Башка жакта да темага байланыштуу козгоп кеттим эле, уй маселесин. Атанын уйу силерге калсын, кайнини болуп чыгаралы, кел кочуп дешти. Анан ата-энеден чыкпаса да, башкасынан чыкты "кыйрыйган туалет сала албай, семтиреп келдин го уй сурап, умут кылба бул уйдон" деп. Мени капа кылганы, ошол оозду тыйып койгон адам болбоду... Ушул соз мага жетиштуу болду. Эми келсем сый гана болуп келем бу уйго дедим. Балдарымды да таштаган жокмун. Судурой кеттим, суу ичсек суу, нан жесек нан жешет деп. Турмушка чыккандан 13 жолу уй которуп 14-жолу оз уйубузго кочуп кирдик. Ошондогу абалымды силерге жазбаса да тушунуктуу болсо керек. Бирок капа болгон жокмун жогоруда айтылган созго да, башкасына да ,кой дебей койгон ата-энеге да. Ичимден кайра-кайра рахмат айтып турам так ушундай болуп уйлуу болгонубузга. Ошолор бизди кучтуу кылды, орустар айтмакчы, "то, что нас не убивает, делает нас сильнее". Кыйынчылыктар бизди кучтуу гана кылды. Силерге жалган мага чын, бир жерден окуп калган элем, проблема болсо каткырып тике кара деп. Каткырып тике карай албасам да, ыйлап-сыктап женип чыгып кеткенибизге бугун да ушул тапта шугур келтирип, кудайдын ичинин кендигине тан калып бутпойм. Уйу жоктор, ниетти туз коюп, аракет кыла бергиле, аллах берерин унутпасын.
Билдирүүнү түзөткөн: ziko_kt: 22 Декабрь 2016 - 14:17