"Суперстан сулуусу-2017" Катышып, өз күчүңүздөрдү сынап көрүңүздөр, айымдар!
#21 17 Август 2017 - 04:48
Кунумдук турмушум кобунчо окуу, жумуш, уй болуп эле отот адатта. Тентуштарымдын башында конул-ачуу же жайкы эс алууну каякта откоруу тууралуу ойлор болсо, менин ойлорум "кантип чон окуу жайга тапшырам, тиги курска барышым керек эле, ага акча кылыш керек эле деп тытынмай" . Жалгыз эле мен эмес, коптогон кыргыз мекендештерибиздин учурда кунумдук жашоосу дал ушинтип отсо керек..
Айылда окуган учун, жаш кезимден эле озумдун алып жаткан билимиме эч канааттанчу эмесмин, башка жакшы окуткан мектепке которгула деп какшап журуп, окууну деле бутуп кеттим. Шаарларда билим сапаты бир аз жакшы болгон менен, айылдарда жан кейитээрлик эле. "Англис-тили, математика, химия, биология" жада калса "орус-тили" сабагынан да керектуу адистер жок, болсо да "коридордо" окуп буткондор сабак берип калып, коп жаштар билимге суусап келе жатышат. Ал эми онугуп, осуп билимин оркундотуп жаткан жаштар жок эмес, бирок коп эле айылдарда ушундай койгой бар. Келечекте билим денгээли дагы да осот деген ишенич бар, байкап карасам осуп деле келе жаткансыйт мурункуга караганда. Коп жаштардын билим алууга умтулуп, аракет кылып жатканы суйундурот!
Кийинки койгой, аймактарда медициналык жардам жетишпейт, мындайча айтканда бекер эч жерде карабайт. Ошонун айынан коп оорулар, убагында диагностика кылынбай отушуп кетип жатат. Айыл арасында медициналык тушунук жок, ал да коп ооруларга кириптер болуп келет. Мисалга алсак, кобунчо "бруцеллез" сыяктуу оорулар коп кездешет эмеспи, ал да ошол оору жонундо тушунук жоктугунун айынан жугуп жатпайбы. Жакында эле гезит бетине чыккан "ВИЧ" менен ооруп калган аялды деле мисалга алсак, эгерде ал "вирус" тууралуу кичине болсо да маалыматы болгондо, айыл эли куугунтуктабай жакшы эле мамиле кылмак да. Келечекте албетте кыргыз медицинасы онугот деп ишенем жана кээ бир ооруларды алдын-алуу менен соссуз турдо женебиз!
Учунчу мени ойлондурган маселе таза суу жетишпейт. Биздин айылда дагы деле таза суу жок. Аккан суудан ичип омур бою жашап келебиз. Кээде аябай суусап кеткенде, кайнатпай эле жон эле ичип алчу элек. Эми анын ичинде эмне бар экенин лабораториядан эле билбесе, билуу мумкун эмес. Суунун ичиндеги микроорганизмдер да, адамдын омуруно толук турдо коркунуч келтире алат эмеспи, ошолорду эми кичине чоноюп гана андап жетип жатам, ал эми анын тушунбогон канча адам жашайт. Келечекте ар бир уйдо филтирленген таза суу болушун каалайм! Эн негизгиси денибиз сак болсун. Чет-жерде окуп жургон жаштар, Кыргызстанды онуктуруп, озубуздун салымыбызды кошобуз деген умуттомун! Буйруса биз чет-жактарга окуганы барбай, бизге келишсин..
P.S. эптеп-септедик эми, кыргызча дил-баян жаза элегиме 5жыл болоюн деп калыптыр.
#22 17 Август 2017 - 09:04
Кыргызстан- бул жөн гана 10 тамга,10 тыбыштан турган сөз эмес. Мына ушул сөздүн ичинде эле канчалаган тарых бар. Кыргызстан - бул сөздү угуу үчүн ата-бабаларыбыз санап көрсөң сан жеткис кыйынчылыктарды башынан өткөрүштү. Азыр биз ошол азаптардын бирин болсо да элестетип көрсөк чыдабай кетчүүдөйбүз.
Жүрөгүңдү өйүткөн жан ачытарлык маселе, алардын бизге болгон ишеничин актай алабызбы! ? Анткени мамлекетибиздин келечегин, ынтымагын, биримдигин, бүтүндүгүн сактоо үчүн эч кимде деле аракет жоктой өңдөнөт.
Ооба,келечек жаштардын колунда дейбиз. Бирок,жаштарыбыз өз эне тилин чанып, чет элдин тилинде сүйлөп калышпадыбы. Аларга бөтөн элдин тили кызык болуп жаткандыр. "Канча тил билсең ошончо адамсың" дегендей, албетте, тил билген жакшы бирок, эне тилди унутуп, өзүбүз айтып жүргөн "киргиздерге" айланып жатпайбызбы. Уккан кулака да жагымсыз көрүнүш...
Кыргызстан! Эх,кандай гана сонун жер. Таза аба десең,таза аба,,булактан оргуштап чыккан сусунуңду кандырган тунук суулары,а бийик бийик тоолоручу?! Жазганга сөзүң, сүрөттөгөнгө миң деген сүрөтчүнү алып келсек дагы мекенибиздин сулуулугун, кооздугун жеткире албайт.Көк шибер баскан жайлоолордо жатып кыялдансаң бир укмуш.
Кыялыңдагыдай жашоодо жашасаң кандай сонун! Кыялымда мамлекетибизди алдыңкы мамлекеттердин тизмесине кошом. Өз тилинде сүйлөгөндөн уялбаган кайра сыймыктанган жарандар,мамлекеттинин өнүгүүсү үчүн жан үрөп иштеген жумушчулар, аларды жумуш менен камсыз кылган завод-фабрикалар, жаштардын билим алуусу үчүн курулган эң мыкты билим берүүчү жайлар,жүздөрүнөн жылмаюу кетпеген бактылуу инсандар;
Өлкөбүз көп улуттуу болгону үчүн тынчтык болсо дейм.Айкөл Манастын осуяттарын туу тутуп,айкөл болуп,мекенибиздеги карыялар жана балдар үйүн жаптырып, алардын ордуна чет жерде жүргөн мигранттарыбызды жумуш менен камсыз кылуу үчүн фирмаларды курсак сонун болмок.
Жөн гана кыялданып тим болбой,аларды орундатуу үчүн колдон келген аракетимди кылам. Анткени баардык жакшы ийгиликтер өзүңдөн башталат. Мына мамлекетибиздин ар бир жараны ушундай ойлор менен жашаса кыялыбыздагы Кыргызстанды оңой эле кура алабыз!
Анткени апам БЕЙИШ жыттанат
#23 17 Август 2017 - 11:19
Аял- аяп ал деген маанини бергендей туюлат. Кыз деген биринчиден эркекке караганда алсызыраак, назик,гул сыяктуу оной эле запкы жеп кала турган зат. Экинчиден эркек бала оз колунда эле калып,кыз башка уй булого, башка коомго було болуп барат. Оз колунда калган эркек балага ар убакта жардам бере аласын,катасын ондой аласын,ал дайым коз алдында.
Кыз болсо,куйоого чыккандан кийин башка чойро,башка талап,башка туугандарга конуп кетиши керек,эми аны карап туруу,эркелетуу дайыма акыл айтуу,аны ар кандай кордуктан,кемсинтуудон кыйынчылыктан коргоо мумкун эмес. Себеби,анын уйбулосу бузулуп, анда ал андан да бактысыз болуп,жалгыз, уй булосуз калышы мумкун. Турмуш деген оной нерсе эмес. Турмуш деген эн татаал,ар кандай сыноолорго, кутуусуз кырдаалдарга, кыйынчылыктарга толгон жол. Озун жакшы болсон да тегерегиндегилерден коптогон жамандыктарды, куулук шумдуктарды кутсон болот. Албетте,бул сени куйоого чыкпай эле ата эненин жанында журо бер деген соз эмес. Бул деген ото кылдат болуп,абайлап, ар кыйынчылыкка даяр болуп, ага чыдап,аны женип кетууго даяр болууга,сабырдуулукка кызды тарбиялоо керек. Пайгамбарыбыз: < бир кыз же эки кишини бейишке киргизет,алар ата энеси, же торт кишини тозокко киргизет алар анын ата энеси,агасы Жана куйоосу>,- деген.
Аял кишинин орду - уй булодо. Аял жакшы,эр жакшы деген соз бекер айтылбаса керек. Аял акылдуу,сабырдуу болсо кандай кыйынчылык болбосун женип чыгышат. Аял оозун,куйоо козун тыйса уй було чеби бекем болот. Кее бир аялдар бир уй булону былкылдатпай кармап,кайын ата -энесин,куйоосун, куйоосунун бир туугандарын сыйлап,балдарына мээрим тогуп,уйду таза кармап, тамакты даамдуулап жасаса эле конул жылытат. Ыраазы болосун. Аял куйоосуно баш ийип,сыйлап, айтканынан чыкпай журсо, балдары да ошол тарбияны коргон сон озулорун, атасындай камкор,энесиндей мээримдуу болууга тарбияланышат. Мен учун идеалдуу аял зат мына ушундай.
Ал эми чынын айтсам балдарынын шынгыр кулкусун,таттуу тилин, куйоосунун суйуусун кайдагы бир карьерага алмаштырган аял затын эч тушунбойм.
Андан коро куйоосунун тапканына шугур кылып,сарамжалдуу колдонсо дейт элем.
Аял заты силерге Алла Таала эки дуйнонун бактысын берсин,таза жакшы, татыктуу омур суруп,бейишке киргенди насип кылсын,Аминь! !!!!
#24 17 Август 2017 - 15:37
Бийик тоолор. Таза аба. Жөнөкөй эл... Башынан окуп баштаганда эле көз алдыбызга Кыргыз жери тартылат эмеспи. Сөзсүз Кыргыз жери тартылат. Себеби, мындай сулуулук Кыргызстанда гана кездешет.
Мен өз мекенимди канчалык жакшы көрөөрүмдү алыска чыкканда байкадым. Бөтөн жерге келгениме 10 күн болсо дагы, мекенге болгон сагынуу, кусалык, сүйүүм күндөн күнгө күчөп барат...
Өткөн күнгө саресеп салып көрсөк, Кыргыз элин көп тарыхы бар эл катары билебиз. Тээ биздин заманга чейинки убакта эле жашап, биздин заманда да дүйнөнүн бир бурчунан орун алып, эркиндигин жоготпой келет. Ата-бабаларыбызга чексиз рахмат айтабыз. Душмандардан коргоп, бизге кең келечек тартуулаганына. Эми мындан кийинки жашообуз өз колубузда. Баардык маселени бийликке шылтап отура бербей, өзүбүз аракет кылышыбыз абзел. "Мамлекет бизге эмне кылды дебей, биз мамлекетке эмне кылдык" - деген принципти кармансак туура болчудай.
Эми менин 10 жыл балким андан аз убакытта ишке ашчу кыялдарыма сүңгүп кирели. Менин кыялымдагы Кыргызстан кандай болушу керек?
Баардык адамдардын ден-соолугу чын болот, алар ар дайым медициналык короодон бекер өтүп турушат. Жеткинчектер мамлекеттик мектептерде билим алып, баары бирдей ЖОЖдон акысыз окуп, жумуш орду менен камсыз болушат. Шаар жергесинде болобу, айыл жергесиндеби айтор баары кыргыз тилинде гана суйлөшөт. Кен байлыктарды өзүбүздүн гана эл иштетет. Кыргыз мамлекети мусулман өлкөсү болгондуктан, бир гана ислам динин тутунушат. Эң негизгиси өлкөбүздүн экономикасы дүркүрөп өнүккөн, дүйнө жүзүнө таанымал өлкө катары элестете алам. Азыркы державаларды дүйнөгө ким тааныткан? Мен бул суроого "ишкер адамдар" деп жооп берем. Мисалга алсак, Ford машинасы бизге келет, биз машина аркылуу кайсы өлкөдөн чыккандыгын биле алабыз. Андыктан баардык жарандарга айтарым: Убактыбызды текке кетирбей, пайдалуу нерселер менен алектенип, өлкөбүздүн мындан ары өнүгүүсүнө салым кошолу!
#25 17 Август 2017 - 16:16
жаш курагы жана ден соолугу боюнча эмгек кылууга жарактуу адамдардын бардыгынын иштеген жумуштары үчүн жакшы жашоого татыктуу эмгек акы алып турган умуш менен дайыма камсыз болуш керек. Адамдардын бардыгынын өзүлөрүнө жаккан спорттун ар кандай түрлөрү менен машыгууга, бардык мүмкүнчүлүктөрү, окуудан жана жумуштан кийинки эргүү убагында, жакшылап эс алып, ден соолуктарын чыңдап алууга бардык мүмкүнчүлүктөрү Бир гана мамлекеттик тил болуусу тийиш. Ал тил - кыргыз тили! Тегине, улутуна, ээлеген кызматына, жынысына, өңү-түсүнө, туткан динине жана жаш курагына карабай адамдардын бардыгы мамлекеттик тилди дайыма жакшылап билип жүрүүгө тийиш.
Тегине, улутуна, иштеген ишине, жынысына, өңү-түсүнө, туткан динине жана жаш курагына карабай адамдардын бардыгынын өздөрүнүн эне тилинде билим алып турууга мүмкүнчүлүктөрү дайыма болуу. Бардык улуттардын ар бири өздөрүнүн тарыхын, маданиятын, каада-салтын, үрп-адаттарын, туткан динин жана эне тилин сактап калуу ар бир адам өзүнүн ойлорун эч бир тоскоолсуз ачык айтып турууга дайыма укуктуу болуу.Бардык мамлекеттик тармактардын кызматтарын ээлеп алган эки жүздүүлүк, калп айтуучулук, алдамчылык, кошоматчылык, паракорчулук, уруучулук, таанышчылык, досчулук, партиялашчылык, жердешчилик, тууганчылык жана уурулук терс көрүнүштөрүн жана кылмыштарын камтыган коррупция, түп тамырынан баштап аяк башына чейин, толугу менен жоголууга ,жаш курагына карабай бардык адамдар тартиптүүлүктү бекем сактаган, айткан сөздөрүнө, берген убадаларына жана аткарган иштерине дайыма жоопкер болуп, чынчыл, калыс, уурулукту жек көргөн, улууну сыйлаган, кичүүнү барктаган, ар бир адамдын теңдигин, эркиндигин бийик баалаган, дили жана ниети таза, сыйчыл адамдардан болуп жүрүүгө тийиш.
XIII. Бардык мыйзамдар тегине, улутуна, ээлеген кызматына, жынысына, өңү түсүнө, туткан динине жана жаш курагына карабай бардык адамдарга дайыма бирдей колдонулууга тийиш.
XIV. Отун-суу, энергетика, кен байлыктар жана жаратылыш тармактарынын бардыгы толугу менен мамлекеттин менчиги болууга тийиш.
XV. Экономикасы дүркүрөп өсүп-өнүгүп, ал эми күч-кубаты, дайыма чың болуп турууга тийиш.
Тегине, улутуна, иштеген ишине, жынысына, өңү түсүнө, туткан динине жана жаш курагына карабай ар бир адамдын коопсуздугу дайыма сакталууга тийиш.Кыргыз мамлекетинин өзүнүн ички жана сырткы коопсуздугу да дайыма сакталууга тийиш.
Бул жоболор, менин кыялымдагы кыргыз мамлекети кандай болушу керек экендиги жөнүндө кыска түрдө берилген милдеттер болуп саналат. Ал эми ушул жоболор аркылуу берилген милдеттерге окшогон, кыргыз мамлекетинин кандай болуусу керек экендиги жөнүндөгү менин кыялдануум, ой жүгүртүүлөрүм, максаттарым жана калоо-тилектерим менин 2005-жылдан бери жазып, өзгөртүп жана толуктап, бирок ар кандай себептерге байланыштуу чыга албай келе жаткан конституциялык долбоорумда жана ал долбоорго карата берилген кенен-кесир түшүндүрмөсүндө, конституциялык мыйзамдар түрүндө берилди.
Эми болсо ушул 17 жобонун ар бирине өзүмдүн кыялдануумдун жана терең ой жүгүртүүлөрүм аркылуу пайда болгон кыскача түшүндүрмөлөрдү, сиздерге түшүнүктүү болуусу үчүн жооп иретинде бере кетейин.
I. Ар бир жаңы төрөлгөн жана карыя жашына келген адамдардын ден соолуктары дайыма чың жана жакшы болуусунун кепилдигин мамлекет өзүнүн мойнуна алып жүрүүгө тийиш. Ал үчүн саламаттыкты сактоо тармагында кескин өзгөртүүлөрдү жана жаңыланууларды жүргүзүү керек.
Азыркы эркин соода мейкиндиги доорунда аткара турган иштери жок, аппарат кызматчыларынын саны гана көбөйүп кеткен Саламаттыкты сактоо министрлигин жоюп, анын ордуна кыргыз өкмөтүнүн курамына кирген аппарат кызматчыларынын саны аз, кыргыз элинин саламаттыгын сактоо департаменти деп кайра түзүп, ал эми жалпы элдин саламаттыгын сактоо милдетин жергиликтүү элди акысыз дарылап, айылдык жана шаардык өкмөттөрдүн казынасы аркылуу каржыланган айылдык жана шаардык ооруканаларга өткөрүп бериш керек. Ушул жерден сиздерге дагы жакшыраак түшүнүктүү болсун үчүн менин конституциялык долбоорумда келтирилген 29-беренени жана ал беренеге берилген, түшүндүрмөнү бере кетейин.
29-берене.
1. Кыргыз өлкөсүнүн жарандары, менчиктин кандай гана түрлөрүнө ээ болгон мекеме, ишкана жана уюмдарда эмгектенгендерине карабастан, мамлекет аныктаган эң төмөнкү өлчөмү саатына 100 (жүз) сомду түзгөн эмгек акысын алып турууга укуктуу. Эмгек акысы ар бир жуманын аягында берилип турууга жана ар бир жылдын аягында, товарларга болгон баалардын кымбатташына жараша көбөйүү жагына гана кайра каралып турууга тийиш.
Бул мыйзам долбоорунун биринчи жобосуна болгон түшүндүрмөсү беш барак болгонуна байланыштуу, аны бул жерде келтирүүгө мүмкүн болбой жатат.
2. Мекеме, ишкана жана уюмдар тарабынан, эмгекчилери иштеп тапкан эмгек акыларынан эч кандай салыктар жана төлөмдөр кармалып алынбайт.
Түшүндүрмөсү.
Кыргызстанда ар кандай жумуштарда жана кызматтарда эмгектенген жумушчу жана кызматчылардын змгек акыларынан эч кандай салыктар жана төлөмдөр кармалып алынбоого тийиш. Анткени алар эч кандай киреше табышкан жок. Алар саатына 100-150 сомду табыш үчүн өздөрүнүн кара күчүн жана мээлерин (ден соолуктарын деп түшүнүшүбүз керек) коротушту.
Кирешени алар табышпайт, кирешени ишкерчилик менен иш алып барышкан жеке менчик мекеме-ишкана ээлери, соодагерлер, көрсөтүлгөн кызматтын жана тейлөөнүн үстүнө, өзүлөрүнүн үстөк пайызын кошуп пайда табышкан ишкерлер көрүшөт. Алар кетирген бардык чыгымдары так жана кылдат эсептелингенден кийинки акча каражаты чыгаша деп табылып, ал эми чыгашадан кийинки калган акча каражаты киреше деп аныкталып, ошондон кийин гана ишкерчилик менен алпурушкан адамдар тарабынан кирешеден түшкөн акча каражаттын 10% киреше салыгы деп төгүлүп турат.
Ошондой эле ишкерчилик менен алектенген жарандар өздөрү төгө турган киреше салыгынан тышкары, кыргыз өлкөсүнүн башка жумуштарда жана кызматтарда иштешкен жарандары менен кошо, ар бир айда өзүлөрү жашап жатышкан айыл, чакан шаар жана ири шаарлардын аймактык (райондук) өкмөттөрдүн каржы бөлүмүнө мал-жанга, жерге, сугатка, жайытка, ысык сууга, ичүүгө жарактуу таза муздак сууга, газга, электоэнергияга, айыл-шаар ичиндеги жолдорду оңдоого, аларды түнүчүндө, жарыктандырууга, өрттү өчүрүүгө жана акыр-чикирлерди чыгарууга төлөнүүчү төлөмдөрдөн сырткары, төлөмдүн так фиксацияланган суммасын (мисалы, бир миң сом) милдеттүү түрдө төгүп турушат. Бул төлөмдөр жергиликтүү өкмөттөр тарабынан мындан башка чогулган жыйымдар жана салыктар менен кошулуп туруп айылдын, чакан шаардын жана ири шаар аймактарынын ичин тазалоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, көчөлөрдү оңдоо жана жарыктандыруу, жашоочуларды ысык суу, таза муздак суу, газ, электроэнергия менен тынымсыз камсыз кылып туруу иштерине, балдарды бакчаларда тарбиялоо, орто билим берүү, спорт менен машыктыруу жана саламаттыкты сактоо тармактарын акысыз жүргүзүүгө жана ошондой эле социалдык жактан муктаж адамдарга, жергиликтүү өкмөт мүчөлөрүнө, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт, сот, прокуратура, милиция жана өрттү өчүрүү кызматчыларына эмгек акы төлөп берип туруу жана алардын өзүлөрүнүн элинин кызматтарын, өзүлөрүнүн эли каалагандай кызмат кылып туруусу үчүн, аларга зарыл ар кандай жабдуулар менен жабдып туруу үчүн сарпталат.
Жергиликтүү өкмөттөрдүн жетишпеген акча каражаттары так жана кылдат эсептелинип, Кыргыз өкмөтү тарабынан милдеттүү түрдө каржыланып турат. Жарандар тарабынан төлөнгөн ар бир төлөмдөр үчүн, жергиликтүү өкмөттөр милдеттүү түрдө сөзсүз квитанция же болбосо чек кагаздарын жазып берип турууга тийиш. 52-берене.
4. Кыргыз Өкмөтү жалпы Кыргыз элинин менчиги жана байлыгы болгон тоо-кен байлыктары, отун, суу, энергетика тармактарынын өндүрүшүнөн, Кыргыз элинин жерин чет өлкөлүктөргө убактылуу пайдаланууга берилгенден, бажы жана салык төлөмдөрүнөн түшкөн акча-каражаттардын эсебинен айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык казынанын жетпеген акча-каражаттарын каржылайт.
II. Билим берүү тармагы жана ошондой эле кыргыз мамлекетиндеги дегеле бардык тармактар тең, саламаттыкты сактоо тармагы дуушар болгон өзгөртүүлөргө жана жаңыланууларга муктаж. Ошондой өзгөртүүлөрдүн жана жаңылануулардын бардыгы тең кандай болуусу керек экендиги жөнүндөгү мыйзам долбоорлор, ушул конституциялык долбоордо келтирилди.
III. Бул кыялдануума жана кыргыз элиме багытталган каалоо-тилегиме берилүүчү түшүндүрмө, өйдө жакта берилген 29-беренеде келтирилди.
IV. Ал үчүн Кыргызстандын ар бир айыл жана шаарларынын эли каалаган спорттун түрлөрүн өнүктүрүп туруу үчүн, заманга ылайыктуу ар түрдүү спорттук аянттар, залдар, бассейндер салынып жана ар түрдүү спорттук шаймандар менен камсыз болуп туруш керек. Спорт тармагын каржылоо шарттары, өйдө жакта келтирилген шарттарга ылайыктуу каржыланат.
V. Азыркы убакытта көз карандысыз эксперттердин иликтөөлөрү боюнча, Кыргызстанда тиричилик каражатынын эң төмөнкү өлчөмү 15 000 сомду түздү. Ал иликтөөлөрдүн жыйынтыктары бир топ сөздү алып койо турганына байланыштуу, алардын бардыгын бул жерде келтирүүгө мүмкүн болбой жатат. Бирок ушул өлчөмдү бир адамга бир айда кетчү тиричилик каражатынын туура берилген эң төмөнкү өлчөмү деп эсептесек болот. Ушуга байланыштуу Кыргызстанда бир айлык эмгек акынын эң төмөнкү өлчөмү да 15 000 сомду түзүүсү тийиш. Ал эми орточо бир айлык эмгек акынын деңгээли 25 000 - 30 000 сомду түзүүсү тийиш.
Ошондо гана Кыргызстанда жумуш иштеген ар бир адам 30 күндүк эргүүгө чыкканда ал адамдын акча-каражаты пансионат, санаторий жана курортторго барып жакшылап эс алып, ден соолуктарын чыңдоого мүмкүнчүлүк берет. Ал эми окуучулар менен студенттер жайкы эс алууга чыкканда алардын ата-энелеринин бир айда иштеп тапкан акча каражаттары, балдарынын дагы жакшылап эс алуусуна жана ден соолуктарынын чыңдашына кенен-кесир жетишин мамлекет камсыздап турууга тийиш.
VI. Андай кылбасак 5-10 жылдан кийин кыргыз тили менен кошо кыргыз эли, жери жана мамлекети да бул дүйнө жүзүнөн жоголуп кетүү коркунучунун алдында турабыз.
VII. Кыргыз мамлекети Кыргызстанда жашаган бөлөк улуттун өкүлдөрүнүн мамлекеттик тилди жакшылап үйрөнүүсү үчүн бардык шарттарды түзүп берүү милдетин өзүнүн мойнуна алат.
VIII. Ал мүмкүнчүлүктөрдүн дайыма болуп туруусун, кыргыз мамлекети камсыздап берип турат.
IX. Андай мүмкүнчүлүктөрдү кыргыз мамлекети, дайыма камсыз кылып берип турат.
X. Кыргызстандын ар бир жаранынын, мамлекеттик кызматтарга карата болгон өзүлөрүнүн ой жана сын пикирлерин, ошондой эле нааразычылыктарын эч бир тоскоолсуз ачык айтуу үчүн тынч митингдерге, пикеттерге, демонстрацияларга жана иш таштоолорго чыгуу укуктарын мамлекет конституциялык мыйзамдар аркылуу бекитип берүү милдетин алат.
XI. Кыргыз мамлекетинде коррупцияны кандайдыр бир мамлекеттик кызматтар эмес, жалпы эл өзү жок кылат. Ал үчүн бардык мамлекеттик кызматтардын үстүнөн Конституция боюнча көзөмөл укугун алган кыргыз элдик курултай институтун киргизүү зарыл.
Ал үчүн мамлекеттик кызматчылардын эң башынан баштап, эң аягына чейинки адамдардын бардыгы тең жалпы элге үлгү болушуп, ошондой адамдык сапаттарды дайыма көргөзүп жүрүүлөрү керек.
#26 17 Август 2017 - 18:52
Кыргызстан эгемен ,Эркин олко.Кыргызстанда 80ге жакын башка улуттун окулдору жашайт.Биз Кыргызстандыктар меймандос,пейили кенен келебиз.Аймагыбыз жети облустан турат.Ал Эми борборубуз- Бишкек шаары."Мекенсиз Адам уйсуз калган,кангыган Иттен жаман" деген экен биздин ата бабаларыбыз. Мекендин баркын билген баатырларды жетилдиткен элдин ар бир уулунда патриоттук дух,сезим болушу керек."Патриоттуулук" дегенибиз бул эски купуя сезим,кокурокто ыйык сакталат.Парриоттуулук -бул табиятты суйуу Себеби, мени курчап турган табият бул менин дуйном,Мекенимдин бир узуму.А мен болсо кыргыз элимдин ,кыргыз жеримдин онуугусуно азыртадан кам корууну ойлойм.Кыргызстан мен учун бай олко келечекте осот Жана онуго турган олко.Бизде коп кен байлыктарыбыз бар,абасы таза жери кооз ушуларыбыз керек.Келечекте шаарыбызда завод фабрикалар, ишкана мектеп ооруканалардын коп болушун каалайм,Себеби мен дагы окууну бутуп коптогон илимдуу, билимдуу эже-агайларыбыз сыяктуу мен дагы оз салымымды кошсом деген умуттомун.Азыркы учурда коптогон жаштарыбыз чет жактарда акча таап кыйналып,ботон жерде журушот. Ошолорго Жана бизге окшогон жаштарга жумуш орду тузулсо оз жерибизде эмгек кылып аны актап,элибизге кызмат кылсак кандай жакшы.Биздин келечегибиз алдында келечек жаштардын колунда.Ошондуктан мен кыргызстандын осуп онуугусун Жана келечегин ото терен кыялданам,Ата- Энелерибиз айткандай жаштардын тилек ой максаттары ишке ашып кыргызстаныбыз кыялыбыздай боолусун каалайт элем...
Жаша кыргыз элим жашай бер,
Онуго бер осо бер,
Оз тагдырын колунда...деген ыр саптары мн жыйынтыктаймын
#27 18 Август 2017 - 00:00
Аял-бул, коломтодо очпос от, жууркандагы жылуулук, ашканадагы жыпар жыт жана эркектердин жашоосундагы жомок болуп эсептелет эмеспи. Ошондуктан Кудайым аял затын уй-булонун куту, куйоосунун суйкумдуу жубайы, балдарынын мээримдуу апасы, бактылуу байбиче болуу учун жаратат деп ойлойм. Бирок жашоо адам баласы каалагандай болбойт экен.
"Турмуш, тырмыш" дегендей жашоо аркимдин басып откон жолуна, коомго болгон коз карашына, аялдык парасатына, ан-сезимине карап болуштурот экен.
Кыргыз элинде аялзатынын ото чон орду бар, "Бейиш эненин таманында" - деген макалды кыргыз эли баалап, барктап, ошондой эле жалпы аял затын урматтап, сыйлап келет.
Кыргыз аялдары ар дайым уй-булодо, коомдо озгочо орун ээлеп келишет. Мисалы: жогоруда айтылгандардын баатыры же болбосо каарманы дейбизби?- Кыргыз тарыхынын кузгусу болгон баатыр энелерибиз К. Шопокова, О.Атабекова, З. Кайназарова убагында оз эли учун эбегейсиз чон иштерди жасашкан. Ал эми " Онорун болсо орго чап , кор кылбай асыл жанды бак " - демекчи онорлуу энелерибиз да жок эмес. Мыскал Омурканова кайталангыс уну менен дуйнонун торт бурчуна таанылса Бубусара Бейшеналиева да андан калышпайт. Эпостордо канчалаган баатыр кыздарыбыз бар. Кыргыз элим ушундай баатыр аялдарга бай экенине сыймыктанам.
Кыргыз эли макал-лакаптарга бай калк эмеспи. Энелер, деги эле аял заты жонундо таамай айтылган создор ондоп саналат. "Эне - уйдун куту", "Эненин коону балада, баланын коону талаада", " Аталуу жетим- арсыз жетим, энелуу жетим- эрке жетим" деп айтылган создордун озгочо мааниси бар. Тээ байыртадан бери уйдун куту, ырскысы болуп адам баласынын чырагын очурбой , жашоосун улап келет . Пайгамбарыбызда айткан жери бар аял заты алсыз келет андыктан аларды коорушубуз керек эркектерге аманат сыяктуу деген. Бул да болсо пайгамбарыбыздын жашоосунда аял затынын орду кандай экенин билсек болот. Азыр байкап корчу болсок биздин жашообузда аял негизги ролдордон бироосун ойнойт деп айтсак болот. Уйго келсен кулуп тосуп алса дагы бул эркек учун башкача бир сезим болот. Диний жактан да социалдык жактан да караганда азыр аял затынын ролу аябай чоң анткени заманга жараша ойдо ылдыйды байкап ал нерсеге маани берип коп нерсени чечкен да аялдар. Бир аял падыша боло албаса да же бир аял пайгамбар боло албаса да аларды төрөп дүйнөгө алып келген бир АПА боло алат. Чынгызхан дын аялына "сен менин ханымсын" -деп айткан аялы -"сен биздин ханыбызсын" деген жери бар . Ислам маданиятында бул да болсо аял затына болгон сый урмат экени көрүнүп турат.
Идеалдуу аял менин оюмча жанындагы эркеке дем куч берип турушу, жанында дайыма колдоп турганын билдириш керек. Эгер Эркек күн болсо аял гүл болуш керек, эркек топурак болсо аял жамгыр болуу керек. Баардык нерсеси менен жакшы болсун жаман болсун жанындагы адамын колдоп кыйынчылыктарда бирге болуусу керек. Бул учун аял киши дайыма кучтуу болуп турушу зарыл, кучсуз алсыз экенин байкатпай бир нерсеге максат койсо болбой калчу болсо сынбаш керек кайрадан талыкпай аракет кылыш керек идеалдуу аял болуусу учун биз кыргыз аялдары озубузду отко-чокко уруп болсода бут кыйынчылыктарды женип чыгышыбыз керек, ошондо гана биз идеалдуу аял болуп саналабыз)))
Идеалдуу аял жолдошунун жашоосун да дагы акыретте дагы негизги каарман. Идеалдуу аял динин карманган, диндеги нерселерди аткарган, омурлук жарына жардам берген, адептуу, тартиптүү, ширин сөздүү, сыр тутканды билген, туура суйлогон эн негизгиси таза болушу керек. Омурлук жарына ооруп калса апасындай карашы,куйоосунун айтканын аткаруусу,омурлук жарынан башка бир эркекти ойдо мактабаган, балдарына мээримдүү болуу керек, ошондо аял идеалдуу жар, идеалдуу апа, идеалдуу ханыша болот
Билдирүүнү түзөткөн: mentol: 18 Август 2017 - 00:34
Ойноп күлсөк ойго коюшпай
Гүлдөй назик адам көнүлүн
Жүргөн жакшы эч бир оорутпай.
Жүрөлүчү жүрөк оорутпай!
#28 18 Август 2017 - 09:20
Кыргызстан- жаратылышы кооз,абасы таза,элдери меймандос келет. Ушул өлкөдө жашаган ар бир жаран сыймыктануусу керек. Жана өзүбүздүн кичинекей мамлекетибизди өнүктүрүүгө салым кошуубуз керек.
Кыргызстан канткенде өнүгөт?деген суроо коомубузда көйгөйлүү маселе. Эң алгач билим деңгээлинен баштасак кандай болот?
Акыркы жылдарда мектептердин салынышы,балдар бакчасынын көбөйүшү мени абдан кубантууда. Балдар биздин келечегибиз эмеспи..? Биз алардын толук кандуу билим алуусуна шарт түзүп берсек,алар эртеңки Кыргызстанды өнүктүрүүчү инсандар..
Мына ушул багытта көптөгөн иш-чараларды уюштурдук.Эң алгач мектепте жыйын уюштуруп,айыл өкмөткө билдирип,билим берүү министрлигине кайрылганбыз. Жыйынтыгы жемиштүү болду. Айылыбыздын балдар бакчасына керектүү эмеректер,усулдук буюмдар,заманбап техникалар орнотулду. Элибиздин сүймөнчүлүгүнө ээ болуу кандай кымбат.Кубанган көздөрдү көрүп,дагы да иштегиң келет.
Кыргыз элинде жакшы сөз бар "Бала ыйлабаса-эмчек кайда?деген. Демек биз өзүбүз аракеттенишибиз керек туура. Албетте,биз өлкөбүздү дүңгүрөтүп өстүрө турган миллионер эмеспиз. Башыбызга тартсак,бутубузга жетпей жаткан учур. Бирок кичинекей нерседен баштасак,баарыбыз билек түрө киришсек,тамчыдан көл курасак,Кыргызстаныбыз өсүп-өнүгөт.
Азыр баары Россияны карай агылып барат. Алардын арасында мен да бармын. Гүлдөп,өнүккөн мамлекетте жүргөндө,Кыргызстан көз алдыма тартылды. Бизде да жолду оңдошсо болмок деген ой келди. Коомдук унааларга көбүрөөк басым жасаса. Кайсы бекетке жеткенин кабарлап туруучу үн жаздырса..Анткени Ошко биринчи барган адам кайсы бекеттен түшөөрүн билбей адашып кетээри анык. Менин чет жерде жүргөндө ойлогон биринчи оюм ушундай болду. Убакыт келип,мекениме карай жол тарттым. Учакта Кыргызстаныбыздын тоолору,суулары, таштары баары көз алдымдан учуп турду. Ошко келип түшкөндө,кызматкерлердин копол мамилеси мени капа кылды. Кабагынан кар жаап,келген меймандарды кызыктай тосуп алды. Эхх кана эми сыпайычылык мектепте билим алсак. Баары бири-бирине жагымдуу көз караш менен караса. Мен эле эмес,мени менен кошо келген жүргүнчүлөр да,ушундай ойлорду ойлоого жетишкендир. .
Мекенбизге эс алуучу жайларды көбүрөөк курса жакшы болмок. Ажатканалардын абалы ит ыйлаганчалык бар. Базарлардын тазалагын сактасак. Мына,мен кыялданган сайын терс жактары кошо чыгат..
Баарыбыз бийик имараттардын болуусун каалайбыз. Бирок кичинекей нерседен баштабасак, чоң нерсеге кантип жетишебиз..?
Көйгөйлөрдү айтпасак,кыялдарга кантип кол жеткизебиз? Жөн гана кыялданып койбой,ошол нерсени кантип иш жүзөөгө ашырууну да ойлошубуз керек.!
Кыргызстандын келечеги-ар бирибиздин колубузда экенин унутпайлы..!
Көңүл буруп окуганыңыздарга ыраазычылык. .Грамматикалык, пунктуациялык каталар кетсе кечирим сурайм..
Билдирүүнү түзөткөн: __anna__: 18 Август 2017 - 09:25
#29 18 Август 2017 - 11:55
Викторинанын жооптору бүгүн жарыяланат.
#30 18 Август 2017 - 12:31
1. Бишкектеги "саатты" кайсы мамлекет белекке берген? #Армения
2. Өлкөбүздүн кайсы шаарлары жашаган элдин саны боюнча алдыңкы үч орунда турат (катары менен)? #Бишкек, Ош, Жалал-Абад
3. "Жердин көзү" деп кайсы көлдү атап коюшат? #Ысык-Көлдү
4. Бишкектеги Улуттук китепкана кимдин атын алып жүрөт? #Алыкул Осмоновдун
5. Манас кайсы жерде төрөлгөн? #Алтайда
6. Кыргызстандын расмий тили? #Орус тили
7. Тянь-Шандын башкача аталышы? #Теңир-Тоо
8. Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилиндеги Президенти Роза Отунбаева качан башкарган? #Июль 2010-декабрь 2011
9. Дүйнөдө эң көп окулуучу үч жазуучу ким? #В.Шекспир, Л.Толстой, Ч.Айтматов
10. Борбордук аянттагы желек жылына канча жолу жуулат? #2 жолу
Билдирүүнү түзөткөн: Maika: 18 Август 2017 - 12:49
#31 18 Август 2017 - 12:52
1. жооп жок.
2. Бишкек шаары,Нарын шаары,Ош шаары. Туура жооп: #Бишкек, Ош, Жалал-Абад
3. Ысык-Кол
4. А.Осмонов атында
5. Алтайда
6. Кыргыз тили. Туура жооп: #Орус тили
7. Пржевальский. Туура жооп: #Теңир-Тоо
8. 2010-2011. Тагыраак жооп: #Июль 2010-декабрь 2011
9. П.В.Марон,Д. Гомер,Виктор Гюго. Туура жооп: #В.Шекспир, Л.Толстой, Ч.Айтматов
10. 4 жолу. Туура жооп: #2 жолу
Билдирүүнү түзөткөн: Maika: 18 Август 2017 - 12:56
#32 18 Август 2017 - 12:55
- Армения.
Достуктун белгиси катары
- Бишкек. Ош. Жалал-Абад
- Байкал.
Туура жооп: #Ысык-Көлдү
- Алыкул Осмонов
- Алтайда
- Орус тили
-
Теңир Тоо
-
2010-2011. Тагыраак жооп: #Июль 2010-декабрь 2011
- Уильям Шекспир, Лев Толстой, Чыңгыз Айтматов
- Билишимче жуулбайт жыл сайын алмашылып турат. Туура жооп: #2 жолу
#33 18 Август 2017 - 12:58
- Армения.
- Бишкек,
Ош, Жалал абад.
-
Италия дагы кол. Туура жооп: #Ысык-Көлдү
- А.Осмонов.
- Тенгри ТОО.
- Алтай.
- 2010. Тагыраак жооп: #Июль 2010-декабрь 2011
- Фёдор Достоевский.
Стивен Кинг . Чынгыз Айтматов. Туура жооп: #В.Шекспир, Л.Толстой, Ч.Айтматов
- Рассмий тили орус.
- жуулбайт алмашылат. Туура жооп: #2 жолу
#34 18 Август 2017 - 13:50
1. Армения тарабынан белекке берилген.
2. Бишкек, Ош, Жалал абад.
3. билбейм
4. Алыкул Осмонов.
5. Тенир ТОО
6. Алтай
7. 2010-2011 Тагыраак жооп: #Июль 2010-декабрь 2011
8. А,С Пушкин, Марк Твен, Джоан Доулинг. Туура жооп: #В.Шекспир, Л.Толстой, Ч.Айтматов
9. Орус тил. Мамлекеттик тил кыргыз.
10. Желек жуулбайт анткени кунго куйуп калат. Туура жооп: #2 жолу
Билдирүүнү түзөткөн: Maika: 18 Август 2017 - 13:50
#35 18 Август 2017 - 13:55
1. Армения белек кылган. Достуктун белгиси.
2. 2:чуй 790432 Жалал абад 1122000 ысык колдо 463900. Туура жооп: #Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары
3. Жердин козу деп Италиядагы колду айтышат, атын билбей койдум. Туура жооп: #Ысык-Көлдү
4. Алыкул Осмоновтун атын алып журот.
5. Орусиянын Алтайында торолгон.
6. Орус тили.
7. Тенир Тоо (кыргызча аталышы)
8. 2010-жылы 19 майдан 2011 жыл 31 августка чейин. Тагыраак жооп: #Июль 2010-декабрь 2011
9. Габриель Гарсия Маркес,Александр Солженицын, Тонни Марисон. Туура жооп: #В.Шекспир, Л.Толстой, Ч.Айтматов
10.Борбордук аянттагы желек жамгыр жааганда озу эле жуулуп калат, атайын алынып жуулбайт. Туура жооп: #2 жолу
Билдирүүнү түзөткөн: Maika: 18 Август 2017 - 13:55
#36 18 Август 2017 - 14:00
1.Бишкектеги саатты Армения мамлекети белекке берген.
2. Калктын саны: Бишкек, Ош, Жалал-Абад
3. Жердин козу деп Ысык-Колду айтышат
Ысык-Көл жердин көзү, кырлар кашы,
Адырлар көкүрөгү, токой чачы.
Дайралар кан тамыры, чоку таажы,
Седеби, топчулары ар бир ташы.
4. Борбордогу Улуттук китепкана Алыкул Осмоновдун атын алып журот.
5. Манас Алтайда торолгон.
6. Расмий тил Орус тили болуп саналат.
7. Тянь Шаньдын башкача аталышы- Тенир тоо деп аталат.
8. Роза Отунбаева 2010-жылдын 19-майынан 2011-жылдын 31-декабрына чейин олкобузду башкарган. Тагыраак жооп: #Июль 2010-декабрь 2011
9. Уильям Шекспир, Лев Толстой, Джеймс Джойсе. Тагыраак жооп: #В.Шекспир, Л.Толстой, Ч.Айтматов
10. Аянттагы желекти жылына 2 жолу жууйт, анын материалын Турциядан атайын алып келишет, узуну 45метр.
#37 18 Август 2017 - 14:04
- Бишкектеги борбордук саат Ереванда жасалып, Армения белек кылган.
- 1-Бишкек ш, 2-Ош ш, 3-Жалал-Абад ш.
- Жердин "көзү" Ысык-көл.
- Улуттук китепкана А.Осмонов атында.
- Манас Алтайда төрөлгөн.
- Кыргызстандын расмий тили- орус тили.
-
Тянь-
Шандын башкача аталышы- Теңир-Тоо.
- Роза Отунбаева 2010-2011-жылдары Кыргызстандын президенти болгон. Тагыраак жооп: #Июль 2010-декабрь 2011
- 1-Публий Вергилий Марон, 2-Гомер, 3-Виктор Гюго Туура жооп: #В.Шекспир, Л.Толстой, Ч.Айтматов
- Борбордук аянттагы желек жылына эки жолу жуулат.
#38 18 Август 2017 - 14:07
1) АКШ. Туура жооп: #Армения
2) Бишкек, Ош, Жалал-Абад
3) Ысык-Көл
4) Алыкул Осмонов
5) Алтай
6) орус тили
7) Теңир-Тоо
8) 2010 июль-2011 1-декабрь
9) Лев Толстой, Уильям Шекспир, Джеймс Джойс. Туура жооп: #В.Шекспир, Л.Толстой, Ч.Айтматов
10) 2 жолу
#39 18 Август 2017 - 14:12
- Россия
- Жалал- Абад. Ысык-кол Ош
- Жооп жок
- Н. Г Чернышевский
- Талас
- Кыргыз-тил
- Керме-Тоо
- 2010-жылы.
#Июль 2010-декабрь 2011
- Жооп жок
- Алмаштырып турушатко
#40 18 Август 2017 - 14:16
1. Бишкектеги саатты Армения эли белекке берген.
2. Ош. Жалал-абад. Чүй.
3.--
4. Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана.
5. Алтайда төрөлгөн.
6. Мамлекеттик тили кыргыз тили. Расмий тили: орус
7. Теңир-Тоо.
8. 2010-жылдын жарымынан, 2012- жылга чейин. Туура жооп: #Июль 2010-декабрь 2011
9.--
10.--