- (8 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Кыз кишиге билим роль ойнобойбу?
#1 18 Март 2014 - 15:46
#2 18 Март 2014 - 15:59
Эми форумдагы аялдарга суроо берип коройлу.
Силерге эмне артык? Уй було же Окуу?
Билдирүүнү түзөткөн: Nurmuxammet: 18 Март 2014 - 16:10
#3 18 Март 2014 - 16:11
#4 18 Март 2014 - 16:23
#5 18 Март 2014 - 16:28
А балким баары подружканыз ойлогондой жакшы болот.
#6 18 Март 2014 - 16:29
Өзүбек ажы Чотонов: "Эгер кыздын алдында “окуу же күйөөгө тийүү” деген тандоо болсо, ал күйөөнү тандашы керек. Кыздарга 7-класстын билим деңгээли жетиштүү”
Бүгүн, 18-мартта жергиликтүү радиоберүүдө Кыргызстанда кыздардын эрте турмушка чыгуусу жөнүндөгү маселе талкууга алынды. Ага КРнын Муфтиятынын басма сөз катчысы Асан Саипов, “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова жана Өзүбек ажы Чотонов катышты.
Асан Саиповдун айтымында, ушул маселени көтөрүүгө жаштар эрте үйлөнүп алып, көп өтпөй ажырашып жаткандыгы себеп болду. “Учурда Кыргызстанда акыл-эси жок, тарбия көрбөгөн эркектер тарабынан коомдо деградация байкалууда. Маселен, жакында эле 19 жаштагы кыз зордукталып өлтүрүлдү” ,- дейт муфтияттын басма сөз катчысы.
“Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова: “Даярдыгы жок, эрте турмушка чыгып алып, кийин кордук көргөнүнөн улам биздин мекемеге кайрылган кыз-келиндер көп. Миграция, баңгилик, аракечтик, балдарда адеп-ахлактын жоктугу - ушунун баары үй-бүлө институтунун бузулушуна себеп болуп саналат”,- деди.
Өзүбек ажы Чотоновдун айтымында, кыздын жигит менен чогуу жүргөнү - анын бойго жеткендигинин белгиси. “Эгер кыздын алдында “окуу же күйөөгө тийүү” деген тандоо болсо, ал күйөөнү тандашы керек. Кыздарга 7-класстын билим деңгээли жетиштүү”,- деди Чотонов.
#8 18 Март 2014 - 17:16
Анан кыз бала ушул акыбалга түшкөнчө,турмушка чыгып,бактылуу өмүр сүргөнү жакшыго менимче.
#9 18 Март 2014 - 17:23
#10 18 Март 2014 - 18:10
#11 18 Март 2014 - 18:31
Ал эми Озубек ажынын 14жаштан куйоого чыгуусу керек дегенине, Абдышукур ажыдан сонун бир жооп угуп калдым. Абдышукур ажынын айтканы боюнча: Мисалы ал ыссык жактын аялдарын биз жака салыштырып болбойт экен. Аларда климатбы башкабы таасир берип эртэрээк жетилет экен. Ананда созсуз эле 9жаштан бой жетет деген жок экен. Кыздар этек кири келгенге карап балакатка жетти десе болот экен. Мисалы кээ бироолор 12жаш кээси 17жашында этек кири келсе ошондо бой жетти деп эсептелет экен. Аткарчуу парздар да ошондон баштап парз боло баштайт экен. Эркектерда качан суюктугу даяр болгондо бой жетти деп эсептелет экен. Бирок ага чейин ата энеси парздарды ж.б 9 жаштан баштап уйрото берсе болот экен. Бирок качан бой жеткенде гана парздарды аткарууга милдеттуу боло баштайт экен.
Ананда Абдышыкур ажы айтыптыр-" пайгамбарыбыз с.а.в дагы айткан, озуно каалабаган нерсени бироого да каалаба деп. Мисалы мен кызымды 18жашка толбой турмушка берууну каалабасам, анан кантип бироону бер деп айтам?" деп айтыптыр Абдышукур ажы. Ошонун сынары Озубек ажы озунун кызын 14жашында берууну каалайт бекен? Албетте каалабаса керек, каалабаса бироого да айтууга акысы жок. Азыр бизге Абдышукур ажы, Чубак ажыга окшогон дал ошол Египет Аравиядан билим алып келген современный Ислам аалымдары керек. Анан эле Кыргызстанда отуруп алып эле аны муну тантый бербей.
Азыр доор башка. Экологиядан баштап баардык нерсе озгоргон. 14кылым мурунку заман эмес азыр. Ислам дини башка, араб элинин салттары башка. Биз ИСЛАМ динин кармайбыз, бирок араб элинин салттарын эмесда. Ислам десе араб элинин салттарын эске алган болбойтда. Эрте турмушка беруу алардында бир салты. Билим алууга укуктуу ар бир адам.
#12 18 Март 2014 - 19:03
#13 18 Март 2014 - 19:20
#14 18 Март 2014 - 19:25
#15 18 Март 2014 - 19:30
Билдирүүнү түзөткөн: bakai.96.kg: 18 Март 2014 - 19:30
#16 18 Март 2014 - 19:31
#17 18 Март 2014 - 20:03
#18 18 Март 2014 - 20:11
Билдирүүнү түзөткөн: Jamalym: 18 Март 2014 - 20:33
#19 18 Март 2014 - 20:32
#20 18 Март 2014 - 20:50
Билдирүүнү түзөткөн: bossmos7: 18 Март 2014 - 20:51
- (8 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »