Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 25 Сентябрь 2010 - 23:59
Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан Куттуктайбыз!!!
#1 23 Сентябрь 2010 - 14:46
#2 23 Сентябрь 2010 - 15:04
Эне тили
Тил үйрөнмөк :
Жакшы көрмөк- сүймөктөн,
Эне тилин жакшы көрүп үйрөткөн,
Ойротто жок оңой тил бейм биздин тил,
Бир жашымда:
Ата, апа, ат, эт дегенди сүйлөткөн.
Тил кадырлоо:
Чын коңулдөн сүймөктөн,
Атам тилин:
Сүйгөндүктөн сүйлөткөн.
Эрдик өнөр билим менен сүйлөшуп-
Бир жүрсүн деп бир жашымда үйрөткөн .
Бирге жүрөм, энетилин кадырлайм,
Бул тил менен:
Иштейм, сүйлөйм, ыр ырдайм,
Башка тилдижандай жакшы көрсөм да:
Эне тилинсүйгөнүмдөн жаңылбайм.
А. Осмонов
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 25 Сентябрь 2010 - 23:57
#3 23 Сентябрь 2010 - 21:02
Анда жакшы бүгүн өлүп калганым.
Р.Гамзатов.
#4 25 Сентябрь 2010 - 02:26
T. A. Turdubek tegin
#5 25 Сентябрь 2010 - 21:54
Көйнөкчөн жүргөн кышында.
Чучук шымы куучуюп,
Чулдук тумшук бутунда.
Элдикиндей чачы бар,
Чала бышкан дарбыздай
Чач алдында башы бар.
«Жаштык», «любовь» деп коёт
Жакшыбы десен ахыбал.
Көчөдөн көчө кыдырат
Көк моюндан шынгытып,
Көк пияздан сугунат.
Анан жазгы кирген букадай
Жан эле болсо урунат.
Орус, кыргыз тилдерин
Суудай билип алгансып,
Ырдайт кээде зоңкулдап,
Уккандарды таңгалтып:
«Мой голубчик Клара
Я сокол тыбая,
Ждат эттим келбедиң
Ыскучаймын сураба.
Суюу, суюу чон пажар
Тирпит эттим буга да,
Я чичкан, сен кошко
Кылбасаңчы убара».
Мына ушинтип ырдаса,
Мыкты го деп ойлойсун.
Аргын тилдүү чоң акын
Чыкты го деп ойлойсун.
Обу жок ошол көпкөн бай
Орус да болуп жыргатпас.
Он ооз сөздү так билбейт
Кыргыз да болуп кыйратпас.
Өз эне тилден башталат
Өзгө элдин тилин урматташ.
Түрдүүчө тилде сүйлөгөн
Дүйнө бай түмөн улутка.
Ошонун бирөө кыргыз эл
Өз салты менен улут да.
Тоолуктун толгон жаштары
Жетсе да төбөң булутка,
Бабанды барктап сыйлай жүр
Баардык жак Батыш, Чыгышта.
Эң негизги милдетиң
Эмчегин берип өстүргөн
Энеңдин тилин унутпа.
Б. Сарногоев
Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 25 Сентябрь 2010 - 21:55
#6 25 Сентябрь 2010 - 21:56
Азыркы кыргыз жаштары.
Орустун тилин бул кезде,
Өз эне тилдей жаттады.
Англис, немец тилинен,
Лекция окуй баштады.
Б.С.
#7 25 Сентябрь 2010 - 21:58
Алсам дагы алкыштарын кыйланын,
Ак калпактуу кыргызыма жакпасам
Анда мени акын деп сөз кылбагын! !!
Б.С.
Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 25 Сентябрь 2010 - 22:03
#8 25 Сентябрь 2010 - 22:02
Тоо инженер Молдобек
Дайым сүйлөйт орусча.
"Привет" - деп кол берет,
Тааныштары жоолукса.
Агроном Дүйшө да,
Же оруча так билбейт,
Кыштакта туулуп өссө да,
Кыргызчалап аз сүйлөйт.
Бассаң, турсаң эрте кеч,
Байка алардын балдарын.
Аталары келсе кез
"Папалашат" ар дайым.
Орус тили жылдызда,
Биздин улуу заманда...
Бирок кыргыз кыргызча
Сүйлөбөсө жаман да!
Эне тилин билбеген,
Эси жогун аныктайт,
Эне тилин сүйбөгөн,
Элин сүйүп жарытпайт.
Б.С.
Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 25 Сентябрь 2010 - 22:04
#9 25 Сентябрь 2010 - 23:46
Кыргыз тили кыргыз үйдө сүйлөнбөй
Кыргыз тилин кыргыз калды үйрөнбөй
Кыргыз тили паспорту жок кыргыздай
Өз үйүндө өгөйлөнүп жүргөндөй.
Билбейм неге тилди мынча кыйнадык
Сынга сактап орусчалап сындадык
Кыргызстан мекеним деп ырдабай
"Киргизия общий дом" деп ырдадык
.
Кыргызчалап сүйлөп койсо бирөөбүз
Орусчаны билбейт го деп күлөбүз,
Оо кыргызым эне-тилди сыйлабай
Эмнеге биз кыйын болуп жүрөбүз.
Бут балакет өкмөттөн башталып
Ураан ырын гимн дешип аткарып
Орусчалап отчет алып жатканда
Кыргыз тили босогодон башбагып.
Казак тилин босогондон каратпайт
Башка тилдер ойсоктобойт тарактап
Кош тил дебей кошуналарга окшоп биз
Кыргыз тилде жазсак неге жарашпайт.
Тил жөнүндө биз башканы айтпайлы
Башка улут көп этиканы сактайлы,
Кыргыз тилдин келечегин тагдырын
Ойлончуу өкмөт орус болуп жатпайбы.
Кыргыз-тили кылымдардан куралып
Кыргыз-тили бизге жеткен бул анык
Манас атам сүйлөп келегн бул тилди
Манкурт болбой сактайлычы сураныч.
Рахман Разыков.
#10 26 Сентябрь 2010 - 14:39
Эне-атаңдын айтканын эски дебе.
Тарыхты сен тарс атып салган менен
Таңдайыңа сайылат эски жебе!
Какшап келем: доо кетип балдарыңа,
Каргыш сөзгө кабылып калбагыла.
Бурмаладык тилди деп кантип айтам,
Бабалардын байыркы арбагына?!
Уу чалканды мойнума артам дагы,
Улутумдун азабын тартам дагы.
Унуттук деп тилимди кантип айтам,
Урпактарга уялбай аркамдагы?!
Тилсиз элдин тукуму курут болгон,
Тилин сактап калган эл улут болгон.
Ата салтын, мурасын унуткандар,
Акыр түбү тирүүлөй дудук болгон!
Ташты сыгып, тарыхты төккүм келет,
Тилимди мен туу тутуп өткүм келет.
Эне тилин эсирип чангандарды,
Эне тилде ашатып сөккүм келет!!!
(Исмаилов А.)
#11 23 Сентябрь 2011 - 09:02
Баарыңыздарды чын дилимден куттуктайм!
Кыргында даалай беттешип
Кыргызды кимдер жеңген жок
Кыргызды кырып жеңсе да
Кыргыздын тилин женген жок
Балапан бар өз жемишин сураган
Бара- бара байыркыны улаган
Бир сөз айтам эсине туй сен дагы
Бакыт эмес башка элди туураган
Каалап эч ким үйрөнбөйт,
Каадалуу жерде сүйлөнбөйт.
Сүйүп эч ким үйрөнбөйт,
Сүрдүү жерде сүйлөнбөйт
Кыргыздын тилин кыргыздан
Ким сактап аны кала алат?
#12 23 Сентябрь 2011 - 09:03
Сен барда кыргызым бар, эне тилим.
Ала-Тоо, ак калпагын, элечегиң,
Боз үйүң, комуз күүсү, чоор үнү.
Жаңыртат үмүт коштоп келечегин,
Тил улуу адамзатка ыйгарылган.
Тилин сүй Токтогулдун, Жээренченин,
Улутумдун белгиси эне тилим.
Урматы сен, атамын, энекемдин,
Силер кыргыз, мен кыргыз ошол үчүн.
Тартуулаган тил аттуу кереметин,
Кыргыз тили жашасын кылым кезип,
Куттуу болсун эркиндик, эгемениң.
Эне тилим ар бир кайрык сөзүмдө,
Даанышмандык даны келет сезимге.
Тили мукам, ийкем жана обондуу,
Уюп турат тумар болуп эсимде.
Жомоктогу Шырдакбектин жоргосу,
Жол-жоболуу мукамы көп өзүндө.
Тилди сакта, тилиңди сүй жаш чактан,
Тилиң менен сыймык болор мактансаң.
Тилин сүйсөң Кан Манастын жарашат,
Окуп билип, кадырласаң, барк алсаң.
Эл жериңдин сен чыныгы атуулу.
Эне тил деп, Мекеним деп даңктансаң.
(Турдукожоев Сексенбай, Беловодск айылы, К. Сыйданов атындагы Келечек орто мектебинин мугалими)
#14 23 Сентябрь 2011 - 09:43
#15 23 Сентябрь 2011 - 09:50
Кыргыз Тилдей тил жок жарык дүйнөдө!
Кудай мени кыргыз кылып жараткан,
Кыргыз тилин мүмкүн эмес сүйбөөгө!
(Э.Өскөнаалы)
Майрамыныздар менен!
Билдирүүнү түзөткөн: dina: 23 Сентябрь 2011 - 10:38
#16 23 Сентябрь 2011 - 10:06
#17 23 Сентябрь 2011 - 10:36
Сөзү: Сейит Алтымышовдуку
Музыкасы: Бакыт Алишеровдуку
Тил жаралып Көкө-теңир таңынан,
Адамзаттын дөөлөтүнө буйруган.
Адам деген түп сөзүнөн элимдин,
Кыргыз тили ай-ааламга жаңырган.
кайрыма: Кыргыз тили жүрөгүм,
Манас ата туу туткан.
Кыргыз тили - Мекеним
Менин өлкөм Кыргызстан!
Мекен тили Атажурттун кареги,
Биримдиги, күч-кубаты, тиреги.
Мекен тили куттуу кыргыз элимдин,
Көкүрөктө согуп турган жүрөгү.
кайрыма: Кыргыз тили жүрөгүм,
Манас ата туу туткан.
Кыргыз тили - Мекеним
Менин өлкөм Кыргызстан!
Мекен тилин ыйык тутуп сактайлы,
Мекен тили бак-таалайдын кутманы.
Мекен тили кан жаныбыз, туубуз,
Атажурттун келечеги, ак таңы.
кайрыма: Кыргыз тили жүрөгүм,
Манас ата туу туткан.
Кыргыз тили - Мекеним
Менин өлкөм Кыргызстан!
Билдирүүнү түзөткөн: dina: 23 Сентябрь 2011 - 10:37
#18 23 Сентябрь 2011 - 14:51
#19 23 Сентябрь 2011 - 15:09
#20 23 Сентябрь 2011 - 15:20
Элин сүйүп жарытпайт
Кыргыз тилин сүйбөгөн
Кылымдарда жарыбайт
Өз тилибизди сүйөлү
Кыргыз тили деп жүрөлү
Орус тилин билсек да!
Кыргыз тилинде сүйлөйлү.
Кыргыз тили майрамы менен Кыргыз элими куттуктайм.
Кыргыз тили ата-бабаларыбыздан калган тил жана келечек муундарыбыз сүйлөй турган тил.
Эч ким,эч качан өчүрө албайт "Кыргыз тилин"