jakusya (02 Август 2012 - 19:25) жазган:
Эмне себеп болушу мумкун???
Жакуся,орус тилин унутсаң эч нерсе деле эмес дечи,эне тилиңди унута көрбө деги..Ал эми унутчаактыгың боюнча атайы эске тутуу мүмкүнчүлүгүңдү өөрчүтө турган көнүгүүлөрдү жасаш керек.Курамында витаминдери көп жемиштерди колдон.Эске тутуу боюнча оюндар бар мисалы:
1.Столдун үстүно 5-6 буюм коюлат: саат, кашык, тарак, стакан ж.б. Баардыгы газета менен жабылат. Газета убакытка алынган соң, ойноочу көбүүраак нерселерди жаттоого аракет кылат. Газета жабылгандан кийин, ойноочу нерселерди атап кетет. Убакыт менен нерселердин санын көбөйтүп, ал эми убакытты азайтуу зарыл.
2.Бул оюндун башка түрү: столдогу буюмдарды ойноочу карайт. Андан соң башка жакты карап бурулат, ал эми башка адам столдогу бир буюмду алып коёт. Ойноочу кайсы буюмдун жок экенин аныкташ керек.
3.Дагы бир түру: ойноочу буюмдарды карайт, алар жабылган соң, алар кайсы өңдө, канча саны болгонун айтып берет.
4.Оюнга кагаз, калем сап, калем жана фломастерлер керек. Алып баруучу жөнөкөй 5-6 сүйлөмдөрдү айтат: Көгүчкөн учат. Эшик ачылды… Ар бир сүйлөмгө ойноочу сүрөт же схема тартуу зарыл. Андан соң, ойноочу сүрөттөрүнүн жардамы менен сүйлөмдөрдү так кайталаш керек.
5.Ойноочунун көзү таңылат. Алып баруучу колунан жетелеп, унчукпай бир жол менен алып барат. Мисалы 5 кадам оңго, 3 кадам солго ж.б. Ойноочу ачык көзү менен кадамдарды кайталайт.
Билдирүүнү түзөткөн: Aydashka: 03 Август 2012 - 02:17