Neizvestnyi. Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Тартип бузгандар
- Билдирүүлөр:
- 183 (0,05 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Дин жана философия (134 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 16 Июль 14
- Кароолор:
- 9 389
- Соңку аракети
- 04 Ноя 2014 14:41
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 80 жашта
- Туулган күнү:
- Ноябрь 1, 1943
- Жынысы:
- Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мен ачкан темалар
-
АКШ лидерликтен түшсө, ордун ким ээлейт?
Жазылган күн: 25 Окт 2014
Азыр АКШ 1-мамлекет. Эгер АКШ 1-ликтен түшсө, бул боштукту ким толтурат?
Британиябы? Ал 2-дүйнөлүк согуштан алсырап чыкты. Америка согуштан кийин Британияны кандайдыр бир деңгээлде шерик кылып алды. М: аны менен бирге БУУ жана Коопсуздук Кеңешине негиз салды, аны эл аралык конференцияларда шерик кылды. Бирок, Британия Американы эл аралык майданда күчсүздөнтүү үчүн тузакка түшүрүүгө аракет кылган соң, АКШ 1961-жылы СССР менен келишип алды. Натыйжада, Британиянын таасири абдан кыскарып кетти. Жада калса, Британия – эгер Шотландия жана Түндүк Ирландия андан бөлүнүп чыга турган болсо – кулоо коркунучу астында турат. Демек, Британиянын бул боштукту толтурушу кыйын. -
Исламий жаңылыктар...
Жазылган күн: 23 Окт 2014
1973-жылкы статистика боюнча мусулмандардын саны жарым миллиардды түзгөн болсо, 2011-жылга келип бир жарым миллиардга жеткен
Германия расмий статистикалык маалыматтарына ылайык, 2006-2007-2008-жылдары эки саат сайын бир адам Исламга кирген. Т.а. бир жылда 4000дөн ашуун адам, ар айда үч жүз элүүгө жакын адам, ар күнү 12 адам Исламды кабыл алган.
Франция ички иштер министрлиги даярдаган изилдөөгө ылайык, ар жылы 3600 чакты француз Исламды кабыл алат.
«Daily Mail»дин жаңы калктар туурасындагы божомолдоруна ылайык, бүгүн дүйнөдөгү бардык мусулман калктын саны келерки жыйырма жыл ичинде 35%га көтөрүлүшү күтүлүүдө. Муну менен 2010-жылдагы 1,6 миллиард мусулман 2030-жылы 2,2 миллиардга жетет. Исламдан башка бардык дин өкүлдөрү чектелип калган, ал эми, Ислам өкүлдөрү барган сайын көбөйүүдө. -
Орусия Куран жана Хадиске тыюу салды
Жазылган күн: 17 Окт 2014
Апастовский районный суд Татарстана признал экстремистским материалом перевод 52-й книги хадисов Сахиха аль-Бухари и запретил его к распространению.
По заключению экспертов, содержащаяся в переводе книги информация возбуждает межнациональную и межрелигиозную рознь и является экстремистским материалом.
Ранее судами России были запрещены общепризнанные труды мировых ученых. А при попытке запрета перевода Корана использовалась точно такая же формулировка. Следуя только им понятной логике, власти продолжают запрещать фундаментальные книги Ислама. Подобные решения судов выглядят просто нелепыми, ведь они откровенно оскорбляют как 20 миллионов мусульман России, так и остальные полтора миллиарда мусульман всего исламского мира которых Россия пытается убедить в том, что не ведет войны с Исламом. -
Жума күнүнүн өкүмдөрүнөн
Жазылган күн: 17 Окт 2014
Жума күнү, кадырман мусулмандар, күбө болуучу жана күбө болунуучу күн. Т.а. ким жума намазында болсо, бул намаз ага күбөлүккө өтөт, ким үзүрсүз жума намазында болбосо, ага каршы күбөлүккө өтөт о.э. эшиктер алдында турган Периштелер да күбө. Чынында, Аллах күндү башка жылдыздардан абзел кылганы сыяктуу, бул күндү башка күндөрдөн абзел кылды.
Ибн Коййим айткандай, жума күнү «ибадат күнү, айлар ичинде рамазан канчалык даражада болсо, жума да күндөр ичинде ошончолук даражада. Бул күндөгү дубалар ижабат боло турган саат рамазандагы кадр түнү сыяктуу. Ошондуктан, кимдин жумасы туура жана саламат болсо, калган аптасы да саламат болот, кимдин рамазаны туура жана саламат болсо, ошол жылынын калганы да саламат болот, кимдин ажылыгы туура жана саламат болсо, өмүрүнүн калганы да саламат болот, демек, жума күнү калган аптанын таразасы, рамазан калган жылдын таразасы, ажылык калган өмүрдүн таразасы» («Задул маад» китебинен).
Аллах Табарака ва Таала Үммөткө өзгөчө нерселерди, улуу абзелдиктерди берди. Аллах яхудийлерди жана насранийлерди жума күнүнөн адаштырган соң, ушул күндү Үммөткө таандык кылып берди.
Абу Хурайра дан риваят кылынат, Расулуллах с.а.в мындай дейт: «Аллах бизден мурункуларды жума күнүнөн адаштырды. Яхудийлердин ишемби күнү, насранийлерди жекшемби күндөрү бар эле. Аллах бизге жума күнүн алып келди, ага бизди Өзү хидаят кылып, жума, ишемби, жекшемби күндү жаратты. О.э. яхудий жана насранийлер бизге кыямат күнүндө да ээрчишет, биз дүйнө калкынан башкабыз, кыямат күнү биз биринчи болобуз» (Имам Муслим риваяты). Ушул күндө эч бир күндө жамдалбаган фазилеттер жамдалган, ушул себептен улам, ал күндөрдүн абзели.
Абу Хурайра риваят кылган хадисте Расулуллах с.а.в мындай дейт: «Күн нурун чачкан эң жакшы күн жума күнү» (Имам Муслим риваяты).
Жума кунүнүн фазилеттери туурасында Анас ибн Малик мындай хадис риваят кылат: «Расулуллах с.а.вга жума тартуу кылынды, аны Жаброил алаканында алып келди, ал кудум ортосунда чекити бар айнек сыяктуу эле. Бул эмне, эй Жаброил, деп сурады, бул жума күнү, Роббиң аны сен жана сенин артыңдан Үммөтүң майрамдашсын деп сага буйруду, анда силер үчүн жакшылык бар, сен алдыңкы болосуң, яхудий жана насранийлер сенден кийин болушат. Бул күндө ушундай саат бар, кимде-ким ошол саатта Роббиге өз тагдырында болгон бирер жакшылыкты дуба кылып сураса, албетте берет, же бирер жамандыктан баанек сураса, албетте бул жамандыктан да чоңураак жамандыкты андан арылтат, биз акыретте бул пендени мазид күнүнө (Аллахты көрө турган күнгө) чакырабыз» (Табароний сахих санад менен риваят кылган).
Аллах ушул мубарек күндү башка күндөрдөн өзгөчө кылды. Бул күндүн өкүмдөрүнөн: – Аллах Таала Өзүнүн ушул сөзүнө ылайык, жума намазына экинчи жолу азан айтылышы артынан соода-сатык кылууну арам кылды: «Эй момундар, жума күнү намазга чакырылганда дароо Аллахты зикир кылууга (жума намазын окууга) шашылгыла жана соода-сатыкты токтоткула» [62:9]
Демек, инсанды жума намазына катышуудан кечиктире турган же андан алек кыла турган ар кандай амал арам, бул амал соодасатык болушунун же келишим жана мамилелер о.э. инсанды жума намазынан алек кыла турган амалдар болушунун айырмасы жок. – Жума күнүндө имам бамгымдат намазында сураи сажда менен сураи инсанды толук окушу мустахаб, Набий а.с ушундай кылган. – Өзүнчө жума күнүнө даярданып орозо кармоо же киямул лайл кылуу арам.
Буга Абу Хурайра нун Набий а.сдан риваят кылган ушул хадиси далил: «Жума түнүнө киямул лайлды хостобогула жана жума күнү орозо кармоону да хостобогула, бирок, кармап келе жаткан орозоңор болсо, мейли» (Имам Муслим риваяты). – Ким орозо тутмакчы болсо, жума күнүнөн мурунку же кийинки күндө кармасын.
Буга Абу Хурайра нун Набий а.сдан риваят кылган ушул хадиси далил: «Эч кимиңер жума күнүндө орозо кармабагыла, бирок, андан мурунку күндө же кийинки күндө болсо, мейли» (Имам Бухарий риваяты). – Инсан бул күндө Набий га салават айтышы мустахаб.
Буга Авс ибн Авс нун Набий а.сдан риваят кылган ушул хадиси далил: «Күндөрүңөрдүн абзели жума күнү. Ушул күндө Адам жаралган, ушул күндө жаны алынды, ушул күндө кыямат кайым болушуна сурнай тартылат жана ушул күндө кайра тирилүү үчүн сурнай тартылат. Андыктан, ушул күнү мага көбүрөөк салават айткыла. Албетте, салаватыңар мага көрсөтүлүп турат» (Насаий, Абу Давуд жана Ибн Мажа риваяты). – Жума күнүндө Кахф сүрөсүн окуу да мустахаб.
Буга Абу Саид Худрийдин Набий а.сдан риваят кылган ушул хадиси далил: «Ким жума күнүндө Кахф сүрөсүн окуса, эки жума арасында ага нур тийип турат» (Хаким жана Байхакий риваяты). – Жума намазы үчүн гусл кылуу да мустахаб. Жада калса, айрым уламалар муну важиб дешкен.
Ибн Умар риваят кылат, Расулуллах с.а.в мындай дейт: «Кимиңер жума намазына барсаңар, гусл кылгыла» (Имам Бухарий риваяты). Мусулман кишинин жума күнүндө эң жакшы кийимин кийиши да мустахаб.
Буга далил, Ибн Умар мындай риваят кылат: «Умар ибн Хаттаб мечиттин эшиги алдында эң таза жакшы кийимди көрүп калып, Расулуллах га: Я Расулуллах, ушуну сатып алып, жума күнүндө о.э. өкүлдөр алдыңызга келишкенде кийсеңиз жакшы болот, деди» (Имам Бухарий риваяты).
Абу Давуд «Сунан»ында келишинче, Расулуллах с.а.в мындай дейт: «Жума күнү үчүн иш кийимдериңерден башка кийимди тапсаңар, жакшы болот» (Абу Давуд риваяты). – Мусулман киши жума күнүндө атыр себиниши, мисвак колдонушу да мустахаб.
Буга Абу Саид Худрий Расулуллах с.а.вдан риваят кылган ушул хадис далил: «Ар бир балагатка жеткен киши жума күнүндө гусл кылсын, мисвак колдонсун… жана атыр сүртсүн» (Имам Муслим риваяты). Жума намазына жөө басып баруу улоодо баргандан абзел.
Буга Авс ибн Авс Сакафий нун ушул риваяты далил: Мен Расулуллах с.а.вдын мындай дегенин укканмын: «Ким жума намазы үчүн жуулган кийим кийсе жана гусл кылса, эрте барса жана ашыкса, жөө барып, улоого минбесе, имамга жакын барып, кулак салса, пайдасыз сөз сүйлөбөсө, баскан ар бир кадамы үчүн бир жылдык орозонун жана киямул лайлдын сообун алат» (Тирмизий, Абу Давуд жана Ибн Мажа риваяты).
Жума намазына эрте баруу да мустахаб, дээрлик өлүп жаткан сүннөт болуп, аны тирилткен кишини Аллах рахмат кылсын. Салмани Фарсий риваят кылган хадисте мындай делет: Набий а.с мындай деди: «Киши Жума күнүндө гусл кылса, кудуреттүү болгончо атырынан жана боёгунан колдонсо же үйүндөгү жыпар жыттуу нерселерден сүртсө, кийин жумага чыгып, эки азанды кечиктирбесе, кийин өзүнө фарз болгон жуманы окуса, имам сүйлөгөндө ага кулак салса, албетте, ошол жума менен мурунку жуманын ортосундагы күнөөлөрү магфират кылынат» (Имам Бухарий риваяты). – Жума күнүндө дуба мустажаб болгон бир саат бар.
Имам Муслим жана имам Бухарий риваят кылган хадисте Расулуллах с.а.в жума күнү туурасында мындай дейт: «Анда ушундай саат бар, мусулман пенде намаз окуп бирер нерсе сураса, Аллах албетте аны берет» (Муттафакун алайхи).
Дагы бир хадисте ушул убакыт анык белгиленген: «Бул саат имам отургандан тартып намазды бүтүргөнгө чейинки убакыт» (Имам Муслим риваяты).
Качан имам минбарга көтөрүлсө, келген киши муаззиндин азанын кайталап турушу мустахаб, кийин хутбага кулак салуу важиб. Бирер киши кирип калса, имам хутба окуп жаткан болсо, адамдар желкесинен аттап өтүү менен аларды угушуна жолтоо болбосун, жакын жайдан бош орун таап, эки рекет намаз окусун жана хутбага кулак салсын.
Буга Жабир риваят кылган ушул хадис далил: «Набий а.с жума күнүндө адамдарга хутба окуп жатканда бир киши кирди, ал зат: Эй баланчы, намаз окудуңбу, деп сурады. Ал: Жок, деди. Туруп, эки ракат намаз окугун, деди». Бирер арам же лагв (пайдасыз) амал менен алектенип, хутбаны өткөрүп жиберүү жума намазынын сообун зая кетирет.
Абу Хурайра риваят кылган ушул хадисте Расулуллах с.а.в мындай дейт: «Имам хутба кылып жаткан болсо, сен досуңа «кулак салгын» деген сөздү айтсаңыз, лагв кылган болосуз» (Муттафакун алайхи). Жума намазын кийин окула турган сүннөт намазы бар, мусулман киши ага моюн сунушу керек.
Абу Хурайра риваят кылган ушул хадисте Расулуллах с.а.в мындай дейт: «Жума намазын окусаңар, артынан төрт рекет намаз окугула» (Имам Муслим риваяты).
Ибн Умар хадисинде мындай делет: «Расулуллах с.а.в жума намазынан кийин намаз окубайт эле. (Мечиттен чыгып) кайтып келгенден кийин гана эки рекет намаз окучу». Мусулман киши Сүннөткө фарзды улап жибербеши керек, алардын арасын зикр, же сөз, же аракет менен бөлүшү керек.
Буга Муавия риваят кылган ушул хадис далил: «Жума намазын окусаңар, аны бирер намазга улабагыла, арада сүйлөшкүлө же (мечиттен) чыккыла, анткени Расулуллах с.а.в бизге намазды намазга улабоого, арада сүйлөшүүбүз же (мечиттен) чыгуубуз зарылдыгына буюрду» (Имам Муслим риваяты). -
2010-жылдагы Ош окуясын Оруссия уюштургандыгы ачыкка чыкты
Жазылган күн: 10 Сен 2014
Экс-советник президента России и один из ведущих экономистов и политиков РФ Андрей Илларионов рассказал, какие меры должны быть приняты мировым сообществом и страной-жертвой в адрес страны-агрессора в случаи военного вторжение последней. Он назвал меры принятые западными странами – санкции, в отношение, России за провоцирование конфликта в Украине – неэффективными. Господин Илларионов сказал, что существует всего два случая, когда удавалось остановить военную агрессию России по отношению к ее жертвам:
«У нас есть два исторических примера, когда, по крайней мере, частично, удавалось приостановить агрессию (России). Первый случай – это 11 августа 2008 года. Это решение Буша о направление войск в регион (Грузию). После чего приказ, отданный (Кремлем) российским войскам о взятии Тбилиси (столицы Грузии), был отменен. Он действовал ровно 24 часа. Утром 11 августа он был отдан, утром 12 августа он был отменен.
Второй случай. 2010 год. Кыргызстан. Ошская Долина. Спровоцированное столкновение между кыргызами и узбеками. Направление туда в качестве миротворцев воздушно-десантных подразделений из России. После чего поступил звонок из Китая. Холодным голосом было сказано: «Верните войска назад». Через двое суток войска были возращены.» - сказал Илларионов.
Президент Узбекистана Ислам Каримов также заявлял, что события в Оше, были спровоцированный третьей стороной, таким образом, намекая о причастности России.
Таким образом, по словам господина Илларионова, на сегодняшний день существуют всего две страны, способные остановить военную агрессию России на постсоветском пространстве – это США и Китай.
СПРАВКА: Андрей Николаевич Илларионов — российский экономист. Первый заместитель директора Рабочего центра экономических реформ при Правительстве России (1992—1993), руководитель группы анализа и планирования при председателе правительства России (1993—1994), советник Президента России (2000—2005). Основатель и президент некоммерческой организации «Институт экономического анализа». Депутат «Национальной ассамблеи» (2008) коалиции «Другая Россия».
Комментарийлер
Neizvestnyi. ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?