Баракча 1 - 1
"Ислам мамлекети" террордук тобу кыргыз элине видеокайрылуу жасады
#1 28 Июль 2015 - 13:05
25-июлда "Ислам мамлекети" террордук тобу "Кыргызстандын элине кайрылуу" деп аталган видеотүрмөк жарыялаган. Видео интернетке (ХХХХ) 25-июлда кечинде чыгып, жарыялангандан 6 саат өткөндөн кийин ХХХХ видеохостингинин администрациясы аны өчүрдү. 9 мүнөткө созулган тасмада кыргыз тилинде сүйлөгөн белгисиз жарандын кайрылуусу орун алган. Анда "Ислам мамлекети" тобуна кошулууга чакырык ташталганы айтылды. Кайрылууда Кыргыз Республикасы "каапырлар өлкөсү" деп аталып, жарандар адамдар тарабынан ойлоп табылган мыйзам, эрежелер менен жашап жатканы белгиленген.
28-июлда УКМКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов видеокайрылуу жасаган жаран Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун тургуну экенин айтты. "Бир жылга жакын убакыт мурун Орусияга иштөө үчүн жөнөп кеткен экен. Өзү гана эмес, өмүрлүк жарын жана балдарын кошо ала кеткени аныкталды. Туугандарынын айтымында, ошол учурдан бери кыргыз жериндеги бир туугандары менен байланышкан эмес",- деди Сулайманов.
Бул видеону коруп мен Кыргызстандын келечеги тууралуу коркуп калдым. Биздин келечек деги эмне болот?
#2 28 Июль 2015 - 15:29
Бул видеону Кыргызстан акш менен болгон мамилесин узгону учун жооп десек болчудай экен.
Бул видеоролик игилдин ким экенин далилдеп берет.
Бул видеоролик игилдин ким экенин далилдеп берет.
#3 28 Июль 2015 - 16:48
Бул темаңар такыр керек эмес! Элди дүрбөлөңгө салбагылачы,
сураныч! Админ,теманы жабып эмес,таптакыр өчүрүп салууну сунуштайм.Билсин,
билсин дегенинер менен ар кимдин психикасы ар кандай кабыл алышы мүмкүн.Ансыз да кырдаал кооптуу учурда ушуга окшогон жаңылык,видеолорду жүктөбөй эле кое турсаңар жакшы болмок белееее деген ой да...
Акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин гана пайда боло баштайт....
#4 25 Ноябрь 2015 - 17:44
Кудай озу сактасын, тынч эле жашайлычы. Акыркы замандын белгиси бул да, акыр заманда кара флагчандар кобоет деп ушуларды айтканда.
Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
Баракча 1 - 1