Isken.der Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 11 (0 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (10 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 26 Декабрь 14
- Кароолор:
- 10 706
- Соңку аракети
- 13 Июл 2018 03:30
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 63 жашта
- Туулган күнү:
- Январь 17, 1961
- Кызыгуусу:
- КЫРГЫЗСТАН
- Жынысы:
- Белгисиз
- Калаасы:
- Кыргызстан
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мага баш баккандар
-
Nuruddin
03 Июн 2018 - 01:34 -
Barchynbek
05 Апр 2017 - 05:35 -
Santanna
05 Апр 2017 - 02:19 -
talant87
17 Сен 2016 - 20:49 -
striker
11 Июн 2016 - 05:51 -
aytkulova
04 Июн 2016 - 01:12 -
elmirbek09
04 Июн 2016 - 00:59 -
laki
03 Июн 2016 - 18:44 -
gulmira96
12 Апр 2016 - 14:30 -
mahbu.kg
25 Мар 2016 - 13:23
Мен ачкан темалар
-
"САФЕД-БУЛАН ШАХ-ФАЗЛ мемориалдык комплекси" жонундо
Жазылган күн: 12 Янв 2015
"САФЕД-БУЛАН ШАХ-ФАЗЛ мемориалдык комплексинин тарыхы"
Ассаламу Алейкум кыргыз элим! Мен бугун силердин кээ бирлеринер эле билбесенер, копчулугунор билбеген, ИСЛАМ дининин тарыхында жана онугуусундо чон орду бар Ала-Бука районунун Софед-Булан айылында жайгашкан "Шах-Фазл" мемориалдык комплекси жонундо сиздерге аз болсо да маалымат бергим келди. Аны дуйно элдери билгени менен озубуз билбесек тура болбос!
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун аймагындагы "Сафед-Булан, Шах-Фазл" тарыхый-мемориалдык комплекси Борбор Азияга ислам дининин таркашындагы(VII - VIII к.)жана калыптануусундагы реалдуу окуялардын тарыхый орду болуп саналат. Учурунда бул жерлер ислам динин Орто Азияга таркатуунунэпицентрикатары зор таасирин тийгизген. Айрым иликтөөчүлөр Караханиддер дөөлөтүнүн өнүгүшүнүн фактору катары,ислам динин жалпы мамлекеттик идеология катары кабыл алынгандыгын Орто Азиянын жана Казакстандын аймагынын ислам дүйнөсүнө тартылышын карашат:Караханиддердин ал мезгилдеги шаарлары маданияттын, искусствонун жана архитектуранын топтолгон борборлору болгон.
VII-VIII кылымдарда Борбордук Азияга ислам динин таркатуу боюнча арабдардын жүрүштөрү башталат. Арабдардын 12 миңдей армиясын Мадина шаарынын мурдагы акими Мухаммед Жарир башкарат. Ага чейин эле алар(644-704 ж.ж.)Ирандын, Ирактын аймагын басып өтүп, Фергана өрөөнүнө кыйла тереңдеп кирип, азыркы Сафед-Булангачейин жетет. Ошол жердеги мечитте жума намазы окулуп жаткан кезде 2700 дөн ашык мусулмандардын, алардын ичинен сахабалардын, (пайгамбарыбыз солаллоху алайхи васалламды көргөндөрдүн)табейиндердин, (сахабаларды көргөндөрдүн)баштары алынган. Ал баштар бир жерге топтолуп көмүлүп,(ал жер "Каллакана" деп аталат)ал эми денелери андан 300 метрдей аралык алыстыкта жерге жашырылган. (ал жер "Шейиттер кабыры" деп аталат)Бул маалыматтар жүргүзүлгөн казуу жумуштарынын натыйжасынын негизинде баштардын саны гана эмес, ошол баштар кылыч менен кесилгендиктери аныкталган.
Жалпысынан бул жерде эки тараптан(келген арабдар, жергиликтүү жашоочулар )да көп миңдеген адамдар курман болушкан. Мухаммед Жарир башчылыгында тирүү калган арабдар, кайра Арабстанга кетүүгө аргасыз болушат. Арадан 40 жыл өтүп Мухаммед Жарирдин уулу Шах Фазл кайрадан ушул жерлерге келип Ислам динин биротоло негизги динге айландырууга өзүнүн чоң салымын кошкон.
Бул маалыматтар Борбордук Азияга ислам дининин жайылышынын трагедиялык жактарынан кабар берет. Бул жер ошентип Борбордук Азиядан жыл сайын он миңдеген адамдын зыярат кыла турган жери болуп калды.
Сафед-Буланда XIX кылымда орус окумуштуулары А.Н. Арванитаки, Н.И.Василовский, ХХ кылымдын
В.В. Бартольд, А.Н. Бернштам Е.К.Бетгер, М.М. Дьяконов, В.Н.Настич,
В.И.Засыпкин, В.Д. Горячева сыяктуу советтик илимпоздору тарабынан изилдөөлөр жүргүзүлгөндүгү жөнүндө маалыматтар, Сафед-Булан, Шах-Фазл комплексинин өзгөчө маанилүү тарыхый орду бар экендигинин далили эмеспи. Мазар дөбөнүн мүрзө үстүндөгү моло таштарын окуп чечмелөө ХIX кылымдын 80-жылдарында башталат. Орус окумуштуусу А.Н. Арванитаки Сафед-Буланга биринчилерден болуп келип, моло таштарды көрүп, алардан нуска көчүрөт. Ал 1884-жылы 6-декабрда Фергана облусунун аскердик губернаторуна Сафед-Буландын моло таштары жөнүндө маалымат берет.
Моло таштардан алынган нускаларды окуп чыккан окумуштуу Н.И.Василовский алардын эң байыркысы хижрий VII,акыркысы IX- кылымдаргатуура келишин көрсөтөт....
Озумдон кыскача маалымат:
Оа бул тууралуу коп эле элдерибиз билбейт, бизге караганда башка элдер жакшы билишет! Бул жер ИСЛАМ динин таратуу маалында 2772 мусулман ЖУМА намаз убагында шейит болгон. Алар НАМАЗды ушунчалык берилип окугандыктан эч кандай кылыч унун да сезишкен эмес, ал эми душмандар алардын артынан бир четтен олтуруп кете берген! Алар ЖУМА намазын берилип окуп, ар ЖУМА НАМАЗ учурунда бир узун суро окуулусун душмандарына бир аял айтып койот! Душмандары ошол узун суро окулуп баштаган кезден пайдаланып калат! Ал учурда ушунчалык коп мусулман шейит болгондуктан ал мечит азыркы кундо "КЫРГЫН МЕЧИТ" деп аталып келет....
Азыркы кундо НАМАЗды мындачык берилип окугандар аз...
менин оюмча, бул маалыматты 5% эле кыргыз билбесе, копчулугу билбейт!
(коментарийге жазгылачы! дуйно эли билген ушул КЫРГЫЗСТАНда жайгашкан ыйык жерлерди бири болгон "ШАХ-ФАЗЛ" туралуу уккан беленер? же биринчи жолу угуп жатасынарбы? Сураныч комент калтыргыла) -
Тажибаев Искендер "Сүрөтчүнүн махабаты"
Жазылган күн: 12 Янв 2015
"СУРОТЧУНУН МАХАБАТЫ"
Мектептеги махабат "жалган суйуу, бирок тунук сезим болот" дейт. Ал эми студенттик учурдагы суйууну эмне деп суроттойбуз? Мен да ушул суроого жооп издеп, студенттик кундордун биринде башталган окуяларды сиздер менен болушкум келди!
Биздин группада шандуу, таланттуу кыздар, балдар саналуу эмес. Бугунда бир досумдун(группалашым Марат) туулган куну. Биз андай кундорду жон эле откорчу эмеспиз. Сабак да кеч бутту. Баары эле саат 7ге келебиз деп уйлоруно тарады.
Саат да 7 болду. Кафеге балдар, кыздар, Марат да келген. Туулган кун ээси Марат деген досум. Ал озу ыймандуу, оор басырыктуу келген бала. Кафеге кыздар, балдар жана Мараттын достору келген. Бирок эмнегедир жакын досторубуз корунбойт. Ошол убакта эшиктен Нурбек келип, "баарынар эшикке чыксанар бир мунотко" деп баарыбызды ордубуздан козгоп, алып чыкты. Эшикке чыксак, мандайыбызда "ТУУЛГАН КУНУН МЕНЕН МАРАТ" деген жазуу жазылган, ак тустогу NISSAN маркасындагы машина туруптур. Анын ичинен биз кутуп жаткан досторубуз колдоруна гитара, акардион кармап тушуп, кыйкырып эле "туулган кунун менен!" деп Маратты кучактап жатышты. Куттуктап бутушуп, алар "Марат, бул бизден сага белек" деп машинанын ачкычын тапшырды. Группалаш кыздар да жон турбастан, абалды дагы шанга болоп, ырдап баштады. Оор басырыктуу деген Марат рахматын айтып, козуно ишенбегенсип, жылмайып эле койду. Айнура болсо, "жургуло! эми ичкерге кирелик, суукта турбай" деп жол баштады. Ордубузга отурбай туруп эле, акардион которгон Иса да мукамдуу уну менен ырдап, дастаркондо(столдо) отургандарды дагы деле шанга болоду. Кафедеги диджейден жай ыр суранган Нурлан Гулмираны вальска тартып кетти. Ойго баткан Кенжени коруп, мен да аны бийге чакырдым. А башкалар "Марат, сен ким менен бийлейсин" деп тамашалап, кулуп жатты. Ал учурда жоош болгон Маратты Акмарал да бийге тартып, жагымдуу ырдын коштоосунда бийлеп жатты. Вальска тушкондо адамда башкача сезим пайда болот эмеспи. Ошол кезде менин мандайымда назик ундуу, чырай жуздуу, сулуу кыз бийлеп турса да, бирок менде эч кандай сезим болбоду. Ыр да бутту. Кайра эле столго(дастарконго) отурдук. Даярданып турганбы же, олтургандар суйлошуп алганбы билбейм. Отурганыбыздан кийин эле гитарасын кармаган Жаныш назик ундуу гитараны чертип баштады. Негизи мага гитарада ырдалган ырлар жагат. Аны угуп, баарына жаккандай эч ким суйлобой калды. Жаныш да таланттуу деген досторума кирет. Бирок, эч бул ырдаган ырын уккан эмес экенмин. Мен ыр уксам эле, ырдын мааниси жагып, ырга берилип угам. Ал ыр кайгылуу экен. Аны да берилип угуп отурсам, телефонума бироо чалып калды... -->уландысы бар>>
Комментарийлер
Isken.der ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?