Тагдырдын белеги...
#82 26 Февраль 2017 - 13:29
Ата энениздин жаткан жери жайлуу болсун Алардын ордун эч ким толтура албайт Сизге бакыт каалайым
#83 26 Февраль 2017 - 17:28
Ата энениздин жаткан жери жайлуу,Аллахым бейишинен орун берген болсун.
Сабыр кылыныз
Сабыр кылыныз
#86 04 Март 2017 - 18:27
Аябай эле оор болду. Бир ай иштеп алган айлыгым араң эле 2миң. Бирөөнүн көзүн карап, эркин дагы дем албайсың. Баласынын сабактарына каралашып, кошумча жумуштарына жардам берип жашап жүрдүм. Эже жакшы мамиле кылат, тамак-аш, аны-мунуларды иним айылдан алып келип берип калат, баары бир ыңгайсызмын.
Жумуштан жатаканага арыз жазгам, кезек келе элек... Билинбей эже менен бир жыл жашадым. Апамдын жылдыгына айылга баргам. Баары башкача... Эне - үйдүн куту деген бекер эмес экен да. Үйдүн куту качкандай...
Ишенген байкем менен жеңем мени келдиби, кеттиби деп көңүл буруп коюшпады. Бир нерсе айтайын десең "Сен кызсың, ордуңду бил"деген кагуу жедим жеңемден. Бир күнү улуу сиңдим отко жагылып жарымы күйүп кеткен апамдын колунан жасалган эмгегин өрттөп салганына күйүп, көтөрүп келип, ыза болуп ыйлады. Араң жүргөн мен аларды кучактап ыйлап алып жеңилдедим.
Энеден кийин төркүн жок деген чын белем деп, ичимден эңшерилип кайра шаарга келдим.
Ичимден жакшы нерселерге тилек кылып кыздарды ойлойм. Жаныма алып алсам кана... Окууларынан да жакшы болот эле. Аныста басынып жүргөн байкуштарыма жеңе менен жашаш оор эле болуп атат. Айылдан мектепти бүтсө дагы бирөөлөр басынтып ала качып кетип кор болушпаса экен. Жаныма алам, бирок кантип, алган айлыгым өзүмө жетпейт, кайда жашайыз? Шаарда жашоо дагы кымбат! Ушул ойлорду ойлоп жүрүп дагы бир аз убакыт өттү. Улуу сиңдимди түрк лицейине тапшыртып, кудай жалгап 500дөн ашык кыздардын ичинен 50нүн арасына кирип өтүп кетти. Баары бекер, кошумча стипендия берет экен. Кичүүсүн жалгыз калтырганга да болбойт, кичүү иним да мектепти аяктап калды, аны ээрчитип жүрүп политехникалык университетке тапшырттым. Ишенсеңиздер иним келгенде мурда мен жашап жүргөн тайэжеме: (ата-энем барда таптакыр башкача мамиледе болушчу) "Сиздикине баралы деди элек" десек унчукпай койгон. Жаман көрүнүп эле барып түнөп кеткенбиз. Эми кантер экенбиз деп ойлоп жүргөм. Бир күнү улуу сиңдим чалды, ыйлап алган: "Эже жеңем кичүү баласын ооруп атса (1жашка чыга элек) таштап кат жазып коюп Астанага кетип калыптыр, байкем дагы жок. Баланын эти ысып ыйлап эсибизди чыгарып атат, эмне кыларыбызды билбейбиз" деп. Жиним менен жеңемдин байкелерине чалсам, түшкө кирбеген нерселерди айтып барган экен, мага айтпаган сөздөрдү айтышты. Өзү сүйлөшпөйт, эмчектеги баланы таштап кетсе эмне төрөйт, эмне болсо да баласын да алып кетсин анда, калганын өздөрүнчө чечишип алар. 2 кыз карап отурат, ансыз да алар араң жүрүшөт деп жете тургандай эле кылып айттым. Баланы ооруканага алып барып укол алып айыктырышты. 2 күндөн кийин келип эле кичүү сиңдимдин чачына асылып, урганга чейин барыптыр. Сентябрь болоюн деп калган. Жиним менен барып эч нерсе ойлонбой эле 2 кызды алып шаарга келдим. Азыр ойлосом коркпоптурмун дагы. Кудайым жардам берип жакшы адамдардын аркасында иштегендердин жатаканасынан бөлмө бөлүп берип, эч кимге көз карандысыз жашап калдык. Кичүү сиңдимди да жатып окуган гимназиялардын бирине киргиздим. Андан кийин эки-үч жумушта иштепчарчасам да, экөө жанымда, күндөр өтө берди...

#87 04 Март 2017 - 18:56
Университетке көнүшүп, кесиптештер менен деле жакшы эле мамиле түзүп калгам. Бирок арасында ар кандай адамдар болот экен да. Кичүүсү болгонума байланыштуу майда-барат нерселерге акчаларды мен чогултчумун.
Бир күнү дагы бир нерсеге акча сурасам, менден 3-4 жаз улуу "агай";
"Сенин ушундайыңдан ата-энең өлүп калган тура" деп сады... Башка чапкандай эле отуруп калдым. "Ушундай"
дегенин түшүнбөдүм,
бирок озумдү күнөөлүү сезип жүргөнгө ал мени жакындан тааныгандай эле кабыл алып, бирөөдөн ушундай сөздү уга албай эле жүрбөдүм беле... Ыйладым албетте, ага таарынып деле эмес, өзүмө таарынып ыйлдым, декандарга чейин жетип, тигини кечирим суратышты, бирок мен өзүмдү дагы эле кечире албадым.
Кичүү иним да окууга келгенге байланыштуу улуусу айылда эле болуп атты.Анын сабактарын, байкемдикин мугалимдерден суранып бүтүрүп жүрдүм. Мурда бүтүрүп жүргөн эже ичинен акчасы азайып жини да келип жүрсө керек, бирок бизге да керек да. Эртең менен эрте жумчуш, бул жакка кечигип келмей, кечинде башка жумуш. Бирок ортодо телефондо сүйлөшүүлөргө да убакыт табылат. Бейтааныш бирөө чалып жүргөнүнө көп болду. Менден бир кичүү, кафедра башчыбыздын практикалык сабагына досу менен күтүүсүз катышып калып, менин менин номеримди таптырып чалып жүргөн жигит. Негедир көйгөйлөрүңдү бейтааныш бирөөгө айткан жеңилирээк го, ал мага дем-күч бергендей. Көп нерселерди айтып алып жеңилдейм. Бирок, ал мага жолуккусу келбей качып жүргөндөй, же чалбай калбайт, бир күн дагы чалбай койбойт..

#91 05 Март 2017 - 11:22
Автор башындан коп сыноолор откон экен.Аяагы жакшы темана байланычтуу жакшы бутушуно тилектешмин .Сенин тагдырын коп эле адамдарга табышмак болуп турат .Ошондуктан анан ииии эмичи дедирбей телини бир кармаганында тарс тарс эле бутуруп жазып койсон кантет
#92 05 Март 2017 - 14:05
Рахмат каалоолоруңуз үчүн. Бирок ошол бакытты издеп көпкө убара болдум... Ата-энемден кийин мени бир жерим кемден бетер жакындан таанып келе жатканда баш тартып кетишет. Болбосо, болгон окуяны уккандан кийин акырын гана жылып дайынсыз жоголот. Аларга эмне жабышып-жармашмак белем, көнүп деле калгандай болдум. Бир күнү дагы сайттардын биринен бир жигит менен таанышып калдым. ойлорубуз төп келип, сүйлөшүүбүз узакка созулду. Алыста болгонуна байланыштуу айткан убагында келе албады, 2-3-жолу кайталанды.
Убакыт утуу үчүн болсо керек деп андан да үмүтүм үзүлдү. Ал эми менден кичүү жигитке жолуктум бир күнү. Бирок, ал дагы мен издеген жигит эмес экен, аягы алдамчылыгын кармап, бетине койгондон кийин уялганынан өзү эле жоголду. Аты Улан эле...
Баса, Жаныбек эмне болду экен деген сиздерге ой келер... Ага да оңой болгон жок... Баягыдан кийин баары бүттү го дегем, бирок, ал чалганын токтотподу, чалганда да түндүн бир оокумдарында чалып алып: "Бул менин жашоом эмес, келинчегим, кызым бар, бирок, сен башкачасың, кантип унутам" деп менден бетер чайналат... Баса ал андан кийин кыздуу болгон. Бирок, ал да аны алаксыта албады. Аялы канча кетип, канча келгенин да угуп калып жүрдүм. Алардан оолак болууга тырыштым. Телефонго жооп бербей койсом, жумушумдун алдымда көгөрүп отуруп алган убактары болду. Баягы баш аламанда чалды бир күнү: "Ак үйдөн октор жаап атат. Мага ок жаңылып калса деле мейли, сенин жаныңда болбогондон кийин менин өлүү-тирүүм деле баары бир" деп. Мен үчүн болбосо да, келинчеги, кызы үчүн жашоого тийиш. Жолугуп түшүндүрүүгө да аракет кылам, бирок ал да сезимдерин жеңе албай бир топ чайналды... Мен анын үй-бүлөсү ажырап кетпесе экен деп корком. Аялы аябай акылдуу жан экен, баарына чыдады... Бир күнү биздин жаңы конуштардын биринен үй алганыбызды уккан экен, дарегиңди айт, болбосо ар бир үйгө кирип чыксам да сени табам деп түнкү 3төрдө жанымды койбоду. Жолугууга туура келди, акыркы кездерде көп ичип да кеткендей. Жолугуп дагы бир жолу түшүндүрүүгө аракет кылдым.
- Мен сенин кадырыңды билбей, башынды чанып кеткем. Келинчегин мен көтөрө албаган түйшүктүн баарын көтөрүп жаныңда жүрөт. Мөлтүрөгөн кызың бар экен, дагы эмне керек сага?
- Сен керексиң мага... Ооба келинчегиме кыйын экенин билем, мен аны сенчелик жакшы көрө албадым... Анын дагы боюнда бар, буйруса эркек балалуу дагы болом, бирок менин сезимимде эч нерсе өзгөрбөйт, мен сени баары бир жакшы көрө берем.
- Биз Кудай алдында күнөөкөр болуп отурабыз, мындан кийин мындайды кайталабаганга аракет кылалы. Мага талак бер?!!
- Койчу Гүлзат ошондойго да ишенесиңби? !
- Деги бир нерседен башташыбыз керек да, бир мечитке баралы?
- Ушул кебетем мененби?
- Азыр мечитте да эч ким болбосо керек... Мага жөн гана талак деп 3 ирет айтчы сураныч.
- Койчу, кайдагы нерселерге ишене берет экенсиң сен да. Менин сезимдериме эмнеге ишенбейсиң анан????
- Ишенем. Бирок, азыр өтө кеч... Бир эле ушул жол, балдарыңдын атасыз өскөнүн каалабайм. Сен дагы алар бактысыз болуп калганын каалабасаң мен айткан сөздү 3 ирет кайталап койчу. Ошол эле...
- Анда тээтиги народныйдан бирди алабыз да чогуу ичебиз э?
- Макул айтып кой, анан барып алып келели.
- Талак, талак, талак. Болдубу? Жүрү эми магазинге.
Чогуу барып, кирүүгө уялып турганымды айтып, күтүп түрууга убада берип сыртта калдым. Ал кудуңдап кирип кеткен. Мен артыма карабадым, андан качууга аракет кылдым. Качтым.. Берирээк жерге жашынып алып карап турдум. Ал магазинден чыгып мени таппай алдастап калды. Кайра-кайра чалды, албадым. Ызасына чыдабай атымды атап катуу-катуу кыйкырды да бөтөлкөсүндөгүнү кайра-кайра жутуп теңселип ылдый көздөй басып баратты... Мен болсо анын үйүнөн кеткендегиден 2 эсе жаман абалда болдум.. Бирок ошондой кылууга мажбурмун...
Андан көп өтпй анын кадыр барктуу атасы кайтып кеткенин уктум, чалып көңүл айтууга болбойт. Андан кийин уулдуу болуптур. Ошол боюнча көргөн жокмун, көрүштүрбөсө эле экен дейм. Азыр балдары окуп да калышса керек. Убакыт билинбей өтөт тура...
Жумуш, үй, жеке ойлорум менен алпурушуп жүрүп ата-энемден кийин билинбей дагы 5 жыл өтүп кетти. карасам курбуларымдын балдары чоңоюп, өздөрү турмуштап ордуларын таап токпейил болуп калышкандай. Окуудан кыйналып, ооздорун ача албагандар азыр мага акыл айтышат... Ичим ачышты... Ушуларча үй-бүлө күтө албаганыма ардандым... Бирок эми мени тагдыр мени ушинтип жазалап атса кантем?
Эми мага ким жолукса да андан кемчилик издебегенге өзүмө сөз бердим. Бирок, өзүмө тең, үйлөнбөгөн, мурункуларга сөз болбогудай болсо болду.. Анткени бул аралыкта мага үй-бүлөсүнөн ажырашкан, же аябай улуу адамдардан да сунуш угуп баштадым. Алыста дагы мага ишенип экрандын артында дагы бирөө жүрөт, келем дегенине аз калган, бирок өтө эле кызганчаактай. .. Жазып жатып өзүм уялып атам, мынча жигит деп... Бирок, арасынан бирөө дагы менин жүрөгүмө жакын эмес...

#95 05 Март 2017 - 18:12
Ошол кезде мага аябай кеч болуп кеткендей сезилди. Шашылганымдын да себеби бар. Менден 4 жаш кичүү иним ата-энемдин ашын бергенден кийин эле үйлөндү. Кудага барганыбызда да эжеси бойдок кудача болуп ыңгайсыз абалда болдум. Иним да тынбай айта берчү болду. Ал эми элдердин айткандарын айтпай эле коеюн. Бир туугандарым деп жан тартып жүргөнүм менен бир күнү байкемден: "Эмне эле ручканын учу кылган нерселерди милдет кылгансып айтасын" деген сөзүн уктум. Андан үлгү алган инилерим да чоңоюп, үйлөнүп алышып кыр көрсөткөндөй сезиле баштады. Албетте келечекте ар кимибиз өзүбүзчө бүлө күтүп кетебиз, мен дагы өз жайымды ойлонууга убакыт келмек тургай өтүп баратат. Бирок, кантип, кимге?... Өзүмдүн кесибим менен башка университетке которулуп кетип иштеп жүргөм. Чогуу иштешкен кесиптештерим да инисин, кайнисин, кудасын тааныштыргандар болду. Бирок эч кимиси менен келишип кеткеним жок...
#96 06 Март 2017 - 16:34
Бир күнү кичүү иним менен кер-мур айтышып калдым. Өзүмдү ашыкча сезип, турмушка чыгып кетсем эле ушул көйгөйлөр чечилип калчудай сезилди. Бирок, шаан-шөкөт кылып кеткенге деле шартыбыз жок болчу. Кимге чыгаарым деле белгисиз, бирок, бир нерсе сезгендеймин.
Эртеси дем алыш, уктап жатсам бир курбум чалды.
- Сага бир нерсе айтайын, кандай кабыл алсаң да өзүң билесиң, шашылба деп да айталбайм, анткени алар шашылыш экен.
- Эмнени айтып атасы?
- Менин .... курбумду тааныйсы да. Менин группалашым, откондо чогуу түштөнүп калды элек го.. Ошол мага кечинде да чалган. Бугун да кайра-кайра чалып атат. Мен мындай нерселерге аралашкым деле келбейт, бирок балким баары жакшы болор деген үмүт менен чалып атам.
- Анан, эмне жакшы болот?
- Курбумдун бөлөсү үйлөнүүгө кыз издеп аткан экен. Силер жактан болот экен. Эмнеге экенин билбейм, ал бүгүн үйлөнүш керек экен.
- Кызык го, буга чейин эмне уктап атыптырбы, ойгонсо эле бүгүн үйлөнүш керек экен да э? (Шылдыңдап күлүп да койдум).

#97 07 Март 2017 - 17:35
Иии анан кызыгып калганда адамдар тез-тезден коп-коптон жаза калса. Кызыктырып коюп жоголуп кетпей
#98 10 Март 2017 - 14:49
Сиздердин тынчсызданып жаткандарыңыздарды сездим окшойт, акыркы билдирүү жаңы эле жазылган экен. Эртерээк жаза салганга убакытым бир аз тар блуп атат. Туура эле баамдап жатасыздар,
чын эле ал жигитке бир көрүп турмушка чыгам деп ойлогон эмесмин. Бирок ошондой болду...
#99 10 Март 2017 - 15:37
Анын мурунку күнү соода түйүндөрүнүн биринен Уланды көрүп калдым. Кудалашкан кызы окшойт, экөө сөйкө тандап жүрүшүптүр болчу. Мага ушундай күн качан келер экен деп ойлоп койгом. Анын эртеси эле минтип дагы бир Улан менен таанышып отурам. Алар бөлөсү чалгандан кийин бат эле жетип келишти. Биринчи бөлөсү үйгө кирип, аны мактап бүтпөй жатты. Бөлөсү болбосо эле ал анын кыялындагы жигит имиш. "А эмнеге ошондой жигиттин үйлөнүүгө кызы жок?" дедим сөзүн бөлө... бул эми тагдыр... анын сүйлөшкөн кыздары болгон эмес деп айта албайм. Бирок, ушул учурда ушундай болуп турат. Негизгисин айтканда ал тандаган кызга ата-энеси каршы болуп коюшкан. Бирок алардын тапкан кызын бул жактырбай аткан көрүнөт. Мен дароо эле сени эстедим. Өткөндө түштөнгөндө биз жактан сага ылайык бирөө барбы деп ойлонуп койгон элем.
- Эмнеге мынча шашылыш? Турмуш куруу менимче оюнчук эмес, тааныбаган адам менен айрыкча...
- Мени дагы ала качып алган. Жашабайм десем болбой үйдөгүлөр таштап кетишти. Бирок чыныгы жашоо, сүйүү никеден кийин башталат экен. Азыр Кудайга шүгүр, баары жакшы. Жакшылап ойлонуп көр, балким сага да бакыттын күнү жылмайып жаткан чыгар?...
- Мен андай кокустуктарга анча ишене бербейм, курбум айткан бүгүнкү бөлөңдүн үйлөнүү тоюна мен катыша албайм, кеч боло электе башка жактан издей берсеңер болот.
- Өзүң билесиң, бирок, жөн гана таанышып көрбөйсүңбү? Силер жактан, баары бир жалпылык бар, балким тил табышып кетээрсиңер. Ал деле анча-мынча кыздардын алдында чөгөлөп калган жигиттерден эмес, бирок, ар кандай ситуация болот экен да. Коноктор чакырылып, алар барып калышкандан кийин биздин минтип кыз издеп жүргөнүбүздүн өзү кызык болуп атат. Менин эсиме дагы сен келип калганың балким тагдыр чыгар...
- Кой, адашып атасың. Мен деле жаш эмесмин. Каадаланып, кылыктангыдай, бирок жашоо минтип курулбайт. Жок дегенде бир ай сүйлөшүп көрүш керек ойлойм.
- Макул. Сени да түшүнүп атам, кыйнай да албайм, бирок, биздин абалга кирип түшүнүп көрсөң жакшы болмок. Кийинсең, анда мен силерди тааныштырып көрөйүн. Балким жылдызыңар келишсе балким бир айдан кийин үйлөнүп каласыңар...
Чынын айтканда мага кызык болду канай жигит болду экен деп. Бир четинен коркуп да турдум. Бирок, бөлөсү шар-шар сүйлөгөн чечкиндүү жакшы кыз болчу. Ага ишенип эшикке чыктык. Балким ишенбейсиздер, бирок, ал мага бир көргөндөн жакты. Жылмайып мен күтүп жүргөн жигит мени көздөй басып келатты...