– Мындан 4 ай мурун Бишкектеги базарлардын бириндеги тигүүчүгө парда тиктирүү үчүн 30 миң сом берген элем. Алганы барсам, “2 күндөн кийин келиңиз, даяр болот” деп узатып койгон. Андан кийин да бир нече жолу бардым, же качып кетет, же “эже, эртең келиңиз” деп алдап жолго салып коюп жүрдү. Акыркы жолу барсам, ал жерде иштебей калыптыр. Телефон чалсам, жооп бербейт же бирөөлөргө жок дедиртип салат. Менин кемчилигим,
акча берип жатканда тил кат жаздырып албаганымда.
Эми акчамды кантип кайтарып алсам болот? Жамила, Бишкек шаары.
– Сиз базар жайгашкан райондун ички иштер бөлүмүнө алдамчылык боюнча арыз менен кайрылсаңыз болот. Экөөңүздөрдүн сүйлөшүүңүздөргө күбө болгон адамдарды таба алсаңыз, сизди алдап жүргөн тигүүчүнүн үстүнөн кылмыш иши козголушу мүмкүн. Парда тиктирүү үчүн 30 миң сом алганы сотто далилденсе,
сизге бул акчаны өндүрүү чечимин сот чыгарып берет.
Баракча 1 - 1
Баракча 1 - 1