Daud (25 Сентябрь 2011 - 10:51) жазган:
Сиздер Иса бул Кудай (же Кудайдын уулу) дейсиздер. Бул айтылган сөзгө кандай далилиңиздер бар?
Мен Библиядан Исанын (алейхис-салаам) Кудай эмес, инсан жана пайгамбар экендиги айтылган бир нече саптарды таптым. Алар төмөнкүлөр:
5 Ибо един Бог, един и посредник между Богом и человеками, человек Христос Иисус, (Первое послание к Тимофею 2:5).
3 Сия же есть жизнь вечная, да знают Тебя, единого истинного Бога, и посланного Тобою Иисуса Христа. (От Ионна 17:3)
19....Они сказали Ему: что было с Иисусом Назарянином, Который был пророк, сильный в деле и слове пред Богом и всем народом; (Лука 24:19)
11 Народ же говорил: Сей есть Иисус, Пророк из Назарета Галилейского. (Матвей 21:11)
Биринчи эки сапта Кудайдын үчөө эмес бирөө экендиги жана ошондой эле биринчи сапта Исанын (алейхис-салаам) Кудай эмес инсан (адам) экендиги айтылып жатат. Ал эми 2-3-4- саптарда Исанын (алейхис-салаам) пайгамбар экендиги айтылып жатат.
Эми сизге суроо Исанын (алейхис-салаам) Кудай экендиги жана Кудайдын үчөө экендиги Библиянын кайсы жеринде жазылган? Эгер ушундай жазуу бар болгон болсо бул мен жогоруда айтып өткөн саптарга каршы келбейби? Кудайдын сөзү бири-бирине каршы келбеши керек эле го.
Машайакчылык эч качан Кудайды учоо деген эмес, дебейт дагы, Библиянын эч жеринде Кудай учоо деп жазылган эмес. Сиз келтирген аяттарга каршы келген аяттар да жок.
Анткени, мындай деп жазылган:
Ишенимдин сыры улуу экендиги шексиз: Кудай адам болуп келди, Анын адил экендиги Рух аркылуу далилденди, Ал периштелерге көрүндү, элдер арасында жар салынды, дүйнөдө ишеним аркылуу кабыл алынды, даңк менен жогору көтөрүлдү.
Бул аятта УЛУУ СЫР тууралуу айтылып жатат. Ал СЫР Адам болуп адамдардын арасында жашаган, Пайгамбар болуп элге Кудайдын эркин уйроткон, бул адамдын акылына сыйбас улуу чындыкты Руху менен Аны таза журок менен издегендерге ачып берген Кудай Озу экендиги болчу.
Анын Кудай экендигин айтып турган аяттардан:
"Мен жана Атам бирбиз" (Жкн.10:30).
Ошондо Филип: «Теңир, бизге Атаңды көрсөт, бизге ошол жетиштүү болот», – деди. Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Ушунча убакыттан бери Мен силердин жаныңарда жүрсөм да, сен Мени тааныбайсыңбы, Филип? Мени көргөн адам Атамды да көрдү. “Бизге Атаңды көрсөт”, – дегениң кандай? Менин Атамдын ичинде экендигиме, Атамдын Менин ичимде экендигине ишенбейсиңби? Силерге айткан сөздөрдү Мен Өз атымдан айткан жокмун. Менин ичимде жашаган Атам Өз иштерин кылып жатат. Мага ишенгиле: Мен Атамдын ичиндемин, Атам Менин ичимде. Сөзүмө ишенбесеңер да, кылып жаткан иштеримди көрүп, Мага ишенгиле(Жкн. 14).
Ал бардык нерседен мурун бар болчу жана бардык нерсе Ал аркылуу бар болуп турат.Кол.1:17.
Эң башында Сөз бар болгон, Сөз Кудайда болгон жана Сөз Кудай болгон.
...Сөз адам болуп, биз менен жашап турду... (Жкн,1).
Сүйүнчү! Таптым бакытты жаным эңсеген,
Кайсалап издеп, канчалар таппай дегдеген.
Көксөөсү суубай көңүлдөр калып акыры,
Нечендер аны өксүгөн тейде жок деген.
Бар экен бакыт өксүгүм бүтүн бүтөлдү.
Бактымды эми бүтүндөй айтып бүтөмбү?
Баратам кайда, келатам кайдан дечү элем,
Дарегим таптым, түбөлүк жолум түзөлдү.
Күнөөкөр болуп күкүрт көл – тозок отуна
Кыйылган жанды кыйа албай Өзү келиптир!
Ааламдын ээси айланып адамзатына,
Кунума менин Өзүнүн жанын бериптир!
Жараткан Өзү башпаанам эми билемин,
Жарасы бүтүп, жай алып жаным жыргады.
Боштугу толуп боштондук алган жүрөгүм,
Чыныгы, таза сүйүүнүн ырын ырдады!