагы көп сүйлөп бараткан Гүлүм эненин сөзүн бөлүп:-Сиз бул шакекти тааный аласызбы?-деди эле Гүлүм эне шакекти колуна алып, бир топко үнсүз туруп, анан башын ийкеп:-Тааныбай анан! Карачы күнү бүгүнкүдөй эскирбегенин. Күмүш деген күмүштүгүн кылат тура. Ошон үчүн алтын менен күмүш баалуу да деди....
-Ой, Жусуп, сен бала болуп кеткенсиңби дейм, андан бери канчалаган суулар агып өтүп, эмне деген окуялар артта калбады. Сенин чоң энең Зууранын көзү өткөнүнө эле канча убакыт болду. Мен ал кезде толуп-болуп турган кезим болучу. Азыр минтип айылдын эң кары адамы болуп, төрдүн төрүнөн орун алып калдым. Менин курдаштарымдын сөөктөрү эбак эле сөпөт болуп, топуракка айланып калса керек. Ал эми мен болсо силердин алдыңарда тилим сайрап, какшанып олтурам. Карыганда адам баласынын жашоого деле көңүлү чапай калат экен. Өткөндө шаардагы кызым келип крортко алып барып эс алдырып келейин дейт. Мага азыр кайдагы курорт. Аны коюп, мени араңардан алып кетсе болбойт беле. Азыр эски көздөрдүн азайып баратканы мени абдан түйшүккө салчу болду. Карылык келген жаман тура, балдарга дагы сөзүң өтпөй, сени менен эч кимдин иши болбой калат экен. Жусуп дагы көп сүйлөп бараткан Гүлүм эненин сөзүн бөлүп:-Сиз бул шакекти тааный аласызбы?-деди эле Гүлүм эне шакекти колуна алып, бир топко үнсүз туруп, анан башын ийкеп:-Тааныбай анан! Карачы күнү бүгүнкүдөй эскирбегенин. Күмүш деген күмүштүгүн кылат тура. Ошон үчүн алтын менен күмүш баалуу да деди....
Билдирүүнү түзөткөн: Aizurok: 02 Февраль 2015 - 23:26
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
#58 02 Февраль 2015 - 23:24
Милицияга түшүп көрбөгөн Бообек, чынында эле калдастап калды. Жолдо карай сурай дагы алган жок "эмне күнөөм үчүн" алып бара жатасыңар?-деп.
Андайда адам баласынын оюна эмнелер гана келбейт. Бообек ар нерсени ойлоп, өзү жасаган күнөөлү ишти оюу менен издеп дагы көрдү. Бирок, эч кандай кылмыш ишин жасабаганын билип турса дагы, денесин майда калтырак басып, бөлүмгө келгенге чейин коркконунан чекесинен майда тер дагы чыпылдап чыгып, өңү дагы өзгөрүлө түшкөн. Качан гана бөлүмгө келгенде, милициянын капитаны Картаңбаев:
-Жолдош Бообек Ашымов, сиз алиги үйдү сатып алганыңызга канча убакыт болду?-деп сурганда гана өзүнө келип, үнү каргылданып жооп берди:-Бир жумадан ашып калды. -Үйдү сага ким сатканын жакшы тааныйсызбы?
-деди эле Бообек башын тырмап:-Ооба,
эмне болду?-деп кайра сурады эле капитан кашын серпип, ооздо турган милициянын сержантына кайрылды:-Алып келгилечи алигини!-деди эле, милиция сыртка чыгып кетип, кайра тез эле келип калды, үйдү саткан баланы ээрчитип. Бообек дароо эле аны таанып:-Эй, акмак, сен айтып койбойт белең, үйдүн коркунучтуу сыры бар!- деп. Сени кайдан табам деп жүрдүм эле. Аз жерден коркконумдан оруулу болуп кала жаздадым деп, опурулуп бир тийди. Бактыбай эч нерсе болбогон адамдай:-Сата турган адам качан сатыла турган нерсенин жаман жагын айтчу эле. "Соода сакал сыйпаганча"
-дегенди билесиңби? Мен сатканды, сен сатып алганды билдиң. Баятан бери "мен эч кандай үй саткан жокмун"- деп моюнга албай жаткан Бактыбай ушул жерден сөзүнөн чалынып, үй сатканы жөнүндө айтып алды. Капитан кабагын түйүп:-Эй, акмак, сен жана эле эч кандай үй саткан жокмун деп жатпадың беле, я?-деп үнүн өктөм чыгарды эле, Бактыбай жооп бере албай, башын жерге салып туруп берди. "Калптын казаны кайнабайт"
-дегендей, калпты каратып туруп айткан Бактыбай ушул жерден даана өзү торго түшүп берди. Эми мындан ары болгонун болгондой эле айтып бербесе, башка аргасы жок калганын сезип, жер карады. Бообек ушул жерден билди, эмнеге бул жакка келгенин. Бөлүмдөн чыкканда такси кармап, бара турган жерине келсе, эбак эле үй-бүлөөсү келип күтүп калышыптыр.
Аз болгондо аларды таппай калмак экен. Балдарынын бетинен өөп, анан аялы менен учурашкан соң:-Мен азыр, такси кармап келейин. Ушул эле жүк менен келдиңерби?
-деди эле Сыйнат чарчаганын үнүнөн билгизип:-Берки жүктөрдү атамдар келээрки аптада чоң машинага салып жибермей болушту. Эптеп келдик. Жол абдан алыс экен-деп, шаарга алгачкы жолу келгенин сөзүнөн билгизип койду. Элет жеринен шаарга келген адам чоочун короого түшүп калган койдой, өзү эле билгизип коёт эмеспи. Сыйнат дагы чоочуркап, элеңдеп, эки жакты карап, элеттен келгенин сырт келбетинен эле билгизип алды. Бообек салону узун машинаны айдатып келди да, жүктү ага салып, алдыга олтуруп жатып:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
#59 02 Февраль 2015 - 23:29
-И. Сыйнат, сүйлө, айылда эмне жаңылык бар?-деди, артын карап. Сөз сүйлөгөнгө көңүлү жок Сыйнат кабагы салыңкы:-Эч деле жаңылык жок. Аны коюп кандай үй сатып алдың? Менин угушума караганда коркунучтуу үй сатып алдың беле?-деп, Бообек күтпөгөн сөздү айтты эле Бообек таң калып:-Аны сага ким айтты? Азыр барганда көрөсүң, кандай үй сатып алганымды. "Жакшы сөз таш бакадай, жаман сөз учкан куштай жетет"-деген чын экен,ээ. Чын эле сага ал сөздү ким айтты? Сыйнат үнүн жай чыгарып:-Аны анан айтайынчы. Азыр жаным жер тартып, кыйналып турам. Машина Төө-Ашуудан бузулуп калып, суук тийип калды окшойт. Шафёр абдан шалаакы неме экен. Ушундай алыс жолго чыкканда дөңгөлөктөрүн камдап алса болмок да. Запас дөңгөлөгү жок экен. Жарылып калып көпкө туруп калдык. Дагы жакшы бир таанышы жолугуп калып дөңгөлөгүн берди. Болбосо дагы эле тура берет белек. Андан дагы күнөөнү мага шылтап коёт "жүгүң оор экен"деп.
Өзү Оштон жан талашып салып алат да, анан кайра мени күнөөлөйт. Деги элдин пейили бузулуп, кайда баратат, билбей дагы калдым. Билесиңби, баягы сенин классташың Белекти. Ошко алып келгенге сейин наалып жатып кишини жеп салды, сөз менен. Ал дагы өзү келген үйгө "мен эле жеткирем"
деп. Ал болбосо Нуркан байкенин машинасы менен эле келмек болчумун. Ошко келгенден кийин жол кирени ашыгы менен алып коёп, жолдон тамак ичпей ачка келдик. Негизи эле азыр адамдар эки сүйлөп калганына мен абдан капа болуп жүрөм. Баягы күнү сенин жакын досуң Эржан жанды койбой жатып миң сом алып кеткен "эртең эле берем"деп.
Анын артынан калбай көлөкөдөй ээрчип жүрүп, араң төрт жүз сомду эптеп алып, калган акча анда калып калды. Ал досуң даана алдамчы экен. Ушундай достордон көрө досу жок эле жүргөнүң жакшы . Ал кайдан билди билбейм, менин мал сатканымды.
Ошол досуң айтты сенин коркунучтуу үй сатып алганыңды. Алгач эле өзүнүн достору жөнүндө жагымсыз сөз уккан Бообек эми билди, кимдер менен коюн колтук алышып дос болуп жүргөнүн. Машина үйдүн алдына келип токтогондо Сыйнат таң калып калды:-Бообек,
чын эле ушул үй биздикиби? Сен айткандай эле жакшы там экен. Мага сыртынан эле жакты. Жаңы салынгандай жаркырап турганын карачы. Бул үйдү кантип таап алдың? Бообек кабагы ачык, машинадан жүктү түшүрүп жатып:- Сыйнат, алгач үйгө ырым кылып, ак чачсаң боло?
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
#60 02 Февраль 2015 - 23:30
Сыйнат атайын ала келген баклашкадагы сүттү босогого чачып, келме келтирип анан оң буту менен астананы аттады. Эмне болгон күндө дагы ырым-жырымды кармай билген дагы жакшы жөрөлгө эмеспи. Сыйнат чынында эле жаш болсо дагы салт-санааны жакшы өздөштүрүп алган үчүн, болгон жөрөлгөлөрдү жасап, анан үйдүн бөлмөлөрүн кыдырып чыгып:-Бообек мага үй абдан жакты. Эми акжолтой там болсун. Үнүбүз жетчү жерге жеткен экен!-деп сүйүнгөнүн жүзүнөн билгизип, ооруганын унутуп калды. Балдары дагы корону кыдырып өздөрүнчө эле "апа, мунусу мындай экен, тигиниси тигиндей экен"-деп кызыгуулары арта карап чыгышты. Сөз кезеги келгенде Бообек:-Сыйнат,
мен чайдын камын көрөйүн, сен камыр жууруп жыт чыгара салчы. Бүгүн жөн жатпай жок дегенде арбактарга багыштап куран окуп жаталы. Дагы жакшы ушул үйдү сатып алганыбызга.
Билесиңби? Мен үйдү сатып алганы көөнүм өсүп, чоң жакшылык күтүп тургансып, бир башкача сезимге кабылып жатам. Баарынан дагы бизге жакын жерде Өскөнаалы досум жашайт экен. Анын бүгүн иштери чыгып калды. Болбосо сени экөөбүз тосуп алат болчубуз. Сыйнат дале болсо ишене албай сатып алган үйгө көзү тойбой карап, өзүн ушундай бир бактылуу сезип алган. Анткени айылдагы жашаган үйүнүн эскилиги, сууну алыстан ташып ичкени, кайын журт менен бирге жашаганды турмушка чыкканы жактырган эмес. Тээ бала кезинен "суусу үйдөн чыккан тамда жашасам" деп, тилеген тилеги эми кабыл болгонунабы,
ким билет деги буту-бутуна тийбей чуркап, жан алы калбай өз иши менен алек болуп жүрдү. Арыдан бери камыр жууруп жыт чыгарганга дагы үлгүрдү. Ара чородо айылдан алып келген эттен даамдуу кылып күрүч дагы басканга жетишти. Эх, бул дүйнөдөгү ыракаттын бир үзүмү жашоодогу жетишкендиктерге жетип, анын үзүрүн көрүү экенин жашырганга эч негиз жок. Керээлди күнү кечке жол жүрүп чарчап келген Сыйнат кечки күйгөн Ильич шамынын жарыгы менен дагы үйдүн ичин текши карап чыгып, өзүнчө эле пландаштырганга өттү "бул жерге муну коюш керек, тиги жерге тигини коюш керек экен"-деп.
Тамак алдыга келгенде Бообек кыраатын келтирип куран окуп,арбактарга багыштады да анан тамакка карады. Үй-бүлөө текши бары түгөл тамак ичүү өзгөчө эне үчүн бакыт эмей. Сыйнат өзүн бактылуу сезип тамак жеп олтуруп дагы, балдарынан көзүн алган жок. Бообектин жүрөгүн өйүгөн бир нерсе "Эми жанагы көрүнө турган неме эми эч кимге көрүнбөсө экен"-деп ичинен миң кайталап тилеп, ошол себеп менен аялына жыт чыгартканын тымызын ичине катты. Тамак желип бүткөндө жол жүргөнгөбү эки уулу дароо эле уктап кетишти. Сыйнат дагы арыдан бери тасмал үстүн жыйнай салып, жатууга баш койду. Анткен менен түн абдан тынч өттү. Эртең менен алгач эле Бообек уйкудан ойгонуп, эки жакты аяр карап алды да, анан эң алгач үйдүн ичине көз салып чыкты. Өзү ойлогондой эч кандай сырды байкай алган жок. Сыртка чыгып келип, бетин чайыды да, анан сөөк табылган эки бөлмөгө кирип куран окуду. Бул анын алдына алган ырым-жырымы болучу. Сыйнат эч нерсени сезбей уктап жаткан, бул кезде. Качан гана Бообек аны акырын түртүп ойготкондо гана көзүн ушалап:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ